Коомчулук а кездеги “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин президенти Дастан Сарыгуловдун “Кумтөр” кенине байланышкан кылмыш ишиндеги жаңы ачылган жагдайлардан улам камакка алынышын кызуу талкууга алып жаткан чагы. 

 

Ансыз деле төңкөрүш уюштурууга катыштыгы бар экени айтылып, үй камагында олтурган чалдын камакка алынышына кыргыз алтынын казып аткан “Камеко” компаниясынын экс-президенти Л.Хоменюктун азыркы башпрокурор И.Жолдубаевага жазган түшүнүк каты себеп болгон.

 

Эң ири жемкордук акыр!

 

Хоменюк өз катында “Кумтөр Оперейтинг Компани” жана “Комеко Голд” корпорациясындагы ишмердүүлүгү учурунда “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин жетекчилиги (Дастан Сарыгулов жана Камчыбек Кудайбергенов) жана башка мамлекеттик кызматтар, алардын арасында президенттик администрация, президенттин жакындары жетекчилик кылган  түзүмдөр ар кандай максаттарды ишке ашырууга каржылык төлөмдөрдү алып келгенин билдирген. “Саясий шайлоолор убагында, Каржы министрлигине пландалбаган кошумча каражат, ар кандай мамлекеттик жана облустук деңгээлдеги фонддорду камсыздоого деп атып,  жылына бир нече ирет үзгүлтүксүз түрдө  акча талап кылып турушчу. Мындай талаптар айтылган айда 200 000 АКШ  долларына чейин жетчү. Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергенов бул талаптарды “президенттик администрациясынын басымынын алдында калып атабыз” деп түшүндүрүшчү. “Камеко” корпорациясынын саясатына ылайык, көрсөтүлгөн шарттагы талаптар корпорациянын жогорку даражадагы жетекчилери тарабынан каралчу. Андан соң “Центерра Голд” корпорациясынын Директорлор кеңешинин юридикалык консультанттарынын да көзөмөлүнөн өтчү. Андан тышкары, “Камеко” корпорациясы экс-президенттин жубайы Майрам Акаевага караштуу “Мээрим” эл аралык фондуна да бир кыйла каражат которгон”,- деп жазган Леонард мырза.

 

Мындан тышкары канадалык адис Акаевдин тушунда өлкөдөгү коррупциялык схема тамырын терең жайганын да айткан: “Буга эл аралык ар кандай уюмдардын, ошол эле Бүткүл дүйнөлүк банктын отчеттору далил. Көбүнчө “Кыргызалтын” мамлекеттик концерни нагыз коррупцияланышкан түзүм экендиги тууралуу имиш кептер  жүрчү. Чынында, “Камеко” менен КОКтун Кыргыз Республикасына берген төлөмдөрү өтө  маанилүү эле. Компания дайыма ар кандай талаптарга туш болчу, бирок “Кумтөр” токтоп калбай, иштей берди, кыргыз бийлиги тараптан ашепке кысым болгон жок. Сыягы, бул “Камеко” менен КОК тарабынан Кыргыз Республикасына которгон каражаттардын кайсы бир бөлүгү мыйзамдуу түрдө иштетилгенинен кабар берсе керек”.

 

Буга байланыштуу президент Атамбаев Башкы прокуратурага “Кумтөр” макулдашууларынын мыйзамдуулугун тергөөнү кайра жандандырууну тапшырды. Кечээ өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алып жатып, Атамбаев Башкы прокуратура эң алды ири алтын-кен жайын иштетүүгө байланышкан коррупциялык фактылар, башка мыйзам бузуулар боюнча жазык иштеринин алкагында 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын мыйзамдуу түзүлгөндүгүн кайра кароону тапшырды. Атап айтканда, 2003 - 2004-жылдардагы “Кумтөр” долбоорун кайра түзүү маселеси жаңы жагдайларды эске алганда такыр башкача өңүттөн көрүнөт. Дал ошол мезгилде Centerra Gold компаниясында кыргыз тараптын үлүшү жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралуу пикир коомчулукта күч. Президент Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуу зарылдыгын, анын жүрүшү тууралуу коомчулукту өз маалында кабардар кылып турууну тапшырды. “Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган “Кумтөр” тетирисинче эмне себептен эл арасында “эң ири афёра”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш”, - деди Атамбаев.

 

Президенттик жарыш алдындагы амалкөйлүкпү?

