Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2542

Коомдук ишмер, Гарвард, Массачусетс, Саффолк университеттеринин окутуучусу Бакыт Бешимов менен маек

 

Бакыт БЕШИМОВ - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2000-2005-жылдары Кыргызстандын Индия, Бангладеш, Непал, Шри Ланка өлкөлөрүндөгү элчиси, Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар программаларынын Кыргызстандагы жетекчиси, ОшМУнун ректору. 2007-2009 жылдары Кыргыз парламентиндеги жападан жалгыз оппозициялык фракциянын жолбашчысы. Эл Аралык Информатика Академиясынын профессору. 

 

Ушул тапта АКШдагы эң мыкты Гарвард университетинде, Массачусетс Технологиялык Институтунда (МТИде) жана Саффолк университетинде илимий изилдөө жүргүзгөнчө, студенттерге сабак берет.

 

“Сөзү туура, бирок, санаасы кара саясат доору сүрүп жатат”

 

 - Бакыт мырза, азыр Америкада студенттерге кайсыл предметтерден сабак берип жүрөсүз жана илимий изилдөөлөрүңүз эмне маселелерге байланышкан?

 

- Эл аралык мамилелер, коопсуздук көйгөйлөрү жана өнүгүп жаткан  өлкөлөрдүн саясаты жөнүндө курстарды окутам. Илимий изилдөөм Орусиянын, АКШнын жана Кытайдын Борбор Азиядагы саясатын жана аймактын коопсуздугун ичине кеңири камтыйт.

 

- Агай, АКШда дегеле жаштарды окутуу, алар менен тыгыз иштешүү кыйын бекен?

 

- Албетте, оңой эмес!Маселен,Бостон шаарында академиялык чөйрө эбегейсиз бай – көп мамлекеттен келген абдан талантуу студенттер гана окушат. Анан аларга дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы илимпоздор сабак беришет. Эң башкысы Америкада эркин ой жүгүрткөндөрдү абдан терең сыйлашат.

 

- Эркин ой жүгүрткөндөрдү биз деле сыйлайбыз го?

 

- Ооба. Анда талаш жок! Бирок, мен алдыңкы илимге, так аргументтерге, ишенимдүү фактыларга жана сапаттуу анализге таянган эркин ой жүгүртүү туурасында айтып жатам. Эркин ой жүгүртүүнү андан ары акылдын негизинде туруктуу өркүндөтсө, коомчулуктун дагы маданий жана интеллектуалдык деңгээли чындап эле бат өсөт. А кокус аны таптакыр туура эмес пайдаланса, коом сөзсүз бара-бара бузулат.

 

- Сизге деле сырттан абдан жакшы байкалып жаткандыр. Бизде, Кыргызстанда, Батышты анчалык жактырбай калышпадыбы. Ошон үчүн “Америкалыктардын демократиясынын бизге кереги жок!” дегендер дагы жок эмес. Буга не дээр элеңиз?

 

- Батыштын терс жактарына караганда биз алардан үйрөнө турган жакшы жагдайлары абдан эле арбын. Маселен, өлкөбүздө ушул тапта бутуна туруп бараткан кооперативдерге америкалык фермерлердин билими жана тажрыйбасы абдан чоң жардам бермек. Же Массачусетс Технологиялык Институтунун бизнес борбору Кыргызстандык жаш бизнесмендерге баасыз билим бергенге жарайт. Ушул тапта, танып не, Кыргызстанда Батыштын алдыңкы билими, илими жана жаңы технологиялары жетишпейт! Кыргыз демократиясы акырындык менен өнүгүп баратат, эл аралык, ошонун ичинде Американын тажрыйбасын пайдаланып, саатты артка карап эч ким жүргүзө албасын түшүнүүгө мезгил жетти.

 

- Эми Кыргызстандагы азыркы абалга көз салалычы. Улуттун алдында кандай олутуу маселелер турат деп эсептейсиз?

 

- Кыргызстандын тагдырынын оң жагына чечилишине түздөн-түз таасир этчү үч жагдайды көрүп турам. Булар: жогорку маалыматтуу жаңы муунду белендөө, алдыңкы бизнестин өнүгүшүнө толук кандуу шарттарды жаратуу жана кесипкөй армияны куроо. Аталган үч маселени ийгиликтүү жайгарып алсак, ошондо гана мамлекетибизди бүтүндөй сактап калганга жарайбыз! Албетте, мунун өзү көптөгөн убакытты талап кылат. Эгерде буга азыртан киришпесек, кийин кеч. Кыргызстан дүйнөлүк көч артында калып кетебиз.

 

- Дегеле жаңыдан шайланган  Жогорку Кеңеш кесипкөй Өкмөт курап, бир катар реформаларды жүргүзө алаарын көзүңүз жетеби?

 

- Бүтүн дүйнөдөгү жана КМШ өлкөлөрүндөгү өтө оор экономикалык кризис Кыргызстанды кыя өтпөстөн, анын акылабын ого бетер татаалдаштырып таштады. Баарыбыз жеке амбициябызды жыйыштырып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, аябай акылду, сапаттуу жана бирдиктүү тынымсыз иштесек гана азыркы кризистен эсен-аман чыгып кетебиз. Демек, Кыргызстанга ушул тапта абдан кесипкөй Өкмөт абадай эле зарыл!

 

Бирок, Кыргызстандагы Өкмөт куроо саясаты ойлонгон адамды абдан таңкалтырбай койбойт. Экинчи жагынан көңүл буруучу жагдай: бул саясий жолбашчылардын түпкү саясий маңызы. Бүгүнкү Кыргызстандын улуттук жетекчилик саясий программасын  социалистер, саясий туруму жагынан ренегат оппортунистер жана популисттер түзүшөт. Социалдык макамын карасак, баары эле капиталисттер. Булардын өлкөнү кайсы жолго салаары азырынча бүдөмүк. Ошону үчүн «Атты такалаганча, жолду бакала» -дешет кыргыздар.

 

- Абдан туура байкаптырсыз. Эл дагылде чочулап турат. Анткени, алар соолуп калган көлгө бака болушканы менен, социалистпиз дешкени менен баары бир түпкү идеясы - байлык, а куралы - бийлик. Булардын программалары эгиз козудай элге бейишти гана сунуштайт, чын-чынына келгенде баары тең Кыргызстанды тозокко түртүп жатышат. Ошон үчүн элди алардын түпкү идеясы дегеле кызыктырбайт. Чынбы, агай?

 

- Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоонун жүрүшүндө берген убадаларын баарынын аткарылышын сөзсүз талап кылыш керек! Журналисттер серепчилер менен кошо калпты чындай койгулагандын ордуна, элге саясатчылар жөнүндө обьективдүү гана ар тараптуу маалымат таратканга милдеткерсиңер. Антпесеңер, карандай калп акыры-соң ырысыңарды сөзсүз кесет. Бара-бара күчтөнүп бараткан популисттер мамлекетке орду толгус зыян келтирип жатышат. Кыргызстанда ушул тапта сөзү туура, бирок, санаасы кара саясат доору сүрүп жатат.

 

“Бакиевди колдогондор кайра бийликке келип жатышса, биздеги адилеттүүлүккө ким ишенет, ыя?”

 

- Азыркы Кыргыз Өкмөтү жемкорлукка каршы чын дилден күрөшүп жатат деп ишенесизби?

 

- Реалдуу караганда, жемкорлук биздин коомдун ар бир клеткасына чейин кирип кеткен. Тилекке каршы, азыркы учурда Кыргызстанда жемкорлукка каршы ийгиликтүү күрөшкөнгө саясий, идеялогиялык жана моралдык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр дээрлик жетишпейт. Бекеринен кыргыздар саясий режимдерди клептократия (уурулардын бийлиги) деп аташпайт. Жарандык коомдун мүмкүнчүлүгү бизде абдан эле чектелген. А жалпыга маалымдоо каражаттары жемкорлук жөнүндө коомдо обьективдүү пикир түзө албай жатышат. Анткени, Кыргызстанда сот адилеттиги деген жок!

 

- Укук коргоо органдары жемкорлукка каршы күрөштү күчөттү деп расмий түрдө мактанып жатышпайбы. Сиз ушуга ишенесизби?

 

- Анализ көрсөтүп жатпайбы. Кыргызстандагы эки төңкөрүштөн кийин укук органдарында эл күткөн реформа жана ийгилик жасалган жок! Тескерисинче, алар бийликтин саясий куралына гана айланышты. Коом үчүн бул дагы эле опурталдуу!

А 20105-жылдын 7-апрелине байланыштуу өтүп жаткан сот жараяндары офицер-жоокерлердин мамлекетке таптакыр ишенбей тургандыгын биротоло тастыктады. Жөнөкөй тапшырманы аткаргандар күнөөлөнүп, качкын президент Курманбек Бакиевдин чечимдерин ачык эле колдогондор кайра бийликке келип жатышса, биздеги адилеттүүлүккө ким ишенет, ыя?  

 

- Сиз 2010-жылдагы апрель окуясын мурдатан эле төңкөрүш деп сыпаттап, “Курманбек Бакиевди жөнөкөй эл жана Путин гана кулатты” деп келатасыз. Дегеле Орусия менен ушул таптагы мамилебизге кандайча карайсыз?

 

- Ооба.Орусиянын килейген рыногу Кыргызстанга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Ошондуктан, экспортубузду көбөйтүп, бизнес жаатындагы байланыштарды күчөткөнүбүз ийги. Орусия жана Казакстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенден кийин бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук түрдө пайдаланганыбыз оң. А коопсуздук жагына келгенде Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыгын эске алып ишенимдүү байланыштарды мындан ары дагы улантканыбыз оң. Буга толук шарт бар. Бир гана жагдай: Орусиянын башка мамлекеттер менен геосаясий карама-каршылык оюндарына Кыргызстан таптакыр аралашпаганыбыз ийги. Мындан зыяндан башка эч пайда таппайбыз!

 

Менимче, Кыргызстан АКШ жана Кытай менен байланыштарын туруктуу жакшыртканы дурус. Аталган  мамлекеттер менен алысты карап, терең ойлонуп, акылдуу иш алып баруубуз абзел! Ошондо гана улуттук кызыкчылыгына бекем турган, кадырлуу, туруктуу Кыргыз жетекчилиги менен бардыгы тең аргасыздан эсептешет. Кандай оор болсо дагы ар кандай шартта тең салмактуу жана түз мамилени карманганыбыз оң!

 

- Азыркы кээ бир көрүнүктүү саясатчылар Путинге кайрылып, “Курманбек Бакиев Москваны көп ирет алдады”  деп жатпайбы. Сиз буга эмне дейсиз?

 

- Чынында эмне болгонун эл бизден жакшы билет. Бакиевдер акылсыз, ачкөз оюн ойноп, Кыргызстанды тебелетип салды.  Ошондуктан, бул жорук башкаларга дагы ачуу сабак болушу кажет! Бирок, Орусия президенти Владимир Путинден ашыкча Орусияга күйүүнүн кажети жок. Улуу орус эли өзү турбайбы. Алар биздин жардамыбызга эч качан муктаж эмес!

 

- Бул жөндүү деңизчи. Ошентсе дагы сокур саясатчыларга тантыкдагы молдо эмеспи. Биз саясатчылардын лапшасын кулактарыбызга илип жүрүп чарчадык. Мындай абалды жөнгө салууга коомдун күчү жетээр бекен?

 

- Алишер, аң-сезимибиз заманбап өзгөрүп, жан дүйнөбүздө руханий ыңкылап болмоюнча, Кыргызстандагы акыбал дагыле оңолбойт!

 

- Анда кандай көз караштагы, же кандай өңүттөгү кишилер Кыргызстанды кризистен алып чыгууга жарайт деп эсептейсиз?

 

- Түбөлүкидеялардан, байыркы улуттук баалуулуктардан жана азыркы алдыңкы дүйнөлүк идеялардан жуурулуштуруп жалпы эл ээрчий турган идеология ойлоп чыккандар гана Кыргызстанды кризистен бат бошотконго жарашат. Ошондуктан, ушул тапта калкты артка түтпөстөн, алдыга гана үндөгөн жана баштаган жолбашчыга муктажбыз!

 

- Азыркы патриот улутчулдар буга жарабайбы?

 

- Экөөнүн айырмасы жер менен асмандай.Улутту сүйгөн улутчулдар жана кор улутчулдар бар. Ошондуктан, булардын айырмасын билип алуубуз кажет. Кор патриоттук жана опурталдуу улутчулдук элибизди эски доорго жана жалаң гана чыр-чатактарга, ошондой эле согушка түртөт. Башка улуттардын укугун сыйлабаган саясат Кыргызстан үчүн өтө зыян. Тилекке каршы, көбүбүз ушуну эмдигиче таптакыр түшүнбөй жатабыз. Борбор Азия жаңы тарыхынын абдан татаал этабына келди. Эң коркунучтуу өзгөрүүлөр Кыргызстанда эми гана башталат.

 

“Азыртан баштап акылдуу тышкы саясат, кесипкөй чакан армия, сапатуу ички аскерий күч жөнүндө ойлонуш керек”

 

- “2010-жылы Өзбекстан президенти Ислаим Каримов  болбогондо, Кыргызстандагы улуттар аралык жаңжал тутанып олтуруп накта согушка айланып, бүгүнкүгө дейре уланат эле” дешет айрымдары. А Ислам Каримов өзү “Муну үчүнчү күч уюштурду!”- деп келатат. Сиз не демекчисиз?

 

- 1990 жана 2010-жылдардагы кагылышууларда, ырасында, Өзбекстан президенти Ислам Каримов Фергана өрөөнүндө туруктуулукту абдан бекем сактады. Анткени, ошондо сырткы күчтөрдүн негизги максаты Кыргызстанды пайдаланып, ал аркылуу Өзбек режиминин күчүн сынамак. Ага жеткен жок!

 

- Дегеле, Ислам Каримов Өзбекстанда президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстанга, жалпы эле Фергана өрөөнүнө олуттуу коркунуч жаралбайбы?

 

- Албетте, Өзбекстандатуруктуулук бузулса, Кыргызстанга сөзсүз кесепети тийет. Анан кокус коңшу өлкө президенти алмашып кетсе, ким билет, жаңы жетекчиликтин башында Кыргызстан туурасында кандай ойлор болот? Эгерде жер, суу жана чекара маселелери бара-бара таталдашса, улутчулдук эки тараптан тең курчуса, албетте, чыр-чатак ырбап олтуруп сөзсүз согушка жол ачылат.

 

- Эсимде, беш-алты жыл абалы айткан элеңиз. “Кыргыз бийлиги коопсуздук жөнүндө эч ойлонбой койду. Мунун азабын куп тартабыз!”- деп. Азыр деле акыбал ошо боюнча эле калгандай. Деги, эмне кылыш керек?

 

- Коңшулар менен болгон курч маселелерди жеринде ырбатпастан дароо чечип, Кыргыз, Өзбек жана Тажик кызыкчылыктарын бири-бирине чиелеништирип,  көз каранды кылганга аракет жасаган оң. Өзбекстан жана Тажикстан менен чыр-чатактарга жол бербөө жана конфликт убагында биргелешкен чараларды көрүү механизмин иштеп чыгуу абзел! Жер, сууларды урунуу үч тараптын тең кызыкчылыгына гана багытталышы керек.

 

Обьективдүү демографиялык, экономикалык жана климат өзгөрүү шарттары боюнча мамлекеттердин ортосунда теңтайлашуучулук барган сайын күч алууда. Борбор Азия чөлкөмүндө жакынкы жылдарда ар кандай коркунучтуу трансулуттук уюмдар ишин өтө активдештирет. Орусия, Кытай жана АКШнын аймакка карата карама каршылыгы мындан дагы күчөйт. Улам өзгөрүп жаткан абалга карата бизге реалдуу иштей турганулуттук коопсуздук стратегиясы абадай керек! Азыртан баштап акылдуу тышкы саясат, кесипкөй чакан армия, сапатуу ички аскерий күч жөнүндө ойлонгонубуз оң.

