Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 864

Шаардык кеңештерге шайлоолор эмнеге бийликтин катуу көзөмөлүнө алынууда?

 

Көптөн бери коомчулуктагы табышмакка айланган “Атамбаевдин мураскери ким болот?”- деген суроого 17-майда жооп табылды. Бирок, айрым маалымат булактары белгилегендей, КСДПнын тандаган бул талапкери акыркысы болбошу мүмкүн. Бир айдын ары-берисинде дагы бир талапкер чыгарышып, президенттик такты ага таандык болушу ыктымал. Ал эми Сооронбай Жээнбековду жөн гана “коомчулуктун көңүлүн чыныгы талапкерге жеткирбей, алаксытып турууга ыңгайлашкан фигура”- дешет.

 

17-майда КСДП фракциясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүп, президенттикке талапкерин тандап, жарыялашты. Алардын чечими менен бул жооптуу милдетти учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков артынды. Анын президент Атамбаевдин ишенимдүү жакын досторунун бири экенин эске алганда, мындай чечим ашыкча таң калууну деле жаратпашы керек.

 

Сооронбай Жээнбеков ким?

 

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтарда тепкичтен тепкичке көтөрүлүп, бардык даражаны басып өткөнү менен дүрт эткен жалын болуп чыга албады. Ал жалаң атка минерлерден куралган үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары гана таанымал болбосо, өз алдынча алгылыктуу иши менен оозго алынган эмес.  Өмүр баянын барактаганда, анын бир катар жооптуу кызматтардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты, болгондо да легендарлуу парламенттин катарында отурганын, Ош облусунун губернатору болгонун эске саласың. Журт кызыкчылыгын, мамлекеттин пайдасын көксөгөн атка минерлерде сөзсүз кызматтык тепкичтеринде бир жолу болсо да бийлик менен каршылык жаралат. Же, кайсы бир маселеде өз пикирин катуу айтып чыгуусу менен эл эсинде сакталат. Ал эми Жээнбековдун өмүр баяны ушул жагынан тынч. Канча кызматта отурса да, дабышы билинбей, кылдыратып өз оокатын өткөрүп жүргөндөй таасир калтырат. Жакындан билгендер анын эч ким менен конфликтке барбаган сыпайы мүнөзүн кеп кылышат. Сыпайы мүнөзүнөнбү, же каршылаш болуп, кызмат орунунан айрылганча, айдаган жакка басып, айтканды оң көрөбү – айтор, ашыкча дабышы чыкпады.

 

Атамбаевдин келечегине кепилдик

 

Атамбаев канчалык “мен мураскер даярдабайм” деп айтканы менен, ал артына  ишенимдүү кишисин бийликке калтырып кетээрин коомчулук жакшы билген. Таза шайлоо өткөрүп,чыныгы атаандаштардын жарышын камсыздап берүү үчүн таза аракет керек. Артында былыктары былтыйып жаткан бир да бийлик, көздөй кишисине башкы орунду табыштабай кете албайт. Корко турганы жок адам гана, өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, жарык жүзү менен жарыштан чыгат.

 

КСДПнын талапкерин жакшы билгендердин айтымында, 1995-жылдары Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго, Иса Өмүркуловго баарына окшош “Вольга” үлгүсүндөгү автоунаа белекке берип, “бири-бириңерге эриш-аркак болуп, катар жүргүлө”,- деген насаатын айткан экен. Ага ишенсек, нечен жылдан бери келаткан достук - учурдагы президент бийликтен кеткенден кийин дагы, анын байлыгы жана өзү үчүн толук кандуу коопсуз болоорунун кепилдиги болуп берет. Жээнбеков премьер-министрликке адеп келгенде эле коомчулукта Атамбаев өз ордуна даярдаш үчүн кызмат секисине көтөргөнүн божомолдогон пикирлер жаралган. Божомолдор чын чыгып, Жээнбеков талапкер катары расмий жарыялангандан кийин да,   ишеним болбой, мунун артында КСДПнын дагы бир камдаган оюну бардыгынан шектенгендер да толтура. Бул эл ишениминен жедеп аталган партия алыс калганын далилдеп тургансыйт.

 

КСДП үчүн ыңгайлашкан мыйзамдар

 

Атамбаев буга чейин бийликтен кеткенинен кийин бир аз эс алып, андан соң 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып, КСДПнын шайлоо кампаниясын жетектей турганын жарыялаган. Андан мурда президент бийликтен кетүүгө эки көзү төрт болуп, мөөнөтү бүтөөрүн күтүп, араң чыдап атканын айткан. Президенттик аппарат болсо, Атамбаев бийликти тапшыраары менен гитарасын колго алып, чыгармачылыкка баш-оту менен киришээрин да жар салып жиберген. Кайсынысына ишенүү туура болоору белгисиз, бирок, акыркы убактагы саясий өңүттөгү аракеттерди эске алганда, Атамбаевдин концерт койбой эле, саясий сахнадан кетүүгө кымындай да ою жоктугун түшүнүүгө болот.    

 

КСДПнын  мамлекет бийлигин бир канча жылдарга алаканында кармоого ниети бардыгы байкалат. Ошондуктан, алар кандай жол менен болбосун, президенттик шайлоодо өз талапкерин өткөрүүгө аракеттенет. Кейиштүүсү, эгер коомчулук тараптан чечкиндүү каршылык болбосо, пландары аткарылат. Анткени, жер-жерлердеги бийликтин басымдуу бөлүгү эчак КСДПнын колуна өткөн, мамлекет башында бул партиянын башчысы отурат. Демек, кайсы жакты караба, алар үчүн жашыл жарык күйүп турат. Буларга элдин үнү, нааразычылыгы чымын чакканчалык тийбей калгандыктан, акыбалды кайсы жерден болбосун өздөрүнө тууралап, камырдан кыл сууругандай чыгып кетишээри жашыруун эмес. Мыйзамдуулук дегенибиз менен учурда Кыргызстан мыйзамы КСДПга ыңгайлашып калган. Алар мыйзамга эмес, мыйзам алар үчүн иштеп калган чак.

 

Админресурс Жалал-Абадда өзгөчө колдонулууда...

 

Эзелтен административдик ресурс шайлоолордо колдонулуп келген. Бул бийлик аны эки эсе күчөтүп пайдаланууда. Саясатчы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Жалал-Абад шаарынын шаардык кеңешине жакында болчу шайлоого аткаминерлердин бир даары талапкер болуп аттанышкан. Алардын баары так ушул КСДП партиясынан. Ээлеп турган кызматтарын өткөрүп берүү ниеттери жок, жөн гана талапкерлер тизмесинде жазылып, болгон күч-аракетин жумшап, кызматын да, башкасын да пайдаланып, шаардык кеңештен КСДПга мандат алып берүүгө жан үрөшөт. Мындай көрүнүш бир гана Жалал-Абад шаарына таандык болбосо керек. Алты жылдан бери өлкөдөгү көрүнүктүү орундарга акырындык менен “ксдп-чылар” жылып келип, жайгашышты. Мугалим, дарыгер сыяктуу мамлекеттик бюджеттин көзүн караган кызматкерлер бийликке шайлоо учурунда мыкты куралга айланышат. “Таза шайлоо” деген ураанды жүздөрүнө калкалап, административдик ресурсту болушунча колдонуп, жыйынтыгында “Эл бизге 100 пайыз ишеним көрсөттү”- деп ураалап чыгуудан да кайра тартышпайт. Мындай нерсе буга чейин да болуп келген. Парламенттик шайлоодо КСДПнын алдыга чыгышы көпчүлүк үчүн күтүлгөн нерсе болгону менен таң калууну жараткан. А алар болсо дегеле “шайтан оюндарды” колдонуп көрүшпөгөнсүп, акыйкаттык менен парламентке көч башында өткөнүнө корстон болушкан. Андан бери эки жыл өтү, бул убакыт аралыгында КСДПнын пайдубалын бекемдеп, жер-жерлерге тамырын кенен жайды. Баса, парламенттик шайлоодо президент өзү да бул партиянын үгүт иштерине аралашкан. Мыйзамда президент эч бир партиянын мүчөсү болбошу керек жана талапкер болгон партиялардын баарына тең салмактагы мамиледе болуусу керек деп жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбады. Үгүт мезгилинде конкреттүү партияга жан тартып сүйлөгөн президент мыйзам чегинде жоопкерчилик да албады. Мындай көрүнүштөр  быйылкы президенттик шайлоону да четтеп өтпөйт.

 

Кайрадан башкатырма: чынында Атамбаев эмнеге Жээнбековду тандады?

 

Биринчиден, Жээнбеков алсыз фигура. Жогоруда айтылгандай, кызмат тепкичтерине туруктуу көтөрүлсө да, амбициясы байкалган эмес. Бул, демек, өлкө башына келсе да, өз алдынча иш алып барбай, көшөгө артындагы жооптуу киши менен акылдашып, анын айтканын оңой аткарууга жол түзөт. Президенттин Конституцияны өзгөртүү аракетине баам салган айрым саясий серепчилер: “Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да ак сарайында жатып алып, мамлекетти башкаргысы келүүдө”,- деген пикирлерин ортого ташташкан. Жээнбековдун талапкер болуп тандалышы ошондогу ойлордун тууралыгын билдирип турат.

 

Экинчиден, чындыкка үңүлө турган болсок, КСДПнын катарынан президенттик жарышка чыгууга татыктуулардан Жээнбековдон өтөөрү жок. Кантсе да, мамлекеттик кызматтардын бардык баскычтарын басып өткөн, тажрыйбалуу көрүнгөн адам. Анан да кичи мекени – түштүк жергеси. Моюнга алгыбыз келбесек да, шайлоодо өлкөнүн географиялык абалы да негизги ролду ойноп коерун билебиз.  Муну менен Жээнбековдун талапкерлигине басым жасагандар, түштүк шайлоочуларын сооротуп, өздөрүнө шарт түзүүнү көздөшкөн.

 

Калган “ксдп-чылар” базардан, башка жактан келген, капчыгы толо, бирок, билими жука экени көпчүлүккө маалым. Парламентте кимдир бирөөнүн кол баласына айланып, жатталган сөздү сүйлөп, көрсөтүлгөн кнопканы басып отургандарына сыймыктанышат. Алардын фонунда Сооронбай Жээнбеков атан төөдөй өйдө көрүнөт да. 

Атамбаев эч убакта өзүн КСДПдан бөлүп көрсөткөн эмес. Бийлик башына келгенден кийин да бул партия аныкы экенин аныктап айтып, дагы деле тизгини өз колунда экенин жашырбаган. Мындан улам, президенттикке талапкерди чыгаруу партиянын саясий кеңешинин эмес, президенттин түздөн-түз чечими менен болгону айкын. Демек, КСДП Кыргызстан үчүн эмес, Атамбаев үчүн ыңгайлуу талапкерди тандады.

 

Биздин бийликтин “фантазиясы” абдан өнүккөндүктөн, кайсы бир нерсени “жок, аткара албайт” деп айтуу кыйын. Каалаган нерсесин мыйзамга да, элдин нааразычылыгына да карабай, ишке ашырууга жөндөмдүү. Быйылкы президенттик шайлоо алардын планынын негизинде өтө турган болсо, Кыргызстанды дагы далай жылдар “базарчылардын” армиясы башкараары анык.

 

Жаныбек Исраилов

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: