Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1114

Президенттикке талапкер Азимбек Бекназаровдун Кыргызстан улуттук-мекенчил күчтөрүнүн бирикмесинин (КУМКБ) кезектеги курултайында сүйлөгөн сөзүнүн толук варианты

 

Өткөн жумада Кыргызстан улуттук-мекенчил күчтөрүнүн бирикмесинин (КУМКБ) кезектеги курултайында президенттикке бирдиктүү талапкер катары эки жолку тең революциянын “бульдозеру”, экс-депутат, экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров жылдырылды. Оппозициялык маанайдагы жыйынды эч бир маалымат каражаттары, телеканалдар чагылдырбагандыктан, жүздөгөн окурмандарыбыз А.Бекназаровдун сүйлөгөн сөзүнүн текстин жарыялоону өтүнүштү. Калыстыкты сүйлөгөн адамдарга сөз берүүгө биз дайыма даярбыз.

 

Урматтуу замандаштар!

 

Урматтуу чакырылган коноктор!

 

Мындан 26 жыл мурда биз туулуп өскөн, биз сыймыктанган, эң бир келечектүү, эң бир күчтүү деп эсептелген СССР деген өлкө ичинен ыдырап, 15 эгемендүү, көз карандысыз өлкөгө айланганы менин жана ушул залда олтургандардын көбүнүн эсинде. Ошол өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы дүйнөнү дүңгүрөткөн бул саясий окуялардын натыйжасында ошондогу Кыргыз ССРи эгемендүү, көз карандысыз Кыргыз Республикасына айланган.

Кыргызстандын эли 1990-жылдын июнь айында өлкөбүздүн түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалдын жарасы айыга электе эгемендик алган. Бүгүн Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмунун толук кандуу мүчөсү. Дүйнө жүзүндөгү Россия, Америка Кошмо штаттары,  Кытай, Германия, Франция, Англия, Бразилия, Индия сыяктуу улуу державалар менен теңата, эркин дипломатиялык мамилелерде турган Кыргызстан деген эгемен өлкөбүздүн бардыгы, анын эгемендүүлүгү,  илгертен, мурда эле өз тарыхы,  маданияты, каада-салттары, мамлекеттүүлүгү бар, түпкүлүктүү байыркы элдердин бири болгон биз - кыргыздар үчүн  көздүн карегиндей сактай турган байлык жана сыймык. Ар бир “кыргызмын, Кыргызстандын жаранымын!” деген инсан бул баа жеткис байлыкты, бул чексиз сыймыкты ыйык сактап, муундан-муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

 

Урматтуу мекендештер!

 

Ошол өткөн кылымдын 90-жылынын башында эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты саясий юридикалык, тарыхый документтер менен бекемдөө үчүн зор тарыхый эмгек жасаган, “легендарлуу парламент” деп элдик баага татыган 12-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттарынын, аларды колдоп, коомдук, жарандык аң-сезимдин ойгонушуна тасир берген КДК деп тарыхта  калган саясий кыймылдын мүчөлөрүнүн, ошондой эле легендарлуу парламенттин депутаттарынын, КДКнын талаптарына башында баш ийип, жаш эгемен Кыргызстандын бутуна туруп, өз алдынча алга кадам таштаганына  зор эмгек кылган 1-президент А.Акаевдин алгачкы жылдардагы эмгектерин акыйкаттык үчүн белгилеп жүрѳлү.

 

Алардын талыкпаган эмгектеринен, мекенчилдигинен ынтымак-ымалага келишип, тил табыша алганынан 1993-жылы 5-майда тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын эгемендиги өлкөнүн ичинде жана тышында чектелбеген, көз карандысыз өлкө,  эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы  (булагы) – бул Кыргызстандын эли деп, Кыргызстанды эгемендүү, демократиялык, укуктук,  мамлекет катары  дүйнө жүзүнө жар салган эң жогорку юридикалык күчкө ээ Конституциябызды кабыл алганбыз.

 

Ошол алгачкы баш мыйзамыбызды алып жатканда: “Биз, Кыргызстандын эли кыргыздардын улуттук жаңырышына... умтулуп, улуттук мамлекет идеясын жактаганыбызды ырастап..., улуттук каада-салттардын,  адеп-ахлактык асыл нарктарын жактаарыбызды билдирип,...  дүйнө элдеринин арасында биздин эркин жана демократиялуу жарандык коом экенибиздин таанылуусун бекемдөөнү каалап”,-деп бүткүл дүйнөгө жар салып, биздин өнүгүүбүздүн жолу ушундай деген максатты койгон элек.

 

Андан бери 24 жыл өттү. Нечен жолу ушул Конституцияга колдорун коюшуп, президенттер, депутаттар ант беришти.  Ушул жылдар аралыгында  Конституциябыз 11 жолу өзгөртүлүп, жаңыланып, үч президент, 6 Жогорку Кенеш, 30га жакын Өкмөт алмашылды. Эки жолу элдик революция болуп, биринчи жана экинчи президенттер “качкын”президенттерге айланышты. Эң кызыгы, жогоруда мен атаган 1993-жылкы Конституциянын преамбуласындагы улуу максаттар азыркы колубузда күчүндө турган Конституциябыздан орун таппай калганы болду.

 

Бул жалпы элге белгилүү тарыхый   фактыларды мен эмне үчүн айтып жатамын, себеби ошол сиздердин көбүңөрдүн эсиңердеги легендарлуу парламенттин депутаттары, сыртта турушкан КДКнын активисттери – президент институтун киргизүү, президенттик пост үчүн, ушунчалык драмалык абалда салгылашканын айткым, эстетким келип жатат.

 

Анткени алар Кыргызстандын келечегин кайсы бир саясий партияга, же саясий топко эмес, эл шайлаган мамлекеттин башчысы, башкы командачы, Кыргызстандын элинин атынан эл аралык мамилелелерде иш жүргүзүүчү,  мамлекеттин биримдигинин, конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын камсыз кылуучу, Конституция жана мыйзамдардын Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу менен эркиндигинин кепили, мамлекеттик органдардын, анын кызмат адамдарынын макулдашып иштешин жана биргелешип аракеттенүүсүн камсыз кылуучу катары бүт өлкөнүн, элдин тагдырын аруу тилек менен президентке беришкен.

 

Президент журт башы, кол башчы катары Кыргызстанды туура жол менен  алдыга баштайт деп үмүт артышкан. Ушундай ары жооптуу,  ары бийик, ыйык эң жогорку кызматты президенттерибиз 26 жыл ичинде элдин жана мекендин кызыкчылыгында аркалай алдыбы? Улутубуз кайра жаралып, жаңыландыбы? Улуттук мамлекет курдукпу? Улуттук каада-салттардын, адеп-ахлактын асыл нарктары сакталып, жалпы адамзаттын ыймандуулук принциптери коомубузда бекемделип жатабы? Эркин, демократиялык, жарандык  коомго айландыкпы? Мени ушул суроолор көп жылдан бери кыйнап келет. Албетте, жооп тескери болот.

 

Биринчи президент, ага ишеним көрсөткөн ошол депутаттарды, элди эмес, батыштан келген кеңешчилерди угуп, акырындап үй-бүлөсү менен өлкөнү башкарып калат деген эч кимдин түшүнө да кирбеген.

 

Эмне үчүн Бекназаров бардык президенттерге оппозиция, душман  болду?  Мен алардан байлык, бийлик, сыйлык сураган жокмун. Тескерисинче, андан баш тарткан учурларым көп болду. Болгону саясатчы катары Конституциядагы бекитилген, президенттерге эл тарабынан берилген, жогоруда айтылган ыйгарым укуктарды так аткарышын сурап, талап кылып келдим.

 

Урматтуу мекендештер, чакырылган  коноктор, жогоруда мен айткан  президенттик орунду дагы деле өтө бийик, өтө ыйык орун деп эсептеймин. Ошондуктан, 2005-жылкы, 2010-жылкы элдик революциялардан кийин менде президент болууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр болсо да, мен ага өтө жоопкерчилик менен мамиле кылып,  баарын таразалап, ага жулунган жокмун. Ыкка, ынтымакка көндүм. Элдин ынтымагын, өлкөнүн бүтүндүгүн жогору койдум. Бирок мен өзүм баш болуп колдогон президенттер мурдагы  Акаевдин жолуна түшкөндө, дароо эле 6 айга жетпей аларга саясий оппонент катары чыгып, революциядан кийин келген кызматтарыман кетирилип жаттым.

 

Жогорудагы жоопкерчиликтүү суроолорго көп жылдардан бери жооп издедим. Азыр Кыргызстандын 5-президентин шайлоонун босогосунда турганда да абдан көп ойлондум. Коомчулук каалап тургандай жаңы, жаш адамдар саясатка келсе, президенттикке аттанса, Кыргызстанды жаңы, туура жолго салса, саясий элитаны  жаңыласа, коомду коррупциядан, эки жүздүүлүктөн, саясий сойкулуктан, кошоматчылардан тазаласа деп кудайдан тилеп жүрдүм. Жөн эле тилек кылбай,  өзүм да 60ка чыгып аксакал болуп калдым. Ошондой чыгаан инсандарды таап, башын бириктирип, Бакайдын ролун аткарсам деп көп аракеттерди жасадым.

 

Чынын айтайын, мен Бакай эмес, 2005-жылкы Үсөн Сыдыковичтин ролун да аткара алган жокмун. Себеби, азыр президент болом деген саясатчы  жаштарыбыз 1-президент Акаевдин короосунда,  анын “жалпы үйүндө”, “жапайы прихватташтыруу”, “үй-бүлөлүк башкаруу” доорунда  жетилген, таалим-тарбия алган, “пулуң, бийлигиң болсо кулуңмун” деген принцип менен жашагандардан экен. Ошентип, акчага, бийликке гана сыйынышкан саясий карьераларын туруктуу позиция, идеялары менен саясий күрөштөрдө эмес, президенттердин, алардын жакындарынын тилип таап, кошоматчылык жолу  жана байлыгы, акчасы менен түптөгөн пенделер экен. Алар саясий  күрөштө жүрүп такшалбаган, этаптарды басып  өтпөгөн, ишенгени акча же бийлик  болгон кийинки муунга аксакал боло албадым.

 

Мен күзүндөгү Кыргызстандын 5-президенттигине болгон саясий күрөшкө аттанып жатып өзүмдү тээ илгери айкөл Манас доорунда Көкөтөйдүн Бокмуруну Каркырада аш берип, бир жагында кыргыз, экинчи жагында кытай-калмак туруп, ашта өткөрүлгөн көчмөндөрдүн оюндарында кытай-калмактар тарабынан  күрөшкө чыккан Жолой дөөгө кыргыз балбан таппай, каңырыгы түтөп, акыры күрөшкө өзү түшкөн Кошой бабабызга окшоп, намысты алып бере аламбы деп  кооптонуп турам. Мен үмүт эткен талапкерлердин ичинен “азыркы президент үзүрүн көрүп жаткан авторитардык режимдин партиялык түрүн сындырам”- дегенин укпадым, көрө албадым. Биринен өтө бири баягы эле Акаев, Бакиевди  мактаган ыр-жомок, “баары жакшы”, “президентибиз Атамбаевге урмат, сый, анын саясаты эң туура, мен аны улантам”,- деген андан да жаман ачык же кыйыр кошоматтарын угуп жатам.

 

Мен СДПКнын талапкери Сооронбай Шариповичти  туура түшүнөм, ал башка ой-пикирди  айтууга  укугу да жок, духу да жетпейт, бирок башкаларчы? Алардын таң калтырганы азыркы президент Атамбаевдин тарыхта “улут лидери” катары калгысы келип, башка тарыхый адамдарды “самозванка”, “динозавр”, канга тойбогон кузгун”, “морадер”  деп атап, өзүн “эки революцияны жалгыз өзүм жасагам” ж.б.у.с. окшогон саясатын колдоп жатканын билдиргени болду. Бул азыркы жаштарыбыздын кошоматчылык жактан өсүп жетилгенинен кабар берет. Аларды түшүнсө да болот.  Эгерде алар антип айтышпаса талапкер да болуп катталбайт да. 4-5 жыл мурда “келечекте президент болобуз” деп эрте аттанганы үчүн же “ушунун аброю өсүп бара жатат”- деп, эптеп-септеп шылтоо таап, жасалма иштер менен соттолуп, саясий аренадан четтетилген М.Мырзакматов, А.Келдибеков, Р.Сабиров ж.б.  ал эми бүгүн болсо Ө.Текебаевдин кейпин кийишип калышы абзел иш.

 

Ушул жерде баса белгилеп кетейин, А.Атамбаевдин доорундагы анын 5 премьер-министринин үчөөсү бүгүн президенттикке аттанышты. Менин жеке пикиримде алардын орду башка жакта эле. Алар кандай жагдайдын негизинде премьерликтен түштү эле, ошондо президент Атамбаев алар жөнүндө эмнелерди айтты эле, эстесек эле жетиштүү болот. Аларга салыштырмалуу А.Келдибеков же Ө.Текебаев “ангел” дебесек да, ага жакын болуп калат.

Ушундай саясий абалда, Кошой бабабызга окшоп “кыргыздын намысы үчүн” деп “жолойлорго” каршы күрөшкө түшүп, кокустан Кошойго окшоп үргүлөп кетсем, Манас бабабызга окшоп мага камчы чапчу кыргыз барбы? Же “Жолой дөө шымыңды тытып абийирин кетирбесин”- деп кандагай шым тиккен энебиз Каныкей барбы? - деп кооптонуп турам. Себеби, азыркы саясаттагы  кыргыз “баатырлары” түз, ачык күрөшкөндүн ордуна Дооронбек Садырбаев айткандай, “артынан сайганды”, күрөш учурунда  сатып, алдап, ойт бермейди, бирөөгө “учкашып” күрөшкөндү жакшы үйрөнүшкөн. Бирок, өзүмдүн өмүрлүк принцибимден кайтпай, “улутум кыргыз, урааным Манас!”- деп “жолойлор” менен күрөшүү үчүн бир жараткан Алла Талаага жана элиме ишенип  аттанганы турам.

 

Урматтуу мекендештер,  азыр эл арасында күндөн-күнгө заманбап технологиялар, чет элден ири суммадагы акчага келишкен акылман-технологдордун жардамы менен менин  “жолойлорумун” биринин рейтинги акча менен, экинчисиники бийлик менен, үчүнчүсүнүкү  “мени Россия, Казакстан жана башкалар колдойт” деген жасалма “ярлыктар” менен көтөрүлүп жатат. Ал эми меники болсо, өзүмдү рекламалай турган менчик теле, радиом, гезит-сайттарым жок, менин электоратым жайлоодо мал багып, кокту-колотто чөп чаап, же картошка, кулпунай, малина, помидор өстүрүп жүрүшөт.

 

Бирок талапкерлердин платформасында КР Президенти аткара турган иш-чара, идеялар эмес, өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарындагы иш-чаралар камтылганы да мени тынчсыздандырат. Эмне, иш жүзүндө  азыркы президент “улут лидери” катары жалпы мамлекеттик ишти башкарып, алар анын көлөкөсү болуп жүрөбү?!

 

Мен президенттикке талапкер катары өз платформамдын өзөгү мурдагы жана азыркы президенттер тарабынан узурпацияланып алынган мамлекеттин саясий системасын кайра  башынан, жаңыдан жүргүзүп реформалоо же Акаев куруп кеткен, президенттин үй-бүлөсү жана жакындары үчүн үй, ал эми калгандар үчүн жатаканадай болгон “Жалпы үйдү” Кыргызстандын элинин үйүнө айлантуу экенин жарыялайм.

 

Ал программа “6 жылда аткарыла турган негизги  кадамдар”- деп аталат.

 

1. Мен улуттук жаңылануунун, улуттук мамлекет куруунун, улутубуздун маңкурттук сезимден көтөрүлүп, өлкөнүн, мекендин бийликтин  ээси катары жоопкерчиликтүү, намыстуу сезимге өтүүнүн, кыргыздын каада-салты, асыл-наркы, башка улуттук баалуулуктары, элибиздин күнүмдүк тиричилигинде, үйүндө, көчөдө, той-тамашада эле эмес бийлик бутактарында да заманбап колдонулуп өсүп-өнүгүшүндө, өлкөбүздө мамлекеттик тилдин толук кандуу иштешин камсыз кылууга, коомду коррупциядан, саясий сойкулуктан, саясий элитаны алып сатарлардан тазалоодо бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун, жоопкерчилигин, камсыз кылууда жана  укуктук мамлекет куруу үчүн  24 жылда 11 жолу жамаачыланган, беренелери бирине-бири карама каршы келген азыркы Конституция укуктук база болуп бере албайт, деп эсептеймин.

 

Ошондуктан эгерде мени кудай колдоп, кыдыр жолдоп, кыргыз эли мага ишенип президент болуп калсам, биринчи кадамым - конституциялык реформа болот. Албетте, азыркы Конституция боюнча президенттин башмыйзамды өзгөртүүгө укугу жок. Бирок, мамлекет башчысы катары Жогорку Кенештин депутаттары менен биргеликте 11 жолу жамаачыланган Конституцияны ондоого саясий эрким, акылым, күчүм жетет. Жолун табам.

2018-жылдын башында жаңы Конституция кабыл алуу, анда оболу “башкаруунун кайсыл түрүн тандайсың?”- деген элден суроо-жооптор алынуу үчүн иш-чара башталат. “Элге башкаруунун кайсы түрүн тандайсың: президенттикпи же парламенттикпи?”- деген эки гана суроо берилип, сурамжылоо коюлат.

 

Эл президенттик башкарууну же парламенттик башкарууну колдосо, ошого жараша Конституциянын долбоорун иштеп чыгуучу адистерден турган жумушчу топ Жогорку Кенеш менен биргеликте түзүлөт. Эл башкаруунун президенттик түрүн жактырса, президент эл тарабынан шайланган, бир эле мезгилде мамлекет жана өкмөт башчысы да болууга тийиш.  Премьер-министр институту жоюлат. Президент бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, эл алдында жооп берет.

Эл сурамжылоодо парламенттик башкарууну колдосо президент Жогорку Кенештин депутаттары менен бирге элдик курултайда шайланат. Өкмөттүн ишине таптакыр аралашпайт. Башкаруунун кайсы түрү болбосун Жогорку Кенештин депутаттары 60ка азайып, жарымы (партиялык) пропорционалдык түрдө, жарымы можаритардык система менен шайланууга тийиш.

Башкаруунун кайсы түрү болбосун Конституциянын “мамлекеттик түзүлүш” деген бөлүгүндө Жогорку Кенештин, президенттин, башка мамлекеттик органдардын  жетекчилеринин  ар жылдык отчетун алуучу жана баалоочу Элдик Курултай институту багыттоочу жана көзөмөлдөөчү саясий-коомдук орган жана элдик демократиянын символу катары  киргизилет. Элдик Курултайда президент, Жогорку Кенеш ж.б.  мамлекеттик органдардын жетекчилери жыл сайын отчет берет, Элдик Курултайдын чечиминин милдеттүүлүгү Конституцияда бекемделет. Же болбосо  Элдик курултай институту бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин, эл менен бийликтин байланышын чыңдоо, коррупциядан тазалануу, авторитаризмден арылууга ж.б. шарт түзөт деп мен терең ишенем.

 

2020-жылдын сентябрь айына чейин жаңы Конституция боюнча элдик талкуу, долбоорлорду даярдоо ж.б. иштерди Жогорку Кенеш менен биргеликте аяктайбыз. 2020-жылы күзүндө жаңы Конституция Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынат. Референдум аркылуу Конституция кабыл алуу биротоло токтойт. Жогорку Кенеш мыйзам чыгаруу, Өкмөт  аткаруу же чарбалык иштер менен иш алып барат.

 

2010-жылдагы Конституция менен биз сотторду партиялаштырып салдык. Азыр сотторду  Жогорку Кенештеги көпчүлүк жана оппозиция  фракциялары тандап калды. Ошентип судьялар Жогорку Кенештеги фракцияларга, жана Президентке көз каранды. Муну ондоп соттордун көз карандысыздыгын ошол эле учурда жоопкерчилигин күчөтүү керек 1-жана 2-инстанциядагы соттордун судьяларын улуттук кенештин сунушу менен райондун эли тарабынан шайлоонун механизмин иштеп чыгабыз. Азыркы президент Конституцияга каршы болсо да өзү түзуп алган АКС, Коопсуздук Кенеши сыяктуу президенттин алдындагы органдар жоюлат. Мага андай карателдик органдардын кереги жок. УКМК өзүнүн коопсуздук, ички, тышкы чалгындоо иштерин, прокуратура  көзөмөлдөө, милиция  коомдук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү иштерин жүргүзөт. Өзүнчө тергөө комитетин түзүү мезгилдин талабы. Соттор сот адилеттигин,  тараптар тандаган сот арачачылары менен жүргүзөт. Мамлекеттик түзүлүш  реформасы аягына чыгарылып, бийликтин шайлоосу үчүн гана  сакталып жүргөн областтар жоюлуп, ириленген 30га жетпеген райондор түзүлөт .

 

2. Кыргызстанда мамлекеттин эгемендүүлүгүн  чындоо, элдин биримдигин, ынтымагын бекемдөө.

Ал үчүн  эгерде мен президент болуп шайланып калсам Кыргызстандын эгемендигине шек келтирип же элдин ынтымагына, улуттун кайра жаңылануусуна терс таасирин тийгизген жана туура келбеген, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган же Кыргызстан бир тараптуу тааныган эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, коммерциялык келишимдерге инвентаризация өткөрүп жана Кыргызстанда жарым легалдуу же жашыруун аракеттенген ар кандай диний секталарга, бейөкмөт уюмдар жана фонддорго катуу көзөмөл жүргүзүүнү өзүм колго аламын. Батыштан таңууланып жаткан “адам укуктарынын” биздин улуттун ѳзгѳчѳлүгүнѳ, менталитетине туура келгени гана калтырылат.

 

3. Кыргызстанда  жагымдуу инвестиция  климатын түзүү  боюнча  кадам. Кыргызстандын экономикасы эркин инвестиция келгенде жана ѳлкѳбүздѳ бекем тартип орногондо гана ѳнүгѳт. Бул иш-чара боюнча Жогорку Кенеш өкмөт менен биргеликте иш алып барат. Кыргызстанда иштеп жаткан же Кыргызстанга келем деген ар бир инвестор бүгүн сөзсүз президенттин, өкмөт башчысынын же Жогорку Кенештин кайсы бир фракция башчысынын “батасын алуу” үчүн  адам, “крыша” издейт. Бул жаман жорук өнөкөткө айланган. Ансыз Кыргызстанда эч ким иштей албайт.

Мен мамлекет башчы катары  чет элден келишкен инвесторлор кайсы бир адамды эмес,  алар Кыргыз Республикасынын мыйзамын издеп, окуп, түшүнүп, ошону менен иштей турган климат түзүүгө аракет жасаймын.

Айыл чарбасына, Чакан ГЭС, айылдагы канал, көпүрө, жол, ФАП, мектеп ж.б.  шаар, айылдардан иш кылам деген инвесторлорду түздөн-түз тийиштүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  органдарына тартуу үчүн  мыйзам деңгээлиндеги ыйгарым укуктарды аларга берүүнү ишке ашырамын. Тилекке каршы бүгүнкү күндө айылдарда кичинекей обьект куруу үчүн да өкмөттүк деңгээлде уруксат берилип, тендерлер өткөрүлөт.

 

4. Эгерде мен президент болуп шайланып калсам, мамлекеттик бийлик президенттен тартып, айыл өкмөт башчысына чейин элдин көзөмөлүндо болуу үчүн телевидение, радио, башка ММКлар аркылуу ар жылдык отчетумду берип турамын. Ал отчеттун ар бир айыл өкмөттө, мэрияда  өткөрүлүүчү элдик курултайда талкууланып, бааланышын өзүм суранам. Ошентип башка чиновниктерге үлгү болом. Алардан да талап кылам.

 

5. Өлкөбүздү, коомубузду коррупциядан арылтуу кадамы. Мен бул көйгөйлүү  проблеманы нечен жолу  көтөрүп, айтып, күрөшүп, жүздөгөн адамдарга жаман көрүнүп келген адам катары  ичинен жакшы билемин. Менин докторлук диссертациямдын темасы да ушуга арналган. Коомубузду, өлкөбүздү коррупциядан тазалоонун эң бир туура жолу бул мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын, коомерциялык уюмдардын, чет элдик инвесторлордун ж.б. иштеринин ачык айкындуулугу болот.

 

Мен азыркы бийликтин “Таза коом” программасын колдойм, бирок ал жетишсиз.  Ал программа аткаруу бийлигиндеги  тейлөөчү, фискалдык органдарга гана тиешелүү болуп калган. Ошондуктан электрондук санариптик өкмөт деп аталат. Аны 40-жылга чейин ѳткѳрүүнү, ал үчүн чет элден акча алуунун кажети жок. Эсиңердеби, Ю.Андроповдун 6 айлык иши? Тазаланууну саясий кызмат адамдарын өздөрүнөн баштоо керек. Ар бир жетекчи, кызматчы президент же айыл башчысы же жөнөкөй инсан тазаланууну өзүнөн баштаса ишке ашат. Мында И.Раззаковдун кеменгер сөзүн туу тутуу керек.

 

Коррупция менен күрөшүүнү биринчи кезекте президент, Жогорку Кенеш өзүнөн, өзүнүн айланасынан баштаса, мисалы бүгүн Атамбаев тазаланууну өзүнөн, өзүнүн партиясынан мурдагы шофер, жардамчыларынан баштаса эл көбүрөөк ишенмек. Анткени ар бир региондо СДПКнын өкүлүмүн деген “смотрящийлер” бар экенин эл көрүп турат. Мисалы Ошто “Матраимчилер”, Жалал-Абадда “шоопурдун шоопуру”, Ысык-Көлдө “Данчик’ деген жаны “Акматтар” пайда болгонун, алар СДПКнын атынан кадр маселелерин илгерки Акматка (Бакиевке) окшоп чечип, мамлекет жасаган ишти да “мен жасаттым” дешип, бир чуңкурга топурак төгүлсө да “СДПК төктү” деп, жеке Атамбаевдин партиялык-тоталитардык режимин пайда кылып, даназалап, СДПКны, Атамбаевди  элге жек көрсөтүп жүрүшөт. Алар 6 жылда СДПКнын партиялык коррупциясын жаратышты.

 

Мамлекеттик кызматчыларды, айрыкча мугалим, врач, сот, тергөөчү, башкаларды пара алып жаткан жерден президенттин жеке өзүнүн карателдик органы болгон АКС тарабынан кээде  атайын  “подстава” кылып кармоо бул  коррупция менен күрөшүү эмес. Коррупция менен күрөшүү үчүн анын тамырын, себебин изилдөө, табуу керек. Мугалимдердин, врачтардын, милиционердин ж.б. бул тармакта иштегендердин  айлыгы айлык керектөөсүн камсыз кыла албаса,  албетте кээде муктаждыктын айынан кылмышка барып жатышат. Ошондуктан коррупцияны жазалоо жолу менен эмес, күнүгө эл менен иштеген тармактагылардын айлык маянасын   керектүү деңгээлге жеткирүү менен алдын алса болот.  Ага каражат табуунун  кыйынчылыгы деле жок. Анткени азыркы бийлик өзү “көмүскө экономикабыз 40 пайыздан ашып кетти”- деп  сайрап келе жатат.

 

Мен президент болсом ар бир врач,  мугалим, тергөөчү,  милиция кызматкери ж.б. мамлекеттик жана муниципалдык, социалдык  кызматкерлер пара албай үй-бүлөсүн өзүн кенен баккан айлык ала турган иш-чараны өкмөт менен биргеликте иштеп чыгамын.

 

Тилекке каршы “коррупция  менен күрөштүк” деп мактанып жатышканы менен мурдагы бийлик учурундай эле Атамбаевдин бийлигинде да ири коррупциялык схемалар сакталып, иштеп жатат. Алар “Кумтөр”, “Жер-Үй”, ж.б. кен байлыктар, арест салынган, улутташтырылган  обьектилердин жең ичинен кайра ѳз жакындарына берилиши. Мисалга, Бишкек арак-ликер заводу, бир нече коммерциялык банкттар, АУБ,  Крисстал, “Ала-Тоо” мейманканасы, “Нарын” рестораны ж.б. Ал эми Батукаевдин  мыйзамсыз чыгарылышы, жасалма кылмыш иштерди козгоо коррупциянын туу чокулары болуп эсептелет. Ар бир Кыргызстандын  жаранынын Конституциялык укугун чектеген  анын паспортундагы  улутун аныктаган графанын алынып салынышы да сырттан келген коррупция болуп эсептелет. Эгерде сырттан чечилип, жогорку денгээлдеги кызмат адамдары биргелешип коргоп, А.Батукаевди өлкөдөн салтанаттуу узатып, улуттун намысын тебелесе эми улуттун паспорттон ѳчүрүлүшү түпкүлүгүндѳ улутту жок кылуу болот. Мен ар бир жарандын кайсы улуттан экендигин өзү ачык, эркин көрсөтүү укугун кайра ордуна келтирем.  

 

6. Акча-кредит саясаты. Эгерде мен президент болуп калсам, 2018-жылдан баштап акча-насыя берүүнүн алтернативдик түрүн, мисалга, ислам принцибин  киргизүүнү мыйзам денгээлинде ишке ашырамын. Акыркы он жылда 600 миңден ашык жараныбыз жергиликтүү чиновниктерибиздин жеке банктарынан насыя алышып, алардын жашыруун алдоосуна туш болушуп, миңдеген жарандарыбыз үй-жайсыз көчөдө калышкан. Анын кесепетинен  жүздөгөн жарандарыбыз өз өмүрлөрүн кыйып, үй-бүлөлөр бузулуп, үй-жайсыз калган  көчө адамдарынын саны кескин өскөн. Мен бул боюнча акыркы эки жылда бир нече мыйзам долбоорлорун даярдап, кредит алгандардын колуна бердим, бирок алар колдоо тапкан жок. Анткени ири банк ээлери ошол жерде олтурушат. Азыркы насыя берүү практикасын реформалоо үчүн, ондогон мыйзам өзгөртүлүүгө жатат. Жогорку Кенеш менен биргеликте муну чечүүгө билимим, тажрыйбам жетет.

 

7. Улуттук аң-сезимдин, жан дүйнөнүн революциясын жасоо. Элде сөз болуп келе жаткан үчүнчү революцияны мен “жан дүйнөнүн революциясынан баштасак” деп акыркы жылдары  айтып келе жатамын. Биз эмне үчүн онолбойбуз, эмне үчүн турмушубуз жакшырбайт? Эмне үчүн  байлар менен карапайым элдин ортосундагы ажырым улам алыстап бара жатат? Эмне үчүн Конституцияда так жазылган бирден бир бийликтин булагы болгон эл  бийликтин куралына, алардын өз максатына жетүүдөгү материалына айланып калды? Эмне үчүн алдым-жуттумдар, кошоматчылар, эшик сагалагандар ж.б. көбөйдү?  Мүмкүн бул суроолорго жооп Курани каримдеги “оболу ѳзүң ѳзгѳрүлбѳсѳң, Алла сенин турмушуңду ѳзгѳртпѳйт” деген туура сөздү эстесек туура болоор. Мындан 1400 жылдай мурда араб коому, азыркы бизге окшоп бузулуп турганда, пайгамбарыбыз Муххамед-алейхисалам, өз хадисинде “Эй момун мусулмандар, өзүңөр кандай болсоңор, өзүңөргө окшош үстүңөргө падыша келет”- деп коомун туура жолго үндөгөн экен. Эгерде биз президенттик шайлоодо кайсы бир бай, шылуун талапкердин акчасына сатылсак же күнүмдүк, утурумдук кылган ишине, жалган убадаларына алдансак, албетте саткын, алдамчы президенттер келет да үстүбүзгө. Ошондуктан президент тандоодо акчасына, бийлигине, куру убадаларга, күнүмдүк утурумдук иштер менен эмес өзүңдүн, бала-чакаңдын, мамлекеттин, жалпы элдин келечегин ойлоп келечектүү, түбөлүктүү нерселер үчүн аң-сезим менен шайласаңар утулбайсыңар.

 

8. Эгерде мен президент болуп калсам, бир жылдын ичинде Кыргызстандагы  ички инвесторлордун тизмесин аныктап, таап, алар менен иш жүргүзөм. 2010-жыл ичинде эле жүздөгөн миллиард сомдук инвестиция таап өкмөткө жардам берем. Азыр Акаевдин “жапайы прихватизация”  учурунда  элдин байлыгын, завод-фабрикаларын, жерлерди  жана сырттан келген кредиттерди бөлүп алышкандар өздөрүн миллионер, олигарх атап жүрүшөт. Мисалга, бир иниме 2018-19-жылдар ичинде 30 миң орундуу заманбап стадион курдурам. Эмне үчүн ал иним стадион курат, өзү түшүнөт. “Ала-Тоо” мейманкансын алгандар мамлекетке бекер мейманкана, “Нарын” ресторанын алгандар эл, жетим-жесирлер үчүн ресторан курат, завод-фабрикаларды алгандар чакан болсо да завод-фабрикаларды. Бишкек арак-ликер заводун алгандарга бекер алкоголсуз сууларды чыгарган завод, банктарды ээлегендерге ислам принцибиндеги насыя бере турган банктарды курдурса болот. Кабат кабат үйлөрдү салып жаткандарга мугалим, врачтар үчүн жеңилдетилген шарттар менен көп кабаттуу квартираларды курдурса болот. Ага тажрыйбам бар. Мисалы, 2010-жылы Максим Бакиевдин чөнтөгүнө кетчү акчага Жал кичи районуна 7-апрелде окко учкандардын үй-бүлөлөрү үчүн эки көп кабаттуу үй курганбыз.

 

9. Саясий куугунтук, сөз эркиндиги

 

Азыр президенттик жарышка киргизилбей жаткан А.Келдибековдун, камакта жатышкан Б.Талгарбековдун тобунун, Б.Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Э.Карыбеков, Саруулук азаматтардын, Д.Чотонов, Ө.Текебаевтердин, С.Жапаровдун үй-бүлөсүнүн көргөн азап-тозогу кайталанбашы керек. Мен президент болсом Атамбаевдин доорунда ѳнѳкѳткѳ айланып, жасалма токулган кылмыш жана жарандык иштер боюнча  айыпка жыгылышкан журналисттердин иштерин ондоп каратууга шарт түзүп берем. Бул маселе боюнча да тажрыйбам бар. 2005-ж менин демилгем менен Т.Тургуналиевдин, Ф. Куловдун, ж.б. ондогон иштери, 2010-жылы И.Исаковдун, Балыкчыда соттолгон 19 адамдын, Э.Булекбаев, С.Аргынбаев, И.Кадырбеков ж.б. иштери ондоп каратылган. Саясий куугунтук токтотулат, саясий оппонеттер менен тил табышуу практикаланат. Сөз эркиндиги боюнча көзөмөл бир гана мамлекет тарабынан каржыланган ММКларга болушу мүмкүн.

 

10. Мен Кудай буйруп, президент болуп шайланып калсам, Кыргызстанда элди башкарган эмес, элге кызмат кылган, өз иши боюнча элге отчет берген, жөнөкөй, эл ичинде (кайтаруусуз) жүрүп калган чиновниктердин жаңы армиясын түзөм. Чиновниктер жөнөкөй, элге жакын, калыс болсо, эл да өзгөрөт, бийликке болгон ишеним артат. Эң башкысы мен чиновниктерди президентке, анын жакындарына, партиясына эмес, элге кызмат кылууга  кайра тарбиялайм, өзүм үлгү болом. Ошентип Акаев куруп кеткен “общий дом” кыйрайт.

 

11. Тышкы саясатта биринчи кезекте кошуна жашаган мамлекеттер менен тарыхый бир туугандык байланышты  кайра чындоого, чек араларды ачууга аракет кылам.

Эки кылым тагдырлаш, бир өлкө болуп жашап келген Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп кала берет. Ошол эле учурда биз өзүбүздүн мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, сырткы саясатта эч кимге көз карандысыз, эгемен болуп, “нейтралитет” статусу менен айрыкча экономикалык тармакта иш алып барышыбыз керек.

Азыркы ааламдаштыруу саясатында  башка элге сиңип жок болуп кетпеш үчүн Кыргызстанда  бир гана мамлекеттик тил  - мамлекеттик иш кагаз иштеринин тили болот. Ар бир мамлекеттик уюм, ишкана, чиновник, мамлекеттик тилде сүйлөөгө, иштөөгө, документтерди даярдоого милдеттүү болушу керек.

Ал эми дүйнө тилдери болгон англис, орус тилдери БУУнун тили катары бала бакчадан тартып ЖОЖдорго чейин мамлекеттик тил менен катар  милдеттүү  окутулуусу зарыл.

 

Урматтуу мекендештер, 

 

Күзүндө президенттик шайлоодо өз жеринде үчүнчү сортко айланган улуттук-мекенчил күчтөр үчүн, акчага, бийликке таянган талапкерлер менен азыркы бузулган коомдо теңме-тең ат салыша албасы белгилүү. Бийликтин талапкери Кореянын кара ящигине, компьютерге ишенсе, экинчиси акчасына, үчүнчүсү артында турган  чет элдеги кожоюнуна ишенет.

 

Биз болсо намысын  жогото элек карапайым элге ишенебиз. Мен шайлоодо элге: “мени, Бекназаровду шайлагыла” деп барбайм, ондогон, жүздөгөн мекенчил күчтөрдүн элге сунуштаган улуттук идеясын колдогула деп барам. Кыргызстан биринчи кезекте кыргыздар үчүн керек. Бир кезде Акаев “общий домго” айланткан үйдү кайра ондоп, жалпы Кыргызстандыктардын улуттук үйүнө айлантуу учуру бышып жетилди деп ойлоймун.

 

Эгерде биз бирге, бекем болсок, туруктуу болсок, элге идеябыздын тууралыгын жеткире алсак жеңиш биздики болот.

 

Мен сиздерге талапкер катары сиздердин, элдин колдоосу менен саясий күрөштө эрктүүлүктү, өжөрлүктү, чечкиндүүлүктү көрсөтөм, бекем орногон авторитаризмди сындырып өлкөнү арам, адашкан жолдон, туура, улуттук жана укуктук жолго алып чыгууга билимим, тажрыйбам, духум, күчүм да жетет. Аны нечен жолу иш жүзүндө далилдегем, болгону бири-бирибизге ишенүү, таянуу керек.

 

Быйыл кыргыздарды геноцидден (тукум куруттан) сактап калган Октябрь Революциясынын 100 жылдыгы 7-ноябрда белгиленет. Биз да шайлоо компаниясын 2017-жылдын 17-сентябрында Ала-Тоо аянтынан баштап ошол аянтта эки майрамды 7-ноябрда белгилѳѳнү Кудайдан тилейли.

 

Мени колдоп келгениңиздер үчүн терең ыраазылык билдиремин!

 

2017-ж. 17-июль.

Кожомкул атындагы Спорт сарайы.                                                               

 

Тема: