Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 4111

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Президенттик шайлоого саналуу гана убакыт калды, коомчулукту кызыктырган бир эле маселе ким төртүнчү президент болот, кимге добуш беребиз?
 
Өлкөнүн кайсы бурчу болбосун баарын ушул суроо кызыктырууда. Кимиси болсо да тартип, тынчтык болуп, заманыбыз оңолгону болсо экен деп тилешет.
 
Ага деле карабай бийликтин жасакерлери кокуй төртүнчү президент азыркы премьер болот, анда шанс бар деген сыяктуу алдын ала жооруп, болуп калса устукандан кемирчеек ашар бекен, эптеп илешсем болду  деген пикирде эксперт да, саясатчы да болушуп, тим эле сурамжылоонун жыйынтыгы дешип өздөрүн өздөрү алдап турган кези.
 
Бирок, ар бир адамдын маңдайына жазган жолу бар ошол жол менен барасың, калганы колуңдан келбейт, Ала-Тоонун чокусуна чыга албайсың, Ысык-Көлдүн түбүнө жете албайсың ар нерсенин мыйзамы бар дегендей, эл өз баласын шайлап алат.
 
Чыныгы талдоочулардын пикирин уксак,  укук коргоочу Чолпон Жакупованын айтымында,  2011-жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү, кимдин президент болоору белгисиз болуп жатат. Ал эми 2009-жылдагы жана андан мурдагы шайлоолордо 90 процент Курманбек Бакиев же Аскар Акаев шайланат деген кепилдик бар эле. Бул ирет андай кепилдикти Алмазбек Атамбаевге ыйгарууга мүмкүн эмес. Мындайча айтканда эртең ким президент болуп калаарын айта албайбыз.
 
  Ал эми  административдик ресурс жакшылап эффективдүү иштеши үчүн күчтүү бийлик болушу керек. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жокко эсе. Баарынан дагы шайлоонун алдында шашылыш түрдө шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо, сотторду алмаштыруу процесстери жүрүп жатканы дагы кокустук эмес. Мына ошол кызматтан кеткен адамдар дагы Атамбаевге чечкиндүү түрдө каршы иштешээри бышык. Ал эми түштүк эли былтыркы кандуу коогалаңды унута элек. Мына ушундай жагдайда шайлоого бара жаткан премьер-министр утуп чыгат деп айтыш өтө эле кыйын.
 
Бул туура, апрелден кийин көпчүлүк мекемелерде күчтүү адистер Бакиевге иштебесе деле, бакиевчил ат менен тазаланып, кызматтарга тажрыйбасыз, ал түгүл эл менен иштегенди билбеген эле тааныштарын ишке койушкан. Алар кайсы жумушта эмне кылып жүргөнүн азыр да толук биле элек. Ошол себептүү президентти, премьерди жана башка чоң кызматтагыларды ушундай абалга алып келишти. Бул торго мурдагы эки президент да кандай түшкөнүн байкабай калышкан. Тарых кайталанат деген ушул да.
 
Бийликте күчтүү адистер жокко эсе, баары эле убактылуу маанйда. Эртең башка президент келсе кетишет, себеби азыр мамлекеттик кызматкерге эч кандай кепилдик берилген эмес. Мындай шартта административдик ресурсту колдонуунун деле мааниси жок. Кечээ Бакиев ресурс колдонду деп кыйкырып келип, бүгүн өздөрү колдонгонун эл көрүп жаткандан кийин айтат да, “ай сенин эмнең артык?” деген суроо туулат деп да ойлош керек. Тазалануунун бир эле жолу таза шайлоо өткөрүү, эл кимди шайласа ошого жол берүү, эч кандай тоскоолдук кылбоо. Болбосо кыйын болуп калат, элди эки жолу алдашты, эл азыр даанышман, баарын көрүп турат.
 
Төртүнчү президент ким болбосун, башкаруу системасына күчтүү, таза жана тажрыйбалуу адистерди чакырып эл үчүн иштөөгө толук шарттарды түзүп берүүсү керек. Ансыз ал деле мурдагылардын кейпин бат эле кийет. Элди алдайт, же аны алдагандай кылып көрсөтүшөт, кечээ жакында премьер-министр шайлоодо администрациялык ресурс колдонулбайт деп айтса, эки күн мурун анын партиялашы Бишкек мэри президенттикке талапкердин үгүт материалдарын автобустардан чапталган жеринен тытып алдырыптыр, болгондо да түн жарымда, кимден бекинип жасаганы белгисиз.
 
Макул, автобуска чаптаса болбойт дейли, анда калган автобустагы рекламаларды эмнеге тыта албайт? Эл көрүп турбайбы.
 
Кызыгы ошол материалдары тытып койсо эле маселеси чечилип калабы, чынында эл талапкерди тандаганда алардын үгүт материалдарына же берген акча, убадаларына деле анча кызыгышпайт. Эл өзү ким президент болорун жана кандай иштерин сезет.