Кыргызда бир сөз бар: “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун”,- деген. Анын сыӊарындай  мамлекетти башкарган адам да ошого татыктуу сапатка ээ болушу  керек. 

 

Мисалы, журт  атасы Алланын мээрими төгүлгөн, жердигинде дээринде бар, башкаруучулук касиетке  ээ, сабырдуу,  ийкемдүү, акылдуу, билимдүү, эге деп энчилеп берген элин, мекенин  чексиз  сүйгөн, ар дайым өлкөсүнүн өсүп-өнүгүүсүнүн, элинин бакубат жашоосунун камкордугун  көргөн,  мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын  өзүнүн  керт башынын, жакындарынын  кызыкчылыгынан  жогору койгон,  сүйлөгөн сөздөрү орундуу, салмактуу, ишенимдүү, калп сүйлөбөгөн, берген убадасына так, айтканынан  кайтпаган,  күчтүү, эрктүү,  катуу,  кайраттуу, ошол  эле  учурда  адилеттүү,  баштаганын  аягына  чыгарган өжөр, жаман-жакшыны талдай  билген,  элинин  сүйүүсүнө,  ишеничине  ээ болгон чыныгы  лидер болушу керек. Мына  ушундай  адам  гана мамлекетти,  элди  башкарууга акысы бар. Мындай  жетекчиси  бар  мамлекет  келечектүү, эли бак-дөөлөттүү, ырыс-кешиктүү.

 

Анда эмесе кыргыз элинин бактысына кандай ажо туш болду экен, ошого саресеп  жүргүзөлү...

 

Ажонун сүйлөгөн сөздөрү шартка,  жагдайга жана учурга жараша орундуу,  салмактуу,  ишенимдүү болушу  керек.   Тилекке каршы Атамбаев кайсыл  жерде эмнени,  кандай  сүйлөштү  билбейт. Мисалы,  былтыркы  жылы билим күнүндө  Бишкек  шаарынын бир мектебин ачып жатып билим майрамы  жөнүндө сүйлөөнүн ордуна  саясатка кирип,  шаардын  тазалыгын  талдап,  шаардын  мэри  К.Кулматовго асылып,  “жакшы  иштебесеӊ3 айдан  кийин  кетирем”- деп албууттанып күпүлдөдү. Мектеп  босогосун  жаӊы аттаган  балдар  ажодон  шаардын  тазалыгын,  Кулматовдун кызмат  ордуна  татыктуу  же  татыктуу  эместигин  уккусу  келди  беле? Чындыгында балдар,  мугалимдер, ата-энелер ажодон жакшы каалоо-тилектерди, куттуктоолорду, алардан  келечекте  жакшы   үмүттөрдү  артаарын  жана  өмүр  бою эсте каларлык создөрдү күтүшкөн  да. Анын ордуна алар  Атамбаевден “бардыгыӊар иштебейсиӊер, бир эле  мен  жалгыз иштеп  жатам,  чарчап  өлөйүн деп  калдым”- деген дооматтарды  угушту. Дагы  бир  мисал,  Нарында  Камбар-Ата – 1  ГЭСин куруп  баштоого  арналган  салтанатта  Россиядан  келген  коноктордун  көзүнчө дагы  бир  ирет ээлигип  кетип,  чогулгандарды ушул  салтанаттуу  майрамы  менен  куттуктоонун,  жакшы  каалоо-тилектердин ордуна бардыгын  каарып, баягысындай  эле кантип  жашоо  керектигин  үйрөтүп, акыл  айтып,  ошончо  турган  элди башынан  ылдый көздөй муздак суу  куюп жибергендей эле селдейтип,  каалашынча кемсинтип, жээрип, нарындыктарды малга теӊеп салганычы. Чындыгында  бул  кишинин  ар кайсыл жыйындарда, салтанаттарда же  пресс-конференцияларда сүйлөгөн  сөздөрүндө  толугу  менен  ошол  жайдайга,  темага   толугу  менен арналган  сөзүн  табуу  өтө  эле  кыйын. Сөзсүз  түрдө бир  жеринен  болбосо бир  жеринен темадан четтеп, өзүнүн  баягы кейпин кие  баштайт. Ал эле эмес Москва  шаарында Манас бабабыздын  айкелин  ачып  жатканда  да  ошол  жерде  окуп  жүргөн  студенттерге “жакшы  билим  алгыла,  силер  Кыргызстандын  келечегисиӊер,  силерден  үмүтүбүз  чоӊ”-  деп  аларды  шыктандырып,  ал эми көроокаттын айынан үй-жайынан,  жакындарынан  безип  жүргөн  мигранттарга  “силер  оорубагыла, Кыргызстанды  уят кылбай  жакшы  жүргүлө,  жүрөгүӊөрдөн  Мекенди  чыгарбагыла,  үй-бүлөӊөргө  эртерээк  аман-эсен  баргыла”  деген  жакшы  сөздөрүн  айткандын  ордуна  аларды  жээрип-жемелеп,  мурду  менен  бир  тийип  жексур  көрүнүп алды. А  чындыгында  алардын  ошол  жакта муктаждыктын  айынан  тентип  жүргөнүнө  өзүнүн  түздөн-түз  күнөөсү  бар экенин  туйган  да  жок. Өлкөнү жакшы  кылып  койсо  алар  кетпейт  эле да.

