1916-жылкы окуяларды иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариевге кайрылуусу

 

Урматтуу  Өлкө,  Журт, Өкмөт башчылары,

Үстүбүздөгү жыл аяктап,  келерки 2016-жылдын босогосунда турабыз.

 

2016-жыл кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн өзгөчө жыл, анткени азыркы эгемен кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө эң негизги ролду ойногон 1916-жылкы улуу улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы болот.

 

Калың элдин эсинде “Үркүн” деген ат менен жашап келген каргашалуу окуяга кайрылып,  карапайым калың эл эмес,  аттуу-баштуу илимпоздорубуз да 100 жыл ичинде жүз миңдеген  ата-бабаларыбыз эмнеге, кандай максат үчүн теңдешсиз күрөшкө көтөрүлүп,  курман болушуп, сөөктөрү 90 жыл көмүлбөй ит-кушка жем болуп жатканына так жооп айткандан айбыгышып келди.  Кыргыз Республикасынын Президентинин  2015-жылдын 27-майындагы Жарлыгында 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгына карата даярдык көрүү, так тарыхый тыянак чыгаруу, сөөктөрдү терип кайра көмүү, эстеликтерди орнотуу боюнча багыт берилген.

 

1916-жылкы окуядан элдин ынтымагы, өлкөнүн бүтүндүгү, ыйыктыгы, эгемендиги боюнча эстен чыккыс, баа жеткис сабак алуу максатында мамлекеттик денгээлде патриоттук  духтагы  атайын иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү керек эле...

 

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүн көз карандысыз иликтөө максатында, ыктыярдуу түрдө  түзүлгөн  (май, 2015-ж.)  саясий-коомдук комиссия  2015-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темада атайын илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга расмий бийликтин өкүлдөрү, Улуттук Илимдер Академиясынын окумуштуулары, тарыхчы-илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, коомчулуктун, ММКлардын өкүлдөрү чакырылган. Конференцияга чакырылган Президенттин Аппарат жетекчисинин, Өкмөт башчысынын  өкүлдөрү келгени менен, Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери же алардан өкүл келбей, Парламент бул саясий окуяга, КР Президентинин Жарлыгына болгон өз мамилесин көрсөттү.

 

Ошондой болсо да, илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өтүп, 1916-жылкы окуяга ар түрдүү пикирлер айтылып, кызуу талкуу болуп, аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

 

Конференцияда эки көнүл бура турган нерсе тастыкталды:

 

1. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу  жогорку деңгээлде эмес, коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлбөй жатканы.

 

2. Ушул күнгө чейин атайын түзүлгөн  тарыхчылар тобу тарабынан аталган окуяга тарыхый  баа берүүдө  бир тыянактын негизи даярдалбаганы.

 

Ушуга байланыштуу көз карандысыз саясий коомдук комиссия сиздерге аталган конференциянын резолюциясын расмий  жиберүү менен бирге, өзүбүздүн  сунушубузду да жиберебиз:

 

1. Мурда сунуш кылганыбыздай, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнү 2016-жылдын 11-августуна коюуну. (Анткени 1931-жылы 11-августта Кыргыз АССРинин Өкмөт башчысы Ж.Абдрахманов 1916-жылкы окуянын 15 жылдыгын 1-жолу  Өкмөттүк деңгээлде ушул күнү өткөргөн).

 

2. 1916-жылкы окуяны кыргыздардын “1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшү” деп баалап, биротоло бир тыянакка келүүнү.  Анткени архивдик материалдар, ошол доордогу тарыхчылар, саясатчылар (Т.Рыскулов, Г.И.Бройдо, А.Г.Зима, А.Шестаков,  Л.В.Лесная, Е.Федоров,  Х.Т.Турсунов, Д.Меджитов, А.Н.Зорин, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев)  ж.б. бул маселе  боюнча илимий эмгектерди жаратышкандар К.Усенбаев, А.Х.Хасанов, Б.Джамгырчинов, Т.Өмүрбеков, Т.Шейшеканов, М.Махмутбекова, М.Иманкулов, Б.Максүтов ж.б.  азыркы  белдүү тарыхчыларыбыз Т.Кененсариев, Т.Чоротегин, К.Молдокасымов  жана башкалардын  эмгек пикирлеринде  1916-жылы Түркестан крайы  боюнча жергиликтүү элдердин орус падышачылыгына, анын колониалдык-баскынчылык, орусташтыруу саясатына каршы көтөрүлгөнүн белгилешкен. Бул окуя негизинен Орто Азия  же Түркестан элдеринин  “Улуттук боштондук кыймылы” деп тарыхтан орун алса, ал эми түндүк кыргыздарынын өзгөчө уюшкандыкта көтөрүлгөнүн  негизинен  “улуттук боштондук көтөрүлүш” деп көпчүлүк окумуштуулар баалашып келген.

 

Биздин көз карандысыз комиссиянын ою боюнча да Чүй, Ысык-Көл, тоо аркасындагы (Кочкор, Жумгал) жашаган кыргыздар жөн гана нааразылык көрсөтүшпөй  (кыймыл) өздөрүнүн туусу, өздөрү шайлаган хандар менен (жол башчылар) толук эгемендүүлүк үчүн улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышкан.

 

3. 1916-жылкы окуяда кыргыз элине карата орус  падышачылыгы тарабынан тукумкурут (геноцид) саясаты болгонбу же жөн гана көтөрүлүшчүлөрдү аеосуз жазалоо кыргын (истребление) болгонбу – деген суроо да окумуштуулардын, саясатчылардын ортосунда, коомчулукта, ММКларда, жыйын, конференцияларда, курултайларда кызуу талкууланууда. “Бул маселени  козгоонун кереги жок, эки элдин ортосундагы  мамилеге доо кетет”- деген  “өтө этият” болгон адамдарыбыз да  бар экени жашыруун эмес.

 

Бирок андай ой-пикирлер бар экенине карабай, кайсы гана жыйын болбосун бул маселе 1916-жылкы окуянын эң эле айтыла турган чындыгы, өзөгү, фактысы. Эгер бул маселеге тыянак чыгарып жооп бербесек 100 жылдыктын мааниси да жок болчудай. Анткени “улуттук боштондук көтөрүлүш” болгон деген тыянак бул тарыхый илимий баа. Муну Т.Рыскулов баш болуп советтик тарыхчыларыбыз 1916-жылкы окуяга 10 жыл боло элегинде  эле тактап изилдеп, документалдуу фактыларды том-том кылып жыйнап, Ленинград, Омск, Алма-Ата, Ташкент, Фрунзедеги архивдерге сактатып коюшкан.

 

Биздин комиссиянын ою боюнча 100 жыл бою айтылбай келе жаткан чындык так ушул орус падышачылыгынын кыргыз улутуна болгон  “орусташтырып” акырындап жок кылуу же провакация жолу менен эртелетип жок кылуу саясатында жатат. Ата-бабаларыбыздын сөөктөрү 90 жыл көмүлбөй жатканынын сыры да ушунда болсо керек.

 

Геноцид (тукумкурут) бүгүнкү күндө  эл аралык маанидеги  сөз термини, бул сөз тарыхый терминге караганда саясий укуктук термин десек жаңылбайбыз. Бул терминди биринчи жолу Польшалык еврей улутундагы юрист Рафаель Лемкин колдонуп,  фащизмдин еврейлерди тукумкурут кылуу саясатын БУУнун  денгээлине  чейин көтөргөнү айтылат. Бүгүн геноцид аракеттери эл аралык укукка – адамзатына  карата  жасалган  өзгөчө  оор кылмыш болуп эсептелет.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 373-статьясында  да геноцид өзгөчө оор кылмыш катары “улуттук, этностук, расалык же диний топту, топтун мүчөлөрүн  өлтүрүү, алардын саламаттыгына оор залал келтирүү,  балалуу болууга зомбулук менен тоскоолдук кылуу, балдарды мажбурлап башкаларга  берүү, зомбулук менен көчүрүү же болбосо бул топтун мүчөлөрүнүн  өлүп жок болушуна  эсептелген турмуштук башка щарттарды  түзүү жолу менен толук же  жарым-жартылай жок кылууга багытталган аракеттерди жасоо”-деп эсептелет.

 

Ал эми кыргын (истребление) - резня, бойня; истребление – кыруу, жоюу, кырып-жоюу, жок кылуу (Юдахин П.К. Киргизско-русский словарь М: 1985 стр.494)  көбүн эсе согуштук термин катары согуш окуясындагы бир жолку фактыны түшүндүргөн түшүнүк,  геноциддин бир гана ыкмасы (түрү).

 

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарды мыкаачылык менен кыруу – орус падышачылыгынын кыргыздарды түпкүлүгүндө орусташтырып, улут катары жок кылуу же Ысык-Көл жээгинен, Кеминден, чыгыш Чүй өрөөнүнөн, Кочкор, Жумгал өрөөндөрүнөн кыргыздарды зомбулук менен толук көчүрүү саясатынан келип чыккандыгын нечендеген тарыхчылар, саясатчылар далилдеген, аны  талашсыз далилдөөчү ондогон архивдик документтер сакталуу.

 

1916-жылы түндүк кыргыздарга орус падышачылыгы тарабынан геноцид – бир нече ыкма (түрү) менен жүргүзүлгөн:  улут катары жок кылуу, мусулман катары жок кылуу, зомбулук менен көчүрүү. (Чүй бооруна, Ысык Көл боюна Кытайдан кайткан кыргыздарды келтирбей, бийик тоолордо (сыртта) жашоого аргасыз кылуу (шарт түзүү) ж.б.

 

Бул аталгандарды далилдөөчү  орус императору Николай IIнин, жарым падыша аталган Туркестан генерал-губернаторунун, Жети-Суу областтык генерал-губернатордун, уезддин, участкалык приставдардын начальниктеринин жазалоочу отряддардын командирлеринин, землемерлердин акты-документтери, отчет-буйруктары, жабырланган элдин өкүлдөрүнүн  арыздары сотко, прокурорлорго берген көрсөтмөлөрү  талашсыз тарыхый документ катары жүздөгөн томдордо Питерде, Ташкентте, Бишкекте, Алма-Атада жыйналып, сакталып турат.

 

Биз,  мезгил жетти, ачуу чындыкты жашырбай, келечекте сабак болсун, эгемендүүлүктүн, эркиндиктин баасы ыйык экенин ар бирибиз билип жүрүш үчүн, патриоттук аң сезимди өз тарыхыбыздан алып,  аны эсибизден чыгарбоо үчүн да болсо, жок дегенде  өлкө ичинде геноцид окуясын таанышыбыз керек деп эсептейбиз. Бул тарыхый окуяны – доо коюу, өч алуу, саясат кылуу максатында  эмес, кыргыз элинин тарыхы катары ар бир кыргыз билиши, унутпашы керек.

 

Кыргыз-кыргыз болгону нечендеген апаатка, кыргынга учурап, нечен жеңиштердин ээси болуп келди. Тарыхтан так баасын, анык ордун ушул күнгө чейин таппаса да,  1916-жылкы окуя –кыргыздарга белгилүү болгон, унутууга болбой турган эң кайгылуу окуя. Эгерде экинчи дүйнөлүк согушта 54 миңдей кыргыз өлсө (Кыргызстандагы башка элдердин өкүлдөрүн кошпогондо) 1916-жылкы окуяда  бери дегенде эле 150 мин кыргыз өлтүрүлгөн.

 

4. Коомчулукта 1916-жылкы окуяда канча кыргыз өлгөн деген суроо да ар кандай талашты жаратып келет. Биздин иликтөөбүз бул факты боюнча төмөндөгүдөй жыйынтык берет:

- 1916-жылкы окуяга 10 жыл боло электе бул окуяны изилдеген Т.Рыскулов 1916-1918-жылдардагы Жети-Суу областы боюнча жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы боюнча салыштыруу жолу менен 273 222 адам өлгөн, анын 30 миңдейи казак, 259 дунган, калганы кыргыз экенин жазып кеткен. (Т.Рыскулов “Восстание киргизов и казахов в 1916 году”. Сборник статьей 1926г.)

 

Ал эми Ж.Абдрахманов: “В результате бегство в Китай, действий карательных отрядов убыль людей исчислялся примерно около 150 тысяч человек”–дейт. (Ж.Абдрахманов “О восстании киргизов в 1916 году”. Ф.1932г.)

 

Ал эми белгилүү окумуштуу Б.Жамгырчиновдун тактоосу боюнча Кытайда качып жүргөн эле кыргыз, казахтардын өлгөнүнүн саны 70-87 миңге жеткен (Б.Джамгырчинов “О прогрессивном значении вхождения Киргизии в состав России” Ф.1963 г).

 

Окумуштуу А.Каниметовдун  эсеби боюнча “Количество населения: Пржевальский уезд до восстания 176429, к 1.01. 1917г. – 52744, убыло 123685; Пишпекский уезд – 111338, к 1.01.1917г. – 63842, убыло 42496” (А.Каниметов “Материалы по восст. 1916 г. в Киргизии 1953г.) Эки уезд боюнча кошкондо 166171 адам жок болгон.

 

Ал эми Убактылуу Өкмөттүн (Керенскийдин докладында)  мезгилинде  эле өлгөндөрдүн саны 20 миңге жеткен. (ЦГА Уз.ССР Ф.17. д. 285л.9).

 

Дагы бир архивдик документ:  “... В результате жестокого подавления восстания враждебного отношения правительства к повстанцев численность коренного населения северной Киргизии уменшилась на 119215 человек или на 41, 45%, особенно Пржевальского уездов находилась под  угрозой поголовного истребления и вымирания”. (ЦГА Уз.ССР Ф.1 ол.31 д.1182).

 

Ал эми тарыхчылар А.Асанканов, О.Осмоновдун эсеби боюнча “В восстании в 1916 года погибло около 200 тысяч кыргызов”. (Истории Кыргызстана 2002г. Стр.273).

 

Ушуга окшогон ар түрдүү эсептерди, ар кандай даректүү документтерден изилдеп,  биз көз карандысыз комиссия 1916-жылкы окуяда 150 миңден кем эмес кыргыздар шейит болгон  деген жыйынтыкка келдик. Анткени Ж.Абдрахмановдун 1931-жылкы эсеби бүткүл тарыхый документтерге негизденип Өкмөт башчы катары расмий жыйынтыкты Өкмөттүк деңгээлде чыгарган. Анын тууралыгынан күмөн саноого негиз жок.

 

5.Архивдик материалдарга, расмий документтерге таянып, биз 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жетекчилерине Канат Ыбыке уулун (Канат хан), Алымкул Таабалдин, Мөкүш Шабдан уулу, Ыбырайым Төлө ажы уулу,  Көкүмбай Чыны уулу, Батырхан Ногаевди ж.б. ондогон эр азаматтарды кошобуз.

 

6.Көз карандысыз саясий коомдук комиссия Ата-Бейитке табылган сөөктөрдү символдуу түрдө гана коюп,  1916-жылкы окуя боюнча борбордук мемориалдык эстеликти Бишкек шаарына өзүнчө бульвар же сквер түрүндө комплекстүү орнотууну сунуштайт. Мунун тарбиялык мааниси өтө чоң.

 

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор үчүн ар бир айылда, көчөлөрдө түбөлүк от менен бирге “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” деген ат менен түбөлүккө коюлган.

 

Биз саясий коомдук комиссия  Президенттен, Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн Бишкекте  өзүнчө чоң мемориалдык эстелик коюп, ар бир райондо, 1916-жылы ар бир тарыхый окуя болгон жерлерде, эл кырылган,  массалык өлтүрүлгөн жерлерге эстелик коюуну суранабыз.

 

Жети-Өгүз районунун Барскоон өрөөнүндө 2006-жылы 90 жылдыкта шейиттердин сөөктөрү терилип, ашы берилген. 2015-жылдын 11-августунда 1916-жылкы окуя боюнча Элдик Курултай өткөрүлдү. 1916-жылы бул жерде катуу кагылыш болуп, 400 адам өлтүрүлгөн жерге комплекстүү эстелик орнотуу да туура болот. Анткени, Барскоон өрөөнү аркылуу Сөөк – Кара-Сай – Бедел  маршруту  боюнча калың эл Кытайга качып,  оор кайгылуу окуяларга дуушар  болгон.

 

7. Жогорку Кеңеш  -   Кыргыз Республикасынын эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн  мыйзам чыгаруучу жана контролдоочу эң жогорку бийлик бутагы болгондуктан 1916-жылкы окуя боюнча укуктук саясий баа берүүгө милдеттүү.

 

Тиркеме:  “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы 2015-жылдын 11-ноябрында  Бишкек шаарынын “Достук” мейманканасында өткөн илимий-практикалык конференциянын  резолюциясы  3б.

 

А.Бекназаров,

1916-жылкы кайгылуу окуяларды (Үркүндү)

иликтөө боюнча саясий коомдук комиссиянын

төрагасы

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандык коомунан, 1916-жылкы кайгылуу  окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы тарабынан уюштурулган “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы 2015-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Достук мейманканасында өткөн илимий-практикалык конференциянын

 

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин  “1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө”  2015-жылдын 27-майындагы Жарлыгында  аталган окуя ушул күнгө чейин өзүнүн так тарыхый баасын ала электиги белгиленип,  окуяга тарыхый жактан баа берүү, элдин биримдигин чыңдоо, жарандык мекенчилдикке тарбиялоо максатында 2015-16-жылдарга бир топ иш-чаралар пландалган. Бул тарыхый датаны жаңыча методологиялык принциптер менен тастыктап, баалоо максатында иш-чаралардын алкагында  бир катар илимий-конференциялар долбоорлонгон.

 

1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы боюнча иш-чараны коомчулук активдүү колдоп, коомдук ишмер А.Бекназаровдун жетекчилиги менен 1916-жылкы кайгылуу  окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы түзүлгөн. 2015-жылдын 15-июлунда коомдук комиссиянын атынан А.Бекназаров Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Таджикстандын лидерлерине:  1916-жылкы окуяларды ар тараптуу изилдөөнү, ага объективдүү, укуктук, саясий, тарыхый, илимий баа  берүүнү жана  100 жылдыкты биргеликте өткөрүү сунушун билдирип  кайрылуу жиберген.

 

Ошондой эле комиссия элдик боштондук кыймылынын 100 жылдыгын өткөрүү күнүн  2016-жылдын 11-августуна  коюуну (анткени Үркүндүн 15 жылдыгы 1931-жылы ушул күнү өткөрүлгөн)   Кыргызстандын  расмий  бийлигине  сунуштады.

 

Коомдук комиссия 2015-жылдын 11-августунда Жети-Өгүз районунун Барскоон өрөөнүндө 1916-жылкы кайгылуу окуялардын тегерегинде кеңири талкуу жараткан Элдик Курултай  өткөргөн  жана  Курултай  өз чечимин кабыл алган.

 

Ал эми 2015-жылдын 11-ноябрында  Бишкек шаарынын Достук мейманканасында 1916-жылкы кайгылуу окуяларды изилдөөгө алып жүргөн тарыхчы-илимпоздордун, саясий жана коомдук ишмерлердин катышуусунда “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы илимий-практикалык жыйын жогорку деңгээлде өттү.

 

Жыйында доор жана тарыхый кырдаал, падышачылыктын оторчул саясаты, көтөрүлүштүн жүрүшү жана кесепеттери, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси жана  анын азыркы муун үчүн сабактары деген багыттарда мазмундуу, илимий жактан маанилүү баяндамалар угулуп, жарыш сөздөрдө элдик боштондук көтөрүлүшү тууралуу ачык айтылбай келиши, 90 жыл аралыгында шейиттердин сөөктөрүнүн көмүлбөй турушу, Үркүн боюнча айрым окуялардын азыр да бурмаланып (мисалы, 18.09.2015-ж. Ломоносов атындагы МГУдагы эл аралык конференцияда) жатышы тууралуу ойлор айтылды. Жалпысынан  7 илимий баяндама жасалып,  13 адам жарыш сөзгө чыгып, кызуу талкуу жүрдү.

 

Мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин тагдырындагы кайгылуу жана каргашалуу окуяны терең изилдөө, ага адилеттүү тарыхый баа берүү, Үркүндүн кесепетинен келип чыккан сабактар такталып,  анын негизинде азыркы муунду мекенчилдикке, эл достугуна тарбиялоо, 2016-жылы аталган окуянын 100 жылдыгын илимий жана коомдук маанилүү иш-чара катары  эл аралык деңгээлде белгилөө багытында баалуу сунуштар айтылды.

 

“1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы илимий-практикалык жыйындын катышуучулары  кыргыз коомчулугуна, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө, билим, илим жаатындагы  коомчулукка төмөнкүлөрдү сунуштайт:

 

1. 1916-жылкы кайгылуу окуялар кыргыз элинин тарыхындагы орус падышалык империясынын курамында отор саясатынын кесепеттеринен келип чыккан эң кайгылуу жана каргашалуу окуя катары белгиленсин.

 

2. XX кылымдын 20-жылдарынан баштап ушул күнгө чейин бул кайгылуу окуяны изилдеп келген Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Т.Рыскулов, Г.Бройдо, К.Усенбаев ж.б.д.у. сыяктуу улуу муундагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, тарыхчы илимпоздордун изилдөөлөрү мындан ары заманбап методологиялык принциптердин, жаңы табылган булактык базанын негизинде улансын жана илимий жактан ар тармакта кеңейтилсин.

 

3. 2016-жылкы элдик көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө иш-чаралары кеңири коомчулук жана илимий чөйрө тарабынан мамлекеттик деңгээлде даярдалсын жана өткөрүлсүн. Бул иш-чараларга 1916-жылкы кайгылуу  окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы  өз салымын кошууну улантсын. Комиссия уюштурган Элдик курултайдын чечимине кирген Д.Садырбаевдин “Кайран эл” кинофильмин көрсөтүү, Үркүн боюнча Б.Шамшиевге тапшырылган тарыхый-көркөм тасма тартуу  иш-чарасы колдоого алынсын  жана М.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” драмасы  жаңыдан сахналаштырылсын.

 

4. Аталган маселе боюнча мындан кийинки мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий конференция, симпозиумдарга катышууга илимий чөйрөдө кеңири белгилүү,  1916-жылкы кайгылуу окуяларды изилдөөгө  тиешелүү  илимпоздор жиберилсин.

 

5.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган маселени күн тартибине киргизип кароо менен саясий-укуктук жактан баа берүү суралсын.

 

Болуп өткөн илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары катары төмөнкүлөр белгиленсин:

 

а. 1916-жылкы көтөрүлүш жана кайгылуу окуялар тарыхый жактан илимпоздордун басымдуу көпчүлүгү белгилегендей  “1916-жылкы улуттук  боштондук көтөрүлүшү” деп аталсын;

 

б. 1916-жылкы улуттук  боштондук көтөрүлүшүнүн кыймылдаткыч күчү эл массасы, эл арасынан чыккан чыгаан инсандар, улуттук боштондукка көтөрүлгөн кыргыздарга тилектештигин билдирген башка улуттардын өкүлдөрү болгон деп таанылсын;

 

в. 1916-жылкы  улуттук  боштондук көтөрүлүшүнүн өбөлгөлөрү жана себептери XIX кылымдын ортосунан башталган оторчул, “бөлүп ал да бийлей бер” принцибиндеги отордук-административдик эзүү, жүрүм-турум, тил, дин, жана дил жагынан “алыска болжолдонгон орусташтыруу” мерчеми,  жергиликтүү калктын экономикалык базасына оор запкы алып келген (дээрлик бардык жерди тартып алуу)  жер-салык саясаты болгондугу, Орусия падышасы Николай II нин 1916-жылдын 25-июнундагы “Реквизиция жөнүндөгү” Жарлыгы көтөрүлүштүн түздөн-түз шылтоосу болуп бергендиги,  Жарлык 19-43 жаштагы эр бүлөөлөрдү оорук иштерине атуул катары чакыруу (мобилизациялоо) эмес, аларды  “мал же мүлк катары реквизиция кылуу”  (түшүндүрмө сөздүктү караңыз),  башкача айтканда түп мааниси боюнча “экспроприациялоо” катары ойлонулган деп белгиленсин;

 

г. Көтөрүлүштүн башталышы, жүрүшү жана жыйынтыктары боюнча фактологиялык материалдар илимпоздор тарабынан мындан ары да изилденсин, кыймылдын катышуучуларынын курамы, кыргынга учурагандардын, Кытайга качкандардын, Чыгыш Түркстанда өлгөндөрдүн, кайтып келгендердин чындыкка жакындашкан саны 2016-жылдагы 100 жылдыкты расмий белгилөө күнүнө чейин илимий иликтөөлөр аркылуу объективдүү такталсын;

 

д. Көтөрүлүштүн  жыйынтыктары жана анын кыргыз элине алып келген кесепеттери илимий жактан объективдүү баалансын. 1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы боюнча иш-чаралардын акыркы этабына чейин бул окуя тарыхчылар, экономисттер, социологдор, политологдор, конфликтологдор ж.б. илимий тармактын  илимпоздору  жана коомчулук тарабынан “кыргын” (истребление) же  “тукумкурут”(геноцид) экендиги,  же башка баалоолорго   жооп берерлиги  тууралуу  2015-жылдын 11-августундагы Элдик Курултайдын чечимин эске алуу менен так  далилденсин;

 

и. 1916-жылкы кайгылуу окуялардын сабактары - кыргыз элине жана Кыргызстанда жашаган бардык улуттарга кеңири түшүндүрүлүп, өлкөнүн атуулдарына мекенчилдиктин жана улуттар аралык ынтымактын бекемделишине өбөлгө катары негиз боло ала тургандыгы белгиленсин.

 

Бишкек шаары, 11-ноябрь 2015-жыл