Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3481

Кандай гана мамлекет болбосун, мейли ал чоң же кичине, федеративдик же унитардык, авторитардык же демократиялык, өнүккөн же өнүгүп келе жаткан өлкө болсун, анын тарыхы нечендеген саясий, экономикалык, социалдык, маданий, илимий-техникалык  реформалардын доорлорун өзүнө камтыйт.

 

Өлкөнүн саясий системасы (режими)  алмашылган, жаңыланган сайын, мамлекеттик бийликти колго алган саясий күч (күчтөр) эскини сындырууга же жаңылоого, а мүмкүн аны таптакыр жок кылып, анын ордуна мурдагыдан башкача заман, турмуш кургусу же өзгөртпөй сактап калгысы келет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок бул мыйзам ченемдүү көрүнүштүн жакшы-жаманы, оң-тескериси анын жыйынтыгы менен бааланат. Абсолюттук жаманы – бул жаныланууну, алмаштырууну, өнүгүүнү, өз заманын, доорун курууну көздөбөгөндүк же сенектик болуп эсептелет.

 

Менин жеке пикиримче, 2011-2015-жылдары де-юре Кыргызстандын мамлекеттик бийлик ээси болушкан, 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш – өлкөдөгү сенектик мезгилдин, доордун автору, өлкөдө кайрадан авторитаризмдин келишине шарт түзүшкөн саясий күч катары тарыхтан орун алат.

 

Ал Жогорку Кеңеш эгемен кыргыз тарыхындагы мамлекеттик саясий система сейрек кездешчү революциялык жол менен алмаштырылып (2010-ж.7-апрель), Кыргызстандын тагдыры ички жана айрым тышкы күчтөрдүн келишпеген күрөшүнүн таасири менен кылдын учунда турганына карабай  (2010-ж. Апрель, май айларындагы Бакиевдик күчтөрдүн реваншисттик аракеттери, июнь айындагы  каргашалуу сепаратисттик окуя  Убактылуу Өкмөткө, анын Конституциялык реформаларына  каршы туруу ж.б.), кыйын мезгилде жаңы Конституция менен укуктук жолго түшүрүлгөнүн (2010-ж. 27-июнь) эстерине албады.

 

Революциянын мыйзамдары менен (декреттер) өлкөдө убактылуу кыска мөөнөткө бийлик жүргүзгөн (2010-жылдын 8.04-28.12 чейин) Убактылуу Өкмөт өлкөдө орун алып келген үй-бүлөлүк-криминалдык (авторитардык) режимди кыска мөөнөттө талкалап, анын ордуна  жалпы эл тарабынан кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык өлкөгө парламенттик башкарууну киргизип, аны ачык шайлоодо жеңип келишкен беш партияга   (“Ата-Журт”, КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс”, “Ата-Мекен”)  мамлекеттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди.

 

Ушул жерде тактап, баса белгилеп кетчү нерсе – революциядан кийин шайланган Жогорку Кеңеш түзгөн өкмөттөрдүн (Атамбаевдин, Бабановдун, Сатыбалдиевдин, Оторбаевдин, Сариевдин) түзүлүшүнө, ишине Убактылуу Өкмөттүн эч кандай тиешеси жоктугу.

Эл арасында, ал түгүл интеллигенттердин арасында да бул өкмөттөрдүн  айрым жаман иштери үчүн,  кийинки өкмөттөрдө Атамбаевдин, Сариевдин жүргөндүгү, Атамбаевдин президент болуп шайлангандыгы, Текебаевдин, Исаковдун депутат болуп олтурганы же  алардын айрым жеке аракеттери үчүн да Убактылуу Өкмөттү күнөөлөгөндөр жок эмес.

 

Атамбаевди президент кылып жалпы эл шайлады. “Ата-Журт”, “Республика” партияларындай эле, КСДП, “Ата-Мекен” партиялары 2010-жылдын октябрь айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого катышып, утуп келишкен. Алар Убактылуу Өкмөттүн түзгөн партиясы болгон эмес. (Өкүнүчтүүсү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бир партияга бириге алышпаганы).

 

Кулов жана Бабанов, Келдибеков, Ташиевге окшогон жаш, курч саясатчыларга, Убактылуу Өкмөттүн жогоруда айтылгандай тарыхый миссиясын аяктап, сөзүнө туруп, шайлоодо утуп келген партияларга: “Мамлекеттик бийликти түзгүлө, бийликти өткөрүп алгыла да өлкөнү башкаргыла”- дегени аларга асмандан түшө калган ырыскыдай эле болду.  Албетте, Айдардын, Максимдин офистери жүргүзгөн саясатка көнүп алышкан азаматтар  бул “ырыскыны” көтөрө алышпады...

 

Убактылуу Өкмөт  жарык дүйнөгө алып келген парламенттик башкарууну андан ары өнүктүрүп, бутуна тургузуунун ордуна  беш жыл бою бири-биринен кызганып, биринен экинчиси “мыктымын, акылдуумун” деп  жүрүп аягында өздөрү көнүп калышкан авторитаризмди кайра жаратышты. Бардык бийликти мыйзамсыз, Конституцияга каршы келсе да  президент Атамбаевге өткөрүп беришип, өздөрү президент Атамбаев эле эмес, анын “шопурларынын” офистеринин эшигин сагалап калышты.  Парламенттик оппозиция институтун иштете алган  жок. 

 

Ошентип, 2011-2015-жылдар прогресстин эмес, регресстин доору болду. Парламенттик башкаруу ушул болсо “тойдум байдын кызына дегендей” болду.  Саясатта дөө-шаа делген Кулов, Бабанов, Ташиев, Текебаев, Мадумаров дегендер президент Атамбаевди айланчыктап калышканын көрүшкөн, алардан жашыраак, бирок чөнтөктүү “мыкты чыкмаларыбыз” президенттин партиясынан, ага жетпесе “шопурунун” партияларынан же алар айткан партиялардан орун издешти. Айрымдарынын мээнети текке кетпеди. 2015-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке болгон шайлоо, өлкөдө авторитаризм биротоло орногонун, өлкөдө президент Атамбаев кожоюн экенин – де-факто далилдеди.

 

Азыркы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы менен мурдагы “Республика”, “Ата-Журт” партияларынын айрым мүчөлөрүнөн түзүлгөн “Бир Бол” фракциясы парламенттик  оппозиция боло алышпайт. Бүгүн Кыргызстан парламенттен сырткары күчтүү “көчө”  оппозициясына  муктаж.

 

7-апрелдеги революциянын максаттары, Убактылуу Өкмөттүн мээнеттери текке кетти.  Андай болсо 7-апрелде, андан кийин май, июнь айларында  шейит болгондор авторитаризмге каршы  идея менен күрөшкөн революционер-баатырлар эмес,  Бакиев айтып, жазып жаткандай “мас”, “наркоман”, “хулиган” “криминал”  болуп тарыхта калабы?

 

2010-жылдын октябрь айындагы  шайлоодо Атамбаевге баш ийбей, көз карандысыз бийликке келген депутаттар беш жыл ичинде апрель революциясынын жеңишинен реванш алып, кайрадан өлкөдө авторитаризм орнотсо, 2015-жылдын октябрь айындагы  шайлоо алдында толук Атамбаевдин “ак батасы” менен шайлоого катышып,  бийликке келген азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары  (көпчүлүгү мурдагы эле депутаттар) кандай реформа жасай алат эле? – деген суроого жооп издөө  учурдун актуалдуу маселелеринин бири.

 

Негизинен реформа жөнүндө сөз болгондо биз конституциялык реформаны жана конституциянын негизинде жүргүзүлө турган башка тармактык өзгөрүүлөрдү түшүнөбүз.

 

Конституциялык реформалар эгемен Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында  ким тарабынан, эмне себептен, канча жолу болгондугу коомчулукта кеңири белгилүү. Ал эми ар бир конституциялык реформадан кийин, жаңы же өзгөрүлгөн Конституцияга ылайык жүргүзүлө турган тармактык реформалар  аягына чыгарылбай же жүргүзүлбөгөнү үчүн элибиз эки жолу элдик революцияга барышканы да анык.

 

Бүгүн конституциялык реформалар жөнүндө сөз кылардан мурда анын демилгечилери кимдер, аны ким, кандай жол менен жүргүзөт, ал мыйзамдуу болобу (?), деп, оболу ушул суроолорго жооп табуу туура болот.

 

Азыркы күчүндө турган Конституциянын 9-бөлүмүндө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн өзгөчө тартиби бекитилген. Ага ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине Жогорку Кеңештин депутаттары (60 ж/а 80ден кем эмес) жана 300 миңден кем эмес шайлоочу ээ. (КР Конституциясы 114-б. 2 ж/а 3п-п)  Ал эми Конституциянын 3-,4-,5-,6-,7-,8-бөлүмдөрүндөгү  (мамлекеттик бийликтер каралган жоболор) өзгөртүү, толуктоо киргизүү демилгеси каралган жоболор (114-берене 2-п) 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана күчүнө кирет, али күчүнө кире элек, бул деген сөз Конституциянын аталган жоболору 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүлүүгө болбойт дегенди түшүндүрөт (КР Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөгү КР мыйзамы, 4-берене).

 

КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү  киргизүүнүн дагы бир өзгөчө тартиби - Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес (81 депутат) колдогон мыйзам менен  элдик референдумда  гана кабыл алынышы (КР Конституциясы 114-б. 1- жана 3-п.п.).  КР Президентинин, Өкмөтүнүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча эч кандай демилге көтөргөнгө да укугу жок.

 

Жыйынтыктап, тактап айтканда азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын 120сы тен же 301 миң шайлоочу “Президент тапшырды” деп Кыргыз Республикасынын  азыркы  Конституциясына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам токуп, референдумга алып чыккан күндө да анын мыйзамдуулугу боюнча Акаевдин мезгилиндеги конституциялык реформалар сыяктуу эле күмөн саноо,  кайчы пикирлер жарала берет. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөндөй  мамлекеттик бийликтерге байланыштуу бөлүмдөргө өзгөртүү киргизүү укугу 2020-жылдын 1-сентябрынан гана күчүнө кирет. Башкача айтканда, 301 миң  шайлоочунун же 61 депутаттын 2020-жылдын 1-сентябрына чейин андай укугу жок. Бул жобонун өзүн референдумга алып чыгып,  жокко чыгаруу демилгеси элдин кыжырын келтирип, “референдумчуларга” ишенбөөчүлүк жаратат.

 

Анткени ал -  биринчиден, мыйзамсыз жол. Экинчиден, кеткен Жогорку Кеңеш 2010-жылдын 27-июнунда  кабыл алынган Конституциянын 2-беренесине ылайык референдумдарды аткаруунун тартиби жөнүндөгү Конституциялык мыйзам кабыл алган эмес. Андай мыйзам жок (жаңылсам кечирим сурайм).  Үчүнчүдөн, реформалар жаңы Конституцияга ылайык, 2010-2015-жылдар аралыгында  ырааттуу, үзгүлтүксүз, этаптуу улантылышы керек эле.  Эми болсо КР Президенти Атамбаевдин бийлик мөөнөтү аяктап баратканда, чоочуп ойгонгондой “Конституцияга өзгөртүү киргизели”, “Атамбаевдин демилгесин колдойлу” - деген демилгелер “Акаевдин конституциялык мөөнөтү аяктап баратканда  өзгөртүлгөн конституциялардай эле  болот турбайбы – демек бир адамдын  - президенттин кызыкчылыгы  үчүн Конституция өзгөртүлгөнү турат” - деген тыянак чыгарылат.

 

Ошондуктан азыркы Жогорку Кеңеш күчүндө турган Конституцияга  өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ойлобой, кеткен Жогорку Кеңеш тарабынан бурмаланган Конституциянын жоболорун калыбына келтирүүнү, Конституцияга шайкеш келген тармактык комплекстүү реформаларды  жүргүзүүнү  колго алуу керек.

 

Кеткен Жогорку Кеңеш тарабынан КР Өкмөтү, КР судьяларынын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамдар, башка кадрдык, чарбалык, ички жана тышкы саясаттарды аныктоочу ондогон мыйзамдар менен азыркы Конституциянын жоболору бурмаланып, Өкмөт, соттор президентке, бийликтин партиясына көз каранды болуучу жоболор бекитилген. Азыркы Жогорку соттун  өткөөл мезгилдин президенти тарабынан кызматтарынан четтетилген 10го жакын судъялары жеке арыздарынын негизинде  эле Жогорку Кеңеш тарабынан  кызматтарына  мыйзамсыз кайра дайындалган. Бул факты Конституцияны эле бузуу эмес,  кылмыш фактысы, анткени, Жогорку Кеңеш  соттун функциясын аткарган. Конституциялык палатанын судьялары болсо ар кандай мөөнөттөргө дайындалган, судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү калыс тандалбайт, партиялаштары тандалат.

 

“Кумтөр”, Камбар-Ата ГЭС-1, Кыргызгаз ж.б. объектилер боюнча ратификация мыйзамдары Конституцияга каршы кабыл алынып (мамлекеттин, улуттук кызыкчылыгын көздөбөгөн), мурдагы  Жогорку Кеңештер чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп келишти. Мыйзамдар кош стандарттуу колдонулуп, аны айрым депутаттар өз терисинен өткөрүштү. Өздөрү шайлаган, түзгөн КР Өкмөтүнө, мыйзамдуулуктун сакталышына  контролдук кылуучу  конституциялык укугунан четтешти. КР Президентинин КР Конституциясын бузуп, өз Жарлыгы менен өзүнө жаратып алган укуктары, өз Жарлыгы менен жараткан күч, тергөө органдарды  мыйзамдаштыруу, мына ушуга окшогондорго ревизия жасап,  Конституцияны калыбына келтирип, анан Конституцияга ылайык шайкеш келген реформаларды  баштоо учурдун талабы.

 

Сот, укук коргоо органдары, билим берүү, чек ара маселелери, элдин, өлкөнүн коопсуздугу, ички-тышкы саясаттын так ачык эместиги,  кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдөгү көз боемочулук, жасалмалуулукту жокко чыгаруу, 2006-жылдан бери Конституцияга, мыйзамга киргизилген, сот реформасынын өзөгүн түзгөн, бирок иштебей турган  сот арачылары (присяжные заседатели)  институтун иштетүү, сөз эркиндигин толук кандуу камсыз кылуу, ж.б. ондогон тармактык реформалардын көпчүлүгү али баштала элек.

 

Жүздөгөн эр азаматтардын каны менен келген  жеңиштин шарапаты менен кабыл алынган Конституция күчүндө турат. Ушул Конституцияга дал келген, ондогон а мүмкүн жүздөгөн мыйзамдар аркылуу тармактык реформаларды  жасоо, Конституциянын, мыйзамдардын  бирдей так аткарылышын контролдоо, Өкмөттүн ар бир ишин контролдоп, отчетун угуу, көп жылдан  бери чечилбей, коррупциялык “тордон” чыгалбай турган  “Кумтөр” сыяктуу ж.б. кен-байлактар боюнча түзүлгөн келишимдерге ревизия жасап, Конституциянын 12-беренесине ылайык өзгөчө мыйзам менен тартипке келтирүү ж.б. ушул сыяктуу элдин көңүлүндөгү маселелерди мамлекеттик деңгээлде элдин кызыкчылыгы үчүн чечүү да  авторитаризмден арылуу, парламенттик өлкөнү бекемдөө,  куруу багытындагы реформаларга кирет.

 

25 жылдан бери Конституциялык реформаларга жамынуу менен Кыргызстандын айрым саясий күчтөрү  бир адам -  президенттер каалаган реформаларды жүргүзүп келди. 1993-жылкы Конституцияга ондогон өзгөртүүлөрдү киргизип, жыйынтыгы үй-бүлөлүк башкарууга жетип, андан кутулуу үчүн эки элдик революция болду, жүздөгөн эр азаматтар окко учту. Эки революциянын маңызын, баасын түшүнбөгөн, көпчүлүгү бир адамдын – Президенттин кабак-кашы менен нечендеген конституциялык реформаларга катышкан  “лже-реформаторлор” кайрадан бир адамдын  - Президенттин “көз ымдамы” менен “Конституциялык реформа” деген теманы көтөрүүдө. Көпчүлүгү кеткен Жогорку Кеңеште олтурду,  эмне үчүн 5 жыл ичинде  парламентаризмди өнүктүргөн жок. Тескерисинче бийликтин коалициясында олтуруп авторитаризм орногонго чон салым кошушту.

 

Конституциялык реформа – бул Конституцияны гана өзгөртүү эмес. Ал Конституцияга жан киргизүү, аны иштетүү максатындагы, Конституцияга дал келген комплекстүү иш-чаралар болот.

 

Убактылуу Өкмөт 20 жыл ичиндеги конституциялык реформалардан сабак алып, 2020-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилди авторитаризмден парламентаризмге өтүүнүн же башкаруунун башка түрүнө өтүүнүн өткөөл мезгили деп эсептеп,  ушул мезгилге чейин Конституция менен “ойнобойлу” деп аны  элге алып чыккан. Элдин көпчүлүгү колдогон. Быйыл ошол өткөөл мезгилдин жарымы гана бүттү.

 

2010-жылга чейин эки качкын президенттин доорунда ондогон Конституциялык реформалар жүргүзүлүп, юридикалык жактан өлкөнү башкаруунун парламенттик – президенттик же президенттик- парламенттик түрүн нечен жолу башыбыздан өткөрдүк. Жыйынтыгында  укуктук жактан эч нерсеге жооп бербеген, иш жүзүндө Кокон хандарындай болгон  өздөрүнүн  “ханзаада”, “ханайымдары” менен мамлекетти башкарган президенттерди көрдүк. Демек, Кыргызстанга башкаруунун аралаш формасы  туура келбейт.

 

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциянын талаптарына ылайык, өлкөдө  башкаруунун парламенттик түрү киргизилди. Беш жыл убакыт өттү. Кайрадан өлкөдө мыйзамсыз авторитаризм орноду. Бүгүн Кыргызстанда башкаруунун парламенттик формасын жактагандардын шагы сынып турган кези.

 

Жыйынтыгында башкаруунун кандай гана түрүн Конституция менен бекемдебейли, Президенттин укугун канчалык деңгээлде чектебейли, баары бир иш жүзүндө бир адам – президент өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келе жатканы ачуу чындык.

 

Азыр коомчулукта  “баары бир өлкөнү президенттер башкарат экен, конституциялык деңгээлде өлкөнү башкаруунун бардык укуктарын жоопкерчилиги менен кошо бекемдеп президентке берели да, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын чектейли, премьер-министр иниститутун жоелу, президент өлкө жана өкмөт башчысы катары бүт жоопкерчиликти алсын”- деген пикирлер күндөн-күнгө көбөйүүдө.

 

Эмне үчүн Кыргызстанда АКШ өлкөсүндөй супер-президенттик башкарууну Конституция аркылуу киргизсек болбойт, же иш жүзүндөгү президенттик бийликти мыйзамдаштыруу багытында конституциялык реформа жүргүзүлгөн жок? Мунун себеби эмнеде? Ага жооп жөнөкөй,  иш жүзүндө реалдуу бийликтин ээси болуп келишкен президенттер коомчулуктун көзүн кагаз жүзүндө боемолоо, мамлекеттик бийликтер эл аралык стандарттарга ылайык бөлүштүрүлүү прнциптеринин негизинде экендигин көрсөтүү, эң башкысы укуктук жактан эч нерсеге жооп бербөө үчүн,  таза  президенттик башкарууга барышкан эмес.

 

Азыркы президент Атамбаев дагы жаңы шайланган депутаттарга “Президенттин ыйгарым укуктарын чектегиле” - дегендей көнүмүш эски сөздү айтты.  Азыркы мындай сөздү Акаев менен Бакиев да убагында айтышкан. А чындыгында, Конституция боюнча президенттен  “кесе” турган бийлик деле аз.

 

Президент Атамбаевдин сөзүнөн кийин  “Парламентаризмди өнүктүрөлү” деген шылтоо менен Конституцияны өзгөртөлү деген (2004-жылы О.Ибраимов башында туруп кол топтогондой) демилгечилер чыкты. Эл арасында  “мунун артында Атамбаев өзү турат, анткени ал 2017-жылы өзүнүн “мураскорун” ушул парламент аркылуу шайлатып, өзү болсо премьер-министрдин ыйгарым укуктарын дагы кеңейтип, Өкмөт башчысы болот экен”- деген сөз  тарады.

 

Ооба, ар кандай бийликтен кетип жаткан адам өз мураскорун калтырып кеткиси келет, бул жаман көрүнүш эмес, анын жолу көп. Мисалы, Ельцин Путинди, Бакиев уулу Максимди  “мураскор” катары көргөн. Атамбаев  “мураскору” боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизбей эле ийгиликке жетишсе болот. Ал Россиянын президенти В.Путиндин жолу. 2008-жылы Путин Россиянын Конституциясы боюнча 3-мөөнөткө баралбастыгын билип,  “мураскору” катары Д.Медведевди президенттикке көрсөтүп, өзү Өкмөт башчы болду, кайра 2012-жылы президент болуп шайланды. Россиянын Конституциясын жеке кызыкчылыгы үчүн өзгөртөлү деген жок. Атамбаев деле 2017-жылы Сариевди, Карашевди, А.Жээнбековду, Илмияновду, Кулматовду, Сегизбаевди же каалаган адамын президенттикке көрсөтүп, өзү өкмөт башчы болуш үчүн азыркы Конституцияны өзгөртүүнүн кереги деле жок.

 

Маселе башкада болсо керек, ал Атамбаевдин Путин эместиги,  2017-жылкы шайлоодо анын “мураскору”  элдин ишенимине арзып утуп келерине көзү жетпегендигинде болсо керек. Мына ошол үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизип, президентти  “кол бала парламент” аркылуу шайлатууну көздөгөнү билинип турат. Мен президент Атамбаевге бул жолго барбоону суранат элем. Бул жол Акаев, Бакиевдердин жолу. Бул 3- Элдик  революцияга алып келүүчү жол.

 

Ооба, азыркы күчүндө турган Конституцияда мүчүлүштөр абдан көп, өзгөртүүнү, тактоону талап кылат. Талаш жок. Бирок ал жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлбөш керек.

 

1993-жылкы “эн мыкты” Конституция жеке кызыкчылыктар үчүн кайра-кайра өзгөртүлө берип эки революция болгондугуна байланыштуу, 2010-жылы Убактылуу Өкмөт андан сабак алып, азыркы Конституцияны парламент же президент өз кызыкчылыктары үчүн өзгөртүп албасын деп,  2020-жылдын 1-сентябрына чейин Конституциянын мамлекеттик бийликтерге тиешелүү бөлүмдөрүн өзгөртүүгө тыюу салып, аны элге  чыгарган. Кыргызстандын эли аны 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда колдоп берген.

 

Убактылуу Өкмөт 2020-жылга чейинки мезгилди авторитаризмден демократияга өтүүнүн, бул  мезгил ичинде Кыргызстанга парламенттик же президенттик башкаруу туура келеби, революциясыз стабилдүү өнүгүү үчүн кандай реформа жүргүзүү керектигин аныктоочу өткөөл мезгил болсун деп эсептеген. Менин жеке пикиримде  Убактылуу Өкмөттүн жалпы эл колдоп берген бул сунушу өзүн-өзү актоодо.

 

Мисалы, “азыркы Конституция  боюнча президентте бийлик көп” деп нааразы болушкан 64-беренесинин 4-п. ылайык Президенттин Башкы прокурорду дайындашы, Өкмөт мүчөлөрү  -  коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, алардын орун басарларын дайындашы жана алардын кызматтарынан бошотулушу – революциядан кийинки өткөөл мезгилде, өлкөдө стабилдүүлүк орнотуу, коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери бир адамдын, президенттин колунда болгону, өлкөдө стабилдүүлүктүн, тартиптин орношуна, айрым бийликте олтуруп, асманга учуп алышкан саясатчы сөөрөйлөрдү ордуна коюуда,  “тынч жашоого” мажбурлоодо чон  роль ойноду” -  деп баса белгилейм. Эгерде бул кызмат адамдарын да партиялар аныктаганда  (парламент шайлаганда) ким билет, эмне болот эле?

 

Азыр да бийликке ар кандай партиялар, алар менен ар кандай  мамлекет, мыйзам  жөнүндө түшүнүгү жок депутаттар келишти. Өткөөл мезгил ичинде  саясий партиялар да, саясатчылар да өсүп жетилет, эленет. Ошондуктан 2012-жылы “Унчукпай коюуга укугум жок -1” деген КР Президенти Атамбаевге жазган ачык катымда жана ошол жылы экөөбүз акыркы жолу жолукканыбызда мен ага, ошол кездеги Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жолун издөөнү сунуш кылгам, себеби ал Жогорку Кеңештен элге, өлкөгө эч кандай пайда болбостугун негиздеп айтып (анткени, 2010-жылы парламентке болгон шайлоо революциядан жана июнь окуясынан кийинки “реваншисттик” эмоция менен өткөн), айрым парламенттик өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды мисал келтирип, биз күчтүү бир идеяга биригишкен партияларга жетишели десек партияларды элдин элегинен өткөрүү үчүн өткөөл  мезгилде  тез-тез парламенттик шайлоо керектигин айттым эле. Тилекке каршы президент мени укпады.

 

Улуттун биримдигин, өлкөнүн бүтүндүгүн эл ичиндеги бейпилдиктин болушун кааласак, 2017-жылы ким президент болуп келерин же бир адамдын – президенттин камын ойлобой,  Конституция, мыйзамдардын бузулбай, так сакталышынын камын көргөнүбүз он.

 

25 жыл ичинде биз бир адамдын  - президенттердин бийлиги үчүн референдум, реформа жүргүзүп, бир адамдын – президенттин бийлиги менен жашап келдик. Жыйынтыгы коррупция бекем орногон  өлкө,  коом курдук, ага каршы эки революция болуп бейкүнөө азаматтарыбыз окко учту, сабак албадык, баягы эле авторитаризм, мыйзамсыздык, жумушсуздук, келечек бозомук, туңгуюк, кайрадан Президенттин “жаңсоосу” менен конституциялык реформа. Бул өткөн 25 жыл эгемен тарыхыбыз, бизге жетишерлик сабак болду го дейм.  Биз эми бир органдын (Жогорку Кеңеш) же бир адамдын (Президент) күчтүү бийлигин эңсебей, баарына бирдей,  күндүн нуру сыяктуу  бүт адамга бирдей тийген, адилет  мыйзамдын күчтүү  бийлиги өкүм сүргөн  мамлекет, коомго жетүүнүн жолун ойлонолу, издейли.

 

Президент, депутаттар – бардык адамдар менен  бирдей мамиледе болбойт, элге тегиз жеткиликтүү эмес, Конституция, мыйзамдар гана  бардык элге жеткиликтүү, бирдей жазылат,  мыйзам алдында баары тең болот,  мына ошого жетишибиз керек. Тактап айтканда, мыйзам үстөмдүк кылган, мыйзамдын күчтүү бийлиги орногон, укуктук мамлекет курушубуз  керек.

 

АКШда президенттер, депутаттар келет, кетет, Конституцияны өзгөртөм дебейт, анткени, АКШда мезгил-мезгили менен шайланып, келип-кетип турган президенттин бийлиги эмес, мыйзамдардын бийлиги өкүм сүрөт. Алар ошого үйрөнүшкөн.

Ар бир президент, ар бир Жогорку Кеңеш шайланган сайын, же мөөнөтү бүтүп баратканда  “Конституцияны өзгөртөбүз”-деген саясий оорудан арылууга мезгил жетти.

 

“Жок, өлкөгө, элге сөзсүз түрдө Конституциялык реформа керек” деген замандаштарыма, а мүмкүн президентке, саясатчыларга   -  реформа жүргүзүүнүн жаңы мыйзамдуу жолун сунуш кылам, ал мындай:

 

25 жылдан бери Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары өнүгүүнүн өз жолун таппай келебиз, ага мен да кошулам. Анын себеби, 1993-жылкы  Конституциядан тартып азыркы күчүндө турган Конституцияга чейин “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден – бир  булагы болуп саналат” – деп бекитип келгенибиз менен  25 жыл ичинде  элибизден бир жолу да  “кандай мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгуң келет” – деп сурадыкпы? Албетте жок. Себеби ушунда.

 

Ошондуктан мен конституциялык реформаны Кыргызстандын жалпы элинен жөнөкөй гана:

- “Сен мамлекеттик бийликтин кайсы  түрүндө жашагың келет?

- Президенттикпи?

- Парламенттикпи?

- Аралашпы же башкасындабы?”- деген   сурамжылоодон  баштоону сунуштайм.  Дагы баса белгилейм, бул референдум өткөрүү эмес, (добуш берүү) бул элдин пикирин угуу, мыйзам алуунун кереги жок!

 

Эмне үчүн мындай сурамжылоодон  баштоону сунуш кылып жатам, анткени эл, кайсы бир конституциялык кеңешменин, кайсы бир саясий топтун же Жогорку Кеңештин даярдаган жүздөгөн беренелерди камтыган көлөмдүү мыйзам долбоорун түшүнбөйт.

 

Экинчиден, кайсы бир саясий топ даярдаган мыйзамдын долбоору элдин пикиринен кийин даярдалышы  керек, бизде болсо 25 жыл ичинде элдин пикирин укпай, президенттин, бийлик ээлеринин же тар саясий чөйрөнүн каалоосу боюнча конституциялар жазылып, анан элге чыгарылып келди. Эл нотариустун ролун аткарбоо керек, тескерисинче Конституциянын текстин жазгандар  элдин пикирин бекемдеп нотариус болуу керек.

 

Элдин пикирин угуу боюнча иш чара президенттин (же Жогорку Кеңештин)  атайын ченемдик-укуктук  актысы менен  (Указ, Токтом) жарыяланып бир жылдык мөөнөт ичинде эл арасында, ишкана-мекеме, уюмдарда  кеңири талкууланышы керек. Күнүнө кеминде 6 саат теле-радиодон, башка ММКда тараптардын  (башкаруунун кайсы бир түрүн жактагандардын) ортосунда  ачык, түз теледебаттар өткөрүлүп, башкаруунун кайсы бир формасынын плюс, минус жактары айтылып, юристтердин, саясатчылардын окумуштуулардын коментариялары менен элге түшүндүрүлүп туруусу зарыл. Мисалы, башкаруунун президенттик формасын жактаган А.Мадумаров менен башкаруунун парламенттик түрүн колдогон  Р.Жээнбековдун түз эфирдеги теледебатын  өткөрүү ж.б.  Эл ошондо  оңой түшүнөт. Бул биринчи этап.

 

Экинчи этапта – болжол менен бир жылдан кийин элдин пикирин жыйноо үчүн референдум жарыяланып, жогоруда айтылган үч эле суроо добушка коюлат. (Конституцияны өзгөртүү референдуму эмес).

 

Үчүнчү этапта – элдин берген добушуна ылайык, башкаруунун кайсы бир формасында  - адистердин катышуусунда  атайын Конституция жазуу же өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал Конституциянын (же өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамынын  долбоорун даярдайт.

 

Төртүнчү этап – даярдалган долбоор элдик талкууга коюлат.

 

Бешинчи этапта – элден түшкөн сунуш-пикирлер эске алынып, долбоордун акыркы варианты Жогорку Кеңешке кабыл алуу үчүн киргизилет. Албетте, бул мамлекеттик комиссиянын башында президент туруу керек.

 

1993-жылдагы Конституция ушуга окшогон жол-жоболор  менен кабыл алынган. Тактап кетчү маселе, бул иш-чара 2015-2020-жылдын сентябрь айына чейин жүргүзүлүшү керек. Эл жактырган башкаруунун түрүнө жараша мамлекеттик органдар: президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, сот системасынын, прокуратуранын, эсептөө палатасынын, Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик бийликтин, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, шайлоо системалары, саясий партиялардын ж.б. түзүлүшү, шайланышы, (дайындалышы) мөөнөттөрү,  ыйгарым укуктары, өз ара мамилелери, таркатылышы, (отставкага кетирилиши) ж.б. ондогон эреже, тартиптери өзгөрөт. Мамлекеттик комиссия ушул иштерди 2020-жылдын күз айларына чейин даярдап, 2020-жылдын күзүндө шайланып келген жаңы Жогорку Кеңешке өткөрүп берет.

 

2020-жылдын  1-сентябрында күчүнө кире турган Конституциянын 114-беренесине ылайык жаңы келген Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү мыйзам чегинде карай алат, бул мыйзамдуу жол. Элдик жол болот.

 

Мындай жол менен реформа жасоо көптөгөн илимий-методологияга муктаж, муну  ишке ашырууда өзгөчө механизмдер талап кылынат.  Мурдагыдай жол менен эмес, жаңы, мыйзамдуу, оболу элдин пикирин угуу менен, анын жыйынтыгына жараша, Конституцияны бузбай жургүзүлгөн мындай реформаларды кандай гана саясий күч, топ болбосун, алар менен чогуу өткөрүүгө өткөрүүгө мен даярмын.

 

Президент, саясий күчтөр  ар түрдүү -  ал эми мамлекет, улут бир жана түбөлүктүү! Реформа жөнүндө сөз болгондо  муну эстен чыгарбоо керек!

 

А.Бекназаров

Булак: “Майдан.kg” гезити, №53 (230), 16.12.2015-ж.