Алгач “кара баскан аял”- дегенге түшүнүк берип коелу. Аял төрөгөндө же боюнан түшкөндө кан токтобой ага берсе эч жаны кыйналбай жыргап түш көрүп же күлүп жайнап,  ар нерсени айтып отуруп эле өлүп калат. Эгер аял ушундай абалга туш болсо сөзсүз медициналык кийлигишүү керек болот.  Ал түгүл илгерки атам заманда деле ата бабаларыбыз аял төрөгөндөн кийин уктатпай сак болушуп, кан кеткен жокпу, карап турушкан экен.

 

Эгер кан кете баштаса “Кара басты. Албарсты басты”- дешип, “Куучуну” чакырышкан. Ал келип мылтыгы болсо тарсылдатып атып, болбосо казан аякты калдыратып, “Кара баскан” аялды коркутуп уктатпай, чуу көтөргөн. Ошентип кара баскан аял аман калган.  Көрсө мунун чын эле медициналык сыры бар экен. Аялдын боюнан түшкөндө же төрөгөндө денеси бошоп жайылып кетет да айрымдардан кан токтобой ага баштайт. Ал кайра катуу коркуп же чоочуса денеси жыйрылып калыбына келет да организм өзүн коргоо үчүн күрөшөт. “Куучунун” милдети ушунда болгон. Бир медик таанышымдын айтканы эсимде. Ушундай “кара баскан” аялды ойготушса ал эсине келгенде катуу нааразы болуп, “Кайтыш болгон апам экөбүз жайлоодо суу бойлоп жыргап гүл терип жүрсөк ойготуп жибердиңер. Мынчалык жыргалга баткан жок элем. Капкара булут келди да мени басып калды. Көрсө силер ойготуп жаткан турбайсыңарбы”- дептир.

 

Түшүнгөн адамга бүгүнкү кыргыз мамлекетинин экономикасы да кара баскан аялдын кейпин кийип тургансыйт. Бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттер катуу кризис болуп жатканы тууралуу кеп кылышууда. Коңшу Казахстан, Россия болсо кризистен чыгыш үчүн бир нечелеген программаларды кабыл алышып, жан далбастап жатышат. Өзгөчө Казахстандын президенти Н.Назарбаев тынымы жок иш алпарууда. Ал түгүл “Казактар эгемендүүлүктү алгандан бери мындай оор кризиске кабыла элек болчу” – деген кыяздагы оюн да ачык айтып жиберди.

 

Кыргызстандачы? Бейкут тынчтык өкүм сүрүүдө. Мамлекеттик маалымат булактарын, Жогорку Кеңешти, өкмөттү, президентти карасак баары жайында, гүлдөп өнүгүп жаткандайбыз.

 

Турмуш чындыгына көңүл буралы. Экономиканын өнүгүшүнүн жакшы же жамандыгын жашырбай кашкайтып көрсөтүп турган эки күзгү бар. Бири өлкөбүздүн аймагында жүрүп жаткан курулуш, экинчиси жалпы базардагы сооданын жүрүшү.

Курулушту карагыла. Айрым маалыматтарга таянсак, али кыш толук келе элек болсо да курулуш тармагы 50-60 пайызга өз ишин токтотууга аргасыз болушууда. Жыл бою жалпы курулуш тармагы 20-30 пайызга кыскарып кеткен. Бир нече курулуштар али толук бүтпөй токтоого аргасыз болушкан. Ошол эле маалда жалпы эле Кыргызстанда турак үйдүн баасы өтө төмөнкү денгээлге түштү. Менин бир таанышым өткөн жылы 42 миң долларга бербей койгон үйүн быйыл 30 миңге сата албай койду. Үйлөрдүн жарым баасын алып, калганын 4-5 жылга бөлүп бөлүп берүүгө - карызга сата албай жүргөндөр да толтура.

 

Базарга баралы. Мал базардан баштасак малдын баасы кескин түшүп кетти. Өткөн жылы 30-40 миң деген кара малдар быйыл 20-30га өтпөй турат. Доллардын кунунун көтөрүлүшү малдын баасынын өсүшүнө таасир бере албады. Эгер доллардын курсу менен алсак былтыркы 1000 долларга сатылган кара малдар быйыл 500 долларга да жетпей жатат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баасында да өсүш болбоду. Тескерисинче картошка сыяктуу айрым бир жашылча жемиштердин баасы өтө төмөн болуп, өзүнө кеткен чыгымды да актабай калды.

 

Кыргызстандагы эң чоң базарлардын бири “Дордойго” келели. Эмнегедир “Дордой” базарындагы абал ошол базарда иштеген соодагерлерден башка эч кимди кызыктырбаган сыяктуу дым. Болбосо бүгүнкү күндө жалпы “Дордой” базарынын дээрилик 15-20 пайызы толук жабылса, дагы 25-30 пайызы жабылуу коркунучунда эптеп илинип турат. Бул деген өткөн жылга салыштырмалуу элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн 40-50 пайызга кыскарганын көрсөтөт. Мындан бир жарым жыл мурда эле “Дордой” базарынан контейнерди арендага алыш чоң тансык болсо бүгүн “Дордойдо” контейнер сатам. Арендага берем”- деген жарнамалар ар бир соода катарында жайнайт.

 

Бул эмненин белгиси? Кыргызстанды  эң коркунучтуу экономикалык кризис белчесинен басып, тымызын билгизбей, ажыдаардай соруп баратат дегендин белгиси? Кырдаалдын өтө опурталдуу чегине жетип калганын президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш билбейби? Менимче эң жакшы билет. Болгону мындай кризистен чыгуунун так жолун билишпей баштары катып турган чактары десек туура болоор.

 

Кыргызстан буга чейин деле кризисте болчу. Мамлекеттин бюджети донорлордон түшкөн жардамдын эсебинен наркоман сыяктуу “сайынып” эптеп жашап келген. “Мындан ары деле “ кайырчылык” кебетебиз менен жашай беребиз”,- дечүүлөр чыгабы? Кечиресиздер, жалпы элди “кайырчылык” менен багуу мүмкүн эмес. Туура, Кыргызстан эгемендикти алган жылдардан бери эле мамлекеттик бюджетибиз үзгүлтүксүз кризисте отуруп келатат. Бирок муну жалпы элдик жашоо-турмуш менен өлчөөгө болбойт.

 

Акыркы жылдардагы айыл чарбачылыгындагы жеке менчик чарбанын өсүшү, айыл чарба азык түлүктөрүнүн бааларынын жогорулашы айыл жеринде жашаган элдин турмуш тиричилигинин бир топ оңолушуна өбөлгө болгон эле. Бизде болсо 60 пайызга жакын букараларыбыз айыл жеринде жашашаарын айтып жүрөбүз.

 

Экинчи дагы бир чоң жөлөк - сыртта жүргөн мигранттарыбыздын жиберген каражаттары болчу. Коңшулаш Россия менен Казахстандан банк аркылуу жиберилген каражаттын өлчөмү 1,5-2 миллиард долларды чапчып туруучу. “Колмо-кол да ошончо келди” деп эсептесек 3-4 миллиард доллар сырттан агып келип турган болот. Аталган эки өлкөдөгү кризис мындай агымды кескин кыскартты. Мигранттарыбыз каражат жөнөтмөк түгүл ошол жакта өз жандарын араң багууга жарап калышканы сөз болууда.

 

Буга чейин бири болбосо бир жагы жөлөк болуп келсе, өзүңүздөр байкагандай бул жолу айыл чарбачылыгы да, мигранттар да, соода тармагы да туташ кризиске туштугуп турат.

 

ММКларда акыркы кездерде өкмөттү, анын ичинде премьер-министрибиз Т.Сариевди сындаган макалалар көбөйө баштады. ЖК депутаты, бийликтеги КСДП партиясынын депутаты Иса Өмүркулов: “Өкмөттүн кризистен чыгууга карата иштелген программасы жок”- деп сындаса, россиялык эксперт Александр Собянин Т.Сариевдин дарегине өтө катуу сын айтып, “ Бүгүнкү кризистик абалда Т.Сариев премьер-министр болуп иштөөгө таптакыр эле татыксыз болчу. Ал өзүнүн барына макул жана өзү демилге көтөрүп эч иш кыла албаган мүнөзү менен көптөргө жагып, өкмөт башына келип калды”- деген кыяздагы жыйынтыгын чыгарып койду. Айрым ММК болсо “Т.Сариев “Тойшөкөт генералы” сыяктуу ар жерде курулуп бүткөн мектептердин курулушун ачканга курсант болуп жүрөт. Ал мектептеридин курулушу да Сариев өкмөт башына келе электе башталып, каражаты бөлүнгөн. Т.Сариев өз демилгеси менен бир да ири курулуш же ири иш баштаганын билбейбиз”- дешип жазууда. Бир жарым, эки айга жетпеген убактан мурда эле ЖК жаңы шайланып келип өкмөттү кайра бекитээрде “Т.Сариев башында турган өкмөт жакшы иштеп жатат. Т.Сариев ордунда калса болот эле”- дешкен ММКлар эмне болуп 180 градуска тескери бурулуп калышты? ММК эс тутумдары ушунчалык начарбы же ноябрдагы кризистик абал тумшукка урганда көздөрү ачыла түштүбү?

 

Ноябрь жөн ай эмес. Бул жылдын барометри. Эгер ноябрь айында элдин пейили ток, мамлекетте баргерчилик болсо анда келерки ноябрга чейин буюрса жакшы болот дей бергиле. Эгер ноябрда тынчтык болбосо, баалар өссө, кризис күчөсө, доллардын куну көтөрүлсө - анда февраль, март, апрели менен мындан эки-үч эсе оор болуп жыл бою элден тынчтык кетет дей бергиле. Быйылкы жылдагы ноябрь жакшы эмес. Доллардын куну шыпты тээп, 79га жетти. Жазда 100дөн ашса сомдон айрылдык дейбизби?

 

Бүгүнкү абалга кептелишибизге себеп болгон кандай оркойгон каталарды кетирдик? Биринчиси, Бажы биримдигине бери дегенде эки жыл эрте толук даярдыксыз кирип кеттик. Туура, эртедир кечтир Бажы союзуна киришибиз керек эле. Бирок бул союзга кошууга кызыктар тараптардын айтканы менен эмес, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын биринчи орунга коюп кошулуу керек болчу. Бүгүн Кыргызстан этин сыртка импорттой албайт. Себеби малыбыздын идентификациялык каттоосу жок. Эмне оору менен ооруйт же оорубайт. Ветеринариялык дарылоодон өткөнбү же жокпу, документтик негизде жооп бере албайбыз. Мунун кесепетинен  келечекте малдын эти жыл сайын төмөндөйт да өзүн актабаган абалга жетет. Себеби бүгүн эле коңшулаш казактын малы базарларды баса баштады. Дүйнөнүн туш тарабынан эттер агылып келип биздин малдын баасын ого бетер арзандатууда. Буга каршы өкмөт тарабынан чаралар көрүлө элек.

 

Айыл чарбачылыктан өстүрүлгөн өсүмдүктөрүбүздү, жашылчаларыбызды экспортко даярдоо маданиятына жете албадык. Жапайы базар абалында кала бердик. Дүйнөлүк соода маданияты кайда агып баратканын мамлекетибиз көрө албады. Бүгүн базарда тигил жагы Польшанын, бул жагы Кытайдын алмалары жашылчаларынан бери сатылууда. Жайында Пакистандын, Ооганстандын картошкаларына чейин каптап кирип келди. “Бажы биримдигине кошулабыз” деген шылтоо менен кызыктар тарап бөлгөн каражаттын эсебинен малыбызды толук идентификациялык каттоодон өткөзүп, ар бир малга Акылбек Жапаровдун тили менен айтканда паспорт бергенге жетишсек, этти экспорттоонун шарты түзүлмөк. Чет элдик инвесторлор өздөрү келип ири этти кайра иштетүү комбинаттарын курушмак. Республикада бир да ири эт комбинатынын жоктугу биздин малдын этинин дүйнөлүк ветеринардык талапка жооп бербегендигинде.

 

Кантип Кытай менен Польшанын алмалары, Пакистандын картошкалары бизге келип калууда? Биздин базарларлан кытайлык же польшалык дыйкандардын апкелген жашылчасын өткөрө албай жүргөнүн көрдүңөрбү? Бул мамлекеттерде айыл чарба азык түлүктөрүн саттырууну  мамлекеттик денгээлде чечип коюшкан. Муну бизде деле жасоого болот эле. Бажы биримдигине кирээрден мурда борборлоштурулган экспорттук система түзүүгө жетишүү керек болчу.

 

Бажы биримдигине өткөнгө чейин коңшу мамлекеттер үчүн биз  кайсыл бир денгээлде “переваль базанын” ролун аткарчуубуз. Кытай сыяктуу мамлекеттерден келген арзан товарлар бизден кайра коңшу мамлекеттерге жөнөтүлүп турчу. Ошондуктан “Дордой” , “Карасуу” сыяктуу базарлар күпүлдөп иштеп, 100 миңдеген адамдар жумушчу орун менен камсыз болуп жан багышчу. Бир эле мисалды айтайын - Бажы көзөмөлүнөн Кытай тараптын эсебинде бизге 4 миллиард доллардын товары өттү делсе, бизде “700 миллион эле товар өттү” деп катталып, чуу болгон жылдар да болгон. Калганын өзүңөр түшүнө бергиле. Арзан товар кайдан чыгып жатканын. Эми болсо чек араны Бажы союзу, тагы Россия көзөмөлдөп калды. Ошондуктан товарлардын баасы кескин көтөрүлдү. Алматынын базары менен “Дордойдогу” баа бирдей болуп калды. Мурункудай “Дордойго” товарга келип казактар акылдан айныптырбы. Ошондуктан аты чыккан чоң базарларыбыз банкротко учурай башташты.

 

Мамлекет Бажы биримдигине өтөөрдөн мурда жеңил өнөр жайды жок дегенде союздун денгээлиндеги абалга жеткизип ордуна коюп алса болмок. Бул да болбоду.

 

Эмне себептен ушундай жөнөкөй иштер аткарылбай калууда? Себеби да жөнөкөй. Мамлекеттик башкаруу системабыз таптакыр туура эмес түзүлгөн. Бир да өкмөт туруктуу эки жыл айланып иштей элек. Эгемендикти алганыбызга келерки жылда 25 жыл болсо 27-28 премьер-министр алмашты. Так санын кудай акы билбей да калдык. Экиден болгону бар. Бир ай иштегени бар. Демек эч ким эч нерсеге жооп бербейт.

 

Т.Сариев бүгүнкү кризиске жооп бербейт. Себеби иштегенине бир жыл да боло элек. Ал эми түшүнгөн кишиге мамлекеттик экономиканы беш, он жылдап барып араң жолго коесуң. Экономикабызды көтөрө турган “Кумтөрдү” Т.Сариев саткан эмес. “Жерүй” баш болгон канчалаган кендерди  иштетпей оюн кылып кармап келаткан жок.  Атамбаев да жооп бербейт. Себеби экономикага жоопкер өкмөт. Ошентип бизде бүгүнкү кризиске эч ким түздөн-түз жоопкер эмес.

Эмне себептен Н.Назарбаев күнү-түнү уйку көрбөй мамлекетим деп санаа чегүүдө? Себеби Казахстандын чейрек кылымдык тагдырына Н.Назарбаев түздөн-түз жоопкер. Путин Россия үчүн башы менен жоопкер болгондой эле министрлерин карагыла. Россиянын кайсыл министри, маселен Лавров канча жыл иштегенин ким айта алат? Лавров атам заманда эле тышкы иштер министри болчу. Демек бул тармакка башы менен жооп берет.

 

Биздечи? Кайсыл бир тармак боюнча сурап алаар жок дегенде бир министр бар бекен? Кимисин караба  “менин келгениме бир жыл боло элек, барын мага чейинкилер талкалап салган”,- дейт да турат.

 

Тынч заманда 25 жыл бою  мамлекеттүүлүгүн жолго кое албай чалмекейи чыккан Кыргызстандай мамлекет дүйнөдө жок болсо керек.

 

Бизде мамлекет ичинде өзүнчө мамлекет болуп алгандар да көп. Маселен “Кумтөр” өзүнчө мамлекет. Эч ким тийише албайт. Тийишем дегендер же кесилет же чет элге качат. Банк тармагы өзүнчө мамлекет. Мамлекеттин кызыкчылыгы дегендин үстүнө банк кызыкчылыгы дегенди коюп коюшкан. Үстүбүздөгү жылдын башынан баштап банктар тарабынан улуттук сом менен кредит берүү токтотулду да кредиттер жалаң доллар менен бериле баштады. Доллардан башка маселен рубль же юань менен да берилбейт. Бул эмне дегендик. Банктар жеке кызыкчылыктары үчүн сомду “өлтүрүштү” Эгер мамлекеттик кызыкчылыкты ойлошсо тескерисинче жалаң сом менен берип, башка акча бирдиктери менен кредит  берүүнү токтотушат эле.  Иш ушундай жүргөндө доллардын эмес сомдун ички базардагы жүгүрүүсү (обороту) күчөмөк. Доллар өсүшү жайламак. Сомдун кадыры бекемделмек. Муну түшүнүш үчүн атайын билимдүү экономист болуштун деле кереги жок. Банктардын мындай “акылдуулугунун” аркасы менен бүт ири соодалар доллар менен гана жүрүп калды да сомду чоң соодадагылар унута башташты. Өкмөт буга эч чара көрө алган жок. ЖК болсо “ кетээр катын” болушуп карашпады. Жыйынтыгы бүгүн доллар менен кридит алгандар кайрып төлөй алышпай банкрот болушууда. Мамлекеттин экономикасына чоң сокку урулду. Түштөн кийин айрым ЖКнын депутаттары “бүт эсептешүүлөр сом менен болсун” демиш болушууда (премьер-министр Т.Сариев да акыры доллар менен насыя берүүнү токтотуу керектигин табыштады, сомдун куну таптакыр кетип калган соң - Ред.). Анысын да банктар угабы, али белгисиз. Кредит алганда маселен үстөгүнө 4000 сом төлөй тургандар бүгүн 8000 миң сом төлөп жатканын эч кимдин түшүнгүсү келбей жатат.

 

Ким жооп берет? Демейдегидей эле эч ким. “Ким жооп берет?” дегендин өзү биздин бийлик башында отургандар үчүн кызык суроо. Ушинтип да сурачу беле. Жоопкерчиликке чакырган мыйзам кайсыл жерде жазылыптыр? Азыркы баш мыйзамдын атасымын деп жүргөн Өмүрбек Текебаевдин депутат болгонуна 25 жыл болоюн деп калды. Өлкөдөгү абалдын ушунчалык денгээлге жетип тунгуюкка капталышына өзүн моралдык жактан болсо да кичине күнөлүү катары сезет бекен. Сурагыла? Жок дейт. “Күнөлүү Акаев, Бакиев” дегендер бар. Туура, алардын күнөөсү нар көтөргүс. Ошондо да 25 жылдан бери бийлик башынан түшпөй аралашып келаткандар азыр да отурушат го эч нерсе билбеген жаңы келген келиндей болуп момурайышып. Деги кыргыз элинин шору көп экен. Ошентип абалыбыз кара баскан аялдын кейпин кийип  жыргап гана жылас болууга баратабыз. Конгуроо каккан “Куучуну” көрбөй турам.

 

Чолпонбек Абыкеев

Булак: “Майдан.kg” гезити, №51 (228), 2-декабрь, 2015-ж.