 

Ажо мамлекеттин, элдин  кызыкчылыгын  өзүнүн,  жакындарынын, бир  ууч  адамдардын кызыкчылыгынан  жогору  коюш  керек. Ушул  темага  келгенде  эле  Атамбаев Акаев менен Бакиевге асылып,  аларды кара  көөгө  майлап, ыгы келсе-келбесе  да жамандап  эле  жатып  калат.  Өзүн кардан ак, суудан  таза кылып,  “мен  эч  бир тууганымды  бийликке  алып  келбейм”- деп  көкүрөк  кагып  мактана  берет.  Чындыгында  ушундайбы?  Эгерде  улуу  сөздүн  ушагына  кулак  төшөсөк  Атамбаев  деле ар кайсыл  облустардагы  тууган-туушкандарын,  төркүн-төшүн тегерегине  жыйнап  алган  дейт.  Себеби  бул  кишинин  төркүн-төшү  көп  эмеспи.  Таластан  кара кытайлар,  түштүктөн тейиттер,  Чүйдөн  солтолор жана  биринчи,  экинчи  аялдын  тууган-туушкандары. Андан  калса  бир кызыкчылыкты  аркалаган  партиялаштар,  бирге  жеп-ичкен  табакташтар.

 

Президент эч убакта калп сүйлөбөй, берген убадасын ар дайым  так,  туура,  өз  убагында  аткарыш  керек.  Антпесе  элдерде  ишеним  кете  баштайт. Элде  сөз  бар: калп  айткандын  кадыры  кетет,  жүрүп-жүрүп  андан  урмат-сый  безет. Мурда,  СССРдин убагында ар бир берилген убада кылдаттык  менен  иштелип  чыгып,  партиялык  съездде   беш  жылга бекитилип   кыйшаюусуз  так  аткарылчу. Элде  ишеним  күчтүү  болчу.  Азыр эмне,  эптеп  эле  эшеги  суудан  өткөнчө  оӊго-солго,  эртеӊ  эмне  болоорун ойлобой,  сурак-талаптын жоктугунан пайдаланып убаданы бере берет. Ажолукка  талапкерлердин  ортосунда  укмуштуудай  жарыш  бар: “ким көп убада берет”-  деген.

 

Атамбаев ажобуз дагы ооз көптүргөн убадалардан куру эмес. Эки ажобуздун колунан  келбеген “коррупцияга каршы күрөшөм, алкымдан  алып, кежигеден  басам”- деген.  Тилекке каршы, бул  ишти ырааттуу  милдеттен  куру популисттик компанейшинге  айлантып  жиберди.  Азыр  кызматтар эмес, алик  алып  учурашуу  да  сатыла  баштады.  Электр  энергиясын бөлөктөрдөн  көз  карандылыктан  чыгарып, бардыкмүмкүнчүлүктөрдү  элдин жашоосун жакшыртууга  жумшайм  деген. Туура, көз  карандылыктан чыктык, бирок ал көз карандылык элдин шоруна  жаралгандай  болуп  калды. Электр  энергиясынын  баасы  арзандабай  эле кайра,  тескерисинче  карапайым  элди муунтуп мүӊгүрөтүп  салды. Акаев  менен  Бакиев электр энергиясынын баасын  көтөрүү боюнча  Атамбаевдин алдында тушоо чечпей  калышты.  Атамбаев такка  отуруп  чу дегенде  эле  бюджет боюнча  убада берген. Ошол  убадасын айтылган  оригиналында  берип  коелу:  “Кыргызстан закончит 2011 год без дефицита бюджета”,  “Мы добьемся того, чтобы ресурсы страны перестали обслуживать частные интересы власть придержащих, и были направлены на благо народа. Первый этап развития - с ноября текущего года по май следующего - будет посвящен преодолению кризиса. Второй этап - с июня 2011 по август 2012 года - станет периодом стабилизации. Третий - с сентября 2012 по октябрь 2015 года - станет этапом развития”. Быйыл  2016-жыл. Кана ошол  дефициттен арылабыз дегени, кана ошол өнүгүүсү. Жылдан  жылга  дефициттин  көлөмү  өсүп,  экономикабыз  өнүкпөй  эле прогрессия  менен  төмөн  түшүп  бара  жатат. Мындай  темп  менен  жүрсөк жакында  эӊ  төмөнкү  чекке  жетебиз. Берилген  убадалардын дээрлик  бардыгы  аткарылган  жок.  Атамбаевдин тушунда башталып Атамбаевдин  тушунда бүткөрүлгөн иштер булар эле: биометрикалык  каттоо (бул дагы  толугу  менен  аягына  чыга  элек,  анысы  дагы жакшылыкка  эмес, шайлоолордо адамдардын  добушун  уурдоого  багытталган),  парламенттик  башкаруу.  Бул  иш дагы   олку-солку болуп, келечеги жоктой.  Мындай аткарылбай ,    ооз  көптүрүктө  калган   убадалар  чачтан  көп.  Ушундан улам  ажобуз азыр  эмнени  убада кылбасын  калайык-калк  ишенбей  деле калды. 

 

Журттун сый-урматына,  сүйүүсүнө ээ  болуу - бул эл ишеними. Адам  баласы кимди  урматтаса, кимге сүйүү артса, анын кадыр-баркына таазим  кылып сыйласа ошол кишиге  ишеними  артат,  андан  көптөгөн  жакшылыктарды  күтөт, келечекке  үмүттөнүп  ар  дайым аны  колдойт.

 

Ажого накта  журт атасы болуп, ага жүктөлгөн расмий  функцияларды ырааты менен,  абийир менен аткарыш  үчүн элдин  чоӊ  ишеними  керек жана ошого ээ болушу керек.

 

Бүгүнкү  күндө Атамбаев  ошондой  кадыр-баркка,  эл  ишенимине  жана  анын колдоосуна ээби?  Тилекке  каршы  жок.  Эгерде  Акаев 15  жылдан  кийин,  ал  эми Бакиев 5  жылдан кийин  эл  ишениминен  айрыла  баштаса,  Атамбаев  болсо  бир  жылга  жетип-жетпей  эле элге  мокочо  көрүнүп  жаман  сөзгө  арзый  баштады. Сөз  кургак болбос үчүн фактыларга  кайрылалы.  Бекен  Назаралиев  аттуу  журналистибиз 2013-жылы  Жалал-Абад облусундагы “Телтору”  ат майданында болгон курултайды  төмөнкүчө   эскерет:  “Жалал-Абадда өткөн курултайга Бишкектен барган бир топ журналисттердин арасында мен да бар  элем. Курултай учурунда, түштүк жергесинде Атамбаевдин бийлигинин кымындай да кадыр-баркынын жоктугун байкадык. Ажону колдогондор бир ууч акимдер, айыл-өкмөт башчылары, азыркы жергиликтүү аткаминерлер, анан КСДПнын убактылуу жалданма мүчөлөрү гана колдобосо президенттен эл жүзүн эбак эле буруп калганын журналисттер өз көздөрү менен көрүп, күбө болуп кайтышты. Элдин пикирин чогултуп жүрүп, президент, азыркы бийлик, парламент туурасында жакшы сөз деле уга алган жокпуз. Ажонун кадыр-баркы ушундай кыска убакыттын ичинде, байпакка чейин түшүп кеткенине өзүбүз да таң калдык. Чын-чынына келгенде Атамбаевдин саясый салмагы, калк арасындагы бедели, сый-урматы, өз айылы Арашан айылынан башталып, Ак үйгө чейин эле калган окшойт деген пикирде калат экенсиң. Элдин сүрүн көрүп, акыйкаттуулукка суусап, чаңкоосу канбай алоолонуп күйө албай, быкшып турган отко салыштырдым. Эл арасынан суурулуп чыккан өз лидерин издеп, аны тапса эле азыркы чалажан, итий болуп төрөлгөн бийликти аңтара салып, жаңы журт башчысын көтөрүп барып такка отургузуп койгондон кайра кайтпай турган түрү бар. Элдин ички кайратын, тоону омкоруп жиберчүдөй күчүн көрүп, Атамбаевдин бийлигинин сааты чукулдап калган окшойт деген ойго келесиң… Ал эми адашкан ажо кайпалактап өз жолун таппай келет.

 

Азыр теледен Атамбаев көрүнгөндө эле элдин  кыжыры кайнап,баягы элдин баарына  акыл  үйрөткөн  акылы  ашынган Маразматикже  болбосо мага берип койгулачыдеп  кайыр  сураган  шумпайга  окшоп,Мага ишенип койгулачы”-деп жалынып-жалбарып,  дагы  эмне  калпы  менен чыкты  болду экен?”-дешип  мыйыгынан  жылмайышат.

 

Бул  кишинин  ар  бир  сүйлөгөнүнөн  кийин  интернеттеги комментарийлерди  карасаӊ  биздин  жарандардын алкаштын оозуна  алгыс  ашмалтай сөздөр менен  ашатып  сөгүп,  жерден алып көргө, көрдөн  алып жерге чапкан сөздөрүн  окуйсуӊ. Азыркы  биздин  пародист куудулдар мурдагы ажолордун  үндөрүн  келиштирип сүйлөп,  мимикаларын  туураса Атамбаевдин ар бир сүйлөгөн сөзү,  кылган кыймыл-аракети,  кылык-жоруктары  куудулдардын  мыскыл-тамашасынын  обьектисине,  темасына айланып  кетти. Азыр  алар  үчүн  материалдар  аябай  эле  көбөйдү.  Жаны кашайып  чычалаганда  расмий  түрдө  аларга  тыюу  сала  башташты.  Иши  кылып  Атамбаев теленин  да,  сахнанын  да,  той-топурдун,жада калса  башы  кошулган  эки  кишинин да күлкүлүү  темасына  айланды.

  

Ажо болгон адам Мекенин, элин чексиз сүйүш  керек. Ар  дайым өлкөсүнүн өсүп-өнүгүүсүнүн,  элдердин бакубат жашоосунун камкордугун  көрүш  керек. Үйдүн атасы  бала-чакасын,  түбөлүк  жарын,  ата-энесин,  бир  туугандарын аябай  сүйсө, анда  ал алардын  өсүп-өнүгүп,  жакшы  жашашы  үчүн  жанын  үрөп,  кайрылып  кылчайбастан,  милдет  кылбай,  догурунбай  иштеп  жашайт.

 

Эгерде  ажо  да  өз  элин, жерин  журт атасы  катары сүйсө,  анда  ал  жан-дили менен,  ак  ниет  адал  эмгеги  менен,  мен  деп  көкүрөк  какпай,  кылган  иши  үчүн доосун  артпай,  абийирин  төкпөй,  элинин  баркын  көтөрүп,  намысын  арттырып, кичүү  журтту  улуу  журтка  теӊеп  иштемек. А биздин  Атамбаевде болсо мунун бири  да жок  да. Керек  болсо  Атамбаевди “Дордой” базарынын сатуучусундай эле  көрсөк  болот. Мисалы,  базарчылар  АКШ  доллары  өскөн  сайын  товарларынын  баасын  көтөрөт. “Эмне  болду?”-  десеӊ, “ой, доллар көтөрүлүп кетпедиби” дейт, а бирок доллар кайра түшсө  деле баасын  арзандатпайт.  “Доллар  түшпөдүбү?”- десеӊ,  “алсаӊ  алчы,  албасаӊ  кете  берчи”- деп  коет. Биздин Атамбаев да  ошондой  эле, “Казахстандан  электр  энергиясын  кымбат сатып  алып  жатабыз, ошону үчүн электр энергиясынын  баасы көтөрүлүп  жатат” дейт.  

 

Сатып албай калгандан кийин  деле баа ошол боюнча эле  калып  жатпайбы.  Элин  сүйгөн ажо да  ушундай  кылмак беле.

 

Күндөрдүн  бир  күнүндө  Аль-Фарабиден сураптыр  дейт:“Сиз  бул кылган  эмгегиӊизди, илимиӊизди  кимге арнайсыз”-  десе,  ал  мындай  дептир:  “биринчиден  кылган  эмгегимди,  илимимди  кудайга  арнайм,  экинчиден элиме,  мекениме  арнайм,   үчүнчүдөн  болсо илимге,  анын  өнүгүшүнө  арнайм”- деген  экен.

 

Өткөн  кылымдын  90-жылдарынын  ортосунда  “Социально-психологический портрет  современного  кыргызского  предпринимателя”  деген  кандидаттык  диссертацияга  байланышып калдым  эле.  Ошондо  кыргыз  ишкерлери  менен  америкалык  ишкерлерди  салыштырган  эле.  Америкалык  ишкерлерден “Сиз  ишкерлик  ишмердигиӊизди  кимге арнайсыз?”- деген   суроого:“биринчиден,  аны элиме  арнайм,  экинчиден  өлкөмдүн  өнүгүшүнө  арнайм,  үчүнчүдөн  өзүмдүн  жакшы  жашоомо  арнайм”- деп жооп беришкен  экен.  Ал  эми  биздин  ишкерлерге  ушундай  суроо  менен  кайрылганда,  алардын  жоопторунда: “мага  десе  өрттөнүп  кетсин,  эӊ  биринчи  мен  үчүн  киреше  берсе  болду”-  деген   жооп  биринчи  орунда  турган. Биздин Атамбаев  болсо жазуучуларга берилген  50 миллион  рублга  5-6 ишкананы сатып  алып,  аны  Кыргызстанга,  кыргыз  элине ыраа  көрбөй Турцияга  ала качып, андан түшкөн  киреше-пайдаларды, салыктарын  да Кыргызстандын  пайдасына  эмес,  башка  бөтөн элдин энчисине берди. Мына бул дагы мекенди,  элди  сүйүүнүн бир  үлгүсү.  Ушундан  улам  Атамбаев  жада  калса  классикалык  бизнесменден  да  төмөн,  ала  качма,  баса  калма,  жула  качма,  өзүмө  эле  болсо  болду,  калганыӊарды  урдум  деген  идеологияга суугарылган,  нарк-насили  жок  “Дикий  рыноктун” өкүлүнө  эле  окшоп  калгандай.  Л.Толстой  айткан: “элге сүйгүнчүктүү болом  десеӊ, элди сүйө билгин”- деп.

 

Журт атасы элин эч  качан ак-карага, түштүк-түндүк, чыгыш-батышка бөлбөш  керек.  Журттун  бардыгын  аксагы  менен  теӊ  көрүш  керек.   Мына  ошондо  гана  журт  атасы  боло  алат. Биздин Атамбаев  бирөөнүн  жоорун,  жарасын  чукуганды,  “мен  бетиӊерге акты  ак,  көктү  көк  деп түз  айтам”  демиш  этип  кыргыз  элин түштүк-түндүгүнө,  чыгыш-батышына  телип-тескеп,  шылдыӊдап  ат  койгонду,  кыргыз  элин  бөтөн  элдин  алдында басмырлаганды   жакшы  көрөт. Далил  катары  бир  эки  мисал келтире  кетейли.  2013-жылдын  12-июнунда   жогорку  Нарын  дарыясында  ГЭСтердин  каскадын  куруунун башталышына  арналган  салтанатта  сүйлөгөн сөзүндө  россиялык  коноктун  көзүнчө эле  оорусу кармап  элирип  кеттиби  же  бирөө  жарым  чымчып  алдыбы,  байкабай  жылкы  тептиби,  иши  кылып өз  терисине  батпай,  албууттанып,  оозунан көбүгү  чачырап,  “биз  кыргыздар  акмакпыз,  кыргыздар  душманды  бөлөк  жактан  издебей  эле  койсун,  кыргыздын  душманы  кыргыз”  деп  күпүлдөдү. “Нарын суусун  кендерден  түшкөн уулуу  заттар  булгабай  эле  силердин бок-сийдигиӊер  булгап  жатат,  силер  өмүр  бою  кой  артынан жүрүп  мал  болуп  калгансыӊар,  ошону  үчүн муну силер  түшүнбөйсүӊөр”,- деди.  Чоӊ  театрдын артистиндей  болуп  ролго  кирип,  “Сен ооруба, мен ооруюн,Ата Журт”- деген  ырдагыдай  болуп  өпкөсүн  ташка  чаап,  “апам  айткандай  айланайындарым,  силердин  ордуӊарга  мен  кетейин”  деп  митаамданып  сүйлөсө  карапайым нарындыктар:“чын эле  биз  үчүн  жүрөгү менен  күйүп жаткан экен”- деп  ишенип  кол  чабып  колдошуп  турса  кайра  көшөгөнү  ачып-жапкандай  секундда өзгөрүп,  “ролду кандай  ойнодум?”-  дегендей  мылжыйып  күлүп  койгонуна  кантесиӊ.  Оолугуп атып “кыргыз  акмак элбиз” деп  жатып  таластыктарга  мурду  менен  бир  тийип  “Таластыктар эл  эмессиӊер”, “Манас  бабабыз  Талас  сага  жер болбойт,  Таластыктар  сага  эл  болбойт  деп  Каныкей  апабызды Ташкентке  качырган”-  деп  Манас  эпосунун  жаӊы  вариантынын  көз  ачарын  жасады.  Мындай  жаӊылыктарды Москва  шаарында  2012-жылдын  декабрь  айында Манас  бабабыздын  айкелинин  ачылышында  жана  М.Ломоносов  атындагы  ММУда өткөн Манас  эпосуна  арналган  илимий-практикалык конференцияда  форумга  катышкан  аттуу-баштуу  окумуштуулардын,  студенттердин  көзүнчө  “Мен акты  ак,  караны кара  деймин” деп  күпүлдөп  Манас  бабабызды  “Этникалык россиялык”  деп  дүйнөгө  жар  салды.  Анысы  аз  келгенсип  кыргыздарды  бүтүндөй  “улуу эл  эмес,   Манас  кыргыздарды ар  кайсы кокту-колотто  тентип  жүргөн элдерден  эптеп  чогултуп  алган”-  деп  дагы  бир жолу  Манас  эпосуна  жаӊылык  киргизди.  Аны  тагыраак  болуш  үчүн  орусча  вариантын берип  коелу:“ Но когда в 2010 году были трагические события на юге Кыргызстана, я не знал с чего начать и как бороться с национализмом. Я перелистывал эпос и нашел  такую фразу: “Я собрал свой народ из лоскутков”. Тут я понял, что сам Бог показал мне какой дорогой идти. Многим националистам советую прочесть эпос”. 

 

Ушул  сөзү  менен  Атамбаев кыргыз элин бөлөктөрдүн  алдында эки  жолу  кемсинтти:  биринчиси,  кыргыздарды  “националист”  деп,  экинчиси,  кыргыздарды байыркыдан келе  жаткан  түптүү,  улуу  эл  эмес,  ар  кошкондон-бир кошкон  курама  эл  деп  дагы  бир жолу  кыргыздарды  жек көрөөрүн далилдеди.  Ф.Петрарха  бекеринен  айтпаса  керек: “кемчилиги  көп  адамдын  кемсинтээри  көп болот”- деп. Атамбаев  бул сөзү  менен  кыргыз  элине,  Манас  эпосуна  эч  кандай  деле  доо  келтире  албайт  дечи,  аны  Манас  эпосунан  кабары  бар  окумуштуулар  жакшы  эле  түшүнүшөт,  а  бирок  Атамбаев  өзүн  президент  катары,  улуттук  лидер катары  деградация  кылып алды  да. Атамбаев үчүн ушинтип ыгы келе калганда  эле  кыргыздарды – нарындыктарды,  таластыктарды,  көлдүктөрдү, оштук,  жалалабаддыктарды,  баткендиктерди - ак-карасын,  кызыл-сарысын, чолок-майрыгын  шардана  кылып кемсите бергени  адат  болуп  баратат.  А. Навои айткан  экен:  “Өзүӊдү  адаммын  десеӊ,  элиӊди  жерибе! Эл  дебеген  нааданды  адамга  телибе!”- деп.  

 

Ажо акылдуу,  билимге  умтулган,  коомдун  агымын   туура  баамдаганды билүүсү шарт. Ажо  деген  билими  тереӊ,  акылы  жетик,  көкүрөгү  таза,  даанышман,  дүйнө  элдери  менен  кошо  өз элинин  тарыхын, салт-санаасын, үрп-адатын, менталитетин  жакшы  билген,  коомдун  агымына “заманаӊ  бөрү  болсо  бөрү  бол,  түлкү  болсо  түлкү  бол”- деген  принципти  бекем  тутунган  адам болушу  керек. Ушундан  улам  бир  философиялык  туюнма  эске  түшөт: “адам баласынын  жүрүм-туруму,  кыймыл-аракети,  сүйлөгөн  сөзү  анын  акыл-эсине  жараша  болот”.  Эгерде  ушул  мыйзам-ченемдүү  нерсе  болсо,  анда  биздин  ажобуздун  акыл  даремети,  билими  мактоого  арзыбагандай  эле  көрүнөт. Мисалы,  Акаевдин  ар бир  сөзү  тереӊ,  программалык  деӊгээлде болчу.  Аны  биз  эле  эмес  дүйнөлүк  коомчулук  да  баса  белгилеп  баа  берчү.  Ал  эми  Атамбаевдин  бир  да  сөзүндө  андан  үйрөнө  турган же болбосо  жашоого колдоно  турган  эч  нерсе  жок.  Анын сөздөрүнүн  бардыгы  теӊ  эле:  сен андайсыӊ,  сен  мындайсыӊ  деген   эле жээкирген  жеме,  бардыгыӊар  иштебейсиӊер, мен эле жалгыз  иштеп  жатам, өлгөнү  калдым  го,  мага  ишенсеӊер  өлбөйсүӊөр,  Кудай  буйруса  бир  күнү оӊолобуз  ж.б.у.с.

 

Мүнөзү  күчтүү, эрктүү,  катуу,  кайраттуу, айтканынан  кайтпаган,   ошол  эле  учурда  адилеттүү болушу керек. Баштаганын  аягына  чыгара  билген өжөр,  көк  жалдык  мамлекет  башында  турган  адам  үчүн  баа  жеткис  сапат.  Мына  ушундай  гана  адамдар  элди артынан ээрчитип,  көксөгөн  максатына  жете алат.

 

Эл  башында  турган  башчы  үчүн  дүйнөлүк  коомчулукта  алаканы  туура  түзүш  үчүн  тышкы  саясаттын  мыйзамдарын  тереӊ  түшүнүшү  жана   мамлекеттин ички  саясатын,  тармактар  аралык  ишти   жакшы  уюштура билүүсү,  коюлган максаттарга  жетүү  үчүн  кадрларды туура  тандаган   кыраакылык  талашсыз сапат.

 

Мамлекетте  толеранттуулукту сактоодо,  демократиянын принциптерин  өнүктүрүүдө  башчы  сабырдуу,  ийкемдүү,  өздү  да,  өзгөнү  да  уга  билген,  сынды  туура  кабыл алып  жана  көтөрө  билген  инсан  болушу керек.

 

Эӊ  негизгиси  ажо  деген жогоруда  аталган  сапаттарга  ээ,  башкалардан айырмаланган,  талашсыз   чыныгы   чыгаан лидер  болушу  керек.  Биздин  урматтуу  ажобуз  ушундай  сапаттарга  ээби,  ага  өзүӊүздөр  күбөсүздөр!

 

Төрөбек Өмүрбеков,

профессор, “Элдик парламенттин” мүчөсү

 

Булак: “Майдан.kg