Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1628

“Майдандын” эркин микрофону

 

Өмүрбек Текебаевден жаңы маек

- Сиздин  президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеңиз бузулду деп жатышат. Сиз буга кошуласызбы? Азыркы кезде мамилениздер кандай? Акыркы жолу качан жолуктунуздар эле?

- Атамбаевдин саясий технологдору бүгүн коомдогу карама каршылыктарды эки адамдын жеке мамилесинин бузулушунан болду деп атышат. Бул өтө примитивдүү подход. Бирок саясий технологдордун өзүнүн ыкмасы бар. Алар бүгүн коомдогу каршы пикирлерди “коомдук мааниге ээ эмес, жеке адамдардын амбициясы, таарынычы, көңүл бурууга татыксыз”- деп элди жубаткылары келип атышат. Ал турмак айрым президентке жакын адамдар “Атамбаевди көрө албагандар, бийликти андан кызгангандар ага каршы чыгып атышат” сындуу расмий сөздөрдү айтышууда. Эгер ага мен эле каршы чыксам, анда ошондой сөздөргө ишенсе болот. Бирок Европа биримдигинин эң абройлуу юридикалык комиссиясы - Венеция комиссиясы да Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө сунуштап аткан вариантынынын таш-талканын чыгарып сынга алды. Ошондуктан, Конституциянын акыркы вариантын коомчулуктун талабына ынабай, өкмөт да, президент да, ЖКнын атынан спикер да “венециялык комиссияга жөнөтпөйбүз” деп көгөрүп атышат. Биздин тарыхта биринчи жолу мындай нерсе болуп атат, буга чейин Акаев да, Бакиев да өздөрүнүн долбоорлорун эл аралык эксперттерден жашырышкан эмес. Атамбаевдин вариантын эл аралык эксперттер эмес,  жергиликтүү көз карандысыз эксперттер да каршы чыгып, маңызын ачып көрсөтүп,  эң негизгиси аны киргизүү тартиби мыйзамсыз болуп аткандыгын   айтып атышпайбы. Эки адамдын эле пикир келишпестиги болсо эл аралык аренада мынчалык чон толкун пайда болбойт эле. Муну жеке мамиле катары карабаш керек. Атамбаев бийлигин сактап калуунун эски формасын башкача өңүттө калыптандыргысы келип атат. “Аттан түшсө да, үзөңгүдөн түшпөдү” дегендей, бийликтен кетсе да Кыргызстанды   башкаргысы келип атат. Мисалы, Атамбаев акыркы жылдарда президенттин укугун азайтам дегени менен өзгөртүү аркылуу  президентке эбегейсиз укуктар берилди. Коопсуздук кызматы  менен Коргоо министрлигин  жеке өзүнө  гана баш ийдирди. Аларга өзү коет, өзү гана алат. Азыр сунуштаган долбоор боюнча бул министрлер премьер-министрдин да сунушу менен да иштен алынат. Ошентип ал министрлер премьерге баш ийбегендиктен  өкмөт эки баштуу болуп чыга келди. Президенттин судьяларды иштен алуу укугу чонойду. Президент өкмөт,  сот системасынын  эсебинен укугун көбөйтүп атат. Бүгүн да демилгечилердин башчысы Иса Өмүркулов “президенттин укугун азайтып атабыз” деп айтып атат. Мен “эмнесин азайтып атканыңарды так айткылачы?”- десем ачык, каратып туруп жалган айтуу саясаты кетип атат. Айласы кеткенде Атамбаев “Акаев менен Бакиевге жакпагандыктан Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө  эки мурунку президенттин буйругун аткаргандар  каршы чыгып атышат”- деп алар менен элдешкис душман болуп жүргөн “Ата Мекенди” кошуп атат. Тескерисинче,  Атамбаевдин айланасында бакиевчил  адамдар отурат. Мисалы, “оң колум” деп аткан Сапар Исаков Максим Бакиев менен 2010-жылдын 7-апрелинде Вашингтондо чогуу болгон. Максим Бакиев менен акыр аягына чейин чогуу жүргөн адам ошол. Атамбаев деле кезинде Бакиевдин убагында министр, премьер-министр болуп, Бакиевдин ыраазычылыгына татып, орден алганын баарыбыз жакшы билебиз. 

- “Атамбаев Текебаевден кечирим сурады” деген мааалымат айрым ММКларда тарады. Ошол чынбы? Мамилениздердин турукташышына эмне керек жана качан бир калыпка түшөт деп ойлойсуз?

- Массалык маалымат каражаттарында ушундай сөздөр чыгып жүрөт. Буга чейин Атамбаев: “бири бирибизди чукубайлы, кечиримдүү бололу”- дегендей кебин эл алдында айткан. Атамбаевдин касиети ошондой: эртең менен башка,  түштө башка маанайда боло берет.  Анын айткандарын олуттуу кабыл алып көрсөң, “кечиримдүү бололу, сабырдуу болобу, чукушпайлы” дегени туура. Эгер бул сөз жакшы ниет менен айтылса, эл алдында, тарых алдында ойлонууга мажбур болосуң. Бирок ал эртең менен башканы, кечинде башканы айта берет. Ага, анын демилгесине  каршы чыккандарды укук коргоо кызматтары куугунтуктап, жалган жалаа жаап атышат. Ошондуктан, бул айткандарын жөн гана популизм дегенге болот.   Эгер Атамбаев 2010-2015-жылдардагы тарыхка өз баасын өзгөртсө, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын миссиясын ийгиликтүү аткарганын моюнуна алса, Конституцияга өзгөртүү мамлекетке зыян алып келерин билип, Башмыйзамдын 2020-жылга чейин кол тийбестигин сактаса, эмнеге ага каршы чыкмак элек? 

- Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышпай турганыңызды айрымдары акча каражаты   же шансы жоктугуна байланыштуу деп жатышат. Чыныгы себеби эмне?

- Ар бир партиянын өзүнүн элдешкис оппозициясы болот. Мындан мурунку шаардык кеңештеги шайлоодо 17 миң добуш алып,  3- орунду ээлегенбиз.  Азыркы сурамжылоо да ошону көрсөтүп турат, дагы катышсак 3-орунду ала алабыз. Эгер 2012- жылдагыдай адам келсе,  эки процент босогодон өтүш үчүн 8 миң добуш топтош керек. Ошондо  былтыркыдан эки эсе аз добуш алсак да өтмөкпүз. Бирок негизги талапкерлер үй-бүлөсү  үчүн тынчсызданып, “барбай эле коелу” дешти. Алардын тагдырын тобокелге салбаш керек. “Эч нерседен коркпойм, чыгам”- деген жылаңач баатырларыбызда көп, бирок алардын чөнтөгү  куру. Чынын айтыш керек шайлоодон шайлоого шайлоо кампаниясы кымбат болуп баратат, бул бизде эле  эмес, бүткүл дүйнөдөгү  көрүнүш.

- Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы болуп келе жатасыз. Эгер аны 11 -декабрда эл колдобосо эмне болот жана өлкөдө  кандай саясий абал түзүлөт?

- Эгерде 11- декабрда Атамбаев сунуш кылган Конституцияны өзгөртүүлөрдүн долбоору өтпөй калса кырдаал кескин өзгөрөт. Атамбаевдин иш жүзүндөгү таасири азайат,  өкмөт менен парламент өз алдынча болот. 11 –декабрда ал демилгелеген долбоор эл тарабынан колдоо таппай калса, кийинки жылы  келе турган президенттик шайлоо негизги ролду ойнобой калат. Ошентип президенттин иш жүзүндөгү  таасири азайып, кийинки шайлоо адилеттүү өтүүгө шарт түзүлөт. Бизде эле эмес бүткүл дүйнөдөгү  шайлоо кампанияларынын иш алып баруусу кымбаттап баратат. Президенттик шайлоодо да каржылык,  административдик,  маалыматтык,  саясий ресурс таасирин  берет. Ушул факторлор анын жыйынтыгын аныктайт. Саясий ресурс - элге болгон таасир, элдин ал талапкерге  болгон ишеними. Бул негизги фактор болуш керек эле,  бирок тилекке каршы көп ресурстардын бири болуп калды. Маалыматтык ресурс -  кээде акчаң болсо да гезит,  телеканал чыгарбайт. Адинистративдик ресурс -  акчаң болсо да ишенимдүү адамдарың болбойт,  берген акчаң сууга сиңгендей жок боло берет. Административдик ресурска команданы да кошом. Команда бул – ошол партиядагы адамдар, же мамлекеттик ишканада, мамлекетке көз каранды ишканада иштеген адамдар. Мына ушул факторлор шайлоодо болушу керек.  

- Сиз президенттин командасын сынга алып келесиз. Бирок, ошол сынга жараша сиздин элдин абалын өнүктүрүү боюнча жакшы программаңыз же кандайдыр бир иш пландарыңыз бар болсо керек?

- Президентти жөн жерден сындап атканым жок, негиздуүү сындап атат. Жасаган иштери Кыргызстанга жакшылык эмес,  жамандык алып келе турганын далилдеп атам. Ошонун өзү программа. Албетте,  менде тигил же бул тармак боюнча президент жасап аткан иштерди айгинелеген программа бар. Аны баары эле билет. Мыйзам долбоорлорунан эле ал программа көрүнүп турат.

- Келерки президенттик шайлоого барасызбы?

- Билбейм. Мен аксакал саясатчымын. “Башкысы жеңиш эмес, катышуу” деген девиз мага жарашпайт. Кыргызча айтканда, “этин жебесем да,  шорпосун ичейин”  деген формула мага туура келбейт. Жогоруда шайлоодогу минимум торт факторун санадым. Ушулардын баарын таразалабай туруп азыр бир нерсе деп  айтыш кыйын. Атаандаштардан да көз каранды,  “Өрдөк жокто,  чулдук бий” деп атаандаштарың тың болбосо өтүп кетүү шансы пайда болот. Эл күткөн башка талапкерлер  болбосо шанс өзгөрөт.   Ар бир саясатчынын өзүнүн электроты бар,  аны бөлүп- жарган, көз караштары сага окшогон саясатчы жок болсо анда электорат өзүңө калат. Бөлүп -жаруу технологиясы да шайлоолордо колдонулат. Аны бөлүш үчүн сен жашаган аймактан ошол группадагы  атайын адамдарды жасашат. Алар утканга жетпесе да, электоратты  бөлүп кеткенге акча берет.  Мунун баары эбегейсиз убакытты талап кылат. Бир талапкердин  ордуна 3-4 талапкер  чыгарыш керек.

- Жакында президент КСДПнын бир депутатына карата “анын шайлоодогу чыгымын биз көтөрүп бергенбиз” деп айтты. Президент партиядан сырт болушу керек эле го?

- Президент Конституцияга ылайык калыс арбитур болушу керек. Отунбаева калыстыгын аткарган. Ага салыштырмалуу Атамбаев көмөчүнө күл тартып, өзүн партиянын лидери катары алып келет жана аны менен келечегин көрөт. Президент болуп шайлангандан кийин партиянын төрагасын кагаз түрүндө тапшырып берген. Бирок, ал орунга Атамбаевден башка эч ким татыксыз деп жарыяланды. “Ээси келсе бээсин бер” деп аны эми бул  орун күтүп турат. Атамбаев партиянын ишине түздөн түз аралашып, колдоп атат.  Бул президенттин берген антын бузгандык,  ал Конституцияга каршы келет. Элдин баары эле билет, президент бир канча жолу маалымат жыйынын бергенде, “КСДП менин партиям, мен чечем”- деп айтып жүргөн. Эми талапкерлерди өзү тандаганын, чыгымын өзү көтөргөнүн моюнуна алып отурат. КСДП партиясына иш жүзүндө Атамбаев жетекчи экенин жакында партиянын Чолпон-Ата шаарында өткөн курултайы далилдеди. Ага бүт президенттик аппаратта иштегендер барып калышты. Ошол эле Ф.Ниязов, Исаковдор жүрдү. Бул деген президент түздөн түз партияны жетектейт дегенди билдирет.     

Кагазга түшүргөн

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: