Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 5394

“Айланайындар?! Менин көзүм жумулганда өлүмтүгүмө ашты кошуп өткөзгүлө? Себеби, бир жылдан кийин (1916) кыргызга кыргын түшөт. Андан ары деле журтубуз жыргап кетпейт. Ошондон кылым аралыгы “Сууга заара ушаткан (кабат үйдө жашаган) кайридин заман”, анан "Кыргыз-ит жээр, бит жээр, ар ким өзүн хан шайлаган - убара заман” (2016) өткөндө гана кыргызга – “кыр ашкан заман” келет.      

                                                      

Байзак баатыр.

(Кыргыз журтунун  кадырманы, ашкан акылман, сөзгө балбан, чыгаан саясатчы)

                     

Кайрылуунун максаты

                                                                                                                                                       

Мамлекетти  башкаруунун  натыйжасыздыгы, өзүн-өзү  шайлаган  убара  заман   жана финансылык  сабатсыздык Кыргызстан  элине, өлкө  билармандарына  кайрылууга  түрттү...

 

Акыркы мезгилде «Кыргызстан өлкө болуп калыптана алган жок” деген үрөй учурган сынды чет жактан уксак, “укуктук нигилизм жана коррупция Кыргыз мамлекетинин жок болуп кетишин шарттап турат; региондорду көзөмөлдөөгө мамлекеттин каражаты жетишсиз, калган аймактарды криминал башкарат” деген кеп-сөз өлкө ичинде жүрүп жаткандыгы факт.

 

Мына, бир муун, идеялардын атандаштыгын жокко чыгарып, 25 жылдан бери өнүгө албай, коррупциядан арылбасак, ишке жарамдуу балдарыбыз тентип сыртта жүрсө, акыры угар сөзүбүз ушул да.  Кантип оңолобуз, качан эл катары жашоого өтөбүз... Эгер, азыркыдай таз кейпибизди кийип жүрө берсек, мындан да жаман сөздөрдү угар күн алыс эмес.

 

Абалдын мындай болушунун өзөгү эмнеде? “Курсак ток болсо, эки колуң шок болот” дейт элибизде. Демек, негизгиси экономика болуп жүрбөсүн. Улуу көсөмдөр “акыл ой менен шүгүрлөнүү үчүн эң башкысы үйүң, оокатың жана кийген кийимиң болушу керек же чтобы заниматься наукой, надо иметь жилище, пища и одежду” деп айткандай кыргыздар цивилдүү жашоо үчүн эң алгач кубаттуу экономика болушу шарт. Ал эми ал кубатуу экономика мамлекеттик кызматчылардын тазалыгына, финансылык сабаттуулугуна, акча каражатын туура бөлүп, ысырапсыз өндүрүшкө, элдин зарыл керектөөлөрүнө сала билүүсүнө, проблемаларды өз убагында чечүүсүнө көз каранды.

 

Эмесе, сөздү ошондон баштайлы.

 

“Мамлекет” деген сөз элдердин жалпылыгы болгон “өлкө” эмес,   ал ошол өлкөнүн күнүмдүк жана узак убакыттык жакшы жашоосун тескеп туруучу система. Эреже катары мамлекет рынок секторунан сырт аракеттенет жана ал бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Аракеттер натыйжалуу болуш үчүн мамлекеттик системанын иштешине жетерлик каражат болуусу керек. Ал каражаттар  салыктын эсебинен, мамлекеттин менчигин натыйжалуу  пайдалануудан  куралат.

 

Мамлекет, эң биринчи кезекте экономиканын ийгиликтүү  иштешин камсыздайт, экинчиден, түрдүү талаш маселелерде акыйкатчылык  милдетин аткарат, башкача айтканда адилеттүүлүктү камсыздайт, үчүнчүдөн, натыйжалуу монетардык (акча жүгүртүү) саясатын  жүргүзөт. Ошондой эле мамлекет менчик укуктарын коргойт жана бекемдигин камсыздайт, рынок баш-аламандыкка кирсе, аны тартипке келтирет. Мамлекеттин аткара турган дагы бир негизги милдети – материалдык байлыкты коомдун ар бир мүчөсүнө  белгиленген деңгээлде теңдештирип туруусунда. Бул милдетти материалдык ресурстарды кайра бөлүштүрүү функциясы чечет,башкача айтканда салык системасы  аркылуу калктын  оокаттуу жашагандарынын кирешесинин бир  бөлүгү алынып, калктын кирешеси аз бөлүгүнө берилет.Демек, мамлекетин эң негизги милдети - финансы системасын сапаттуу уюштуруу жана ийкемдүү, пайдалуу иштетүү  болуп эсептелет. Анын ичинен монетардык-фискалдык саясат туура эрежелер менен аткарылса макроэкономиканын көрсөткүчтөрү жогору болуп, ал микроэкономиканын көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө, өлкөдө натыйжалуу бийлик саясатын  камсыздаганга  мүмкүндүк берет.

 

Соңку жылдар Кыргызстандын коомдук, саясий жана экономикалык турмушунда өлкөнүн келечегин аныктай турган маанилүү өзгөрүүлөргө муктаж экендигин көрсөттү. Совет доорундагы пландуу экономика баарын камсыз кылып келгендиги маалым. Бирок, 90-жылдардын башында рынокко сүңгүп кирип, анын “жапайы түрүнө” кабылдык. Андан кийинки жүргүзүлүп келген экономикалык саясаттын ыраатсыздыгы көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар айтып жаткандай Кыргызстанды “өсүп-өнүгүүгөжөндөмсүз” мамлекеттердин катарына кошуусуна алып келди. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүнүн келечеги күмөн саноону жаратты.

 

Чынында, Кыргызстандын эли бактылуу эмес, ошол эле учурда бактысыз элге да кошулбайт. Бирок, жакыр өлкөнүн катарын толуктап жаткандыгыбыз бүгүнкү күндүн чындыгы...  2012-жылдан бери Кыргызстан өсүү темпи боюнча Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн эң артта калгандыгын 2013-жылдын 24-апрелинде Эл аралык ишкердик кеңештин жыйында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча катчылыктын эксперти Рафхат Хасанов билдирди. Анын айтымында, 1996-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстан Борбор Азиядагы ыкчам өнүккөн өлкө катары саналып келсе, 2012-жылдан баштап анын өсүүсү, атүгүл, Молдовадан да артта калды.

 

Көйгөй эмнеде?

 

Балким, багыттарды туура эмес коюп жатабызбы, же аларды ишке ашыра алган жокпузбу?.. Ойлонуп көрөлүчү.Кыргызстан жыйырма беш жыл ичинде “эптеп жан багуу” менен жашап келсе да, донор өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен абалды жакшыртууга бир нече жолу аракеттер болгону чын. Маселен, “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” программасы (2001-ж.), “Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясы” (2003-ж.), “Жаңы экономикалык саясат” (2009-ж.), “2013-2017-жылдардын мезгилине  “Кыргыз  Республикасынын туруктуу  өнүктүрүүнүн  улуттук стратегиясы”программасы (2013-ж.) жана башка документтер кабыл алынды.

 

Бирок, мамлекетти башкаруунун натыйжасыздыгынан, бюджет системасынын талаптары аткарылбагандыгынан, коррупциядан, ошондой эле айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн криминалдашуусунан улам жогорку программалар өлкөнү өнүктүрүүгө түрткү бере алган жок. Мамлекеттик саясаттын ыраатсыздыгы, максатсыздыгы экономиканын маанилүү секторлорун өнүктүрүүгө жол бербеди. Мунун кесепетинен Кыргызстан 25 жылдын ичинде дүйнө экономикасында өз ордун таба алган жок. Кыргызстандын экономикасы КМШ гана эмес, Борбордук Азияда да обочолонуп калды.

 

Жогорку айтылган далилдер Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасынын мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгууга жөндөмсүз экендигин тастыктап турат. Мыйзамдуулуктун жоктугунан, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү, региондук саясаттагы, этностор аралык мамилелердеги чечилбеген көйгөйлөрдөн улам опурталдуу абал пайда болду. Кадр маселесиндеги баш аламандыктардын кесепетинен, билимсиз, көчөдөн келген жөндөмсүз жетекчилердин көбөйгөнү – алардын жоопкерсиздиги кошумча болуп, кыйраган экономиканын шаштысын кетирди. 

 

2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель революциялары койгон максаттар ишке ашкан жок. Элдин басымдуу катмары нааразы болуп, интеллектуалдык көрөңгөсү азайды. Сапаттуу улуттук элита калыптанбады.  Кыргызстандын укуктук системасы коомдо, ошондой эле мамлекеттин институттарынын өзүндө укуктук нигилизмди, башкача айтканда адамзаттын, коомдун жетишкендиктерин чанууну, идеалдарды жоготууну, моралдык туруксуздукту пайда кылды.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусу азыр деле өткөөл мезгилде турат. Көп сандаган реформалардын натыйжасында башкаруунун маңызы да, формасы да  өзгөргөн жок. Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөө, чечимдерди кабыл алуу жана аларды аткаруу ыкмалары мурдагыдай эле, ”натыйжасыз” бойдон калууда.                                                                                                                                                                      

                                   

Экономикалык  саясат жана натыйжалуулук.

 

Кыргызстан эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча кайсы жылдын жыйынтыгы болбосун дүнүйөдө жана КМШдагы эң кедей мамлекеттердин бири болуп келе жатат. Жылда кабыл алынган бюджетти карасак калк кедей жашап жатат. Мисалы, бюджет  боюнча бир айга бир кишиге белгиленген  минималдык  жашоо  каражаты 2016 жылга -  5762,1 сом,  2017 жылга – 6240,3 сом,  2018 жылга – 6727,0 сомду тузүп турат.  Ошондой эле  бекитилген  минималдык эмгек акынын өлчөмү (МРОТ)  2016-жылга – 1060.0 сом,   2017 жылга – 1140 сом,  2018 жылга – 1220 сом.

 

Белгиленген  минималдык  жашоо  каражаты азык-түлүккө  65 %, өнөр жай товарларына - 16%, кызматтарга - 17%, салык – 2% ти түзгөн. Минималдык эмгек акы өлчөмү айына 15 $ ды түзүп, мындай оюнчук сыяктуу көрсөткүчтөр калктын дээрлик 85 % ти жетерлик деңгээлде тоюнбайт дегенди түшүндүрөт.

 

ООНдун  стандарты  боюнча  эгер  адам күнүнө жашоого жана азык-түлүккө 5 доллардан, айына 150 доллардан төмөн керектесе, ал жакырчылыктын  төмөнкү  деңгээлинде жашаган болуп эсептелет.  Бул  оюнчук  сыяктуу  көрсөткүчтөр  нарк законунун, атаандаштык жана суроо, талап – сунуш  жана башка экономиканын закондорунун нормалары  Кыргызстанда таптакыр колдонулбай жатат дегенди түшүндүрөт. Кабыл алынган чечимдер боюнча эч кимде жоопкерчилик жок. Көп учурда чечимдерди иштеп чыгуу тар мүдөөлөргө негизделет, маанилүү чечимдер кыска мөөнөттө кабыл алынат. Буга мисал республиканын бюджетинин кабыл алынышы. Депуттаттар бюджетте экономиканын негизги параметрлери-көрсөткүчтөрү бекитилгенин билишпейт. Ошондуктан  аткарылыштары маанисиз отчеттор менен чектелип, эч кандай практикалык жыйынтыктар жок. Бул көрсөткүчтөр жалпы экономикада, айрыкча инфляция жана индексациялоодо, калктын жашоо шартарында ачык-айкын байкалат.

 

Инфляция деген түшүнүк (inflatio - көөп чыгуу) – кагаз акчаны керектөөдөн алда канча ашык чыгаруу. Чыныгы акча – өлкөдөгү алтындын баасынан алыныш керек. Мындай экономикалык маанидеги инфляция саясий инфляцияны пайда кылат. Демек инфляция ураандарга жана идеаларга, биринчи кезекте, саясат сферасындагы ишендирүүлөргө чындыкка дал келбеген, ашыкча мүнөздөмө берүүгө өтөт.

 

Саясий баалуулуктардын Инфляциясы көпчүлүк учурларда узакка созулган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, социумдун составын түзгөндөрдүн бардыгынын аң-сезимдүү тең салмактуулугунун шарттарында өнүгүүгө ээ болот — ушундай учурда саясий баалуулуктар өзүнүн проблемалык курчтугун жоготот да, бир катар жалпы баалуулуктарды «басуунун» ордуна, аларга орун бошотот.

 

Индексациялоо (лат. index – көрсөткүч.) – керектөөнүн эң аз себетинин курамына кирген кеңири керектелүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө карата калктын кирешелерин автоматтык түрдө ирээтке келтирүү механизми. Акчалай кирешенин баардык түрлөрү – эмгек акы, баар акы(пенсия), жөлөкпул, стипендия, аманаттар жана башка бир ирет гана төлөнүү мүнөзүнө ээ болбогон кирешелер индексацияланат. Ошондой эле калктын сактык кассаларындагы аманаттары, мамлекеттик карыздардын облигациялары жана баалуу кагаздар, төлөмдөрдүн айрым түрлөрү индексациялоого жатат.

                            

 Сандар  менен  түшүндүрүүгө аракеттенели

 

1990-жылы пенсиябыздын орточо өлчөмү 112,50 рубл., орточо айлык акыбыз 259 рублди түзүп, 1 кг. нан 16 тыйынды түзгөн болсо, орточо пенсияга 465 кг., орточо айлык акыга 1650 кг. нан сатып алууга мүмкүн эле. Ошол өлчөмдөгү нанды сатып алуу үчүн азыркы нандын баасы менен бир айлык пенсия 40 миң, айлык акы 100 миң сом болушу керек.  Экинчи факт - сомдун курсу 70 сомдон ашып, америка долларына салыштырмалуу 20 эсеге жакын нарксызданды (сом киргенде 1 америка доллары 4 сомду түзгөн). Бул убакыт аралыгында доллардын куну алтынга айырбаштаганда 10 эсеге жакын нарксызданды. Демек, эгемендүүлүктүн 25 жылында нарксыздануу (инфляция) 30 эсеге же болбосо 3000% ке жакындап, бул эл турмушун, жашоо-шартын өтө эле оордотуп жиберди.Ушул белгиленген мезгилде жыл сайын орточо инфляция 100 пайыздан ашып, турмуш-шартыбыз 25 жыл ичинде ай сайын 10%ке жакындан төмөндөп келди.

 

Жогорку түшүндүрмөдөн бир гана  жыйынтык чыгара алабыз - 25 жыл ичинде бийлик эл турмушун оңдоо үчүн реалдуу иш жасаган эмес!  Мына ушул аралыктагы 4 президент,6ирет парламент шайланды, 28жолу өкмөт алмашты.

 

Буга далил катары Кыргыз Өкмөтүнүн Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба агентигинин  Улутстаткомдун катышуусунда иштеп чыккан көрсөтмөсүн айтсак болот. Маселен, курулуш иштер боюнча жыйынтык индекс баасы (сводный индекс цен) 2015-жылдын 1-кварталына (01.01.1991 жылдагы баага салыштырма) – “23429” болуп белгиленгени. Кызыгы бул көрсөткүч 2014-жылдын 1-декабрына “20419” болгон. Же болбосо инфляция бир ай ичинде 14.7%ти тузгөн. Туура эмес нерсе ушул индекс (коэфициенттер) пенсияга, айлык акыларга колдонулбайт. Эгер колдонгондо учурда пенсия – 40 миң сом, айлык акылар 100 миң сом чамасында болмок.               

                              

Эми инвестиция жөнүндө кеп кылалы.

 

Инвестиция – таза пайда табуу максатында белгилүү бир жерге жайгаштырылган капитал (акча).  Инвестиция азаркы заманда экономикалык өнүгүүнүн ажырагыс бир бөлүгү.  Насыядан (кредит) инвестициянын айырмасы мындай.

Насыя (кредит) жана үстөк  пайызы  көрсөтүлөн  мөөнөттө долбоордун пайдалуулугуна карабай ээсине кайтарылышы керек.

Инвестиция болсо, инвестордун тобекелдик кылып акча каражатын өндүрүшкө салышы. Инвестиция долбоор пайда бергенде гана тапкан пайданын эсебинен кайтарылат. Долбоор пайда бербеген учурда, инвестор салган каражатынан (акчасынан) айрылат.  2016–жылга бекитилген республикалык  бюджетте “мамлекеттик инвестициялык долбоорлор” деп айтылган долбоорлор бюджеттеги тартыштыктын булактарынан каржыланган долбоорлор, жөнөкөйлөтүп айтканда  насыялардын  эсебинен каржыланган мамлекеттик долбоорлор болуп саналат.     

                       

Инвестор - (англисче - inuestor - салымчы) – пайда табуу максатында активдерди, баалуу кагаздарды же кыймылсыз мүлктү, жер участкаларын жана башкаларды сатып алуу аркылуу капиталды инвестициялоону ишке ашыруучу жеке адам же юридикалык жак болуп саналат. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу инвестор - бюджеттен финансылоочу мамлекет, мамлекеттик субъект, финансы-кредит мекемелери да болушу мүмкүн. Инвестор өз өлкөсүнүн экономикасына же чет өлкөгө өзүнүн, карыз алынган же өздүк менчик  каражаттарынан каржылайт.

 

Мамлекет жагымдуу инвестициялык климатты түзүүдө, ресурстарды тартууда жигердүү роль ойноого тийиш. Азыркы учурда өнүгүү үчүн ресурстарды тартуу үчүн мамлекеттин бизнеске караганда мүмкүнчүлүктөрү чоң экендиги талашсыз. Мында бул ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана өзгөчө Өкмөттүн кепилдиги менен алынган кредиттерди кайтарып берүү маселеси келип чыгат. Чет өлкөлүк тике инвестициялар өзгөчө маанилүү (ЧТИ), анткени алар башкаруу технологиясын жана тажрыйбасын алып келип, чет өлкөлөрдө жаңы рынокторду ачат. Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Кыргызстанда жетишерлик жүргүзүлбөй жаткан саясатка байланыштуу ЧТИнин көлөмү көптөгөн жылдар бою чектелүү, ал эми өлкөнүн экономикасы инвесторлор үчүн жагымдуу болбой жатат. ЧТИ көлөмүнүн чектелүү экендигинин негизги себеби экономикалык өнүгүү деңгээлинин начардыгы жана өлкөнүн өндүрүштүк секторунун атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү эсептелет. Ошондуктан инвестицияларды тартуу менчик укугун реалдуу коргоочу ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөчү мыйзамдардын болушун, мамлекеттик кийлигишүүлөрдү кыскартууну жана коррупцияны жоюуну, финансылык системанын туруктуулугун, чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн бирдей эрежелерди, инвесторлорго артыкчылыктарды берүүлөрдү талап кылат.

Ар бир жигердүү кыргызстандык өзүнүн бизнесин ачууну кааласа мамлекеттин колдоосун сезүүгө тийиш. Ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын иштеринин приоритеттүү багыты болушу зарыл. Ар кандай рыноктук экономиканын негизин жеке сектор түзөт, мында чакан жана орто ишканалар маанилүү роль ойнойт. Алар баштапкы ири инвестицияларды талап кылбайт, ресурстарды тездик менен жүгүртүүгө болот, керектөө товарлар рыногун түзүү жана керектөө товарлары менен толтуруу маселелерин тез жана үнөмдүү чечүүгө жөндөмдүү.

 

Кичи жана орто бизнестин өнүкпөгөндүгүнүн дагы бир себеби - Кыргызстандын дүйнөдөгү  коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына   экендиги. Ал эми орто жана кичибизнестин  өнукпөгөндүгү  экономиканын оңдолушуна терс таасирин тийгизет. Өлкөнүнэкономикасы өлкөдө 5% калктын саны орто жана кичиишканалардын ээси болгондо  гана өнүгөт. Кыргызстан 6 млн. калкына 5%-ти  300 000 кичи жана ортоишкана иштеткенде өнүккөн экономикасы бар өлкө  болуп эсептелмек. Азыркы учурда биздеиштеп-иштебеген 15 000 жетпеген орто жана кичиишкана бар,  өнүккөнабалгажеткириш үчүн бул көрсөткүч  20 эсе  аз.

 

Мамлекеттик инвестициялар программасы (МИП) аталганы эле болбосо, көп жагынан тышкы карыз алуулардын эсебинен каржыланат, бул мамлекеттик тышкы карыздардын жана өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин жүгүн оорлотот. Ошондуктан бул программаларды инвестициялык деген туура эмес. Бул долбоорлор бюджеттин тартыштыгын жапкан тышкы карыз алуулардын эсебинен каржыланган мамлекеттик жөнөкөй долбоорлор.

 

Азыркы Кыргызсьанда МИП боюнча ишке ашырылуучу долбоорлорду тандоо жана көзөмөлгө алуу талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт. МИПтердин натыйжалуулугу дээрлик жокко эсе. Жумшалган карызга келген каражаттардын кайтарылуусу, анын проценттерин тейлөө чечилбеген. Натыйжада карыздарды кайтаруу жана тейлөө республикалык бюджетке жүктөлүп, мисалга 2015-жылга 14,6 миллиард сом каралып, анын ичинен негизги суммаларды кайтаруу – 10,4 миллиард, проценттери – 4,2 миллиард сомду түзгөн болсо, 2016-жылдын бюджетинде карызды кайтарууга - 21,9 миллиард, анын ичинен негизги суммалар – 16,3 миллиард, проценттер-5,6 миллиард сомду түзүп, бир жылда бюджетке 7,3 миллиард сомго чыгым көбөйгөн. 

 

Бул карыздарды кайтаруу жана тейлөө маселеси чечилбесе келечекте бюджеттин каражаттары билим беруу, саламаттык сактоо, социалдык маселелердин муктаждыгын финансылоону чектеп бюджет негизинен карыздарды кайтаруу жана карыздарды тейлөөнү гана жүргүзүп калды. Азыркы учурда жалпы кайтарылган сумма 2016-жылы бюджеттин кирешесинин 20,0%тинен ашкан. Натыйжада Кыргызстан  билим берүүгө  бюджеттик чегерүү боюнча  Ооганстан өлкөсүнүн деңгээлинен  да  төмөн.  Кыргызстан  СССРдин курамында болуп турганда,  СССР  ички дүң продукциянын көлөмү боюнча дүйнөдө  60 чы орунда болуп, дүң продукциянын көлөмү адам башына эсептегенде да  жогорку көрсөткүчкө ээ эле. Натыйжада  калкка билим берүү,  саламаттыкты  сактоо, маданият  ж.б.у.с. жогорку деңгээлде болгон.  Ошондуктан Кыргызстанда мурунку Совет доорунун көп жетишкендиктеринин элементтери сакталган.  Маселен,учурда  билимдүүлүк боюнча Турцияга салыштырмалуу  жогору.  Кыргызстанды  бул көрсөткүчтөр кайсы бир деңгээлде  азыр да бийикте кармап турат.       

 

Кыргызстан 1992-жылдан 2013-жылга чейин Эл аралык финансы институттары жана донор өлкөлөр менен 282  насыя жана гранттар алуу боюнча келишимдерди түзгөн. Жалпы алган сумма  $5,96 миллиард, анын ичинен $4,79 миллиарды - кредит, $1,17 миллиард - гранттар. Көп тараптуу донорлор болуп АБР, ВБ, ИБР, ЕБРР, эки тараптуу    донорлор  - Япония, Германия, Китай жана башкалар эсептелет. Ири суммадагы кредит  Китайдын Экспорт-импорт банкынан($1 миллиард), Бүткүл дүйнөлүк    банктан ( $860 миллион),   Азиялык өнүктүрүү  банкынан  ( $857 миллион) жана  МВФтан( $319 миллион).  Анын ичинен тармактар боюнча: транспорт -  $810 миллион, энергетика -  $794 миллион, жергиликтүү бюджетке  -  $460 миллион, экономикага - $459 миллион,  мамлекетти башкарууну жакшыртууга - $441 миллион,   телекоммуникацияга - $44 миллион,  билим берүү жана социалдык жардамга - $71 миллион,  саламаттык сактоого  -  $51 миллион каражат сарпталган.  Суверендүү мамлекет болгондон бери биздин чиновниктердин алган насыя-гранттардын жалпы суммасы 6 миллиард долларга жеткен.  Эмне болгондо да азыркыга чейин алынган сумма ар  бир кыргызстандыкка бөлө келгенде (наристе, кемпир-чал, бардыгы) 45 миң сомдон ашат. 2013-2015-жылдагы насыя-гранттар кошулган жок.

       

Суроо жаралат, бул каражаттар кайда жумшалды?  Эмне аткарылды?

 

Келген насыя-гранттарды Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фонду тейлейт.  Бул фонддун бюджети өзүнчө каралып 2016 –жылы кабыл алынган бюджетте 91,4 млн.сомду түзүп, кызматкерлеринин жылдык эмгек акы фонду  53,5 миллион сомду түзөт. Ал фонд  убагында мамлекеттеги чарба жүргүзгөн субьектилердин насыя-грант карыздарын өндүрүп, ал үчүн өндүрүлгөн  суммадан 7% өздөрүн кармоого чыгыштайт. Өндүрүлбөгөн сумма үчүн эч кандай жоопкерчилик каралбаган.

 

2012-жылдын жыйынтыгы менен талдасак: берилген бюджеттик ссуда, чет-өлкөлөрдүн насыясы, гранттар бардыгы – 55 млрд. 443 млн. 449,40 миң сомду тузгөн, кайтарылган сумма болгону – 29 млрд. 853 млн. 888,26 сом. Өндүрүлбөгөн карыз сумма 31 млрд. 272 млн. 252,06 миң сом, анын ичинен кайтарымсыз карыздар - 4 млрд. 344 млн. 212,27 миң сомду түзөт.  Бул  абал жыл сайын өзгөрбөй келет. Жыл сайын карыз суммалар көбөйүп,  кайтарылган суммалар азайып, натыйжада карыз суммалар өсүп келет, анын ичинде кайтарымсыз  карыздар  көбөйгөндөн  көбөйүп, мисалга  бир жылда, тагыраагы 2012-жыл ичинде  эле - 1 млрд. 250 млн. 351,07 миң сомго көбөйгөн.  

                                  

Бул өзүнчө эле коррупциялык схема

 

Кайтарымсыз карыздар акырындап менен списание кылынып жоюлган.  Жакшы ниеттер менен алынган насыялар,  бюджеттик ссудаларга айланып, гранттар жоюлуп, карыздарды төлөө бюджетке жүктөлө берген.  Мындай фактылардан:   Пакистандан  фармация фабрикасын курууга келген кредит кийин бюджеттик ссудага айланып, “ Айдан-Фарм” фирмасы аркылуу проценттери менен 1 млрд. сомго жеткенде жоюлуп кеткен.  Суусундуктар жана  балдардын азык оокатын  жасоого  келген  Жалал-Абад  шаарындагы  “Жибек –Жолу” компаниясынын 1,5 млрд. сому жоюлуп – эч кандай фабрика, суусундуктар, балдардын азык-оокатын чыгаруу болгон жок, бирок бюджет карыздарды төлөөдө. Жакында “КыргызГаз” - 1 америка  долларына  сатылып кетти.  2013-жылдын 1-апрелине карата “КыргызГаздын” жалпы карызы  3 млрд.  125 млн. 125,6 миң сомду түзгөн, анын ичинен бюджетке ссуда ж.б. карыздары 736 млн 800 миң. сомго жеткен.

                            

Эми жаңы карыздар тууралуу

 

2013-2017-жылдардын мезгилине  “Кыргыз  Республикасынын туруктуу  өнүктүрүүнүн  улуттук стратегиясынын”негизинде Кыргыз өкмөтү 2017– жылга чейин 77 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып жалпы суммасы11 миллард $ түзгөн. Бул беш  жылда орточо ар жылга 2,2 млрд. $ түзөт дегендик. Бирок ушул мезгилге чейин аткарылганы 23 долбоор гана болуп, суммасы 692 миллион $ араң түзүп, аткарылганы  6,3% болду. (Караңыз: Ориентир. №1 (40) 2016-ж. Т.Сариевдин макалалсы, 4-б.). “Кыргыз Республикасынын 2016–жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Эсеп Палатасынын кортундусу боюнча: 1992-жылдан 2015-жылдын 1-ноябрына  чейин Кыргызстан – эл аралык финансы институтары жана донор мамлекеттер менен жалпы суммасы 7 576,7 млн. АКШ долларга насыя жана грант боюнча макулдашуу түзүлгөн. Анын ичинен насыя (кредит) -  5 802,4 млн. -76,6%, грант -1 774,3 млн. (23,4%)  АКШ долларын түзгөн.  Анда НУСР - 77 долбоор 11,0 млрд. $. каяктан чыккан сумма. 2015-жылдын 10 айга (МИП) отчету боюнча аткарылышы: гранттар план - 6 761,4 $. млн. –аткарылганы 1 430,7$. млн. - 21,2%., кредит план- 32 083,0 $. млн. аткарылганы- 4 926,36 $. млн.-15,3%.

 

Кыргызстан 2015-жылы эл аралык (ФИТЧ, МУДИ, СТАНДАРТ ПУРС) уюмдардан алган кредиттик рейтингги боюнча В2 аталып, Т. Сариевдин жана башка чиновниктердин айтуусу боюнча “туруктуу” деп эсептелүүдө. Кыргызстан инвестиция тартууну жакшыртып жатат дешип саймедирешет. Бирок ал чындыгында андай эмес. ФИТЧ, МУДИ, СТАНДАРТ  ПУРС тун - кредиттик рейтингтери ААА, АА, А дан турат, бул тамгалардын ар бири  + жана – маанилерине ээ болуп, эң жакшы, жакшы, орто, ал эми ВВВ кийинки көрсөткүчтөр эң төмөнкү болуп эсептелип, В2 – көрсөткүчү төмөнкү (мусор) дегенди түшүндүрөт.

 

2016-жылга кабыл алынган бюджетте (Кыргыз Республикасынын мыйзамы. КР ЖК тарабынан 2015-жыл, 24-декабрда кабыл алынган, № 5-1тиркеме) республикалык бюджеттин чыгашасы 163,1 миллиардды, анын ичинен учурдагы бюджет-108,4 миллиард, атайын каражаттар -10,1 миллиард, Өнуктүрүү бюджети (ПГИ) - 44,6 миллиард сомду түзгөн.

 

“Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” КР мыйзамына ылайык 24-берене “бюджеттин дефицити-мамлекеттин чыгашасы анын кирешесинен ашкан сумма болуп эсептелинет” анда 2016-жылдын республикалык бюджетинин чыгаша-кирешесинин айрымасы 38,7 млрд.сом болсо, ошол эле учурда кабыл алынган бюджетте дефицит-22,4 млрд.сом. Мыйзамдын 26-беренеси боюнча бюджеттин дефицитин каржылоо булактары болуп, сырткы булактардан Кыргыз Өкмөтү алган насыя (кредит) турундөгү каражаттар эсептелинет. Каржы булактарынын ичинен кредит 34,5 млрд.сом – бюджетте бекитилип жатпайбы. Анан каяктан дефицит 22,4 млрд. сом. Бул биринчиден.

 

Экинчиден, “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” КР мыйзамына ылайык 20-берене сырткы жана ички булактардан алынган бюджеттин тартыштыгын жабууга тартылган насыялардын кайтарыла турган суммасы 2016-жылга 16,3 млрд. сом, көрсөтулгөн сумма жалпы бюджеттин чыгашасында 163052,3 млн. сомдун ичинде эсептелинбейт, бул сумма бюджеттин тартыштыгынын балансынын “бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары” бөлүгүндө  алуу (минус) белгиси менен көрсөтүлөт. Корутундулап айтканда “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” КР мыйзамынын 26-беренесине ылайык бюджеттин тартыштыгын жабуу суммасы 55 млрд. сомду түзөт (16,3 + 38,7). Мыйзамдын 26-беренеси боюнча бюджеттин дефицитин каржылоо булактары болуп, сырткы булактардан Кыргыз Өкмөтү алган насыя (кредит) турундөгү каражаттар түзүш керек болсо, өкмөттүн тапкан суммасы 34,5 млрд. сомду түзүп, тартыштык 20,5 млрд. сомго жабылбай жатпайбы?.

 

Бул фактылар бюджеттин - мамлекеттин негизги мыйзамдарынын бири кандай түзүлүп, кабыл  алгандыгын көрсөтүп, мамлекетте жалпы эле мыйзам актылары кандай кабыл алынып, кандай аткарылат деген суроого жооп берет. Бул биздин бюджетке кылган  мамилебиз? Бюджетти иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуш кылган өкмөттүн, сунуш болгон бюджетти бир добуштан кабыл алган Жогорку Кеңештин деңгеели. Анда каяктан оңдолобуз!!!  Мындай мисалдар толтура!!!

 

Дагы мисал келтирели

 

“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү” (2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4 беренелеринин 3, 4, 5, 5-1  тиркемелериндеги дал келбестиктер жөнүндө:

3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу-кирешелер) Элементтер боюнча (11111)- 3,0; (11131)-0,5; (11412) -2,5; (1144)-1,2; (14)-14,0 беш эле элемент боюнча кирешелер 2015-жылдын анык көрсөткүчүнөн 21,2 млрд.сомго киреше 2016-жылдын бюджетинде аз көрсөттүлгөн.

4-тиркеме (Функционалдык классификациялар боюнча чыгымдар:операциялык чыгымдар, финансылык эмес активттер, финансылык  активттер) жыйынтыгы таблица боюнча бардык чыгаша – 163052,3 млн. сом., анык жыйынтык – 146420,9 млн.сом. Айрыма – 16631,4млн. сом.

 

5-тиркеме (Функционалдык классификациялар боюнча чыгымдар: операциялык чыгымдар, финансылык эмес активдер, финансылык  активдер) министрликтер жана ведомстволор боюнча жыйынтык таблицада бардык чыгаша – 163052,3 млн. сом., анык жыйынтык – 152144,1 млн.сом. Айырма – 10908,2 млн. сом.

 

5-1-тиркеме (Функционалдык классификациялар боюнча чыгымдар: операциялык чыгымдар, финансылык эмес активдер, финансылык  активдер) министрликтер жана ведомстволор боюнча жыйынтык таблицада бардык чыгаша – 163052,3 млн. сом. Анын ичинен эмгек акы (2111) – 39690,9 млн.сом. Анык жыйынтык - 31854,4 млн.сом., Айырма – 7816,5 млн. сом.

 

Бюджеттин тактыгы тыйынга чейин болуш керек болсо, кабыл алынган бюджетте дал келбестиктер   он – жыйырма  миллиард  сомго  жетип, коррупциянын негизги себептеринен болууда.  Кыргыз  эли  айткандай  “Ылай  сууда, балык  торго өзү түшөт” болуп, чиновниктерибиз коррупцияны өркүндөтүп, калайык калк кыйналууда.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын мыйзамы. КР ЖК тарабынан 2015-жыл, 24-декабрда кабыл алынган, №7 тиркеме) боюнча (ПГИ) - 44,6 миллиард сом: анын ичинен өкмөттүн үлүшү 1,051 миллиард, кредиттик каражаттар - 34,5 миллиард, гранттар - 9,049 миллиард сом болгон. Ал эми тармактар боюнча негизинен бул суммалар энергетика – 13,5 миллиард, айыл – чарбасы 4,008 миллиард, транспорт – 17,9 миллиард  сомду түзгөн.

 

 Кыргыз Өкмөтү алган насыя (кредит) турундөгү каражаттарды долбоорлорду тейлөө, кызыгы казына аркылуу эмес коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлгөндүгү. Мындай фактлар коррупцияга өбөлгө түзөт. Сырттан келген ар түрдүү каражаттар казына аркалуу өтпөстөн, белгилүү болгондой коммерциялык банктар аркалуу чыгаша жүргүзүлүп, натыйжада 12,0 млрд.сомдон 4,6 млрд.сому кириштелип, калган сумма белгисиз болуп аягына чейин чыкпай, жыйынтыгы азыркы мезгилге чейин белгисиз болгон Ош жана Жалал-Абад шаарларын калбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишмердигин текшерген депутаттык комиссиянын натыйжасыз жыйынтыгы.

Кыргызстан экономикалык туруктуу өсүшкө жетишүүгө жана натыйжалуу иштөөчү социалдык рыноктук экономиканы түзүүгө тийиш. Өлкөнү өнүктүрүүдөгү башкы ролду жеке сектор ойношу керек, аны өнүктүрүүдө мамлекеттин милдети - биринчи кезекте жеке сектордун иш-аракети үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Макроэкономикалык туруктуулук - негизги максаттуу багыт. Орто мөөнөттүү келечекте экономиканын туруктуу өсүшүнө, тең салмактуу бюджетке, инфляциянын алдын ала билүүгө жана “келечек муундардын” эсебинен эмес, “каражатка жараша” жашоого жетишүү экономикалык туруктуулуктун негизги өбөлгөсү болушу шарт.

 

Соңку 10 жылдын ичинде Кыргызстандын  экономикасынын өсүшүнүн көрсөткүчтөрү КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн болгон. Эң маанилүүсү Кыргызстанда экономикалык  өсүш  темптеринин, чындыгында реалдуу турмушта жеке адамдардын жашоо деңгээлинде, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, маданиятта эч кандай өсүштүн сезерлик байкалбагандыгы – өзгөрүштүн жоктугу.

 

Мында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык структуралык реформалардын аягына чыкпагандык жана ыраатсыздык, анын ичинде мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо, банктык жана финансылык рыноктордун начар өнүгүшү, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн айкын эмес жана дайыма өзгөрүп туруучу шарттар - туруксуздуктун негизги ички себептери болуп саналат.

 

Соңку жылдары мамлекеттик бюджеттин өтө тартыштыгы өлкөнүн экономикалык башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп келет. Мамлекеттик карызды тейлөө мамлекеттик чыгымдардын эң чоң статьяларынын бирине айланды жана мамлекеттин негизги функцияларын аткарууга сарпталуучу ансыз да тартыш каражаттарды кыскартууну талап кылды. Бюджеттин тартыштыгын жабууга тышкы карыз алууларды кескин азайтуу алдыдагы жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп калыш керек. Бюджеттин балансташпагандыгы өлкөдө кыйла расмий эмес секторду (көмүскө экономиканы) пайда кылды. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин берген баасы боюнча ИДПнын 20%га жакынын түзөт (эл аралык финансы институттарынын баасы боюнча  60%га чейин).

 

Кыргызстан ички дүң продукциянын  көрсөткүчү  боюнча  жакында  эле өнүгуугө түшкөн (развивающихся) өлкөлөрдүн   катарына кошулуп, көрсөткүч  2016-жылга  бекитилген  республикалык  бюджетте жашаган калктын ар бирине эсептегенде  1100 Америка долларына жакындады.  Бул көрсөткүч дүйнө өлкөлөрүндөгү   төмөнкү көрөткүчтөрдөн болуп эсептелинет.

 

Ички дүң продукция (ИДП) – мамлекеттин  экономикалык   өнүгүүсүн аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп, дүйнө өлкөлөрүнүн  экономика  боюнча  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын мүнөздөп, көрсөтүлгөн  мезгил ичинде (көбүнчө жыл ичиндеги)  өсүүнүн тездигин, деңгээлин  көрсөтөт. Экономиканы башкаруунун бирден-бир тескөөчу рычагы болуп эсептелинет, кандай болгондо да дүйнөдөгү  башкаруу системасы мындан өткөн башкарууну – тескөө рычагын учурга чейин тапкан жок.

 

Ички дүң продукция(ИДП) – үч ыкма менен эсептелинет.  Көбүнчө  колдонулуучу ыкма - бардык  керектөөгө  жумшалган  чыгымдарды  кошуу, инвестиция,  мамлекеттик  бардык  товар – кызматтар сатып алуулардын түрлөрү, таза экспорт  ( - импорт), товардык запастар.Ички дүң продукциянын ар бир жашаган адамга эсептелинген  көрсөткүчу  калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчу катарында  колдонулат. Реалдуу ички дүң продукция -  белгиленген  өткөн бир жылдын баасы менен эсептелинген  жалпы  даяр  товар жана кызматтардын  суммардык жыйынтыгы. Номиналдык ички дүң продукция (абсолюттук)  ошол эле продукция  товар жана кызматтардын учурдагы баа менен эсептелингендеги  суммасы. Ички дүң продукция(ИДП) – экономикада бир жыл ичинде өндүрүлгөн өнүмдүн жана көрсөтүлгөн тейлоо қызматтарынын жалпы базар баасы.

 

ИДПны чығымдарға ылайық эсептөөнүн жолу төмөнкүдөй: ИДП = C + I + G. Мында C - жеке керектөөгө жумшалған чығымдар. Аға ар бир үй-бүлөнүн узақ мөөнөт қызмат қылчу заттарды (турақ-жай, автомобиль, муздатқыч, телевизор, фотоапарат ж.б.у.с.), қысқа мөөнөттүк керектөөгө же күнүмдүк тиричиликке керек товарларды (нан, туз, сүт, ширенке, кийим-кече ж.б.у.с.), ошондой эле оюн-зооққо, электр энергия, газ, канализация, суу, таштандылардан арылуу, дарыгердин, адвокаттын, чачтарачтын қызматтарына сарпталған қаражаттар.

 

I - менчик ички дүң инвестиция. Булүч компоненттен турат: 1) Ишқана техникалық жабдууларды сатып алғанға жумшаған чығымдар; 2) Қурулуш; 3)Қордоғу өзгөрүүлөр. Менчик ички дүң инвестицияға эскирген жабдуулар менен имаратты (капиталды) қалыбына келтирүүгө арнап бөлүнгөн қаражат жана жаңы инвестиция да кирет.

G - мамлекет сатып алған товарлар менен қызматтар. Бул ишқананын даяр өнүмүнө кеткен жана мамлекет ресурстарды, ошондой эле жумуш күчүн сатып алууға жумшаған қаражат.

 

Улуттук дүң продукция (УДП) - Ички дүң продукциянын жыйынтыгынын таза экспорту же импорттун (кошулуп-алынгандагы) айрымасы. Қырғызча «улуттуқ дүң жыйым» деген терминди да қолдонулса болмок. Ошентип, УДП = С + I + G +Xn. Xn – таза экспорт.

 

Бул сыртқа чет өлкөлүктөрдүн алып чыккан каражаттары менен өлкөгө сырттан алып келинген эмгек мигрантардын каражаттарынын айырмасы. Эл аралык институттардын эсептөөсүнө ылайык 2013-жылы Кыргызстанда УДП нын көрсөткүчү орточо бир жашаган кыргызстантыкка эсептегенде - 990 АКШ долларын түзгөн. Ал эми ИДПнын көрсөткүчү ошол жылы 1180 АКШ долларын түзүп, айрыма 190 долларга сыртка чыккан каражат көп болгон.Бул факт эмнени түшүндүрөт, биз айтып жүргөн биздин эмгек мигранттар четтен 2,5 милиард АКШ долларын бизге жөнөтсө, бизден чет –өлкөлүктөр 3,6 миллиард АКШ долларын Кыргызстандан алып чыгып кетет. Эгер калктын саны- 5,6 миллионду таза импорт 1.1 миллиард түзүп жатпайбы. Кыргызстанда УДП – нын көрсөткүчтөрү боюнча эсеп жүргүзүлбөйт. Бекитилген  нормаларды талдап көрсөк,  ички дүң продукциянын, белгиленген  минималдык  жашоо  каражаттынын  суммасы, минималдык эмгек акынын өлчөмү   офицалдуу  түрдө  Кыргызстанда  жакырчылыктын  белгиленген  деңгелин   кабыл алынгандыгын  мүнөздөйт.    

 

Кыргызстанда мамлекеттикбашкаруу системасынын вертикаль чиновниктери аябай көп, чыгымы чоң. Демек, бул жыйынтыксыз абалга алып келип, горизонтал боюнча жетерлик иштебей калып жатат. Борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы карым-катнаш начар жана натыйжасыз бойдон калууда. Облустук жана райондук деңгээлде бийлик органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бүдөмүк, алар жүзөгө ашыруунун реалдуу механизмдери менен бекемделген эмес. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгүнүн ресурстары чектелүү, бул аларга өз функцияларын жана милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан бюджеттин негизги принциптеринин мааниси ички дүң продукция, бюджеттин чыгаша – киреше көрсөткүчтөрү төмөнкү баскычта (айыл-өкмөттө, район, шаарларда) түзүлүп, жергиликтүү калктын керектөөсү - жергиликтүү бийликтин деңгээлинде толук чечилүүсү зарыл.

 

Көрсөткүчтөр эсептелип киреше–чыгашалар такталгандан кийин, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү конкреттүү коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткарууну канчалык деңгээлде камсыздайт, республикалык бюджеттен канчалык керектөөгө муктаждыктардын өлчөмүн белгилейт. Ошондой эле ички дүң продукциянын көлөмү жана башка ар түрдүү долбоорлор даярдалат. Негизги максат төмөн жактан жашаган калктын (жергиликтүү бюджет) деңгээлинде бюджетке талап коюлуп, жогортон  такталып, эки тараптан тең жоопкерчилик жагы камсыздалууга тийиш.

 

Бул биринчиден жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, кеңештердин жана мэриялардын, райондук жана  айыл-өкмөтүн апппарат кызматчыларынын формалдуу эмес, натыйжалуу иштешин камсыздап, экинчиден азыркы мезгилдеги ойлоп тапкан цифралар жок болуп – төмөндон такталган  реалдуу  көрсөткүчтөр макроэкономиканы жетектөөдө  формалдуу эмес,  реалдуу  башкаруу системасын түзмөк. 

 

Ички  дүң продукциянын, бюджеттин   түзулүшү жана   бөлүштүрүлүшүнүн реалдуулугу - фискалдык саясатын негизги максаты болуп, өлкөнүн бардык мейкиндигинде жашоо деңгээлинин бирдей стандартын камсыздайт.

 

Соңку мезгилде калыптанган чечимдерди иштеп чыгуунун жалпы аянтчалары  натыйжалуу эмес, бул мамлекеттик деңгээлде милдеттерди чечүүдө бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.

 

Мамлекеттик органдардын ишинде адамдарга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө багытталган жоопкерчиликтүү мамиленин жоктугу министрликтер менен ведомстволордун багыттарынын туура эместигине алып келди. Жыйынтыктарды жаратуунун ордуна иштеген болуп көрүнүүнү гана максат кылып алышкандай. Учурдагы милдеттер менен гана алектенишип, келечектүү маселелерди көз жаздымдан чыгарып, приоритеттүү максаттарга жетүү боюнча айкын чараларды көрө албай келишет.

 

Монетардык саясат

 

Экономиканын жогорку өсүш темптерин камсыздоо үчүн жана ага жетишүү шарттарын түзүүдө баалардын, ишсиздикти  азайтуу, ички – тышкы сооданын оң сольдосун камсыздоо  монетардык саясаттын маанилүү салымы болууга тийиш.  Мындай саясат финансылык секторду реформалоо жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча күч-аракеттер менен катар келечекте экономиканы монетизациялоону көбөйтүүгө жана пайыздык ставкаларды азайтууга мүмкүндүк берет, натыйжада реалдуу сектор үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды жеткиликтүү кылат.

 

Өлкөдө баалардын деңгээлин аныктоочу факторлордун бири болуп сомдун алмашуу курсу саналат. Улуттук валютанын өзгөрүлмө алмашуу курсунун механизмин колдонууну улантуу зарыл, ал өлкөнүн ички рыногунда чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жана сунуштардын катышы менен аныкталат. Мында сомдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсунун кескин өзгөрүшү акча-кредиттик жөнгө салуу аспабы менен жумшартылат. 

 

Монетардык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүгө анын оң таасиринин мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн өлкөнүн финансылык рынокторун тереңдетүү жана кеңейтүү, банк системасын оңдоо жана чыңдоо, акча-кредит саясатынын каражаттарын өркүндөтүү, экономиканы кредиттөөну көбөйтүүнүн эсебинен экономиканы монетизациялоону жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүш керек.

 

Соңку жылдарда фискалдык кырдаалдан улам бюджеттин туруктуулугунда өтө терс жагдай түзүлүүдө. Фискалдык органдар көпчүлүк учурларда аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпайт. Салыктык милдеттенмелерде бизнестин аткарышы боюнча мурдагыдай эле татаал администрациялык жол-жоболор колдонулат. Коррупциялык схемаларга аралашкан фискалдык органдардын иш-аракети бизнестин мамлекетке болгон ишенимин жоготуп, жалпысынан финансылык туруктуулукту коркунучка кептейт.

 

 2016-жылы бюджеттин тартыштыгы чоң өлчөмгө – 38,7 млрд. сомго же 516 млн. АКШ долларына (ИДПга карата 7,8%) жетет, ал эми мамлекеттик карыз 3,8 млрд. доллардан ашат. Ошону менен бирге өлкө бюджетинин кирешесинин 30%дан ашыгын түзгөн мамлекеттин тышкы жардамдарга катуу көз карандылыгы, ошондой эле салык жүгүнүн өсүш-түшүш баш аламандыктары мамлекеттин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тобокелдиктерди көбөйтөт. Мындай кырдаалда мамлекетте пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды көбөйтүү боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөр чектелүү, ошондой эле иш жүзүндө экономикалык долбоорлор менен программаларды каржылоого бош акча каражаттары дээрлик жок. Жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, балдар бакчаларын, театрларды, университеттерди, музейлерди калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча иштер каржылоого өтө муктаж. Ошондуктан бүгүнкү күндө коомдун муктаждыктарына багытталган мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоо маселе мурдагыдан да  өтө курч турат.

 

Мамлекеттик карызды тейлөө маселеси өтө маанилүү, бир жагынан мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу керек, экинчи жагынан социалдык чөйрөнү колдоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин турмуштук маанилүү чыгымдарын карыздык төлөмдөр менен кысууга жол бербөө зарыл. Бирок, карыз көйгөйүн жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү негизги булак мамлекеттик бюджеттин өсүп бараткан кирешелери болууга тийиш. Мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу алардын натыйжалуулугун бир учурда жогорулатуу, каражаттарды мамлекетти жеке сектор тарабынан алмашылбай турган жерлердеги кызмат көрсөтүүлөргө гана, өзгөчө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, даректүү социалдык жактан коргоо кызматтарын көрсөтүүлөргө гана топтоштуруу менен жүрүүгө тийиш. Фискалдык саясатта да ырааттуулукту андан ары жогорулатуу боюнча, анын монетардык жана мамлекеттик саясаттын башка түрлөрү менен макулдашылгандыгы, программалык бюджеттөөгө өтүү, бюджеттик тартипти чыңдоо, бюджет процессинин толук ачыктыгын жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүш керек.

 

Колдонуудагы бюджеттик-салык системасы инвестициялык максаттарга, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жана аларга түрткү берүүгө каражаттарды топтоого жетиштүү негиз түзбөйт. Мыйзамдарга бир катар түзөтүүлөр киргизилгендигине, ошондой эле институттук реформаларга карабастан Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өзүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулата албагандыгы факт бойдон калууда. Бардык жерлерде компаниялардын иштерине мамлекеттик чиновниктердин мыйзамсыз кийлигишүүлөр жүрүп жатат, бул түздөн-түз коррупцияга байланыштуу. Чарбачыл субъекттердин жана инвесторлордун арасында мамлекеттик бийлик органдарына карата ишеним дээрлик жок.

 

Жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары инвесторлорду тартмак турсун, аларга тоскоолдук кылып, ал тургай кээде ачык эле акча өндүрүү менен алектенишет.

 

Адистердин ар кандай баасына караганда коррупциянын жогорку деңгээли, салык жүгүнүн оордугу бизнести көмүскө жакка кетүүгө түртүп, муну менен салык алынуучу базаны төмөндөтүп, өлкөнүн бюджет чөйрөсүнүн дестабилдешүүсүнө шыкак болуп бейформал экономиканын өсүшүнө алып келүүдө. Ушунун бардыгы  атаандашуу үчүн тең эмес шартты түзүү менен бизнести өнүктүрүү үчүн өтө олуттуу бөгөткө айланууда.

                              

Акча -  насыя  саясаты жана анын натыйжалуулугу

 

Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын жана ишкерлеринин кредиттерде жана банктык сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдө муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү болгон финансы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү системасын түзүү банк системасын өнүктүрүүнүн максаты болуп саналат. Акыркы  жылдарда  өлкөдөгү улуттук валютабыз - сомдун массасы жылдан жылга наркын жоготуп, кунсузданып  келет.  Ал эми  2016-жылдын башталышында 80 сомго жетти. 1992-жылы сом  өлкөнүн акчасы болуп киргенде АКШ доллары 4 сомго бааланган болсо, кийинки жылы - 2,7744 сомго чейин түшкөн (19.05.1993-ж.). Фактылар көрсөткөндөй 2016-жылы сом болуп көрбөгөндөй  кунсузданып наркын долларга салыштырма  20 эсеге, ал эми 1993-жылдын курсуна караганда 28 эсеге жоготту.  Мындайча айтканда,  мамлекетте экономиканын монетардык  саясаты  жоктой сезилет.

 

Өкмөт менен   Улуттук Банктын жүргүзгөн монетардык саясаты   формалдуу  болуп,  жыйынтыгы экономиканы учурдагы акыбалга алып келди.  Айтылып кеткен жагдайлардын себептерин бири болуп экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот.  2016-жылдын кабыл алынган бюджетинде   Экспорт араң – 2100,0 миллион АКШ долларын, импорт  көбөйүп – 6200,0 миллион АКШ долларын түзүп, же болбосо  долларлашуу  деңгээли  66% тен ашты.  Мындай фактылар  талдоолор  көрсөткөндөй  тендецияга айланып көп жылдардан  бери  жыл сайын өсүүдө.  Натыйжада, Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгилүү. Кыргызстанда бардык рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт. Автоунаа сатып аласызбы, үй аласызбы, жер аласызбы, бардыгы доллар менен ченелет жана иш жүрөт. Демек, сом өзүнө жүктѳлгѳн акча функцияларын аткарбай калган. Бирок жыл өтккөн сайын сомдун нарксыздангандыгынан калктын жана бизнестин Улуттук банкка болгон ишеничи такыр жоголуп, экономикада толук долларлашуу багыты күч алды.

 

Монетарлык саясаттын максаты:1) Өлкөдө экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоону, 2) ресурстарды пайдалануу - ишсиздиктин деңгээлин кармоону, 3) Баанын туруктуулугун кармоону (инфиляция), 4) Төлөө балансасынын тең салмактуулугун кармоону камсыздоо болуп эсептелет. Монетарлык саясат экономикалык конъюнктурага таасир этип, ошол эле мезгилде учурдун суроо–талаптарына жооп берет. Анын обьектиси акча рыногу, баарыдан мурун акчанын массасы. Монетардык саясатты Улуттук Банк аныктап, коммерциялык банктар, кредиттик башка мекемелер аркалуу жүзөгө ашырылат. Анын рычагдары болуп салыктын өлчөмү жана бюджетин киреше–чыгашасынын натыйжалуулугу, акча айлантуунун натыйжа берген жолдорун так жүргүзүү менен  жогоруда көрсөтүлгөн иш чаралардын натыйжасын камсыздоо болуп эсептелмек. Анын принциптери макроэкономиканын негизги көрсөткүчү ички дүң продукциясынын реалдуу өлчөмүн тактоодо да кызмат көрсөтмөк.  Бирок кее бир фактлар монетардык (акча – насыя) саясаттын принциптерин жокко чыгарууда: Улуттук Банктын (УБ) валюта операциясы боюнча  отчетун талдасак: биринчиден, 2005-жылы УБ 83,2 млн. америка долларын сатып алып, 12 млн. доллар саткан, натыйжада таза сатып алуу 71,3 млн. долларды түзгөн.  Америка долларынын курсу 0,78%ке төмөндөп, жылдын акырында 41,3011сом/доллар болгон. 2013-жылдагы УБ отчету боюнча таза валюта сатып алуу  жана сатуу  2012-жылга 284 млрд. 076,9 млн. сомго,  2013-жылда 384 млрд. 865,7 млн. сомго, 2014-жылда  593,5 млрд. сомго жеткен.  Өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ВВП) көлөмүнөн  бир  канчага  ашып  кеткен.   Америка доллары менен  8-10 млрд. түзөт.  Бул  суммалар   коммерциялык   банктардын  накталай эмес  жана накталай, ошондой  эле  алмаштыруу  бюролорундагы  накталай  чет өлкө  валюталарын  сатып алуу жана сатуу көлөмү. Түшүнүксүз нерсе импорт менен экспортун айрымасы 3,5- 4,1 млрд. Америка долларын түзсө  валюта сатуу – сатып алуу андан эки-үч эседен ашканы. Кызыгы сатылган жана сатып алынган валютанын 80% накталай жүргүзүлгөнү.        Экономикадагы азыркы начар абалга алып келген негизги көрсөткүчтөрүнүн дагын бири тышкы сооданын терс балансы болуп эсептелет. 2000-жылы бул көрсөткүч оң болуп, экспорт импортко караганда 4 млн. америка долларынан көптү түзгөн (экспорт – 510,9 млн. доллар, импорт – 506,9 млн. доллар) болгон. Кийинки факт 2016-жылга Республиканын кабыл алынган бюджети. Мурунку жылдарга караганда импортун негизсиз көбөйтүлүп кабыл алынганы. Төмөндө импорт менен экспорттун салыштырма таблицасын берели.

 

Кыргыз өкмөтүнүн № 326, 16.12.2010 жылдагы .  «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө”токтому

 

 

 

 

 

2013 жыл.

(отчет)

 “ Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жыл-дарга болжолу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы.(КР ЖК тарабынан 2015-жыл,24-декабрда кабыл алынган).

 

 

 

2016 жыл салыштырма  2010 жылга % менен

 

 

 

2016 жыл салыштырма

2013жылга % менен

Экспорт :

2194,0

2048,4

2100,0

95,7

97,5

Импорт : ­-

3922,0

5613,6

6200,0

158,1

110,4

Терс

Баланс:

 -  1728,0

3565,2

- 4100,0

237,3

115,0

Учурдагы эсептин дефицити

     

 

- 1666,9

 

 

 

 

Таблица көрсөткөндөй жыл өткөн сайын экспорт кыскарып, терс баланс тездик менен өсүп, экономиканын алсырашынын негизги себептеринен болуп калды.  Анын баарын так сандар менен берсек болот, бирок окурманга кыска сөз менен гана айтып өткөнүбүз туура. 2016-жылга кабыл алынган бюджет боюнча  импорттун өсүшүү түшүнүксүз, себеби өлкө ЕАЭС ке кирип, импортту көбөйтүүгө шарт түзүлүп жатканда тетирисинче импорттун суммасы өсүп, терс баланс көбөйүп жатканы мамлекетин  бюджеттинин  тузулүшү өтө эле формалдуу экенин айгинелейт.

 

 Терс баланстын таасири учурдагы эсептин тартыштыгын көбөйтөт. Бюджеттин тартыштыгы,  учурдагы эсептин тартыштыгы - кош тартыштык өлкө үчүн өтө опурталдуу. Учурдагы эсептин тартыштыгы ИДП нын өлчөмүнөн 10% тен ашканда өлкөдө акча массасынын көлөмү көбөйгөн болуп, акчаны номинизация жүргүзүлүшүн талап кылат. Бул жерде Беларуста  текущий счеттун дефицити 10%ке жетип, 2016-жылы улуттук акчасын номинациялоого барып, төрт нөлун алып салды. Учурдагы эсептин тартыштыгы Кыргызстанда  2 млрд. АКШ долларынан ашып, ИДПнын 30%ине жакындаганы учурдагы абал өтө эле коркунучта экенинен кабар берет. Экинчи коркунуч - бюджет тартыштыгы учурда өлкөдө мүлктүн көлөмүн азайтат.

 

Жогоруда белгиленген фактлар сөзсүз бюджет системасынын калыптаныш процессине терс таасирин тийгизет. Себеби бюджет тартыштыгын финансылоонун эки эле жолу бар: Биринчиси, эмиссиялык (инфляционный) баанын орто деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүү үчүн жүгүртүүгө кошумча акча чыгаруунун натыйжасында мамлекет киреше алуучу кредит-акча эмиссиясы (мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын монеталаштыруу) болот; экинчиси, эмиссиялык эмес  (безинфляционный)  бюджеттин дефицитин мамлекеттен негизделген ар түрдүү булактардан алынган насыялары (кредиттер). Эки жол тең Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө опурталдуу.

 

Кыргызстан  үчүн, эгер бюджеттин  тартыштыгын жабуучу  булактарды -  мамлекеттик негизделген  – насыялар (кредиттер) менен камсыздап, алардын кайтарылышын жана тейлөөну  конкретүү  долбоорлорго  жүктөөбөсө, бул тартыштыктар келечекте мамлекетте акча эмиссиясын, бюджеттке жүктү көбөйтүп, мамлекеттин финансы системасында стабилдүүлүккө терс  таасирин тийгизип, учурдагы оор абалдан чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.                      

     

Экспорт өсүп, валюта көбөйбөсө  сомдун курсу калыптанганбагандыгы белгилүү. Бирок сомдун курсун калыптандыруу боюнча өлкөдө эч кандай саясаттын жоктугу өкүнүчтүү.

 

Улуттук  Банктын  билдирүүлөрүнө  таянсак, 2013-жылы алтын-валюта запасы 8,3%ке жогорулап, 31-декабрга карата $ 2,238  миллиардды  түзгөн. Анын ичинен алтын 6,3 пайызды түзүп, $145,25 миллион (алтын эсебинде - 3,2 тн.) түзгөн. Алтындын запасы 2004-жылы $405,4 миллион (30,0 тоннага жакын) болгон. Валюта  портфели  америка долларынан, евро, швейцар франкы, англиянын фунту, австралия жана канада  долларлары,  япон   йени,  россиянын   рубли, китайдын  юаны, сингапур долларынан турганы белгиленген, ошондой эле   2013-жылы алынган жаңы  валюта – норвегия жана  швед  крондору.

 

Түшүнүктүү болсун үчүн  “алтын валюта  резерви” эмнеден турат ошондон баштасак. Алтын валюта резервинин структурасына: - алтын жана нак чет өлкөлүк валюта - бюджеттин тартыштыгын жабууга тартылган карызга келген каржаттардын өкмөттүн  улуттук  банктагы   коррреспонденттик эсептериндеги  калдыктар кирет.

Ар бир өлкөнун Улуттук Банкына   коюлган милдеттерге жана анын жургузгөн саясатына жараша  алтын валюта резервинин курамындагы алтындын үлүшү ар түрдүү. Өлкөнүн улуттук валютасы канчалык туруктуу болсо, алтын валюта резервинин курамында алтындын үлүшү чоң болот, же тетирисинче улуттук валюта туруксуз болгондо, Алтын валюта резервинин үлүшүндө алтын аз болуп, башка валюталар көп болот. Мисалга  01.01.2014 жылга алтын валюта резервинин алтындын үлүшү төмөнкүдөй:  

– АКШда  – 70%;

–  Германияда – 66%;

–  Францияда– 64,9%;

–  Экономикалык жана валюта  союзуна кирген өлкөлөр(ЭВС) – 55,2%.

–  Россияда– 8,0%;

–  Украинада– 8,0%;

– орточо өнүүгүү жолундагы өлкөлөр(по группе развивающихся стран)– 8,0%.

- Кыргызстанда – 7,8%;

 

Талдоолор көрсөткөндөй ИДП 2000-жылы 65 млрд. 357,9 млн. сомду түзсө,  2013-жылга 350 млрд. 28,4 млн. сомду түзгөн, өсүш – 5,35 эсеге жеткен. Ошол эле учурда, акча массасы 2000-жылга (4 млрд. 591,3 млн. сом) караганда 2013-жылы 15,9 эсеге көбөйүп кеткен (73 млрд.139,4 млн. сом). Башкача айтканда, акча массасы жана  айланган акча  ИДПнын  өсүшүнөн үч эсе ашып кеткен.  Жүгүртүүдөгү акча - акча массасынын 95 пайызын түзгөн (бул көрсөткүч Россияда 16%ти түзөт). Дагы бир  факт  - жүгүртүүдөгү акча ИДПга карата 2013-жылы 21 пайызын түздү, бул көрсөткүч АКШда - 6,6%,  Мексика  жана  Бразилияда 5,3% жана  4,2% ти түзөт.

 

 Жогорудагы келтирилген фактылар – жөнөкөй тил менен айтканда, өтө ойлонто турган, кооптуу нерсе. Мунун баары – Кыргызстандын экономикасы туура эмес жолдо баратканын белгилеп турат. Жогорудагы келтирилген фактылар – жөнөкөй тил менен айтканда, өтө ойлонто турган, кооптуу нерсе. Мунун баары – Кыргызстандын экономикасы туура эмес жолдо баратканын белгилеп турат. Акыркы мезгилде бардык мамлекеттер улуттук валютасын туруктуу кылуу максатында  алтын  сатып алып,  резервин  көбөйтүү  саясатын  жүргүүзүдө. Жакынкы Кытай менен Россияны алсак, акыркы жылдарда алтын экспорту такыр жокко чыгарылып, импортун көбөйтүштү. Россия жыл сайын 60-100 тоннага чейин алтын сатып алып жатканы айтылса, Кытайдын алтын запасы 5 миң тоннадан ашканын белгилешет (2009-жылы расмий маалыматтар боюнча 1054 тн. болгон). Кытайда калк тарабынан да алтындар көп сатылып алынып жатат. Алтын  запасы  XXI кылымда эң пайдалуу инвестиция катары бааланат.

 

Мындай шартта Кыргыз Улуттук банкынын жүргүзгөн саясаты мамлекетке каршы болуп жатат десек туура болчудай. Тагыраак айтканда – бул жоопкерсиздик. Атайын айтып түшүндүрбөгөн күндө деле алтындын баасы дайыма жогору болуп келгенин биздикилер билбейт дейсизби? Жада калса дүйнөдөгү эң туруктуу валюта катары айтылуучу доллардын деле алтынга салыштырмалуу наркы дайыма түшүп келген. 1944-жылы алтындын трой унцийи (1 унций 31.1034768 граммды түзөт) 35 долларга бааланган. 1 грамм алтын 1,12 доллар эле. 2011-жылы 1 грамм алтын 60 долларга жеткен. Башкача айтканда доллар 60 эсе өз наркын жоготкон.

 

Ошол жагынан алып караганда, “Кумтөр” долбоору боюнча 2009-жылдын 30-апрелиндеги келишимде көрсөтүлгөндөй, чыгарылган продукцияны сатып алууга берилген артыкчылыктан Кыргызстан пайдаланбаганы – өтө чоң жаңылыштык болгон. Биз өз үлүшүбүздү алтын менен алганда, резервибиздин наркы улам көбөйө бермек да, сомдун куну азыркыдай өйдө-ылдыйга карай секирмек эмес. Дайыны жок саясаттын негизинде сом түшүп, ансайын эл жакырланып жатат.

 

 Дагы бир себеби, жүгүртүүдөгү акчанын сандык катышы боюнча Кыргызстан башка мамлекеттерден озуп кеткенин белгилеп өттүм эле. Нак акчанын көптүгү – экономика үчүн катуу зыян. Бул көмүскө экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, ансыз деле андан кутула албай келатабыз. А көмүскө экономиканын көлөмү Европа мамлекеттеринде орточо 10 пайыздан ашпаса, Японияда 7 пайызга да жетпейт.Ал эми бизде жогоруда белгиленгендей 20% ке жетип жатат. Улуттук  Банктын  учеттук  ставкасы,  Банктын  комерсиялык банктарга  жана башка кредиттик уюмдарга резервдерин  толуктоого жана  клиенттерге кредит  берүүгө  берген кредиттердин ставкасы Улуттук  Банктын  ставкасына жараша болот. Ал  канчалык  жогору  болсо,  коммерсиялык банктар  клиенттерге  ошончолук  кредиттерди  жогорку проценттерде, эгерде  ставка төмөн болсо  кредиттерди  төмөнкү  процентте   беришет.

 

Жылдар боюнча болгон Улуттук Банктын  учеттук ставкалары төмөнкүдөй:

2005 – жыл.  05.01. – 3,90%;                     2010 – жыл.  13.01. -  0,85%;                          

2015 – жыл.  27.01. -  11,0%;                     2015 – жыл.  29.12. – 10,0%;

 

Коммерсиялык  Банктардын клиенттерге берген кредиттеринин  проценти көрсөтүлгөн  проценттер менен  айрымаланганы. Анын негизги  себеби,  Улуттук Банктын таасирсиздиги же болбосо ресурстардын жетишсиздиги, ошондой эле коммерсиялык банктардын башка заемный  жогорку проценттердеги ресурсттардан пайдалангандыгы менен түшүндүрүлөт.

 

Улуттук  Банктын учеттук ставкалары, жетерлик ресурстар менен камсыздалып,  коммерсиялык банк, кредит мекемелерине кредиттерди алышкан болуп,  учурунда коммерсиялык банктар өздөрүнүн белгиленген өлчөмдөгү чыгашалары менен калкка, ишканаларга, компанияларга насыялар бергенде: мамлекетте экономиканын өсүшүнүн туруктуулугу өсүп, ишсиздик азайып, инфляциянын, калктын жашоо деңгээли жетерлик жогору болмок.  

 

Дагы бир мисал

 Молдова  Өкмөтүнүн Улуттук банктагы акча эсебине башка өлкөлөрдөн жана дүйнөлүк донордук-кредиттик уюмдардан насыя, грант каражаттар  келет.  Ал  акчалар  евро,  доллар  менен келип, ал эми өкмөт лей менен бюджет аркылуу сарпташ керек. МВФ 240 млн. доллар 2012-жылы  Еврокоммисиянын чечими менен  өкмөтүнүн эсебине жардам иретинде насыя которгон. Аны Улуттук банк өзүнүн резервине салат дагы,  долларды  курс менен жаңыдан басылган 3,6 млрд. лейди  Молдова Өкмөтүнүн казынасына которуп берет. Өкмөт бул акчаны бюджет аркылуу коротот. Өкмөттүн чыгашасы кимдир бирөөнүн кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 3,6 млрд. лей акырындап экономикага агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар "кирешелерди долларга которуп коёлук, лей  арзандап кетет" дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын көбөйүшүнѳн улам доллар лейге  карата кымбаттай  баштайт. Экинчиден, премьер-министр Владимир Филат Улуттук Банк менен Финансы министирлигине МВФке карызды кайтаруу керек дегенде лейдин курсун 60-70%ке чейин кунун кетирет.  Доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл дүрбөлөңгө түшкөндө Улуттук банк баягы өзү басып чыгарып, өкмөткө берген лейди баягы МВФ которгон доллар менен кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк Өкмөткө бергенде курс  доллар лейге арзан  болсо, кайра ошол лей сатып алгыча бир далай убакыт ѳтөт, доллар кымбаттап,  буга байланыштуу баягы 3,6 млрд. лейди курсту кармайбыз эмиссия жасадык деген кылып, Улуттук банк кайра 200 млн. долларга сатып алып, ортодо 40 млн. доллар пайда көрөт. Ушул сыяктуу коррупциялык схемалар менен премьер-министр Владимир Филат бир миллиард долларды өз пайдасына алып коюп, учурда түрмөдө отурат. Мындай схемалар кембагал донорлордун эсебинен жашаган өлкөлөрдө (Нигерия,  Сомали, Камерун, Зимбабве, Украина) дайыма колдонулуп, мамлекеттердин экономикасынын кыйроосунун себептери болуп эсептелинет. Табылган акчалар шайлоолорго жана өз кызыкчылыктарына  иштетилет. Ортодо кордукту көргөн баягы эле Молдова эли.

 

Монетардык саясаттын Кыргызстандагы баш аламан фактылары, Молдова схемаларына окщош десек жаңылышпайбыз.

 

Демек, Кыргыз Республикасынын банк сектору кыска мезгил ичинде өнүктүрүүнүн негизги багыттарын төмөнкү негизги максаттарга буруу керек:

- банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана бекемдөө;

 

- айылдык жана алыскы аймактарды кошуп алганда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

 

- банк секторунун ырааттуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

 

- экономикада банк секторунун ролун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасына кредит берүүнүн көлөмүн арттыруу;

 

- банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жана банк секторунун иштешинин натыйжалуулугун колдоо;

 

- финансылык ортомчулук деңгээлинин андан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

 

- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү;

 

- кредиторлордун укуктарын бекемдөө жана банк кызматынын керектөөчүлөрүнүн маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу.

 

Ушул каралган максаттарга жетишкенден кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банк сектору келечекте дүйнөлүк рейтинги жогору агенттиктерден көз карандысыз кредиттик жогорку рейтингди алуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, эл аралык финансы рынокторунда кыргыз банк секторунун натыйжалуу орун ээлейт. 

Бул иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу калк үчүн берилип жаткан кредиттик ресурстар боюнча пайыздык ставкаларды турукташтырууга жана төмөндөтүүгө шарт түзөт.

 

Акча-кредиттик саясаттын каражаттары менен экономиканын реалдуу сектору тарабынан банктардын кредиттерине суроо-талаптын өсүшүнө жардам көрсөтүү инфляцияны алгылыктуу деңгээлде кармап турууга багытталган чараларды ишке ашырууда жана финансы рыногунда пайыздык ставкаларды төмөндөтүүдө, макроэкономикалык параметрлердин жана сомдун курсунун өзгөрүлмө динамикасынын алдын-ала божомолдоону камсыз кылууда турат.

 

Жогорудагы келтирилген фактылар – жөнөкөй тил менен айтканда, өтө ойлонто турган, кооптуу нерсе. Мунун баары – Кыргызстандын экономикасы туура эмес жолдо баратканын белгилеп турат.

       

Бюджет  системасы:  тартыштык, пландоо жана аткаруу

 

Финансылык сабаттуулук үчүн финансы системасында эрежелерди так билип аны практикада канчалык так колдонсок биздин мамлекет, фирма – компаниялар жана жеке үй – чарбаларыбыздын экономикалык өнүүгүсү жогору болушу анык нерсе.

 

Бюджет системасы (англисче budget systems) – өлкөнүн бардык бюджеттеринин жыйындысы. Коомдун саясий түзүлүшүнө жана мамлекеттин экономикалык системасына, анын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнө негизделет. Бюджет системасынын түзүлүшүнүн социалдык-экономикалык жана уюштуруу принциптери, анын структурасы, ага бириктирилүүчү бюджеттердин өз ара байланышы өлкөнүн бюджеттик түзүлүшүн мүнөздөйт.

 

Бюджет системасы эки  звенодон турат. Бирдиктүү (бириккен) мамлекеттик,  республикалык  жана жергиликтүү бюджеттер болот.

 

Бюджет тартыштыгы (англисче budget deficit) – мамлекеттик чыгымдардын мамлекеттик кирешеден ашып кетүүсү. Бюджет тартыштыгы учурунда өлкөдө мүлктүн көлөмү азаят. Бюджет тартыштыгын финансылоонун эки жолу бар: баанын орто деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүү үчүн жүгүртүүгө акчанын кошумча санын чыгаруунун натыйжасында мамлекет киреше алуучу кредит-акча эмиссиясы (мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын монеталаштыруу); 2) менчик сектордо инвестицияларды кыскартуу менен проценттин орто рыноктук ченин өстүрүүчү жана накта экспортту азайтуучу калктын жана борбордук банктын мамлекеттик заёмдору; 3) салык түшүүлөрүн көбөйтүү.

Бюджетти пландоо –жана аткаруу процесси.Мамлекеттик бюджет чарбалык комплекстеринин пландуу көрсөткүчтөрүнүн, ишканалардын жана мекемелердин финансылык пландарынын, ар түрдүү баланстын жана сметанын негизинде түзүлөт. Бюджетти пландоодо чарбанын ички ресурстарын толук пайдалануу көрсөтүлөт жана калктын бюджетке жумшалуучу каражатынын көлөмү аныкталат, ошондой эле өндүрүштү зарыл ресурс менен толуктоо иштери белгиленет.

 

Бюджет системасы, пландоодон башталып анын профицит же дефицитин тактап, алардын аткарылышын белгилейт. Пландоо макроэкономиканын негизги көрсөткүчү болгон Улуттук дүң продукциянын көлөмүн аныктоодон башталат.  Аныктоо мамлекеттик бюджет чарба комплекстеринин пландуу көрсөткүчтөрүнүн, ишканалардын жана мекемелердин, үй-чарбаларынын финансылык пландарынын, ар түрдүү баланстардын жана сметалоонун негизинде жүргүзүлөт.

 

Бюджет тартыштыгы – мамлекеттик чыгымдардын мамлекеттик кирешеден ашып кетүүсү катарында белгиленет. Кыргызстанда мамлекеттин чыгымдарына финансалык активдерди кошпой эсептеп (актив жана милдеттер операциясынын классификациясы боюнча статьялары - экономикалык чыгымдар болуп аталат) тартыштыкты азайтып, 2012 – жылдан баштап бюджеттин тартыштыгын көрсөтүүчү өлчөмү коркунучтуу деңгелге көтөрүлдү. Бюджеттин абалын тың көрсөтүү максатында, анын өлчөмүн жалгандан оңдоп-түзөө системага айланды. 2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 38,7 миллиард сомдон ашса 22,4 миллиард сомго көрсөтүшкөнү, ал эми анын финансалоо булактарынын камсыздалышындагы проблемалар, финансы системасында өлкөдө өтө так жогорку деңгээлдеги өзгөрүүлөрдү талап кылат.Мындай  оңдоп-түзөөлөр эч кандай жыйынтык бербеши анык. Дефицитти аз –көп жасаган, кылмыш жана проблема чечиштин  жолу эмес.  Ийгиликтин  жолу акыйкатчылык, тактык жана компетенттүүлүк,  экономиканын   эрежелердин  так  аткарылышы. Алаамдашуу мезгилинде эсеп тапсаң  ээ  болосуң,  эсеп  таппасаң  жок  болосуң.

 

Кыргызстанда мезгилге жараша бюджеттик система Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө»,  ”Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасы жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде эки деңгээлдеги системада болуусу зарыл:

 

• биринчи деңгээл— республикалык  бюджет жана республикалык бюджеттин  бюджеттик эмесфондтору;

 

• экинчи деңгээл — жергиликтүү  бюджеттер (анын ичинде: райондун бюджети,  шаар округдардын бюджеттери,  республикалык маанидеги  Бишкек  жана  Ош шаарларындагы  шаар ичиндеги муниципальдык түзүлүштөр; ошондой эле шаар жана айыл түзүлүштөрүнүн бюджеттери жана жергиликтүү бюджеттин бюджеттик эмес фонддору). Көрсөтүлгөн  мамлекеттик финансы секторунун негизги максаты  -  мамлекеттин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын жашаган калк алдында  милдет жана функцияларын (акчалай) камсыздоо.

 

Жергиликтүү органдардын бюджети  +  субъекттер бюджети= жергиликтүү  бюджет.

Республикалык   бюджет + жергиликтүү  бюджет = консолидированный бюджет.

Консолидированный бюджет + бюджеттин бюджеттик эмес  фондулары= сводный бюджет.

 

Бул мезгилге чейин бюджетин принциптери жок, бюджет боюнча эрежелер так сакталбастан, жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасын  учурдагы акыбалга жеткирдик.

 

Бюджет системасы эки маанилүү принцип сакталганда гана натыйжалуу иштейт,:

 

1). Субсидиардык принцип;    

 

2). Чыгашанын кирешеден (примат) ашкан принциби.

Субсидиардык принцип – “киреше чыгашага жараша” болот. Ал эми экинчи принцип “ чыгаша – койулган милдет – тапшырмаларга жараша”- болушу керек. Бюджеттин негизги принциптеринин мааниси ички дүң продукция, бюджеттин чыгаша – киреше көрсөткүчтөрү төмөнкү баскычтан (айыл-өкмөттө, район, шаарларда) түзүлүп, жергиликтүү калктын керектөөсү - жергиликтүү бийликтин деңгээлинде толук чечүү дегендик. Көрсөткүчтөр эсептелип, киреше-чыгашалар такталгандан кийин, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү конкреттүү коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткарууну канчалык  деңгээлде  камсыздайт,  республикалык  бюджеттен  канчалык керектөөгө муктаждыктардын өлчөмүн белгилейт. Ошондой эле ички дүң продукциянын  көлөмү  жана башка ар түрдүү долбоорлор даярдалат.  Негизги максат төмөн жактан жергиликтүү калктын (жергиликтүү бюджет) деңгээлинде бюджетке талап коюлуп, жогортон  такталып, эки тараптан тең жоопкерчилик жагы камсыздалат.

 

Бул биринчиден жергиликтүү кеңештин жана айыл-өкмөтүн апппарат кызматчыларынын формалдуу эмес, натыйжалуу иштешин камсыздап, экинчиден азыркы мезгилдеги ойлоп тапкан цифралар жок болуп – төмөндөн такталган  реалдуу  көрсөткүчтөр берилип, макроэкономиканы жетектөөдө  формалдуулук эмес,  реалдуу  башкаруу системасын түзөт. 

 

Ички  дүң продукциянын,  бюджеттин   түзулүшү жана   бөлүштүрүүнүн реалдуулугу - фискальдык саясатын негизги максаты болуп, өлкөнүн бардык мейкиндигинде жашоо деңгээлинин бирдей стандартын камсыздайт.

 

Азыркы учурда Кыргызстанда бюджетти түзүү тартиби жана эрежелери “жогортон – төмөн“ принциби боюнча калыптанган эски система менен иштеп келе жатат. Бул схемада жергиликтүү бюджет, кирешелери жана чыгашалары боюнча жогортон белгиленген көзөмөлдөөчү (контролдук) цифраларга жараша болот. Мындай ылайык келбестик, учурда башка механизмдердин иштелип чыкпагандыгы менен түшүндүрүлүп келинген. Каржы – экономикалык базаны түзүүдө жергиликтүү өз алдынчалык башкарууга толук кандуу  өз  алдынчалык  бермейин  мындан  аркы реформа мүмкүн эмес.

 

Мындай реформаны жүзөгө ашыруу жергиликтүү жамааттарда өзүнүн өнүгүү стратегиясын, ишке ашыруу механизмдерин өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк ачыла тургандыгына алып келет. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча мотивациялар пайда болот. Бюджеттин чыгаша бөлүгү проблемалардын артыкчылык алуусуна жараша аткарылат, ал калктын тикеден–тике катышуусу менен аныкталат. Кабыл алынган чечимдер үчүн жамаат алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жогорулайт. Эң негизгиси учурдагы ченемсиз өскөн чыгашаларды алып келген, чечимдер үчүн эч кандай жоопкерчилиги жок, экономиканын учурдагы туңгуюукка жеткирген себептеринин  бири  вертикал  бийлигине чектөө коюп, коррупцияга өтө чоң бөгөт койот, көмүсө экономиканы жокко чыгарат.

 

Кыргыздар “көп  суур ийин казбайт”- дегендей, азыркы сандаган кыргыз чоңдорунун жасаган жумуштарынан эч кандай майнап чыкпай келет. 2016-жылдын 1-январына карата мамлекеттик органдарда иштеген адамдардын саны (малыматка коргоо,коомдук тартип жана коомсуздукту камсыз кылуучу органдардын кызматкерлеринин саны кошулбастан)  31 миңден ашты.

 

2016-жылга кабыл алган республикалык бюджет боюнча мамлекеттин жалпы чыгымы 163,1 миллиард сомду түзүп, анын ичинен:

мамлекеттик инвестициялык долбоорлор – 44,6 миллиард сом – 27,3%;

эмгек акы (соц.фондго төлөмдөр менен) – 45,1 миллиард сом- 27,6%;

транспорттук кызматтар – 1,1 миллиард сом- 0,67%;

мамлекеттик карыздарды кайтаруу жана тейлөө – 21,5 миллиард сом-13,2%;

кызматтык иш сапарларга чыгашалар – 0,9 млрд.сом- 0,55%;

Коммуналдык кызматтар жана байланыш – 0,99 млрд.сом- 0,60%;;

Калкка соц.жардам, жөлөк пул – 7,9 млрд.сом- 4,8%;

Соц.фондко – 9,6 млрд.сом - 5,88%; жана башка чыгашалар...

 

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор – 44,6 миллиард сом, анын ичинен өкмөттүн  үлүшү - 1,05 миллиард сом, кредиттик каражаттардын эсебинен каржы – 34,5 миллиард сом, гранттык каражаттар – 9,05 миллиард сом. Көрсөтүлгөн кредит – грантар келеби?, аткарылабы?.. жооп жок!!! Бул жерде мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун (МИП) аталышы – чыгаша насыядан турса - 27,3%, мамлекеттик карыздарды кайтаруу жана тейлөө – 21,5 миллиард сом-13,2% тактап айтканда бюджетин чыгашасы 40% тен арткан суммасы  насыяга байланышкан.

 

Мисалы. 2007-жыл үчүн КР премьер-министринин буйругу менен (23.01.2006-жыл, №35)  Финансы министрлигинин эмгек акы фонду 22 млн. 568,4 миң сомго белгиленип, штаттык сан 316 ны түзгөн. 2007-жылы министрлик экиге бөлүнүп - экономика министрлигине тактоо менен эмгек акы фонду 13 млн.267,1 миң сомго жеткирилген.  Эки министрликтин эмгек акы фонду 35,8 млн. сомду түзгөн. Саны боюнча финансы министирлиги – 285, экономика министирлиги – 31 болгон.  2016-жылдын кабыл алынган бюджети боюнча көрсөтүлгөн эки министирликтин бюджетинде эмгек акы  фонду -544, 5 млн.сомду түзгөн. Анын ичинен финансы министирлиги – 347,3 млн.сом; Экономика министирлиги – 197,2 млн.сом. Салыштыралы. 2016-жылы, эки министирликтин башка бюджеттерин айтпайлык эмгек акы фонду 2008 – жылга 15,2 эсеге көбөйгөн. 

 

Ички дүң продукциянын көрсөткүчү Кыргызстанда 2008–жылы ар бир жашаган адамга 1000 АКШ долларын түзсө, 2016-жылдын кабыл алынган бюджети боюнча  2016-жыл үчүн  ИДП – 1100 АКШ долларын түзүп, өсүш  110 % ти түзгөн. Кыргызстан дүйнөдөгү кембагал мамлекет болгон, кембагал бойдон калды. Бирок бийликтин саны –чыгашасы ага карабай өсүп, Кыргызстанды мамлекет жана кыргызстандыктарды улут эл  катарында да абийирин кетирүүдө. Өткөн жети жылда экономика 10 % ке өссө, эки министирликтин эмгек акы фонду 1520 % ке жетиптир, бул эмне деген шумдук???.... кимде жооп бар!!!..

 

Бизде мамлекеттик кызмат, мейли Президент,  Премьер-министр,  министр, депутат, башка мамлекеттик кызмат болобу баркы жок, эч кандай экономика үчүн,  калктын жашоо–тиричилигин жакшыртууга жоопкерчилиги жоктой сезилет. Бизде кызматка келдим деп сүйүнгөнү менен, бирок эч ким эмнеге эч жыйынтык  жок,  жакшы жагына өзгөртпөдүк деп  күйүнбөйт. Деги кыргыз чиновнигинде  сезим калганбы, же бир гана өзүмө болсун деген түркөй сезим аны чырмап алганбы? Ойлонуп башың ооруйт... Деги Кыргызстан мамлекет болобу же...? 

 

Кытайда мектеп окуучулардын саны 100 миллиондон, мугалимдердин  саны  6,0 миллионго жакын. Билим берүүгө  ички дүң продукциянын  көлөмүнөн  жылына 12% ашкан бюджет бөлүнөт. Ар бир адамга эсептегенде  ички дүң продукция 10 миң Америка долларынан ашканын эсептесек,  анда  12% - 1200 америка долларын түзөт. Салыштырмалуу  Кыргызстанда  ички дүң продукциянын көлөмү бир адамга  1100 америка долларын түзсө, билим берүүгө  ички дүң продукциянын 5,2% гана бюджет  чегерилгенин эсептесек, анда билим беүүгө жумшалган бюджеттин көлөмү ар бир кыргызстандыкка  50-55 америка долларын түзүп, Кытайга салыштырмалуу  25-26 эсеге аз дегенди далилдейт. Ушул эле акыбал саламаттык сактоо жана маданият тармактарын камтыган.  Кытайда көрсөтүлгөн  тармактарга жумшалган  каражаттарды чыгаша эмес -  келечекке коюлган каражат, инвестиция деп эсептөө туура.

 

Демек, Кыргызстан  билим берүүгө  бюджеттик чегерүү боюнча  Ооганстандан да  төмөн.  Айланадагы кайсыл өлкөгө салыштырбайлы абал ушундай.  Маселен, Казахстанда  2016–жылы  ар бир жашоочуга ички дүң продукция 12500 АКШ долларын түзүп, билим берүүго 5,0 % бюджеттик  каражат  чегерилгенде да (бир адамга 625 АКШ долларын түзүп), Кыргызстанда  билим берүүнүн бюджети ар бир жашоочуга эсептегенде  50-55 АКШ  долларын түзсө, салыштырма 12 эсеге төмөн болуп жатпайбы. Бул биздин келечекке, кийинки муунга кылган мамилебиз. Билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданиятка кылган мамилебиз.  Анда келечектен эмне күтөбүз?...

 

“Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы” дегендей эсебибизди таап, ак эмгекке  өтүп, бийлик башына бийликти түшүнгөн, эсеп-чотун чаккан мекенчил адистерден топтоп, саясатты сасыкка айланткандардан, сасыган өзүмчүлдүктөн башканы билбеген, замандын өйдө-ылдый болгонуна байланыштуу чоң акча же тааныш тууган-туушкандардын, куда-сөөктөрдүн колдоосу менен убактылуу кызматка келип, депутаттыкка жетип,  мансапка ээ болуп, өздөрүн бактылуу сезип, кулк-мүнөзү таңкаларлык деңгээлде терс жагына бурулуп, жанындагыларды адам ордуна көрбөй, капа кылып уруп сөккөн безерлердин бүтүндөй бир мууну өстү. Дарамети жок болсо дагы, утурумдук бийликтин ичи койнуна кирип, ар кандай жолдор, айла-амал менен депутат болгондордон, кызматка орношкондордон жана кызматты сатып алгандар көбөйдү. Бирок тагдырды сатып ала албайсың, аларга кылчактабай алардан чечкиндүү түрдө айрылууга убакыт жетти. “Эсеп билбеген – эшек” болбойлук, ойлонойлук, келечекке кайдыгер болбойлу!   

 

 “Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди түгөтөөр”  деген кыргыз элинин макалы бар. Кайдыгерлик, куру сөз менен оозанып, жыргаттык деп эле келет саясатчыларыбыз. Эч ким эч нерсеге жооп бербей, келечекти ойлогон адам жок. Кайда баратабыз деген суроо жаралат. Жооп жок. Дагы бир макалда айтылгандай “Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт”. Балдардын, небере – чеберелердин келечегин ойго албай, тойлошуп–мушташып бекер убакыт өткөрүп жүрө беребизби. “Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот, өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот”, дегендей бүгүнкү күндүн кулу болуп касташпай, келечек үчүн достошпойлукпу? Эсибизге келип, “эсеп билбес - чот билбес, жыйганынан айрылат” болуп, көп нерселерден айрылдык го. Жетер эми. 

 

Мамлекеттик   механизмдин   структуралык түзүлүшү жана натыйжалуулугу

 

- Мамлекеттик  органдар,  өздөрүнүн бийлик функциясын аткарууда, өз-ара тыгыз байланышта бири – бирине баш ийген түзүм (парламент, президент, Өкмөт, министрликтер, ведомстволор).

 

- Мамлекеттик уюмдар,  мамлекеттик  механизмдин бөлүкчөсү,  мамлекеттин коргоо чөйрөөсүн  тейлеген ишмердүүлүктү  жүргүзөт (куралдуу күчтөр, милиция ж.б.).

 

- Мамлекеттик  мекемелер,  мамлекеттик  механизмдин бөлүкчөсү, бийликтик укуктары болбогон (администрациясынан башка), мамлекеттик социалдык, маданият жана башка сфераларда иш жүзүндө ишмердүүлүктү камсыздаган (китепканалар, жогорку жана атайын  окуу жайлары, театрлар, илимий мекемелер жана башкалар).

 

- Мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик  механизмдин бөлүкчөсү, бийликтик укуктары болбогон ( администрациясынан башка), пайда табуу максатында продукция өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен чарбалык–экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөндөр.

 

Учурда  Кыргызстанда  мамлекеттик органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар 90 дон  ашат.  Мамлекеттик чиновниктердин саны 31 миңден ашат.  Алардын эмгек акы фонду эле  45 миллиард сомго жетти.  Чиновниктердин көптүгү,  мамлекеттин  экономикасынын учурдагы ахвалынын,  өкмөттүн натыйжасыздыгынын  негизги себептеринен болуп калды.

 

Өкмөтүн курамы:  Премьер-министр, Вице-премьер министир – 4, Министрликтер – 15, УКМК - 1, Мамлекеттик агенстволор-7, Мамлекеттик кызматтар-11, Фонддор жана инспекциялар - 6, Көзөмөл кеңештер – 30, Өкмөтүн атайын өкүлчүлүктөрү – 7,  андан сырткары мамлекеттин бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар - 38 бирдик. (Президенттин аппараты, ЖК, өкмөт жана башкалар...)  Бюрократиялык эбегейсиз чоң аппарат, жоопкерсизсиздик – татыксызсыздык (некомпетентность), мамлекетте башкаруу системасынын иштебегендиги, экономиканы башкаруудагы  экомомиканын мыйзамдарынын, эрежелеринин сакталбагандыгы -жыйынтыгында өлкөнү банкротко – калктын жашоо деңгээлин начарлатып кембагалчылыкка жеткирди.

 

Ошондуктан бийликтин кайсы тармагы болбосун, структуралык, сандык жагынан оптимизациялоо жүргүзүп,  аясуз кыскартууларга барыш керек. Бийликтин структуралык жактан 90 дон 30 чейин түшүрүү зарыл. Экинчиден сандык жактан мамлекеттик органдардын штаттары  – 100 гө чейин, мамлекеттик агенство, фонддор жана инспекциялар – 50 гө чейин – принциптеринде  аткарылыш керек. Көзөмөл Кеңештер, коомдук, өкүлчүлүк дегендер такыр болбош керек. Райондук, областык уюмдар республикалык бюджеттен каржыланбай, алардын каржылоосу жергиликтүү бюджетке өтүшү керек.

 

Мамлекеттик уюмдар, мекемелер, ишканалардын жергиликтүү аймакта жайгашкан бөлүмчөлөрү болуп, бюджеттен каржыланса аларды финансылоо жергиликтүү бюджеттер аркылуу жүргүзүлүлөт. Усулдук жана мониторинг жумуштары мамлекеттик органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар  аркылуу болот. Аткарыла турган иш–чаралар бир гана бюджеттин үнөмдөшүн камсыздабай негизги нерсе калкты тейлөөнүн мамлекеттик стандартын камсыздоо менен, бардык нерсе калктын катышуусунда – көзөмөлүндө жүргүзүлүп,  коррупцияга коррупционерлерге  аяосуз сокку болот.

 

Мамлекеттин бюджетин “киреше – чыгашага жараша, чыгаша – керектөөгө жараша” принципине өткөрүп, жергиликтүү бюджеттерди башкарууну бекемдеп, бийликтин толук рычагдарын жергиликтүү бийликке өткөрүү керек. Жергиликтүү бийликти, жергиликтүү калкты макроэкономиканын түптөлүшүнө, бюджет  көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууга катыштырып, кызмат көрсөтүүнүн (кайсы кызматтын түрүнө карабай) камсыздоосунун өлкө боюнча минималдык стандарттарынын негизинде чечилүүсүнө келүү зарыл.  

 

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачыктыгын камсыз кылуу маанилүү нерсе. Жарандык коом менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө зарыл. Мамлекеттик башкаруунун азыркы абалы Кыргызстандын эли тарабынан адилеттүү сынды пайда кылууда. Мамлекеттик органдарды реформалоо боюнча мурда көрүлгөн чараларды талдоо алардын иштерин укуктук мамлекеттин талаптарына ылайык келтирүү боюнча күч-аракеттердин жетишсиздигин гана эмес, ошондой эле реформанын өзүнө  адекваттуу эмес жана системасыз мамилелер экенин ырастап турат. Өзгөртүү министрликтерди жана ведомстволорду реформалоо эмес. Ушундай кылуу көп учурда эски мазмунунда жаңыча түр бергендей таасир калтырат. Функциялык жактан талдоо жүргүзүлүп, бирок тескерисинче мамлекеттик органдардын саны өзгөрдү, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүү процесстерин башкаруу боюнча алардын иштеринин сапаты сезилерлик деңгээлге жеткен жок.

 

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу моделин түзүүдө бийлик органдарынын ортосунда вертикалдуу жана горизонталдуу коммуникацияларды оптимизациялоо жана өнүктүрүүгө, борбордук жана аймактык бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу жана координацияланган иштерин камсыз кылууга өзгөчө маани берилиш керек.

 

 Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз иштерин жарандык коомдун кылдат көзөмөлүндө жүргүзүүгө тийиш. Жарандык коом менен биргелешкен аракетти күчөтүү, макулдашылган чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу, өз ара иштери тууралуу коомчулукту дайыма маалымдар кылып туруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.

 

Укуктук мамлекетти түзүү жолунда чечүү зарыл болгон маанилүү милдеттердин бири жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү менен бийликтин вертикалын оптимизациялоо болуп саналат. Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча иштиктүү иш чаралар жок, ал тургай көп нерселер боюнча артка кеттик. Бийликтин вертикалын эч нерсе чечпегенине, эч кандай жоопкерчилиги жоктугуна карабастан,саны жагынан аябай көбөйгөнгө шарт түзүп, бюджеттин негизсиз чыгашаларын көбөйттүк. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук базасын түзүү өткөн жылдарда системасыз болгондугун, ошондон улам ал тармактык мыйзамдарга улам каршы келгендигин белгилей кетүү керек. Экинчи маселе колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны иштеп чыгуу өнүгүүнүн жалпы концепциясын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанисин түшүнбөй туруп демилге кылуу болуп эсептелет.

 

Жакынкы келечекте жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо төмөнкүдөй милдеттерге топтоштурулууга тийиш:

 

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү жана башка тармактык ченемдик укуктук актыларга анын үстөмдүгүн камсыз кылууну болжолдош керек.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда финансалык системаны бюджеттин “киреше–чыгашага жараша, чыгаша керектөөгө жараша” принцибинде жүргүзүп, мамлекеттеги белгиленген стандартка ылайык, жергиликтүү калкты кызматтар менен камсыздоо талаптарын аткаруу үчүн, мамлекеттик бюджеттик салыкты өркүндөтүү жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшүн көбөйтүү жана башка салыктарды жергиликтүү бюджеттердин курамына киргизүү, бөлүштүрүү механизмин кайра карап чыгуу, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды финансылоонун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын чыңдоого багытталышы керек.

 

Шаарлардын жана айылдардын экономикасын өнүктүрүү үчүн муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дем берүүчү, ошондой эле ишкердиктин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн мамлекеттик колдоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик долбоорлорду финансылоону контролдоо маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү калктын жана мамлекеттик администрациялардын ролун жогорулатуу максатка ылайыктуу.

 

Мамлекеттик менчикти башкаруунун колдо бар системасы натыйжасыз, ага төмөнкүдөй көйгөйлөр мүнөздүү: (1) өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгү; (2) мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин түпкү натыйжаларга кызыкпагандыгы; (3) тар топтор тарабынан өз таламдарын, анын ичинде кадрларды ыксыз көтөрмөлөө; (4) тескөөчү уюмдардын (министрликтердин) кызыкчылыктарын тейлөө; (5) пайданын аз түшүшү же чыгашалуулук, профилсиз активдерге артыкбаш ээлик кылуу. Андан тышкары мамлекеттик менчикти башкарган персоналдын квалификациялык потенциалынын жетишсиздиги, ашкере бюрократизм жана коррупция таасирин тийгизүүдө.

 

Ушул убакка чейин коомдо мамлекет натыйжасыз менчик ээси жана жеке бизнес гана жогорку кайтарым менен иштейт деген пикир түзүлгөн. Ага карабастан дүйнөлүк тажрыйба ар кандай мамлекеттин бир катар экономика тармагы: темир жол, телекомуникация жана башкалар сыяктуу  мамлекеттик компаниялар тарабынан гана натыйжалуу тейлене тургандыгын көрсөттү. Стратегиялык мааниси бар, мамлекеттин бюджетин негизин түзүүчү мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик компаниялар зарыл, анткени жеке инвестор тез пайда табууну көздөйт жана аны калктын жашоо турмушун жана экономиканын тектеш тармактарын көтөрүүгө шарттарды түзүү кызыктырбайт.

 

2016-жылы республикалык бюджетке мамлекеттик менчик менен жүргүзүлгөн операциялардан жана ижарага берүүдөн кошуп эсептегенде  1,629 млрд. сомдук ар кандай киреше түшөрү кабыл алынган бюджетте көрсөтүлгөн. Көрсөткүчтүн олуттуу өсүшүнө карабастан болжолдонгон активдердин суммасына салыштырмалуу ал жетишсиз жана ачык эле төмөндөтүлүп берилген. Мамлекеттик мекеме-ишканалардын бир жылда бюджетке чегерген дивидент, пайдасы бюджетин жалпы чыгашасынын араң эле 1% тин түзгөн.

 

Маселен, Беларусь Республикасынын 2016-жылга кабыл алган бюджети чыгашасы 9,2 млрд.$., кирешеси 10 млрд.$. тан ашып, профицит 1,0млрд.$.түзгөн. Ал эми мамлекеттик мекеме – ишканалардын бюджетке чегерүүсү бюджетин кирешесинен 10,0% не  жеткен. Эгер салыштырып карасак, Беларуста 9,3 млн.калкына бюджетинин чыгашасы ар бир жашоочуга 1,0 миң $.жакын, кирешеси 1,0 миң $. ашат.

 

Кыргызстанда болсо бюджетин чыгашасы 2016-жыл үчүн 163,1млрд.сомду түзүп (2,1млрд.$) кабыл алынган, анын 30%ти бюджеттин дефицитин каржыланган мамлекеттик карыз. Бюджетин кирешеси ар бир адамга эсептегенде 260,0- $ ды араң түзөт. Башка мамлекеттер менен салыштырма, ахвал мындан да начар. Бул фактлар мамлекети башкаруу системасынын иштешинин натыйжасыздыгы же болбосо жоктугун айгинелейт.

 

Мамлекеттик менчиктин башкаруунун максаты болуп мамлекеттик активдерди жана менчикти башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналат. Бирок Кыргызстанда ачык эле мамлекеттик башкаруу натыйжасыз деген себептер менен, жогоруда көрсөтүлгөн 5 көйгөлөргө карабай натыйжалуу иштеп жаткандыгына карабай, Кыргызгаз, Альфа–Телеком сыяктуу мамлекеттик ишканалар “натыйжасыз башкаргандар” тарабынан ар түрдүү эреже бузулуулар менен арзан сатылып кетти же сатылганы жатат.  Мезгили келгенде бул маселелер кайра каралып, мамлекеттин кызыкчылыгына мыйзам чегинде  чечилиши  керек.  “Натыйжасыз  башкаргандар” жооп бериши керек.

 

Натыйжалуулукту камсыздоо бул сөзсүз аткаруулучу милдеттер: (1) мамлекеттик менчикти башкаруунун сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик менчиктен түшүүчү кирешелерди жогорулатуу; (2) бардык мамлекеттик активдерди толук масштабдуу түгөлдөө; (3) мамлекеттик компаниялардын иш-аракеттеринин  экономикалык ченемдерин киргизүү; (4) мамлекеттик ишканаларды башкаруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизүү.

 

Экономикалык өсүш темпинин туруксуздугу, социалдык саясаттын так эместиги жыйырма беш жылдын ичинде өлкө аң-сезимдүүлүк менен тандап алган, элдин басымдуу көпчүлүгү колдогон багыт калыптанбагандыгын айкын далилдеп турат. Эгемендүү мамлекет жашап турган мезгилдин ичинде биз кандай өлкөнү курушубуз керек экендиги, Кыргызстандын келечеги кандай боло тургандыгы жөнүндө жалпы Кыргызстанда бийлик эл тарабынан шайланууга тийиш. Эл бийлиги ар бир жарандын коомдук турмуштун маанилүү маселелерин чечүүгө, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоонун жана шайлануунун конституциялык укугу аркылуу эркин катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

 

Демократиялык укуктук мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылуу болуп саналат. Коом жана Кыргызстандын саясый уюмдары бийликке карай жол шайлоо аркылуу гана мүмкүн экендигине көнүшү керек. Таза шайлоо гана гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу Кыргызстанды куруу, өлкөдө акыйкат саясый системаны түзүү үчүн негиз боло алат.

 

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында бир жолу да эркин жана атаандаш шайлоо өткөрүү болбогондугу бүгүнку  саясый жана идеяларда атаандаштыксыздыктын  күчөшүнө алып келди. Учурдагы шайлоолорго административтик ресурс менен 500-1000 сомго добушун саткан шайлоочулардын шайлоосуна айланды. Натыйжада атаандаштык акча, добуш сатып алуу менен чектелип, депутаттык- эч кандай мамлекеттик көйгөй чечпеген  разборщиктердин чогулмасы, сессия компетенсиздиктин базарына айланды. Бул улам барган сайын шайлоолор ачык-айкын болбой, өткөн жылдардагы шайлоо процессинин катышуучулары колдонуп көнүп калышкан административдик ресурстар жана ыплас технологиялар  менен өткөн мезгилдин  ачык далилдери болуп берет. Аянычтуусу өлкөдө келечекте прогресивтүү күчтөргө саясатка бөгөт койуу менен, башкаруу системасында элита тандоо өтө коркунуч  абалда калгандыгы.

Саясый күрөштүн ыплас ыкмаларына бөгөт коюу максатында Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын негизинде өткөн шайлоолордун жыйынтыктарын терең талдап чыгуусу зарыл.

Коррупция мурдагыдай эле Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн чынында эле коркунуч болуп саналып келет. Анткени: 1) экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөргө кедерги болуп, макроэкономиканын, бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышын болуп көрбөгөндөй формалдуулука жеткирип, мамлекетти, экономиканы башкарууну жокко чыгарды; 2) экономиканын бейформал (“көмүскө”) секторун кеңейтип, бюджетке салыктык түшүүлөрдү азайтты, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун төмөндөттү; 3) саясый жана экономикалык өнөктөштөрдүн алдында өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизип, инвестициялык климатты начарлатты; 4) жарандардын мүлктүк теңсиздигин тереңдетти; 5) коомдун аң-сезиминде кылмыштуулуктун жана бийлик адамдарынын алдында жарандардын корголбогондугу жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандырды; 6) уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм үчүн азыктануучу чөйрөнү калыптандырды; 7) коомдун моралдык-этикалык баалуулуктарынын, элдик каада-салттар менен үрп-адаттардын деградациясына алып келди; 8) саясый элитаны түзүүгө, шайлоо процессине, бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын иштерине терс таасирин тийгизди; 9) коомдун жана мамлекеттин жакшы өнүгүшүнө тоскоол болуп, мамлекеттиктин абройуна олуттуу залака кылды.

 

Бийликке карата жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле калктын көз алдында анын кадыр-баркын жакшыртуу мамлекеттик органдардын жарандык коом институттары менен өнөктөштүк деңгээлине жараша болот. Өз ара ийгиликтүү аракеттенүүнүн тиешелүү программасын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуу экендиги бышып жетилди.

 

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз иштерин жарандык коомдун кылдат көзөмөлүндө жүргүзүүгө тийиш. Жарандык коом менен биргелешкен аракетти күчөтүү, макулдашылган чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу, өз иштери тууралуу коомчулукту дайыма маалымдар кылып туруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.

                                                         

Корутунду

 

Кыргызстан макроэкономиканын негизги көрсөткүчү  болгон Ички дүң продукцияны (ИДП) эсептегенде,  минималдык керектөө куржунунун нормаларынын негизинде бүгүнкү күнгө ар бир жашоочуга, айына 13-15 миң сомдон жогору болуш керек. Себеби дүнүйөдөгү эң кембегал Африка олкөлөлөрүндө минималдык керектөө куржунунун нормалары айына 30 - 60 Америка долларын түзөт. Африкада мезгил бир жай сезон гана болот. Ал эми Кыргызстанда төрт сезон. (ИДП) эсептөөдө Улуттук статистика комитети тарабынан,  БУУ нун статистика комиссиясы тарабынын жактырылган, БУУ улуттук эсептеринин системасынын үчүнчү  версиясына ылайык (СНС-93) 1993-жылы жарыяланган, улуттук эсептердин БУУ нун системасын курууда эл аралык стандарт болуп эсептелинген  системага ылайык  Жобо иштелип чыгып, ал мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл.

 

Азыркы  учурда бюджетти түзүү тартиби жана эрежелери “жогортон–төмөн” принциби боюнча бюджет калыптанган эски системага ылайык келет. Бул схемада жергиликтүү өкмөттүн кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук цифраларга жараша болуп, жогорку деңгээлден жергиликтүү өкмөттүн деңгээлине берилет. Ошол эле учурда бюджеттик процесстер боюнча арналган  нормативтик  база “төмөндөн-жогору” принциби боюнча жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн аныктайт. Мындай ылайык келбестик азыркы учурда борбордон каржы бөлүү боюнча программаларды ишке ашыруу механизмдери иштелип чыкпагандыгы менен түшүндүрүлуп келет.

 

Бюджети пландоо макроэкономиканын негизги көрсөткүчү болгон ички дүң продукциянын көлөмүн аныктоодон башталат. Аныктоо мамлекеттик бюджет чарбалык комплекстердин пландуу көрсөткүчтөрүнүн, ишканалардын жана мекемелердин финансылык пландарынын, үй-чарба жана башкалардын эсептөөлөрүнөн, ар түрдүү баланстын жана сметанын негизинде жүргүзүлөт.

 

Мисалы. Айыл чарбасында жер аянттарынын, малдын башынын жыл ичиндеги кыймылы анализденип, жыл ичинде алынуучу подукциянын көлөмү, ар бир транспорттук жана башка механизмдердин, ар бир үй бүлө мучөлөрүнүн кызмат көрсөтүү боюнча көлөмдөрү аныкталат. Ишкана, мекеме, компанияларда (ИДП) көрсөткүчтөрү жогорудагыдай эле тартипте жүргүзүлөт. Продукциялардын жана кызматтардын түрлөрү боюнча көлөмдөрүн аныктоододо негизделип иштеп чыккан нормативдер колдонулат. Пландоону түзүү жумуштары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы аркылуу жергиликтүү бийлик тарабынан  ишке ашырылат. ИДПнын көрсөткүчтөрүн аткаруу, бюджетти аткаруу сыяктуу эле отчеттор аркылуу жергиликтүү бийлик жана жер жерлердеги статистикалык уюмдар аркылуу  жүргүзүлөт. Ар бир көрсөткүч боюнча талдоолор уюштурулуп, алар системалуу түрдө жыйынтыкталып турат. Макроэкономиканы башкаруу жөнгө салынып, мамлекетти башкаруу  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун принциптери толук иштейт. Жергиликтүү бийлик, мамлекеттик орган, мекеме, уюм, ишканалар мониторинг, байкоо жүргүзүү функцияларын аткарат. Мындайча айтканда бийликтин горизонталы толук кандуу иштеп, анын жоопкерчилиги артат. Бийликтин вертикалы мониторинг, консультация жана байкоо жүргүзүү манен чектелет. Ошондуктан бийликтин вертикалы штат, бюджеттик чыгымдар боюнча минималдык дееңгээлге түшүрүлүп, бийликтин горизонталы белгилүү күчтөндүрүлөт.

 

ИДП-нын көрсөткүчү реалдуулукка келтирилип, эсептөө-тактоолордун эсебинен 15 миллиард АКШ долларынан ашырылат.  Мамлекеттик  бюджеттин көлөмү эң аз дегенде 4,0-4,5 миллиард АКШ долларына чыгуусун камсыздайт. Бул көрсөткүчтөрөлкөнү стабилдүүлүкө, экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзүп, биринчиден, көңүл чөгүү абалында калган коомдун кыйла бөлүгүн, анын интеллектуалдык беделин чыңдап, коомдук-саясый жана кесипкөй элитаны жаратуунун жана өстүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзөт. Кыргызстандын укуктук системасын учурдун талаптарына жана чакырыктарына төп келтирет. Экинчиден, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоого жана башка калкка кызмат көрсөтүүлөргө бюджеттик чегерүүлөр  кеминде эки эсеге жогорулап, айлык акы эле эмес, материалдык базаны чыңдоого да мүмкүнчүлүк жогорулатылат. Бул фактылар калктын кулк–мүнөзүн калыптандырып, келечекке ишеним арттырып, кийинки жылдардагы экономиканын  5–10 эсеге өсүүсүнө өбөлгө жаратат. Мамлекеттин системалуу түрдө өнүгүүсүнө шарт түзөт.

 

Капиталдык салымдар боюнча мамлекеттик долбоорлор жергиликтүү өзү-өзү башкаруунун финансалык экономикалык негизин түзүп, жергиликтүү бийлик аркылуу   жашаган калктын катышуусунда уюштурулат. Долбоорлордун пайдалуулугу, өзүн–өзү актоосу, зарылдыгы керек болгон учурда атайын эксперттердин катышуусунда аныкталып турушу зарыл. Пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү калктан инвесторлорду тарттуу үчүн шарт түзүүнү биринчилерден жолго койуу зарыл.

 

Маселен, япондор экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1946-жылы мамлекеттин четтен насыя алуусуна чектөө койгон, пайдалуу долбоорлор бүтүндөй калкка берилген. 1980-жылдары япондор дүнүйө жүзүндөгү дээрлик бардык мамлекеттерге инвестиция койгонго жеткенде, өздөрүнүн долбоорлоруна 10%ке чейин чет-өлкөлүктөргө катышууга  өтө татаал шарттарда уруксат берген. Жыйынтыгында мамлекеттик ички карыз эң жогору болуп, бирок сырткы карызы такыр жок дүйнөдөгү бирден-бир өлкө болуп калган. Пайдалуу мамлекеттик инвестиция долбоорлору калк тарабынан каржыланып, түшкөн пайда Япониянын өз жарандарында калып, акча айланып, калк үчүн“чоң акча” табууга  схема түзүлгөн. Дүйнөлүк белгилүү компаниялар “Тойото” ж.б. так  ушул  саясаттын  жыйынтыгы.

 

Мамлекеттик карыздын эсебинен каржыланган долбоорлор боюнча карызды кайтаруу, проценттерин тейлөө, каржы салынган долбоорлорго жүктөлүүсү зарыл.

 

Улуттук  Банктын саясатын  максатын, көрсөтүлгөн милдеттерин камсыздоо үчүн: 1) Өлкөдө экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоону, 2) ресурстарды пайдалануу - ишсиздиктин деңгээлин кармоону, 3) Баанын туруктуулугун кармоону (инфиляция), 4) Төлөө балансасынын тең салмактуулугун кармоону аткарышы керек. Монетардык саясат экономикалык конъюнктурага таасир этип, ошол эле мезгилде учурдун суроо–талаптарына жооп берет. Мындай саясат финансылык секторду реформалоо жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча күч-аракеттер менен катар келечекте экономиканы монетизациялоону көбөйтүүгө жол берет жана пайыздык ставкаларды азайтат. Натыйжада реалдуу сектор үчүн узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды жеткирет.

 

Өлкөнүн финансылык рынокторун тереңдетүү жана кеңейтүү, банк системасын оңдоо жана чыңдоо, акча-кредит саясатынын каражаттарын өркүндөтүү, экономиканы кредиттөөну көбөйтүүнүн эсебинен экономиканы монетизациялоону жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт. РФ дан 10% тен кредит алып  фонд түзбөй, эл аралык финансы институттар, донорлор менен иштиктүү иш алып барып, натыйжада мамлекеттеги долбоорлорду каржылоону уюштуруп 1,0-2,0 % түү узак жылга насыяларды камсыздап өзүбүздүн жарандарды инвесторлорго айландыруу максатына жетүү зарыл.

 

Эсептөө Палатасы,  Башкы Прокуратура, Финансы Полициясы жана башка  финансы системасын тескеген мамлекеттик органдардын аткарган  жумуштарынын  жыйынтыгын, мамлекеттин бюджет закондоруна киргизилген өзгөртүүлөрдө өткөн кайра бөлүштүрүлгөн жана кошумча киреше болгон суммалардан түзгөн жыйынтыкты эсептөө зарыл. Азыркы  учурдагы бул органдар тарабынан түзүлгөн отчеттор боюнча жылда кайтарылган бюджеттик суммалар, кошумча бюджетке кирешелер 15,0 - 20,0 миллиард сомго жетет. Ошол эле учурда мамлекеттин бюджетинин закондоруна киргизилген өзгөртүүлөрдө  кайрадан бюджетке киргизилген кошумча киреше, кайткан суммалар кайрадан бөлүштүрүүлөр жок. Мамлекетте ар бир мамлекеттик кызматкерден кайтарым – натыйжа болгонго жетиш керек болсо, өлкөдө чоң мамлекеттик органдардан эч кандай экономикалык пайдалуу натыйжа жок.

 

Дүнүйө ааламдаштыруу мезгилинде жашап жаткан учурда, көп сүйлөп сөздүн маанисин кетирбей, ойлонуп ишке аша турган долбоорлор менен иштеп, мамлекетүүлүктү орнотуп ойгонбосок, бир аз убакыт өткөрсөк өтө кеч болуп калат. Айрыкча  инфляция ураандарга жана идеаларга, биринчи кезекте, саясат сферасындагы ишендирүүлөргө чындыкка дал келбеген, ашыкча мүнөздөмө берүүлөрдү токтотуш керек.

 

 Жаныбыздагы Кытайдан үлгү алсак болчудай. Кытай 35-жылда учурдагы ийгилигин жаратты. Реформалар башталганда Кытайда ички дүң продукция ар бир жашоочуга 200 Америка долларына жетпесе,учурда 9 миң Америка долларына жетти. Өсүш 45 эсеге болду. Бул жетишкендикти  1 миллиард 350 миллиондон ашкан калкы бар Кытай мамлекетти  “ өкмөттүн натыйжалуулугунун” жыйынтыгы катары түшүндүрөт.  Дүнүйөдө  20 –кылымдын аягы, 21 –кылымдын башталышында “эң натыйжалуу өкмөт” Кытай өкмөтү болуп таанылган. Америка, Европа 100- жылда жасап ийгиликке жеткен болсо Улуу Кытай 35- жылда реформалардын жыйынтыгын камсыздашты.

 

Экинчи маселе колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны иштеп чыгуу өнүгүүнүн жалпы концепциясын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанисин түшүнбөй туруп демилге жасагандардан кутулуп, фискальдык жана монетардык саясаттын  жалпы эле экономиканын жөнөкөй ыкмаларына таянып, эрежелерди так аткарып жалпы экономиканы кымтыган өзгөрүштөрдү камсыздоо болуп саналат. Бюджети пландоону негизги көрсөткүч болгон ички дүң продукциянын көлөмүн аныктоодон баштап, аны мамлекеттик бюджет чарбалык комплекстердин пландуу көрсөткүчтөрүнөн, ишканалардын жана мекемелердин финансылык пландарынан, үй-чарба жана башкалардын эсептөөлөрүнөн, ар түрдүү баланстын жана сметанын негизинде түзүүгө жетип, бюджеттик процесстер боюнча арналган  нормативтик  база белгилеген “төмөндөн-жогору” принциби боюнча жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүн камсыздоодо турат. Учурдагы бийликтин вертикалынын горизанталга(билим берүү,саламатык сактоо,жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу)катышы учтөн бир болсо, вертикалды оптимизациялоодон кийин катыш тескерисинче болуп горизонталдын вертикал үчтөн бирин түзөт. Тактап айтканда учурда бюджетте каралган эмгек акы фонду  45 млрд.сомду тузсө, анын ичинен горизонтал 15 млрд.сом. Реформадан кийин  эмгек акы фонду 30 млрд.сомду түзүп, окутуучу-врачтар, жергиликтүү  өзүн-өзү башкаруунун кызматкерлеринин бюджети вертикалды оптимизациянын жыйынтыгы менен эле эки эсеге жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай реформаны жүзөгө ашыруу жергиликтүү жамаатарда өзүнүн өнүгүү стратегиясын, ишке ашыруу механизмдерин өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк ачыла тургандыгына алып келет. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча мотивациялар пайда болот. Бюджеттин чыгаша бөлүгү проблемалардын артыкчылык алуусуна жараша аткарылат, ал калктын тикеден – тике катышуусу менен аныкталат. Кабыл алынган чечимдер үчүн жамаат алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жогорулайт. Эң негизгиси учурдагы ченемсиз өскөн чыгашаларды алып келген, чечимдер үчүн эч кандай жоопкерчилиги жок, экономиканы учурдагы ахвалга алып келген себептердин  бири  вертикал  бийлигине чектөө койуп, коррупцияга өтө чоң бөгөт койот, көмүскө экономиканы жокко чыгарат.

 

Адамдарга бейпилдик-тынч жашоо, өлкөдө идеялардын атандаштыгына жол ачылсын!

 

Пусть сражаются идеи, а люди живут в мире!                                                                        

Все жалуются на отсутствие денег, а на отсутствие ума -никто!

 

Абдималик  Кудайбердиев,

көз карандысыз экономист

Байланыш тел.:  0700 70 40 72.