Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 663

Советбек Байгазиев:

 

“Мальборо” экен калпагыңдын урааны,

Кытай тамга – көйнөгүңдүн далысы!

Көөдөнүңдө христиандар символу,

Ары жок эй, кайда кыргыз намысы! 

 

 

О АЗИЯМ, О ЧЫГЫШЫМ!

О Азиям, о Чыгышым, келесиң
Инсанаттын боштондугун тоотпой.
Эркиндикти, эркти, укукту мыкчыйсың,
Өкүмү күч чеңгелиңден бошотпой.

 

Сырттан туруп пенделердин тагдырын,
Аныкташка мынча эмнеге кумарсың?
Демилгесин байлап-матап инсандын,
Тушаганга айтчы неге куштарсың?

 

Мен бактылуу болот экем, баш ийсем,

Жогор жактан буюрулган нормага.
Туура жолду табат экем, түздөнсөм,
Тэ илгертен көндүм болгон догмага.

Эң мыкты адам болот экем, чоңдордун
Көрсөтмөсүн көздү жумуп жаттасам,
Сызып койгон чийиндерден чыкпасам,
Эскерткичти ойлоп жатып уктасам.

 

Баары каалайт болушумду элпек жан,
Туура жазган окуп берген диктантты.
Каалайт бары кабылдоомду «ляппай» деп,
Өйдө жактан таңууланган   диктатты.

 

Түшүнгүн сен, кул эмесмин бүгүн мен,
Баардыгына кол куушуруп тургудай.
Тарбиячы эй, мен саа камыр эмесмин,
Каалагандай ийлеп, жууруп, чойгудай.

 

Айткылачы, качанкыга чейин мен,
Аныкталам, башкарылам тыш жактан?
Качанкыга башка нокто катынам?
Ээлик кылса тышкы күчтөр эркиме,
Анда менин айырмам не куурчактан?
Айланайын авторитар Азиям,
Атуулуңду пешка сындуу санаган,
Арыласың качан ушул адаттан?-
Жалгыз гана мени ук деген талаптан,
Ар кадамым тейлеп-тескеп жадаткан.

 

Жок, жок, жок жок! Тизгиниң тарт эми сен,
Мезгил келди, бошот буту-колумду.
Мен да адаммын, өз эркимче басайын,
Өзүм билип аныктайын жолумду.
Кереги жок мага даяр үлгүңдүн,
Бычам өзүм кие турган тонумду.
Мүмкүндүк бер, көрсөт мага ишеним,
Өз күч менен калыптайын оюмду.

           

Таңуулаба «тактекенин» ролун,
Жетти мезгил, өзүмдү өзүм билейин.
Өз дүйнөмдү өзүм түзүп жаратып,
Мен турмушка өз алдымча кирейин.
Багытымды өзүм издеп, турмуштун
Бороондорун өз бетимче жирейин.

Догма – эреже, жармашпа эми жакама,
Аткарайын парзды өзүмчө адамдык.
Алып таштачы көзөмөлүң, суранам,
Болоюнчу өзүмө өзүм таандык.

 

Жеке ишиме киришпечи, өтүнөм,
Сунуштаба жолдун эң бир оңоюн.
Ич дүйнөмө кийлигишпе, сыйлачы,
Жалгыз койчу, өз арбайым согоюн.
Тумар тутпай бөтөндөрдүн жолоюн,
Өз тагдырым өзүм чеччү болоюн.
Көзөмөлчү эй, койчу мени жайыма,
Болоюн мен өзүмө өзүм кожоюн.

 

Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,
Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас.
Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,
Өзүңкүндөй кымбат нерсе табылбас.
Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,
Өтө керек өз ой менен жалындаш,
Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,
Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас.

 

Акыр жүрүп кандай «түшүм» алдык биз,
Жарандарды тарга камап кыскандан?
Мына кара, бүжүрөгөн бечара,
Өз алдынча ой чурката албаган.
Бөлөк ооздон жаттап алган сөздөрдү,
Тотукушча кайталоодон талбаган.
Чиновниктин колундагы кол жоолук,
Акка каршы буйрук менен ок аткан.
Бирөөлөрдүн жетегинде жашаган,
Кимге керек күн карама ал адам.

 

Көзөмөлчү катуу эреже эй, жумшарчы,
Учурбачы жарандардын үрөйүн.
О мекеним, өстүр эркин уулунду,
Эркин жашап, мен жалбырттап күйөйүн.
Урааныңды коркконумдан жаттабай,
Жүрөгүмдөн чыккан сөздү сүйлөйүн.

Жалтактабай башымды өйдө көтөрүп,
Сыймык менен шаңдуу басып жүрөйүн.
Мекен сага сокурларча берилбей,
Сүйсөм сени көзүм ачык сүйөйүн!..

 

О Азиям, түбөлүктүү түнөгүм!
Түбү айкөлсүң, мунуңа да күбөмүн.
Катаал тартип эмес сенин тирегиң.
Мээримиң төк мендей эрктүү уулуңа,
Билсең – менмин сенин соккон жүрөгүң!.

 

 

СЕН КИМСИҢ?

Тарыхыңды неге сен эй, унуттуң?

Тегиң кайсы, кайсы сенин улутуң?

Өзгө тилдин желбиретип байрагын,

Өз жериңде эне тилиң куруттуң.

 

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?

Карагын эй, камгак болуп кайда учтуң?

Темселейсиң таалай издеп чет жактан,

Мекен туруп, мекениң жок байкушсуң.

 

“Мальборо” экен калпагыңдын урааны,

Кытай тамга – көйнөгүңдүн далысы!

Көөдөнүңдө христиандар символу,

Ары жок эй, кайда кыргыз намысы!

 

Кара мобу кыздарыңды куураган,

Чет моданы сокурларча туураган.

Кары-жашка ачып коюп чандырын,

Кыргыз салтын, кыздын наркын уулаган.

 

Очоктогу кенчтериңди тааныбай,

Өзүңө өзүң каршы атылган ок болдуң.

Жолбун шамал ар кай жака айдаган,

Булут болдуң, тамыры жок «бомж» болдуң.

 

Коломтоңдо ыйык туткан эмнең бар,

Эмнең менен атуулусуң улуттун?

Кайда Манас, ата-бабаң туу кылган,

Кайран тоолук кай тагдырга тушуктуң?

 

Амалданып, чоңдор берсе батасын,

Акыйкатты мылтык менен атасың.

Ата журттун тагдырына түкүрүп,

Добушуңду бир кап унга сатасың.

 

Сен өңдөнгөн айдамага кайсы сый,

Мансаптуулар таңып таштап көзүңдү,

“Дежур” кылып ар кай жака айдактайт,

Эшек кылып токуп минет өзүңдү.

 

 

Чоочундардын чоору алдында бийлеген,

Өз баркыңды, өз наркыңды билбеген -

Эх! Кантейин, басып жүргөн бир кулсуң.

Ойлобогон ашказандан башканы,

Чындык ушул - Чыңгыз жазган манкуртсун!

 

Саа корогон кайран гана эркиндик,

Ай манкуртум, сен жүзүң курусун!

Көзүңө айттым, киши укпасын, ит уксун,

Бул сөзүмдү ит укпаса, ким уксун!

 

Кыска саптар

Жаңы коом курдук дешет, компоюшат ушуга.

Бакыбаттуу келечекке, даярбыз дейт учууга.

Уландардын көбү маңкурт, кыздар басат жылаңач,

Аксакалдар нарктан кетти… прогресспи ушу да!?

 

ххх

Бирөө сүйлөйт төшүн кагып, Кытайга

Тонналап күндө темир сатканын,

Кыйын кезде жанын жакшы бакканын.

Ошол арам, көргөн дайым өз камын,

Билет бекен башка жакка Мекенин,

Кичинеден уурдап ташып жатканын…

 

ххх

Ала-Тоодо “ак калпактар” барган сайын азайып,

Келгиндердин улам саны өсүп барат калдайып.

А сен тоолук чайың ууртап, мурунуңду тердетип,

Отурасың санаасы жок чарпаяңда чандайып…

 

Туура, туура, бу жарыкта ар ким көрөт өз күнүн.

Бирок тууган аңдадыңбы, айткан сөздүн төркүнүн.

Корстон болуп күнүмдүккө, басып жүрүп бир күнү

Капысынан калба астында, “Келгин” деген көчкүнүн!..

 

ххх

Миссионерлер келемишче, астыртадан акырын,

Улутумдун түп тамырын кемиргени кемирген…

Бир «киргизбай» бөйпөлөңдөп, кызмат кылат аларга,

Чет өлкөлүк маянага кашкулактай семирген…

 

Кылым учкул, заман күлүк, өзгөрүүдө бүт баары,

Кыргызбектин айдаганы ак Мерседес жапжаңы.

Бирок минген машинасы өзгөрсө да жаңырып,

Ох! Ыйманбай, осол тоолук өзгөрбөгөн ич жагы…

 

Аккан дүйнө бу космостун, жазып жаткан китеби,

Сен андагы бир сүйлөмсүң… канна өзүңдү окуюн.

О кудай ай, маңызы жок, жайдак беле бу сүйлөм,

Жалпы шардын ичиндеги «ураа» белең кокуюм!..

 

Абройлуу бир кызматка жраыялайт  конкурсту,

Чоң төрага көрсөтөм деп, элге «калыс» ишими.

Бирок кирет «өз кишилер» калыстардын тобуна,

Бул жагынан күчтүү өнүккөн төраганын «илими».

Акырында, тандап алат чоң жарыштан «жеңди» деп,

Жең ичинен күн мурунтан макулдашкан кишини.

Сырт жагынан баары кооз, эч нерсе дей албайсың,

Калыс тандоо – мына дешет адилдиктин түшүмү.

О кантейин, айлам кетти, астыртадан өлкөмдүн

жүрөгүнө чаап барат коррупция шишиги!

 

КИМДЕР АЙТАТ УШУ БИЗДИ УЛУТ ДЕП?..

Грузиндер, өзбектер, уйгурлар,

Неге ушунча улутуна бек турат?

Кафесинде музыкасы алардын.

“Уйгур”, “уйгур”, “өзбек”, “өзбек” деп турат.

Ашканасын аттап кирсең, кыргыздын,

Комуз да жок, чоор да жок. Батыштын

музыкасы кулак-мээни жеп турат.

 

Бишкектеги кафесине түрк тууган,
Стамбулдун атын койду улук деп.
Өзбектин кафесинин үстүндө,
Жазылыптыр бадырайып Улукбек.
Кыргыздыкы “Монте-Карло” аталат,
Кимдер айтат ушу бизди улут деп...

 

КАЙДА БАРАМ?..

Тумчугам нарксыздыктын туманында.
Актыкты эңсеп, батамын кусалыкка.
Бу көрөкчө, кетсемби Талас жакка!
Качсамбы, айкөл атам Манас жакка!
 

А бирок ал жакты да барып көргөм,
Баягы нарктуулуктун заманы өткөн.

Бийлик, байлык талашып, майдаланып,
Пенделерде бабанын калысы өчкөн...

 

Көчсөмбү Түштүк жакка... барбы деги,
Мен эңсеген аруулук ушул жакта?
Бирок да… кашайган көз нени көрөт
Карайып кирдегенби, аппак пахта?
Адамдар бир-бирине катаал болгон,
Кыргыздар мылтык атып кыргыздарга..
Бир кездеги туптунук дайра кайда?
Кайгырам ылайланган Ак-Буурага…

 

Сагынам бабалардын кең пейилин,
Сагынам жан дүйнөнүн мейкиндигин!
Кетсемби Теңир Тоонун кучагына,
Жетсемби тунук сууга, таза абага!
Бирок... бирок армандар көп Нарында да,
Ич күйөт киргил аккан дайраларга,
Көзүндө айнек жаткан булактарга.
Баягы нарктар кайда, атаганат!
Кемпирлер жаш балдарга арак сатат.
Долондун ашуусунда мас чал жатат.
Бүркүттөр көктөн түшүп, түзгө конуп,
Укмуш эй, уялбастан чычкан алат…

 

Не кылайын, Көлгө барып жашасамбы!?
Көөнүмдү көк асмандай тазартсамбы?
Бирок кара, көлдүн дагы куту кеткен,
Кирдетип ар кимдердин буту кечкен.
Күн санап ыймансыздык барат күчөп,
Ысык-Көлдүн ичинде шайтан сүзөт...

 

Кайда барам, адалдыкты кайдан табам?
Чын айтам, чыдай албайм мындай жерге.
Кетейин тээ чокуга, мөңгүлөргө,
Аскасы асман челген Хан-Теңирге,  

Айыл конбойм кирдеген дүйнөлөргө.
Жетейин уларлардын мекенине,
Ал жакта аруулук бар. Бу көрөкчө,
Кетейин аралашып кайберенге...

 

ОЙГОНГОН  КӨЧМӨНДҮН  МОНОЛОГУ

Акактаган алды-артына карабай,
О прогресс, о түгөнгүр куураган.
Көздү жумуп, октой учуп зуулаган,
ПАЙДА деген шайтан менен дуулаган.
Арт жагынан буркуратып түтүнүн,
Жашыл тулаң жайлоолорду уулаган.
Темир менен тепсеп адеп-ыйманды,
Пенделердин жан дүйнөсүн булгаган.
Аңдып туруп чыга калып туурадан,
Алатоонун бейпилдигин уурдаган.
Азгырылып жалтыр-жултур дүйнөңө,
Кызыккандан кыргыз сени туураган.
Учкашам деп сенин темир атыңа,
Көчмөндөрдүн көчү минтип кулаган...

 

Айтчы мага ачык сырың прогресс,
Калыс болсун экөөбүзгө акыл-эс.
Синтетика деген сенин дүнүйөң,
Артык неси ак коюмдун жүнүнөн?
Неси жакшы сенин цемент тамыңдын,
Күн жыттанган кыргыздын боз үйүнөн?
Кулак жарган музыкаңдан тажадым,
Айланайын комузумдун үнүнөн.
Миң эсе артык белдердеги бетегем,
Шаардагы жасалма өскөн гүлүңөн.
Айлансынчы, акылды алган арагың,
Бабам ичкен ак боз бээнин сүтүнөн.
Жерге-сууга зыян кылбай жашагам,
Акыл сурап табияттын өзүнөн.
Аталардын чыкпай накыл сөзүнөн.
Чоочун адам келсе айлыма сыйлагам,
Орун берип боз үйүмдүн төрүнөн.

 

Ыйман жаайт, ырыскы жаайт карасаң,
Көчмөн калктын жөпжөнөкөй түрүнөн.
Атаң көрү ай, акыл калчап ойлонсом,
Айрылыпмын эң бир асыл дүйнөмөн.
Кайда көчкөм таштап аруу конушту,
Ушуну ойлоп ич жагыман күйүнөм.
О прогресс, бүгүн дүйнөм бүлүнгөн –
Тетир кетип тепселеген күчүңөн.
Неге кеттим киргил аккан дайрага,
Журт которуп ак булактын көзүнөн?..
Адашканбы тоолук кыргыз чын эле,
Бу дүйнөдө түз бараткан көчүнөн?..

Бүгүн дүйнө акча, акча деп оолуккан,
Түмөн түйшүк мээ чарчатып ооруткан.
Байлык көрүп баштарына адамдар,
Маалыматтын үймөктөрүн чогулткан.
Жиңди ыргактан психика чыңалып,
Миллиондор нерв ооруга жолуккан.
Пайда кууп акактаган пенделер,
Айрылышкан сабыр менен топуктан.
Уят-абийир урматталган мүлк эмес,
Ушул мени улам күчөп чочуткан.
Булгап-буздуң жер-энени прогресс,
Ыйык көрүп сыйынарың жогунан,
Неде калды бул өмүрдүн маңызы,
Неге зарыл мындай чуркаш кутурган.
Буга жоопту угам кимдин оозунан?

 

Карайлычы, кечөөкү өткөн бабама,
Кышта ойдо, төргө чыгып жайында.
Боз соолугу, ак жоолугу жанында,
Ак боз бээнин кымызы ойноп канында.
Ачкөздөнүп көрдүнүйө чогултпай,
Өмүр өтөп ак боз үйлүү айылда.

 

Мындай жашоо өзүнчө бир жол тура.
Терең маңыз, бай мааниге толтура.
Мына көргүн: көчмөн философия!
Эй прогресс, башаламан чаңдаган,
Бүгүнкүгө бул КЫРГЫЗ ЖОЛ байкасаң,
Өзүнчө бир таалим, сабак, тарбия.
О тукумдар кыргыз жолдон адашып,
Бүгүн кайсы туюктарда калдык ыя?

Таанысакчы аталардын накылын,
Тактасакчы бул жашоонун маңызын...

 

Советбек Байгазиев

(“Сен кимсиң?” ырлап жыйнагынан)

 

Булак: “Майдан.kg

Тема: