Бир кезде дүйнө жүзүнө ыймандуу, меймандос эл катары таанылган, үйүнө кирген жыланды да ак чачып чыгарган кыргыздарда азыр ушул ыйык сапаттарын шамал айдагандай  жоготуп, ичи тар, алдамчы, бири-бирин көрө албаган, бөлүнүп-жарылган, трайбализмдин сазына баткан абалга туш болду.

 

Азыр өлкөбүздө экономикалык, каржылык эмес, рухий, адеп-ахлак кризиси орун алууда. Коомубуздагы мындай адамкерчилик сапаттын жоголуп баратышы тууралуу президент А.Атамбаев да Ала-Арча резиденциясында интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуусунда баса белгилеген болчу. Тилекке каршы мамлекет башчынын бул өтө туура белгилеген сөзүнөн адаттагыдай эле жыйынтык чыкпай, сөз боюнча кала берүүдө.

 

Чындыгында азыр телевидение болобу, радио же гезит менен сайтпы, жаңылыктарды угуу, көрүү, окуу үчүн бекем эрк керек. Анткени өзүнүн канынан жаралган баласын саткан эне же зордуктаган, уруп-сабап, өлтүргөнгө чейин барган атанын жырткычтыгы төбө чачыңды тик тургузат. Деги айбандардан акыл-эси менен айырмаланган адамдар эмнеге мынчалык залим, таш боор болуп калды? Адамзат илим менен техникалык жетишкендиктердин туу чокусуна чыккан XXI кылымда эмнеге биз инсандык касиеттерибизди жоготуп, роботтон айырмабыз болбой, маңкуртка айлануудабыз? Залкар жазуучу Ч.Айтматов айткан “Адам баласы үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу же канткенде адам уулу адам болот?”,- деген ар бирибиздин чекебизге мыктай кадалган улуу сөзгө жооп таба турган учур келди.

 

Жеке адамдын көр тирилигинен баштап, мамлекеттин турмушуна чейинки баардык көйгөйлөрдүн баардыгы айланып келип көпчүлүгүбүздүн мыйзамды мындай кой, ыйманыбызды жоготуп, жомоктогудай жалаң акча, көр дүйнөнүн артынан түшүп алгандыгыбызга байланыштуу болууда. Акыркы ирет болуп өткөн парламенттик шайлоо бизде көмүскө болуп келген добуштар ачык эле сатыларын далилдеп койду. Ал эми депутаттык жана тигил же бул мамлекеттик кызмат өлкөнүн эмес, жеке кызыкчылыктын гана курмандыгына айланды. Улам камалып жатса да бала бакча менен мектеп директорлорунан баштап, министр, президенттик администрациянын башчысына чейин пара алып жатышынын себеби да эң оболу ыйман кризисине барып такалат.

 

Азыр Кыргызстанда катардагы мугалимден тартып, жогорку кызматтагы жетекчилерге чейин мамлекеттик кызыкчылыкты ойлогон эч ким жок же мугалим кантип окуучулардан акча өндүрүүнү, ал эми чиновниктер пара алып, кызматтан көтөрүлүүнү, баюуну ойлоп калган. Натыйжада президентибиз өзү айтмакчы, “Кыргызстанды Кудай эле сактап турат”. Керек болсо майлуу-сүттүү кызматтар бизнеске айланып калган. Ошондуктан күн өткөн сайын байлар менен кедейлердин саны көбөйүп, мамлекетибиз алдын-күчтөн тайган адамдын образын элестетүүдө. Себеби бизде мекенчилдик сезим жок. Кала берсе мекен катары үйүбүздүн короосун гана элестетип, андан сырткары аймакта түкүрүп-какырып, таштанды ыргытып, керек болсо жолдорду талкалагандан да кайра тартпайбыз.

 

Ооба, СССРдин тушунда идеология күчтүү болчу. Ар бир адам бала бакчадан, мектептен тартып пионерге, комсомолго, комунисттик партиянын катарына кабыл алынып, ант берип, советтик адамдын образы калыптанчу. Ал эми инсандык, интеллектуалдык сапаттар мектепте билим алгандан, китеп окугандан тышкары ар кандай коомдук иш чараларда бекемделет эле. Бир эле советтик жетекчинин моралдык жүрүш-турушуна карап кызматтык карьерасынан көтөрүлүшү эмне деген жоопкерчилик. Демек, ал кездеги идеологдор моралдык жактан бузула турган адамдын эң оболу психологиясы жабыркап, ал мамлекет менен коомго зыяндан башка жакшы иш жасай албай тургандыгын билишкен. Ал эми азыр баары тескери, байлыгы менен мансабына чиренген “жакшылар” баласы менен тең кыздарга үйлөнүп, бир нече аял алып, “күндүк өмүрүндө жорго минип” жүрүшөт. Ошол эле учурда бүтүндөй коомубуз деградацияга кабылууда.

 

Бир чети СССРди кыйраткан сырткы душмандар андан ары “чала жан” абалда калган 15 Союздук республикаларды биротоло жоготуш үчүн алардагы советтик системаны реформа, кайра куруу, кайра түзүү деген шылтоо менен талкалашкан. Ал  чет элдик чалгындоо кызматтарынын күчү менен бийликке келген бизге окшогон Кыргызстан жана башка республикаларда “ийгиликтүү” ишке ашкан. Мисалы, “демократия аралына” айланган өлкөбүздө алгач завод-фабрикалар ПЕСАК деген программа аркылуу бомба түшкөндөй талкаланып, ордуна ийне курган да ишкана курулган жок. Андан соң Союздун башкы идеологиялык куралы болгон Жазуучулар союзунун ар бир республикалардагы бөлүмдөрүн мамлекет тарабынан каржылоо токтотулду. Натыйжада алардын басма сөз органдары, байлык-мүлкү, акчасы жергиликтүү шылуундар тарабынан таланып-тонолуп, куулук-шумдугу жок чыныгы таланттар алды базарга чыгып байпак, бозо сатса, арты ичип кетип, кайырчыга айланды. Ал эми “базар экономикасына” туруштук берген тыңдары жана колдоочу-демөөрчү тапкандары китебин чыгарып, ошонун акчасы жана кадыр-баркы менен жашап келатат. Ошол эле учурда Жазуучулар союзу азыр мамлекеттин өгөй баласына айланып, өзүнүн бир кездеги имаратына ижара акысын төлөп, “квартирант” болуп отурат.

 

Бул учурда коомубузду рухий кризис кара тумандай туташ каптап, китеп эмес, гезит окуган адамды табуу кыйын болууда. Дүйнөлүк адабияттын классиктери Пушкин, Толстой, Айтматовдордун чыгармалары ачык асман алдында, жолдордун четинде сатылып калса, ошол эле учурда маани-маңызы жок, зомбулук менен уятты камтыган сырты кооз китептер китеп дүкөндөрдө тизилип турат. Булардын баасы да асман менен жердей. Ооба, азыр интернеттин заманы, бүтүндөй аалам алакандай чөнтөк телефонго батып калган. Эгер дүйнөдөгү эң көп китеп окуган француздар жыл сайын ар бири 15тен китеп окушса, бизде бул көрсөткүч 15 бетке да жетпейт. Мен эки ирет Иранда жыл сайын өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк китеп көргөзмөсүнө катыштым (2011, 2015-жылдары). Он күнгө созулган бул ири маданий иш чарага Кыргызстандан башка көпчүлүк мамлекеттердин китеп басылмалары, белгилүү авторлор катышат экен. Анда жалпысынан мусулман өлкөсү деп аталган бул өлкөдөгү бир миллионго жакын китеп сүйүүчүлөр (көпчүлүгү жаштар менен студенттер) светтик жазуучулардын чыгармаларын, илим, техника тууралуу окуу куралдарын талашып сатып алышып, кудум биздин “Дордой” базарындагыдай жөөлөшүп, басканга жол табылбагандыгын көрүп таң калдым.

