Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1832

Эгер президент уктап жаткан арстанга тийишсе, ал аны жеп коёт да, президенттик мөөнөтүндө аягына чейин олтура албай калат...

 

Жазында алгач Улуттук оппозициялык кыймылдын, андан соң “Элдик парламенттин” лидерлери бийликти кетирүү багытында күчтүү, коркпогон билдирүүлөр менен чыгып, Ак үй ээлерин жакшы эле дүрбөтүшүп, анда олтурган айрымдар сандыгын көтөрүп, качканга даярданып калышкан. Бирок, “артыбызда бизди колдогон эл турат”, “эртең аянтка 50 миң адам алып чыгабыз”,- дешкен саясатчылар камалып, абал өз нугуна түшүп, кулактар тынчып, качууга камдангандар сандыгын кайра ачып, буюмдарын кабинетине жайгаштырып алышкан. Кызыгы, булар камалгандан кийин өкүрүп, ызылдап эч ким деле чыккан жок. Ошондон улам да бийликтегилер эрденип, “көрдүңөрбү, булардын сүйлөгөн сөзү бок, артында бир адамы жок бизди кууп чыгат имиш, акыл-эси жок немелердин орду түрмөдө, куп болот силерге”,- деген тейде чечендик өнөрүн көрсөтүшкөн. Ал эми бийлик акырынан жем жеп көнө түшкөн журналисттер менен эксперттер бир ооздон: “буларды камап туура кылды, төңкөрүштүн балакети алышабы?”, “УОКтун арты БОК тура”, “Элдик парламенттин орусиялык генералдар тууралуу айтканы жөн гана жөө жомок”, “Кыргызстанда эл жашоосуна ыраазы, май көл, сүт көл заман орноп калды, кана каяктан революциялык кырдаалды көрдүңөр”- деп жанын жегенин унутуш кыйын. Булардын кужулдаган үндөрү кулак-мээге сиңип, кетпей жатат. Айтор, таскагы катуу чыккан саясатчылар камалгандан кийин тынчтык орноп, “шоуну” жакшы көргөн эл: “эми бүттү, бул бийлик колундагысын чыгарбайт, кыйкыргычтын баары камалды, четинен камап атса ким эми айбат көрсөтүп чыкмак эле”,- деп үмүт үзгөнү качан!

 

Бир адамдын бактысы үчүнбү?

 

Саясатта орноп калган стабилдүүлүктү бул ирет “эл бузар саясатчылар” эмес, бийлик өзү бузду. Жашырып не, Акаев менен Курманбек Бакиевге деле эл чыдай бермек, бирок аларың өздөрүнүн жеке бийлигин болушунча күчөтүп, авторитардык режим киргизгиси келгенине эл катуу нааразы болгон. Мына ошол тырмоочту азыркы бийлик да тепсеп алды. Жетекчиң миң жакшы иштеп, экономика көтөрүлүп, эл жыргап кетпесин, бирок, кыргыз эли эч качан үстүнөн камчы менен үзүлө уруп турган адатты жактырбайт. Ошондуктан авторитардык режимди киргизүү, үй-бүлөлүк башкарууну күчөтүүнү көздөгөн бул президенттер куулду. Дал ушул Башмыйзамды өзгөртө берүүнүн айынан Кыргызстанда стабилдүүлүк болбошун 2010-жылы конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жакшы түшүнгөн. “”2020-жылга чейин Конституция кол тийгис”,- деген норма ошол максатта пайда болгон. Алар ошондо эле Кыргызстанда ким президент болуп келбесин, күчтөнүп алгандан кийин Башмыйзамга сөзсүз тийишерин билишкен экен. Мейли, Башмыйзамды жаңылоо учурдун талабы дейли. Анда эмнеге аны атайын кеңешме куруп талкууга алып, элге алып чыгып, анан жасашкан жок. Кептип баары Башмыйзам реформасынын жашыруун, жең ичинен башталып кеткени болду. Долбоорду президенттик аппарат даярдап, кол бала парламент депутаттары бир ооздон колдоп ийип, ушундан ызы-чуу башталып жатат.

 

Конституцияга киргизилүүчү ондоп-түзөөлөрдүн максатын Өмүрбек Текебаев таасын байкаган экен, ал: “Атамбаев кыргыздын Качинскийи болгусу келип жатат”,- деди. Кеп Россияда учактын кыйрашынан каза тапкан Польша президенти Лех Качинскийдин эгиздеши (45 минут эрте төрөлгөн) Ярослав тууралуу болуп жатат. Ал президент болуп келбесе да, таасири күчтүү, мамлекетти көлөкөдө жатып алып башкарып жүрөт. Анын “Укук жана адилеттүүлүк” партиясынан көрсөткөн талапкери Анджей Дуду 2015-жылдан бери президент, көп өтпөй партия да шайлоодо жеңип, Ярослав Качински премьерликке да өз кишисин бекитти. Өзү депутаттык мандаттан баш тарткан, себеби ансыз деле партия лидери айтпаса, Польшада бир да маселе чечилбейт. Текебаевдин айтымында, биздикилер да ошол жол менен кеткиси келүүдө: “Атамбаев шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү менен саясаттагы өмүрүн узартуу аракетин көрүүдө. Ал премьер-министрликке же башка мамлекеттик кызматка барбай турганын билдирди, ишенем. Бирок башыбыздан өткөн, реалдуу бийликке ээ болуу үчүн сөзсүз эле расмий кызматта отуруу шарт эмес. Атамбаев башка адамдар аркылуу ишин улантат. Өзүнүн айланасындагы адамдарды жооптуу кызматтарга коёт. Бир жардамчысы Эсептөө палатасынын төрагасы, башкалары БШКнын, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана башка түзүмдөрдүн башчысы болуп дайындалышты жана алардын келечеги Атамбаевдин саясий келечегине байланган. Муну Атамбаевдин саясий кланы дегенге болот, туугандыкка байланган трайбалисттик эмес, саясий клан. Жакында "сот тармагында тажрыйбасы жок адам Жогорку Соттун мүчөсү боло алат" деген мыйзамды өткөрүштү. Бул кызматка президенттин кишиси барат деп божомолдоого болот. Ошентип, баарын, өкмөттү дагы, башка мамлекеттик органдарды Атамбаевге берилип кызмат кылган адамдар башкарат. Жогоруда аталган кызматтардын башчылары узак мөөнөткө дайындалышат, болочоктогу президент аларды алмаштыра албайт. Бүгүнкү күндө президент 40 депутаттын макулдугу менен башкы прокурорду иштен айдай алат, демилгечилер бул норманы 61 депутаттын макулдугу менен деп өзгөртүп жатышат. Демек, кийинки президент атамбаевдик башкы прокурорду кызматтан бошото албайт, анткени парламент премьер-министр тарабынан көзөмөлдөнөт. Болочок президент башкы прокурорду алмаштырууга жетишкен күндө да, башкы прокурор өкмөт мүчөлөрүнө жана башка жогорку мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш иши боюнча тергөөгө ала албайт. Анткени, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Башкы прокуратура болгону кылмыш ишин козгоо менен чектелет. Тергөө жүргүзүү ишин өкмөттүк түзүмгө өткөрүп берет (super.kg сайтындагы тексттен)”.

Башкасы айтса да анча маани бербейт элек. Бирок Ө.Текебаевдей саясатты чаккан, мыйзамдарды талдаган башка адам барбы бизде? Башында бийлик башындагылар кооз сөздөр менен шөкөттөп атышса, Текебаев алардын болгон сырын ачыкка чыгарып салып, жыйынтыгында каршы-терши пикирлер арбыды. Эми бешиктеги бала деле Атамбаевди карап туруп: “Акаевдин, Бакиевдин тагдыры сага сабак болгон жокпу?”- деп айтса болот. Албетте, ушуну эле күтүп турган экен, Атамбаевдин саясий каршылаштары үчүн саясий сезон күз келбей жатып башталып, азыр жалкоолор да тура калып президентти боктоого өтүштү. “Башмыйзам менен ойнобой эле коеюн, тынч эле кете берейин”,- десе, тегерегиндегилери демилгени баштап, “бизди да ойлоңуз шеф, сиз жөн эле кетип калсаңыз биздин көрөр күнүбүз не болот, түрмө сизге каршы чыккандарга толуп кетти, алар чыкса каптап кетет, ордубузду таппай калабыз”,- дегендир да. Ушуга кантип баштары жетпесин! Бирок, президентти минтип ыплас авантюрага түрткөндөрдүн башка ойлогону жокпу? Жөн гана жансактоо далбасы экенине ишенүү кыйын. Андан да булардын ар бири анын жанынан карыш жылгысы келбей, мураскердик таажыны өздөрүнө ченеп жүрүшпөйбү!

 

КДК жана уктап жаткан арстан

 

Кайрадан түзүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылы макаланын башында сөз кылган адамдар камалгандан кийин, бош калган талааны ээлөөгө батыл киришти. “Эми ким чыкмак эле, оппозиция банкрот болду”- деп олтурган чакта КДКнын катуу билдирүүсү бардыгыбызды чочутуп жиберди. Аталган кыймыл башында Турсунбек Акун баш болгон тажрыйбалуу саясатчылар, коомдук ишмерлер турат. Буларды “ээ койчу, ушуларды да адам угабы?”- дей албайсың. Себеби минтип өздөрү араң жүргөндөй көрүнгөнү менен, КДКчылардын сабында эл десе жанын дароо берүүгө даяр чыныгы патриоттор бар. Ушу адамдар Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын башатында болушуп, бийликти титиретип, эл талабын орундатышканын унуткан жокпуз. Эки жолку элдик ыңкылапта да чоң роль ойношкон. Азыр талтайып чоң кабинетти ээлеп олтурган айрым министр, губернатор, жетекчилерге караганда бир Турсунбек Акундун мээнети алда канча чоң. Демек, “булар коркуткандай эле бар”- десек адашпайбызбы?

КДКнын айтымында, Атамбаев учурда өтө чоң ката кетирип жатат.

 

“Биринчиден, ал элдин пикири менен эсептешпей туруп Конституцияны өзгөрткүсү келип жатат. 2010-жылы азыркы иштеп жаткан Конституция кабыл алынып жатканда 2020-жылга чейин аны таптакыр өзгөртүүгө болбостугу тууралуу норма киргизилген. Президент элдин ушул тандоосу жана пикирин унутту. Дал ушул Баш мыйзамга жараша апрель окуяларынан кийинки алты жылдан бери өлкөдө туруктуулук жана тынчтык сакталып келе жатат. Айрым кемчиликтери бар экенин эске албаганда, бул бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугун аныктаган уникалдуу жазылган Баш мыйзам. Президент өзү деле ушул ойдо жүрбөдү беле. Дал ошол себептүү биз Атамбаевден референдум өткөзүү оюнан кайтуусун суранабыз, ага кеткен бюджеттик каражаттарды элдин социалдык муктаждыгын чечүүгө жумшаса болот. Уктап жаткан арстанды ойготпош керек, болбосо ал өзүнүн каардуу аракетин ишке ашыра баштайт. Эгер президент уктап жаткан арстанга тийишсе, ал аны жеп коёт да, президенттик мөөнөтүндө аягына чейин олтура албай калат... Президентке Конституцияны өзгөртүү коркунучтуу кесепеттерге алып келишин эскертебиз.

 

Экинчиден, президент жалпы жарандык паспорттон 5-графаны алып салууну демилгелеп жатат. КДК буга каршы. Карапайым калктын басымдуу бөлүгү да бул демилгени колдобойт. Биз америкалыктар эмеспиз, байыркы убактардан бери өз жерибиз, мекенибиз, элибиз болгон. Кыргыздар өз алдынча улут болгондон кийин, өз тилин, каада-салтын, маданиятын сактап калышы керек. Бул демилгени көтөрүү менен президент дагы от менен ойноп жатат. Биз элдик толкундоолордун айынан президенттин мөөнөтүнөн мурда кетип калышын каалабайбыз!

 

Үчүнчүдөн, президенттин дагы бир катасы – оппозиция лидерлерин жана өкүлдөрүн куугунтуктоо. Оппозиция өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу мыйзамдарды бузуу менен коштолду. Баш мыйзамдын 29-беренесине ылайык, ар бир атуул өзү каалаган маселесин талкууга алууга укуктуу. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров ж.б. азыркыга чейин камакта мыйзамсыз олтурушат.

 

Биздин маалыматка караганда, жакынкы аралыкта президенттин саясатына жана бийликтин авторитардык бакшарууга кайтып жатканына каршы жарандар ар түрдүү нааразычылык акциясын өткөзүүгө камданып жатышат. КДК Б.Асанов, К.Кадыров ж.б. оппозиция өкүлдөрүн тез арада бошотуу жана аларды мыйзамсыз куугунтуктаган жана камаган МУККнын жетекчилерин жазалоо талабын коёт. Бул талаптар ишке ашпаса, эл мындан ары бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерин жөн гана карап турбайт.

КДК президент Атамбаев менен анын жактоочуларына эскертет: эгерде элге каршы иш-аракетиңерди тезинен токтопосоңор, силер да Акаев менен Бакиевдин тагдырына туш болуп калышыңар мүмкүн”,- делет бул кайрылууда.

 

ххх

 

Президент 1-августта Чолпон-Атадагы басма сөз жыйынында элдин маанайын социалдык түйүндөр таасын чагылдырып келе жатканын, көбүрөөк ушуларга ишенерин айткан болчу. А соцтүйүндөрдө бүгүн Башмыйзам реформасын колдогон адам деле табылбайт. Андагы жалпы маанай мисалы блоггер Данияр Айтмандын жазганындай. “Чындыгында, Конституцияны өзгөртүү Атамбаевге гана керек, ал эми Кыргыз мамлекетине керек эмес,- дейт ал. - Бийлик кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган бетпак, алдамчыдай эле калп айтып жатат. 2010-жылы коомчулук арасында Конституция 2020-жылга чейин сакталат деген түшүнүк болгон. Бул коом менен бийликтин ортосундагы келишим болгон. Бирок бийлик бул келишимди уялбай бузганы жатат”.

 

Эми балким, ушундай салыштыруулар, талаптардан кийин бийлик башындагылар эсине келип, көздөгөн максатынан кайтышаар. Же баары бир референдумга барышабы? Мүмкүн, мунун баары башынан президентке саясий упай топтоого багытталган иш-чарадыр. Кантип дейсизби? Күндөрдүн биринде прездидент чыга да: “айрым айланамдагы адамдар туура эмес ишти батап алыптыр. Мен Башмыйзамга тийишпейм! Ал кол тийгис. Мен жөн эле кетем!”- дейт. Анан эле “Атамбаев элди ойлогон президент!”, “мына, бизге ушундай журт башчысы керек болчу”,- деп жатып калабыз. Башында ушинтип ойлонулгандыр балким. Эми бул жагы жомокко окшошуп кетти окшойт.

 

Нурдин Сейитов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №28 (259), 17.08.2016-ж.