Тарых-баян

 

Алгы сөз же  Кошой баатырдын образынын тарыхый негизи жөнүндө кыскача пикир

 

“Манас” эпосунун негизи – миф” эмес, калктын улуу тарыхы. Залкар тарыхчы- окумуштуу Александр Натанович Бернштам “Манас” эпосу көркөм чыгармачылыктын туу чокусу, эстелиги катары гана саналбастан, ошондой эле, ал кыргыз урууларынын көз карандысыздык үчүн күрөшүн баяндаган кайталангыс тарыхый повесть да болуп эсептелет”- деп бекеринен жазган эмес.

 

Биздин колдо турган элдик санжыра, топонимикалык, архитектуралык, археологиялык ж.б. фактылар Кошойдун образынын тарыхый негизги бар экенин баамдатып турат. Ат-Башы аймагында 26 чакырымга созулуп жаткан кырка тоо “Кошойдун кара тоосу”, Таластагы 36 чакырымга созулган Ала-Тоо кыркасы “Кошой Тоо”,- деп Кошойдун ысымы менен аталышы бекеринен чыкпаган.

 

Ошол эле Ат-Башыда  Кара-Коюн суусунун сол жээгиндеги тектирде “Кошойдун күмбөзү” деп аталган бышкан кыштан тургузулган, бирок азыр бийиктиги бир метрдей чалдыбары калган, археологдордун пикири боюнча 6-10 кылымдарга таандык күмбөз бар. Бул да Кошой бабанын сөөгү жаткан жай болушу этимал. Болбосо, элдин тарыхый эси бул күмбөздү “Кошойдун күмбөзү” деп жөн жерден  атабайт эле.

 

Ошондой эле, Ат-Башы өрөөнүндө жайгашкан “Кошой Коргон” чебинин чалдыбары да эпостогу Кошой баатырдын ысымы менен байланыштырылат. “Манас”эпосунун өзүндө жогоруда көргөндөй, Кошойдун Чеч-Дөбөгө чеп коргон салгандыгы, ошол коргондун ичинде Алтайдан келген жаш баатыр Манасты кабыл алып, аны менен сырдашкандыгы баяндалат. Эпосто маалымдалган Кошойдун ошол эпикалык чеп-коргону Ат-Башыдагы азыркы Кошой коргондун тарыхый “прототиби” эмес деп азырынча бир да тарыхчы-окумуштуу кескин айта элек.

 

Атактуу Мухтар Ауэзов менен тарыхчы Н.Бернштам тарыхый даректерге таянып, Манас баатырдын доору биздин замандын IX кылымы деп эсептешкен. Археологдор да азыркы “Кошой Коргон” чалдыбарын 9-10-кылымдарда курулган деп санашат. Демек, “Кошой Коргон” чалдыбарынын курулган мезгили М.Ауэзов менен Н.Бернштам Манас менен Кошой доору деп болжогон IХ кылымга тушташ чыгып жатат. Бул фактылар бизди терең ойлондурат.

 

Кыскасын айтканда, бул байыркы архитектуралык курулуштун чалдыбары эл ичинде “Манастагы” Кошой бабадан калган тарыхый эстелик катары кабылданып келет. Бул факты да Кошойдун турмушта реалдуу жашап өткөн адам болгондугу жөнүндөгү ойдун пайдасына сүйлөп турат. Бүгүнкү атактуу бизнесмен, көрүнүктүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Кошой коргондун” жанына “Кошой Ата” музейин куруп, ал музей эл үчүн иштеп жатат. Кошойдун турмушта жашаган тарыхый инсан болгондугуна, анын арбагы тирүү экендигине эл-журт эч шектенбейт. Ал эми Кошой атанын укум-тукуму тууралуу “Теңирим сүйгөн теңир Тоо” аттуу китепте мындайча жазылат: “Катагандын Кан Кошоюнун урпактарынан болгон Омакан деген эл башында  жүргөн адам Ат-Башы, Нарынды тээ илгерки замандарда жердеп жашап өткөн экен. Анын Ормонкан, Эрменкан деген эки уулу баатыр чыгып, Катаган элин тышкы душмандардан сактап, катылгандын катыгын берип турушуптур. Ормонкандан тукум калбай дүйнөдөн өтүптүр. Эрменкан Табылды аттуу уулдуу жана Карлыгач аттуу кыздуу болот. Табылды он төрт жашка чыкканда жоо-жарагын камданып, кырк жигит күтүп Элдияр, Эрмек деген эки жан досу менен эл-журтун кайтаруу үчүн жол чалып, душмандарды жолотпой, атасы Эрменкандан да мыкты чыгып, Эр Табылды атанат. Ал жөнүндө Кыргыз ССРинин эл артисти Актан Тыныбеков “Эр Табылды” аттуу кенже эпос түрүндө китеп чыгарган. Кошой бабабыз кулачын, тамырын кеңири жайып, бүгүн да кыргыз элинин эркиндиги, көз каранды эместиги, өз алдынчалыгы үчүн күрөшүп, арадан канча кылым өтсө да, Каратоосундай касиети менен кадимкидей арабызда жүргөндүгүн баса белгилейли” (“Теңирим сүйгөн теңир Тоо”. Б:, 2016-ж. -15-16-б.).

 

Кыскасын айтканда, кеп болгон архитектуралык тарыхый эстеликтер, географиялык, гениалогиялык фактылар, элдик санжыра “Манас”эпосундагы Кошойдун образынын реалдуу тарыхый инсандын  ишмердигинен бүчүрлөп өсүп чыккандыгын ишаралап турат. Эл мугалими Бектур Исаков бир кезде жер үстүндө жашап өткөн тарыхый инсан Манастан  “Манас” эпосу өсүп чыккан деп айткандай, тарыхый Кошойдон учугу уланып, эпикалык Кошой жаралганы сезилет. “Манас”эпосу кыргыз элинин ыр менен жазылган өмүр баяны болсо, анда эпос ак калпак калктын улуу уулдарынын бири - Кошойдун да өмүр баяны.

 

Адам жамаатынын ичинде эки архив болот. Биринчиси - казыналык расмий архив. Экинчиси –элдин архиви, калайык-калктын эсиндеги, көкүрөгүндөгү, жүрөгүндөгү “архив”. Элдин жүрөгүндөгү архив эң кымбат мүлктөрдүн бири. Элдин жүрөгү Кошой абакенин турмуштагы тирүү адам болгондугун туюп турат.

 

I. Байыркы гундардын падышасы Атилланын баалоо чен-өлчөмү жана Кошой

 

Байыркы гундардын падышасы Адыл (Атилла) улуу адамды баалоонун критерийи жөнүндө төмөнкүдөй оюн мураска калтырган: “Гун адамынын улуулугун ушундан билиш керек. Анын улуулугу өз эли үчүн кандай курмандыкка бара ала тургандыгы менен өлчөнүүгө тийиш” (“Ала-Тоо” журналы, №5, 2016-жыл, 118-бет). Ушул чен-өлчөм менен карасак, Кошой баатыр өз элин кулдуктан куткаруу үчүн башын канжыгага байлап, өмүрүн тобокелге салып, өлөр-тирилерин ойлобой өрт кечип, баскынчылар менен кармашып, жетимиш жеринен жарадар болуп, багынбай, акыры жанын оозуна тиштеп күрөшүп жүрүп, Манас менен бирге чачылганды жыйнады, үзүлгөндү улады, “кулаалы жыйып куш кылды, курама жыйып журт кылды”. Кошой улуттун алдында улуу эмгек сиңирген улуу гражданин. Жанынан кечип, “казып койгон ору бар, кайнатылуу шору бар” капкалуу Бээжинге кашкөйлүк менен кирип барып, Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп, ушуга эле удаа “кара курттай кайнаган” калмак-кытайдын аскерин жарып кирип барып, курчоодо калган Манасты кызыл чоктун ичинен куткарып чыккан. Кыйын-кезең кырдаалдарда Кошой бир боор калкы үчүн тагдырын кылдын кырына, өмүрүн бычак мизине коюп жашады. Мындай жашоого бир тууган элине, Ата журтуна уулдук сүйүүсү ашып-ташкан адам гана жөндөмдүү келет. Кошой элине өтөгөн улуу кызматы үчүн “эл агасы”, “эл атасы” деген улуу наамга арзыган. Кошой улутмандыктын жана мекенчилдиктин бийик өрнөгү.

 

II. Кошой: “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды” же Ата-журт философиясы менен бириккен баатырлар

 

Кошойдун “Манас эр үчүн курман кылам жанымды” деген сөзүн эске түшүрөлү. Мындай сөз Кошойдон эмнеликтен, кандай ички мотивден чыгып жатат? Анан калса, Кошой ар дайым, качан, кай жерде болбосун: “о кудурет, уккун кебимди, сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди”,- деп Кудайга жалынып турат. Эмне үчүн? Манас Кошойдун өзүнүн кара чечекей баласы беле? Жок, окурманым, мунун тереңинде өзүнчө сыр жатат. Кошойдун Манас дегенде ичкен ашын жерге койгондугунун, Манас дегенде керек болсо, өлүп бере тургандыгынын, Манаска болгон абакелик, аталык сүйүүсүнүн мотивациясына дагы бир жолу үңүлүп көрөлүчү. Мотивация деген нерсе, терең байкасак, анын чын жүрөгүнөн от болуп жанып чыккан сөздөрүнөн, чырактай жанып турган ойлорунан, Манаска болгон ак жаркын мамилесинен көрүнүп турат. Манастын өрт болуп күйүп турган көзүн, ойротто жок ченебегендей кайратын, кандан, бектен, оттон-суудан кайра тартпаган, өлөр-тирилерине карабай, душманга кызыл өрт болуп бүркүлгөн шердигин, эл-жеринин эркиндиги үчүн башын канжыгага байлап, “кыл чайнап” турган атуулдук жалындуу жигерин, ташкындаган рух күчүн, “кулаалы жайып, куш кылууга, куранды жыйып журт кылууга” болгон чечкиндүүлүгүн, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей, журтунун чегин кайтара турган кабыландыгын сезип турат. Улуттун мүдөө-таламдарынын, келечегинин стратегиялык багыттарында акыл тегереткен гениалдуулугун, айкөл адамгерчилигин, сөзү менен ишинин төптүгүн, анын ак калпак кыргыздын бактысына жаралгандыгын, анын жарык-шарапаты менен кыргыздын жок болуудан аман калуу мүмкүнчүлүгүн, Манастын кор болгон эл үчүн КУТКАРУУЧУ экендигин, кыргызга дал ушундай көк жал башчынын керектигин жана да Манас аркылуу кыргыздын айы менен күнүнүн тууп тургандыгын Кошой өзүнүн көрөгөч баамы, акылмандык-олуялык туюму менен сезип да, көрүп да турат. Мына ошон үчүн Кошой карыя ар качан “ак сакалы жаркылдап, келгин каздай баркылдап” Манас тууралуу: “Бузулуп кеткен аз журтка, берен да ошол, мээ ошол, мээнеттеги кыргызды, бек кайтарчу ээ ошол”, - деп айлана -тегерегине жарыялап турат. Белгилеп өтө турган нерсе, Кошой Манастын кеменгерлигине басым жасап, мобу сөзүндө айкөл баатырды, кыргыздын ойлоно турган мээси деп адаттан тыш баалап, көкөлөтүп отурат. Мынакей, Кошойдун Манас дегенде элеп-желеп болуп, түн уйкусун үч бөлгөн бөтөнчө мамилесинин түпкү мотивациясы кайда жатат? Манастын куткаруучу миссиясы, чынында Кошойдун да миссиясы, улутту сактоо Кошойдун да өмүр бою көксөгөн мүдөөсү, эңсеген тилеги. Ушул максат деп ал Жети өзөндө жетимиш жеринен жарадар болуп, баскынчы желмогуздар менен кармашып жашап келбедиби. Акбалтанын алиги: “Абаң Кошой эр ошол, арбагы бийик жан ошол, жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, азган-тозгон кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып”, - деген сөздөрүн эстейличи. Демек, образдуу айтканда, Манас Кошойдун эгизи, болгондо да идеялаш, рухташ, максатташ эгизи. Экөө Ата журт философиясы менен тамырларынан биригишкен. Ошон үчүн өйдөтөгү “Манас үчүн курман кылам жанымды”- деген сөздү Кошойдун тилинин учунан эмес, жүлүнүнөн чыгып жаткан сөз катары түшүнөбүз. Чынында эле, Кошой Манас үчүн жанын бермек.

 

Кошой ички жан дүйнөсүнүн кенендиги, ич тарлыктан, көрө албастыктан, майда кыжың-кужуң көрпендечиликтен жогору турган, өзүнүн жеке амбициясын ойлоп күйпөлөктөбөгөн, сокур намыска алдырбаган касиети менен өзгөчөлөнөт. ϴзү Ала-Тоодо калган азган-тозгон кыргызды бириктирип, жер ээси, эл эгеси болуп, катагандын хан Кошой атыгып турса да, Алтайдан Манастай азамат чыкканына энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп, ага атаандашпай, кожоюн менмин дебей, тескерисинче, “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды”,- деп эки тизгин, бир чылбырды жаш баатырга бериши “калк атасынын” айкөлдүгүн айгинелейт. 

 

Кошой “о кудурет, жан деп бизди жаратсаң, калмак-кытай манжуунун дегеле көзүн каратпа”- деп теңирге жалбарат. Ал кыргыз элинин көз карандысыздыгын туу кылган патриоттук идея менен дем алып жашайт. Ушундан улам ал бир боор журттун көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө аттанган арстан Манасты пириндей көрүп, өз кызыкчылыгы үчүн эмес, Ата журттун кызыкчылыгы үчүн “сындыра көрбө белимди, жараткан өзүң колдой көр, кабылан Манас шеримди, душманды кудай астын кыл, Манасты кудай үстүн кыл”,- деп ар дайым тиленип турат. Мындай жан дүйнө кеңдиги Кошойдун акылынын деңиздей тереңдигинен чыгып жаткандыгын эске түйүп коюшубуз керек.

 

Ал эми мобу окуяны да эске түшүрөлүчү. Айкөл Манас Чоң Казаттан кийин майданда алган жараатынан каза болгондо, Кошой моминтип көзүнөн жашын он талаа кылып, коңгурап ыйлап турат:

Өзөнгө бойлоп кондумбу,

Манасым өрт өчкөндөй болдумбу?!

Кантейин, Манас кабылан,

Сенден мурун өлбөдүм,

“Карт Кошойдун ашы!”- деп,

Манасым, карыяңды көмбөдүң!

Манасым, кара жаак айбалта

Кайкалатпай ким аштайт?

Каңгайдан болсо чоң мүшкүл,

Алакандай журтумду

Мунун акылын таап ким баштайт?!

Долоно саптуу айбалта

Толгондурбай ким саптайт?

Береги толуп жаткан журтунду,

Тозок бир келсе манжуудан

Мунун топ-тобун бузбай ким баштайт?

 

Карачы, кайран карт Кошой эл тагдырын ойлоп, Кудайга үнү жетип, кандай өңгүрөп, жашын төгүп турат. Мына ушул күйүттүү ыйдан жана өйдөтө сүйлөнгөндөрдөн улам мындай дейбиз. Мынакей, Кошойдун жарандык-атуулдук, патриоттук-улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, абакебиздин ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги, мынакей, интелектисинин бийиктиги. Мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу мекенчилдик, калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эс. Мынакей, Кошойдун инсандык кең кулачтуулугу жана Ата журт тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн рухий асылдыгы! Ырасында эле, Кошой эпосто айтылгандай, “эл атасы” деген наамга татыктуу инсан. Ал кыргыз калкына өз үй-бүлөсүнө кам көргөн ата сыяктуу күйүп-бышып кам көрөт. Кошой - ак калпак кыргыз эли деген “үй-бүлөнүн” аксакал атасы. “Манас” энциклопедиясында Кошойго төмөнкүдөй деп туура мүнөздөмө берилген: “Кошой Манаска чейин эле ата журтту баскынчы душмандан бошотууга өз алдынча кыйла ийгиликтүү аракет кылган баатыр. Ал Кашкарга жасаган жортуулунда Манаска кошулганга чейин эле жоонун көптөгөн баатырларын, аярларын, кандарын айла-амал, баатырдык менен жеңип, кыйла жерди душмандан бошотот. Кошой “калк атасы”, “эл агасы”, “элдин уюткусу”, “олуя”, “даанышман”, “акылман”, “журт атасы” деген эпитеттер менен сыпатталат. Кыргыз журтчулугунун ичиндеги эң улуусу, ары акылман, калыс, алп турпанына төп келген кайрат-күчү мол адам. Кошойду Манас баштаган бардык кыргыз баатырлары кадырлап, зор урмат менен “Абам Кошой карыя” деп кайрылышат. Эл ичинде зор кадыр-баркка ээ болгон Кошой бардык кыргыз уруулары баш кошкон чоң жыйындарды башкарат (мисалы, Көкөтөйдүн ашын башкаруу ага ыйгарылат), орчундуу маселени чечүүдө эл ага кайрылат, анын кеңешин угуп, жардамын алышат» (“Манас” энциклопедиясынан).

           

III. “Коргонду көздөй баралы, конуп кепке каналы, караан калган кыргыздын, бир айласын кылалы” же Кошойдун жаш Манаска берген кеңештери

 

ϴз кезегинде, Манас баатыр да, Кошой дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ат-Башыдагы Чеч-Төбөдө Кошой менен  биринчи жолугушуусу Жаш Манастын тагдырында чоң роль ойнойт. Манас менен Кошойдун Ат-Башыдагы жолугушуусу стратегиялык жолугушуу болгон. Эки баатырдын “Кошой коргондун” ичиндеги сырдашуусу учурунда, Ата журтту баскынчы душмандардан бошотуунун, чачылган кыргыз калкын чогултуп бириктирип, эгемендүү журт кылуунун, азыркы тил менен айтканда, генералдык планы түзүлгөндүгүн байкоого болот. “Коргонду көздөй баралы, конуп кепке каналы, караан калган кыргыздын, бир айласын кылалы”,- деп Кошой бекер айтпаптыр. Кошой даанышман өзүнүн алыста ойлогон акылы менен жаш Манаска өтө терең мазмундуу, ак калпак калктын тагдыры үчүн стратегиялык маанидеги кеңештерин берип, “Таалайга бүткөн жан болсоң, таап ал Талас жериңди, күтүп алгын кулунум, күрдөөлдүү кыргыз элиңди”,- деп алдыда турган албан милдеттерге багыттайт. Жаш Манас баатырга жалгыз баштын күчүнө эмес, кыялга таянып эмес, элдин биргелешкен күчүнө, эзилген боордош калктардын тилектештик жардамына, бардыгын таразалап, жети өлчөп бир кескен олуттуу даярдыкка таянып, күрөшкө чыгууга кеңешин берет. Кошой Манаска айтып турат: “Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы, журт айласын кылалы, аскан-тоскон аз элге, о балам, караан болуп туралы”. Кошойдун бул атуулдук акылман сөздөрү жаш Манас баатыр үчүн өзүнчө бир идеологиялык-патроиттук программа катары болгон. Кошойдун бул осуят-чакырыгы бүгүнкү эгемендүү кыргызстандын жарандары үчүн да багыт-маяк болуп саналат. Биздин идеологиябыз “Манаста” жатат деген сөз бекеринен айтылбайт.

 

IV. “Кармаганда кан чыккан, тиктегенде жан чыккан, чокморунан чок чыккан, чок жарылып от чыккан” - Хан Кошойду Манастын жакындан таанышы

 

Учурашуу үчүн атайын Алтайдан келген Манас атын алыстан угуп, кыялында идеал кылып жүргөн каарманынын кадимки турмуштагы жүзүн, турмушун, жүрүм-турумун өз көзү менен көрүп, сөздөрүн өз кулагы менен укту. Ырасында эле, Кошой, Алтайдагы Акбалта аксакалдын аңгемесиндегидей, “кармаганда кан чыккан, тиктегенде жан чыккан, чокморунан чок чыккан, чок жарылып от чыккан, ай кулагы калкандай, бендеден артык шер” экенине, журттун санаасын тартып саргайган, Ала-Тоо асыл жер үчүн, ак калпак кыргыз эли үчүн кызыл чокко түшүп, өрт кече турган, өрттү кечип да келген, кечип да жаткан, эл-жер деп жетимиш жеринен жараланып жапа тарткан чыныгы калк чыгааны экенин Манас билди. Баскынчыга багынбас, күнкорлукка чыдабас, куралын маштап, тулпарым таптап, көтөрүлүшкө даяр турган, адеп-ахлагы бийик, акылы алысты чапчыган даанышман, тажырыйбага карк улуттун көчүн баштаар жол башчы, таяна турган тоо экенине чындап ынанды. “Мейли, кызыл бороон жоо келсин, кулунум, кыйкырып чыгып турармын, токсонго жашым барса да,  түз кирип, найза сунармын, түгөнүшөр жоо чыкса, туу түбүндө былк этпей, о балам, тууңду кармап турармын”,- деген Кошойдун сөзүнөн улам карыя баатырдын кайратына, күжүлдөгөн дем-күчүнө таң калып, Ала-Тоодо таянаар тоосу бар экенине ичинен кубанып, жаңы ойлор, идеялар менен байып, Манас Ат-Башыдан Алтайды карай жигерденип аттанат.

 

V. “Кошой коргон” – Манастын Ала-Тоодогу боштондук төңкөрүшүнүн баштапкы планынын “киндик энеси”.

 

Ат-Башынын Чеч-Төбөсүндөгү Кошойдун коргон чебинин ичинде Манас менен Кошой тарабынан күчтөрдү бириктирүүнүн жана кыргыз элинин эркиндиги үчүн улуу көтөрүлүштүн долбоору түзүлүп, өз ара макулдашылган. Албетте, эркиндик идеясы менен Манас мурдатан эле жашап келген. Бирок, Ата Журтту боштондукка чыгаруунун, баскынчыларга каршы улуттук улуу козголоңдун амалдары Кошой менен бирдикте Кошой коргондо долбоорлонгон. Кошой коргон – Манастын жоокердик боштондук төңкөрүшүнүн баштапкы планынын “киндик энеси”. Кошой Ат-Башыдагы жолугушууда эркиндик үчүн чечкиндүү күрөшкө чыгууга Алтайдан келген Манасты шыктандырган.

 

VI. “Алдымда жүрсө ак жолум, артымда жүрсө сан колум”

 

Кошойдун: “ээ кулунум эр Манас, сөз тыңдагын, сен Манас”,- деп айткан далай, далай насыяттары өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, турмуштун бороон-чапкындарында, салгылаштардын кыйын-кезеңдеринде айкөл шерге багыт берип, жолуна чырак болуп жагылган. Кошойдун устаттыгы жөнүндө “Билбегенин билгизип, минтип жолго киргизип, туйбаганын туйгузуп, туура жолго киргизип”,- делип “Манаста” бекер айтылган эмес. Жалпы Түркстанга бел болуп, тышкы жоолорго сүр болуп турган Манас Ажонун ролун унутушуп, ич күйдүлүккө, каралбастыкка, жеке амбицияларга алдырышып, ага каршы козголоңго чыгышкан алты ханга кошулбай, ортодогу ак мамилеге Кошойдун туруктуу, түз бойдон калгандыгы да Манастын оюнда турат. Манастын ишенген адамы катары Алтайга барып, андагы кыргыздарды Ала-Тоого көчүрүп келген да Кошой. Ошон үчүн Манас өмүр бою “алдымда жүрсө ак жолум, артымда жүрсө сан колум”, “Пайгамбар чалыш жан эле, пир туткан пирим ал эле”,- деп абасын ыйык көрүп, даңаза кылган.

 

VII. Кошойдун күчтүү кыргыз мамлектин түзүү идеясы

 

Манас эл журту менен Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, Сары Өзөн Чүйдүн түзүндө туруп, Кошой Манаска төмөндөгүдөй эң орчундуу, стратегиялык маанидеги насыят кеңешин берет:

“Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң,

Калың бороон, катуу күн,

Кулунум, канчалык өтөөр башыңан,

Кыр-кырда кыргыз элиңе,

Кызыккан жандар дагы бар,

Кылчайбай канды агызар,

Кызыталактын баары бар.

Элиңди түгөл башкарып,

Өз алдыңча болгондо,

Сени таштап койбос жеп-жеке.

Суроодон угар дайныңды,

Күтүнбөстөн сен жатсан

Бир күнү чабар айлыңды.

Ошого моюн бербеске,

Ок өтпөгөн тон камда,

Ок жетпеген ат камда”.

 

Мынакей, ак калпак кыргыздын улуу гражданинин сөзү. Бир боор журтунун стратегиялык кызыкчылыктарын сак-сактап кайтарып, мекенинин, мамлекетинин, жамаатынын тагдырын, коопсуздугун, келечегин ойлоп, ар дайым санааркап, ой толгоп турчу демейки Кошойду бул насыят сөздөрдөн дагы бир жолу көрүп отурабыз. Бул осуят кыргыз үчүн эскирбес, түбөлүктүү дөөлөт дегибиз бар. Кошойдун бул даанышман сөздөрүнөн кебелбес казынасы, ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты бар, калың бороон, катуу күндө эл журтуна калка болоор күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү идеясы бугуп жатат. Бул насаат кудум бүгүнкү бизге айтылып жаткандай. Ойлойлучу, Кошой олуя ушул сөзүндө айткандай, бүгүнкү эгемендүү мамлекетебиз “калың бороон, катуу күнгө кабылып” отурган жокпу? “Эгемендүүлүгүң менен жыргап жата бер”,- деп дүйнөлүк империялар бизди жайыбызга коюп койдубу? Жок. Тескерисинче, “кыр-кырда кыргыз элине кысталактардын баары” кызыгып, жутунуп турбайбы. Бир эле Алайдын ары жагындагы талибандарды эстейличи. Күтүнбөстөн жатсак, айлыбызды бир күнү чабар күчтөр толтура экендиги кимге маалым эмес. Баткен согушун кантип эстен чыгарабыз. Ошол Катагандын кан Кошоюнун убагында Таласта хандыкка жаңыдан отурган Манасты кайра Алтайга кубалоого кытайлык Алооке далбастабады беле. Кыргыздарга капыстан кол салган Шоорук ханды, “Көкөтөйдүн ашынын” аягында кыргыздардын жылкысын тийип, Каңгайга айдап кеткен калмак-кытайларды эске түшүрөлүчү. Манастын мамлекетин Кошой айткандай, “кысталактар жепжеке таштап” койгон эмес. Тарых азыр кайра кайталанып жатат.

 

Баамдасак, Кошойдун жогорудагы кыргыз мамлекетин ар кандай ниети кара күчтөрдөн сак-сактап кайтаруу, “ошого моюн бербеске”, казынаны калыңдоо, “ок өтпөгөн тон камдоо, ок жетпеген ат камдоо” жөнүндөгү осуяты биз үчүн бүгүн актуалдашып, алдыбызга “айкүрүнөн” туруп жатат. Демек, азыркы кыргыз коомуна биринчи иретте, Кошой сыяктуу элинин эгемендүүлүгүнүн, мамлекетинин бүлүнүп, таланып,-тонолуп жок болушун өзүнүн жарандык өлүмү, улутунун өлүмү катары кабыл алган, бирөөлөргө күнкор болуп жашаган тири өлүк тагдырды түк көтөрө албаган, өз улутунун, өз мамлекетинин эркиндигин сактоо жана коргоо үчүн жанын курман чала турган, атуулдук ар намыстын туусун бийик кармаган мекенчил патриоттор керек.

 

Глобалдашуунун аз сандагы улуттарды оп тартып жутуп коюу опурталдуулугунун шартында кебелбес казынасы, ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты бар, ар намыстуу заты бар мамлекет биздин таянар тообуз. Капчыктуу, бирок инттеллектиси төмөн, өзүмчүл, ээк алдынан башканы көрбөгөн, керек болсо, элин, жерин сатып жибере турган аткаминерлерге, Абыке-Көбөштөргө, Көзкамандарга эмес, жанагындай Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай, Каныкей сыяктуу кабылан башкаруучу - лидерлер командасына эгедер күчтүү кыргыз мамлекети гана улуттун бүгүн жана келечекте сакталышына гарант болуп бермек.

 

Кыскасы, образдуу айтканда, Кыргыз мамлекетинин өзүнүн “Кошой коргону” болсун. “Манастагы” “Кошой коргонду” символдук мааниде түшүнсөк болот. Дагы айталы, улутубузду бекем, түбөлүктүү салынган “Кошой коргон” калкаламак. Бирок “Кошой коргон” десе, Ала-Тоонун айланасын курчай “кытай дубалын” куруу керек экен деп түшүнбөө керек. Сөз күчтүү илим-билимден, техника-экономикадан, маданияттан жана Кошой менен Манастыкындай күчтүү патриоттук рухтан курулган “Кошой коргон” жөнүндө болуп жатат. Демек, алдыбызда кечиктирилгис опол тоодой милдеттер турат.

 

“Манаста”айтылгандай:

Талаада аккан булак жок,

Дардайып жатар убак жок.

Кесүүгө тиккен багың жок

Керсейип жатаар чагың жок”.

 

VIII. Кошой - түрк элдеринин биримдигинин идеологу

 

Илгери акын Кетбука: “Тик аскада кол сунар, таянчың ким, тактай жүр, касиетин достуктун, кебелбестен сактай жүр”,- деп терең маанилүү ойду ырга салыптыр. “Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат”- дегендей, Кошой да коңшулаш, үзөнгүлөш, канатташ калктар менен достук биримдикте болуу идеясынын байрагын желбиретип көтөргөн каарман. Ал Манаска чейин баскынчылар менен жалгыз салгылашып жүрүп, “тик аскада кол сунар таянычтын” зарыл экендигине өзүнүн жон териси менен ынанган. Мына ошондуктан Кошой акыры жүрүп, боордош түрк элдеринин кол кармашкан биримдиги жөнүндөгү ойдун күйөрманы, жактоочусу, бир сөз менен айтканда, идеологу болуп калган. Эпосто ал бул идеяны реалдуу түрдө ишке ашырып, түрк калктарынын ынтымагынын данакери болуп, Манасты жалпы Орто Азиянын жана чыгыш Түркстандын жогорку өкүмдары катары шайланышына жетишкен (Кум-Арык салтанатын эске түшүр). Кошой карыя достук идеясына өмүр бою берилген бойдон калган. Кыскасы, эпостогу Катагандын хан Кошоюнун образы интернационалдык маңызы терең образ. Анын Кум-Арыктагы алиги түрк хандарынын алдында сүйлөгөн жалындуу сөзүн бүгүнкү глобалдашуунун шартында түрк элдеринин тукумдары жадыбалбай жаттап жүрүүсү абзел демекпиз. Кум-Арыктагы жыйында Түрк элдеринин өкүлдөрүнүн алдында туруп, үнүн бийик чыгарып, Кошой даанышман төмөнкүдөй жалындуу сөздөрдү сүйлөйт:

 

“Душманга каршы туулуп,
Дурус келди көрдүңбү,

Бусурман сенин багыңа
Ырыс келди көрдүңбү?!
Көтөргүн Манас шериңди,
Таштагыла, бусурман,
Кыжың-кужуң кебиңди.
Олжосун бөлүп алалы,
Ай-талаада Манасты
Кан көтөрүп салалы.
Кан көтөргөн себебим-
Ичиңде далай душман көп.
Кыр жагыңда кытай бар,
Кыйрашар душман далай бар.
Оолатып алар конуш бар,
Басташар жооң далай бар.
Дегенине көнөлүк,
Эки тизгин, бир чылбыр,
Кабылан шердин колуна
Ушу бүгүн берелик.
Дегенине көнүүгө,
Эки тизгин, бир чылбыр
Тартынбай колго берүүгө
Ак буудай унун чайнап бер,
Ак куранды кармап бер!
Башчы кылсаң Манасты,
Бирдикти койсоң бир жерге,
Катылып душман келеби,
Кармашып адам жеңеби,
Бармактуу адам батабы,
Тырмактуу жан тиеби!
Баштык кылсаң Манасты
Күн тийген зоңкок бел ошол,
Карагыла калайык,
Күрдөңдү тапчу эр ушул,
Күтүп алар шер ушул.
Туурдугуңду май кылат,
Туура билгин, калайык,
Туш-туш жерге кан кылат,
Керегеңди май кылат,
Кызыгып кытай кол салса,
Кыйратып берчү уул ошол.
Басташып бараң кол салса,
Басып берчү уул ошол.
Ойлогула, калын журт,
Көк жал Манас кабылан
Ырысың үчүн туулган”... (С.Каралаевдин варианты.)


Адамдын оозун ачырган не деген жалындуу сөздөр! Сөздүн төрөсү деген ушул эмеспи. Кошой алп, баатыр гана эмес, оозунан кеби чубурган оратор да экен го. Боордош калайык-калктардын, хандардын алдында Манастын даңкын, кадыр-баркын көкөлөтүп көтөргөн, кызматын кыйкырып баалаган эмне деген укмуш сөздөр! Бул жалындуу кептер эпостогу кайталангыс бир ажайып көркөм кооздук. Бул Манас жөнүндөгү өзүнчө бир бийик ода. Карачы, ойдун не деген масштабы, не деген акылгөйлүк жатат, бул жерде. Бул жалпы Түркстандын жалындуу патриотунун, көрөгөч көсөмүнүн, алысты көргөн кеменгер-саясатчынын алтындай сөздөрү. Туш-туштан жутунуп, ыкыс берип турган жоолордун алдында, ички кыжы-кужуну таштап, түрк тукумдарынын биримдигин туу кылып көтөрүү жана өз ара ширелешүү идеологиясын жарыя кылган не деген улуу сөздөр. Кошой кол кармашып биригип туруп, эки тизгин бир чылбырды жалпысынан бир ажого берүү, муну менен түрк эл-журтун аман-эсен сактоо демилгесин көтөрүп отурат. Биримдиктин аскердик гана мааниге ээ эместигин, Манастын калкалоочу, канатынын алдында тынч жашап, көңүлдү жай, чөмүчтү май кылуунун да шарты экендигин Кошой түшүндүрүп таштады. Бул сөздөр айкөл Манастын тарыхый миссиянын кең кулачтуулугу, кабылан шердин кыргыз элинин бактысына гана эмес, жалпы түрк элдеринин ырысына жаралгандыгы жөнүндө хандардын алдында сайраган идеолог Кошойдун кайталангыс улуу монологу.

 

Бул улуу монолог эпостогу Кошойдун образынын ички мазмундук машстабын биздин көз алдыбызды дагы да кеңейтип таштады.Ушуну менен муну айтмакчыбыз: Кошойдун бул кең кулачтуу сөздөрү жана Кум-Арыктагы түрк элдеринин биригүү акциясы “Манас” эпопеясынын дүйнөлүк рухий-идеялык баалулуктарды көтөрүп жүргөн улуу мурас экенин ырастайт.

 

IX. Кылым таймашы же Кошойдун улутка утуп берген улуу мөөрөйү

 

Кошой менен Жолойдун күрөшүндөй күрөш жер үстүндө, адамзат коомунда чанда жолугаар. Чынында эле, Кошой менен Жолойдун күрөшү “кылым таймашы”, “доордун турнири” деп айтарлык ойротто жок укмуштуу күрөш болгон. Күчү ашып-ташып, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган 40 жаштагы балбан менен 80ден ашкан аксакал абышканын кылкылдаган көпчүлүктүн көзүнчө айыгышкан таймашы эмне деген уникалдуу окуя. Анан калса бул укмуштуу күрөштүн кылымдарды карыткан, бүгүнкү күнгө чейин жеткен  атак-даңкын, таңданткан тарбиялык күчүн, орошон осуятын айт. Мына ушундай оригиналдуу мазмуну, универсалдык касиети, кайталангыс тарых-таржымалы, түгөнгүс санат-санжырасы бар үчүн бул күрөш Ата-Тоодогу, Азиядагы чоң окуя катары океандай “Манас” эпосунун курамына кирип, эпикалык сюжеттин өзөгүн тиреген негизги “атланттардын” бирине айланган. Бул күрөш – улуу сабак, урпактарга калтырылган рухий мурас, уңгулуу патриоттук таалим. Бул спорт гана эмес, улуттук ар намыстын жана мекенчилдиктин өлбө-өчпөс өрнөгү. Ата журттун асылзаада жоокеринин бийик рухунун, жарандык каармандыгынын,  алп күчүнүн жана эстен чыккыс эрдигинин эстелиги. Ак калпак калктын балбан күрөш тарыхындагы улуу мөөрөй, спорт классикасы. Ушул күрөшкө бир аз токтолуп өтөлү.

“Көкөтөйдүн ашы” башталбай жатып, кең Каркыранын түзүндө кыйын кырдаал түзүлөт. Буга “койнуна котур ташын катып”, БЭЭЖИН тараптан Каркырадагы ашка аттанып келген калмак-манжуу, кытайлар себеп болот. Көөнүндө Азия аймагынын кожоюнумун деп сезген калмак-кытайлар империялык кекирейүүчүлүк менен кыргыз калкынын көз карандысыздыкка жетишип, эгемендүү журт болгонун моюнга албай турат. Кечөөкү күңкор калкты тырмагынын астынан чыгарып жибергенине, а түгүл Орто Азия аймагынан куулуп чыкканына (Манастын боштондук согуштарын, баскынчы Алоокенин Анжияндан качышын эске түшүрөлү) тымызын өкүнүп, ичтеринде кек кайнап турган каңгайлыктар ашка кабар барганда “дүр-р” этип көтөрүлүп, кыргыз жерине согушка аттангандай аттанган.

 

Сыртынан караганда, аштын шаңдуу, салтанаттуу атмосферасында жайынча спорт оюндары өтүп жаткансыйт. Бирок ич жагын үңүлүп карасаң, ошол спорт мелдештери кадимки “согушту” элестетет. Бул негизинен кытай-калмак менен кыргыздын көмүскө “согушу”. Ар бир мелдеште каңгайлыктар менен ала-тоолуктардын ортосунда астыртан өлөөрчө атаандашуу, эрегишүү, жыйрылган пружинадай чыңалган психологиялык кырдаал, конфронтация өкүм сүрүп турат. Нескара, Коңурбай баш болгон каңгайдын калдайлары ар бир мелдеште кыргыздарды утууну, артка таштоону, биринчиликти бербөөнү, мөөрөйгө жетишип дүңгүрөгөн жеңиштери менен ар түркүн калктардын көзүнчө Манастын журтун басынтып, үстөмдүк кылууну, кытайдын артыкчылыгын далилдөөнү эңсеп, элеп-желеп болуп турат. Ооматы келип, жылдызы жанып, төгөрөктүн төрт бурчунан мейман чакырып, ала-тоодой эт кылып, ала-көлдөй чык кылып, дүңгүрөтүп аш берип жаткан, өзүнүн түптүү журт экенин, өз алдынча мамлекет экенин туйгузуп отурган кыргыздар да, аштын мелдештеринде алдына киши чыгарбай мөөрөйгө ээ болууга, өздөрүнүн күч-кубаттуулугун далилдеп, бөлөк көздөрдүн көзүнчө  мамлекет аброюн бекемдөөгө, кыр көрсөткөн кытай-калмак менен “кыл чайнашууда” намысты алдырбоого өзгөчө таңсык. Каңгайлыктарга, бээжиндиктерге эгемендүү кыргыз мамлекетинин бели бекем, түбү түптүү, казынасы калың экендигин, кудуреттүү, алышканга алдырбас, жарышканга жеткирбес, эч кимге жемин жедирбес жөндөмдүүлүгүн көпчүлүккө көкөлөтүп көрсөтүүгө, көөдөнүн көтөргөн мурдагы кожоюндарды  акылына келтирүүгө ажо Манас куштар. Аштын башталышында “киши-киши дебеймин, тарткан этиң жебеймин”,  мааникер күлүктү бербесеңер, буруттар көрүңөрдү казам деп Каңгай калдайларынын өкүм сүйлөгөнүнө каршы Манастын “алуучу калмак, сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес, чабуучу кытай, сен эмес, чаптырчу кыргыз мен эмес»”,- деген сөзү мелдештерде кыргыз тараптын жоопкерчилигин ого бетер күчөтөт. Спорт оюндарындагы, аштын жарыштарындагы кыргыздын ар бир жеңиши Манас үчүн моралдык гана эмес, саясий мааниге да эгедер. Кошойдун ушул Көкөтөйдүн ашында төмөнкү: “О кудурет, жан деп бизди жаратсаң, калмак-кытай манжуунун, дегеле көзүн каратпа” - деген теңирине жалбара сүйлөгөн сөзүн эске түшүрөлү. Бул философиялык терең маанилүү сөздөрдөн Кошой үчүн кыргыз элинин эркиндигинен, көз карандысыздыгынан жана ар намысынан өткөн ыйык нерсе жок экени айкындалып турат.

 

“Көкөтөйдүн ашындагы” Түрк - мусулман калктарынын, анын ичинде Кыргыз-Казактын балбандары Каңгайдын алп Жолойуна даабай, күрөшкө киши чыкпай абал татаалданып турат. Кошойдун ою боюнча иштин түйүнү мамлекеттин намысында туруп жатат. Кеп бул жерде кандай да болсо, эзелки жоонун көпкөлөң, текебер мамилесинин тизгинин кагып, балбанын көңтөрүп, мизин кайтарып, кыргыз деген андай эмес, мындай деп Каңгайдын акесин таанытып, ордуна коюуда туруп жатат. Мына ушинтип, журт эгелеринин бири, аш башкаруучу акылман Кошой аксакал улут кызыкчылыгынын, ата журт ар намысынын бийиктигинде акыл чабыттатып, кыр көрсөтүп турган каңгайлыктардын алдында кыргыз намысын кантип “алчысынан кондуруунун” айласын издеп, тогуз толгонуп турат.

 

Жоокердик заманда нагыз баатырдын, рыцардын адеп-ахлагынын, кан-жанынын тамыры калайык-журттун, тууган жердин кызыкчылыгында, жамааттын муктаждыгында, мамлекеттин мүдөөсүндө. Ал, мындайча айтканда, мамлекеттин эле өзү. Ал – коллективист, анын руханияты корпоративдүү. Кошой дал ушундай баатыр, анын социалдык жаратылышы ушундай. Ал – коомдук милдеттин, парздын кулу. Кыскасын айтсак, “Көкөтөйдүн ашындагы” майданда бүткүл кыргыздын жападан жалгыз үмүтүнө айланып, империянын дөөсү менен “өлүшкөнү” бараткан 80деги карыянын “таңгалычтуу кадамынын” учук-тамыры анын уктабаган уятында, абийиринде, улутмандыгында, мекенчилдик парзын Кудайындай сезгендигинде экен.

 

Кошой жанын оозуна тиштеп, ажалым же ар намысым деп, өзүнүн бүткүл рухий жана булчуң кубатын жумшап, “алты батман буудай жеп, дан жыттанган, алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган”, Каңгайлык алп Жолой менен жандимиче кармашып, акыры аны жерге көтөрүп уруп, Каркырадагы “кара курттай кайнаган” көпчүлүктүн көзүнчө триумфалдык жеңишке ээ болот.

 

Кыйын кырдаалда Кошой жашы эңкейгенине карабай, Манастын туусун, кыргыздын туусун жерге түшүрбөй желбиретип, көкөлөтүп кармап берди. Кошой илгертен кыргыздардын канын төгүп, баскынчылык кылып келген Азиядагы  каңгай-бээжиндик империянын агрессивдүү өкүлдөрүнүн алдында кыргыздын эгемендүү жаңы мамлекетинин ар намысын коргоп калды.

 

Кошой байгеге алган мал-мүлкүн, алтын-күмүшүн бүт жарды-жалчыларга, бей-бечараларга таратып берип, өзүнүн дагы да асылдыгын – берешендигин, жоомарттыгын көрсөттү. Бирок Кошойдун элге таратып берген мал-мүлкүнөн,  материалдык байлыктарынан да, кыргыз калкы үчүн “кыл көпүрөдөгү” күрөштө утуп берген рухий мөөрөйү, патриоттук жеңиши кымбат болду. Анын элине “таратып  берген” улуттук АР НАМЫС деген белеги баарынан бийик туруп, Манас баш болгон ак калпак журттун маанайын жаркытып, көңүлүн куш кылган.

 

Бүгүнкү күндө ар кандай геосаясий күчтөр, глобалдашуунун жана массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдары, демократиянын беткабын тагынып, өлкөбүздүн ичине кирип алган кой терисин жамынган ар кандай “карышкырлар”, диндик экстремизм мамлекетибизди түбүнөн жемирип, улутубуздун тамырын кыркып, түркүгүбүздү сууруп таштоого, эгемендүүлүгүбүздү жок кылууга көмүскө да, көрүнөө да умтулуп жатышат. Эл аралык “киттердин” аз сандагы улуттарды балыкча жутуп коюуга эки көзү төрт болуп турат. Ушундай шартта бүгүнкү Манастын урпактарынын ар бири өз ата журтунун эркиндигин, ар намыстын, мамлекеттүүлүгүн коргоо, бекемдөө жана чыңдоо үчүн Кошой баатырдай тикесинен тик туруп бериши аба менен суудай зарыл. Кыргыздын ар бир атуулундагы Кошойрух – мекенибиздин бекемдигинин гаранты. Ошондуктан бүгүнкү тарбиянын милдети – ар бир жаш муунду, жаранды Кошойдун патриоттук руху менен сугаруу болуп эсептелет. Кошойдун образы аркылуу “Манас” эпосунда патриот, мекенчил жарандын өзүнчө бир модели берилген. Ушул патриоттук моделге түздөнсөк, утуп чыгарыбызда шек жок.

 

X. Кошойдун Каныкейди баалаганы

 

Катагандын кан Кошойдун жогоруда кеп болгон сапаттарынан башка да, анын адам катары өзүнүн башкаларга  окшобогон  жекече өзгөчөлүү касиеттери бар. Ал адамды бир көргөндө эле сынаакы карап туруп, анын ким экендигин таамай аныктай алган жана кишинин келечек тагдырын көрө билген, билип-туюп турган нерселерин жашырбай ачык айткан, анан кишини ар дайым калыс баалаган сапатка эгедер. Анын  Манас баатырды кандайча адилет жана таасын баалаганын, Манастын кыргыз эли үчүн аткарар миссиясын алдын ала туя билген көрөгөчтүгүн жогоруда көрдүк.

 

Кошой эпостогу “аялзаттын нурдуусу, кара сурдун сулуусу” Каныкейге берген мүнөздөмөсү жагынан  да бөтөнчөлүү  инсан катары айырмаланып турат. Эпосто Каныкейдин кайталангыс аялзаты экенин көрө билип, аны көкөлөтүп эң бийик, эң оригиналдуу баалаган да, Манастын көзү өткөндөн кийин канышанын таалайынын тайкы болорлугун да күн мурун болжоп айткан ушул Кошой. “Көкөтөйдүн ашында” Жолой менен боло турган күрөштүн алдында колуна тийген кандагай шымдын ажайып жасалгандыгын көрүп, айран калып Кошой: “Ай, Каныкей, телегейиң тең экен, он эки мүчө кең экен, сөөмөйү алтын уз экен, ургаачыда болбойт ко, өзү олуя киши экен, касиеттүү кабыланга, кадыр түндүн өзү экен”- деп таамай баа берет. Ушуну менен бирге эле, “Маңдай сөөгү кайкы экен”,- деп Каныкейдин алыскы келечегин болжоп, көзү ачык жайын туйгузуп коёт.

 

Ушул жерден айта кетчү нерсе, Кошойдун мындай көрөгөчтүк, көзү ачыктык  касиетин жалаң эле эпоско мүнөздүү демейки эпикалык апыртууга такап коюуга болбос эле дейбиз. Кечээ да, бүгүн да реалдуу турмушта алды жакта  боло турган нерселерди күн мурун туюп, алдын ала айта билген, адамды көрүп туруп, анын тагдырын болжоп койгон өзгөчөлүү пенделер жашап келгендигин жана жашаарын атайы далилдеп отуруунун кажаты жоктур. Бир гана алардын көзү ачыктыгы кандай сырдуу механизимдер менен ишке аша тургандыгын азырынча илим бизге ачып бере элек. Пенделер муну өздөрү да билбейт. Кыскасын айтканда, Кошой ушундай өзгөчө касиетинен улам эпосто кээде олуя катары да мүнөздөлөт . “Абам Кошой карыя, ак сакалдуу олуя” (Кутунайдын сөзүнөн).

 

Кошой Каныкейдин маркум Манастын сөөгүн коюу үчүн  Эчкиликтин кара тоосунун зоосун ойдуруп үнкүр жасатып, ичин ойго келбегендей алтын, жакут менен жасалгалап, кереметтүү жашыруун жайды даярдагандыгын көрүп, айран таң болуп: “балам, сени катын деген оңбосун, сени ургаачы дегендин, эгерде иши эки болбосун!”- деп Каныкейге жалынып жиберет. Кошой аксакалдын ушинтип алкап жалынганы - бул Каныкейдин айлакер өнөрүнө жана акылына, кишичилигине берилген эң жогорку баа. Кошойдун баасынан аялга берилген бааны эмес, аялдагы керемет адамга, аялдагы адамдык бийиктикке, ургаачы, эркек деген биологиядан өйдө  көкөлөп көккө чыккан руханий асылдыкка ыроолонгон бааны  көрүп турабыз. Чынында эле, Каныкей өзүнүн Манаска болгон улуу махабатына татыктуу ишти жасаган жана элин кулчулуктан бошотуп, ата журтуна боштондук алып келген Ала- Тоонун улуу баатырына арзырлык укмуштуу жайдын архитектору болуп, сүйгөнүнүн элине сиңирген опол тоодой эмгегин урматтоонун ченемсиз өрнөгүн көрсөткөн.

 

XI. Кошойдун инсандык кенендиги бүгүнкү кыргыз тукумдарынын менталитетинде барбы?

 

Кошойдун кенендигин карачы. Алыскы Алтайдан келген Манасты биринчи эле көргөндө, ага кандай укмуш сөздөрдү марттык менен арнады. “Кабылан”, “Шер”, “Туйгунум”, “Кудай бериптир”, “Кыргыз журттун ырысы”, “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды”,- деп терисине батпай кубанып, чечекейи чеч болбодубу. Эл ичинен өзүнөн озо чыккан азаматка “туйгунум” деп жалбарып турат. Ушундан улам бүгүнкү замандагы кыргыз тукумдары, азыркы биз жөнүндө аргасыздан ойго түшпөй койбойсуң. Алдыга озо чыккан азаматка, лидерге, ичибизден чыккан кыйынга бүгүн биз Кошой баатырдай ак көрпө жайыл мамиле жасайбызбы? Бирөөнүн ишине, ийгилигине улут келечегин ойлоп, Кошойчылап барбалаңдап сүйүнөбүзбү? “Күлүктүн” арыш ташташынан рахат алып, аны Кошойчосунан сүрөөгө алган айкөлдүккө эгедербизби?

 

XII. “Манас” эпосунун рухий деңгээлин бийик чокуга көтөргөн улуу образ же кыргыздын адеп-ахлак конституциясы “Манаста”

 

Кошойдун “тар жол, тайгак кечүүдөгү” кайратман күрөшүнө күбө болуп туруп, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн  түшүп,  өлөйүн десең жан таттуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, дал ушул Кошойдой каарман уулдар кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго  куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, улутту сактап келгендигине дагы бир жолу ынанабыз. Кошой таш жарган кайраттын, майтарылбас эрктин, алп күч-кубаттын, жалтанбас баатырлыктын, күчтүү рухтун ээси жана жеңе билүүнүн философиясын көтөрүп жүргөн каарман.

 

Кыскасын айтканда, Катагандын хан Кошоюнун образы “Манас” эпосунун руханий, адеп-ахлак парасатын, акыл-ой кенчин, патриоттук наркын бийик даражага көтөрүп турган улуу образ.

 

“Манас” эпопеясы борбордук каармандар: Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун образдары менен күчтүү. Бул классикалык каармандар калың окурманды жана дүйнө элдерин кыргыздын руханий цивилизациясынын жана акыл-эсинин “туу чокулары” менен тааныштырат жана эпостун жалпы адамзаттык моралдык-этикалык маани-мазмунга эгедер экендигин айгинелейт. Кошойдун Ар намыс жана достук кодекси улуттук гана эмес жалпы адамзаттык өлбөс мүлк. Кыргыздын ар намыс кодекси, патриоттук дөөлөтү, гуманисттик нравасы Манас, Бакай, Каныкей, Кошойдун образдары аркылуу ташка тамга басылгандай улуу “Манас” дастанынын “гранитине” чегилип жазылган. Эркиндикти туу катары тутунуу, улутун сүйүү, достукка бекемдик, интернационализм, мекени үчүн жанын берүүгө даяр туруу, күн кордукту, кулчулукту кабыл албоо, патриоттуулук, жарандык күжүрмөндүүлүк ар-намыстуулук, Ата-Журт алдындагы парска берилгендик, жоопкерчилик, сөз менен иштин биримдиги, чынчылдык, адилеттүүлүк, боорукерлик, калыстык, улуттун бүгүнкүсү жана эртеңкиси жөнүндө ойлонгон акылмандык, айкөлдүк, журт кызыкчылыгы үчүн отко-сууга түшүүгө даяр тайманбас баатырдык, эмгекчилдик ж.б. – булар “Манас” эпосунун өзөгүн түзүп турган моралдык, жарандык улуу сапаттар жана мындай менталитет Кошой баатырга да таандык. Кыргыздын адеп-ахлак конституциясы “Манаста”. Кошойдун образынын патриоттук концепциясы бүгүнкү кыргыз жаранынын жашоо принциби катары эгемендүү кыргыз мамлекетинин пайдубалында жата турган улуу кенч.

 

XIII. Азыркы таалим-тарбиянын милдети

 

Кошойдун руханияты улуттук асылбаа ресурс катары бүгүнкү тарбия-таалим процессинин негизине алынууга жана ишке чегилүүгө тийиш. Урпактарыбыз Кошой баатырдын калк кызыкчылыгын кайтарган патриотизмине, мекенчилдигине, улутмандыгына терең түшүнүп, эл мүдөөсүн, ата журттун кызыкчылыгын, ар намысын Кошойчо коргой билүү идеясына сугарылып, көздөгөн максатты ишке ашырууда Кошойдой эрктүү, өжөр болууга шыктанып, Кошойдун жарандык-атуулдук бийик руханиятын, жеңе билүү философиясын өздөштүрүп чыгууга тийиш. Мамлекетибиз КОШОЙРУХКА сугарылган уул-кыздары менен күчтүү болмок.

 

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ

Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты

 

Булак: "Майдан.kg" гезити