Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 685

Чыныгы рейтинг кандай?

 

Ошентип, президенттик шайлоого үгүттүн башталаарына жарым айга жетпеген убакыт калды. Расмий старт берилгенге чейин талапкер болуп катталгандардын арасы дагы суюлуп, баш тартаары айтылууда. Ал эми ишенимдүү түрдө “аягына чейин барам”- деп жаткандардын рейтингине келсек, ар кандай сүрөттөр көз алдыга тартылат.

 

Биринчиси, албетте, илгерки шайлоолорго салыштырмалуу учурда социалдык түйүндөрдө  шайлоонун шаңы катуу чыгып туру. Ар кандай маалыматтык ресурстардын рейтинг жарыштарында ар кайсы талапкерлер алдыга чыгып келе жатат. Мисалы, бийликчил сайттардын көбү алдыңкы сапка Сооронбай Жээнбековду чыгарса, көз карандысыз делгендер лидерлик позицияны Өмүрбек Бабановго ыйгарып жатышат. Бирок, кимисинде болбосун Темир Сариевдин алдыңкы үчилтиктин бирөөнөн көрүүгө болот.  Антели десек, соңку маалдарда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп эле рейтингди жасап коюшаары да ачыкталып калды. Андыктан, интернеттеги так талашты Манастагы “жарымы төгүн жарымы чын, жалпы журттун көөнү үчүн” деп түшүнсөк болчудай.

 

Ал эми көчөдөчү? Эл арасында? Айыл аралагандардын айтымдарына караганда, акыркы мезгилде так ошол Темир Сариевге ыктап, анын тазалыгына, чечкиндүүлүгүнө жана иштин майын чыгарган чарбачылдыгына карап добуш берүүгө макул болгондор арбын. Анткени, Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турган маалда кан күйгөн маселелерди “жеринде чечем” деп, Көкүйдөгү жумшак креслосунда эмес, аймактарда эле ат жалына казан асып жүргөнү көпчүлүктүн эсинде калыптыр. Илгери, ыраматылык Насирдин Исановду Кыргызстанда кайсыл жерде кандай көпүрөөнү сел алды, кайсы аймакта сугат суу жетпей турат, кайсыл айыл жарыксыз жадыбалдай жат айтат дешчү. Анын сыңарындай, азыркы учурда Кыргызстандын элинин кыйын турмуш-шартын Темир Сариевдей жакшы билген талапкер болбосо керек. Ар бир районго каттап, акимдерди ”жок дегенде ондон орто-чакан ишкананы ишке киргизгиле” деп буюруп, тоскоолдук жаратуучу бюрократиялык тосмолорду шылый чаап, өз көзөмөлүнө алган жагынан ал алдына киши салбаган өкмөт башчы болону ырас. Ошондон улам, Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген алтын саптары сыңары Темир Сариевдин жасаган иштерин социалдык түйүндөгү колдонуучулар эстей албай жатканы менен элет аны унута турган эмес.

 

Демек, азыр каражаты калың, АКШнын президенти Дональд Трамптын жолу менен президенттикке бараткан Өмүрбек Бабанов менен бийлик колтугунан түртмөлөп бараткан Сооронбай Жээнбековдордун ортосунан бир чыкса, ушул Темир Сариевдин жарып чыгаарына ишеним күч.  Анда ашыкча популизм жок, саясатка да, турмушка да реалдуу карап, маселелерди чечүүдө “ыргылжың” позицияны карманбай, шар кетет. Башка талапкерлерге окшоп, бүгүн бирди айтып күпүлдөп, эртеси күйпүл күчүкчөсүнөн башын үйүнө катып,  чалкасынан кетчүлөрдөн эмес.  Мисалы, кечээ эле жаңы өкмөттү шайлап жатканда оппозиялык мүнөз көрсөтүп жаткан Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдердин бийликтин алып чыккан өкмөт курамына конкреттүү негиздер менен каршы туралбаганы алардын арымын ачыктап койду. Эл түңүлдү. Ишеничтери сынды. Эми алардын таарынган талапкерлери Темир Сариевге бел байлашат эмеспи.

 

Ушундай, чыныгы элдик рейтингде эми күн санап Темир Сариевдин баасы жогорулап, шайлоого расмий старт берилген күндө ал бийликтин талапкери менен тең салмакташып, керек болсо экинчи турда кармашчу талапкер болоору белгилүү болуп калды...

 

Азамат Жаныбек уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: