Азыр дал ушул коркунуч Баткен облусунда жашап жаткан элди түн уйкусунан ойготуп жаткан кез. Аталган облустун Бүргөндү массивинде кара алтын (нефть) менен газ өндүрүлөөрү баарыбызга белгилүү. Муну биздикилер өндүрбөйт, өзбек туугандар күм-жам болгон Союздун учурунан бери каалагандай иштетип келет. Өзбектер иштетип келаткан нефти менен газ чыкчу Түндүк Сох кени 1955-жылы бургулоого берилген болсо, ошол жылдан тартып кыргыздар жарытылуу пайда көрө элек. “Фергананефть” нефти менен газды өндүргөн башкармалыгынын маалыматы боюнча 1993-жылы 3 скважина газ өндүрсө, 24 скважина нефти өндүргөн. Суткасына 2 миң куб метр газ, 47 тонна чийки нефти суткасына өндүрүлүп турган. Бул Союз тарагандан кийинки маалымат.
 
2006-жылдын 30-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын № 06-токтому менен биз тараптын өкүлдөрү жана Түндүк Сох участогунда жайгашкан газ сактоочу жайды иштетип келаткан “Узтрансгаз” тараптан Р. А. Мойдинов курамына кирген комиссия  участоктогу объектилерди текшеришип, АКТ түзүшкөн. Түндүк Сохто өзбек тарап 3 пункт менен газды иштетишет. Ошол АКТыда ар бир пунктта канча скважина бар экени так көрсөтүлгөн. №1-пунктта 29 скважина бар болсо, анын 25и иштей турган абалда, 4 скважина иштен чыкканы аныкталган. №2-пунктта 26 скважинанын 21и иштей турган болсо, 5 скважина капиталдык ремонтту талап кылынаары такталат. Үчүнчү пунктта 62 скважинанын болгону 8 гана скважинасы иштен чыккан. Бул деген 2006-жылга чейин өзбек тарап биздин аймактан газды каалагандай өндүргөн дегенди билдирет да. Биздин бийлик бул нерсе менен баш ооруткусу да келген эмес. Бул газды өндүргөн гана скважиналар. “Узтрансгаздан” сырткары ал жерде “Андижаннефть” АККсы да иш алып барат. Алардын карамагында 56 скважина бар болгон болсо, алардын экөөсү газ өндүргөн. Нефтини алчу 54 скважинанын 21и иштеген. Орто эсеп менен ошол кезде суткасына 20 тонна нефть алынган. Булардын баары биздин мамлекетке 20 жыл мурун өтүш керек болчу. Ушул кезге чейин өзүбүздүн байлыгыбызды, токочубузду өзбек туугандарга тарттырып олтурабыз. Буга ким күнөөлүү? Албетте бийлик башына келген кыргыздын азаматтары.
 
1992-жылы КМШга кирген мамлекеттер “Ар бир мамлекеттин аймагында жайгашкан финансылык ресурстар, ишканалар, организациялар ошол өлкөнүн менчиги болуп таанылсын” деген келишимге кол коюшкан. Буга Түндүк Сохтогу нефти менен газ чыкчу жерди 20 жылдан бери өткөзүп бербей келаткан Өзбекстан дагы кол койгон. Биздин Жогорку Кеңеш ошол келишимди 1994-жылдын 12-январында ратификациялаган. Ушул келишимдин негизинде эле өзбектерди “ туугандар келишимде мындай деп жазылган экен. Эми силер бизден алыс болгула” деп чыгарып койсо болмок. Бирок, биздин мажирөө бийлик андай сөздү айтмак түгүл, өзбектердин мышыгын “пыш” дей алышпай жатат.
 
Түндүк Сохтогу газ сактоочу жайга “Узтрансгаз” жылына 1,5 млрд куб газ камайбыз деген маалыматты берип келет. Камалган газ Өзбекстандын өзүнүн аймагында өндүрүлгөн жерлерден келет экен. Биздикилер ушул маалыматка муюп келүүдө. 1976-жылы Түндүк Сохтон алынган газдын жылдык көрсөткүчү орто эсеп менен 6,5 млрд куб метрге жеткен. Анан кантип өзбектердин “Биз бул жерге башка жактан келген газды сактап, кыш мезгили келгенде сатабыз” деп айтканына ишенесиң? Бул газ сактоочу жайга камалган газ бүтүндөй Фергана өрөөнүн газ менен камсыз кылат. Өзбек тарап эмнеге бергиси келбей жатканын ушундан эле билсе болот. Кыргызстан үчүн жылына орто эсеп менен 200 млн куб метр газ керектелет дейли. Андай болсо Түндүк Сох менен эле өзүбүздүн элди көгүлтүр от менен камсыз кылса болот экен. Бирок, “Жеген ооз уялат” болуп, биздикилер ала допу достордун сунганын сугунуп коюп, ток этер сөздү айта алышпай жатпайбы. Бабановдун “Түштүктү өзүбүздүн газ менен камсыз кылабыз” деген программасы Түндүк Сохту өзүбүздүн менчикке өткөргөндөн соң ишке ашчудай. Курулай убада берип элди алдабастан, ушул маселенин үстүндө иш алып барганда, Өкмөт башчы программасын иш жүзүнө ашырганга жол ачмак. Жөн гана “Асманда мынча турнам бар” деген сөздү айта бербестен. 
 
Баткен өзүнчө облус аталып, ага алгачкы губернатор болуп Айбалаев дайындалбады беле. Ошондогу Айбалаевдин жасаган ишин, саясий эрктүүлүгүн андан кийинки губернаторлордун бири да жасай элек. Баткенде Өзбекстандын Сох анклавы бар. Ушул жерден өзбектер нары-бери өткөн кыргыздарды текшере берип жүдөткөнү жүдөткөн. Губернатор облустун аймагына тиешелүү болгон жерден газ менен нефтини иштетип жаткан өзбектерди өткөрмө кагаз менен өтө турган кылып, өтмө кагазы жокторун өткөрбөй коюп, Өзбекстанды биздин казынага түшчү 9 млрд сомго жакын салыкты төлөтүүгө аргасыз кылган. Өзбектер карызын техника менен жабууга аргасыз болуп калганда, өкмөттөгүлөр “Эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирбей эле койгулачы” деп, Айбалаевдин жасап жаткан иштерин токтотуп койгон деген сөздөрдү угуп жүрбөйбүзбү.  Ошол кездеги Ташкентке кылтыңдап турган кыргыз өкмөтүн Амангелди Муралиев башкарып турган болчу. Бул окуяны жакшы билген адамдар Акаевдин айтканы менен Муралиев Айбалаевди өзү токтоткон деген сөздөрдү айткан жайы да бар. Анткен менен 2000-жылы Амангелди Муралиев  “Түндүк Сохтогу газ сактоочу жай “Кыргызнефтегаздын” балансына өтсүн” деген токтомду чыгарат. Эгер Айбалаевди Өкмөт башчысы өзү токтоткон болсо, чыгарган токтому жөн гана көзгө басчу документ болгонбу? Амангелди мырзанын Өкмөтү токуган токтомго 12 жыл болсо, андан бери ал Баткенге жете элек. Тагыраагы аткарылбай ара жолдо калган. Бул маселе тууралуу Муралиев ала допучан туугандарына тарттыбы же жокпу, пикирин учуру келгенде билебиз.
 
Өкмөт башчысы болуп келген кыйындар Түндүк Сох тууралуу ар кимиси ар кандай токтом кабыл алганы менен, анысынан эч кандай натыйжа чыга элек. 2009-жылы И. Чудинов аталган жерди өткөзүп алуу иштерин тездетүү үчүн, кендерди андан ары иштетип, инвестиция тартуу иштерин  “Амин” ЖЧКсына тапшырат. Аталган ЖЧК жарытылуу иш алып бара албай, лицензиясы кайра чакыртылып алынган. “Аминди” мурунку бийликте чоң ролду ойногон адам “калкалап” турган деген маалыматтар да айтылган. Мындан кийин “Кыргызфере” ЖЧКсы ишти алып бармай болуп, ал дагы алсыз болуп чыгат. Өткөн жылы “Главнефтегаз” ЖАКсы Түндүк Сохтогу газ менен нефтини иштетүүгө лицензия алат. Бирок, алар да өзбектерден аталган участокту өткөрүп алыша элек. “Өзүбүздүн аймагыбызда жайгашса эмне үчүн өткөзүп алалбайт?” деген суроо туулса керек. Өзбектер ал жерди талаш, биздин аймагыбыз болуп калат деген ойдо турат. Ал тургай Сох анклавына кирбей, өзүбүздүн аймагыбыз менен Баткенге барчу жаңы салынып жаткан жолду “Биздин жерге салып жатышат” деген сөздөрдү чыгарышууда. Газ менен нефти чыкчу жерден Сох анклавына коридор сурап жатканын уккан жергиликтүү эл “Эгер бүгүнкү бийлик ошол жерден коридор бере турган болсо, ошол коридор аркылуу өздөрүн Өзбекстанга жеткизебиз” деп турат. Анткени, коридор берилди дегиче эле Баткен, Лейлек райондору анклавга айланат да, байланыш үзүлөт. Жаңы салынып жаткан кара жол өзбектердин карамагында болуп калат. Эмне үчүн кен чыкчу жерден, башка жерден сураган жок? Өзбекстан чек арасын адам тургай шайтан өтө алгыс кылып казып таштаган эмес беле. Так ошол кен чыкчу жер менен чектешкен жерлерин казган эмес. Жанындагы айылдар толук казылып салынган. Өзбектердин көздөгөнү Түндүк Сохту өзүлөрүнө өткөрүп алуу. Бир кезде Атамбаев "Назарбаевге чөгөлөсөм да, Каркыраны кайтарып алам" деп айткан эле. Кеткен жерди кайтарып алууга чөгөлөбөй эле жакын арада кете турган болуп жаткан Түндүк Сохту сактап калса эрдик жасаар эле.
 
Өткөн жылы лицензия алган “Главнефтегаз” участоктогу объектилерди өткөрүп алууга барганда өзбек тарап ызы-чуу салып, биздин аткаминерлерге чейин чыгып бир топ болот. Баткен облусунун губернатору Жеңиш Раззаков ОИИБ начальниги менен түнкү саат ондордо барып “Главнефтегаздын” балдарына “Силердин кандай акыңар бар өзбектерди чыгарганга? Лицензияң мени кызыктырбайт” деген сөздөрдү айтканын ошол жерде болгондор айтып жүрөт.
 
Ал эми өзбектер болсо “Биз бир жарым жылдын салыгын берип коюптурбуз, дагы бир жарым жыл бул жерди иштетишибиз керек” деген сөздү айтканы кызык. 20 жылдан бери “Узтрансгаз”, “Андижаннефть” мамлекеттин казынасына бир да тыйын салык төлөбөсө, кимдин чөнтөгүнө бир жарым жылдын салыгын алдын ала төлөп койду экен? Мурунку бийликтегилерге берди дейли десек, андан кийин Роза Отунбаева, Өмүрбек Бабанов ошол жерге барып, көйгөй менен таанышып келишпедиби. Өткөн жылы жергиликтүү эл иштеп жаткан өзбектерди участоктон кууп да чыгышкан экен. Ошондон бери Түндүк Сохто газ менен нефть өндүрүү токтогон. Өзбекстан ошол айыл өкмөттүн өзүнө эле 650 миң доллар карыз. Анда кандай салык төлөп жатты экен? Акаевдин тушунда Өзбекстандын Риштон тарабынан тиешелүү адамдар чоңдордун оозун майлаганы тиешелүү “доляны” алып чыкчу деген сөздөр жөн жеринен айтылбаса керек. Азыр Түндүк Сохто өзбектер 10 кишиден турган топту кароол кылып коюп, аларды 2 суткада алмаштырып турат экен. Кароолдору биздин чек арадан тизме аркылуу өтөт. Нефти скважиналарына көз салгандардын тизмеси чек арачыларга Андижандан берилип, биздикилер мөөрүн басат. Биздин чек ара аркылуу кирип жатканына карабастан өзбектер участок талаш жерде дегенди бекем карманат. Буга газ сактоочу жайдын начальниги Абдувагап Алагушаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө дагы бир жолу ынандым. Абдувагап “Мен бул жерде 10 жылдан бери иштейм. Газ азгына бар болчу. Аны иштетпесе жок болот. Бул жер Кыргызстанга карабайт. Талаш жер. Мен сизге эч нерсе айта албайм. “Узтрансгазга” кат жолдосоңуз, ошол жактан жооп берет” деген сөздү айтып жатпайбы.
Макул, өзбек тарап азыр эч нерсени айтпайт экен. Биздикилер алардан неге талап кылбайт? Ушул жылдын 8-июнунда кароолчуларга “Участка кылдын үстүндө турат. Бул жагын өзүңөр жакшы билесиздер. Бириң аралашып калсаңар жаман абал болот” деген кат келип түшкөн. Өзбектер кен чыккан жерден кол жууп калаарын эмитеден сезип, мындай катты жазып жатса, биздин бийлик  кол куушуруп олтурганына жол болсун. Сак болгула деген тапшырманы алган өзбек кароолчулары “Өзбек ватанинде” жүргөндөй болуп, көк чай ичип эч нерсе билбеген адамдай болуп жүрүшөт.
 
Алар эмес бул жактан барган киши да кудум Анжиянда жүргөндөй эле болот. Коопсуздук эрежелеринен тартып, макалдарына чейин өзбек тилинде бадырайта жазып илип алышкан.
 
Кенди алып кеткени аз келгенсип, өзбек тарап эч нерсеге жооп бербейт экен. Мындан 3 жыл мурун 2 кыргыз баласы нефти сакталчу цистернанын ичине түшүп кетип каза болгон фактысы катталган. Буга эч ким жооп бере элек. Ал тургай мындай маалыматты ишенген мыктычыкмаларыбыз укпаптыр. Муну ошол цистерналарга жооп берген өзбек кароолу айтып жатпайбы. Балдар техникалык эрежелер так сакталбагандыктан цистернага түшүп кеткен. Жергиликтүү элдин маалыматы боюнча мындай окуя эки жолу кайталанган. Түндүк Сохтогу өзбектер биздин бийлик үчүн кыйышкыс ыйык окшойт. Адам өмүрү кыйылып жатса да кыңк дебестен айтканын аткарып жатканына караганда.
 
2011-жылдын 13-майында Жогорку Кеңеш Түндүк Сохтогу газ сакталуучу жай менен газ, нефти чыкчу жерди кайтарып алуу тууралуу токтом кабыл алган. Анда аталган объектилерди кайтарып алуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү, Өзбекстан бизге канча зыян алып келсе, ошону төлөтүүнү, газ менен нефтини өндүрүүнү, газ сактоону токтотууну Өкмөткө тапшырган. Андан бери бир жыл убакыт өтсө дагы эч кандай өзгөрүү болгон жок. Бечел бийликтин айынан Бүргөндүнүн багы жакынкы күндөрү ачылбайт окшойт. Бийликтин бул жүрүшү өзбек тарап сураган коридорду берүүгө деле алып барышы толук мүмкүн. Андан кийинкиси кандай болоору белгилүү да.
 
“Багы ачылбаган Бүргөндү”  боюнча журналисттик иликтөөнүн бул болгону алгачкысы гана. Кийинкисинде Өзбекстан душманындай көрүп, телевидениесинен ар кандай маалыматты тараткан Алчыбай Төралиевдин, “Өзбектерди кууганган сенин кандай акың бар?” деп айткан Баткендин губернатору Жеңиш Раззаковдун, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун аткарылышына көзөмөл салган мурунку отун-энергетика комплекси, жер казынасын иштетүү комитетинин башчысы болгон Азамат Арапбаевдин Өкмөттүн иш аракетине берген баасы, өзбек кароолчулардын айткандары менен уламакчыбыз.
 
Наралы Асанбаев,
"Жаңы Ордонун" журналисти
Өмүрбек Бабанов баш болгон Өкмөт мындай саясый жүрүшү менен келечектеги муундардын ырыскысын жеп коюшу ажеп эмес. Себеби, өтө көп. Анда, эмесе сөз ирети менен болсун.
 
2010-жылдагы  тополоңдон кийин кыргыз бийлиги талкаланган экономиканы калыбына келтирүү үчүн кыпындай иш жасабаганына карабастан, жакындарынан ажыраган жарандарыбыздын ар бирине 1 миллион сомдон жардам берип, турак жай куруп берүүгө жетишти. Өндүрүш ишке кирген жок. Байлар капиталын сыртка алып чыгып кетип атат. Коммерциялык банктарда кредиттик портфел күн сайын азайып барат. Бирок, Өкмөт социалдык милдеттенмелерин дээрлик аткарып жатканы кызык. Какшып калган казынаны кантип толтуруп жатат? Ушуга акылым айран эле. Мындай иштерман Өкмөткө Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын бериш керек эле. Көрсө, кеп башкада экен. Өткөн жылдын аягында айрым ири ишкерлер салыкты алдын ала төлөп келгендиги тууралуу тар чөйрөдө күдүң-күдүң сөз кылганы эсимде. Мындай көрүнүштү алар, колун кайрып, зордоп алып жаткан рэкеттердей эле мүнөздөшкөн. Бул сөздөр тегин жерден айтылбаптыр. Ишкерлердин эң патриоту эсептелген Аскар Салымбековдун Москвадан базар ачып, ошол жакты ыктап турганы тууралуу миш-миштер бекеринен эмес. Эми башкасын айтпай эле туралы. Кыргызстандын рэкет-Өкмөтүнө «Кумтор оперейтинг компани» ишканасы 2013-жылда төлөнүүчү салыктын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн колдоо үчүн 20 миллион долларды өз эрки менен которуп жатат. Муну бийликтеги финансистер мыйзамдуу иш чара катары кабылдашууда. Жок, бул келерки жылдын бюджетине кол салуу – кылмыш болуп эсептелет. Өкмөт быйылкы бюджетти өзүнүн акыл-эс дарамети, ички резервдери менен толтура албаса, тезинен кызматын тапшырып кетиши абзел. Бул караандай элди алдоо. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык, социалдык жактан болобу башаламан саясаттын  курмандыгына айланды. Жылдын жарымы өтүп кетти, 2011-жылдын бюджети кандай аткарылды? Ага эч ким баа бере элек. Бюджеттин аткарылышын түздөн түз көзөмөлдөгөн Жогорку Кеңеш сентябрь айында бул ишти карайт экен. Ушундан өткөн кайдыгерлик болобу? Ал эми кыргыз Өкмөтү болсо, өткөн жылдын бюджетинин «ак-көгү» аныктала электе, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» дегендей, келерки жылдын бюджетине кол сала баштады. Ичи көңдөй бюджетти толтуруунун айласын кылган бийликтин былыгы эми билине баштады. Бул бир.
 
Экинчиден, Өкмөт Жаштар министрлигинин алдында «Ала Тоо Финанс» чаканкредиттик агенттигин ача койду. Ага дагы «Кумтор» компаниясы колу ачыктык кылып, 21 миллион доллар, же болбосо 550 миллион сом бөлүп бере калды. Ушул жерде бир нече суроо жаралат. Эмне, «Кумтөр» саан уйбу? Эмнеге эле алар берешен болуп жатат? 21 миллион доллар каражатты эмненин эсебинен беришти? Ушунчалык эле алардын кирешеси көбөйүп баратыптырбы? Анда, кыргыз Өкмөтүнүн акциясынын үлүшү неге көбөйбөйт? Айтор, жообунан суроосу көп. Бирок, бир гана айныксыз жоромол бар. Жөөттөр бизге жөндөн жөн эле жардам бербей калды го. Бул деген Кумтөрдөгү алтын кенинин эсебинен түшкөн пайданы өзүбүзгө берип жакшы көрүнүп жатат дегенди түшүндүрөт. Өзүбүздүн «эмебизди» өзүбүзгө эле жедирип жатышат. Эми «Ала Тоо Финанс» агенттигине токтололу. Аталган агенттиктин Жогорку Кеңештин депутаттары – бюджеттик мыйзамдардын нормаларына туура келбей тургандыгын таасын белгиледи. Андай агенттикти ачууга укуктук негиз жок экен. Арийне, чын эле «Ала Тоо Финанс» кандай жобонун негизинде иштейт? Белгисиз. Эмне үчүн «Ала Тоо Финанс» чакан кредиттик компаниясынан акча каражаты бөлүнүшү керек? Бул кайсыл шылуундун долбоору? Аталган структурасын түзүп, ишин жөнгө салганча 100 миллиондон ашык каражат кетери турган иш. Анда бул финансы агенттигин түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле? Анан дагы ар бир кредит алуучуга 50 миң сомдон берүү лимитинин коюлушу, эч кандай экономикалык акыл-эске сыйбайт.  Кредит алуучуга 50 миң сомдон бөлүп бергенден  көрө, Өкмөт 550 миллион сомго бир ишкана ачып койсо, аз да болсо жумушчу күчү менен камсыз болуп, финансы булактарын максаттуу жумшаганга шарт түзүлөт болчу. Себеби, «Ала Тоо Финанс» агенттиги экономиканы көтөрө турган финансы кызматы боло албай турганы чу дегенде эле билинген. Ошондуктан, акчалар таланып-тоноло электе чара көрбөсө болбойт.
 
Үчүнчүдөн, Бабановдун Өкмөтү Мамлекеттик Өнүгүү банкын түзүү тууралуу маселе көтөрүп келет. Эң жакшы идея. Мындай банк илгери эле түзүлүшү керек болчу. Анткени, өзүнүн каражатын сарамжалдуу пайдаланууну көздөгөн өлкөлөрдө мындай банктар натыйжалуу иштеп келатат. Бирок, Кыргызстанда Өнүгүү банкын түзүү үчүн, анын чөнтөгүнөн акча куюлуп турушу керек. Ошондо гана максатына жетет. Азыркы бийлик арты көңдөй экенине карабастан, Экономика министри Темир Сариевдин оозу менен көп убадаларды бердиртип жатат. Өнүгүү банкынын ачылышына Улуттук банктын өкүлдөрү каршы чыкканынын жөнү бар. Себеби, аталган банк кайсыл мыйзамдарга таянып иштейт? Аны ким көзөмөлдөйт? Бабановдун долбоору боюнча эч кандай лицензия албай эле иштей бериши керек экен. Макул, Өнүгүү банкын түзөлү. Кайсыл каражатка? Улутташтырылган мекеме-ишканаларды сатуудан жарытылуу пайда түшкөн жок. Дээрлик көпчүлүк обьектилер «жең ичинен» сатылып кетти. Анан кайдагы 7 пайыздык үстөгү  менен узак мөөнөткө кредит берүүнү айтып жатат, азыркы бийлик? Учурда мамлекет банктарга карыз болуп отурат. Айрым маалыматтарга караганда, жазында дыйкандарга бериле турган 1 миллиард сомдук кредиттин акчасын Өкмөт айласы куруганда Бабановдук «Кыргызстан» банкынан өз кепилдигин берип 20 паланча пайыз үстөгү менен алган дешүүдө. Ошондо 7 пайыз үстөгүн дыйкан-фермерлер төлөсө, калган үстөгү сиз менен биздин, баягы карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жабылышы мүмкүн. Мындан-келди Бабановго дыйкан-фермерлер гана эмес, биз дагы карыз болуп отурабыз. Ошондуктан, аты бар, заты жок Өнүгүү банкын түзөрдөн мурда Өкмөт ички финансылык башаламандыкты жөнгө салып алса дурус болор эле.
 
Орустар, «чет өлкөдөн футболдук команда, яхта  сатып алды» дешип Абрамовичти жаман көрүп келишет. Ошол эле учурда Абрамович өзүнүн ишканаларын Чукоткага каттатып, ошол жерге салык төлөп, элдин кирешесинин көбөйүшүнө зор салым кошуп келатат. Ал бүгүн барса, бүгүн губернатор кылып шайлап алганга эл даяр турат. Ал эми ишканаларын чет өлкөгө чыгарып кетип, башка өлкөнүн экономикасына акчасын салып жүргөн биздин «балта жутар» жетекчилер, мурункуну кыйратып койгонсуп, кийинки жылдын казынасына кол салып жатса унчукпай келебиз. Опурулган оппозицияга ок тийгенби, оозуна талкан салып алгандай тым-тырс. «Көзүн май» баскан көңдөй Өкмөттүн өзүм билемдиги качан токтойт?
 
Шекербек Калыков,
"Жаңы Ордо"
Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстанда жакынкы келечекте дефолтко кабылуу коркунучу пайда болду. Энергетикадагы кыйын абал, узакка созулган кыш менен келген жут, али күнгө чейин дарысы табылбаган мал ооруулары жана күзгү эгин жыйынынын күмөндүгү өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарга жана аба ырайынын каарына даяр эместигин көргөздү. Буга кошумча реформалар дагы жылбай, коррупция менен күрөш ишке ашпады.
 
Азия өнүктүрүү банкынын билдирүүсү боюнча 2012-жылы Кыргызстандын экономикасы 5 пайызга төмөндөөсү күтүлүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2012-жылдын башына карата өткөн жылга салыштырмалуу биздин экспорт 36,7%га төмөндөп, импорт 1,5 эсе көбөйгөн. Ички дүң продукциянын көлөмү 7% төмөндөгөн. Айыл чарбасы 2012-жылы 1%га өстү. Тышкы карызыбыз 3 млрд. АКШ долларына жакындады.
 
Абалдын кыйын экендигин бийлик өкүлдөрү да моюнга алышууда. Маселен, өкмөт башчы Ө.Бабанов салык чогултуу пландарынын аткарылбай атканын айтып, тоо-кен, мобилдик байланыш жана туризм тармактарында салыктарды көтөрөөрүн жарыя кылууда. Вице-премьер-министр Ж.Оторбаев Европа, АКШ өлкөлөрүнө жана Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду өңдүү финансылык уюмдарга барып келип «Батыш  Кыргызстанга көңүл бурбай жатат» деп басма сөздөн жарыя кылды. Ал эми Финансы министри А. Жапаров быйылкы жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 млрд. сом, Бишкек мэри И.Өмүркулов шаардык бюджетке 1,25 млрд сом түшпөй калуу коркунучтары бар экенин тастыкташса, Ош шаарынын биринчи вице-мэри А.Байгазаков дагы жыл аягында салыктардын чогулбай калуу коркунучу бар экенин «Азаттык» радиосуна берген маегинде айтты.  Бул жерде республикалык бюджеттин расмий тартыштыгы 17 млрд., ал эми Бишкек шаарынын бюджетинин муктаждыгы 9 млрд. сомдун тегерегинде экендигин, бирок бюджет 6 млрд. 283 млн. сом менен гана түзүлгөндүгүн да эске алып коюшубуз керек.
 
Өкмөт өткөн жылдагы шайлоолордун алдында 21% менен коммерциялык банктардан 8 млрд. сом кредит алып, бюджеттин камсыздоо булагынын жоктугуна карабай, пенсияларды жана айлыктарды жогорулаткан. Мамлекеттик аппаратты кармоого чыгымдарды 30-40%га көбөйтүп, экономикалык өнүгүүгө пайдасы жок болсо да миллиарддаган акчаларды мамлекеттин эсебинен 7% менен кредит берүүдө. Ошол эле убакта өкмөттүн өзүнүн жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эффективдүүлүгүн көтүрүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган жок.
Жогорудагы көйгөйлөрдүн келип чыгышына өкмөт башындагы адамдардын мамлекетти башкаруудагы дилетанттыгы жана эл аралык донорлорду ынандырып, кызматташа албагандыгы себеп болду.
 
Өкмөттөгү экономикалык тармакты тейлеген төрт адамдын үчөөсү мамлекеттин макро жана микроэкономикалык ишине министр жана вице премьер катарында гана келип аралаша баштагандыктары дагы өз таасирин берип атат окшойт. Экономикалык тармакта адис катары иштеп жогорку деңгээлге жеткен мамлекеттик жетекчи менен бизнестен келип министр, вице-премьер же премьер болгон жетекчинин айырмасы, билген адамга асман менен жердей.
 
Тилекке каршы, премьер-министр Ө. Бабанов мамлекеттин алдындагы кыйын тапшырмаларды чечүүгө жарактуу, бир максатка умтулган, бирдей баалуулуктарды жана принциптерди карманган, пикирлеш, адис, прогрессивдүү лидерлердин командасын түзө албады. Реформаны колдогон парламенттин сыртындагы саясатчылар эмес, парламенттеги депутатардын башын бириктирип, өз тарабына тарта албады.
 
Адатта демократиялык агым аркылуу келген бийлик жок дегенде Европа мамлекеттеринин жана Американын символикалуу болсо дагы колдоосуна ээ болот. Бирок, бийликтин ички жана тышкы саясаттындагы туруксуздугу ишеним арттырып колдоого ээ болгон жок.
 
Өкмөт сөз жүзүндө тышкы саясатта бир векторго басым жасап, кайра-кайра Россияга жүгүнгөнү менен иш жүзүндө көп векторлуу саясатка өттү. Мурда Кыргызстан көп деле көңүл бурбаган Катар, Түштүк Корея, Кувейт жана Азербайжанга окшогон жаңы өнөктөштөр пайда болду. Бирок, бул байланыштар өкмөт тарабынан "тарыхтагы биринчи ийгиликтер" катары бааланганы менен азырынча колго илинээр жемиш берген жок. Казакстан, Катар инвестициялык фонддору, Азербайжан нефть заводу азырынча кагаз жүзүндө гана калууда.
Европа Биримдиги, АКШ, Кытай, Япония өңдүү донорлорубуздун бири да бүгүнкү күндө бюджетке жардам берген жок. Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүктүрүү Банкы өңдүү эл аралык финансылык уюмдар да буга чейин берип келген колдоолорун кескин азайтты.
 
Коррупция менен күрөшүү башталбай жатып токтоду. Реформа жасоого өкмөттүн алы да, акчасы да жок. Элдин өкмөткө ишеничи жазгы тумандай тарай баштады.
 
Бизге эми «Экономиканы көтөрүүнүн 100 күндүк планы» эмес, «Дефолтко чейинки 100 күн» программасы зарыл болуп калды.
 
Менимче ал, төмөнку багыттарды камтышы керек.
 
Биринчиден, дебюрократизацияга баруу. Мамлекеттин элге жана ишкерлерге көргүзгөн кызматынын санын кескин кыскартуу жана калганынын санын кескин жакшыртуу. Бул кадам коррупция деңгээлин азайтып, элдин өкмөткө болгон ишеничин арттырат. Кийинки реформаларга шарт түзөт.
 
Экинчиден, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн кыйынчылыкка, каршылыктарга карабастан баланска алып келүү. Тапкан кирешебизге жараша оокат кылуу. Бул кайсы гана өкмөттү болбосун элге жек көргөзөт, бирок, бул күндүн талабы.
 
Үчүнчүдөн, чыныгы, системалык реформаларга баруу. Биринчи кезекте сот, укук коргоо органдары, билим, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо тармактарын өзгөртүү. Бул реформалар аябай кыйын жана көп ресурстарды талап кылат. Бирок, муну жасабасак үчүнчү революцияга негиз түзөбүз.
 
Төртүнчүдөн, бюджетти колдоого жана реформаларды жылдырууга жок дегенде, жылына 500 млн доллар жардам тартуу. Реформаларды адатта эки гана булак каржылайт, Европа жана АКШ. Бул мамлекеттер менен болгон мамилелерибизди кайра карап чыгуу.
 
Бешинчиден, административдик жана финансылык децентралдаштырууга баруу. Тактап айтканда баардык бийликти борборго топтобостон, жергиликтүү бийлик өз алдынча чечим кабыл алып иштөөсүнө, акча табуусуна жана тапкан акчасын өз алдынча пайдаланышына мүмкүнчүлүк берүү. Жергиликтуу бийлик менен борбордук бийликтин укуктарын жана милдеттерин мыйзам менен так аныктоо.
 
Алтынчыдан, коррупция менен системалык негизде күрөшүү. Коррупцияга шарт түзүп жаткан схема-механизмдерди сындыруу жана коррупциялашкан кызматкерлерди адилеттүү жазалоо. Партиялык коррупцияга күрөш ачуу. Коррупция менен күрөштө өкмөт жарандык коомду, массалык маалымат каражаттарын жардамга чакыруу.
 
Мына  ушул 6 багытта иш алып баруунун негизинде дефолтко каршы 100 күндүк программа түзсө болот. Элдин азыркы өкмөткө болгон ишеними жокко эсе болгондуктан аталган программаны иш жүзүнө ашыруу кыйын. Андыктан, менимче жакынкы келечекте мамлекеттин алдындагы мурдагы жана кийинки кыйынчылыктардан куралган жаны тапшырмаларды чече ала турган, эл ишеничин жаратууга жөндөмдүү, чыныгы реформаларга даяр, жаңы командадан турган өкмөттүн келиши зарыл.
 
Равшан Жээнбеков,
Жогорку Кеңештин депутаты 
Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов чиновник катары республикабыздын мамлекеттик кызмат агенттигине берген маалыматы боюнча 2011‑жылы тапкан кирешеси 879 000 сом болгонун өз колу менен толтуруптур. Премьер-министр Өмүрбек Токтогуловичтин декларация толтурганын карап отуруп, бечара өтө эле жарды жашайт тура деп бооруң да ооруп кетет. Ал толтурган кагазды караган адам Бабанов айлык менен жашаган байкуш экен деп ойлоп кетесиң.
 
Андан да Кыргызстандагы эң бай адамдын үстүндө үйү жоктугу өкүндүрөт. Акыркы кездерде чоң кызматтарда иштеген, бирок баш калкалаган үйү жок “бомж”, тууган- уруктарынын үйлөрүндө жашаган атка минерлер көбөйдү. Өздөрү жашаган үйлөрүн ачыкка чыгара албаганына караганда бир мандеми бар го. Бабановду карасаң бир кезде кабагын чытып эл үчүн күйүп-бышып иштеген түр көрсөткөн Апас Жумагуловду элестетип кетесиң. Өмүрбек Бабанов да жаш экенине карабай, керзи өтүктү кийип алып, элге күйүп иштеген Баш бакандын ролун мыкты аткарып жаткандай. Билбегендер, аны эл үчүн деп күнү-түнү иштеп жүрө берип үй алганды да унутуп калган жетекчи тура деп ойлоп кетиши да мүмкүн. Маңдай тери менен тапканын бирөө-жарым тартып алмак беле. Каратып туруп калп айтканына күйүп кетесиң да. Алдар Көсөөнүн жээни болсо да өлкөбүздөгү башы көрүнгөн жетекчинин өз элине чак түштө калп айтканы курусун. “Калп айткандын казаны кайнабайт” дечү беле. Музоонун көзүндөй жалтыраган көздөрүн чакчайтып, болгон 879 000 сом гана таптым деп айтып отурса пенде катары ишенет экенсиң да. Өмүке, ушунча миллиондогон кыргыздын көзү сени карап турса кантип алдоого дитиң барды? Анан кантип коррупция менен күрөшөсүңөр? Элдин баары эле сокур болуп калган жокко!
 
Айрым маалыматтарга караганда алгач Бабанов Айдар Акаевдин жардамы менен бизнесин бутуна тургузган. Бизнести семичкедей чагарында эч кимдин шеги жок. Адал эмгегиң менен тапсаң анда эмне катасың? Балким, олчойгон салык төлөгөндөн коркуп жаткандыр. Салыктан жашырып жүргөн миллиондорун Өмүрбек Текебаев сессия учурунда бир көтөрүп чыгып ошол бойдон ал да тынчып калган жайы бар.
 
Өмүрбек Бабановдун эл арасында “Заправщик” деген каймана аты бар. Кезегинде шаарда жүздөгөн “Альянс” май куюучу станциялары бар болчу. Кийин аларды сатып жиберген. Азыр да “Мунай мырза”, “БНК” май куйган станциялардын артында турат деген кептер айтылып келет. Май жыттанып жүрүп ушул “майлуу” жерге жеткен. “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”, дегендей “заправщик” Өмүрбек мырзанын эски адаты кармап, анын амири менен Баткен аркылуу Тажикстан, Ооганстанга чейин контрабандалык жол менен өтө оор өлчөмдөгү күйүүчү майлар ташылып жатат. Кыска убакыттын ичинде контробанданын атасына айланды.
 
Кыргызстанда гана эмес Орто-Азиядагы ири унаа базары болгон “РИОМ” да (аялынын анан өзүнүн аттарынын баш тамгасы) Бабановдун менчиги экени эч кимге жашыруун деле сыр эмес. Андан ары барсак “АКБ Кыргызстан”, бүгүн Бабановдун бул банкы өкмөттүк структуралардагы акча жүргүзүү операцияларынын күрөө тамыры деп айтсак да жарашат. Өзүнө караштуу НТС теле компаниясы аркылуу ат тезегин кургатпай өзүн мактатып келет. Ал тургай 5‑каналды өз менчигине алууга көзү кызарып турган учуру. Башка бирөөлөрдөн сатып алган гезиттеринен дагы кабардарбыз. Саясаттагы каршылаштарын да НТС аркылуу шыбатмайы бар.
 
Манас проспектиндеги мурунку “Инструментальщик” стадионунун ордуна салына баштап, эмне үчүндүр токтоп калган шаардагы өтө бийик соода комплекси да Бабановго таандык. Алдында турган рекламалары аны далилдеп турат. Бабановдун байлыгын эсептеп отура берсек убакыт жетпейт.
 
Байлыгы өзүнө буйрусун, ага эч ким деле сугун артпайт. Тооктун уясындай камогу бар бечара кыргыздын жашырганы болсо аны салыкчылар “тоок басты” кылып жатып калышат. Биздин премьер-министрибиздин чак түштө калп айтканына алардын тиши өтмөк беле. Өз колу менен толтурган декларацияны карап турсаң “Дордой” базарында контейнери бар ишкерлердин деңгээлине түшүп калганына күйүп кетесиң да. Өмүрбек мырза катардагы бизнесмен болсо да анда башка кеп. Ал республиканын премьер-министри болгон соң башкаларга үлгү болушу керек болчу. Чыныгы жашоодо Бабанов анчалык эле бечара эместигин тактап, окурмандардын сынына коёлу деп чечтик. Бабановдун анчалык эле жарды эмес экенин, “май кармаган бармагын жалайт” дегендей колунан миллиондогон долларлар ары-бери өтүп турганына күбө болосуз. Жакында эле Германиянын президенти өзүнүн алган кредитин жашырып койгону үчүн өз элинен кечирим сурап кызматынан кетип калды. Мына ушуну жигитчилик деп айтсак туура болот. Биздин Өкмөт Башчы жалпы кыргыз элин алдап, декларациясын туура эмес толтуруп келгени албетте өтө өкүнүчтүү. Бабанов мыкты бизнесмен болсо болгондур, ал боюнча эч ким күнөө коё албайт. Бирок, Премьер-министр катары дурустап иштеп кете албады. Былтыркы жылы ТЭЦке алынып келинген уулуу көмүрдүн, “Мегакомдун” айланасындагы чырларга Бабановдун катыштыгы бар экенин айтып түгөтө алышпай коюшту. Анча-мынча адамдын колу жетпеген бул банк маалыматы менен өз окурмандарыбызга тааныштыра кеткенди туура көрдүк.
 
А. Бостонкулов
Булак: "Жаңы Ордо" гезити

 

Кыргызстанга өзүнүн «Сильвио Берлускониси» керекпи? Италияда миллиардер Сильвио Берлускони тууралуу ал премьер-министрлик кызматка чамынып жатканда жаш, жайдары жана жомоктогудай бай деп айтышкан. Бүгүнкү күндө “пиарчылар” да биздин өлкөдө да дал ушундай премьер – Өмүрбек Бабанов пайда болду дешүүдө. Ал бийликке өзүнүн партиясы аркылуу келип, реформатор катары көрүнүүгө далалат кылып жатат жана карапайым калкка мамлекеттин болуп көрбөгөндөй өнүгүүсү менен жаңычыл реформаларды убада кылууда. Ал эми ага караштуу жалпыга малымдоо каражаттары бир туруп шыбырап, бир туруп үнүнүн жетишинче: «капчыгы калың мамлекеттик ишмерлерден коркпоо керек! Алардын өз элин карактаганга каалоосу да муктаждыгы да жок...» деп жазууда. Бул тезис, арийне, талаш-тартышты жаратпай койбойт. Ошентсе да, мындай сорттогулардын табияты баарыга эле маалым эмеспи: канчалык көп жеген сайын  – ошончолук көптү жегиси келип, ого бетер тамшанып турат.
 
Алкымынын чоңдугу, зыкымдыгы, токтоно албай калуу жана чекти билбөө – мүчүлүштүктөрү бакиевтик режимди кыйроого алып келген. Ушул эле сапаттарды азыркы премьер да көрсөтүп жатат. Ал гана эмес күлкүлүү – «бабанизация» деген термин да пайда болду. Ал өлкөдөгү болуп жаткан көрүнүштү таамай чагылдырат: Бабанов жана анын үй-бүлөсү бардык кирешелүү компанияларды басып алып, экономиканын бардык тармактарын өзүнүн  тыкыр көзөмөлүнө алууда. Премьер аң-сезиминин да уккан жок, демек, ага чыканакка чейин колун салбоого чакырган жамааттын да добушун укпайт шекилдүү.
 
 Шайлоо күндөрү Бабанов уялып койбостон эле өлкөгө кеминде экономикалык кереметти убада кылып жиберген. Бирок, ал бийликтеги биринчи күндөн тартып эле чуулгандардан башы чыкпай, парламенттик жана соттук териштирүүлөргө кирип кетти.
 
Бабановтун ишмердүүлүгү тууралуу көп эле жолу майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлүп жазылды. Анын эсебинде ууру Акаев менен Бакиевтин үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын тейлөө, ондогон рейдерлик баскынчылыктар, контарбандалык күйүүчү май менен шугулдануу махинациялары, өндүрүш пахтасын карактоо, балдар үйлөрүнө радиоактивдүү көмүрдү жеткирүү жана таратуу сыяктуу кылмыштар бар. Анын бийликке кантип келип калгандыгы өтө таң калычтуу. Беш жыл мурда Бабановтун казак жараны экендиги тууралуу факт кылтыйып чыккан. Эки жыл мурда ал жарандыктан баш тарткандыгын билдирген, эмнегедир анын бир ооз сөзүнө баары ишенип калышкан. Бабанов чын эле казак жарандыгын тапшыргандыгын же анын бул айтканы жүздөгөн калптарынын бири экендигине эч ким кызыкдар болгон эмес.
 
Бабановтун Россиядагы, Белоруссиядагы жана Казахстандагы фирмаларынын кызыкчылыктарын, аларды жарым криминал топтор – чечен Бажаевтер, көмүскөдөгү аферист – Машкевич кармап тургандыгын эч ким иликтеген жок. Башка өлкөлөрдөгү дал ушул эле байланыштары үчүн мамлекеттик чиновник эбак кызматтан кетмек. Анын иштөөсү жөнүндө эч кандай сөз да болмок эмес. Анын дал ушул Бажаев жана Бакиев менен байланышы үчүн биздин премьерди Кремлдин босогосунан аттатпайт! Маскаралык эмей эмне!
 
Бирок, Бабанов дагы эле олтурат, кызматтан кетүүгө тууралуу ойлонгон да жок.
 
 Берлусконинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары баарына белгилүү. «Берлусконинин риторикасы экономикалык  либерализмдин риторикасы болуучу, бирок, чындыгында, кеп анын жеке кызыкчылыгы жөнүндө гана жүргөн», – дейт муну тастыктаган америкалык эксперт. Бул мырза өз бизнесинде жол койбогон нерселерди мамлекеттин экономикасында колдонуу мүмкүн деп эсептеген. Мындагы маселе бирөө гана: жеке бизнес качан болсун коомдук кызыкчылыктан жогору турат!
 
Узак жылдар бою аны салыктарды жашырып келгендиги үчүн, сотторду сатып алууга аракет кылгандыгы жана башка экономикалык кылмыштар үчүн соттоп келишкен. Ал юридикалык кызматтар үчүн 270 миллионго жакын доллар каражат жумшаган жана ар жолу акталып чыккан, же болбосо, өкүм мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн чыгарылган эмес. Коомдун көп бөлүгү аны жек көргөн, бирок, ар жолу кандайдыр бир партияларды ачып, альянстарды (элдик фронт сыяктуу) түзүп, аны коалициялык өкмөттүн башчысы кылып дайындашкан.
 
Тактап айтканда, аны эч ким шайлаган эмес, эл ар башка партияларга добуш берген, кийин анын жогору жагында тургандар премьер кылып бекиткен. Берлускони  - өлкөнү уурдап, тоноп бүткөн, демократиядан чыккан классикалык алдамчы – шылуун.
Анын ишмердүүлүгүнүн соңку жыйынтыгында мамлекет 2,6 трлн доллар карызга баткан же 120 пайыз ички дүң өнүмгө туш келген. Экономикалык өсүш токтогон, атаандаштык жана айкындуулк жагынан эл аралык рейтингдерде эң төмөнкү деңгээлге түшүп калган. Пайыздарды гана алып караганда Италия жыл сайын 300 млрд евро же ар бир италиялыкка 4500дөн евро туура келген карызга баткан. Ал эми Берлускони – Италиядагы жана дүйнө жүзүндөгү эң бай адам болуп кала берген.
 
Мени кимдир бирөө кемчилик кетирбеген адам болбойт деши мүмкүн, бирок, бай адамдар өз сөзүнө бекем турат! Тилекке каршы, италиялык Андреа Казамассима премьер-министр Берлускониден сотто утулуп калган. Ал премьерди шайлоо алдындагы убадаларын аткарбагандыгы үчүн айыптап, сотко кайрылган. Казамассима италиялык өкмөттүн башчысы “Италиялыктар менен келишимдин” шарттарын аткарбай жаткандыгы үчүн күнөөлөгөн. Бул келишимге Берлускони 2001-жылдын 8-майында белгилүү «Porta a porta» телекөрсөтүүсүнүн түз эфиринде кол койгон. Бул шайлоо алдындагы кампанияда ага шайлоочулардын көп добушун алууга мүмкүнчүлүк берген. Ошентсе да, сот чечимди Берлусконинин пайдасына чечип,  ”Италиялыктар менен келишимдеги” Берлусконинин билдирүүсү келишимдик күчкө ээ болгон эмес” деген өкүм чыгарылды.
 
Дал ушундай эле окуя Кыргызстанда да болуп өттү. Ө.Бабанов жакынкы шайлоолордо: «Электроэнергию – өз наркында!» деген жарлыктар менен чыккан.  Бакиев убагындагы тарифтердин көтөрүлүшүнөн үрөйү учуп бүткөн кыргызстандыктар бул жолу анын сөзүнө ишенген. Бирок, Бабанов бийликке келээри менен эле парламенттик трибунага ал кызматка койгон энергетика министри чыгып алып: «Биз электроэнергиянын даана наркын эсептей албайбыз!» деп алакан жайып олтурат.
 
Ушунтип абийирсиздик менен карөзгөйлүккө жыл санап машыгып олтурган Бабановтун жеке кирешесинин өстүрүүдөгү талбаган изденүүлөрү (жана табышкерлиги) ага саясий бизнесин да жылдырууга өбөлгө түзүп олтурат. Дал ушундай: саясий бизнес, анткени, саясат – анын жеке байлыгын көбөйтүп-өстүрүү үчүн негиз гана болуп берет.
 
Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мурдагы достору менен калкалоочуларын гана эмес, бүтүндөй мамлекетти дагы сатып жиберүүгө жана карактоого даяр. Эгерде байкуш саясатчы азга топук кылса, миллиардер ири өлчөмдө уурдап-жегенге ашыгат. Бабанов бийликке келгенден берки аз убакыттын ичинде Кыргызстан өзүнүн эң акыркы инвестициялык жагымдуулуктун калдыктарынан да айрылып бүттү. Эмдигичекти Максим Бакиевтин жана анын жакындарынын рейдерлик баскынчылыгынан жабыр тарткандар үчүн адилеттик өкүм сүргөн жок. Ал эми булардын ичинде Бабанов өзү да бар болчу. эми Бабанов демилге кылган жаңы рейдерлик – премьердин ролундагы рейдерлик катмарлана баштады.  Бабановтун жеке банкы аркылуу кетип жаткан финансылык махинациялар тууралуу билсе дагы эч ким буга каршылык кыла албайт. Бабановтук өкмөттүн тоо-кен тармагындагы анча-мынча “паралар” талап кылынган лицензияларга байланышкан оюндарын жана интригаларын эч ким токтото албайт. Өлчөмсүз салыктар реалдуу өндүрүштү курутат. Мунун баардыгын тең премьер парламенттин катышуусу менен жасап жатат.
 
Ушул сыяктуу ага дивидент алып келбеген экономикалык милдеттер өкмөт башчысы чечкиси келбейт. Эгерде ал “цементтин базардагы баасын жөнгө салып койсо” деле анын ишин көрүү жетиштүү болмок. Иш жүзүндө бүтүндөй акция аны чыгарып жаткан ишканага заводдун пайдасына болбосо да, бааны төмөндөтүүгө милдеттендирилген кысым көрсөтүү менен чектелди. Ал эми цементтин баасынын кымбатташына күнөөлүү болгон ортодогу алып сатар соодагерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө, алардын 2-3 этап менен өткөн алып сатуу ишмердүүлүгүндө баа 2-3 эсеге жогорулап жаткандыгы тууралуу премьер ойлонгон да жок. А ырасында, бул боюнча туура чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик ишмер деле болуунун кереги жок... Тилекке каршы...    
 
Берлускони кызматтан кетүүгө аргасыз болду, он миңдеген италиялыктар алардын мекенин кыйратып, жакырчылыкка алып келген чиновниктен арылганы үчүн көчөгө чыгып майрам кылышты. Анын артынан наалат айтышты.
 
Ал эми бизге, кыргызстандыктарга мафиялык “бабановтоштуруудан” кутулуу үчүн дагы жыйырма жылдык соттук териштирүүлөр жана парламенттик иликтөөлөр керекпи?
 
Кубан Жусуматов
www.paruskg.info
Июнь коогалаңына эки жыл толду. Бишкек шаарында бул датага карата «Кыргызстанды сактоо кыймылы» Жогорку Кеңештин депутаттарын, коомдук ишмерлерди, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн “тегерек үстөлгө” чакырды. Чыгып сүйлөгөндөрдүн билдирүүлөрүнөн кийин “Коогалаң” тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Кыргызстанды сактоо кыймылынын» координатору Аширбек Болотов кеп кылат.  
 
2010-жылдын апрель-июнь айларында болуп өткөн кайгылуу окуялар Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери жыйналып келе жаткан көйгөйлүү маселелерден улам келип чыккандыгы жашыруун эмес. Кыргыз элинин башына экинчи жолу түшүп жаткан бул кандуу коога бүгүнкү күнгө чейин түйүнү чечилбей турган тарыхый, социалдык-экономикалык, маданий демографиялык жана саясий маселелердин тамыры тереңде экендигинен кабар берет. Ош жана Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышууну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын сепаратисттик лидери К.Батыров, И.Абдрасулов жана башкалар менен жең ичинен сүйлөшүүлөр аркылуу алдын-ала даярдалган сценарий менен ишке ашырышкан. Андагы “Убактылуу өкмөт” деп өздөрүн атап алган бийликтин баскынчылары даярдалып жаткан жаңжал жөнүндө жеке эле коопсуздук кызматы аркылуу эмес, массалык маалымат каражаттары аркылуу да толук билип, кабардар болуп турганы менен өз бийлигин түштүк региондордо күчөтүү максатында тирешүүлөрдүн келип чыгышына атайын жол берген. Болбосо, ошол кезде мамлекеттин жетекчилигинде турган Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев жана башкалар кан төгүүнү алдын алып, өз мөөнөтүнөн кечиктирбей чара көрүүгө милдеттүү болчу. Тилекке каршы, эки элди араздаштырып, ортосуна от жагып коюп, “бириң өлүп, бириң кал” дегенсип тим болушту.
 
“Болоор иш болду, боёосу канды” дейли, андан кийин тез аранын ичинде бул ишти укук коргоо органдары териштирип, коогалаңдын келип чыгышына күнөөлүүлөрдү таап чыгып, кылмыш жообуна тартууга тийиш эле. Бирок, эмнегедир жабылуу аяк жабылуу калсын дегендей, бул жолу дагы күнөөлүү адамдар кашкайып көрүнүп турса да, эч ким жоопко тартылган жок. Мунун себеби айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, июнь коогалаңына айыптуулардын ичинен дал ошол Бакиев бийлигин басып алган Убактылуу өкмөттүн башы кылтыйып көрүнүп турбайбы. Али күнчө Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Башкы прокуратура тарабынан 2010-жылы түштүктө болуп өткөн кандуу окуяга саясый жана укуктук баа бериле элек. Башкы прокурор Аида Салянова, вице-премьер Аалы Карашевдер түштүктө болуп өткөн окуяларда Убактылуу өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок экендиги жөнүндө чечимди чыгарып, жандары тынды. А чындыгында, кандай чечим болсун, кандуу окуянын келип чыгышына ким күнөөлүү экендигин эл көрүп-билип, аларга эки дүйнөдө наалатын айтып келет. Эки улуттун араздашуусу боюнча бир нече кыймылдар демилге көтөрүп, күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартуу боюнча талаптарын эки жылдан бери коё берип, чарчап да бүттү. Бул боюнча канчалаган ой-пикирлер ортого салынды.
 
 “Кыргызстанды сактоо кыймылы” уюштурган “тегерек үстөлгө” 30 депутат чакырылгандыгына карабастан, эл үчүн күйгөн элдик депутаттар Камчыбек Ташиев, Токон Мамытов, Камила Талиева жана Талант Мамытовтор гана келип, өздөрүнүн пикирлерин айтты. Ал эми калган депутаттардын келбегендигин алардын бардыгы премьер-министр Ө.Бабановдон көз каранды болуп калгандыгынан деп түшүндүк. Айтмакчы, А.Карашев “түштүк окуясынын келип чыгышына Убактылуу өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок” деп билдирүү кылгандыгын жогоруда белгиледик. Өкмөттүн бул отчету Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык деп табылган. Ошону менен Жогорку Кеңеш дагы бир жыл мурда кабыл алган өзүнүн токтомунан баш тартты десек жаңылыштык эмес. Кыргызда «Арбак ыраазы болмоюнча, адамдын иши оңолбойт» деген жакшы макал бар. Кечээ жакында Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына шейит кеткендер үчүн куран окутууга барган адамдарды милиция кызматкерлери курчап алышып, куран окула турган жерге киргизбей коюшту. Топтолгон кишилер революция кылуу максатында эмес, июнь коогалаңынын эки жылдыгында мерт кеткен кыргызстандыктарга алакан жайып, куран окутуу үчүн чогулмак. Бийликтин өз көлөкөсүнөн өзү чочулап, элден коркуп, мындай жорукка барып олтурушу жакшылыктын жышааны эмес. Эгерде карапайым эл революция кылгысы келсе, эч кандай милиция, эч кандай ок, курал да токтото албастыгына өздөрү күбө болушпады беле! Качан гана мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип, өлкөнү адам канына боёгон Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратистер жазасын алганда гана жазыксыз жерден шейит кеткендердин арбагы тынч алып, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт. Албетте, эгерде укук коргоо органдары К.Батыровту кармап келип, сурак кылганда Атамбаевтин, Отунбаеванын, Бабановтун, Бекназаровтун ж.б. каракчы-баскынчылардын өздөрүнүн былыктары чыгып калат.  Ошол себептүү кылымыш ишин эл көзүнө козгомуш этип, а чынында, алакан жайып, көрмөксөнгө салып олтургандары өздөрүнүн пайдасы үчүн гана жасалып жаткан иш. Ошентип, бул өкмөт менен бийлик кетмейинче жабылуу аяк жабылуу бойдон турганы-турган. Ошол эле кезде К.Батыров жөн жатпай кыргызстандык өзбектердин партиясын түзүп, ар кандай ызы-чууларды Кыргызстанда уюштуруп жатканы аз келгенсип, Москвада дагы кыргыз элинин жүзүнө көө сүртүп, бүлүк салып жүрөт.
 
“Кыргызстанды сактоо кыймылы” банк кутучуларынан жоголгон 350 миллион долларды уурдагандарды, июнь окуясындагы күнөөкөрлөрдү табуу жана аларды жазалоо үчүн акыр-соңуна чейин тикесинен тик турат. Эгерде азыркы бийлик болуп өткөн окуялардын күнөөкөрлөрүн табышпаса, эртең кеч болуп калат. Балким, үчүнчү революция ушунун айынан болуп кетиши мүмкүн...
 
Аширбек Болотов,
Кыргызстанды сактоо кыймылынын координатору
 
 
Күн өткөн сайын карапайым калктын жашоо-турмушу тескерисинен кетип баратат. Бийликке нааразы боло турган жагдайлар четинен табылат. Бул чындык 2010-жылдагы республиканын түштүгүндөгү кандуу окуялардын 2 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларда дагы бир жолу баса белгиленди.
 
 

Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан УКМКнын алдында түзүлгөн Антикоррупциялык кызматтын соңку аракеттери Кыргызстандын коомчулугуна бир аз болсо да үмүт ойготуп, өлкөдө чын эле айрым өзгөрүүлөр башталды дегендей  ишеним жараткан болчу. Ири чиновниктердин кармалышы, мыйзамды орой бузуп, кызматтык абалын кыянатчылдык менен пайдалангандарды ачыкка чыгарууга болгон аракет колдоого татыктуу.
 
Биздин редакцияга өлкөнүн жогорку жетекчилигине даректелип, “жашыруун” деген белги коюлган документ келип түштү. Бул документ менен президент Алмазбек Атамбаев, жана башкы чекист Шамиль Атаханов да таанышып чыгышкан. Чынын айтканда, аларда анчалык жашыруун сыр деле жоктой көрүнөт. Ошол эле фактылар тууралуу, бир аз башкача түрдө биз өткөн жылы эле маалымат берген болчубуз. Ошентсе да, редакция алар тууралуу окурмандардын эсине дагы бир жолу салып коюуну туура тапты. Окурмандар бул ирет бир нерсени гана эске алып коюштары керек: бул маалыматта ысымдары аталгандардын ичинен бирөөсү дагы өздөрү жасаган  иштери үчүн жоопкерчиликке тартылган эмес, тескерисинче, алар баары тең өздөрүн абдан ыңгайлуу сезип, жогорку бийликтин ырахатын көрүүнү улантып, жашап келе жатышат.
 
 
«Жашыруун»
 
«Камакка алынып, тергелип жатышкан А.Юсупов, Д.Оморов, А.Шергазиевдердин билдирүүсү боюнча, Курманбек Бакиевдин жана анын туугандарынын мүлктөрүн рейдерлик жол менен талап-тоноп алуучулук фактылар боюнча дыкат иликтөө жүргүзүлдү.
 
Бул маселени иликтөө учурунда, таанымал саясатчылар – Жогорку Кеңештин депутаттары  тарабынан, 2010-жылдын апрель революциясы күндөрү жасалган бир катар кылмыштардын бети ачылган. “Ала-Тоо” аянтында курман болушкан жарандардын денелерин чогултуп жаткан кезде, Болот Шерниязов, Турат Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, Өмүрбек Текебаевдер жаштардан куралган бандаларды куралдантып алышып, жаш, эч нерсени көрө элек балдардын өмүрлөрүн тобокелге салышып, карактоо жана марадерчулук кылып жүрүшкөн.
Азыр Бишкек шаарынын № 1-СИЗОсунда олтурган Абдулла Юсупов Жаныш Бакиевдин баласы менен дос болгон. Дал ушул жигитти Райкан Төлөгөнов  2010- жылдын мартында Күренкеев, 174 дарегиндеги офиске чакырган да (бул үйдү «Ата-Мекен» партиясына Аликбек Жекшенкулов бериптир), ага партия менен кызматташууну сунуш кылып, революциядан кийин иш таап беремин, өзбек диаспорасынын Кыргызстандагы жетекчиси кыламын деп убада берет. Жана дагы Бакиевдердин менчиги тууралуу маалыматты айтып берсең деп суранат. Бул жолугушуу көп кишинин катышуусунда болот, – Текебаев, Шерниязов, Мадылбеков, Төлөгөнов, Юсупов.  Юсупов менен чогуу Дастан Оморов да болот. Тыңшап угуп калуудан чочулашып, алар Болот Шерниязовдун үйүнө анын  машинасы менен жөнөшөт (Лексус-470, мамлекеттик номери B7777S), ал жерде Юсупов Бакиевдердин дээрлик бардык менчиктери тууралуу биле турганын далилдейт. Партия лидерлери  Юсуповду Бакиев элге каршы иштеп жатат деп ишендиришип, ага экс-президенттин үй-бүлөсүнүн жакын адамдарына мындан да жакын болуп, алардын планы жана жасай турган иштери тууралуу маалыматтарды бизге берип тургун, айрыкча оппозицияга каршы ишке көп көңүл бургун деп сунуш кылышат.  Бул сүйлөшүүдөн соң, Юсупов түштүктөгү өз үйүнө кетет.
 
2010-жылдын 6-апрелинде ага Райкан Төлөгөнов телефон чалып, борборго жаш балдарды ээрчитип, тез келип кал деп суранат. Жол жабык экендигине карабастан, (Токтогулда Ташиев барымтага алынып, аны столбага байлап салышкан болчу), Юсупов 7-апрель күнү балдары менен чогуу Бишкекке жетип келет да, Төлөгөновдун уулу – 1979-жылы туулган Мусага кошулат. Андан соң, Райкан Төлөгөнов Жаш Гвардия менен Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жердеги «базага» жеткирет да, аларды винчестер жана пистолеттер менен куралдандырат. Андан соң, бул топ  4-5 автомобиль менен шаарды кыдырышып, бардык жерде бир гана сценарий менен иш кылууну улантышат – жаш жигиттер Райкан Төлөгөнов жана анын уулунун жетекчилиги астында, Болот Шерниязов менен Мадылбековдун жетекчилиги астында, такай телефон аркылуу Өмүрбек Текебаев менен байланышып, төмөнкү даректер боюнча үйлөрдү жана офистерди сөздүн түз маанисинде карактап чыгышат: Панфилов-Бөкөнбаев (Адыл Бакиев); Московская-Правда (Искендер Жаныбекович Бакиев); Түштүк магистралы – пр. Мира (Жаныш Бакиев); ШВК,  Манас көчөсү (Жаныш Бакиев); Fashion Club (Куштар Жусупбекович Салиев); «Манас банк», Логвиненко көчөсү (Максим Бакиев). Бул объектилердин толук тизмеси жана  видеожазуулары бар.
 
Мерседес-300 кара түстөгү Жаныштын уулу Искендер Бакиевге таандык автомобилди Төлөгөновдун уулу Муса өз колу менен бир жарым миң долларга «Бакай-Ата» жаңы конушунун тургунуна сатып жиберет (автомобиль алиге чейин ошонун колунда жүрөт), автомобилде ок тешип кеткен жерлери бар, апрелде аны  Муса Төлөгөнов куралдуу балдар менен чогуу минип жүргөн жана алар Алманбеттин балдары менен атышып кетишкен. Машинанын техпаспорту Искендер Бакиевдин кызматкери Муслимге жазылып, Искендер өзү доверенность боюнча минип жүрчү экен.
 
Бир нече күндүн ичинде эле рейдерликке жана марадерлукка 32 жеке менчик объектиси дуушар болгон. Азыркы «Ата-Мекен» партиясынын депутаттарынын жетекчилиги астында, жаш жигиттерди отургучтары алынып, жүк тартууга даярдалып коюлган эки микроавтобус ээрчип жүрөт.
 
Мадылбеков менен Төлөгөновдорду дайыма нотариус коштоп жүрөт, ал дал турган ордунда эле объектилерди жаңы кишилерге – Мадылбековдун, Төлөгөновдун, Шерниязовдун, Текебаевдин жакындарына кайрадан бекитип берип жүрүп олтурат. Сейфтер, баалуу буюмдар, курал-жарактар ташылып чыгылып, токтоп турган машиналар айдалып кетет. Балдарга ошол буюмдардын баарын Жогорку Кенештин кайсыл бир гаражына жеткирилип жатат, кийин алар мамлекеттик менчикке өткөрүлөт деп түшүндүрүшөт. Бир нече точкаларда ал объектилерди кайтарган адамдар менен атышуу да болуп кеткен. Болжолдуу айтканда, алар Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары болушкан. Юсуповдун адамдарынын арасында жаракат алгандар да болот.
 
Апрелдин 7синен 8не караган түнү бул топ чогуу бойдон «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында жайгашкан,  Жусуп Бакиевдин уулу – Куштарга таандык болгон аянттагы Fashion Club эс алуучу жайына келишет. Ал жерде дагы куралдуу сакчылар бар эле. Төлөгөновдун кишилери бул жайга кирип барышкан соң, ал жерден бул ишкананын Эржан аттуу директорун табышат да, аны сабай башташат. Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков экөөлөп сабашып, аларга Төлөгөновдун уулу Муса жардам берет. Ал канга боелуп калса да, аны башка тепкилегенди улантышат, эгерде ал документтерди берип, менчик укугун өткөрүп бергени жөнүндө кол койуп бербесе, өлтүрөбүз деп коркутушат. Тиешелүү реквизити бар нотариус да ошол жерде болот. Акыры, таң атарга жакын Эржан багынып берет да, Мадылбековдун адамдары менен бирге өз кишисин документти алып келүүгө жөнөтөт, андан соң, ошол клубга чабуул жасашкан адамдардын атына жазып берет.
Карактоолор андан кийин да уланып жүрүп олтурат. 2010-жылдын 9-апрелинде ал балдарды кытайлыктар иштеп жатышкан лаборатория бар жеке менчик үйгө алып келишет. Чет өлкөлүктөр үйдө жок экен. Үй Мамлекеттик күзөт кызматынын кайтаруусунда экен. Бул жерге телефондон чакыруу боюнча Шерниязов менен Мадылбеков келишип, күзөттөгүлөрдү кетиришет. Төлөгөновдун командасындагы адамдар Мадылбеков менен Шерниязовдун көзүнчө бул үйдөн бардык баалуу буюмдарды, анын ичинде, 1 килограммдан кылынып бөлүштүрүлүп, салынып коюлган, пломба коюлган 1,5 тонна алтын чаңы салынган пакеттерди да алып кетишет. Мунун баары микроавтобустарга жүктөлүп, айдоочуларга айтылган даректер боюнча жеткирилет. Баарын жүктөп кетишкенден кийин, үйдүн ээси боюнча спецназ келет, бирок Мадылбеков менен Шерниязов бул конфликтти жабышып, Төлөгөновдун балдарын аны менен чогуу кое берип жиберишет.
 
Дагы бир офисти басып алуу учурунда Төлөгөнов Юсуповдун балдарына дагы кошумча куралдарды берет (СВД, винчестерлерди, пистолеттерди).
 
Андан кийин Юсуповду Эмильбек Каптагаев өзүнө чакырат. Анда Райкан Төлөгөнов олтурган болот. Алар экөө Абдулла Юсуповду муфтий Муратали Жумановду кысымга алып, кызматтан өз каалосу менен кетүүгө мажбур кылууга көндүрүшөт. Юсупов өзүнүн балдары менен бирге Жумановду ооруканадан табат да, аны мечитке алып келишип, ошол жерден өз ыйгарым укуктарынан баш тарткандыгы тууралуу арыз жазууга мажбур кылышат.
 
Бул тапшырманы аткаргандан кийин, Абдулла Бакиевдин Тейиттеги үйүн өрттөп жиберүү тууралуу жаңы тапшырманы алат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн, ага Төлөгөнов эки  F1, СВД гранатасын берет. Төлөгөновдо дагы бир ящик F1 гранатасы толугу менен калат (100дөн ашуун даана). Андан бир күн мурда эле Юсупов «АКИпресс» маалымат агенттигинде пресс-конференция берип, аны Сузак эли абдан жакшы тааный турганын билдирген болчу. Юсупов бул тапшырманы аткарбай коет да, кийинчерээк башка бир күбөлөрдүн катышуусунда гранаталарды жана СВДны  Райкан Төлөгөновго анын үйүндө кайтарып берген. Бирок, Юсупов ошол жеринде – Сузак районунда кишилерди таап берүүгө убада берет. Асылбек Текебаев Юсупов ага өткөрүп берген жаш жигиттер менен бирге барып, Бакиевдердин үйүнө эл келе электе эле бардык баалуу бумдарды алып чыгып кетип, өрттөп жибергени так аныкталган.
 
Бакиевдин айланасындагылардын мүлктөрүн талап-тоноону уюштуруу маалында «Ата-Мекен»  партиясынын жетекчилери жаш жигиттерге кызмат орундарын, акча жана колдоо көрсөтүү тууралуу убада беришкен да, кийин аларды четке кагып коюшкан. Юсуповду апрелдин аягында мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн Сузак ички иштер бөлүмү кармаган, анын досу – Оморов Дастанды –  Бишкекте (УКМК) кармаган.
 
Экөөндө тең Райкан Төлөгөновдун кийлигишүүсү менен, анын көзүнчө бул балдардан куралдар алынып, кое берилген. 2010-жылдын июнь айындагы этникалар аралык конфликтти иликтеген депутаттык комиссиянын иши учурунда, атамекенчилер Жалал-Абад областтык мамадминистрацияда Юсуповдон видеокамерага президенттин үй-бүлөсүнүн үйүн өрттөгөн Асылбек Текебаев эмес эле, өзбектер деп акча үчүн айтып бере турган, сатыла турган адамды табууну суранышкан. Бул максатта Райкан Төлөгөнов Жалал-Абадга комиссиянын мүчөлөрүнөн бир жума мурда келген. Ал болжолдуу алганда, 15 күбөгө ар бирине 200 доллардан берүүнү убада кылып, ошондой адамдарды табууну каржылаган. «Ата-Журттан» депутат болгон Талант Мамытов Юсупов менен мурдатан тааныш болгондуктан, мындай «заказ» жөнүндө билип калып, Юсуповду болгон чындыкты төкпөй-чачпай комиссияга айтып берүүгө чакырган. Мындай иш кылуу конфликттин ого бетер курчушуна алып келерин түшүнүп, Юсупов ойлонуп калат да, Төлөгөновдун заказын даярдоо боюнча аракеттерин токтоткон.
 
Комиссия иштей баштагандан тартып, Райкан Төлөгөнов Юсуповго бир нече жолу телефон чалып, фальсификацияланып жасалган фидеожазууларды тезирээк алып келип берүүсүн талап кыла баштаган. Андан кийин Юсупов комиссиянын алдында ачык айтып, эки жүздөн ашуун адамдын көзүнчө «Ата-Мекен» партиясынын апрель окуяларынын маалында жасаган “баатырлыктары” жөнүндө айтып берген. Буга чейин ал кыргыздарды өзбек Юсуповго каршы тукурууга аракет  кылып, эптеп эле аны залга киргизбей, сүйлөтпөй коюшка аракет кылган Турат Мадылбеков менен мушташып кеткен эле. Муну башка депутаттар дагы тастыктап бере алышат. «Ата-Мекендин» лидерлери калк арасында чоң кадыр-баркка ээ болушкан «ата-журтчулардан» жана коомчулуктагы кадырларын жоготуудан абдан коркушкан болчу.
 
Ошол окуядан кийин, Мадылбеков, Каптагаевдер Чүй УВДсынын начальниги  Бакыт Жусубалиевди пайдаланышып, Юсуповго жана дагы парламент депутаттарынын тобу жасаган кылмыштуу иштердин баарына тең жагымсыз күбө болуп калышкан эки балага жасалма иш козготуп, каматышат.  Бакиевдердин тонолгон жана башка кишилердин наамына которулуп жазылган мүлктөрү, анын ичинде бир жарым тонна алтын дагы, жоголуп кеткен.
 
Прессага партиянын жетекчилеринин карактоолору жана марадерлуктары тууралуу маалымат чыгып кетет. Камакка алынгандарга Төлөгөновдун уулу телефон чалып, шашылбай кое тургула, силерди кое беришет деп убада кылат (Төлөгөнов прокуратураны жана сотторду сатып алууну каржылап, Юсупов, Шергазиев, Оморовдор акталышат деп ойлошкон болчу). Мындан сырткары, балдарга абдан кенен-кесири тамак-аш продуктылары киргизиле баштайт. Бирок, Юсупов мындан ары күтүүдөн жана Төлөгөнов баш болгон “Ата-Мекен” партиясынын лидерлери менен кызматташуудан баш тартат.
 
СИЗО-1ге Мадылбековдон  Төлөгөновдун, Мадылбековдун, Шерниязовдун, Текебаевдин үстүнөн доомат коюудан кат жүзүндөгү баш тартууну алуу тууралуу буйрутма түшөт.  “Положенец” деп аталган Дамир Сапарбеков Юсуповду коркутуу жолу менен сүйлөшө баштайт. Андан кийин мекеменин начальниги Ильмир Аллаяров кошулат. Юсуповду уулантып өлтүрүү аракети көрүлөт. Азыркы кезде  жогорудагы фактыларды ички иликтөө боюнча иштер жүрүп жатат.
 
Бул маселени иликтөө учурунда, Мадылбеков тарабынан Максим Бакиевдин таанымал шакирттеринин бири – Алексей Ширшовдун пайдасына коррупциялык аракеттерди көрүү аракети аныкталган. Мадылбековдун уулу – транспорт прокуратурасынын кызматкери Эльдияр Ширшовдун мүлкүн, үйүн да кошо башка бир жасалма (подставные лица) адамдарга  жазып салууга аракет кылган. Азыр ал үйдө КР ЖКнин коррупция боюнча комитетинин төрагасы Турат Мадылбеков жашайт. Бул мүлк Ширшовдон бардык айыптоолорду алып салуу шарты менен жазылып берилген (бул шарт аткарылды деп койсок да болот – ред.).
 
Жеке менчик кайтаруучу (ЧОП «Амир») мекеменин директору  (ал экс-президенттин иниси Марат Бакиевге таандык болчу) Нурлан Асанов азыркы кезде Мадылбековго кызмат кылып жүрөт. Дал ошол аркылуу Мадылбеков Ширшовдун үй-бүлөсүнүн жеке менчик объектилери тууралуу маалыматты алган. Бул Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнүн мүлкүн өз пайдасына “улутташтыруу” схемасында жаштар министри Алиясбек Алымкулов жана ички иштер министри түздөн-түз аралашышкан.
 
Мадылбеков тарабынан тергелип, камакка алынган РФ жараны Адина Турдубаевадан (“Азия-Курулуштун” генералдык директору, алдын ала анын бизнеси 20 млн долларга бааланган) 50 пайыздык үлүшүн, (иш жүзүндө Жаныш Бакиев тарабынан тартылып алынган бизнес боюнча) анын ишин кайра карап чыгууга алмашуу иретинде зордуктап талап кылганы тууралуу маалымат текшерилип, аныкталган. Бул иштин жыйынтыгы боюнча Турдубаева 17 жылга компаниясы конфискацияланып, эркинен ажыратууга кесилген. Азыркы тапта Турдубаева “Ички органдардын 4-баскычтагы рагы” деген диагноз менен СИЗО-1де кармалууда.
 
Мындан сырткары, башкы прокурор Аида Саляновага райондун прокурору кызматына дайындоо үчүн акча каражатын берүү фактысы аныкталган (15 000 доллардын ичинен  аванс катары 4 000 берилген). Бул маалымат чыгып кеткенден кийин, ал Юсупов, Оморов, Шергазиевдерге карата тергөөнү күчөтүүгө колкабыш кыла баштаган: алардын иши  Чүй УВДсынан  Чүй прокуратурасына өткөрүлүп берилип, ал жерде тергөөчүнүн кабинетинде Юсупов уруп-сабоого алынган».
 
Касым Кадыров,
www.comment.kg сайтынан которулду
Кыргыз бийлиги «Залкар Банкты» 30-40 миллион долларга сатуу үчүн аукционго коюп, сата албай убара болуп келет. Бир дагы инвестор сатып алууга кызыккан жок. Ошол эле учурда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун айтканына караганда, «Азияуниверсалбанкынын» мурдагы кожоюну Михаил Надель банкты мыйзамсыз улутташтырганы үчүн 400 миллион доллар доо коюп, кыргыз Өкмөтүн, тагырагы кыргыздын салык төлөөчүлөрүн эл аралык сотко берип жатканы маалым болду. Кыргыздын жөнөкөй салыкчылары неден жазды? Буга «Залкар банк» менен «Азияуниверсалбанкынын» кандай тиешеси бар? Күнөөсүз күнөөкөр болуунун сыры эмнеде? Анда эмесе, сөз ирети менен болсун.
 
«Азияуниверсалбанкы» чындыгында эле Уставдык капиталы жагынан алып караганда деле республикадагы эң ири банк болгон. Учурунда буга бекеринен Максимдин көзү түшкөн эмес. Ошол мезгилде “Кыргызкредитбанк” “Ысык-Көлинвестбанк” жана башка банктарды өз колуна ала баштаганда, Муратбек Мукашевдин Союздун маалында пайда болгон “Кыргызөнөр жай курулуш” банкын албай коюу мүмкүн эмес болчу. Анткени, аталган банктын жүгүртүүчү каражаты аз болгону менен анын өлкөнүн бардык жеринде филиалдары бар, ошондой эле Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик маанилүү мекемелердин акча каражаттары дал ушул банк аркылуу эсептешип турар эле. Ошондуктан, бул банкты “Азияуниверсалбанкынын” курамына киргизүү зарыл болчу. Ошентип, М. Надель баш болгон жөөттөр Мукашевге тиешелүү суммадагы акчасын төлөп, бонус катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги банктын пансионатын калтырган экен. Арийне, Муратбек Мукашев 2010-жылдын 7-апрелиндеги ызы-чуудан кийин, банкты кайтарып алууга катуу аракет жасады. Жабыр тарткан адам катары ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн күч органдарын тейлеген Азимбек Бекназаровго таянып, “Кыргызөнөржай курулуш” банкын мыйзамсыз тартып алгандыгы тууралуу сотко кайрылган. Бекназаров кызматта турганда сот процессинде утуп келген эле. Ал киши кызматтан кеткенден кийин эмне болду белгисиз. Бирок, ошол учурда банк системасы толугу менен  Максимдин көзөмөлүнө өтүп калганы анык. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин анын көзөмөлүндөгү банктар  улутташтырылды деген шылтоо менен четинен таланып-тонолгон десек болот. Себеби, банктын баркын билген айрым шылуундар өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланып, чөнтөгүн кампайтуунун амалын көргөнү талашсыз.
 
Апрель окуясынан кийин эң “майлуу”, көздү күйгүзгөн  финансылык мекеме дал ушул “Азияуниверсалбанкы” болгон. Убактылуу Өкмөт аталган банкты банкрот деп жарыялап, финансы булактарын экиге бөлүп таштаган. Банк чындыгында мындай “касапчылыкка” зарыл эмес болчу. Финансылык жактан бакубат, туруктуу иштеп турган. Проблемалуу деп айтууга болбойт. Бирок, Убактылуу Өкмөт бөлө чапты. Ошентип, активин, башкача айтканда “каймагын” жаңыдан түзө койгон “Залкар банкына” өткөрүп, пассивин – карыз-кооласын банктарды кайра түзүү агенттигине (ДЕБРА) берип коюшкан. Жалпак тил менен айтканда, эгерде банкка акча салгың келсе “Залкарга” бар, а карызыңды өндүрөм десең, ДЕБРАга бар деген жеңил оокатты таап алышкан. Банкрот кылуунун башында ким турган дебейсизби? Ал деген Бабановдун жеке менчик “Кыргызстан” банкын башкарып келген Бактыгүл Жээнбаева болгон. Бул айым Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткарып турганда, “Азияуниверсалбанкты” мурда эле тоноп кетишкен экен деп чуу салган. Соцфонддун 2,5 миллиард сомун дагы уурдап кетишиптир деген. Бирок, айрым малыматтарга караганда, ызы-чуу 7-апрелде болсо, 10-апрелде берген отчетто Софонддун акчасы банкта болгон экен. Ал эми Жээнбаева болсо тээ июнда “уурдап кетиптир” деп жатпайбы. Мунун кимисине ишенүүгө болот? Деги эле банкты банкрот кылууда шектүү нерселер көп.
 
Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде “Азияуниверсалбанкынын” банкрот болушу, анын негизинде уюшулган “Залкар банкын” сатуу тууралуу маселе талкууланды. Комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков, 30-40 миллион долларга сатууну көздөгөн «Залкар банкынын” өзөгү болгон “Азияуниверсалбанкынын” активи 1,5 миллиард долларды түзөрүн баса белгиледи. Эске сала кетүүчү жагдай, “Залкар банкты“ кыргыз Өкмөтү өткөн жылы 4 жолу аукционго коюп сата алган эмес. Керек болсо, Президент Атамбаев аталган банкты россиялык “Газпром” ишканасына дагы сунуш кылып көргөн. Эми “Азияуниверсалбанкынын” кожоюну сотко берип, бизди 400 миллион доллар доого жыкканы турат. “Эгерде эл аралык соттон Надель утуп ала турган болсо, ким төлөп берет?” - деген комитеттин төрагасы А.Келдибековдун суроосуна, Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет” деп жооп берди камырабай.
 
Чынында эле аталган банкты банкрот кылуунун таржымалын иликтеп көрүүнүн мезгили келди. Себеби, эл аралык сотто кыргыз Өкмөтү утулуп кала турган болсо, Надель койгон доонун карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөп бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эмне үчүн? Банкрот кылуунун башында турган Жээнбаевага окшогон чиновниктер анда, «суудан курук» чыгып кетеби? Бул өтө маанилүү маселе. Андан калса, Ахматбек Келдибеков финансы тармагын беш колундай билген адис катары олуттуу ишти колго алып жатат. Бирок, «Азияуниверсалбанктын» ичиндеги проблеманы эле карабай жалпы банк системасын тескөө керек. Мурда банк системасын Максим кандай көзөмөлдөп турса, азыр ал милдетти толугу менен Өмүрбек Бабанов аткарып жатат дешет. Азыр «Кыргызстан» банкы мамлекеттик мекеме-ишканалардын акча жүгүртүү жагынан тейлөө кызматы башка банктарга салыштырмалуу монополиялык күчкө ээ экен. Орто жолдон миллиондогон пайда Бабановдун капчыгына түшүп жатканы маалым болууда. Мындай саясатты банкирлер «Бабанополиялык саясат» деп алышыптыр. Эми Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетиндеги каралган маселе ушуну менен токтоп калбаса деген эле үмүттөбүз.
 
Ш.Калыков,
"Жаңы Ордо"
Бишкек, “Саясат.kg”. «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Убактылуу өкмөт улутташтырган объектилерди сатуу боюнча тендерге катышууга арыздардын жоктугунун себебин талдап, иликтеп чыкты. Белгилүү болгондой, аларды азыркы өкмөт чыныгы наркына таптакыр сата албай келет. Аларды сатуу жөнүндөгү дүрбөлөңдүн таскагы катуу болгону менен, анын натыйжасынын чыкпай жатышы эмне себептен болууда? Бул тууралуу айрым депутаттардын атынан "Ата-Журт" фракциясынын басма жана маалымат бөлүмү тараткан билдирүүдө кеңири айтылат.
 
Көрсө, мунун себеби "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары кабарлагандай, бул объектилердин улутташтырылышына негизделген юридикалык документтерге такалат экен. Башкача айтканда, кептин төркүнү прокуратура органдарынын аталган объектилер Бакиевтердин тууган-уруктарынын, ошондой эле аларга жакын адамдардын жеке менчиги жана мүлкү имиш деген көрсөтмөлөрүндө экен.         
  
"Прокуратуранын бир гана көрсөтмөсүнө таянып, Убактылуу өкмөт негизги документ катары көрсөтүлгөн объектилерди “Улутташтыруу жөнүндөгү” декретин чыгарган. Мунун ичинде Ө.Бабанов башында турган өкмөт ишкананын жылдык кирешесинен да төмөн, б.а. 186 млн. долларга сатууну эңсеп жаткан "Мегакомдун" 49% акциясы бар. Ушундан улам прокуратура органдарынын болгону бир көрсөтмөсү менен улутташтырылган ушуга окшогон объектилерди сатып алууга инвестор тобокелдик кылбай тургандыгын адилеттик үчүн моюнга алышыбыз абзел. Прокуратура органдарынын көрсөтмөсү – бул мыйзамдын бузулушун жокко чыгаруу предметине прокурордук жооп кылуу жөнүндөгү акт. Муну кайрадан аталган мекеменин жетекчилиги же сот аркылуу кайтарып алуу мүмкүн. Бирок, аталган документ мүлктүн тигил же бул кишиге тийешелүү экендигин аныктай албайт. Мүлктүн кимге таандык экендиги же мүлктүк талаш-тартыштар мыйзам аркылуу аныкталып, сот аркылуу гана чечилет. Ошондо да, сот бардык тараптарды угуп көрүп, мүлккө байланыштуу документтерди иликтеп чыгат. Тилекке каршы, бул да жок болуп жатпайбы. Бирок, дал ушул соттун чечими жападан жалгыз мыйзамдуу чечим болуп саналат” – деп айтылат билдирүүдө.   
 
"Ата-Журттун" депутаттары баса белгилегендей, "ушуга байланыштуу өзүн-өзү сыйлаган жана артын ойлогон бир дагы инвестор укук коргоо органдарынан берилген документтери шектүү объектилерди сатып албайт. Албетте, кайсы инвестор болсун, буга чейин ал объектиге салым кошуп, каражат сарптаган жана жапайычылык менен тартылып алынган андан мурдагы инвестордун тагдырын карап көрөт. Эми келе турган жаңы инвесторлорду эч ким андай кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Мыйзамды урматтоо жана инвестордун укуктарын сыйлоо нормалдуу инвестициялык климат болуп саналышы керек”.
 
"Ал эми Убактылуу Өкмөттүн декреттерине келсек, «декрет» деген түшүнүктүн өзү мыйзамдын нормасына туура келбейт, натыйжада, ал нормативдик-укуктук акты эмес. Ушундан улам өкмөт текейден арзан болсо да, сатууга жанталашып жаткан объектилерди нормалдуу наркына сатып алууга татыктуу алармандардын чыкпай жаткандыгына байланыштуу бардык суроолордун жообу өзүнөн өзү келип чыгат. Эгерде бул объектилердин мурдагы кожоюндары соттошо турган болсо, эл аралык сотторго кайрылышы мүмкүн, ал эми мында бийликтин өкүлдөрү утулууга дуушар болот. Жыйынтыгында, сатып алуучу жабыр тарта тургандыгы көзгө сайгандай эле көрүнүп турбайбы. Демек, ушундан улам кайра эле: “Анда буларды эмне кылуу керек?” – деген суроо туулат” – деп айтылган билдирүүдө.
 
Анда баса белгиленгендей, өкмөттүн бул маселени чечүүдө эки гана варианты бар. Биринчиси - цивилизациялык варианты. Экинчиси, албетте, цивилизациялык эмес варианты.     
 
"Бабанов баштаган өкмөт менен бул маселени цивилизациялуу жол аркылуу чечүү мүмкүн эмес. Бабанов жапайы базардын туундусу – өзү менен да жапайы базардын туундусун кошо ала жүрөт. Демек, ал өзү абдан жакшы билген жол менен барат. Ал жогорку кызматтагы атка минердин сөзү гана жетиштүү болгон, укуктук түзүмдөрүнө анчалык маани бербеген өтө бай адамдарды издеши мүмкүн. Биздин премьер өзүн күнү-түнү өз элинин келечеги жөнүндө ойлоймун деп эсептейт эмеспи. Анын географиялык тынымсыз кыймылына саресеп салсак, биздин өкмөттүн башчысы жакында мейманчылап келген катардыктарды потенциалдуу инвесторлор деп болжоп жаткандай. Катар деген Катар. Катарда жашоо ким үчүн жакшы? Албетте, шейхтер үчүн. Жашоо эмей эле, жомок. Мүмкүн, биздин Бабанов өзүнүн демейдеги кайталама сөздөрүн божурагандыр: эл, өлкө, демократия, "Мегаком", кен байлыктар. Катардын шейхтеринин өз эли, өз өлкөсү, өзүнө ылайык катардык демократиясы бар. Булардын баары алардын өздөрүнүкү. Ал эми алардын "Мегакому" менен кен байлыктары жок. Мүмкүн, катардыктар "Мегакомдун" акцияларынын жылдык кирешеси менен гана барабар сатыкка коюлган үлүшүнүн баасы жөнүндө уккан кулактарына ишенбей, кайра-кайра сурамжылашкандыр. Ошентип, жомок башталды. Биздин премьер эми биздин премьер эмес. Бул эми Аладдин да эмес. Жибек, бал, курма, 40 миң  доллар турган кол саат, төөнүн сүтү толо ванна, бейиштин чымчыктары сайраган гарем  - мунун баары өзүн шейх деп элестетип алган кимдин болбосун башын айландырбайт. Байдын, т.а. шейхтин ийининен биздин Аладдин "Мегакомду" катардыктарга 110 миллион долларга ыргытып, “өзүнүн” 30 миллионун демейдекидей эле сол чөнтөккө солоого ниет кылбашына ким кепил боло алат? Албетте, бул иштер Алладин тендер эки жолу өтпөй калды деп жарыялагандан кийин гана жүрөт. Айтылгандын баары жомок. Аладдиндин жомогунда биз болгон эмеспиз",- деп айтылган билдирүүдө.  
 
"Ошентип, жашап келебиз: ким жомоктогудай, ким анекдоттогудай, ал эми бүтүндөй эл драма менен трагедияда",- дешти "Ата-Журтта".
 
Орусияда расмий маалыматтар боюнча 300 миң, а чынына келгенде 1 миллиондой кыргыз мигранттары оокатын тыңдап жатышат. РФ Борбордук банкынын маалыматына караганда, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын эмгек мигранттарынын акча которуулары 1 млрд. 400 миллион доллардан ашкан. Башкача айтканда, кыргыз экономикасы, мамлекеттик бюджет түздөн-түз орус жергесинде бели бекчейип, тери төгүлүп иштеген мигранттардан көз каранды. Мына ушундай болуп жаткан соң, Кыргызстандын расмий бийлиги эзелки досубуз Орусия менен мамилени бекемдеп, мигранттардын жашоосун оңдоого кам көрүшү керек болчу. Бирок...
 
Тышкы саясаттагы кескин бурулуш
 
Апрель окуяларынын жыйынтыгында Кыргызстандын жетекчилигине негизинен батышчыл күчтөр келди. Отунбаева менен Текебаевдин Батыш өлкөлөрүнө болгон арзуусун башынан билебиз. Атамбаев деле бүт бизнесин Түркияга көчүрүп чыккан, башына куугунтук түшкөндө. Бакиев бийлигине каршы күрөшкөн башка саясатчылар деле Батышка байма-бай каттап, ар кандай кеп-кеңеш, жардам алып турушканы жашыруун деле эмес. Дал ошондуктан, Роза Исаковна Отунбаева алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти катары тышкы саясатта негизги басымды АКШ баштаган өлкөлөрдүн тобуна коюп келди. Адилеттүүлүк иретинде айтып кете турган нерсе – Отунбаеванын тушунда апрель, июнь окуялары орун алып, башка кыйынчылык түшүп турганда биринчилерден болуп Орусия колун сунган, гуманитардык жардамдарын байма-бай жөнөтүп. Анткен менен, Батыштан соккон желдин арты менен Кыргызстанга таптакыр жарашпаган парламенттик башкарууну киргизген башмыйзам кабыл алынган. Азыркы кыргыз мамлекетинин алга кетпей турушуна Текебаевдин батышчыл башмыйзамынын кесепети жакшы эле тийүүдө. Башкасын айтпаганда да, тышкы саясаттагы приоритеттерди кимдин аныктай турганы даана көрсөтүлбөй, парламент, президент, өкмөт өздөрү каалагандай байланышын бекемдеп жатышат. Бул кырдаалда бир да ири инвестордун келиши арсар экендигине ишене берсе болот.
 
Арийне, учурда жүзөгө ашырыла баштаган инвестдолбоорлорду бетке тутуп, “мына сага инвестиция”,- деп чыгаары турган иш. А бирок, ошол долбоорлордун артында конкреттүү мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыгы тургандыгын баса белгилеп кетүүбүз абзел. Азыркы бийлик да Отунбаеванын түптөгөн жолуна түшүп алган. Атүгүл, Батышка жагынуучулук саясатын кошоматчылыктын деңгээлине дейре чыгарып алышканын эч ким тана албаса керек. Ошондо деле биздин аткаминерлер жеке кызыкчылыгын биринчи планга коюп жатканын белгилеп кетүүгө тийишпиз. Мына азыр интернетте ызы-чуусу көп “Мегакомго” Катардын шейхтери кызыгуусун артып жаткандыгы активдүү талкууланууда. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун шейхтердин өтө кооз оюн-зоок программасына катышып эс алганы, 40 миң доларлык алтын саат тагынып кайтканы жөнүндө ушак кептер ар кайсы бурчтан айтылууда. Мунун баарына башы айланып, өзүн шейх санап кеткен Бабанов ал ортодо “Мегакомду” 110 миллион долларга сатууга макулдук берип ийген имиш (жылдык кирешеси 200 миллион доллардан ашкан ишкананын бааланып жатканын кара). Бул кептин канчасы чын, канчасы жалган белгисиз, бирок, качан эле “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдачу” эле. Катар тууралуу жомоктор көп. Кеп Бабановдун ал жакка барып келгенинен кийин Алладинге айланып кеткенинде деле эмес. Сөз Катардын артында ким турганында. Канча актанышпасын, Катар проамерикалык мамлекет, АКШнын персид аймагындагы плацдармы. Эмнени каалабасын, бул аймакта баары Катар аркылуу жасалат. Шейхтерге бул абал майдай жагат. Себеби, АКШ бул кызматы үчүн шейхтерче демократияга көз жумуп келет. Катардын Кыргызстанга көзүн салганы жөнү-жок жерден болгон жок ошондуктан. Анын артында баягы эле АКШнын геосаясий амбициясы турат. Шейхтер аркылуу кыргыз жергесинин керемет байлыктарын колго алуу планы турганы бештен белгилүү иш.
 
Кыргыз премьеринин тышкы саясаттагы активдүүлүгү Азербайжан, Кытайга да барып такалат. Эки чоң долбоор – Каспий нефтисин тартып келүү жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун артында да чоң саясат турат. Биринчиси да, экинчи долбоор да Орусиянын Орто Азиядагы ролун азайтууга багытталган. Каспий нефтин тартуу ишине Түркия активдүү киришти. Ансыз деле түрк бизнеси Кыргызстанда өзүн ээн-эркин сезип жаткан учурда бул жүрүш кыргыз бийлигинин таптакыр эски чийинди бузгандыгынан кабар берет. Азербайжан нефтиси келди дегиче, Орусия менен мамиле бүтөт. Бензинди ошондо биз европалык баа менен ала баштайбыз. Арзан алсак да, Батыштын эрки менен келет. Орусия эч кандай шарты жок эле, боордоштук жардам катары арзан күйүүчү майын берип келген. А Батыш албетте, өз талабын коёт. Бул бара-бара экономикалык эркиндикти жоготот.
 
Кытай менен болгон обондун түпкү максаты башкада. Кыргызстанда кытайлардын саны арбыгандан арбып баратат. Расмий маалымат боюнча алар 90 миң адамды чапчыды. Катталбаганы канча. Кыргызстандын паспортун алып алганын айтпай эле коёлу. Кыргыз кыздарына үйлөнүп, кытай балдарынын санын арттыргандар да көп. Темир жол курулушуна (Кыргызстандагы бөлүгү) карызды Кытай берет. Бир шарт: жабдуулар, техникалар, жумушчу күч да Кытай тараптан болот. Башкача айтканда, алар берген кредитке биз керектүүнүн баарын өздөрүнөн сатып алабыз. А бирок, карыз карыз бойдон кала берет. Курулушка миңдеген кытай жумушчулары тартылат. Башкача айтканда, бул да Кытайдын тынч экспанциясы болуп эсептелет.
 
Ошол эле учурда, Орусиянын бир да ири долбоору жок экендигин баса белгилеп кетүү парз. Себеп дегенде, Путин-Медведев тандеми кыргыз бийлигинин тышкы саясаттагы кубулмалуулугуна дагы бир ирет тушугууда. Учурунда Бакиев жалпысынан 3 миллиард долларды түзгөн инвестициялык долбоорлорго кол коюп кайткан. 300 миллион доллар ошол замат грант катары Кыргызстанга  келсе, аны Максим Бакиевдин ЦАРИИси калчап, аягында кайда кеткени дайынсыз болуп кетти. Бакиев ошондо өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес. Жаргон менен айтканда, “кидалово” болгон. Азыркы Бабановдун өкмөтүнө да ошондуктан Орусия ишенбей жатат. Бабанов да Максимдин ЦАРИИсине окшошкон Өнүктүрүү банкын түзө баштаганын уккан соң биротоло түңүлүшкөндөй... Аларды кыргыз бийлигиндеги коррупциянын Бакиев тушундагыдан бетер өөрчүп кеткендиги да катуу ойлондурууда. Ага НАТО менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн жердеги жүк ташуулар боюнча жаңы келишим кошул-ташыл болууда.
 
Путинди кыргыз элинин келечеги ойлондурабы?
 
Орусиянын президенти Владимир Путин кылым башынан бери үлкөн державасынын бутка турушуна себепчи болууда. Эчен кыр кыйынчылыктарды ашып өттү. А бирок, кандай абал болбосун, Путин Кыргызстанга колун сунуп, жардамын аябай келе жатат. Акаев менен да, Бакиев менен да, Отунбаева менен да, Атамбаев менен да, кимиси болбосун, жылуу мамиледе болуп, биздин ички кыйынчылыктарга жүрөгү ооруп келгени жашыруун эмес. Кызматташуунун бардык түрлөрү боюнча Путиндин колдоосу сезилип турат. Ошол эле миграция маселесине келгенде Кыргызстандын атуулдарына өзгөчө шарт түзүп бергени же жалганбы? Күйүүчү майды эң арзан наркта жөнөтүп жатканычы? Канчалаган ири долбоорлорго Орусия өз салымын кошконго даяр турган. Бирок, кыргыз бийлигинин акыркы кездеги тышкы саясаттагы жүрүштөрү мунун баарын заматта ойрон кылары турган иш.
 
Парламенттин вице-спикери Талант Мамытовдун айтымында, кыргыз-орус мамилесин мурунку деңгээлинде сактап калуу, аны өрчүтүү маселеси бүгүнкү күндө өтө актуалдуу: “Орусия эзелтеден биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Ошондуктан, кандай кырдаал болбосун, биз достук мамилебизди сактап, өркүндөтүүгө милдеткербиз. Кыргызстандын 1 миллиондой жараны ошол жакта жүрөт. Биз эң алды ошолордун тагдырын ойлонушубуз шарт. Орус бийлиги менен сүйлөшүп, аларга жакшы шарт түзүп берүү жагын караштыруу милдет. Анан албетте, ири инвестициялык долбоорлорун жүзөгө ашырууга жол ачуу керек. Азыр мунун бири да жасалбай калды. Анткени, бийликтин тышкы саясаттагы багыты башка жакка ооп кетти”.
 
Ушу тапта Кыргызстанда бир гана “Ата-Журт” фракциясы кыргыз-орус мамилесинин бузулушуна күйүп, ал жактагы мекендештердин турмушуна кыжаалат болгонун да эске ала жүрүү кажет. Башка парламенттеги фракциялар деле шайлоо лозунгдарына Орусия менен болгон мамиле, мигранттардын тагдырын биринчи планга чыгарганын, “эшеги ылайдан өткөн соң” баарын унутуп, башкаруу коалициясына биригип, Батышка ыктаган саясатка демчи болуп жатканын айтып кетпесек адилеттүүлүк болбой калат.
 
Өзбекстан – реалдуу өнөктөш катары
 
Путиндин жума башындагы Өзбекстанга жасаган расмий сапары (биринчи визити Беларус жергесине болгон) эксперттердин башын катырды. Айрым эксперттердин пикиринде, Орусия менен Өзбекстандын мамилесин жаңы бийиктикке чыгарууга умтулушу Кыргызстандын Батышка ыктап кеткени менен байланыштуу. Өзбек президенти Ислам Каримов Путин менен жолугушуу учурунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу ниетин билдирди. Айтор, кайсы маселеге келбесин, Өзбекстан Орусияны колдоорун билдирди.
Путиндин минтип Кыргызстанды чанганы көп ойго чөмүлтөт (качан эле Орусия жетекчилери – премьер-министр, президент – шайланары менен бул өлкөгө бизден биринчи барчу эле)? Путин менен Медведев кыргыз жетекчилерин жыл башынан бери бир нече ирет кабыл алды, бирок, салкын мамиле жасап коюшту. Атамбаев “Кант” базасынын ижара акысын сурады эле, ошол замат бере салды. “Алчууңду ал да, нары тур”,- деген мамиле болуп жатат. Анткен менен, “Кант” базасына байланыштуу Кыргызстанда бир ызы-чуу болду беле? Болгон эмес. Тескерисинче, “Кант” базасы Кыргызстандын коопсуздугунун реалдуу гаранты болууда. АКШ базасы башка тарых. Канча ызы-чуулар болду. Аскрелери кыргыз жарандарын атты, тебелеп-тепсеп кетти. Бирине да жооп беришкен жок. Эми аларга НАТОнун аскерлери кошулат, жүгүн ташып. Ушунун баары бизге керекпи? Бул маселе ар бирибизди ойлонтууга тийиш.
 
Адилет Нуржигитов,
"Майдан.kg"
 
 
10-июнда Ош окуясына эки жыл болот. Бирок, бул маселе үч ирет парламентте талкууланып, үч комиссия ( эларалык, улуттук, парламенттик) түзүлгөн менен каргашаны кимдер баштагандыгы, кимдер күнөөлүү экендиги ачык айтылбай, бүдөмүк бойдон кала берүүдө.
 
 

Өтө ачуу сөз болсо да бул сөздү айтууга туура келүүдө. Качанга чейин биз өзүбүздү алдап жашай беребиз? Бүгүндөн баштап  мындай жашоого болбойт. Андан ары туңгуюк, хан өлөт же эшек өлөт дегендей заман болуп жатат.
 
“Кайда барсаң мамайдын көрү” болуп, күн санап элдин турмушу оңолмок түгүл артка кетүүдө. Мас падыша бизди кай жакты көздөй алып бара жатканы да белгисиз. Атамбаев менен Бабанов экөө тең лидер эмес, алар экөө тең төңкөрүштүн, элдин каны менен бийлик башына кокустан адашып келген адамдар экени талашсыз. Булардын кара жолтой адамдардай иштери жүрүшпөдү. 7‑апрелде да ушулар үчүн кыргыздын азаматтары окко учуп, кан менен бийликке алып келишкенин бул эки эргул эбак унутуп салган. Анткени, өлгөн балдардын кунун Атамбаевдер бир бөлмөлүү үй, бир миллион сомго бычып коюшкан. Атамбаев менен Бабанов өз бизнестерин биздин мамлекетибиздин тагдырынан жогору койгон адамдар. Ала-Тоо аянтында окко учкан балдардын арбагынан да коркуп коюшпайт. Анткени, бул экөөнүн ичине шайтан эбак эле ээлик кылып алган.
 
2010‑жылдын 7‑апрелинде да карапайым элди “тынчтык митингиси” деп алдап Ала-Тоо аянтына алып келип өлүмгө дуушар кылышкан. Аянтта окко учкандардын, жарадар болгондордун арасында Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Каптагаев, Дүйшебаев ж. б. бир туугандары болгон жок. Анткени алар кандуу окуя болорун алдын-ала билишкен. Бакиевди тактан кулатуунун бир гана жолу бар болчу. Анүчүн аянтта өлгөн адамдардын саны көп болушу керек эле. Ошол арам ойлоруна алар жетишти. Бакиевдин түбүнө өзүнүн байлыкка көзү тойбогон ач көз баласы Максим жетти. Азыркылар, өзгөчө Бабанов Максим, Айдар досунун жолу менен "түп-түз" кетип баратат. Аягы жакшы бүтпөй калды го.
 
Ош, Жалал-Абад жергесиндеги кандуу окуяга Атамбаев, Отунбаева өздөрүнүн Убактылуу Өкмөт деген колдору кан “бандалары” менен эртедир-кечтир жооп беришери анык.
 
Кыргыз эли жут дегенди унутуп калды эле, ал да ушулардын мезгилинде болду. Жут мезгилинде бир боо чөптүн наркы 600–800 сомго чыкты. Мындай тарыхта болгон эмес. Элибизге алдын-ала прогноз бере албаган Айыл чарба министрлигин жоюп салуу керектигин мезгил өзү тастыктады. Карапайым элдин көздөй караганы эле мал болуп калды. Жут учурунда 3–5 миң жылкы, 4–6 миң бодо мал, 23–25 миң кой, эчки, 1000–1500 ден ашык топоз кырылып калды. Ага чейин АУБтын кутучаларынан уурдалган жүз миллиондогон долларлар, “Мегаком” чыры, уулуу көмүрдүн ызы-чуусу ж. б. мисалдарды келтире берсе өтө эле көп. Өткөн жылы электр тармагы да өтө оор абалда болду. Бишкекте светофорлор иштебей ар бир көчөдө МАИ кызматкерлери турганын өз көзүбүз менен көрдүк го. Эл курсагыбыз тойбосо да заманыбыз тынч болсо деп ошого каниет кылып жашап калышты. Экономикалык реформа жүрүш үчүн 24 саат бою тынбай иштей турган президенттин ден-соолугу керек. Ажобуздун ден-соолугунун айланасында түркүн сөздөр айтылууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги Атамбаевдин ден-соолугу боюнча кыргыз элинин алдында чыркыраган чындыкты айтыш керек. Өз элинен болгон чындыкты жашырууга болбойт. Азыр жашырган күндө да чындык эртедир-кечтир калкып чыгат. Атамбаевди бир кездеги СССРдин Компартиясынын Генералдык катчысы Черненкого салыштырышканы да бекер жеринен болбосо керек. Ошондуктан А. Атамбаевдин саат ондо жумушка келип жатканы Бишкек шаарынын тургундарына жашыруун деле эмес. Анткени, саат 10:00 дө Президент дайыма резиденциядан келчү Манас проспектисин МАИ кызматкерлери кан буугандай тосуп чыгышат. Биздей жарды мамлекеттин президенти саат 10 до жумушка келбей, керек болсо ак үйдө түнөп чыкса да жарашмак. Ден-соолугу начар президент менен анын мөөнөтүнүн аягына чыдап күткүдөй кыргыз эли врачтар эксперимент өткөргөн коён эмес да. Ар бир нерсенин чыдамы бүткөн жери болот. Атамбаев жумушка келгенде деле көп саатка отура албайт деген сөздөр айтылып эле жүрөт. Ал тургай “өтө ооруп” калганда резиденциядан ак үйгө ажосу жок машина келип, кеч болгондо кайра бош бойдон кетет деген сөздөрдү да угуп калабыз.
 
Ылайым бул сөздөр Атамбаевдин душмандары чыгарган ушак болсун. Кандай болгон күндө да элибиз чындыкты билиши керек. Эгер чын эле Атамбаевдин ден-соолугу начарлап калса өз элинен кечирим сурап тактан кетиши керек. Анда эл арасында кадыры өсмөк. Бирок, кан менен бийликке келген Атамбаев жөн эле бийлигин берип койбосо керек. Ал эми өзүн-өзү президент деп жарыялап алган Роза Отунбаева Кыргыз энциклопедия кызматкелерин отурган жеринен “жылуу кубалап” рейдерлик кылып отурганы да өкүнүчтүү. Роза айым бир тууган эжеси окуу жайдын жарымын басып алганда, Лондондон 8 млн долларга үй сатып алыптыр дегенде да ооз ачпады. Эгер үн катпаса чын окшойт. Отунбаева кызмат өтөгөн мезгилде анын кийген кийими оңолгону гана болбосо республикабыздын экономикасы ошол эле бойдон оңолбой эле турат. Атамбаев, Бабановдор мамлекеттин ишин эмес, жеке фирмаларынын кызыкчылыгын жогору коюшары бышык. Бабанов Кыргызстан менен АКБ "Кыргызстанды" алмаштырып жатат окшойт. Бул жылы бардык областта жер айдалып күздүк, жазгы эгин да себилген жок. Чөп менен ундун баасынын кыйла көтөрүлө турганы азыртан эле белгилүү болуп калды. Айтмакчы, ажобуз темирдей ден-соолугу жогунан көчкү, сел жүрүп жаткан жерлерге өзү баралбай Бишкек, Чүй менен чектелип калууда. Бул жагынан Бабанов анын абийирин жаап келет. Атамбаев, Отунбаева, Бабанов ж. б. Бакиевдин кетирген кемчиликтерин өздөрү да кетирип жаткандыгы өкүндүрөт. “Бакиев элди тоноп бүтө турган болду. Баалар өсүп жатат, Бакиев элдин канын соруп бүттү. Эгер биз бийликке келсек элдин байлыгы тонолбойт. Кой үстүндө торгой жумурткалаган мезгил болот!” — деп элге калп айтып бийликке келишти эле. Бакиевди бекер кубалаган экенбиз деп эл арасында айтыла баштады. Экономикалык жыртыгыбызды жамай албай жатсак “Мегакомдун” алты миллион долларын сыртка чыгарып кеткенин уктук. Бабанов болсо көзү кызарган жерди тымызын басып алууда. Бизге жете элек канча маалыматтар жаткандыр. Мамлекеттин байлыгына сугун артып аны уурдаган чиновниктердин орду Ак үй, көк үй эмес түрмө болушу керек. Андай боло турган болсо анда Ак үйдөгү колдору туткак чиновниктер менен чала “бандит” депутаттардын көбү абакта отуруп калмак.
 
Азыркы бийликте отургандардын бирөөсү бала кезде “Чым Коргондо” жаткан деген сөздү укканда төбө чачың тик турат. Балким көчө сөзүдүр. Кандай болгондо да жаман сөз. Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Каптагаевдер ж. б. ыргыткан таштарды чогултчу мезгил келди окшойт. Бийлик алмашылгандан бери кандай өзгөрүүлөр болгонун фактылар өздөрү элибизге айтсын. Ошондо баары так болот. Кыргызстандын тарыхында азыркыдай жоопкерчиликсиз, Алдар көсө жетекчилер болгон эмес. Рейдерлик жол менен байыган ажо менен баш вазир өлкөнү кайда алып баратканы белгисиз. Өмүр баянында бир айыл өкмөтүн, районду, областты башкарып көрбөгөн бул эки эргул өлкөнү башкара албай калды. Атамбаев менен Бабанов өз каалоолору менен кызматтарынан кетишсе элге сооп иш кылышмак. Канткен күндө да үчүнчү революциянын карааны көрүнүп калды көрүнөт. Анда бааларды чогуу аралап көргөнүбүз оң го.
 
Даярдаган Баян Кулова,
"Жаңы Ордо"
 
Бишкек, “Саясат.kg”. “Жаңы Багыт” партиясынын лидери Рамазан Дырылдаев президент А.Атамбаевге Кытайга жасай турган сапарынын астында бир катар суроолор менен кайрылды, эч өзгөртүүсүз берилди:
 
Сиздин 23-майда “Азаттык» радиосунун журналисттери Султан Жумагулов менен Венера Сагындык кызына берген маегиңизди окугандан кийин төмөнкү суроолорду сизге тартулоону туура көрдүк.
 
Сиз буга чейин да бир топ жолу (бул маегиңизде өзгөчө) Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып калса, “Кыргызстан туңгуюктан чыгып кетет, өсүп кетишине чоң түрткү болот”,- деп баса белгилеп айтып өткөнсүз. Ошондон улам, жакында Кытайга жасай турган расмий сапарынызда темир жолду куруу боюнча келишимге кол коюп кайтарыңыздан күмөн калбады. Демек, биз канча жер тытмалаган менен, өз оюңузду өзгөртчүдөй эмессиз.
 
Кытайдын чындыгында кандай максатта ушуга окшогон долбоорлого башын салаары бүт дүйнө жузүнө белгилүү: аларга 1,5 миллиард эли үчүн жерин кеңейтүү өтө актуалдуу маселе.
 
21-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси В.Кайвен маек берип жатып, сиздин Кытайга жасай турган сапарыңызды өтө маанилүү деп мүнөздөдү. Бул ишеним сиздин “Азаттыка” берген маегиңизде да камтылган. Демек, эки тараптын тең темир жол курулуш боюнча көз карашы дал келет. Бирок, сиз, Алмазбек Шаршенович ойлонуп көрүңүз, эгерде темир жол долбооруна кол койсоңуз, тарыхта кыргыз элине жасаган чыккынчылык катары бааланып калбайбы?
 
Бул темир жолду кытайлар салса, каржыласа, мунун түбү Кыргызстанды экономикалык, саясий көз карандылыкка алып келбейби? Ансыз деле кыргыз өкмөтү Кытайдан өтө көп кредиттерди алып жатат. Анын бири “Датка-Кемин” электр өткөзүү чордону. Ошентип олтуруп, өз эркибиз менен багынып берип жаткан жокпузбу? Биздин аткаминерлер Кытайдын жашыруун карталарында Орто Азиядан баштап, Уралга чейинки аймак илгертен эле Кытайдын аймагы саналып келе жатканын билишпейби? Алардын тымызын экспанциясынан кабары жокпу?
 
Темир жол курулушу ишке ашты дейли. Анын кесепетинен, Кытайдын элинин массалык түрдө биздин аймакка көчүп келбешине, сиз, урматтуу президент, кепилдик бере аласызбы?
 
Жакында эле Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов учурда Кыргызстанда мыйзамсыз 90 миңден ашуун кытайлар жашап жатканы тууралуу билдирди. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы кытайлардын саны бир канча жүз миңди түзөөрү айтылып журот. Эгер темир жол долбоорун салуу кытайларга берилсе, ал жерде миңдеген кытайлар жарандары иштесе, темир жол бүткөнчө Кыргызстанга 5 миллион кошунанын олтурукташып бүтпөшүнө сиз кепилдик бере аласызбы? Эгер 5 миллион кытай келсе, анда мамлекеттүүлүккө чоң доо кетет. Мына ушуну “кытай экспансиясы” деп түшүнүш керек го...
 
Бир мисал. Акыркы жылдары Канада “жерибиз кенен” деп, келген кытайларды киргизе берип, бүгүн алар “тилибиз расмий мамлекеттик тил болсун”,- деген талап коюп жатышат. Канаданын өкмөтү деңдароо абалга тушукту.
 
Кытай республикасы мурунку кылымдын 50-жылдарынан бери өзүнүн экспанция жана ассимиляция саясатын ишке ашыруу үчүн Уйгур элинин жашап жаткан жерине 50 миллион кытайды көчүргөн. Ушул тапта лар 40 миллионго жакын уйгурларды жокко чыгарып коюшту. Азыркы күнгө Синцзян уйгур автономиясында 7 миллионго жакын уйгур эли калган. Аларды да жокко чыгаруу үчүн, мындан 3 жыл мурда болгон уйгурлардын окуясынан кийин, Кытай бийлиги дагы 8 миллион кытайды ич тарабынан көчүрүп баруу чечимин кабыл алды. Бул чечим ишке ашса, ал жердеги уйгурлар жокко эсе болот. Мындан кийин Кытай Орто Азияны тымызын экспанциялоо ишине кирише берсе болот. Урматтуу президент, сиз ар дайым өзүңүздү демократ катары көрсөтөсүз, анда эмнеге уйгур туугандардын укугун коргоп чыкпайсыз? Анын ордуна сиздин саясатыңызда дөө-шаа державаларга карата кошоматчылык саяса үстөмдүүлүк кылат. Буга башкасын айтпаганда да, кыргыздын чокуларынын бирине Путиндин ысмын ыйгарганыңыз далил.
 
Кытайдын экспанциясынан ошол эле дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкөлөрдүн бири Орусия да кооптонуп жатпайбы, “кытайлар согушпай эле толуп кетти”,- деп. А бизде кытайлардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө да бийлик реакция бербейт. Алардын иштети жаткан алтын кендеринин экологияны бузуп жатканын канча айттык. Жергиликтүү Ала-Бука, Чаткал, Аксы эли муну канча көтөрдү. Бирок, Акаев, Бакиев буларды кандай калкалап келсе, азыр да ошол саясат улантылууда.
 
Акаев Кытайга Үзөңгү-Куушту тартуулады. Ал аз келгенсип, 2001-жылкы Нью-Йорктогу жардыруулардан кийин, Чыгыш Туркистан уйгур уюмун да ушуга катышы бар катары айтып чыккан. Мына ушундай кызматы үчүн Кытай тарап акаевдерге миллиард доллар бергендигин айтып жүрүшөт. Бакиев бийлиги да Кытайга жакшы мамиле жасаган, албетте, бекер эмес. Эми болсо кезек “Жетим-Тоо”, “Сандыкка” келди. Тымызын макулдашуулар да бар имиш. Мүмкүн ошон үчүн унчупай калган чыгаарсыз Алмазбек Шаршенович! Бул кендер кетсе. Деги Кыргызстанда эмнеси калат? “Кумтөр” канадалыктарга кетип жатканда алтындын бир унцийи 24 доллар болчу, азыр 1700 доллар. Анын үзүрүн кыргыз көрүп жатабы? “Жетим-Тоо”, “Сандыкта” темирдин запасы өтө көп, милиарддаган доллар менен ченелет. Кытайлар аны билет. Темирдин баасы да дүйнөдө запасы азайа баштагандыктан, өйдөлөй баштады. Ошону өзүбүз иштетсек болбойбу? Аны иштетсе, тышкы карыздан да кутулуп, экономиканы кыйла көтөрүп алат элек.
 
Темир жол биздин алытн, темир кендерибиздин жанынан өтөт. Демек, алар армансыз ташышат. Анда темир жол Кытайдын гана кызыкчылыгын көздөйт турбайбы.
 
Акыркы айларда Латын Америкасындагы бир топ өлкөлөрдүн башына эл патриотторду шайлагандан кийин, Аргентинада бүт нефти жана башка байлыктарын улутташтырып койду, Боливияда да жакын арада улутташтырылды, андан мурда Венесуэланын президенти Уго Чавес бул ишти өзүнүн өлкөсүндө баштаган. А силер болсо “Кумтөрдөгү” үлүшүбүздү 30 пайызга  жеткизгениңер үчүн мактанып жатасыңар Эмне себептен силер Аргентина, Боливия, Венесуэланын жолуна барбайсынар? Эмне кызыкчыгыңар бар? Сиз 2010-жылдын май айында эски аянттагы митингте “революция менин акчама болду”,- деп айттыңыз эле. Же ошонун орду толбой жатабы?
 
Эгерде саясатыңызды элди карай бурбасаңыз, сиз да элди кыйнабай, Акаев-Бакиевдерге окшоп абиийириниз кеткенче отура бербей, азыртан кетип калганыңыз туура болчудай. Элди алдап 6 жылга отурам деген үмүтүңүз болсо айтып коюу милдетим: элдин азыркы активдүүлүгү жогору, сизди алты жыл олтургузбайт.


Рамазан Дырылдаев,

"Жаңы Багыт" партиясынын төрагасы.

 
 
Кыргыз бийлигинин, тагыраак айтканда, Атамбаев-Бабановдун тышкы саясаттагы башаламан жүрүшү кимди болбосун тынчсыздандырбай койбойт. Анткени, башың океандын нары жагын карай бурулду дегиче, мамлекетиңдин көз карандысыздыгынан куру калганыңды түшүнө бергениң дурус.
 
 
 

Идеология – мамлекеттин мээси. Мээ иштебесе барар жолуңду таппай, дендароо болоруң турган иш. Кыргызстанда калыптанган идеология барбы? Жок. Демек, өлкөнүн жол таппай карайлап, туңгуюкка кептелгени ошол. Текебаевдин Конституциясынан, «өлкөдө идеологияны ким аныктайт, саясый багытыбыз кандай?» деген ташка-тамга баскандай так жазылган тезистерди таппайсың. Кыязы, биз парламенттик өлкөдө жашап аткандайбыз. Андай болсо, партиялар башкы идеолог болушу мүмкүн. Арийне, кантип? Партиялардын жылма, акчага сатылган, кошоматчыл саясый багыты мененби! Кайсыл партиянын идеологиялык багыты биздин менталитетибизге төп келет? Барбы ошондой партия, жок да. Анан кантип, биз парламенттик өлкөнү курабыз? Кыргызстанда парламенттик өлкөнү куруу үчүн кеминде 20 жыл керек. Эң «картаң» партия деген «Ата Мекен» менен СДПК ушу күнгө чейин саясый багытын аныктай элек. Баягы Компартиянын Уставынан көчүрүп алган идеяларын тыңыраак элге жайылта албай келет. Ушул эки партияга мүчө болуш үчүн кандай критерийлер зарыл экенин тастыктаган өзүлөрүнүн тандаган саясый багытына мүнөздүү талаптары жок. Иши кылып эле, «пулуң болсо, кулуңмун» деген принципке катуу байланып алышкан. Партиянын өзүнүн идеясына, келечектеги саясый багытына кана «сугарган», ынандыра билген мектеби болушу керек. Андан такшалып, «өлсөк бир чуңкурда бололу» деген идеяга бекем адамдар гана мүчө болушу кажет. Табияты ошондой. Арийне, бизде бардыгы теңирден тескери. Кыргызстанда партия зарылдыктан эмес, кокустуктан, куру намыстан жаралат. Анын дагы негизги саясый багыты – мамлекеттик казынаны тоноо, «майлуу» кызматтарга өз адамдарын отургузуу. Мына партиялык идеологиянын туу чокусу. Парламенттик өлкөнүн жүзү болгон, азыркы Жогорку Кеңештин абалы буга далил. Партиялар бийликтин эң башкы үч бутагынын бири – өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын саясый «биржага» айландырып алышты. Сөздүн түз маанисинде айтканда, "Ата Мекен", "Ата Журт", "Ар намыс", "Республика" акчага сатылып жатпайбы. Кыргыз эли үчүн ыйык делген ушул баалуулуктарды бир топ саясатчылар өз кызыкчылыгына пайдаланып, ариет-арын жоготуп атканын сезишпегени өкүнүчтүү. Саясый төбөлдөр партиянын мүчөсүнөн мурда, адам экенин унутуп баратышат. Мына партиялык идеологиянын жемиши! Бул бир.
 
Экинчиден, Кыргызстанда өлкөнү кадр менен камсыз кылуучу мамлекеттик орган иштеп келет. Ал – мамлекеттик кадр кызматы. Бул өнүккөн өлкөлөрдүн үлгүсүнөн алган прогрессивдүү орган болуш кажет эле. Тилекке каршы, кадр кызматы өзүнө жүктөлгөн функцияны толук кандуу  аткара албай, кагаз жүзүндө гана иш алып бараткандай элес калтырат. Мунун бирден бир себеби, партиялык системанын кадр саясатына обу жок кийлигишүүсү, кадр саясаты жаатында мамлекеттик идеологиянын жоктугу. Жетиштүү мыйзамдар бардыр. Бирок, аны иштетүүгө кызыкдар болгон бийлик жок. Кышында дайындалган министрлерди алалы, же болбосоң, жакында эле шайланган акимдердин ишмердүүлүгүнө көз чаптырсак, дээрлик бардыгы тармакка ар кайсыл партиянын «терисин жамынып» келип, «түндүктөн түшкөн» жетекчилер экенин аңдайсың. Өлкө үчүн маанилүү болгон айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо жана башка министрликтерде бир күн жетекчи болуп иштебегендер, жетекчилик кызматка келишти. Ал эми райондордун акимдеринин дээрлик бардыгы рай кеңештин 10-15 депутатын сатып алып, шайланышты десек болот. Демек, алардын бир партиянын жана өз кызыкчылыгы үчүн иштетишине даңгыр жол ачылды. Бирок, ошол «түндүктөн түшкөн» чиновниктин кадр кызматында айлап-жылдап ваканция күткөнү күмөн. Ал эми ошол тармакта өмүр бою иштеп жетекчилик, тажрыйбасы жактан такшалган адистер акчасы жоктугунан, жылма партияларга мүчө болбогондуктан, кызматка жетпей келет. Бул жерде мамлекеттик саясаттын аты-жыты жок. Өлкөнү бөлүп-бөлүп башкарган партиялардын саясатынын гана өкүмү жүрүп жатат. Кадр саясатындагы мамлекеттик идеологиянын иштебей жатканын ушундан билиңиз.
 
Үчүнчүдөн, Кыргызстан чет өлкөнүн дил бузар, улуттун уңгусунан ажыратар ар кандай диний, секталык, экстремисттик көз карашты таңуулаган коомдун таштандысына айланды. Маселен, АКШда көрүүгө тыюу салган фильмдерди, өлкөсүнөн кууп чыгарылган диний уюмдарды, секталарды Кыргызстанда табуу оңой. Керек болсо элибиздин айрым бир катмары баш-оту менен кирип кеткени жашыруун эмес. Бир учурда Александр Невский татарлар менен согушуп атканда, Рим папасы келип, «православдык диниңди танып, католик динине өтсөң, биз татарлардын адебин беребиз» дегенде, эң биринчиден, Рим папасын жетер жерине жеткирип, анын душманына каршы аттанган экен. Ал эми кыргызды улут катары жок кылуу ишаараты менен келген ар түркүн диний, секталык уюмдарга кыргыз Өкмөтү, Президенти тыюу салуунун ордуна, алар жаңы бийлик келгенден бери «жамгырдан кийинки козу карындай» жайнай баштады. Ал эмес, кыргыз үчүн кол тийгис болгон «Манас» эпосуна Бүбү Мариям аттуу жарандар «пародия» жазып, том-том кылып басмадан чыгарып, эми аны чет тилдерине которуп жатканда «лам» дебеген бийликтен эмнени үмүт этүүгө болот? Туу тутунган идеологиянын жоктугунан өлкө ичинен «ирип» баратат. Аш-тойлордо, чиновниктин мааракелеринде оозунан «бал тамган» чабал, коркок интеллигенция өкүлдөрү кыргыздын баалуулуктарын сактап калууда коңулдан чыккысы келбейт. Кыргызды сактап калган Манасты сактап калууга болгон бирин-экин окумуштууларды айтпаганда, жалпы интеллигенциянын кайдыгерлиги коомдун айыккыс оорусуна айланды. Улуттун жүзүн, баалуулуктарын кастарлаган журт башчыларынын ушул өңүттөн алып караганда сабатсыздыгы, тоң моюндугу зээнди кейитип турат. Президент Алмазбек Атамбаев чет жакка иш сапары менен барганда ошол өлкөнүн тың чыкмаларынын эстелигин Кыргызстанга орнотуп, көчөлөргө ат берип койгондо эле жыргал жашоо келет деп ойлойт сыягы. Идеологиялык саясатынын жеткен чеги ушулбу же? Кыргызстан бүгүнкү күндө барар багыты белгисиз, тумандуу жолду тандаган опурталдуу доорду башынан кечирип жатат.
 
Айтор айта берсе, көйгөй көп. Кагаз бети чак келбес. Коргонуу, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, маданият болобу, деги эле коомдун кайсыл тармагын албайлы бир ууч топтун башкаруу курмандыгына кабылды. Жалпы мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн саясатты таппайсың. Элди түндүк-түштүккө бөлүү – деңгээли төмөн,  «көзүн май баскан» бийликте отурган саясатчылар тарабынан болуп көрбөгөндөй күч алды. Чыныгы мекенчил жарандарыбыз аргасыз чет жакка чыгып кетүүгө мажбур болушууда. «Кыргызстанда жалаң бирин бири тытып жешке дайын турган «карышкырлар» гана калат го» дешүүдө коомдун айрым бир катмары. Эмне кылабыз анан? Бийликте улутту, мамлекетти өнүктүрүүнүн, жаңылоонун идеологиясы жок болсо, демек, мээси жок башкаруунун азабын дагы көп тартабыз сыягы.
 
Шекербек Калыков
Азыркы бийликтин автоматтар, пулеметтер, гранатометтор жана башка ок атуучу куралдар менен куралданышкан миңдеген тарапкерлери Бишкекте “тынч” митингге чыгышкандан бери дээрлик эки жылга жакын убакыт өттү. Ал митинг 2010-жылдын 5-жана 6-апрелинде Таласта жана Токмок шаарына жакын жерде болгон кан төгүлгөн окуялардын уландысы болуп калды. Митингге чыгышкандар 2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдү басып алышкан соң, мурунку бийлик качып жоголду. Андан соң бийликке Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариевдер жана дагы жогоруда аталган ишмерлер жактырып, Убактылуу өкмөттүн тизмесине киргизип коюшкан алардын жан-жөкөрлөрү келишти.
 
2010-жылдын апрелиндеги окуялар ошол бийликтин финансылык өзүм билемдикке жол берүүсү менен катар эле мамлекеттеги эң эле жогорку тепкичте турган адамдардын банктардагы ячейкаларын дагы ачып таштады. Ал ячейкаларда абдан ири валюталык, ювелирдик жана алтынга айландырылган байлыктар бар болгондуктан, Убактылуу өкмөттүн курамына кирип алышкан чиновниктер заматта эле миллионерлер болуп чыга келишкендигине ишене бериңиз, болгондо дагы доллар менен эсептелгенде...
 
Убактылуу өкмөт ячейкалардагы эсепсиз байлыктар жөнүндөгү маалыматты дароо элден жашырууга кам көрүшүп,  "Секретно" деген грифти коюп салышты. Борбордук аянтта курман болгондордун, 7-апрелден 8не караган түндө супермаркеттердин жакабелинде атылгандардын каны али кургай да элегинде, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнө таандык болгон революциялык па­фос менен, мурдагы экспроприато­рлордун материалдык байлыгын экс­проприациялоо саясатын ишке ашыра башташты. Бул иш чара дагы ошол эле «Секретно» деген гриф астында жүрүп жатты.
 
Банк ячейкаларынан алынган ар бир мешок акча, бриллианттар, алтын куймалары жана КЭРдын коллекциялык монеталары Убактылуу өкмөттүн жеңишке ээ болушкан мүчөлөрү тарабынан көңүл эргиткен машыркоо менен коштолуп, алардын кандай патриоттор экендигин тастыктагансып, мына эми чардап жашайбыз деген ойлор жаралып жатты!
 
3 банктын депозитардык ячейкаларындагы акчалар жана кымбат баалуу буюмдар кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда “суммасы канча экени белгисиз” деген сырдуу формулировкалар менен коштолуп олтурду. Эң башкысы, КР Финансы министрлигинин май айындагы каттары жана Убактылуу өкмөттүн буйруктары бар болчу, аларда өтө жашырын сыр катары элди бул иштерге аралаштырбоо “сунушталган” болчу. Ал эми жашыра турган нерселер бар экендигин биз билебиз да!..
 
Айрым бир маалыматтарга караганда, азыркы күндө «Азия Универсал Банк», «Банк Бакай» жана «Манас Банк» Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө мурунку кээ бир бийлик өкүлдөрүнүн 350 миллион АКШ доллардан ашуун валюталык запастарын “белек кылып беришиптир”. Бул Борбордук Казначейство бөлүмүндөгү банктык баулдарды (акча салынган каптарды) жана Борбордук Казначействого “суммасы белгисиз” деп  берилген каражаттарды эске албаганда гана!
 
Бул Россиянын газнефть иштетип чыгаруучу башкы кампанияларынын биринин бир күндүк жүгүрткөн акчасына бир жылдык бюджети тең болгон Кыргызстан үчүн абдан эле чоң акча. Республика үчүн абдан маанилүү болгон бул иште ачык-айкындык зарыл болчу. Бирок, ал “мамлекеттик кызыкчылыктар” деп аталган чүмбөт астында, белгисиз бойдон калды.
 
Анын үстүнө, чуулгандуу чырлар арасында А.Бекназаров менен Т.Сариевдин конфискацияланган 2 миллион долларды бөлүү жөнүндөгү телефондук сүйлөшүүлөрү дагы ачыкка чыкты. Кийинчерээк ал каражат парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо учурунда пайдаланылды. Бекназаров да, Сариев да банк ячейкаларынан алынган жүз миллиондогон долларлар кайда жоголгондугу жөнүндө ооз ачышкан жок.
 
Туура, ошол алынган акчалар Кыргыз Республикасынын активдери катары шойкомдуу жактары менен белгилүү болгон «Центерра Голд Инк» компаниясынын акцияларына жеке адамдар тарабынан (Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деп койсок болот) сактоого деп салынган. Арийне, кыргызтандыктар бул тууралуу эч нерсе билишпейт.
 
Банк ячейкаларынан уурдалып алынган жүз миллиондогон долларлардын изин эптеп жашыруу үчүн, Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн №198-р 8-декабрь 2010-жылдагы бул коомчулуктан жашырылган каржылык алдамчылык боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү тууралуу буйругуна кол коет.
 
Бул документте, ушундай деп атап жаткандыгым үчүн Кудай өзүң кечире көр, мындай деп айтылат: “КР активдерин - «Центер­ра Голд Инк» (ЦГИ) компаниясынын активдерин натыйжалуу пайдалануу жана сакталуусун камсыз кылуу максатында, Финансы министрлигинин, башкы прокурордун, юстиция министринин, экономикалык тескөө министринин орун басарларынын деңгээлинде, финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы, КР президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза секторунун бөлүм башчысы курамына кирген комиссия түзүлүп, аларга Кыргызстанга таандык «ЦГИ» акцияларын сактоону камсыздоо боюнча сунуш киргизүү милдети тагылат. Ушунун баарын бир айлык мөөнөттө аткаруу каралат.
 
Бул ведом­стволор аралык комиссиянын курамына жарандык коом өкүлдөрү кирбей калышкан. Ал эми көз карандысыз эксперттер жана консультанттар катары “керектүү” адистер дайындалышкан. Туура, алар кимге жана эмне үчүн керектиги түшүнүксүз бойдон кала берген. Массалык маалыматтар каражаттары үчүн жашырын болуп калган бул мамлекеттик стратегиялык запас жөнүндөгү жаап-жашыруулар абдан көп шыбыш кептерди жана божомолдорду жаратып келет. .
 
Маселен, азырга чейин Ак Үйдө Президенттин Иш башкармасынын кассасынан 10-апрельде алынган 16 миллион накталай акча тууралуу эч кандай маалымат жок. Ошентсе да, “уурдалган миллиондор” жөнүндөгү маселе оң чечилет деген үмүт жашап келет. Ошол акчалар кайда кеткендиги жөнүндө документтер сакталып калган...
 
Сөзүбүз кургак болбосу үчүн, биз ошол “Секретно” деп аталган гриф алдындагы жүз миллиондогон АКШ долларлары Казначействонун кампаларынан кайсыл тарапты көздөй жылгандыгы тууралуу расмий таблицаны жарыялап коюуну туура көрдүк. Бул из Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жекече кампаларын көрсөтүп тургансыйт.
 
Ы. ОМУРЗАКОВ,
С. БОГДАНОВ,
"Жаңы Ордо"
Пландар тизмеги
 
Учурунда АКШнын президенти Дж. Буш Конгресске берген отчетунда СССРди кыйратууга зор акыл-эс, каражат ресурсу жумшалганын ачыктаган. Конгресс буга жогору баа берген.
 
Он жыл мурда «түстүү революция» планы даярдалган. Аткаруучулар – элчилик жана өкмөттүк эмес уюмдар болгон. Ал план Украина, Грузия, Кыргызстанда ишке ашты. Кийин «Араб жазы» планына ылайык Тунис, Египет, Ливия азапка түштү. Учурда Сирия өрттөнүүдө.
 
Шерденген чет өлкө эксперттери мамлекетти ичинен талкалоо планын даярдап, эксперимент катары биздин өлкөнү тандашкан. Президент Атамбаев өзү: «Кыргызстанды жоготуу планы бар» деп тастыктаган. Пландын аткаруучусу – бийлик. Турмуш ырастагандай, бул «тарыхый миссия» Атамбаевге жүктөлүп отурат. Анда, пландын иш чараларын көрөлү.
 
Кандуу кагылыш
 
Президентикке кайра шайланган К. Бакиев кызмат ордун бермек эмес. Демек, кандуу кагылышка ал да, оппозиция лидери Атамбаев дагы бет алганы бүгүн маалым. Эмнеге чет өлкөлөр Бакиевди Кыргызстанга кайтарбайт? Анткени, алар 90 азаматтын шейит кетишине эки тараптын тең тиешеси бар экенин билишет. Эгерде, кылмыш иши Гаага трибуналында каралып, ал жерде Атамбаев күнөөкөр катары отурса, анда Европа, АКШ Бакиевди да өткөрүп бермек. Ошол себептен азыркы бийлик апрель окуясын изилдебейт.
 
Июнь алааматы
 
План даярдаган чет өлкө эксперттери кыргыз менен өзбекти согуштуруунун маанисин мыкты түшүнүшкөн. Максат ишке ашты. Июнь алааматын талдаган үч комиссия тең башкы күнөөкөр бийлик экенин тастыкташкан. Демек, бийлик «күнөөкөр» деп жарыялаган өзбек лидерлерин Кыргызстанга  кайтарбайт. Мисалы: К. Батыров Москвада эле жүрөт. Атамбаевдин өзбек лидерлерине шык, дем бергени, жаңжалга түрткөнү, согуш чыкканда жашынып жатып алганы келечекте ачыкталат.
 
Башаламан өлкө
 
Бизге жаңы мамлекеттик түзүлүштү сунуш кылган адистердин билим-тажрыйбасына, айла-амалына баа жетпейт. Алар өткөн кылымдын башында Россияда, 30-жылдары АКШ, кийин Франция, Чили, Иран, СССРде өкүм сүргөн башаламан (анархия) акыбалды бизге алып келишти. Тарыхта алгачкы жолу анархиялык мамлекеттик түзүлүш Конституциялык жол менен киргизилди.
 
Анархия идеясы Россияда жаралган. Падыша режими кулаган соң, ал идея үчүн анархисттер большевиктер менен согушуп, жеңилип калышкан. Эми алардын көксөөсү Кыргызстанда ишке ашты. Анархия идеясы – «мамлекетте бирдиктүү, күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар кайсы жааттарга (партияларга), уюм, топторго чачылышы зарыл».
 
Азыр өлкөдө кимдер, кантип башкарууда?  - деген суроого так жооп жок. Бардык жерде, чөйрөдө башаламан, чакчелекей, жоопкерсиздик. Жакында Атамбаев «Азыркы мамлекеттик түзүлүшүбүз парламенттик эмес» деп моюнга алды. Элди 1,5 жыл алдап, эми гана чындыкты айтты.
 
Анархия «саамалыгы»
 
Башаламан башкаруу киргенине кубанып, Атамбаев соратниги Отунбаеваны «Президент» деп дайындап салды. Дүйнө таң калды. Ырас, Т. Бакир уулундай абийирлүү инсандар аны, «Президент-самозванка» деп ашкереледи. Атамбаев келечекте Отунбаева соттолорун ойлоп койбоду.
 
Анархия үлгүсү
 
Жаңы парламент шайланып, Атамбаев Өкмөт башчы катары, анархиянын эрежесине ылайык, бир жыл программасыз иштеди. Депутаттардын, «бирдеме чиймелеп келсеңиз, программа деп бекитип коёлу» дегенине кулак салбады. Өлкөнүн жылдык бюджетин дагы чампалады. Аны министр А. Жапаров: «Былтыр өкмөт бюджетти Кудай буйруса деген принцип менен түзүптүр» деп жакында тастыктады. Бул фактыны досу эмес, мисалы, Мадумаров айтып чыкса, аны Атамбаевдин арзыматтары талап-тытып салмак. «Бюджетти профицит менен жаптым» деген Атамбаевдин калп сөзүн жакында Улуттук банктын төрайымы З. Асанкожоева ашкереледи. Көрсө, өткөн жылкы бюджеттин дефицити 16 миллиард сом болгон экен.
 
Атамбаев премьер катары чеке жылытарлык иш жасай албады. Болгону «кыргыздын эркектерине караганда, саан уй артык» деген дүйнө таанымы менен эл эсинде калды. Ырас, мугалим, врачтардын айлыгын, карылардын пенсиясын көтөргөн. Муну кошоматчылары «тарыхый окуя» деп эки-үч ай чуулдашкан. Адистер: «ишкана ачпаса, инвестиция келбесе, каражатты кайдан тапты?» деп таң калган. Кийин билинди. Атамбаев 8 миллиард 600 миллион сомдук баалуу кагаз чыгарып, аны 200 миллион сом үстөгү менен банктарга күрөөгө коюп, акча алып, айлык, пенсияны төлөптүр. Анан: «Айлык, пенсияны көтөрөм дегем, сөзүмө турдум» деп атпайбы. Мындай өлкөнү карызга батырып, алдап, «сөзүнө тургандарды» учурунда Сталин он мүнөт сотто карап, анан торойто аттырып салчу.
 
Улут кантип жоголот?
 
Президенттикке талапкер Атамбаевдин программасын чет өлкө эксперттери эки бөлүктөн даярдаган.
 
Биринчи бөлүгү – Хрущевдун тажрыйбасы. Ал Совет элин «Коммунизмде жашоо» кыялына чөмүлтчү. Атамбаев кыргыз элине «жыргал заманды орнотом» деп упчу эмизип келет. 
 
Экинчи бөлүгү – чет өлкө эксперттеринин арамза мүдөөсү. Ага ылайык, Атамбаев кыргыз улутун жоготууну сунуштады. «Кыргыз дегенди унуткула. Кыргыз, өзбек, орус баарыңар кыргызстандык болгула» деген талапты ишке ашыра албай, «шефтерине» уят болууда.
 
Түштүк кантип бөлүнөт?
 
Президенттик шайлоодо бийлик «теңдешсиз таза шайлоо» өтөөрүн айтканда эле бир мандем билинген. Ооба, чет өлкө экспертери шайлоону мыкты жөндөй алды. Алардын көрсөтмөсү боюнча түндүк калкынын жана өзбектердин 90 пайызы, ал эми түштүктүк кыргыздардын 20 пайызы гана шайлоо тизмесине киргизилди. Ошентип, Атамбаев «жеңип» чыкты. Мындай ыплас шайлоо дүйнөдө сейрек кездешет. «Шефтердин» прогнозу боюнча нааразы болгон түштүктүк кыргыздар көтөрүлмөк. Алар көтөрүлдү. Ош, Жалал-Абадда ири митингдер башталды. Ошондо Атамбаев башкы атаандашы Ташиевге айткан сунушу мындай: «Мен түндүккө эле президент болом. Түштүктүн мага кереги жок. Ал жакты бөлүп Түштүк Кыргыз республикасын жарыялагыла. Мадумаров экөөңөр бириң президент, бириң премьер болгула». Эгерде Ташиев сокурлук кылып, бул сунушка көнсө, анда Кыргызстанды жоготуу планынын жарымы аткарылмак.
 
Анархия жемиши 
 
Президент болгон Атамбаев «тарыхый миссияны» жаңы дем менен улантты. «Коррупциянын таш-талканын чыгарам, жарым жылда жемишин көрөсүңөр» деди. Коомчулук кубанды. Атамбаев УКМКда коррупцияга каршы кызмат ачып, чаң ызгытып киргенде эле эстүү адамдар өз сунушун айткан. Мисалы депутат Т. Мадылбеков: «алгач коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук базасын түзөлү, күрөшүүчү орган көз карандысыз болсун» деген жүйөө келтирген.
 
Бирок, Атамбаев ал соратнигин укпады. «Ууруларды тез кармагыла» деп демитип жатты. Адегенде эле беш баланын атасы, МАИнин кызматкери А. Эшбаевди өлтүрүп тынышты. УКМКнын төрагасы Ш.Атаханов дароо актанып: «мыйзам жок, күрөшүүчү орган укуксуз» деп чыкты. Эки ай эрте Мадылбеков эмне деди эле?
 
Атамбаев, «Кана жыйынтык?» деп кыстап киргенде, «Мегакомдун» жетекчиси А. Мурзалиевди ири каражатты мыйзамсыз которгону үчүн түрмөгө камашты. Айласы куруган Мурзалиев 1 миллиард 700 миллион сомду Атамбаевге которгон күнөөсүн мойнуна алган. Аны уккан «күрөшчүлөр» эстери ооп, Мурзалиевге: «Сен эми тынч жата тур, иш унутулганда бошотобуз» деп айтышса керек.
 
Аңгыча арзыматтар «Атамбаев ири коррупционер карматканын, министр орунбасары Нарбеков 5 миң доллар пара менен колго түшкөнү» тууралуу барабан какты. Кармагандар кийин Нарбековдон кечирим сурашыптыр. Депутат Пирматовду соттойбуз дешти. Бирок, Жогорку Кеңештеги СДПКдагы депутат  Скрипкина «Ал сүттөн ак» деп Атамбаевди бозала кылды. Министр Шадиевге козголгон кылмыш иши оюн экен.
 
Мына, Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүнүн жемиши. Буга орустун «Гора родила мышь» дегени куп жарашат.
 
Бечел экономика
 
Анархия өлкөсүндө инвестиция агымы буулду. Бир жыл мурда Атамбаев, Отунбаева Бишкекте дүйнөлүк жыйын куруп, чет элдик инвесторлор бизге 1 миллиард доллар киргизүүгө убада кылганын жар салышкан. Бир доллар келбеди.
 
Атамбаевдин экономикалык программасы болгон эмес. Жалгыз «көзүрү» – кыргыз элинин кен байлыгын чет элдиктерге берүү. Аны айткандан талбайт. Кыргызстанды жоготуу планы боюнча кен байлыктар эки тарапка берилет. Биринчи тарап Турция, Катар, Азербайжан тобу. Ал эми экинчи тарап Кытай.
 
Байлыкты кенен сатуу үчүн Жаратылыш ресурстар министрлиги жоюлуп, ал жерде тартип орноткон министр З. Эсенаманов бошотулду. Көздөн далдоо агенттик түзүлүп, ага Максимдин оң колу У. Ташбаев келди. Мындан ары кен байлыкка тендер «ачык» болот. Анткени, эл байлыгын сатып алууга азыркы бийликтеги адамдардын, чет элдик досторунун гана каражаты жетиштүү экени белгилүү.
 
Кайсы таяныч калды?
 
Атамбаевдин үч таянычы бар. Алар бийлик, байлык жана маалымат каражаты. Учурда элдин сый-урматынан куржалак калган Атамбаевдин бийлик таянычы жокко эсе. Ырас, анын байлыгы мол. Бирок, эл назарынан ажырасаң байлыгың коргой албайт. Буга, Үсөновдун тагдыры далил.
 
Учурда Атамбаевдин жалгыз таянычы – КТР, ЭлТР, өзүнүн массалык маалымат каражаттары. Эл ичинде Атамбаевдин «чөөлөр» армиясы атыккан арзыматтары, серепчи, жазмакер, сүрөткерлери күжүлдөп иш үстүндө. Ден соолугу оор адам күчтүү дары менен жашап калган сыңары азыр Атамбаев «чөөлөрүнүн» мактоо-жактоосу менен гана эптеп бийликте.
 
«Чөөлөр» Атамбаевдин темененин көзүндөй кадырын сактоо далбасын уруп, учурда өлкөнүн түпкүргө кептелишине өкмөттү боктоп кирди. Ал өкмөттү көмүскөдө  туруп ким түздү? «Жыргал заманды» ким убада кылды эле? Ооба, «чөөлөрдө» абийир, ыйман эле эмес, жөнөкөй логика да жок эмеспи.
 
Келечек кантээр экен?
 
Кыргызстанды жоготуунун кезектеги иш чарасы – парламентти таратуу. Атамбаевге эл турмушун оңдоо, өлкөнү чыңдоо – кыжаалат, убара иш. Андан көрө парламентти таратып, жаңы шайлоонун кумарына батып, мамлекетти алсырата бергени оң. Анын «чөөлөр» армиясы азыркы парламентти туш тараптан талап жатканы кокустук эмес.
 
Атамбаев акыркы жети жыл өлкөнүн тагдыры менен топташ ойноп келатат. Кааласа Акаевге дос, же кас. Кааласа Бакиевге дос, же кас. Кааласа министр, премьер, Президент. Кааласа бийлик менен оппозицияны, кыргыз менен өзбекти, түндүк менен түштүктү кагыштырат. Кааласа, «Кыргыз улутун жоготом, Россияны тоготпойм, АКШны коркутам» деп оолугат. Эми кароолуна парламент илиниптир.
 
Бирок, азыр Атамбаевдин акыбалы оор экени айтылууда. Кызматка түш оой келет, ишке көңүлү чаппай депрессияда. Кыясы, Кыргыз мамлекети, элинин алдында жооп кармар сааты жакындады го?! Өзү башкарган эки жылда мамлекет туңгуюкка түштү, элдин жону жукарды. Былтыр Кыргызстандын экономикасы артка кеткен, дүйнөдөгү эң начар беш өлкөнүн катарынан орун алды.
 
Атамбаевде эми эки жол бар. Биринчиси, мамлекетти башкарган түр көрсөтүп, чалагайым, кымгуут иштерин уланта берүү. Каршы чыккандарды шылтоо таап каматуу, соттотуу, көзүн тазалоо. Азыркы багыты  менен бара берсе, анда күз болбосо дагы эмки жазда элдин каары чегине жетип, аны оор тагдыр күтүп турат. Табиятынан «боор оорусаң боорго тепкен» адам болсо да, эскертип коюу агалык парз.
 
Экинчиси, эл талабына кулак төшөп, оппозиция, «93 кыймылы», «Элдик курултай», «Элдик кеңеш» жана коомчулук менен акылдашып жаңы Конституцияны кабыл алуу. Анархиялык системаны таштап, жоопкерчиликтүү системаны тандоо. Жаңы президенттик шайлоого жол ачуу. Шылтоо таап кызматты өткөрүп берүү. Эгер бул жолго эрки жетсе, анда Атамбаев элге кылган кара иштерин жууй албаса да, кара жанын сактап калаар беле?
 
P.S. Февраль. 2005-жыл. Текебаевден: “Акаев бийликтен кетсе эле өлкө жакшы өнүгөбү?”,- деп сурагам. “Хуже не будет”,- деп жооп берген. Жаңылыптыр.
 
2010-жылдын марты. Президенттин кеңешчиси Токтоматов: “Бакиев бийликтен кетсе эле өлкө жакшы өнүгөбү?”,- деп менден сурады. Текебаевди эстедим. “Хуже не будет”,- деген жооп кайтардым. Терең жаңылышыптырмын.
 
Бекболот Талгарбеков,
коомдук ишмер 
Бишкек, "Саясат.kg". 1-май – Эмгекчилердин эл аралык майрамында эски бийликтердин (СССРдин) тушунда мамлекет карапайым калкка майрамдык маанай тартуулап, көңүлүн көтөрүп, көчөлөр шаан-шөкөткө бөлөнүп, жаш баладан тартып кары-картаңга чейин жүзү кубанычка бөлөнчү. Ал тургай рынок экономикасы деген Эгемендүүлүк жылдары деле тунгуч ажобуз А.Акаев аянтка чыгып калп болсо да ырсалаңдап күлүп маанайбызга күндүн нурун чачкандай болчу. Бакиевдин учурунда деле Ала-Тоо аянтында ушул күнү шаң-салтанат үзүлчү эмес. Бирок бүгүнкү Атамбаев-Бабанов башкарган заманда 1-жана 9-май тескерисинче эл үчүн, айрыкча карапайым калкка аза күткөндөй эле күн болду.
 
Бишкектин “Иса пайгамбары” Иса Өмүркуловдун дүнүйөдө фашисттик баскынчылыкты талкалаган Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жыл сайын өтүүчү парадды быйыл каражат үнөмдөш үчүн токтотуп койгондугун айтпай эле коёлу, 1-майда жол кирени 2-3 сомго көтөрүп салгандыгын кантип түшүнсө болот?
 
Мындан мурда эле, өткөн жылы күзүндө шаардык транспортто жүрүүчү бир айлык билет (проездной) жоюлган. Жада калса окуучулар менен студенттер үчүн жеңилдиктер да калтырылган жок. Көрсө, бир айга дүңүнөн сатканга карганда жүргүнчүлөрдүн улам төлөп тургандыгынан көп киреше түшөт экен. Ошентип Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен төмөндөгүдөй жол кире акысы бекитилди:
—  троллейбуста — 8 сом;
—  автобуста — 8 сом;
—  маршруттук кичи автобуста саат  6.00 дөн 21.00 гө чейин — 10 сом;
—  маршруттук кичи автобуста  саат 21.00 дөн 24.00гө чейин — 12 сом;
Тез жүрүүчү маршруттук кичи автобустарда:
— № 177 Ош базары  —  «Дордой»  — 12 сом;
— № 191 темир жол вокзал –  «Дордой»  — 12 сом;
— № 230  «Дордой Плаза» —  «Дордой» — 12 сом;
— № 233  «Аламүдүн» —  «Дордой» — 12 сом;
— № 234  «Мадина» —  «Дордой» — 12 сом;
— № 218  «Дордой-Дыйкан» —  «Дордой» — 12 сом;
— № 226 6 кичирайон – «Дордой» — 17 сом;
— № 252  Асанбай –  «Дордой» — 17 сом;
— № 123  Аламүдүн-1 –  «Дордой» — 17 сом;
— № 128  Тунгуч –  «Кербен» — 17 сом;
— № 192  «Киркомстром» —  «Ак-Суу»  базары — 17 сом;
— № 193 12 кичирайон –  «Ак-Суу»  базары — 17 сом;
— № 201  «Арча-Бешик» конушу —  «Дордой» базары — 17 сом.
 
Бирок, ошол эле учурда пенсионерлерге, майыптарга, кызматтык милдетин аткарып жүргөн почтальондорго мурдагы жеңилдиктер же бекер жүрүү акысы калтырылган.
 
Бирок жаштар кыймылынын өкүлү М.Аскарбековдун пикиринде шаардык транспортто жол киренин көтөрүлүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын бизнес-кызыкчылыгы бар.
 
Эгер бүгүнкү күндө жүргүнчүлөрдү тейлеген 48 жеке менчик фирмалардын чыгымы акталбаса, анда алар эбак эле транспортун токтотуп коюшмак. Демек, алар мурдагы пайдага канааттанбай, беш колун жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө салып, унчукпай экен деп койду тамактаган карышкырдай жеп жатышат. Албетте, шаардык депутаттардын мындай бизнес-кызыкчылыгын бишкектин мэри менен анын орун басарлары да колдошууда. Ошол эле ушул маселени коомчулукка көтөрүп чыгып, “коомдук тарнспорт банкрот болду, өзүн актабай жатат” деп жар салган вице-мэр Төрөбек Имашов былтыр ушул күндөрү Стамбулга барып, 20 миллионго жакын эл жашаган ири мегаполисте шаардык тарнспорт көйгөйүн кантип чечип жатышкандыгын өз көзү менен көрүп келбеди беле. Башкача айтканда Стамбул мэриясы биздикилерге окшоп иш бөлмөсүндө эле отуруп алып бааны көтөрүү менен алектенбестен, мээсин иштетип, транспорттун тез жүрүүчү, көп адам бата турган жана үнөмдүү түрлөрүнө өтүп жатышыптыр. Ал эми биздин билермандар кытайдын 30 адам батпаган “одноразовый” автобустары менен Бишкекти толтуруп, таракандай жайнаган кичи автобустарды ого бетер көбөйтүүдө (Өздөрү “иномаркада” чалкалап жүргөн соң карапайым калктын түйшүгү менен иши канча). Эгер биздикилер улам эле тескери натыйжа бере турган Грузиянын реформасын үйрөнөбүз деп ал жакка  каттабай, Стамбулдун тажрыйбасын өздөштүрсө, анда бир ок менен эки коён атып, жол кире да ошол бойдон калмак, жолдордогу транспорт тыгыны да чечилмек.
 
Тилекке каршы азыркы бийлик башындагылар мэр менен ээнбаш депутаттардын бул “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген жоругуна көңүл буруп да коюшпады. Сыягы, көпкөн, кутурган депутаттар менен мэриянын башчыларын М.Аскарбековго окшогон жаштар уюмдары гана тартипке чакырат окшойт?
 
Шаар депутаттары жаш баланы алдагандай же коркуткандай эле бааны каалагандай көтөрүп коюшту. Бирок тейлөөнүн сапаты, тракторго окшогон кичиавтобустар менен арабадан айырмасы жок троллейбустардын санитардык абалы. Айдоочулардын маданиятсыздыгы, орой мамилеси тууралуу эч бир сөз айтылган жок. Мындай өкүмзордук Акаев менен Бакиевдин тушунда да болгон эмес...
 
Ж.Адылов,
Бишкек шаарынын тургуну
2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алды канга боёлуп, 90го жакын эр азаматтын сөөгү жерге бериле элек жатып ошол учурда Бакиевдин бийлигин бөлчөктөп бөлүп алып, өздөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялаган эрендер бир топ банктарды талап-тоношкон эле (алардын баардык эрежелерди бузган мындай варварчылык аракетин мындан башкача атоого мүмкүн эмес). “Азияуниверсалбанк” “Бакай-Банк” жана башка бакиевдер менен алардын жакындарына тиешелүү деп саналган банктардын кутучаларындагы “варварлар” тарабынан эч кандай комиссия түзүлбөстөн, видеотасмага тартылбастан же соттун чечими чыкпастан туруп эле сейфтердин эшиги лом, ширетүүчү аппарат (сварка) менен сындырылып ачылган. Банк системасындагы эреже боюнча ал сейфтерде бир эле бакиевдердин эмес, Сакиевдин же Жакиевдин деле акчасы болушу мүмкүн. Керек болсо анын ким экендиги же канча суммада акчасы бар экендиги тууралуу ошол бантын жетекчиси да билбейт. Анткени тигил же бул адам акчасын ал жерде ишенимдүү жай катары сактап, жөнөкөй тил менен айтканда ижара акысын төлөп берет.
 
Айрым маалыматтар боюнча, ошол учурда банктардан кап-кап долларлар уурдалган жана тез арада чет мамлекеттерге чыгарылып кеткен. Эми бул “банк-операцияларын” кимдер жүргүзгөндүгүн баарыбыз билебиз. Алардын айрымдарынын телефон аркылуу сүйлөшүп, акча бөлүшкөндүгү интернет-сайттарга чыгып кетип, айрымдары Лондон жана башка ири мегаполистерде балдарынын, ойношторунун атынан кымбат виллаларды сатып алышпадыбы. Бирок эмнегедир кийин тонолгон банктардын видеотасмалары да жоголуп кеткен. Ушул эле факт банктарды карактагандардын изин жашырууга аракеттенгендигин далилдеп турбайбы.
 
Күзүндө парламент шайланып, биринчи орунду “Ата-журт” партиясы утуп кетип, бийликчил партиялардын шайы оой түшкөндө бул маселе көтөрүлгөн. Тилекке каршы Убактылуу өкмөттүн (“бактылуу өкмөт”) жетекчилери ошол учурда болгону банктардан 21 миллион доллар уурдалып, түштүктөгү июнь окуясына жана башка керектөөлөргө жумшалгандыгын айтып кутулушкан болчу. Ушул жумада Парламенттин А.Келдибеков жетектеген бюджет жана каржы комитети бул маселени кайра көтөрүп, башкы прокуратуранын маалыматын укту.
 
Натыйжада Парламент комитети Башкы прокуратуранын 7-апрелден кийин төрт банктын уячаларынан алынган акча боюнча ишти иликтөөсүнө канааттанган жок. Ошондуктан ишти иликтөөгө кошумча мөөнөт берди жана парламенттин атайын жумушчу тобу менен биргеликте кызматташуу тууралуу чечимин кабыл алды.
 
Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев аталган комитеттин мүчөлөрүнө мурда эле айтылып жүргөн маалыматтардын алкагында айланчыктап, эч кандай жаңы жагдайды ачыкка чыгара алган жок..
 
Буга чейин  банктардан алынган каражаттын суммасы 21 миллион доллар эмес, жүз миллиондун айланасында деген маалымат тараган болчу. Н.Жээналиев мындай дооматтарга далилдер жоктугун айтып кутулгусу келди. Анткен менен аталган комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жагдайлар кылдат иликтенбегенин айтып, бул жагдай эртеби-кечпи ачыкка чыга тургандыгын эскертип, мындай деди: “Бекеринен эл арасында биздин 1-2 жаран Лондондо бирден чоң үй алыптыр деген сөз тараган жок да. Анын баардыгынын бети ачылат. Анан мага 100 миллиондон ашуун доллар боюнча сурак берип койуңуз депсиңер. Болот ал дагы. Чыгат жакында мына ошонун бардыгы. Ким канча акча алганы ошол жерден чыгат. Анан жанагы майда-барат акчаны июнь айында коопсуздукка деген шылтоо менен ортодо бөлүштүрүп койгону жөн эле чекеси болуп калат”.
 
Башкы прокуратураны ошол эле Убактылуу Өкмөттүн ишенген адамы, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаевдин кудасы Аида Салянованын жетектеп турганда деги банк кутучаларындагы “операциялар”, июнь окуясынын күнөөкөрлөрү ачыкка чыгат деп ишенүүгө болобу? Бул карышкырга кой кайтарткандык. Э.Каптагаев бекеринен бул кызматка көздөй кишисин (талапка жооп бербесе да) койдурууга жанталашкандыгынын да өзүнчө сыры бар. Ошондуктан мындай жагдайды түшүнгөн депутаттар банк кутучуларынан алынган каражаттын тагдырын атайын  жумушчу топ түзүп иликтөөгө алган. Тилекке каршы ар кандай бут тосуулар жана сатылып кетүүлөрдөн улам ал топ дагы буга чейин айтылган фактылардан башка жаңы жагдайларды таап чыга алган эмес. Алар бул жагдайды тиешелүү далилдерди тастыктоочу документтерди алуунун кыйынчылыгы менен байланыштырышууда.
 
Бул жумушчу топтун жетекчиси Надира Нарматова ички иштер, коопсуздук жана коргоо түзүмдөрүнө берилген каражаттын негиздүүлүгү боюнча ынандырарлык жооптор болбогонун мындайча билдирди: “Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Коргоо министрлиги кандай негизде мына ошол акча каражаттарын алганы белгисиз. Биринчиден, алардын ошол учурда бекитилип берилген бюджеттик каражаттары бар болчу. Экинчиден, алар мына ошол июнь окуялары бүтүп, тынчтык өкүм сүрүп калган учурда деле алып жатышпайбы. Анан ошончо акчаны алып алышып кайда иштеттиңер деп берген сурообузга ынандыраарлык жооп алалган жокпуз. Башкы прокуратура мына ошол каражаттын сарпталышы боюнча өзүнчө иликтөө кылыш керек болчу”.
 
Депутаттар Башкы прокуратура бул иште бир катар шектүү жагдайлар болгондугуна карабастан кандайдыр бир илинчектерди таба албагандыгын каттуу сынга алышты. Айрыкча  аталган банктардагы видео байкагычтардын эстутумунун уурдалып кетиши жана ага жооптуу кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылбашы күмөн саноолорду жаратты.
 
Бирок Надира Нарматова банк кутучуларын ачууга катышкан тергөөчүлөр буга байланыштуу бардык сырды билерин айтып, прокуратура органдары өздөрү маалыматты жашырып-жаап жаткандыгын мындайча билдирди: “Силердин тергөөчүлөр мына ошол каражатты банк кутучаларынан алууга катышкан. Демек, мына ошолор иштин төркүнүн жакшы билишет. Силерде бул боюнча көп маалымат бар. Бирок анын баардыгын ачпай жатасыңар. Силер мына ошону аягына чыгарабыз деп тергеп жаткандан кийин тактап туруп, тергөө жүргүзсөңөр белгилүү болот болчу”.
 
Баса, банк кутучаларынан алынган акча боюнча Бишкек шаарынын ошол кездеги прокурору Абылов, тергөөчүлөр Хегай менен Намазалиевге кылмыш иши козголуп, бирок жакында сот аларды аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаган чечим кабыл алган.
 
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул  маселени кароону кийинкиге калтырды. Мындан тышкары иликтөөнү күчөтүү үчүн көз каранды эмес эксперттерди тартуу сунушу колдоого алынды. Ал эми Башкы прокуратурага иликтөө иши канааттандырарлык эмес деп табылып, иликтөөнү кайрадан улантуу тапшырмасы берилди.
 
Демек, жакын арада банктарды кимдер, канча акчаны тоногондугу ачыкка чыга турган күн да алыс эмес. Күтө туралы...
 
"Майдан.kg", №13, 16-май