Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1009

Баш маселе 

 

Ушул суроого ар ким ар кандай жооп берүүдө. Бирок оппозициялык маанайдагы жеке адамдардан тартып, саясатчыларга чейин жалаң эле жамандаган пикирлерди айтышса, тескерисинче бийликтин акырынан жем жеп, суу ичип, маяна алгандар менен маалымат каражаттары А.Атамбаевди айга-күнгө теңеп, аз эле жерден улут көсөмүнө теңеп жиберишүүдө. Арийне канткен менен биз өзүбүздүн жеке эгобузга берилип, радикалдык көз караштан же кошоматчылыктан алыс болуп, жеке аброюбуз, эл, мамлекет үчүн деле кара кылды как жарган калыстыкты айтышыбыз керек го. Менимче, А.Атамбаевдин алты жыл бийликте турган мезгилинде ийгилиги менен кемчилиги бирдей эле же жасаган жакшы иштери да, кемчиликтери да болду окшойт.

 

Атамбаевдин ийгиликтери

 

Кечээ бийличил телеканалдардын бирин карап отурсам, Кыргызстандын электр энергиясы, газ боюнча көзкарандылыгынан тартып, альтернативалуу түндүк-түштүк жолунун курулушу, Акаев, Бакиев заманындагыдай үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун жоюлушунан тартып, бүтүндөй постсоветтик аймакта алгачкы ирет бийликти өз эрки менен тынч өткөрүп берип жаткандыгын тизмектеп, архивдик сюжеттер менен кооз коштогон позитивдүү көрсөтүүнү берип жатыптыр. Ал эми бийликтин “жаманын жашырып, жакшысын ашырган” саясый серепчилер 2010-жылдан кийин маал маалы менен электр энергиясынын өчүрүлүшү унутулуп, президенттин аппарат башчысы баш болгон үлкөн чиновниктердин коррупция боюнча кармалып, сот жообуна тартылгандыгы сыяктуу прогрессивдүү жетишкендиктерди шурудай жипке тизип саймедирешти.

 

Ооба, жогоруда айтылган ийгиликтерди жокко чыгарууга болбойт. Мындан тышкары Акаев, Бакиев заманындагы үй-бүлөлүк, кландык башкаруу менен кошо Ак үй деңгээлиндеги чоң кызматтарга дайындоодогу ири суммада пара алуу, чет элдик инвесторлордон “шапка” үмүт кылуу сыяктуу бүтүндөй мамлекетибиздин ички жана эл аралык аброюна доо кетирген коррупция жоюлду десек болот. Биз мындай көрүнүштөр А.Атамбаевдин тушунда болбогондугуна толук кепилдик бере албасак да, эл арасында “мистер 10%”, “аким, министр  же губернатор болуунун “ставкасы” баланча бакс” деген сөздөр айтылбай калгандыгынан улам айтып жатабыз. Анткени элден ашкан калыс, адилет бааны башчыга эч ким бере албайт эмеспи. Себеби “балык башынан сасыйт”,- демекчи, А.Атамбаев өзү баш болуп андай ыпластыкка барган жок. Бир чети интеллектуалдык деңгээли башкача жана анча-мынча майда акчага азгырыла турган адам эмес. Кайра айрым учурларда өзүнүн жеке эсебинен кайрымдуулук иштерин жасагандыгы да айтылып жүрдү.

 

Канткен менен эки ирет революциядан кийин да күткөндөй президент шайлай албай калган элдин үмүтү акталыш керек болчу. Демек, А.Атамбаевдин мындан башка жолу да жок эле. Сыягы, жыл сайын эле жаз алды менен психологиялык илдетке кошулуп “революциялык маанайы” кошо жаралган элибиздин алты жыл чыдап, үчүнчү төңкөрүшкө жетпей калгандыгынын да себеби, Атамбаевдин кемчилиги менен кошо артыкчылыгы таразанын ташын бирдей баскандыгында болушу мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүтөрүнө саналуу күндөр калган президентибиздин алты жылда жасаган жакшы иштери тууралуу бийлик короосундагы журналисттер менен ММКлар толук айтышар деп, эстафетаны аларга берели да, терс кайрыкты бурайлы.

 

Кемчиликтери...

 

Тилекке каршы биздин пикирибизде А.Атамбаевдин президент катары кемчиликтери да көп болду. Алардын баарын тизмектеп айтууга гезит бети чак келбейт. Ошентсе да эң негизгилерин үстүрттөн болсо да санап өтөлү. Эң оболу үй-бүлөлүк, жердешчилик кланды жоюп, аялын, балдарын бийликке жолотпогон менен өзүнүн тегерегиндеги, мурдагы шоопуру, жансакчысы, досу, партиялашы, таразачысы, канцелярияда кагаз ташыган же докладын жазган жардамчы, пресс-катчы, референтине чейинки кечээки кызматкерлерин алдын өкмөт башчы, вице-премьер-министр, министр, депутат, аким, өкмөттүн облусттагы өкүлү сыяктуу майлуу-сүттүү, жооптуу кызматтарга дайындап, кетер алдында өзүнө бекем “тыл” түзүп алды. Эгер ошол “балдар” өздөрүнө “патрону” ишенген кызматты жөндөп кетип, иштеген ишинин майын чыгарса, бир жөн эле. Бирок көпчүлүгү популизм менен алектенип, айрымдары “таажыны” көтөрө албай мүдүрүлүп кетишүүдө. Дагы бир кадрлары кызмат абалынан бизнес жасап, акча жасоонун азгырыгына берилип кетишти. Баарынан да бийлик партиясынын айрым депутаттары өз статусун гана эмес, кадыр-баркын да унутуп, сын пикир айткан журналисттерди оозго алгыс уят сөздөр менен коркутуп-үркүткөндүгү эң оболу А.Атамбаевдин кадыр-баркын кетирип, өздөрүнүн деле абийири аштай төгүлдү. Тилекке каршы эл, маалымат каражаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди президент туура кабыл алуунун ордуна же тиешелүү чара көрүүнүн ордуна “жалаа, далили жок, эч нерсе таба албайсыңар...”,- деп коргоп туруп алышы адилеттик күткөн коомчулуктун көңүлүн үч көчкөн журттай калтырып койду.

 

А.Атамбаевдин дагы бир олуттуу кемчилиги катары анын алты жылда жок дегенде алты ишкана куруп, жумушсуздук көйгөйүн чече албагандыгын, анын кесепетинен ички, сырткы миграция күчөп кеткендигин айтсак болот. Ооба, жолдор курулуп, электр чубалгылары тартылып атат. Бирок бул жумуштардын баардыгы чет элдик карыздын эсебинен, ошол эле инвесторлордун өздөрү тарабынан жасалгандыктан, экономикабызга эч кандай пайдасы тийген жок. Ошол эле учурда “Кумтөр” көйгөйүн чече албай, кайра өлкөбүздүн үлүшү азайтылышы президенттин экономикалык маселелерди чечүүгө жөндөмү жок экендигин көрсөтүп турат. Өзбекстан сыяктуу дүйнөлүк машина куруу компанияларын чакырып, биргелешкен заводдон чыгарылган эл аралык талапка жооп берген автомобилдерди Россия сыяктуу чоң рынокко сата албасак да, жок дегенде азыр кыргыз-казак чек арасында чирип жаткан жер-жемиштерди кайра иштеткен, ширесин чыгарган чакан цех куруп коюуга “чамасы келбеди” окшойт.

 

Жогоруда айтылгандай, А.Атамбаевдин тушунда УКМКнын алдында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлүп, министр, депутаттарга чейинки бийликтин жогорку эшалонундагы “киттер” соттолуп, алды жегенин кусуп берсе, арты он жылдап темир тордун артына отурду. Бирок ошол жумшак креслодон түрмөнүн темир керебетине которулгандардын көпчүлүгү да жеке президенттин көрсөтмөсү менен же айрыкча президенттик шайлоонун алдында “неудобный” атаандаштардан арылуу максатындагы “атайын операция” экендигин жашырууга болбостур. Мисалы, Ө.Текебаевдин россиялык шылуун, өзүнө кылмыш иши козголгон Маевский, Модин сыяктуулардын оозеки көрсөтмөсү менен 8-10 жылга камалышы коомчулуктун бир топ нааразычылыгын жаратууда. Мындан тышкары “Элдик Парламент” бирикмесинин мүчөлөрү Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыров жана башка кыргыздын белдүү жигиттеринин “бийликти басып алууга аракет көргөн” деген беренелер менен камалышы 2017-жылда 1937-жылдагы сталиндик репрессияны кайталагандай болду...

 

Акырында президентибиз кетер алдында президенттикке талапкер Ө.Бабановду колдоп койгондугу үчүн бир эл, бир журт болуп, кылымдардан бери ынтымакта жашап келаткан Казакстан, казак эли менен эл басы Н.Назарбаевди баш кылып сындашы жөнөкөй тил менен айтканда кошунаңдын үй-бүлөлүк маселесине кийлигишкендей эле болуп калды.

 

Ал эми бир айдан берки кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдөн айланып келип эле карапайым эл жабыр тартып, эч ким деле жеңүүчү болгон жок...

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: