Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1339

Табылды Акеров: "Бийлик менен “ата-мекенчилердин” таймашы бийликтин этегин же тагыраак айтсак көчүгун ачып, бардык кылмыштык аракеттерин коомчулукка ачыктап, анын абийирин төгүп жатат"

 

2017-жылда боло турган президентик шайлоолор жакындаган сайын саясий абал курчуй баштады. Бүгүн президенттикке аттана турган саясатчылардын аттары атала баштады. Мисалы, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаевдер алды менен бул шайлоолорго катышаарын билдиришти. Бирок, ошол эле учурда айрым саясатчылар өзүнчө форумга биригип, алды менен президенттик шайлоолорду демократиялык негизде жана таза өткөрүү маселесин көтөрүп, биринчи отурумун 13-февралда, экинчи отурумун 27-февралда “Ак кеме” мейманканасында өткөрүштү.  Алар бул шайлоолорду таза өткөзүү  жана  мураскер операциясына биргелешип каршы туруу маселелери боюнча биригип жатышканы дайын болууда.  Мына ушундай окуялардын фонунда бийлик менен “ата-мекенчилердин” тиреши күч алууда. Президент Атамбаев Европа сапарында да бул маселелерге кайрылып, саясий абалга кызыгуу  арбыды. Себеби, Атамбаев Европадан келээри менен “ата-мекенчилерге” катуу чаралар көрүлүп, 26-февралда лидери Текебаев камакка алынды. Жогоруда аталган проблемаларды чагылдырыш үчүн гезитибиздин эксперти Табылды Акеровго бир нече суроолор менен кайрылдык.
 

- Табылды мырза, алды менен президент Атамбаевдин Батыш сапарына токтолсок. Сиз бул сапардан эмне күттүңүз эле жана кандай баалайсыз? Себеби, президент Атамбаев Батышта кызыктуу билдирүүлөрдү жасады. Өзгөчө, Украинаны бир эсептен колдогондой болсо, экинчи эсептен тескерисинче зекигендей сөздөрдү айтты. Мындай билдирүүлөр менен Орусиянын ачуусуна тийген жокпу?

 

- Чынын айтсам, бул сапар Атамбаевдин мындан мурда Путин дайынсыз болуп кеткенде издеп барып, көрүп, коомчулукка алып чыгып, бир өзүнө чоң дивиденттерди алууга жетишкен аракеттерине өтө окшош көрүнүп турат. Ошондон кийин, билесиздер Атамбаев Европаны кыдырып, Путиндин “элчисинин” (пресс-секретарынын деп айтышкан) ролун аткарган эле.  Бул жолу да, кайсы бир деңгээлде ошого окшош бир маселелерди  аткаргандай туюлат.  Бирок, бул жолу Атамбаев Батышты да унутта калтарган жок десем туура болчудай.

 

Менимче, Атамбаевдин Батыш сапары бир нече маселелерди камтыйт. Бирок, эң негизги себеби, бул Батыш менен бир аз солгундап кеткен мамилелерди жакшыртуу. Себеби, бийлик 2017-жылдагы президенттик шайлоолорго ОБСЕ  байкоочу болуп келбей, Батыш шайлолордун жыйынтыктарын тааныбай койсо, өзүнүн мураскерин шайлоолордо утуп чыкканын тааныбай койсо, анда бул мураскерин акырындык менен алып түшүүчү курал болуп калаарын түшүндү. Б.а. ОБСЕге кыр көрсөтүп, аларды оппозицияны же оппоненттерин кодулагандай кодуулоо туура эмес экенин билди. Бийлик “көсөнүн акылы түштөн кийин келет” дегендей, Батыш менен ойноо коопту экенин эми гана түшүндү.

 

Бул сапардын экинчи себеби, бийлик муну менен  жазгы саясий абалды жумшартууну жана 2017-жылкы президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрүп алуу учүн ар кандай аракетердин алдын алуу болду десем жаңылбайм.  Мындан бир ай мурун бийлик “Орусиянын президенти Путин февралдын аягына келет “деп билдире баштаган. Мындай визиттер өз ара макулдашуу менен аныкталат. Кыязы, жогорудагы максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан бийлиги атайын долбоор иштеп чыккан. Ошондуктан, эски ыкмага салып, Атамбаев биротоло Европага барып, ал жактын да көңүлүн алып келүүнү чечкенби дейм. Балким, бул Орусия менен алдын ала макулдашылган болушу керек. Анткен себеби, Атамбаев бул жолу Орусияга каршы ачык билдирүүлөрдү же таарынычтарды айта алган жок. Ошол эле учурда Казакстанды зекип кетти. Мунусу менен Атамбаев кыргыз-казак мамилелерине жик салган биринчи жетекчи болуп калды десем болот. Себеби, буга чейин кыргыз менен казак лидерлери жана элдери бирин-бири жакшы гана жагынан айтып келишкен. Дайыма ачык колдоп келишкен.

 

А.Атамбаев барган жеринде эле “Путин же АКШ президенттик шайлоолорго кийлигише албайт. Биз эгемен өлкөбүз”- деп жатты. Бирок, ошол эле учурда Украина жөнүндө кызык билдирүүлөрдү жасады. Мисалы, “Кыргызстанда райондук же областык  администрацияларды басып алганда мен өзүм барып, чечүүгө аракет кылчумун. Мага “тигилерди тааныбай эле коелу, айлык акы, пенсия, пособие толобой эле коелу” дешкенде, “жок, алар өздөрүн башка мамлекеттин граждандары катары сезип калышат” деп, макул болбой койгом”- дегендей сөздөрдү айтып, Украинанын бийлигин сындагандай болду. Менимче, бул жарымы чын, жарамы калп билдирүү болсо да, Украинанын бийлигин “элиңерди консолидация кылып алууга мүмкүнчүлүктөрдү кое бербегиле” дегендей кеңеш берүүдөй кабылданышы мүмкүн. Ошол эле учурда  Атамбаевдин “Кыргызстан Евросоюзга кирүүгө дайын, бирок силер тарап биз менен чектеш эмессиңер деп болбой жатасынар” дегени, өтө эле кооптуу билдирүү болду. Б. а. Атамбаев муну менен Украина жана Белорусияны “биз силердей чектеш болсок, эбак эле Евросоюзга кирип кетмекпиз” деп үгүттөөгө барабар болуп калды. Б. а. “эмне олтурасынар, кыймылдабайсыңарбы”- дегендей эле сөз болду. Ошого бул жолу ал тымызын билгизбей ,Батыштын да заказын аткаргандай сезилип жатат. Мына ошондуктан, Батышта Атамбаевге  маани берилип жатат. Дж. Сорос өзү жолугуп дегендей. Жогорудагыларды эске алып, бул жолу Атамбаев Батышты бул жакта граждандык секторду колдоп жиберип, жазда же президенттик шайлоолордо абал курчуп, баары тескери болуп калбасын деп алдын алуу аракетин кылды деп жатам.

 

- Анда Орусия алданып калдыбы?

 

- Алданды деп  айтуу кыйын. Бирок, Атамбаев бул сапарда 2017-жылы президенттик шайлоолордо АКШ да, Орусия да кийлигише албайт деп так айтып жатты. “Ким президент болоорун Путин чечет деген туура эмес” деди ал. Муну менен Батышты тынчтандырып, Москвага жол ачып жаткан болду. Б.а. Батыш менен Орусиянын Борбордук Азия боюнча жарышында “Батыш саясий абалды курчутуп жибербесин” деген аракет. Бирок, чыны Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун тагдыры Москванын колунда экени айдан ачык. Атамбаев 6 жыл бою Москвага таарынычтарын билдирип, аны коркутуп да келгени менен, өзүн эгемен өлкөнун президенти катары көрсөтө алган жок. Айланып келип  эле, баарына көнүп жатты.  Ошондуктан, ал бул сапар менен Орусия үчүн  Батышты тынчтандырып келген өтө тил алчаак окуучудай көрүндү окшойт. Бирок, кандай гана болбосун  Орусия анын бул сапар эки тарапты тең жайгаруу үчүн барганын көз жаздымда калтырган жок болсо керек. 

 

- Анда Батышта Атамбаевге өзгөчө маани бергенине эреркеп, Казакстанды кескин сынга алып, “бул өлкө бажысын жаап салганы үчүн кыргызстандыктар өлүмгө да дуушар болду” деп билдирдиби?

 

- Менимче, бул жерде эки тараптуу оюн болуп жатат. Батыш Атамбаевге өзгөчө маани берүү менен, Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн оппозициясын “ушундай болбойсуңарбы” деп, аларды шыкактап жатышы мүмкүн. Биздин бийлик “Евразиялык биримдиктин деле келечеги күмөндүү, ич ара чоң проблемаларыбыз бар” дегендей билдирүүлөрдү таркатып, дүйнөлүк коомчулукка “бул биримдикте бардыгы ойдогудай эмес “деген пикир жаратууга көмөкчү болуп жаткандай.

 

- Атамбаев Европа сапарынан келээри менен бийлик “ата-мекенчилерге” атайын  операцияларды уюштуруп, жабышып калды. Мындан мурда бийлик “ата-мекенчилерге” “Белизгейтти” уюштуруп, майнап чыкпай калды. Бийлик эмнени көздөп жатат?

 

 -Бийлик “ата-мекенчилерди” камай алмак деле эмес. Бирок, акыркы мезгилдерде бийлик менен оппозициянын тиреши эрегишке айланып, өч алуу мүнөзүнө өттү. Текебаев “импичмент жарыялоого документтерди чогултуп жатабыз”- деп билдирген. Президенттин тегерегинен Бакиевдин мүлктөрун тааап, жарыя кыла башташты. Бул бийликтин үрөйун учурду.   Ошондуктан буларды жудөтүп, ар кандай негизде кылмыш иштериин ачып, чүнчүтүп, сындырып тынууну көздөөдө десем жанылбайм. Экинчиден, бийлик “ата-мекенчилерди” М.Мырзакматов, С.Жапаровдордой болуп өлкөдөн чыгып кетишет дешсе керек. Өлкөдөн чыгып кетсе, буларды кылмышкер кылып, жаманатты кылып коюу ишин жүргүүзү жеңил болмок. Бакиевдин учурунда деле кылмыш ишин ачып, анан “өлкөдөн чыгып кеткиле, болбосо камайбыз” деп, чыгарып жиберишчү да. Мына ошону ишке ашырууга аракет кылып көруштү. Бирок, булар бизнесмендер эмес, ошоль себептүү “биз качпайбыз” деп байма-бай билдирүү таратышып, Кыргызстандан чыкпай тургандарын билишти.  Эми минтип, камоого өтүштү десем болот.

 

- Анда: “Текебаев Кипрге барып, К.Бакиев менен жолугушуп, андан жаңы революцияга акча сураптыр” деген бекер эле сөзбү?

 

- Албетте, өзүңүз эле ойлоп көрсөңүз, Текебаев Кипрге барып, К.Бакиев менен жолугушуп, “эй досум, мага акча бер, мен Атамбаевди кулатайын” деп сүйлөшүп жатканын. Же болбосо, тескерисинче, экс-президент К.Бакиев Минскиден “Джипине” олтуруп чыгып, атайы Текебаевге жолугушуу учун Кипрге барганын. Анан ал жерден Текебаевдин сөзүнө муюп, ага жаңы революция үчүн акча берип жатканын. Бул абсурд да. Текебаев  Бакиевдин акчасына зар болбойт, Бакиев Текебаевдин курчтугуна “учкундан тутанган жалын” болуп бербейт. Анан калса, Текебаев бизнесмен эмес, ал саясатчы. Бакиев бизнесмен, киши өлтүрүүдөн да кайтпайт. Кыргызда “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деген сөз бар эмеспи. Булар бирин-бири таанышы мүмкүн эмес.

 

- Демек, бул абсурд экен да.

 

- Ооба. Абсурд - болбогон нерсе. Бул жерде бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Себеби, бүгүн бийлик бизнесмен, акчалуу, бай адамдардардан турат. Булар алды менен бизнесмендер. Ал эми булардын оппоненттери саясатчылар. Булар бизнесмендер эмес, акчалуу эмес. Булар саясатчылар. Ошондуктан, бийлик “ата-мекенчилерди” алдым-жуттум кылып. жаманатты кыла коеюн деп убара тартып жатат. Тескерисинче, бийлик менен “атамекенчилердин” таймашы бийликтин этегин же тагыраак айтсак көчүгун ачып, бардык кылмыштык аракеттерин коомчулукка ачыктап, анын абийирин төгүп жатат.  Бул күрөш бийликтин (бизнеске, акчага мас болгон саясатчылардын алдында) алсыздыгын көрсөтүп жатат.

 

- Эгер андай болсо, балким, Бакиевдердин, К.Батыровдун байлыктары, мүлктөрү президенттиин тегерегине же КСДП партиясына байланыштуу чыгып калып жатканы бекер эместир. Чындап эле Бакиевдер өлкөдөгү менменсинген бизнесмендер менен кучакташып жүргөнү баарыбызга белгилүү. Анда Бакиевдер качып баратып, өздөрүнүн мүлктөрүн президенттин тегерегине, КСДПнын адамдарына калтырып кетишкенби?

 

 -Бул боюнча ММКларда өтө көп материалдар чыкты. Чындап эле М.Бакиевдин мүлкү президенттин тегереги жана КСДПга байланыштуу адамдардан чыгып жатат. Мени “эмне үчүн ушундай абалга кабылдык” деген суроо түйшөлтөт. Менимче, буга 7-апрель революциясынан кийинки абал толугураак жооп берет. Мисалы, 7-апрелде канчалаган жаштар курман болду. УӨ бийликке келди. Ким кайсы кызматка келди. Бизнесмен саясатчылар өтө таасирдүү кызматтарды ээлеп калышты. Саясатчыларга биринчи кезекте бийлик эмес, тескерисинче жаңы системаны орнотуп, аны калыптандырып, ишке киргизүү болгон. Ошого Текебаев мамлекеттик кызматты ээлебей эле, биринчи кезекте өлкөнү демократиялык нукка бурууга аракет кылган. Ал жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгууга аракет жасаган. Ал эми бизнесмен саясатчылар болсо бийликтин баарын ээлеп алышканын көрүп жатабыз. Бугүн болсо, “мародерлук” аныкталбай калгандан кийин, бийлик “Белизгейтти” ойлоп тапты. Бирок, мунун баары тескери жыйынтык берди да.  

 

- Эми европарламент, эл аралык уюмдар дагы Текебаевди бошотууга кийлигише албайбы? Анткени, президент конституцияны өзгөртүп койбоду беле? Текебаев  Атамбаевдин абийирин ачкан үчүн ушундай абалга кептелдиби же экөөнүн тиреши бири-бирин саясый аренадан кетирүү менен жыйынтыкталабы?

 

- Ооба. Кыргызстанда башмыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки болуп жаткан саясий окуялар Текебаевди жана оппозициянын башка өкүлдөрүн камоо, коркутуп үркүтүү үчүн ишке ашырылгандай кабылданууда. Бирок, кандай гана болбосун дүйнөлүк коомчулук ар кандай дипломатиялык жолдор менен  бийликке ченден чыкпоосун өтүнүп, талап кылып кайрыла бере алат.

 

- Сиз мындан мурда “А.Атамбаев экинчи мөөнөткө барат” деп айттыңыз эле. Ал гана эмес, “Атамбаев Кыргызстанды дагы 15-20 жыл башкарат” дегендей пикирде экениңизди айтчусуз. Азыр деле ошол пикирдесизби же кайттыңызбы? Балким, Атамбаев Батышка барып, экинчи мөөнөткө барууну көздөп жаткандыр?

 

 -Ооба. Мен Атамбаевди “экинчи мөөнөткө барат” деп келем. Себеби, мөөнөтү бүтөөрүндө  Конституцияны алмаштырууга катуу аракет кылды. Акыры өзгөрттү. Азыр Конституциялык палата “бул Конституция  - жаңы баш мыйзам” деп тааныса эле, Атамбаев экинчи мөөнөткө барууга укук алат. Акаев учурунда ушундай жолдор менен кайра шайланып алчу. Мисалы Акаевдин мезгилинде Ф.Ниязов анын администрациясында жетекчилик кызматта иштеген. Бүгүн болсо, Ф.Ниязов президенттин администрациясынын башчысы, оппозиция “өзгөртүлгөн Конституиция ошонун кабинетинде жазылган” деп айтып жатат. Бирок, Текебаев жана башкалар Атамбаев конституциялык өзгөрүүлөрдү жасап, өзү бийликтен кеткенден кийин да, мураскер калтырып, өлкөнү көзөмөлгө алып турууну көздөөдө деп келишти. Б.а. “мураскерин калтырыш үчүн да Башмыйзамды өзгөртүүгө барды” деген пикир айтылууда. 

 

- Атамбаевдин экинчи мөөнөткө баруусу канчалык реалдуу?

 

- Атамбаевге жана бийликке Ө.Текебаевден башка бир тең, татыктуу туруштук бере ала турган реалдуу саясатчы да, күч да жок. Бир гана күч, бул “Ата Мекен” болуп жатат. Калганы “бизди Текебаев (“Ата Мекен”) сактасын, “Ата Мекенди” Кудай сактасын” деп байкоочу болуп турат. “Ата-мекенчи” Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы сындырса эле, Атамбаевге экинчи мөөнөткө барууга даңгыраган жол ачылат. Анда Бабанов, Сариев ж.б. ар кандай жолдор менен шайлоодон четтетилип, добуш үчүн күрөш күч алышы ыктымал. Бул менин жеке байкоом жана божомолум.

 

- Текебаев камалса эмне болушу мүмкүн? Саясатта эмне өзгөрөт?

 

- Бийликке Текебаевге бир нерсе табуу өтө кыйын болду. Муну баарыбыз өз көзүбүз менен көрүп турдук. Ошого кыргыз коомчулугу ага бекеринен “Текебаев эгер алдым-жуттум болсо, Акаев-Бакиевдер эбак эле бир нерсе таап, камап коюшмак да” деген таасын баасын берип жаткан жок да. Менимче, эгер камаса, нааразычылыктар күч алып, стабилдүүлүк бузулушу мүмкүн. Бийлик абалды жөнгө салып кетсе, экинчи мөөнөт же “мураскер операциясы” башталат. Камоолор уланат. Мураскер бийликке келгенден кийин да. Өзүнүн бийлигин бышыктоо үчүн жаңы камоолорго барат.

 

Мындан башка божомол катары айта кетсем, бул ишке А.Сегизбаевдин жеке саясий-психологиялык абалы да таасир бериши мүмкүн. Себеби, жаз келатат. Ал саясий митингдерди, 2005-жылкы революцияны көрүп калган чиновник. Ошондуктан, жаздын алдында “оппозициянын лидерин убактылуу камап туралы, кийин жаздан чыксак кое берип жиберебиз” деген максатта да камап жатышы ыктымал. Мен Маевский менен Болдиндин маегин мен бир нече жолу уктум. Анда эч далил жок. Маевский айтат “мен Болдинге 300 миң доллар бергем” деп. Анан ал аны Текебаевдин кишилерине алып барып бердим деген дейт. “Кийинчирээк 700 миң долларды Москвадан берип жибергем” дейт. Бирок, ал акча Кыргызстанга кантип кирген? Кипрге документин көрсөтмөк да. Б. а. эки учурда тең Текебаевдин жеке өзү акча алган эмес. Муну соттон далилдөө өтө кыйын. Мун айтып жатап, Маевский ылдый карап, кагаздан окуп жатканы билинип турат. Бул кудум эле “Юпигейт” операциясындагы нарындык Тургундун кебине окшош. Маевский “Текебаевдер Мегакомдун 15% биз алабыз” деген дейт. Коопсуздук кызматы деле бул мошениктерге “Мегакомдун” 15% беребиз”- деп сүйлөтүп алышыш мүмкүн да. Себеби, ал тексти жаттап алганы көрүнүп жатат. Айрым жеринде сөздү эстеп, ошол сөздү эки кайталап айтып жатат.

 

Бирок, коопсуздук кызматы ошого карабай бул билдирүүгө таянып кылмыш ишин ачып жатат. Себеби, анын максаты эптеп жаз тынч өтүп кетиш үчүн оппозициянын лидерин 2 айга камай туруу болуп жатат. Кыязы, президент Атамбаевди да ушуга көндүрүшкөн. Ушул өңүттөн алганда камай албайт. Атамбаев да мунун мыйзамсыз экенин билип турат. Ошого чый-пыйы чыгып 27-февралда 7-апрельге байланыштуу коомдук уюмдарды чогултуп, жолугуп жатат.     

- Өмүрбек Текебаевдин камалышын – “кыргыз демократиясынын жаназасы окулду” деп түшүнсөк болобу?

 

- Кыргызстандагы демократиянын жүзү Текебаев аркылуу чагылдырылып турат. Ал Кыргызстандын жана коомубуздун келечегин демократиялык жол менен өнүгүүдөн көрөт. Демократиялык жол жана системаны орнотуу үчүн жанын аябай 25 жыл күрөшүп келди. Канча жолу сындырууга аракет кылышты. Колдорунан келбеди. Коомчулуктун колдоосуна, арзуусуна ээ болуп, жеңишке жетишип келди. Бул жолу да аны жеке өзүн сындыра алышпай, кайдагы мошенниктер, мурда олтуруп чыккан адамдар катары таанылган Юсупов, Рыкунова, Маевскилер колдонулуп олтурат. Бүгүн да чындык чыркырап турат.

 

Менимче, бир оппозиционерди камап салуу менен иш бүтүп калбайт да. Жаңы лидерлер чыгат. Бул бийликке  женилдиктерди берип, күчтөнүүсүнө шарт түзүшү ыктымал. Кыргызсатнда эки авторитардык режим кулаган. Б.а. бул бийлик да өз режимин орнотууга аракет кылып жатат. Бирок, режимдердин өмурү кыска болот. СССР деген тоталитардык  империя бар эмес беле. 70 жыл араң өмүр сүргөн. Кыргыз бекеринен “50 жылда эл өзгөрөт, 70 жылда жер өзгөрөт” дебесек керек.

 

- Кыргызстанда эки революция болгону менен ОТРК мурдагысындай эле бир беткей маалымат тартып келатат. Буга эмне дей аласыз?

 

- Кыргызстанда революциялардын болушуна ОТРК эле эмес, Башкы прокуратура, Коопсуздук кызматы да күнөөлүү. Эң негизгиси бул структуралардын баары тең президенттен жана президенттин институтунан көз каранды. Аксы окуяларында “Ала Тоо” программасынын таасири зор болгон. Кийин 2005-жылкы революцияда да эң негизги негативдик ролду ойноду. 2010-жылдын 7-апрелинде баарыбызды борбордук аянтта атып жатканда да үн катпай олтуруп алышкан. Ошентип олтуруп, “Ала Тоонун” кабарчылары КТРКны эки ирет талкалатышты. Бүгүн дагы ошондой эле аракет бар. Эң негизгиси, Аксы окуяларындагы жана Борбордук аянттагы 100дөн ашуун жаштардын өлүмүнө “Ала Тоо”, “5-канал”, “Эл ТР”, “Акипресс” жана башка ММКлардын да үлүшү бар экенин эч ким тана албайт деп ойлойм. Себеби, булар бизди атып жатканда да маалыматты кысып, туура маалымат бербей коюшкан. НБТ биринчилерден болуп аянттагы окуяларды түз чагылдырып баштаган. Бирок, таң калыштуусу булар “кабагым кашым” дебей эле, “бизге жогор жактан ушундай айтылып жатат” деп, мурдагыдай эле аракеттенип жатышат. Мен буга такыр түшүнө албай келем.

 

- Өмүрбек Текебаевдин камалышын орус бийлиги Путин (28-февралда)  менен  Медведевдин (7-мартта) келиши менен байланыштырып жатышат?  ФСБ  орус бизнесмендерине башкы “ата-мекенчиге” каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлап, кыргыз коопсуздук кызматына жардам берген деп айтышууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Менимче, биздин бийлик Текебаевди камоо менен Россияны КМШ өлкөлөрүнүн жандармы катары көрсөткүсү келип, Путинге жана Медведевге “медвежья услуга” көрсөтүп жатат.  “Путин 28-февралда келип, бийликти колдоп, Текебаевдин камалышына көңүл бурбай кетет” деп пландаштырышкан. Ал эми 7-мартта Медведев келип, аялдарды куттуктамыш болуп, өлкөнү тынчтыкка чакырат. Ошону менен Орусия бүтүндөй КМШ мамлекеттерине жандарм болуп таанылып калат. Баары өзүнүн оппозициясын ушундай жолдор менен сындырууга мүмкүнчүлүк алат.

 

Б. а. Кыргызстан мындан ары Таджикстандын кейпин кийиши мүмкүн. Кыргызстандын саясаты толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтөт.  Бардык маселелер Москвадан чечилип калышы ыктымал.

 

- Сиз кечээ митингде болупсуз? Эмнелерди уга алдыңыз?

 

- Нааразы болгон элдин арманын. Эл айтат: “Бай өлкөлөрдүн эли саясатта, кедей мамлекеттин эли саясатта. Биз ар бир жолу ушул турмушубузду өңойбу деп революцияга келип жатабыз. Бирок, булар бийликке келсе эле, көздөрүн май басып калат экен” деп. Эки революциядан кийин канчалаган саясатчылар сабалды. “Бирок, саясатчылар мындан сабак албаптыр” деп жатышат  

 

Митингде болсонң ачууланган элден ар кандай кептерди угасың. Ошого менимче, мыйзамдан чыгып аша чабуу өтө кооптуу. Себеби, 7-апрелде биз аянтта турганда деле ар кандай идеялар айтыла берген. Мисалы, бизди атып жаткан ИИМ офицерлеринин жана туугандарынын үйлөрүнө баруу, аларды аянтка алып келүү ж. б. у. с. ойлор да айтылган. Кыргызда “кан кое бербейт” дейт. Мына азыр канчалаган саясатчыларга кылмыш иши ачылды. Дээрлик көбү эч далилсиз жана себепсиз ачылып, саясатчылар камалып жатышат. Бирок, кийин булардын туугандары, балдары бийликтегилердин балдарынан туугандарынан өч албайт деп ким кепилдик бере алат? 7-апрель революциясынан кийин бийликке өтө ашынып жан тарткандардын үйүнө чейин издеп барышып, өч алууга аракеттер болгон деген кептер бекер айтылып жүргөн жок да.

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

 

Тема: