Т.Акеров: "Шопур-Фюрер, кыргыз Гитлерине кимде ким кыйшаюсуз баш ийбесе - ал кыргыз жарандыгынан айрылат" дегенчеликке барып жатышса, ушул бийликке кантип ишенүүгө болот?

 

Гезитибиздин туруктуу эксперти Т.Акеров менен кезектеги аңгемебиз да Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тирешүүсүнүн тегерегинде жүрдү. Анда эмне себептен сырткы күчтөр Атамбаевди “ресурсу түгөнгөн саясатчы” катары кабыл алып жатышканы, эки дөө саясатчынын ортосуна түшкөн Темир Сариевдин ролу тууралуу сөз болот. Айтымында, сырткы күчтөр Ө.Текебаевди да, Т.Сариевди да Атамбаевге чокутуп жибербей кармап турушканынан да көп нерсени билсе болот.

 

- Табылды мырза, айтсаныз, өткөндө сунушталган Конституцияда “граждандарды жарандыктан ажыратып коюу туурлалуу жобо каралып жатат” деп билдирдиниз эле. Бул элдин кайсы катмарына карата киргизилген норма, көпчүлүктуү кызыктырган маселе ушунда болуп жатат. Айрымдардын айтуусу боюнча, Конституциянын бул долбоору ФСБ тарабынан Президенттин Аппаратына сунушталган имиш.  Буга кандай карайсыз?

 

- Мен мурда да айттым эле. Бүгүн Конституциянын гаранты болгон президент Атамбаев баш болуп, 4 фракциянын жетекчиси төш болуп, биздин төрөлө элек балдарыбызды Кыргызстандын граждандыгынан ажыратууга жол берген Конституциянын долбоорун зордук менен референдум аркылуу кабыл алдырганы жатышат. Сунушталып жактан Конституциянын бул жобосу Кыргызстан 25 жыл эгемендүүлүктө жашап, өнүгүү жолун таппай, кайрадан тоталитардык системаны жандандырууга өтүп жаткандыгынан кабар берет. Тоталитардык системада өнүккөн эки улуу держава болгон. Бири Гитлер башындагы фашисттик Германия, экинчиси СССР. Биринчиси еврейлер менен күрөшүп келсе, экинчиси өз эли менен күрөшүп, анын өз ой-пикири бар алдынкы бөлүгүн душман тутуп, эл душманы кылып жок кылып келген. Муну менен коммунисттик партия СССР элин өз бийлигине кыйшаюсуз баш ийип, партияны жана бийликти аргасыз сүйдүрүүгө аракеттенген. Конституцияга да дал ушундай кызматты аткаруучу жобону бекитүү аракеттери болду. Б. а. бул бийликтин: “Шопур-Фюрер (жол башчыбыз), кыргыз Гитлерине кимде ким кыйшаюсуз баш ийбесе, өзгөчө ою болсо, ал кыргыз жарандыгынан айрылат”- дегендей опузасы.

 

Менимче, биринчи кезекте бул норма НПОлорго, андан кийин мусулмандарга, улутчулдарга, майда улуттардын лидерлерине, оппозицияга каршы киргизилет. Бүгүн баарыбыз күбө болуп жатабыз, НПОлор менен ислам  экстремисттери деп таанылгандар мамлекет тарабынан өтө басмырланып жатышат. Айрым граждандар соттун чечимисиз эле экстремист деп да жок кылынып жатат. Ушул эле негизде майда улуттун лидерлерин “сепаратисттер”, оппозициянын лидерлерин “эл душманы” деп күнөөлөп, жарандыктан ажыратып коюуга толук жол ачылат. 

 

Эми муну Москва менен байланышы бар же жогун мезгил көрсөтөт. Бирок, ошондой сөздөр да айтылып жатат. Анан калса, мындай сөздөр СССР учурнда КГБ өз агенттерин “Комсомолская правда”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине киргизип коюп, союздук республикаларда эмне болуп жатканын билип турчу. Бүгүн “Комсомольская Правданын” кызматкери Президенттиин Аппарат жетекчиси кызматында. Ошого мындай сөздөрдүн чыгып жатышын мыйзам чечемдүү көрүнүш катары кабыл алам. Бирок, кандай гана болбосун “Конституциянын долбоору ФСБдан келген” деген сөз бекеринен айтылып жатпаса керек.

 

- Демек, бул жобо коопсуздук кызматы, милиция соттун чечимисиз эле жок кылып жаткан граждандарга болгон кылмыштык аракеттерди жаап коюу үчүн да киргизилип жатат десек болот экен да?

 

- Ооба. Мен да ошентип ойлойм. Себеби, өткөндө “кылмышкерлер СИЗОдон качып кетти” деп, далайын жок кылышты. Бирок, ошол эле учурда жок кылынган кылмышкерлердин көбүнүн азыркы бийликтегилер менен байланышы бар эле да. Бул окуядан кийин 2-3 жумадан кийин “ошол кылмышкерлер менен байланышы бар”- деп дагы эки гражданды түн ичинде атып ташташкан. Бирок, эч ким аларга жооп берген жок. Тек гана КТРден “алар экстремисттер экен”- деп жарыя кылып коюшту.   

 

Менимче Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын ар бир жобосун, нормаларын тыкыр изилдеп туруп, анан кабыл алышы керек. Мыйзамдарды дагы. Бул алардын милдети. Бирок, бизде депутаттар өз милдеттерин так аткарбай жатышат. VI чакырылыштагы депутаттарга өлкөнүн тагдыры, элдин тагдыры баары бир болуп калды. Депутаттар жаңы Конституциянын долбоорун колдойбуз деп жатып, ал тоталитардык системага жол ачаарын да түшүнүшкөн жок. Мамлекет өз граждандары менен конституциялык негизде күрөшүп жатса, бул системаны “тоталитардык система эмес” деп айтуу кыйын. Бүткүл дүйнө терроризмге кабылып, экстремизден жабыр тартып жатат. Бүт дүйнө бирдикте алар менен күрөшүп жатат. Бирок, алар “төрөлө элек балдар кийин экстремист же террорист болуп кетпесин”- деп, баш мыйзамдарын өзгөртүү менен атайын нормаларды киргизишкен жок. Себеби, алар билишет, мунун арты эмне менен бүтөрүн. Бийликке конституциялык ыйгарым укуктарды чактап берүү керек. Эгер анын ыйгарым укугу ашыкча көп болсо,  ал аны ашкере колдонот.   

 

КТР 25 жылдан бери оппозицияга жугунду куюп келет. “Кара жащик” деген аты бар. 20 жыл оппозицияда жүргөн Атамбаевге жугунду куюп келген. Эми Атамбаев бийликке келгенде эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Оппозицияга жугунду куйганы куйган. Бийлик оппозицияны камаганы камаган. Мурда митинг кылып, бир аз эл чогултканда камаса, эми “минтип айтыптыр, антип  айтыптыр”- деп эле камап жатышат. 

 

- Сунушталып жактан Конституция биздин жашообузду канчалык өзгөртө алат? Премьер-министр чын эле өлкөнү өз алдынча башкара алабы?   

 

- Жок. Бул Конституция боюнча бийликтин баары президент менен премьердин колуна топтолгон. Бирок, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бир аз күчтөндүрүшкөн. Мисалы, област, район жетекчилерин өзү бекитет. Парламентке тап бере алат. Бирок, чын-чынына келгенде Кыргызстанда премьер эч качан эркин саясат жүргүзө алган эмес. Ал дайыма президенттен көз каранды болгон. Премьер парламентке тап берсе эле, ал “президенттен күчтүү саясий интитут” деш кыйын. Президенттин колунда бийлик партиясы бар. Парламент аркылуу өзүнчө эркин саясат кылууга аракеттенген премьерди отставка  кетирип коюш оңой эле болот. Б.а. Конституцияда президент менен премьердин чогуу-чаран аракеттенип, ынтыкмакта жашоосу бир эле партиянын үстөмдүүлүгү учурунда камсыз болушу мүмкүн. Эгер бул экөө эки башка партиядан болсо, анда булардын ортосунда эч убакта ынтымак болбойт. Дайыма интрига жүрүп, премьерлердин бат алмашып туруусу күтүлөт.

 

Бул дагы эч нерсе эмес. Бул Конституция күчтүү премьердин чыгышына каршы жазылган. Анткени президент эч убакта күчтүү саясатчыны премьерликке алып келбейт. Эгер ошондой болсо, анда премьер өзүн эркин сезип, президентти өзүнүн аракеттери менен жаап коюшу мүмкүн. Мисалы, эгер президент болуп К.Исаев же С.Исаков келсин дейли. Премьер ким болот? Булар Атамбаевдин өзүн эле премьер кылып алып келишпесе, башка өзүлөрүнөн бир аз күчтүү адамды премьер кылышпайт да. Ошондуктан, менимче, президенттин мураскери катары жаштардан эмес, Асылбек, Сооронбай Жээнбеков, К.Бороновдордой улуу муундагы саясатчылар каралганы оң болот.

 

- Президент Атамбаев Арменияга барганда, “Кыргызстанда саясий система өзгөрүп, парламенттик система орногону турат”- деп билдирди? Бул билдирүүсү көпчүлүк саясатчыларды түйшөлтүп жатат? 

 

- Ооба. Бул өтө сырдуу билдирүү болду. Менимче, Атамбаев бул билдирууну  атайылап эл аралык коомчулукка кулак кагыш кылып жарыя кылды.  Муну менен Атамбаев референдумдан кийин бийлик парламентти таратып жиберсе да болоорун билдирди. Ал гана эмес, өзү экинчи мөөнөткө барып же премьер-министр болуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандыгын каңкуулап, эл аралык коомчулукту дайындап койду.

 

- Акыркы мезгилде “Атамбаев февралда мөөнөтүнөн мурда кетет экен. Президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда болуп калышы мүмкүн”- деген сөздөр тарап жатат. Сиздин оюнузча, азыркы саясатчылардан кимдер шайлоолордун шаңын чыгара алат?

 

- Эгер ага чейин кысталып калса. Менимче, президент Атамбаев мөөнөтүнөн мурда кетпейт. Таркалып жаткан сөздөр атайын уюштурулуп жатышы мүмкүн. Себеби, Конституция кабыл алынгандан кийин же “жазда толкундоолор болуп кетпесин” деп, атайы “президент Атамбаев февралда кетет экен” деген ушак таратып коюшу мүмкүн. Анан эл “акыры кетет экен да” деп оппозицияны ээрчибей калат деген ой менен.

 

2017-жылкы президенттик шайлоолордо Ө.Текебаев, А.Мадумаров, Ө.Бабановдор негизги ролду ойношот. Булар фаворит болушу ыктымал. Ошондуктан бийлик Ө.Текебаевге өзгөчө асылып, жугунду куюп жатат. Бирок, А.Мадумаров деле чоң күч талап кылуучу талапкер. Ө.Бабанов акча менен үстөмдүк кылат. Булардан кийин Б.Төрөбаев, Т.Сариевдер болот. Бирок,бул картина эки учурда өзгөрүп кетиши мүмкүн. Биринчиден, бийлик партиясы же “Бир бол” партиясы мыкты кандидаттарды алып чыгышса.

 

- Демек, бийликке өз кандидатын алып келүү бир топ эле оңой эмес экен да?

 

- Жок. Мен антип айта албайм. Кыргызстанда баары болушу мүмкүн. Бийлик өз элине эшек жедирип жатпайбы. Кааласа, эшекти деле президент кылып шайлатып коёт. Мен Кыргызстандагы президенттик шайлоолорго ишенбейм. Шайлоолордун жыйынтыктарын алып, тыкыр анализдесеңиз эле түшүнөсүз. Анан калса, БШК жана шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү дайыма алмашып турат. Алар кызматтан кеткенден кийин шайлоолорду кантип өткөрүп жатышкандарын ачык айтып жатышпайбы. Компьютерди өздөштүрүп алышкан. Алдын ала, эсебин чыгарып, жыйынтыгын  дайындап коюшат. Ошондуктан, эч коркпой-үркпөй эле “референдум болот” деп айтып жатышпайбы. Эл келбесе да, референдум өтөт.

 

- Акыркы мезгилде Т.Сариев бийликти ачык сынга алып жатат. “Анын артында Москва турат” дешет. Бийлик аны камап койбойбу? Москва дагы кимдерди колдойт?

 

- Эсиңизде болсо, мындан бир аз мурда “Москва эмки президенттик шайлоолордо Ө.Текебаевге жашыл свет кылып беребиз дептир”- деген имиштер тараган. Москва Сариевди, А.Мадумаровду, М.Абдылдаевди, К.Жумалиевди, Ө.Суваналиевди ж.б. көп саясатчыларды колдошу мүмкүн. Т.Сариевди камай алышпайт. Өзүңүз күбө болуп жаткандай, өлкөдө эки дөө саясатчы Атамбаев менен Ө.Текебаев чабышып жатат. Т.Сариев бул чабышта баланстын ролун аткарууга аракет кылууда. Бул процесстер сырткы күчтөрдүн көзөмөлүндө жүрүп жатат. Өзгөчө Москванын. Алар Атамбаевди “ресурсу түгөнгөн саясатчы” катары кабыл алып жатышат. Ошондуктан, сырткы күчтөр Ө.Текебаевди да, Т.Сариевди да Атамбаевге чокутуп жибербей кармап турушат. Убагы келгенде, ыгына жараша эл кимди ээрчисе, ошону колдоп кетип, Атамбаевди чөктүрүп жиберүүлөрү ыктымал.

 

- Акыркы мезгилдерде: “Өлкөнү Атамбаев башкарбай эле, Ф.Ниязов менен Шопур каалагандай чалмакей чалып жатат”,- деген сөздөр айтылып жатат...

 

- Ооба. Бул бара-бара жер-жерлерлерде чоң нааразылыктарды жаратышы мүмкүн. Менимче, мындай сөздөрдүн тарашына Президенттин Аппраратынын акыркы кездердеги аракеттери түрткү болуп жатышы мүмкүн. Нааразычылыктардын төркүнү да муну тастыктайт. Биринчиден, Көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылышындагы  концерти сынга алынууда. Ал концерт президент Атамбаевдин, элдин урматына эмес, биринчи леди менен Татарстандын президенти Р.Миннихановдун урматына коюлгандай ой калтырган. Көчмөндөр оюнуна кыргыздардын туугандары болгон хакастар, тувалар чакырылбай, Татарстандын президенти чакырылган. Экинчиден Енисей кыргыз каганаты тарыхы, Барсбек каган, Кыргыз Улуу Дөөлөттүүгү доору такыр эскерилген эмес. Кыргыз тарыхын Татарстандын тарыхынан жогору болуп туруусун эп көргөн эмес. “Мунун баары Татарстандын президенти Р.Миннихановду оңтойсуз абалда калтырып албаш үчүн  жасалган”- деген сындар айтылууда.

 

Экинчиден, 31-августта президент А.Атамбаевдин эмоционалдуу сүйлөшүнө Ф.Ниязовдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги айтылууда. Президент Атамбаев өз сөзү дайындалып калгандан кийин Ф.Ниязов менен 2-3 саат кеңешкен имиш. “Ошондон кийин текстке оңдоолор киргизилген”- деген сөздөр бар.  

 

Үчүнчүдөн, президенттин тегерегиндегилердин мародерлугу, мыйзамсыз жолдор менен байып жатышынын ачыкталышы да президенттин аброюнун түшүшүнүн бирден-бир себеби катары кабылданып жатат. Мэрдин, президенттин аппарат жетекчисинин, бөлүм башчыларынын декларациясындагы артыкча мүлктөрүнүн ачыкталышы же көрсөтүлбөгөн мүлктөрүнүн чыгып калышы, бул боюнча эч кандай реакция болбой жатышы да, президенттин жана бийликтин аброюна шек келтирип жатат. Коомчулукта “эгер мэр Атамбаевдин тегерегиндеги эмес, башка бирөө болгондо  эбак эле кылмыш иши ачылмак эле, Ниязов болсо кызматтан чегинмек”- деген пикирлер айтылып жатат.

 

Коомчулукту таң калтарганы - бул иштерге президент Атамбаев да реакция бера албай жатканы болуп жатат. Кай бирлери “Атамбаевдин тегерегине бийликтен жутап калгандар чогулганбы” дешсе, кай бири “чогуу жегендер чогулушуптур” дешет. Бийлик болсо, эч нерсе болбогондой эле, тескерисинче КТРден оппозицияга жугунду куюп коюп олтурганы олтурган. Кудум эле, “жеп-ичти” деп, өлкөдөн Атамбаев тарабынан көчүккө тебилип, айдалган Акаев-Бакиев учурундагыдай.

 

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити, №37 (268),19.10.2016-жыл