“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин маегинин экинчи бөлүгү...

 

- Тандем таркап атканда “Республика - Ата Журт” деген аталышты биротоло алып салуу боюнча сөз болбодубу? Жергиликтүү шайлоолорго “Республика - Ата Журт” да, “Ата Журт” да катышып, бул элдин башын айлантып атат?

 

- Бул маселе боюнча Өмүрбек Токтогулович экөөбүз бир чечимге келдик. Мен койгон талап боюнча, “Республика” партиясына “Ата Журт” деген аталыш уланбашы керек эле. Биз биригип атканда “Ата Журт” партиясынын саясий кеңеши бир партия түзүүгө макулдук берген чечим чыгарган. Азыр  ал чечимди жокко чыгардык. Ушул маселени койгондо Өмүрбек Токтогулович: “Республика - Ата Журт” деген партия учурдагы саясий жарышка акыркы жолу катышат”- деп убада берди. Мындан кийин мындай аталыштагы партия болбойт. “Республика” өзүнчө, “Ата Журт” өзүнчө кетет. Ал эми парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясы өзүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт. Мыйзамга ылайык, орто жолдон фракцияны экиге бөлүү болбогондуктан, алар чогуу иштей беришет. Баары билүүсү шарт – “Республика - Ата Журт” деген партия тарады. Эми бул партияда жүрүп, бирине “Республикадамын”, экинчисине “Ата-Журттамын” деп атты жамынып алып, өз кызыкчылыгын ишке ашыргандардын да жүзү ачылат. Ким “Республикада” калат, ким “Ата-Журтка” барат – белгилүү болот.

 

- Акыркы кезде сиз саясий чөйрөдөн четтегенсип, көрүнбөй кеттиңиз. Андыктан сиз тууралуу бир топ ушактар чыкты, аларга ишенсек, Атамбаев менен келишимге барыптырсыз. Чын эле мамилеңиздер жакшырдыбы?

 

- Алмазбек Шаршенович менен эч кандай сүйлөшүүгө барып, сатылып, же чай ичип, мамилемди жакшыртып алган жокмун. Эгер бул киши эл үчүн иштеп, мамлекетти талабастан, тонобостон кызмат кылса, чындап мактап, жакшы сөзүмдү аямак эмесмин. Бирок, тилекке каршы андай болбой атат. Демек, саясий кызматташуу келишими тууралуу сөз да болбошу керек.

 

- Текебаев президентке импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп чыга баштады. Бул ишке ашабы?

 

- Президентке импичмент жарыялоо конституциялык норма. Жөн жерден айтыла турган нерсе эмес. Импичмент жарыялагандан кийин ага ылайык фактыларды алып чыгып процедураны башташ керек. Президенттин көп саясий каталары болду, анын баарын алып чыкканда, бири эле далилденип кала турган болсо, импичмент жарыялоого толук мүмкүн. Бирок, азыркы саясий кырдаалдан улам бул иш жүзүнө ашып кетерине көзүм жетпейт. Өтпөгөн күндө да коомчулук муну жакшылап, ар бир саясий катасын талкууга алышы керек. Бул азыр болбосо да, Атамбаев экс-президент болгон убакта ага кылмыш ишин ачууга негиз болуп бере турган чоң документ болуп турат. Ошондуктан, бул процедураны улантып, үн жеткен жерге фактыларды жеткире бериш керек.

 

- “Ата Мекендин” депутаттарына “Белиз-гейт” деп аталган чатактан улам айып тагылып атат. Сиз да депутат кезиңизде ушул маселени көтөрдүңүз эле. Буларга айыптар президентке каршы чыгышканы үчүн тагылып атабы, же жөнү барбы?

 

- Документтерди көрбөгөндөн кийин бир жактуу эч нерсе айта албайм. Бийликтин коюп аткан айыбы чын болсо, анда мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыш керек. Мыйзам баарына бирдей. Президентке импичмент жарыялайбыз деп атабыз, а эмнеге үч депутаттын күнөөсү болсо жазасыз калышы керек? А эгер президентке каяша айтканы үчүн эле кылмышка кириптер кылгылары келген аракет болсо, бул туура эмес. Мисалы, бир убакта “азыркы саясий кырдаалга байланыштуу Ташиевди камап туруш керек” деп эле, мага 95-беренени чаптап, камап салышкан. Ошол каматкандардын башында азыр өзү айыпталып аткан Аида Салянова турган. Таба эмес, бирок азыр өзүнүн башына ошондогу менин абалым келип турат. Эгер анда Салянова иш-аракеттерди туура квалификациялап, кылмыш ишинеби, же саясий ишке байланыштуубу, туура аныктама бергенде, камакка жатпайт элек. Бүгүн да Текебаев, Шыкмаматов, Салянованын үстүнөн айтылып аткан “Белиз-гейт” ишине туура квалификация берүү зарыл. “Президентке каршы чыгышты”- деп эле камап салбай, айтылып аткан иштерде чын эле катыштыгы барбы, документ тарабынан негиздүү далилденсе гана кандайдыр бир кадамдарга баруу туура болот.

 

- Атамбаевдин алты жылы эмне менен эсте калды?

 

- Эң негизгиси, анын ырлары, калп сүйлөгөнү, бирөөнү шылдыңга алганы, бирөөлөргө негизсиз жалаа жапканы жана башка өлкөлөр алдында Кыргызстандын абройун ылдый тартканы менен. Бүгүнкү күндө бийликтин эң кыл чокусунда орусча айтканда “уроддор” отурушканы менен эсте калды.

 

- “Өлкөнү президент Атамбаев башкарбай эле, жансакчы, шоопурлар башкарып калды”- деп, кадр саясатын сынга алгандар да бар.

 

- Кадр саясаты туура эмес жүргөндүктөн мамлекеттин иши алдыга жылган жок. Эмнеге жылыш болбойт? Элге-журтка жан күйдүрүп иштегиси келбеген, иштин көзүн билбеген, бирок президентке жакындыгы бар адамдардын белдүү кызматтарды ээлеп алганынан улам. Жакын адамдар креслодо отуруп, орунду кармап турушу үчүн гана жасалган дайындоолор мамлекетти артка тартууда. Ошондуктан, коомчулуктагы бул пикирди мен колдойм. Дагы көп чындыктар ал бийликтен кеткенден кийин ачылат.

 

- Президент жансакчыларын министрлик деңгээлге жеткирип атат. Акаев, Бакиевдин жанында жүргөндөрдү колтугуна тыгып, бир партиянын диктатурасын орнотту дегенге кандай карайсыз?

 

- Макул, орнотсо орнотсун. Анысына макулбуз, бирок ал диктатура элге, мамлекетке пайдасын тийгизсе. Орнотуп алып өзүнүн жана тууган-урук, жакындарынын чөнтөгүн кампайтып, жүздөгөн гектар жерлерди басып алып отурса, байкуш эле беш сотых жерге жетпей башка мамлекеттерде тентип жүрсө – бул бир партиянын диктатурасы туура эмес жолдо кетип атканынын белгиси. Муну оюмдан чыгарып айтып аткан жокмун, бүгүнкү күндөгү турмуш чындыгы. Кыргызстанда орногон саясий диктатураны ишке жарабаган адамдар орнотуп алганынын далили.

 

- Паспорттогу улут деген графаны алып салууга аракеттер жүрүүдө, коомчулукта “улутту алып салсак Кыргызстанды жоготобуз” деген пикирлер арбын болуп атат, сиз кошуласызбы?

 

- Кыргызстан кыргыз улуту менен гана сакталып, барктуу болот. Паспорттогу графаны өчүрүү кыргыз улутуна карата согулган чоң сокку болуп эсептелинет. Бул кыргыз эмес улуттагылар бийликте отуруп алып, чогуулап жасаган диверсия болушу да мүмкүн. Кыргыз деген жазууну керек болсо жүрөгүбүзгө жазып, чөнтөгүбүзга салып, көчөгө илип да алышыбыз керек. Паспорт адамдын эң негизги документи болгондуктан, кыргыз деген жазуусу ар дайым жүрүшү керек. Ошондуктан, бул демилгеге түздөн-түз каршымын, паспортто кыргыз болсоң кыргыз, орус болсоң орус, тажик болсоң тажик деп бадырайып жазылып турушу керек. Азыр башка саясий маселелер пайда болуп аткандыктан, бул маселе унутта калып аткансыйт. Бирок буга кайрыла турган күн да келет, Алла Таала колдоп кайсы бир учурда бийликке жакындап калсак, сөзсүз кайра көтөрүп, өз ордуна келтиребиз.

 

- Президенттин тышкы саясаттагы катачылыгы, айрыкча коңшу өлкөлөр менен болгон мамилеси тууралуу эмне дейсиз? Алты жылдан бери чегара маселесин чечип койсо болот беле?

 

- Президент ошол үчүн шайланат. Тышкы коопсуздук, ички биримдикти сактоо үчүн эл тарабынан шайланат. А биздин президент өзүнүн функцияларын аткара албады. Убакыттан уттурдук. Эгер мен 2011-жылы президент болуп шайланып калганымда, азыр мамлекет таптакыр башка нукка түшүп, чечилиши мүмкүн эместей көрүнгөн кээ бир маселелер азыр өз ордуларында туруп калмак. Анткени, ал жылы президенттикке талапкер болуп Атамбаевге атаандаш катары чыккандыктан, кийин жаралган ар бир маселеде “мен муну кандай кылып чечет элем” деп өзүмчо ой жооруп жүрдүм. Азыр бири-бирибизди жамандаганга маш болуп калгандайбыз. Туура эмес фактыларды айтып атып эле жамандаганга сүңгүп кеттик окшойт. Мен деле сыймыктангым келет, “менин президентим мамлекетке эл аралык аброй алып берди, экономиканы көтөрдү, тентиген элим чогулуп калды, эл турмушун жакшыртты” деп. Башка мамлекеттердин жарандарынын алдында: “менин президентим элдик лидер, акылдуу, күчтүү, эрктүү” деп сыймыктангым келет. Бирок, ошондой президентке жете албай атабыз. Бул мен үчүн абдан өкүнүчтүү.

 

- КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаевди “журт атасы” деп айтып атат, ушуга макулсузбу?

 

- Атамбаевди “журт атасы” деп айтууга болбойт. Журт атасы болуу үчүн ага татыктуу болуу керек. Кээ бир мамлекеттердин президенттери журт атасы болушу мүмкүн, бирок биздики эмес. Андай президенттер элин, жерин коргойт, эли, жери үчүн күйүп-жанат. Атамбаев андай чоң наамга татыктуу боло албай атат.

 

- Саясий куугунтукту башыңыздан кечирдиңиз. Тогуз айдан бери бир топ саясатчылар УКМКнын абагында саясий куугунтукка кабылып отурушат. Буга эмне дейсиз?

 

- Бул саясатчыларды “саясий куугунтукка кабылышты” деп айта алам. Кылмышкерлердин баары сыртта жүрөт, уурулар, коррупционерлердин баары бийликтин айланасында. Бир нече гектар жерлерди басып алып жыргап отурушкандар да бар. Чындыкты сүйлөгөн азаматтар, ошол эле Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Тойгонбек Калматов ж.б. болсо түрмөгө камалышты. Алар эч кандай кылмыш жасаган жок, бул күндөр да өтөт, абактагы күндөрдүн азабын жон терим менен сезген адам катары айтайын, азыркы азаптын баары убактылуу. Кудай буйруп, ден-соолук берсин, акыры чыгышат.

 

- Президент мураскерин калтырууга аракет жасап атканына да айткандар бар. Мадумаров, Келдибеков үчөөңүздөр “арабыздан президенттикке бир талапкер алып чыгабыз” деп атасыздар. Ошондо сиздердин негизги атаандашыңыздар ким болот деп ойлойсуз?

 

- Бизге ким атаандаш болуп чыкпасын, карапайым кыргыз калкы чыныгы мекенчил, эл, улут үчүн күйгөн лидерге суусап турганын тана албайбыз. Эгемендикке ээ болгондон бери өлкө алдыга кадам таштабай, артка кетип атканын билишет. Мына ошондой туңгуюктан кантип чыгуу керектигин, эл турмушун оңдоо рецебин жакшы билебиз. Ошондуктан, бул ирет элибиз бийлигине, акчасын азгырылбай, туура тандоого бышып жетилгенине чоң ишеним бар. Биздин, үчөөбүздүн кимибиз президент болсок дагы элге-журтка калыс караган, кыргыз мамлекетинин тарыхында эң бир татыктуу президент болуу ниетибиз бар. Ал эми бизге бут тоскондор, каршы чыккандар - элди сазга алып барып тыккан адамдар болорун калкыбыз жакшы түшүнөт.

 

- Партиялык диктатура орнотуп, катчы, шоопур, жансакчысын мамлекеттик кызматтарга алып келген Атамбаевден кубалап гана кутулуш керек дешет. Өлкөдө үчүнчү революциянын эпкини барбы?

 

- Бар, бирок бул туура чечим эмес. Башынан айтып келатабыз, мамлекеттик бийликтеги адамдарды, айрыкча президентти кубалап кетирүү жакшы жоосун эмес. Бул кыргызга таандык көрүнүш болбошу керек. Атамбаевдин бийликте ашып кетсе бир жылдай мөөнөтү калды. Мыйзам чегинде шайлоо өткөрүп, бийликти башка адамга өткөрүү туура болот.

 

- Демек шайлоонун таза өтүшүнө ишенесизби?

 

- Шайлоону бир гана бийлик бийлигин сактап калышы үчүн бурмалайт. Элибиз буга жакшы көңүл бурса, шайлоону тыкыр баамына алса, шайлоо бурмаланбай өтүүгө мүмкүнчүлүк тапса болот. Дагы бир жолу айтам, төңкөрүш, революциянын кереги жок.

 

- “Ата-Журт” партиясы Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Кадамжай шаарларында жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна катышып жатат, шайлоочуларга лидер катары кайрылууңуз барбы?

 

- Биз башка шаарлардагы шайлоолорго коюуга үлгүрбөй калгандыктан ушул үч шаарга гана жетиштик. Урматтуу шайлоочулар, бийликти да шайлап жүрүп чарчадык, акчалууну да шайлап атып чарчадык. Бизге окшогон мекенчилдерди шайласаңар утулбайсыңар. “Ата-Журтту” колдоого алып, шайлап, эртеңки эл үчүн кызмат кылышына жол ачып бериңиздер!

 

Маектешкен

Гүлмайрам Турусбекова

 

Булак: “Майдан.kg” гезити