 

Таң каласың! Кыргыз президентинин эсинен чыгалек болсо, “Кумтөрдө” ири коррупциялык схема бар экендигин, андагы акырдан бардык жогорку даражалуу чиновниктер жем жеп келе жатканын, канадалык кара ниет инвесторлор биздин аткаминерлерди сатып алуу жолу менен өз үлүшүн көбөйтүп, Кыргызстандыкын азайтып келгенин Садыр Жапаровдун депутаттык комиссиясы толугу менен далилдеген болчу. Ошондо так ушул президенттин партиясы КСДП парламентте интрига уюштуруп, “Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгаруу маселеси өтпөй калган. Аргасы кетип С.Жапаров өз партиялаштары К.Ташиев, Т.Мамытов болушуп, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында митинг уюштурганда ушул бийлик камаганы эсте турат. Анан эле канадалык жаран кыйкырып чыкса дароо көңүл бура калганы таптакыр түшүнүксүз. Эмнеге өзүбүздүн эле патриот уулубуз Садыр Жапаров айтып чыкканда мындай реакция болгон жок?

 

Садыр Жапаров мындай дейт: “Биздин мамлекет “Кумтөр” долбоорунун келишиминен бир тараптуу чыгып, “денонсация” кылышыбыз керек. “Урматтуу Центерра дос! Сен келишимде көрсөтүлгөн шарттардын бир пайызын дагы аткарган жоксуң. Жыйырма жылдан бери пайданы мамлекетке эмес эле бир кишинин чөнтөгүнө төгүпсүң. Ошол берген пайда дагы сен чыгарып кеткен алтындардын он пайызын түзбөй жатат. Аныңар аз келгенсип он миллиард доллардын алтынын казып, 180 миллиард доллар жаратылышыбызга зыян келтирипсиңер. Болду жетишет. Ушунун баарына жооп бергиле деп тескерисинче доомат коюшубуз керек”- деген сөз. "Кумтөр" бүтүн бойдон Кыргыз мамлекетибиздики. Муну биз толук далилдегенбиз. Анткени, “Кумтөрдөгү” мүлктөрдүн баары Кыргызстандын үлүшүнүн эсебинен сатылып алынган. Демек, Кыргызстандын менчиги”.

 

Дагы белгилеп кете турган жагдай – Башкы прокуратура бул ишти иликтегиси келсе С.Жапаровдун депутаттык комиссиясынын отчетун карап чыкса болот. Арийне, бир гана жалгыз Дастан Сарыгуловду камап коюп, олтура берген туура эмес. Ошол эле С.Жапаров бул акырдан жем жеген чиновниктердин бардыгынын аты-жөнүн билээрин жар салган. Аны куугунтуктагандын ордуна кызматташууга чакырса, тергөө алга жылат.

 

Ушу тапта бийликке көз каранды маалымат каражаттары Атамбаев бийлигин “Кумтөрдү” чечүүгө батыл киришкени үчүн айга-күнгө жеткизе мактап, экс-президенттер Акаев менен Бакиевди “жегич” кылып көрсөтүүдө. Ой Кудай, мына ыйык Рамазан айында турабыз, “Кумтөрдөгү” коррупция маселеси буга чейин канча ирет көтөрүлүп келген болчу, анда эмнеге анын баарына бийлик каршы чыгып, нааразычылык толкундарын басып келди! Же 2017-жылдагы президенттик шайлоо жакындап калдыбы? Текебаев айтмакчы, бийлик бул иш-аракети менен канадалыктарды коркутуп, шайлоо алдында финансылык каражат бөлдүрүп алуунун гана амалын көрүп жатабы? Бул версиянын да өз чындыгы бар. Экинчи жагынан, “Кумтөрдү” чечип атканын азыртан пиарлап жатышпайбы. Ушинтип жакшы көрүнүп, мураскерди эл элегинен өткөзүп алууну көздөп жатышпасын?

 

Алган гана эмес, берген да ууру!

 

Буга чейин эске салсак, Башкы прокуратура “Кумтөр Голд компанинин” айрым жетекчилерине кылмыш ишин ачкан. Алар финансылык операцияларды жасоодо ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, Кыргызстанга зыян алып келгени үчүн айыпталып, “Кумтөр Голд компанинин” Бишкектеги кеңсеси тинтүүгө алынып, чек ара кызматына аларлдын аты-жөнү жөнөтүлүп, өлкөдөн чыгарбоосу эскертилген. Бир эпизоду катары – “Кумтөрдүн” менеджерлери 2014 - 2015-жылдарда жумушчулар шаарчасын көчүрүүдө ашыкча чыгымга жол бергени да айтылат. Анткен менен, тинтүүлөр күч ала баштаганда компаниянын эки вице-президенти качып кетүүгө үлгүргөн.

 

“Центерра голд” анткен менен тынч жаткан жок. Азыр алар кыргыз тарапка муштум кезеп, эл аралык арбитраж сотуна камданууда. Аталган сот аркылуу канадалыктар Кыргызстандын тийешелүү кызматтарынын экологияга зыян келтиргендиги боюнча дооматтарын, 2013-жылы ички корпоративдик 200 миллион долларлык дивиденттерди которуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишин, кеңсесинин тинтилиши, алтын кенди мындан ары иштетүүгө уруксак кагазын бербей жатышканын териштирүүнү каалайт.

 

Буга чейин Бишкек шаарынын райондор аралык соту Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын “Кумтөргө” каршы экологияга зыян келтиргендиги үчүн доосун карап, канадалыктар 6,7 миллиард сом доого жыгылган болчу.

 

Башкы прокуратура эгерде ишти акыйкат иликтей турган болсо, “Кумтөр” боюнча келишимдер канадалыктардын өздөрүнүн демилгеси менен өзгөртүлгөнү дайын болот. Хоменюк азыр “акча талап кылып турушту” деп жанын жеп атат. Канадалыктар ошо кездеги бийлик башчыларынын жегич экенин мыкты билишкен, ошондуктан, жанагы катта көрсөтүлгөн, көрсөтүлбөгөн да ири суммаларды өздөрү көтөрүп барышып, багып турушкан. Акча менен арбап, кендин дээрлик 70 пайызын менчиктеп басып алышкан. Демек, ошолордун “пулун” алган кыргыз коррупционерлери менен кошо ошо Хоменюк баш болгон канадалык менеджерлер да катарынан түрмөгө олтурушу керек! Себеби, алган да, берген да ууру болуп эсептелет!

 

Буга чейин дал ушул маселе көтөрүлүп, мыйзамсыз өзгөртүлгөн келишимдерди денонсациялоо талабы менен коомчулук чыкканда Атамбаев бийлиги канадалыктарга адвокат болгонун жашыра албайбыз. Карманышканы эле, “антсек ири салыктардан куржалак калып, экономика өлөт”,- деген шылтоо.

 

- Бул таптакыр калп,- дейт экс-депутат Садыр Жапаров. – “Кумтөр” биздин бюджеттин 6 пайыз тегерегиндеги эле сумманы жабат.  Антип элдин башын айлантып жатканынын бир эле себеби бар. Биздин жогорку деңгээлдеги аткаминерлерибиз кызыкдар. Себеби кетип аткан алтындан “шапка” алып калып жатышат. Мисалы 22 тонна алтын “Кумтөрдөн” жылына казылып алынат. Анын 4 тоннасы менен салык, соцфонд ж.б. ар кандай чыгымдарды төлөшөт.  18 тоннасын Канадага ташып чыгып кетишет. Ошол 18 тоннанын ашып эле кетсе 3 тоннасын биздин чиновниктерге ташташат. Ошол 3 тонна алтынга кызыгып, 15 тонна алтын сыртка чыгып жатат. Бул 15 тонна кыргыз мамлекетине калчу , кыргыз элинин ырсыкысы болчу. Биздин аткаминерлер 3 тонна чөнтөккө түшкөн алтынды карап, 15 тоннаны чыгарып жиберип жатабыз. Эгерде 18 тонна алтын түз келип биздин бюджетке түшсө, Кыргызстандын бюджети 2 эсеге көтөрүлөт болчу.  Биздин Кыргызстандын аткаминерлери напсисин тыйбагандыгынан мамлекетибиз сазга чөгүп бара жатат. Бүгүнкү күндө канадалык шылуундарга адвокат болгон адамдар учуру келгенде, адилет бийлик орносо, коррупционер катары жазасын алат. Буларды ачык эле эл душманы атап койсок жарашат. “Кумтөр” толугу менен канадалыктардын колунда калды, булар мурда кандай уурдап келсе, экологияны кантип булгап келишсе, ошол кылмышын улантууга мүмкүнчүлүк алышты. Бизде бир гана жол бар болчу – кенди канадалыктардан тартып алып, өзүбүз иштетсек болмок. “Жок, колубуздан келбейт”,- дегенди бийлик бетке кармады. Андай болсо, ошону иштете ала турган муун келгенче токтото турсак да жарашмак. Ансыз деле “Кумтөрдөн” түшкөн киреше бюджеттин 5 пайызын да жаба албай жатпайбы. А канадалык тарап миллиарддаган доллар киреше табууда. Ушул кантип акыйкаттуулук болсун? Кантип ушул акыйкатсыздыкты бийлик башындагылар бети чыдап карап турушат?

 

ххх

 

“Кумтөрдүн” тегерегиндеги соңку ачылыштардын тагдырын көз кырыбыздан чыгарбай, анализдеп турабыз. Азыр кандай дебейли, “көч” алга жыла баштаганы, “муздун ээригени” жакшы ишарат. Кийинки кадамдардан гана биз ошол ишараттын чын жүрөктөн жасалып жатканын же жөн гана жеке пайдасынын камында башталган саясий оюн экенин биле алабыз. Дайым айтып жүргөндөй, баарын убакыт көрсөтөт...

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №19 (250), 16.06.2016-ж.