Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1318

- БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун шайлоо учурундагы жана анын жыйынтыгын чыгаруудагы, айрым участоктордогу добуштарды кайра эсептөө багытындагы коомчулукка түшүнүксүз чечимдерди кабыл алуудагы өзгөчө аракети катуу талкууга түштү. 

 

Көп резонанстуу маселелерге келгенде БШК мүчөлөрүнө басым көрсөтүп, өз керт башына пайдалуу чечимди кабыл алдыртып жатканы көп ирет айтылды. Атүгүл, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партиялардан айрым талапкерлерди тизмеден чыгарып берүү кызматы үчүн “бирдекелерди” алганы ыраспы? Негизи, Туйгуналы Абдраимовдун ичип-жегенди билбеген, элдин кызыкчылыгын гана ойлогон, таза, кесипкөй адам катары сыпатоого болобу? Анан калса, бир адамдын “капризинин” айынан жаңы парламент ишке кирише албай, ага бүт эл туткун болуп калган жокпузбу?

 

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты:

 

“Эл ичинде ар кандай сөздөр айтылып жатат”

 

- Колунан кармап алган факт болмоюнча, далилдеген  видео же үнүн жаздырып алган киши жок болгон соң кантип “бирдемке алган” деп айтабыз. Бирок, эл ичинде ар кандай сөздөр айтылып жатат. Менин жеке оюмда кайрадан шайлоо кылып койсо, элди дагы бир жолу жыргатмак.

 

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

 

Шайлоону чырга айландырганы үчүн Абдраимов отставкага кетиши керек...”

 

- Шайлоого чейин партиялар тизмелерин түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына өткөргөн. Ошол тизмеге шайлоочулар добушун биришти. Демек, ошол тизме гана мыйзамдуу. Эгер ошол тизменин арасынан кээ бирөөлөр депутат болгусу келбесе, же башка ишке кетип жатышса, алар өздөрү Борбор шайлоо комиссиясына келип, арызын берип кетиши керек эле. Мындай болгондо эч кандай чыр болмок эмес. Тилекке каршы, Туйгуналы Абдраимов өз билгенин кылып жатат. Мүмкүн партия лидерлери менен “сүйлөшүп” алган. Жогорку Соттун чечими чыкса, аны да аткарбай жатат. Шайлоону чырга айландырганы үчүн Абдраимов отставкага кетиши керек...

 

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

 

“БШК жана президенттин аппаратындагы президентке жакын адамдар байып кетишкени айтылып жатат”

 

- Менимче, бул жерде Кыргызстанда “мыйзам жол бербесе, аны айланып өтсө болот” деген көнүмүш адат иштеп жатса керек. Шайлоо Кодекси жазылып жатканда бардыгы саясый партиялар өз тизмелерин “жесткий” ыкмада түзөт деп ойлошкон. Бирок, саясый партиялардын лидерлери бизнесмен болгондуктан, мыйзам жол бербесе, аны кыйып өтөбүз дешип, тизмени “скользящий” ыкмада түзүшүп, кандидаттардын баарын “өз ыктыяры менен чыгам” дедирип ант алдырып алышкан. Мына ушул “мыйзам жол бербесе, аны кыйытып өтсө болот” деген ыкманы БШК пайдаланып жатат. Кыязы, талапкерлерди чыгарган партиялар менен булардын ортосунда жалпы кызыкчылык болсо керек. Өткөн революция мезгилинде соттор көп азап чегип калгангабы, азырынча бир аз болсо дагы, принципиалдуулукту көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Бирок, БШК кандайдыр бир кызыкчылык менен анын чечимдерин аткарбай жатат десек туура болчудай. Кыргызстанда коррупция дал ошол “мыйзам жол бербесе, аны кыйып өтсө болот” деген ыкмада өрчүп, тамыры жайылып жатат. Бул өңүттөн алганда кечэээле акаев-бакиевдердин мезгилиндеги чиновниктерди коррупционерлер деп камап жатышты эле. Алсак, ошол эле А.Келдибеков. Бүгүн болсо, БШК жана президенттин аппаратындагы президентке жакын адамдардын А.Келдибековдон да бир нече эсе байып кетишкенин айтып жатышат.  Ак үйгө киргенче ач жылаңач балдардын бүгүн 80-100 миң долларлык “Джиптерди” минип жүрүшүнүн өзүнөн эле коррупция менен күрөштүн кандай жүрүп жатканын байкоого болот. Ошондуктан, “парламент ар түрдүү кызыкчылыктардан улам ишке кирбей жатат” деп айтсак болот. Экинчиден, БКШ “Бүтүн Кыргызстан –Эмгектин” талабын кантип чечүүнүн жолун таба албай жан далбастап жатат. Себеби, бул акыры барып, ушул парламенттин таркатылышына алып келиши мүмкүн. 37 миң добуш оңой эмес иш болуп турат.

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Бул маселе эмне менен чечилери белгисиз”

 

- Билбейм. Бул маселе эмне менен чечилери белгисиз. “Элдин эрки так айтылса дагы, аны бурмалап коюштун жолу бар экен да”- деген баягы эле үшкүрүк.

 

Руслан Бекназаров, депутаттыкка талапкер:

 

“Сотко берип жаткандар - партиянын ички тартибине баш ийбей, чычалап жаткандар”

 

- БШК төрагасынын бергенин, алганын укпаган, көрбөгөн экенмин. Так айта албайм. Партиялык тизмеден чыгаруу партиянын ички маселеси. Сотко берип жаткандар - партиянын ички тартибине баш ийбей, чычалап жаткандар. Бул иште ичинен аралашып жүргөн үчүн жакшы билемин. Ошол себептен БШК ички ишибизге аралашканын көргөнүм жок.

 

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын башчысы:

 

“Керкисинде да, кемтигинде да бар”

 

- Мен акыркы күндөрү “бизди Кудай эле сактасын” деп жашап калдым. Андан башка айла жок болуп калды. Кыргызстан болуп көрбөгөндөй  кризис сазына батып бүттүк (руханий, саясый, экономикалык).  Бизде баарысы болушу мүмкүн экенине күндөн күнгө ынанып келатабыз. Бийлик төбөлдөрү “кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки” дегендей иш алып барып  калышты. Мындайча айтканда мыйзамдарыбыз “отдыхает”. Шайлоону болсо көрдүк, шайланганы да, шайлаганы да бир бирине “бап” келип жатып калды, “керкисинде да, кемтигинде да бар”- дегендей болуп.  Иши кылып баарысы элибиздин аң-сезимине, деңгээлине жараша  болуп калды окшойт. БШКнын дагы кээ бир маселелер боюнча кабыл алган чечимдери күмөндүү ойлордун  жаралышына түрткү берди.  Бирок, баарысы бийлик башында олтургандардын көрсөтмөсү менен болуп жатканы көрүнүп эле турат... Калганы  имитация.  Шоу уланат. ..

 

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт, коомдук ишмер:

 

“Туйгунаалы Абдраимов кыргыз тарыхындагы эң ыплас чиновниктердин бири

 

- “Бирдеме” алды деп айтуу кыйын, себеби, көргөнүм жок. Бирок, албаган адам, бир саясатчынын айтканын калетсиз аткарбайт. Туйгунаалы Абдраимов кыргыз тарыхындагы эң ыплас чиновниктердин бири. Мурдагы шайлоолорду так ушул адам өткөзүп, анын жыйынтыгы эмне болуп бүткөнү баарыбызга маалым. Эми болсо, бул шайлоодо, талапкерлердин арызын жасалмаланганын мыйзамдаштырууга аракеттенип, кайсы бир партиянын жетекчилигинин буйругун аткарып жатууда. Ошонун айынан, мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө парламент өз ишин баштай албай, мамлекеттик деңгээлде башаламандык жаралып, мыйзам чыгаруу органы "шал " оорусуна чалдыкты. Мындай өзбилемдиги үчүн, жоопко тартылуусу зарыл.

 

Тимур Саралаев, активист:

 

“Каприз" кылган адам БШКын жетекчисинен жогору турса керек

 

- БШКын жетекчиси бирдеме алганын билбейт экем, көрбөгөндөн соң айталбайм. Ал эми талапкерлерди тизмеден чыгарууга жардам бере турган болсо, аны мыйзамдуу жолдор менен тергеш керек, ошого тийешеси бар болгон болсо, мыйзам чегинде жыйынтык чыгарыш керек. Кандай болсо дагы БШКын жетекчиси обьективтүү болушу зарыл, бирок учурдагы саясый кырдаалды жана күчтөрдүн БШКга таасир этишин эске алганда “көз карандысыз” деп айтыш оор болуп калат. Менимче "каприз" кылган адам БШКын жетекчисинен жогору турса керек жана башка имаратта.

 

Аэлита Сатиндиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (222), 28.10.2015-ж.