Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2122

Кыргызстанда Талас облусунда орун алган “Жерүй” алтынын казуу боюнча ондогон жылдардан бери сөз болуп келе жатат. Бирок, бул долбоорду ишке ашыруу багытында канча инвестор келди, эл менен тил табыша албай, акырында түйүнчөгүн түйүп кетүүгө аргасыз болушат.

 

Себеби, кенди өздөштүрүу маселеси саясатчылар үчүн упай топтоонун мыкты жолу болуп калгандыктан, алар түрдүү өнүттө кеп таркатышып, бул элдин нааразычылыгына алып келип турган.

 

Эсте болсо, Бакиевдин тушунда бул кендин тегерегинде жергиликтүү калктын пикирин тыншаганы барган жогорку даражалуу мамлекет жетекчилери ташбараңга кабылып, бир топ ызы-чуу болгон. 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийин деле бул маселе бир жактуу чечилбей, шайлоолордо ар кайсы партиянын оюнуна айланды. Элде күнөө деле жок. Алар кулагы менен угат. Ошондуктан, саясатчылар теледен, гезиттен сулуу чымчыкка айланып, “кен казылса экология зыянга учурайт. Суунун башында жайгашкандыктан, Талас суусу булганат. Цианид ичип өлөбүз!”- десе, баягы ызы-чуулуу “Кумтөрдөн” кийин оозу күйүп калган эли-журт кантип карап турсун! Балдарыны келечеги тууралуу сөз болуп аткан соң, бардык аракеттерге даяр да. Мына ошол түшунбөстүктүн айынан “Жерүй” тагдыры табышмак бойдон калган. 2015-жылы “Русская Платина” компаниялар тобуна кирген “Восток геологодобыча” компаниясы “Жерүйгө” лицензияны КТРКнын түз эфиринде жүргөн ачык конкурса утуп алган соң, муз ордунан жылды. Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет “Жерүйдүн” лицензиясы үчүн инвестор дароо бюджетке 100 миллион доллар которду. Ошол эле учурда, кендин мурунку лицензия ээси – казахстандык “Визор Групп” Кыргыз өкмөтүн ишине шарт түзүп бере албагандыгы, убадасын унуткандыгы үчүн сотко берген. Алар 580 миллион доллар доо койгон. Ошол доону төлөп берүү милдетин да жаңы инвестор, б.а. Талас районунун Сасык-Булак айылында катталган “Альянс Алтын” компаниясы өзүнө алган. Буга чейин бир да инвестордун келе элек жатып минтип бюджетке чоң көлөмдөгү төлөм жасаганы жергиликтүү калкты да ойлонтуп, “балким угуп көрсөкпү, ак ниеттүү окшойт, экологияга зыяны келбесе, жаңы жумуш орундары түзүлүп жатса, иштей берсе эмне экен!”- деген ойго салды.

 

Албетте, экологиялык көйгөй кенди иштетүүдө эң талаштуу темага айланды. “Жаратылышы кооз Талас жергесине кичине бир зыяны тийген болсо, кенди ачууга каршы турабыз (!)”- дегендерин түшүнсө болот. Мына ошондуктан, “Жерүй” кенин иштетүүдө айлана-чөйрөгө болгон таасирлери багытында өткөн жумада “Альянс Алтын” компаниясы Бишкекте мамлекеттик жетекчилер, коомчулук өкүлдөрү, тоо-кен, экоолгия тармагындагы адистер, инвесторлордун катышуусунда тегерек үстөл, апта башында Талас шаарында жана Бекмолдо айыл өкмөтүндө коомдук угууларды өткөздү. Анын жүрүшүндө алтын казып алуу иштеринин экологияга кандай таасири болору туурасында так маалыматтар тийешелүү жетекчилер, компания өкүлдөрү тарабынан берилди.

 

“Кыргызстандын бермети”

 

“Русская Платина” компаниясынын башкы директору Евгений Воробейчик кенди иштетүүдөгү айлана-чөйрөгө болгон таасирлерди баалоонун жыйынтыктарын тегерек үстөлдө презентациялап жатып,”Жерүйдү” Ысык-Көлгө салыштырды. “Сиздер Ысык-Көлдү Кыргызстандын бермети катары даңазалап келе жатасыздар. Жерүй дагы ошондой эле Кыргызстандын бермети. Ошондуктан биз ага абдан тыкан мамиле жасайбыз. Бмздин максат эптеп алтынды казып, кетип калуу эмес. Биз үчүн кеткенден кийин жакшы сөз айтылганы керек. Канчалаган долбоорлорду ишке ашырып жатабыз, анын жыйынтыктары эч кимди ойго салган эмес. Ар дайым биринчи учурда биз адамдардын, жараталыштын коопсуздугун биринчи орунга коюп келебиз”,- деди ал.

 

Е.Воробейчиктин айтымында, кенди иштетүүдө эң заманбап технологиялар колдонулат. Алтынды бөлүп алуунун акыркы 5-баскычына тийиштүү технологиясын компания буга чейин Хабаровскто колдонгон. Биз калдык сактоочу жайды элестеткенда дароо эле уулуу заттар сакталган көлмөнү элестетебиз. Мисалы, андай нерсе “Кумтөрдө” бар жана ал биздин тынч уйкубузду бузуп келгени-келген. Ал эми 5-баскычтагы алтын алуунун жолу – абдан коопсуз болуп саналат. Башкача айтканда атайын технологиянын негизинде калдыктар кургалытып, минералдык таштанды катары атайын жерге ташталат. Анын топурактан айырмасы жок, кол менен кармаса да болот. Ошол минаралдык азыктар ташталган жайдын үстүн топурактап жапкандан кийин өсүмдүктөрдү өстүрсө болот. Мисалы, Хабаровскто азыр атайын видеоматериалда көрсөтүшкөндөй өсүмдүктөр өсүп турат. Анын жанынан агып чыккан сууну ичсе болору айкын далилденген. Башкача айтканда, “Жерүй” кенинде да ушул технология колдонулат жана анын, Е.Воробейчиктин айтуусунда, айлана-чөйрөгө эч кандай терс таасири жок.

 

Кыргыз өкмөтү да кенди иштетүүдөгү экоолгиялык нормалар текшерилип турат. Ушу тапта кендин өзү жайгашкан жерде, жакын жайгашкан айылдардагы абанын, суунун радиациялык көрсөткүчтөрү алынган. Кийин кен ишке киргенде аны салыштырып, жыйынтык чыгарса болот. Эгер компания экологиялык талаптарды бузса кыргыз мыйзамдарына жараша катуу жоопкерчилик тартаарын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. “Бул компанияны “Кумтөр” менен салыштыруу туура эмес. Алардан айырмаланып, кенди иштете турган “Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстанда, Таласта катталган. Алар толук Кыргызстандын мыйзамдары менен иштейт жана баш ийет. Демек, бизде туура эмес кадам жасашса, дароо барып, текшерүүгө алып, чара көрүүгө укугубуз бар”,- деди ал.

 

Тегерек үстөлдө маалым болгондой, кендин өнөр жай комплекси Кара-Ой айылынан 2,3 км., Сасык-Булак айылынан 4,7 км. алыстыкта жайгашат. Андагы курулуштар сейсмикалык жактан 9 баллдан ашкан жер титирөөгө туруштук бере алат. “Жерүйдө” кен казуу иштери 2018-жылдан баштап ачык түрдө жүргүзүлө баштап, 2031-жылга дейре 58,2 тонна алтын алынат. 2031-2043-жылдарда жер астын казып алуунун жыйынтыгында дагы 28,7 тонна алтын алынаары божомолдонууда. Баш-аягы 1 миңдей адам жумуш менен камсыз болуп, алардын 90 пайызы Кыргызстандын атуулдарынан алынат, бул максатта аларды окутуу иштери сентябрдан тартып башталмакчы. 1 унций алтындын баасын 1150 доллардан эсептегенде, 2016-2041-жылдары Кыргызстанга салык, соцтөлөм, атайын ачылган өнүктүрү, колдоо фонддоруна, баары биригип 32,6 миллиард сом түшөөрү да айтылды. Эгер бул акчалар өз максатына жумшалса, бир гана Таласты эмес, Кыргызстанды да оңдоп салса болору айтпасак да түшүнүктүү.

 

Талас эли “Жерүйдүн” иштешине каршы эмес!

 

Талас шаарынын Кырк-Чоро киноүйүндө өткөзүлгөн коомдук угуунун маани-маңызы: кен иштей баштаса жергиликтүү калктан канча адам жумуш менен камсыз болот, социалдык пакетте эмнелер каралган, экология бузулуп, уу суу ичип калбайбызбы (?) тегерегиндеги суроолор менен коштолуп олтурду. “Русская платина” компаниясындагы “Жерүй” долбоорунун автору Дмитрий Ермаков менен “Алтын Альянстын” директорунун орун басары Көлбай Мусаев, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары А.Жаркыналиева, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин өкүлү А.Сапаралиев, Мамлекеттик техникалык экологиялык инспекция өкүлү Расул Артыкбаев ж.б. адамдар элдин суроосуна жооп беришти. “Альянс Алтындын” акционерлеринин аттары ачык аталды, алар: 60 пайызга ээ Муса Бажаев жана 40 пайызы таандык Аликжан Ибрагимов.

 

Эл ичинде: “булар кооз сөздөр менен биздин макулдугубузду алышып, анан каалаганын кылып, алтынды алат да качып кетишет”,- деген кооптонуу күч. Буга жооп узатып жатып, “Альянс Алтын” компаниясынын директорунун орун басары, мурдагы коопсуздук органдарынын генералы Көлбай Мусаев: “Мен бул компанияга келерден мурда ийне-жибине чейин иликтеп чыктым. Кыргызстанга, жергиликтүү экологияга зыяны тийбей турганын билип, кошулдум. Биз деле Кыргызстандын атуулубуз. Эгерде иш ыргагы тескери кетип баратканын сезчү болсок, биз биринчи болуп каршы чыгып, алдыңыздарга келебиз. А чынында азыр кооптоно тургандай эч бир нерсени көрбөй турам. Тескерисинче, “Жерүй” долбоору Кыргызстанга абдан керек. 1000дей адам иш менен камсыз болот. Ага кошумча, ошончо адам иштеп аткандан кийин тамак-аш керек болот. Продукция сатасыңар. Унаасы оңдолот, силерге келет. Мунун натыйжасында жөн эле 2-3 миң адам кошумча иш менен камсыз болот”,- деди.

 

“Талас ынтымагы” элдик көзөмөл кыймылынын лидерлеринин бири Эмир Парпиев “Жерүйдү” мурда иштетүүнү каалаган компаниянын катачылыктарын санап берип, коомчулук менен саясат жүргүзбөй, түз иштешүү керектигин айтып, “кен иштеп баштаса чаңы сапырылып, суулар булганып, ызы-чуу чыгып, Кыргыз эли өкүнүп калбайбызбы?”- деп суроо таштады. Анын ою боюнча, россиялык инвесторлор Кыргызстанга көлдүн бир тамчысындай гана каражат таштап, каалагандай жыргашы мүмкүн. Буга жооп узаткан Көлбай Мусаев “Альянс Алтынга” чейин кен казып алууга уруксат кагазын 300 сомго сатып алышканын билдирди. “Эми аны баарыбыз жакшы билет эмеспизби. Биз ишибизди ак ниет баштадык. Лицензия үчүн дароо бюджетке 100 миллион төктүк. Андан тышкары Талас облусунун өнүктүрүү фондуна 170 миллион сом, Талас районунун өнүктүрүү фондуна 170 миллион сом, Бекмолдо айыл өкмөтүнө 100 миллион сом чегерилет, биринчи транш которулду. Ал эми экологиялык жактан алып караганда, бардыгы ачык. Сиздер да коомчулук комиссия түзүп, өз алдынча экспертиза жүргузсөңүздөр болот. Мыйзамга каршы бир да иш, кадам жасалбайт, кепилдик берем”,- деди ал.

 

Социалдык пакеттин ичинде “Бакубат Талас” фонду түзүлгөн. Ага алгачкы 3 жылда жылына 100 миллион сом, андан кийин комбинат киреше бере баштаганда жылына 150 миллион сом чегерилип турат. Фонд Талас элине жарадм берүү максатында түзүлгөн жана ага ар бир райондон эл шайлаган адамдар мүчө болуп кирет.

 

Көпчүлүк “Жерүйдөн” накта канча киреше түшөрүн эсептеп берүүнү талап кылды. Эгер алтындын 1 унцийин 1150 доллардан эсептесек, алынган киреше 2,7 миллиард доллар болот. Ошондон алтын фабрикасын курууга кете турган 300 млн. доллар, 890 млн. доллар оперативдик чыгымдарды (айлык акы, жумушчаларды камсыздоо, материалдар ж.б.), лицензия үчүн алыдн-ала берилген 100 млн. доллар, “Визорго” өкмөт карыз болгон 580 млн. доллар карызды төлөөнү, “Бакубат Талас” фондуна баш-аягы берилчү 52 млн. долларды алып салсак, таптаза киреше 424 миллион доллар болору айтылды. А Кыргызстанга дээрлик 500 млн. доллар салык, соцтөлөм, соцпакет түрүндө калат. Башкача айтканда, теңме-тең болуп жатат.

 

“Жаш тирек” кыймылынын өкүлү Айнура Орунбаева Хабаровскидеги калыдк сактоочу жайга кызыкты, “барып көрүп келсек болобу?”- деген суроо болду. Буга компания өкүлдөрү макул болуп, ар бир Таластагы райондон жана шаардан бирден өкүл шайланса, алпарып, көрсөтүп келүүгө даярдыгын айтышты. Мамтехэкоинспекция өкүлү Расул Артыкбаев буга кошумча, ай сайын лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп тураарын кошумчалады. “Булар сунуштап жаткан технология цианидди толук нейтралдаштырууну караштырат. Башкача айтканда заманбап, эн зыянсыз технология. Мына бул жерде “Кумтөр” боюнча сөз болупк алды. Аларды эч ким көзөмөлдөгөн эмес, ошонун айынан мышык ыйлагыдай кебетеге келип олтурабыз. Кабарыңыздар бардыр, аларга экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн доо коюп, соттон уттук. А бул компанияны биз биринчи күнүнөн баштап көзөмөлдөп турабыз. Ар айда мониторинг жасалат”,- деп кошумчалады ал.

 

Жыйын соңунда жергиликтүү тургандар тарабынан бир катар арыз-талаптар айтылып, колдоо багытында жылуу кептер айтылды. “Ак ниеттүү иш баштапсынар. Аягына чейин биз менен ак ниет болгула”,- дешти таластык туугандар.

 

Бекмолдону айлана-чөйрөнүн сакталышы гана ойлонтот

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылындагы коомдук угууда да жогорудагы маселелер козголду. Эл алдына чыгып сүйлөгөн Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев цианиддин анчалык коркунучтуу эместигине токтолду. “Мен өзүм эколог эмесмин. Бирок ишиме байланыштуу ушу цианид эмне экенин изилдеп чыктым. Мисалга алсак, жылына миңден ашуун адам автокырсыктан каза табат экен. Дүйнөдө андан көп. Бирок, цианидден бир адам өлгөн фактыны таба албадым. Буга чейин үч жолу кен өндурүшүндө авария болуптур. Анын бири Барскоондо. Бирок бир да жолу адам өлүмү коштолгон эмес. Азыр анын үстүнө жаңы технологиялар чыкты. Анын таасирин дэрлик 0 пайызга түшүрөт”,- дейт жетекчи.

 

Ошол эле учурда жергиликтүү тургандар мурдагы “Жерүйдө” иштетүүгө ниеттенген компания элге арзан кредит таркатып, учурда аны кайра талап кылып жатканын айтышып, “Альянс Алтын” өкүлдөрүнө “бизди ошондо куткарып бергиле”,- деп кайрылышты. “Мен буга таптакыр каршымын. Кредитти ким алып иштетти эле? Анан эле келген инвесторго өзүңөр алып иштетип ийген акчаңарга чейин иле берсеңер бизге ким келет? Бир да инвестор келбейт коёт”,- деди буга Д.Зилалиев. Бирок “Альянс Алтындын” өкүлдөрү бул маселени чечүүнүн 2-3 жолу бар экенин, изилдеп көрсө болорун билдиришти.

 

Соңку сөз ордуна

 

Кыргызстандын экономикалык абалы баарыбызга белгилүү. Анын үстүнө, акыркы кездеги саясий ички талаш-тартыш, ызы-чуу, революциялардын шарданында Кыргызстан экономикасына тобокелчилик менен акчасын салууну каалаган инвесторду табуу өтө кыйын иш. “Русская Платина” компаниялар тобу - кайдагы түбү жок фирма эмес, салабаттуу, мурда өзүнүн иши менен дүйнөгө таанылган компания. “Альянс Алтын” коомдук угуулар аркылуу экологиялык жактан эң зыянсыз технологияны колдоноорун далилдеди. Андан тышкары Кыргызстан бюджети канча киреше табаары ачык-айкын айтылды. Ошондуктан, бул ишти саясатташтырбай, келген инвестордун ишине ийгилик тилейли!

 

Нурдин Сейитов

Булак: “Майдан.kgгезити