Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1235

Бишкек, “Саясат.kg”. “Партиялык корпоративдик кызыкчылык”, “партиялык казына” Баткен Шер басып алган Скрябин 45-45А даректеги объектиден жылына 240 миңден 360 миң долларга чейин толукталып турган!

 

Скрябин 45тин таржымалы

 

2007-жылдын 25-январында “Кыргызтелеком” ачык типтеги АКсы директорлор кеңешинин  чечими менен Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү 45-45А  барак тибиндеги чарба базасы 1,28га жер участогу менен кошо аукциондун негизинде сатыкка коюлган. 2007-жылдын 5-февралында ачык аукцион болуп,  үч компания катышып, ОсОО “Глобал Эдертайзинг” эң жогорку бааны сунуштап, 5 миллион сомго сатып алат. Бирок, андан көп узабай, ал жерге Максим Бакиевдин жакындары көз арта баштайт. 2007-жылдын аяк ченинде “Глобал Эдертайзингдин” ээси М.Ахматовду Максим Бакиев чакырып, Скрябин 45 дарегиндеги объектини жер тилкеси менен кошо ага өткөзүп берүүнү талап кылат. Максимдин рейдерлик тобу ал кезде майлуу-сүттүү эмнени көрбөсүн, коркутуу-үркүтүү жолу менен оңой эле өздөрүнө каратып алчу эмес беле! “Глобал Эдвертайзинг” компаниясынын ээси М.Ахматовго да катуу басым болгон. Ал акыры айласы кеткнеде, 2007-жылдын 28-декабрында М.Бакиевдин фирмасы менен сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, аталган объектини өткөзүп берүүгө аргасыз болгон. Арийне, келишим боюнча бакиевдик рейдерлик топ бере турган сумма да “Глобалга” түшкөн эмес. Кыскасы, классикалык рейдерлик схема.

 

2010-жылкы революция канчалаган ишкерлерде тарттырып жиберген мүлктөрүн кайтарып алуу үмүтүн пайда кылган. Ошолордун катарында, калыстык заман келгенине ишенген “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын ээси М.Ахматов мамлекеттик органдарга “мүлкүмдү калыбына келтирип, тартып алгандардан алып бергиле”- деген өтүнүч менен мамлекеттик органдарга кайрыла баштаган. Эске сала кетели, Максим Бакиевдин шылуундук аракеттерине сот тарабынан баа берилген. 2016-жылдын 21-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Максим Бакиевди бүт дүйнө мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Ага рейдерлик ишмердүүлүктө жардам берген А.Елисеев – 25, Е.Гуревич – 30, М.Надель – 25, С.Ким – 30, У.Пак – 30, Мелисбек Улан – 30 жылга эркинен ажыратылган. Бул иш боюнча тергөө жана сотто “Глобал Эдвертайзинг” компаниясы жабырлануучу катары таанылган. Учурда жазасын абакта өтөп жаткан Ульяна Пак максимчиктин “ЭлитДомСтрой” компаниясынын директору болчу. Ал да сотто “Глобалдан” жерди кантип тартып алышканын айткан. Ошондуктан, баса белгилеп айтып коюу керек, Скрябин 45теги чарба курулушу жана жер тилкеси эч качан Максим Бакиевге тийешелүү болгон эмес. Аны жөнөкөй жарандан тартып алып коюшканы толук далилденген. Бирок, бул окуяны азыр коомчулукка алып чыгуунун кандай зарылчылыгы туулду? Бул “спектаклди” баштагандардын чыныгы көздөгөн максаттары кандай?

 

2011-жылдын 25-апрелинде “ЭлитДомСтрой” менен “Глобал Эдвертайзинг” компаниясынын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишими жокко чыгарылат. Б.а. тараптар тарабынан келишимди жокко чыгаруу мунасасы табылган. Буга албетте, Максим Бакиевдин качып кетиши түрткү болду. “ЭлитДомСтройдун” башчысы У.Пак объектини өз ээсине кайра документалдуу өткөзүп берген.

 

2014-жылдын 25-июнунда Бишкек район аралык соту “Глобал Эдвертайзинг” менен “ЭлитДомСтройдун” келишими күчүн жоготконун таанып, Скрябин 45-45А дарегиндеги кыймылсыз мүлктү 1,28 гектар жери менен “Глобалга” каттаса болорун чечимде билдирет. 2016-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо кызматында  аталган жерге болгон “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын укуктарын каттаган.  Башкача айтканда, жер тартып алгандардан алынып, мурунку ээлерине берилет. Чатактын баары мына ушул жерде жатат!

 

Канат Исаев Шерлер менен кантип “достошуп” калды?

 

2017-жылдын 18-январында Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин демилгесине ылайык, Скрябин 45-45А дарегине караштуу чарба базасы (1,28 гектар жер тилкеси менен) кантип сатылып кеткенин иликтөө жаатында депутаттык комиссия түзүлөт да, ага “Максим Бакиевге караштуу мүлктөр” деген да аныктаманы чапташат.

 

Эсиниздерде болсо, 2010-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан Бакиевдин үй-бүлөсүнө караштуу мүлктөрдү улутташтыруу жаатында декреттер чыгарылган. Аларды аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссиялар түзүлүп, укук коргоо органдары иш алып барган. Бирок, Скрябиндеги азыр талаш жаратып жаткан участок бир да комиссия тарабына “Бакиевдерди мүлкү” делип тизмеге киргизилген эмес. Бири-бирине байланышпаган комиссиялардын минтип бирдей тыянакка келгенинен эле жер чынында эч качан Максимге тийешелүү болбогонун билүүгө болот. Анан эмнеге азыр аны “Бакиевдин мүлкү” деп жазып чыгышты? Жообу жөп-жөнөкөй...

 

Алгач Канат Исаевдин өзү ким, ошого токтололу. 2016-жылдын 21-декабрында “Дело №..” гезити “Жакыр элдин бай кулдары” аталышта макала жарыялап, К.Исаевдин ишмердүүлүгүнө токтолушкан. Бул киши ишмердүүлүгүн фискалдык органдарда баштаптыр. Каржы министрлиги, Чүй обулстук газ башкармалыгында иштеген. Анан эле 2008-2010-жылдары Токмок шаарына мэр болгон. Революциядан кийин гана кызматтан кеткен. Себеби, анын бакиевдик кадр экени анык болчу. Ошондон улам, “Канат Исаев азыр да ЖК депутатынын статусуна жамынып алып Бакиевдердин кызыкчылыгын коргоп жаткан жокпу?”- деген суроо туулат.

 

Токмоктун мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу Канат Исаевге “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мисалы, мадания эстеликтер тизмесинде турган шаардагы эски китепкананын имаратын менчиктештирүүгө жол берген. Бул кылмыш иши 2015-жылы токтотулган. Бирок, Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековдун камакка алынышына байланыштуу бул иш кайрадан ачылган. Себеби, прокурордун ишиндеги фигуранттардын бири ушул Канат Исаев экен. Кызык жери, дал ушул прокурордун тушунда К.Исаевге байланыштуу кылмыш ишинин 4 тому жоголуп кеткен. Демек, кайтаруудагы объектиден том-том материалдар изсиз жоголуп жатса, анын прокуратурада таасирдүү тааныштары бар экен да! Балким ошолор аркылуу Канат Исаев Скрябин 45-45А дарегиндеги жер участогун чыныгы ээсине кайтарып берген Бишкек райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин буздуруп, ал аркылуу Максим Бакиев үчүн тартып алган мүлктү сактап калууга жан үрөп жаткандыр? Же башка да себеп барбы? Болбосо, эмнеге 2016-жылы “Глобал” жерге өз укугун калыбына келтирип алганга чейин прокуратура органдары бул участокко кызыгып да коюшкан эмес?

 

Көрсө, “иттин өлүгү” мародерлордо көмүлүп жатыптыр.

 

Эки күн мурда коррупцияга каршы эксперттик топтун төрагасы Кайра Осмоналиев, мүчөсү Бакыт Бакетаев жана “Глобалдын” адвокаты Асель Жолдошева бул участоктун тегерегиндеги талаш тууралуу басма сөз жыйынын курганда журналисттер: “6 жылдан бери бул жер участогун ким пайдаланып, пайда көрүп жатат?”- деген суроо салган. Кечээки кайра уюштурулган басма сөз жыйынында бул багыттагы чындык калкып чыкты.

 

2010-жылдагы революциядан кийин аталган жер участогун “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Болот Шердин иниси Баткен Шернияз басып алыптыр. Аталган тилкеде чоң унаа токтотуучу жай уюштурулган, соода павильондору бар. Эн аз дегенде бул жерден Баткенге түшкөн киреше ай сайын 20-30 миң долларды чапчыйт, б.а. жылына 240 миңден 360 миң долларга чейин. 2010-жылдын башынан баштап 2 миллион доллардай киреше түшкөнү айтылууда. Маселе ушул жерде жатат.

 

2016-жылдын сентябрына чейин “Ата Мекен” партиясы бийликте болуп келди. Мындай шартта “Глобал” мүлкүн ала алмак эмес. Кайсы жерге барба, соткобу, прокуратурагабы, каттоо кызматтарынабы, “ата-мекенчилерге” туш келип, тилеги таш каап келген. Булар оппозицияга кеткенден кийин гана адилеттүүлүккө жол ачылган. Албетте, ким эле 6-7 жылдан бери туруктуу киреше алып келип жаткан майталкандан кур калгысы келсин! Партиялык казына да жабыркап жатпайбы! Ошондуктан Шерлер Канат Исаевге кайрылышат. Ошентип, ал демилге көтөрүп, “бакиевдин мүлкү” деген шылтоого жамынып, чынында Баткен Шернияздын арам бизнесин коргоого өттү.

 

Азыр бул маселе боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов да ар кандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул адам Мамкаттоо кызматынын төрагасы, Юстиция министри болуп турганын унутпагыла! Ал Баткен Шернияз ээлеп алган жердин кызыкчылыгын ошол кызматта турганда катуу коргогон. “Партиялык кызыкчылык” деген болот. Анын сап башында тургандар “Мегакомдон” үлүш алганы “Белизгейт” аркылуу жарнамаланса, ылдыйкы тепкичте тургандарга Скрябиндеги жер участогу сыяктуу майда токочтор таркатылган. Мисалы Турат Мадылбековдун уулуна Киев көчөсүндөгү имарат тийгендей. Мародерлордун колуна түшүп калган башка объектилер тууралуу да жакында маалымат чыгары айтылып жатат.

 

Суроо туулат, Шыкмаматов ошончо акылдуу экен, эмнеге “Скрябин” маселесин Мамкаттоо кызматын жетектеп турган кезде көтөргөн эмес? Биз дагы бир жагдайды унутпайлы, буга окшогон арам иштерди дагы бир адам калкалап келген, ал – Аида Салянова. Ал башпрокурор болуп турганда да, азыр да “ата-мекенчилердин” кызыкчылыгын жылдырган кызматкерлер бар экенин тана албайбыз.

 

Жасалма соттук документ үчүн ким жоопкерчилик тартат?

 

Бүгүн КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди Скрябиндеги жерди өз чыныгы ээсине соттун чечимин аткарып кайтарып бергени толук далилденип олтурат. Жогоруда айткандай, “партиялык корпоративдик кызыкчылык” баарын жеңип чыгууга аракет жасоодо. Максат – миллиондорду алып келип аткан жерди сактап калуу.

 

Башкы прокуратура 2016-жылдын 2-ноябрындагы Скрябин 45-45А дарегиндеги участок боюнча Бишкек район аралык сотунун чечиминин аткарылышын токтотуу жаатындагы Бишкек шаардык сотунун токтому аткарылбаганын айтып жатат.

Бирок, булар азыр коомчулукка алып чыккан 2016-жылдын 2-ноябрындагы Бишкек шаардык сотунун чечими – жасалма болуп чыкты.

 

Биринчиден, чечимде үч судьянын колу коюулушу керек. Бир эле фамилиянын тушунда кол коюлуп турат. Соттук коллегияга төрагалык кылуучу А.Алыбаевдин да, судья А.Рыбалкинанын да колдору коюлган эмес. Жалгыз судья Д.Мулюкбаеванын колу турат. Юридикалык билими жок адам деле мунун мыйзамсыз экенин билсе болот. Депутаттык же өкмөттүк комиссия ошолорду чакырып, чын эле ушундай ишти карап, чечим чыгарышкан-жоктугун сурай алат.

 

Экинчиден, юристтер тарабынан көрсөтүлгөн документке ылайык, 2016-жылдын 2-ноябрында эч кандай сот процесси болгон эмес. “Глобалдын” адвокаты Асель Жолдошеванын айтымында, 2-ноябрда сот “ЭлитДомСтройдун” өкүлү жана судья Рыбалкинанын келбей калагынына байланыштуу болбой калып, 22-ноябрга жылдырылган. Бул чечимге төрагалык кылуучу А.Алыбаев да, судья Рыбалкина да колдорун койгон. Б.а. мыйзамдуу. Ошентип, мародёрлор жана аларга жан тарткан прокурор-соттордун колу менен дагы бир афера жасалып жатат.

 

Мурунку макалада салыштыруу келтиргендей, образдуу айтканда, эгер биз мародерлорду “Титаниктей” күчтүү суу лайнерине түшүп бараткан десек, алар жолдон жолуккан айсбергди (аны мыйзам дейли) тебелеп өтүп кетебиз дешкен. Бирок, мыйзам катуу экен, урунуп, өздөрү эми чөгө баштады.

 

Биз бул темага дагы кайрылабыз...

Тема: