Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2621

Бишкек – “Саясат.kg”. Ошентип алдыдагы 20 күндүн ичинде 78 талапкердин канчасы калып, канчасы шайлоого чыгары белгилүү болот. Президентти шайлоо кампаниясынын биринчи этабы аяктады. Баары болуп 80ден ашуун талапкер өзүнүн президенттик шайлоого чыгаарын ачыктап, алардын кээ бирөөлөрү кайра тартты. Азыркы күндө 13 талапкер шайлоого катышуу үчүн белгиленген 100 миң сом акчасын төгүштү. Кийинки этапта, ушул эле 100 миң сомдон акча, 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүү шарттары каралган. Бул тепкичтерден кимиси өтөт, кимиси өтпөйт аз убакытта коомчулук баарына күбө болору шексиз.

 

Үчүнчү этабы үгүт иштери менен аяктайт. Бул эң маанилүү жана жыйынтыктоочу этап. Үгүт иштери жүрүп жатканда талапкерлердин чыныгы мүмкүнчүлүктөрү, элдин маанайы жана бийликтин иш-аракеттери белгилүү болот.
 
Президенттик шайлоо эки жол менен өтөөрү күтүлүүдө. Биринчиси – бул Кыргызстан үчүн тынч жана адилет шайлоо, эгерде ар-бир талапкер өз алдынча катышып, өз күчүн шайлоодон тактап алышы.
 
Экинчиси – талапкерлер тандем түзүп, бири-бирин колдоого алуусу. Бул жол деле Кыргызстан үчүн тынч шайлоо болушу мүмкүн, бирок, мындай жолдун жыйынтыгы тандемге баруучу саясатчылардын жеке жоопкерчилигине байланыштуу. Эгерде тандем түзүлүп, эки саясатчы бири-бирин колдоп, жакшы программа менен чыгып, эл биримдигине доо кетирбегидей болушса, албетте бул туура жол. Бирок айрым саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, эки киши түзгөн тандемди, түндүк-түштүк тандеми деп чыгышса, анда ал тандемдин түзүлүшү Кыргызстан үчүн олуттуу.
 
Саясатчы Топчубек Тургуналиев айткандай, тандем түзүү түндүк-түштүк бөлүнүүсүн мыйзамдаштыруу болуп калышы ыктымал. Андыктан тандем, жеке эки талапкердин ортосундагы келишим катары каралып, ал региондук жа аймактык бөлүп жарууга багытталбаса, анын жыйынтыгы жана келечеги максатка ылайыктуу болмок.
 
Акыркы кездерде, массалык маалымат каражаттарында талапкерлерди каралоо же болбосо буйуртма материалдар орун алууда. Бирөөсүн эмдигиче программасы жок десе, экинчисин убадачы популист, үчүнчүсүн наркобарон кылып көрсөтүүдө. Албетте, ар бир макала такталбаган, же болбосо анонимдик булактан, башкалары болжол менен аткарылган. Чын чынына келгенде элибиз жыйырма жылда сасатты жакшы таанып, кайсынысы жалган, кайсынысы чын экендигин баамдап калды. Бирок ошентсе да, кээ бир саясатчылардын колдоочу топтору “кир” технологияларды кенен колдонууда.
 
Кир кол менен таза колдун айырмасындай эле бул технологиялардын да акыр аягы эмне менен бүтөөрү журтубузга белгилүү. Элде илгерттеден келе жаткан кеп бар: “эмне менен баштасаң, ошону менен бүтөсүң”. Демек, ким таза баштап, жеке өзүнүн гана үгүт иштери менен болуп, башкаларды каралабаса, башкалардын жылдыздары да ошого ооп түшөт.
 
Ошол эле мааалымат каражаттарына көз жүгүртсөк, көпчүлүгүндө талапкерлердин Россия мамлекетине жагынып колдоо телектери байкалса, айрымдары батыш тарапка ыктаганы да көрүнүүдө. Канткен күндө да талапкерлерибиз биринчи кезекте кыргыз эли жана мамлекетинин кызыкчылыгын жогору коюшса, чыныгы президент шайланышына ишенүүгө болот.
 
Маселе - эртең ким президент болгонунда эмес, бүрсүгүнү ал кандай иштейт? Мына ушул суроодо болуп турат. Кыргызстандын эгемдүүлүгүнүн түптөлүүсүнүн 20 жылдыгында, бир эмес эки президент башкарып, эмне менен бүткөнү кыргыз элине али да өкүнүчтүү. Парламенттик башкарууга өткөнүбүзгө бир жылдан ашуун убакыт өттү бирок, өнүгүү жок.
 
Демек, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн башкаруунун формасынын эч кандай тиешеси жок. Ал башкаруучунун жеке жоопкерчилигине гана көз каранды. Мамлекет президент үчүн иштебестен, президент  мамлекет үчүн гана иштесе, ошондо өнүгүү болушуна кепилдик түзүлөт. Ал эми мамлекет жеке адамдын жашоосуна, анын келечегине жана өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүп берүүсү керек.
 
Ошондуктан алдыдагы президенттик шайлоодо, кыргыз элине күйгөн, мекенчил, жоопкерчиликтүү, курч патриот жаштардын шайланышы Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги шарты катары байкалууда. Себеби өлкөдө тартип жок. Паракорчулук күчөп кеткен. Бийлик алсыз. Болочок президенттин биринчи иш-аракети: өлкөдө тартипти, стабилдүүлүктү орнотуп, паракорчулукту жойуу болуп турат.