 

- Кокус жанагындай опуртал кырдаал жаралып калса, ШКУ жана ЖККУ өңдөнгөн эл аралык уюмдар ушул маселелерди дароо жайгарганга кудурети жетпейби?

 

- Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан бирдиктүү саясат жүргүзмөйүнчө, өздөрү ишенимдүү коопсуздук системасын түзмөйүнчө, ШКУнун жана ЖККУнун кйилигишүүсү аркасында маселелер дээрлик бир жаңсыл чечилбейт. Мындан тышкары жеке кызыкчылыктары үчүн Борбор Азия элдерин бөлүп-жарып тирештирип турчу күчтөр дүйнөдө арбын. Ошону үчүн 1996-жылы талибдер Кабулду алганда, 2010-жылы Кыргыз-Өзбек чатакташканда ЖККУнун аймакка мамилесинен эле өзүңөр жыйынтык чыгарып койгула. Азыр деле кеч эмес.

 

- Каяктагы күчтүү армия? Экономикабыз моминтип өлүм-саңги болсо… Дегеле Сиз ойлогондой улуттук экономикабызды кимдер көтөрүүгө жарайт?

 

- Ооба. Жогорку билимдүү жаштар, алдыңкы бизнесмендер жана жаңыча иштеген фермерлер гана Кыргыз экономикасын көтөрүүгө жарайт. Глобалдык экономиканы жана эл аралык саясатты терең өздөштүргөн, алдыңкы университеттердин бизнес мектептерин бүтүрүшкөн, жер жүзүндөгү алдыңкы компанияларда тажрыйба топтогон жаштарга Кыргызстан ушул тапта абдан муктаж! 

 

- Эмне, биздин бүтүрүүчүлөрүбүз балээге жарабайбы, агай?

 

- Албетте. Эңмыктылары жарайт. Бажы биримдиги, Дүйнөлүк Соода Уюму, Евразия экономикалык биримдиги экономика, бюджет, кыргыз-өзбек чатагы боюнча талкуулар муну айгинелебедиби. Гарвард, МТИ, Стэнфорд, Лондон, Пекин университеттердин бүтүүчүлөрү алдыңкы билимден тышкары глобалдык бизнес чөйрөсүндө эң керектүү байланыштары бар, эл аралык капитал, инвестицияга жолу ачык. Ошундуктан,  кытайлар, орустар, казактар улуттук  элитанын жаңы муунун аталган окуу жайларында эмитен даярдап жатышат. А биз бул жатта дагыле көч артында калып кеттик.

 

“Кыргызстанда мураскорлук - бул өзүн-өзү саясий өлүмгө гана даярдоо”

 

- Батыштан билим алгандарга азыр эл таптакыр ишенбейт. Ошондуктан, “Карапайым калктын чыныгы түйшүгүн тең тарткан патриоттор керек!” деген ойлор айтылууда. Минтип эч кимди туурабай кыргызча эле жашасак, болбойбу?

 

- Албетте, бул терең жаңылыштык!Батышта билим алгандардын басымдуулугу - кыргыз элинин накта патриоттору. Алар Мекенин башкалардан кем эмес билишет жана сүйүшөт. Менимче, ушул тапта Кыргызстанчыныгы патриотторго, ошол эле мезгилде заманбап  билимдүү жаштарга абдан муктаж! Дал ошолор Мекенибизге абдан чоң пайда келтиришмек. Карагылачы, Кыргызстанда элет жергесин азыр мигранттардан чыккан ишкерлер гана өнүктүрүп жатышат. Заңгыраган үйлөрдү, ооруканаларды, чакан завод-фабрикаларды, мектептерди ошолор куруп жатышат. Мамлекет эмес! Анан неге кур эле намыстанасыңар, ыя? Дал ошолорду Кыргызстандын чыныгы патриоттору десек куп жарашат.

 

Туура. Батышка каршы саясат бар. Бирок, чындык мындайча. Жыйырманчы кылымда  кыргыздарды сабаттуу элдердин арасына кошкон коммунистик идеология ошол эле Батыштан келбеди беле. Азыркы элдик күнүмдүк жүрүм-туруму, Өкмөттүн бюджети  Батыштын технологиясына  жана финансалык көмөгүнө гана таянат. Жалпы мисал: Кыргызстандын саясий жана экономикалык системалары бүт Батыш моделинде түзүлгөн. Жаңы кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө улуттун маданияты, каада-салты  эске алыныш үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. “Кыргызча эле жашайбыз” дегенге бардык шарттар турбайбы. Эч ким кыргыздардын колу-бутун тушап койгон жери жок го. Демек, Батышты же Чыгышты бир жактуу айыптагандын ордуна өзүбүздүн мүчүлүштөрүбүздү дагы моюндабайлыбы, ыя? Азыркы доордо Кыргызстанда бардык элдердин алдыңкы билимдерин жуурулуштуруп пайдалануубуз кажет!

 

- Темир Сариевди премьер-министр кылып иштетүү аркылуу Алмазбек Атамбаев өзүнө кийинки мураскорду даярдап жаткан жери жокпу?

 

- Кыргызстанда мураскорлук - бул өзүн-өзү саясий өлүмгө гана даярдоо. Муну көп жылдык тажрыйбабыз тастыктабадыбы.

 

- Бакыт мырза, кыргыз саясатында дегеле Сиз билбеген сырлар барбы?

 

- Бир нерсени эч түшүнбөй башым маң. Эмне үчүн эли-жерин көргө сүйрөгөндөрдү эл колдойт?

 

- Журналистер ушак–айың таратып, карандай калпты жаза берип элдин башын таптакыр айлантып салды өңдөнөт. Сиз жөнүндө не деген гана калптарды таратышпады?

 

- Калпычылар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынышат.

 

- Бакыт мырза, мурда, кулатылган президент Бакиев режиминин тушунда, азыркы ажобуз Алмазбек Атамбаев менен мамилеңиздер абдан жакшы эле. А негедир акыркы жылдарда Алмаз Шаршенович менен мамилеңиздер мурдагыдай эместиги даана байкалып турат. Мунун себеби эмнеде?

 

- Президент Алмазбек Атамбаев менен мамилебиз мурдагыдай эле маданиятуу калыбында эле турат. Болгону көз караштарыбыз бөлөкчө. Эми калганын мезгил көрсөтөт ко.

 

- Кыргыздар айтат эмеспи. “Ат айланып баары бир казыгын табат” деп. Кийин-соң Мекениңизге, Кыргызстанга, кайтайын деген ниетиңиз барбы?

 

- Албетте, бар! Бирок, азыр деле Кыргызстанда болбосом дагы Мекенден алыстаган жерим жок. Жүрөгүм, көңүлүм – Кыргызстанда.

 

- Айрым серепчилердин баамында, Кыргызстан бүгүн өтө кудуреттуу, баарынан мурда абдан таза улуттук жолбашчыга абдан  мукурап турган чагы. Ошолордун -  болочоктогу президенттердин анабашында Сиздин дагы ысымыңыз соңку тапта байма-бай аталууда. Сиз буга өзүңүз эмне дээр элениз?

 

- Силерде каалаганжолбашчыны тандоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Беш жыл мурда жалпы элдин аң-сезимине жана саясий маданиятына жараша жыйынтык чыгардыңар. Мына парламент кайрадан шайланды. Эми жаңы Өкмөт куралат. Бир нерсени эстен чыгарбоо абзел: таза лидер – Кыргызстандын азыркы шартында фантазия.    

 

- Сиздин оюңузча, Кыргызстанга ушул тапта өнүгүүнүн, ошондой эле мамлекетти башкаруунунун кайсыл модели ылайыктуу деп эсептейсиз? Парламенттикпи, президенттикпи же аралаш башкаруубу?

 

- Алишер, модель экинчи маселе, биринчиси, элдин руханий дүйнөсү жөнүндө ойлонуубуз кажет. Пейил-ниет оңолсо, мыйзамдуулук өкүм сүрсө, саясий маданияттын деңгээли жогоруласа, албетте, жакшы өзгөрүүлөр Кыргызстанда эми гана башталат.

 

Кепке тарткан

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (222), 28.10.2015-ж.