 

Тегеранда жыл сайын май айында бир жума боюу өтө турган Бүткүл дүйнөлүк китеп көргөзмөсүнө дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн белгилүү китеп басмаканалары катышат экен. Мен бул эл аралык маданий иш-чарага 2011-жылы катышкан элем. Туз насип буюруп, 2015-жылы Кыргызстандан Иранга барган журналисттер бул ирет да аталган китеп көргөзмөсүнө күбө болдук. Ал жерден ар кайсы тилдердеги, динден баштап, азыркы илим менен техниканын жетишкендиктерине чейинки каалаган китептерди тапсаң болот. “Манас жаңырыгы” телевидениесинин директору, китепкөй Темирбек Токтогазиев гана арабыздан котормочу менен кечке шумерлердин доорундагы китепти түп нускасында окуйт элем деп кыдырды. Бирок бизди таң калтырганы, Тегерандагы эң чоң көргөзмөнүн (биздин “Дордой” базарынын аянтына эле барабар) китеп көргөзмөсүнө келген элдин көптүгүнөн элдин кудум эле “Дордой” базарында соода кылгандай сүрүлүшүп, айрым китептерди талашып, кезекке туруп алып жаткандыгы болду. Алар бизде жыл сайын апрель айында уюштурулган китеп көргөзмөсүнө келгендердей “жөн эле” көрүп кетпестен, сумкасын толтуруп китеп сатып алып, жондоруна көтөрүп кетип жаткандыгы таң калтырды.

 

Азыр бизде интернет күч алган сайын китеп окугандардын саны азаюуда деп актанып жатпайбызбы. Бирок Иранда деле биз сыяктуу эле интернет бар. Анткен менен элдин, өзгөчө жаштар менен студенттердин китепти көп сатып алып жатышы интернетке шылтоолоп китеп окубай коюу жөн гана шылтоо экендигине көзүм жетти. Китеп окуу – адамдардын интеллектуалдык деңгээлинин күзгүсү. Демек, биз китептен алыстап, рухий жандүйнөбүз жакырланып жаткан жокпу?

 

Баса, өткөн жылы бир ай “Кабар” агенттигинде иштеп жүргөн учурда Түркиянын ТРТ телерадиокомпаниясы менен кызматташтык келишимдин алкагында Анкарада жүрүп, аталган маалымат каражатынын кыргыз радиосунун башчысы Алмазбек Асанбаев менен бир нече ирет китеп дүкөндөргө барууга туура келди. Себеби ал мектепте окуган кызы менен баласына көп китеп сатып алчу. Анкаранын китеп дүкөндөрү да биздин ошол эле “Дордой” базарын элестетет. Бир эле мамлекеттин борбору эмес, студенттердин да шаары болуп саналган бул үлкөн калаада китеп дүкөндөр негизинен чоң-чоң соода-сатык жайлардын жертөлөсүндө жайгашкан менен каалаган китепти тапсаң болот. Эң негизгиси жаштар менен студенттер көп.

 

Ал эми биздин Бишкектеги жалгыз “Нуска” китеп дүкөнүндө кардарлар сейрек кездешет. Ошол эле учурда эптеп демөөрчү таап ыр жыйнагын же прозасын чыгарган акын, жазуучулар сатып-өткөрүү жагынан кыйналып келишүүдө. Себеби жогоруда айтылгандай, 1991-жылы СССРдин кулатылышы, андан ары Союздук республикалардын экономикасы менен маданий турмушун талкалоодо эң оболу мамлекеттин башкы идеологиялык институту болгон Жазуучулар союзу мамлекеттик каржылоодон ажыратылган. Бул деген жазуучуларды жумушсуз калтырып, китептерин чыгарбай, өздөрүн сызга отургузуу эле. Ал эми мамлекеттин жарандары китеп окубай, жандүйнөсү жакырланып, бүтүндөй коомдо рухий ачкачылык өкүм сүрдү. Мындай көрүнүш айрыкча 1991-94-жылдары коомубузду кара тумандай каптап кетти.

 

Тилекке каршы мамлекет Жазуучулар союзун жана башка чыгармачыл уюмдарды тап душмандай жоюп, эч кандай каржылык, материалдык жактан колдоого алган жок. Кала берсе Союздун учурундагы имаратынан ажырап, өздөрү ошол эле мурдагы имаратына ижара акысын төлөп калышты. Ошол эле учурда Кыргызстандан башка Союздук республикаларда Жазуучулар союзу жана башка чыгармачыл уюмдар биздегидей өгөйлөнгөн жок. Мисалы, мындан 4-5 жыл мурда Бишкекке келген Азербайжандын жазуучулар союзунун төрагасы Анар аларда имаратты өздөрүнө менчиктештирип калгандыгын жана анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен күндөлүк турмушка керектүү муктаждыгын, маянасын чечип жатышкандыгын айтты эле. Баса, ушул эле өлкөнүн журналисттерине да мамлекеттик ММКбы же менчикпи, мамлекет материалдык, каржылык колдоо көрсөтүп келишкендигин ал жактагы кесиптештерибизден угуп жүрөбүз. Мисалы, ай сайын болбосо да ар кандай майрамдарда журналисттерге ири өлчөмдө акчалай сыйлык берилип, 150гө жакыны үй менен камсыз болушкан. Демек, мамлекет өзүнүн идеологиялык кызматкерлерин биздегидей такыр эле көчөгө таштап койбой, муктаждыгын чечип турат.

 

Ооба, биз “кыйын” экенбиз. Бир эмес, эки президентти кууп кетирдик. Бирок кандай бийлик келбесин, айрым гана кызматка жетишкен алдым-жуттумдар байлыкка туйтунбаса, интеллигенция өкүлдөрү баягыдай эле ачка бойдон кала берүүдө. Ошондуктан журналисттер менен жазуучулар эптеп китебин өткөрүү үчүн ар кандай ойдон чыгарылган детективдерди, коомдук моралга каршы келген эротикалык жана башка чыгармаларды жазышууда. Мындай көрүнүш өз кезегинде окурмандардын, жалпы массанын табитин бузуп, ыйман кризисине алып келүүдө. Айрыкча кино тармагында Союздун учурундагы көрүүчүлөрдү мекенчилдикке эмес, тескерисинче зордук-зомбулукка тарбиялаган тасмалар көп тартылууда.

 

Ошол эле былтыркы жылы Анкарада жүргөн учурда алардын телеканалдарынан Кыргызстандын ар кандай уятсыз, күчтүү күчсүздү зордуктаган же карактаган фильмдерин көрүп таң калдым. Баарынан да азыркы кыргыз режиссерлорунун кимиси болбосун эротика менен аракты көп тартышат. Сыягы, алар мындай эпизоддор болбосо эч ким көрбөйт деп ойлошсо керек. Бирок Түркияда арак, зордук-зомбулукту көрсөтүүгө тыюу салынгандыктан, андай кадрлар карайтылып, көрсөтүлбөйт экен. Ал эми Түркиянын өзүнүн же башка мамлекеттердин фильмдеринде биздегидей шумдуктуу көрүнүштөр жок. Эмне үчүн мындай экендигин сурасам, мамлекеттик атайын көзөмөл органы бар экендигин, кокус эле коомдун табитин бузган картиналар көрсөтүлө турган болсо, ал телеканал лицензиясынын ажырай тургандыгын айтышты. Ал эми биздин “шедевр” чыгармалардын ал жакта көп көрсөтүлүп жаткандыгынын себеби, арзандыгында экен. Демек, маселенин баары акчага барып такалууда. Мамлекет тараптан эч кандай көзөмөл жок. Бирок жалпы коомдун жан дүйнөсү жакырланып, рухий, ыйман кризисине кабылгандыгынын кандай “жемишин” берип жаткандыгын күнүмдүк турмушубуздан көрүп-билип жатабыз.

 

Кыргызстанда бир эмес, эки ирет революция болуп, үй-бүлөлүк, кландык башкарууну орноткон президенттерди кубаладык. Бирок мурдагы режимдин кулашы менен анын ордуна келген бийлик өткөн кемчиликтерден сабак алдыбы? Башкасын айтпаганда да өлкөбүздүн маданий, рухий турмушунда кандай алгылыктуу иштер, жылыштар болду? Ооба, К.Бакиевдин учурунда мурдагы мамлекеттик катчы институту жоюлуп, катчылык болуп кайра түзүлгөн. Бир кызматтын башкача болуп түзүлгөндүгүндө көп деле трагедия жоктур. Бирок кыргыз үчүн кылы кыйшайбаган, бир ооз кыргызча сүйлөмөк турсун, кыргыз элин, тилин жининдей жек көргөн Оксана Малеваная дегендин бул кызматка дайындалышы чоң катачылык болгон. Көрсө, К.Бакиевдин баласы Максим аркылуу мамлекеттик жогорку, майлуу-сүттүү орундарды ээлеп алган улуту, дили башкалар кыргыз элине кыйла эле кыянатчылык кылышты.

 

Булардын ал кездеги ишине баа берип, бүгүнкү күндө Кыргызстанды мамлекет, кыргыздарды эл катары жок кылуу боюнча атайын программа түзгөнбү деп да ойлонуп кетесиң. Акыркы 25 жылда өлкөбүздүн Союздун учурундагы 70 жылдан ашык тапкан-ташыган байлыгыбыз эле эмес, адабиятыбыз менен маданиятыбыз, искусство, билим берүү тармагы бомба түшүп, вирус каптагандай эле талкаланды.

 

Мурдагы сыймыктуу жана ардактуу кесип катары саналган мугалимдер маянанын аздыгынан итке минген кедейге айланды. Ошол эле учурда айыл жеринде арак суудай агып, жумушсуз калган, деградация менен жакырчылыктын сазына баткан жаштар ичкиликке берилип, коомубуздагы экономикалык кризис улуттун келечегине балта чапкан, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген көрүнүшкө айланды. Демократия деген эки жүздүү саясатка жамынган бийлик башындагылар жалаң эле жеке кызыкчылыгын же баюуну ойлоп калышты. Натыйжада мурдагы миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болгон завод, фабрикалар талкаланып, колхоз, совхоздор жоюлуп, алардын жабдыктары менен миңдеген койлорун алдым-жуттумдар менчиктештирип, талап-тоноп алышты.

 

Ал эми Пушкиндин жомогундагыдай аз гана жер үлүшү менен короо-сарайлардын эски устуну тийген карапайым калк кара жанын багууга да чамасы жетпей калды. Натыйжада алды 1941-жылы аталарыбыз Улуу Ата Мекендик согушка аттангандай Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө жумуш издеп, мигрантка айланды. Айрым эч жакка чыга албагандар аялын жөнөтүп, өзү “үй кожойке” болуп калды же депрессияны ичкилик менен гана “жеңип”, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетти.

 

Бирок биз үйүбүздө отуруп алып сыртка чыксаң эле акча колуңа асмандан түшүп кала тургандай туюлган менен, ар бир мигрант согуштан кем калбаган кыйынчылыкка туш болуп, мусаапырга айланды. Ошол эле учурда үй-бүлөнүн очогу бүлүндү...

 

Ар бирибиздин башыбызга түшкөн ушул күнүмдүк кара жанды багуу түйшүгү, мамлекет тарабынан эч кандай эртеңки күнгө ишеним артылбаган келечек көпчүлүк жаштарды китеп окуу, билим алуу сыяктуу баалуулуктардан алыстатып койду. Бийликтегилер жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, пара алуу, уурдап-тоноодон башканы ойлобой калган учурда карапайым калк шайлоолордо ачык эле акча үчүн добушун сата башташты. Мындай көрүнүш өзгөчө өткөн жылы октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда кеңири кулач жайды. Ошентип бизде жалаң акчасы барлар менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, шылуундар менен шумпайлар  депутат болуп шайлануусуна, кайсы бир майлуу-сүттүү кызматты ээлеп алышына шарт түзүлдү. Ал эми кызмат абалынан пайдаланып пара алуу уятты мындай кой, мыйзам бузуу катары да саналбай калды.

 

Бул бүтүндөй коомубуздун деградацияланып, мамлекетибиздин коопсуздугуна жаралган коркунуч. Анткени азыр бизде ким болбосун, жеке кызыкчылыгын ойлоп, кантип акча табуунун гана артынан түшүп калды. Бир чети ачкадан өлүп жаткан деле эч ким жок. Мингенибиз “иномарка” машине, жегенибиз казы, карта, чучук. Демек, ачтан мурда ток өлгөн заман. Болгону акчанын артынан кубалап отуруп ачкөз болуп кеттик. Андыктан акча менен зордук-зомбулук, трайбализм, партиялык клан үстөмдүк кылган учурда денени вирус каптагандай, бүтүндөй коомубузда адамдар рухий деградацияга туш болуп, ыйман кризисине кабылдык...

 

Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити