Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова менен маек

 

- Бөдөш Аманбаевна, коомчулукта шайлоонун кандай өткөнү тууралуу талкуу дагы деле токтой элек. Бийлик таза өттү десе, айрымдар ага макул эмес. Сиздин көз карашыңызда таза шайлоо өткөрө алдыкпы?

 

- Баары эле “шайлоо таза өттү” деп тотукуштай сайрап атышат. “Буга чейин болуп  көрбөгөндөй таза шайлоону камсыздадык” дешүүдө. Туура, мурдагыдай болгон жок. Мугалим, дарыгерди баш кылып мамлекеттик бюджетке көз каранды кызматкер-жумушчуларды атайын маршруткага салып алып шаарды айлантып, бир шайлоо аймагынан экинчи шайлоо аймагына алып барышпады. Ошондой көрүнүштөн көңүлү калган байкоочуларга бул таза шайлоодой сезилди. Бирок, добуш топтоонун башка ыкмасы мында деле колдонулду. Айрым аймактарда атайын жалданган маршрутка менен топ шайлоочуларды добуш берүүгө алып барышканы тууралуу маалыматтар тарады. Ал турмак интернетке сүрөттөрү да чыгып кетти. Мисалы, Алай районуна маршрутка менен  өзбек улутундагы жарандарды  ташыгандар тууралуу  айтылып эле атат. Билесиңер, өзбек туугандар Алайга өтө чоң  кайтаруу болбосо бара алышпайт. Демек, алардын коопсуздугун колунан келген тарап камсыздады. Бул баштапкы шайлоолордогу колдончу ыкманын эле башкача көрүнүшү.

 

- Бул шайлоодо “мурдагы шайлоолорго караганда акча чоң роль ойноду” дегенге кошуласызбы?

 

- Эл негизинен сатылды. Баары айтып атат, мурда эл добушун бийлик кыстап, кол алдында иштегендерди жетекчилери алып барып,кайсы бир партияга добуш бердиртсе, бул сапар добуш ачык эле сатыкка түштү. Бирок, көзүбүз менен көрүп турганды да далилдеш кыйын болуп турат. Биринчиден, элдин ушундай деңгээлге жетип, добушун баалап, акчага сатышы ойго келбеген нерсе болчу. Мисалы мен үчүн элди ушундай дегредацияга жеткиргендик күтүлбөстүк болду. Карап көргүлө, парламентке акчалуулар, анан бийликтин партиясы келди. Бул шайлоонун базарга айланганынын ачык далили. Мейли эми, бул да болсо элдин тандоосу. Эл эгер акчалуулар парламентке барышы керек деп чечсе, акчалууларды тандаса, эл бийлигине эмне демек элек. Жарыштан алдыга озуп чыккандарга ийгилик каалайм. Бирок, элди ыраазы кылып келдик, “алар добушун сатты, биз сатып алдык” дебей, парламенттик трибунасында болобу, залда, микрофон алдындабы, орчундуу маселелерде эл өкүлдөрү экенин унутпай, элдин кызыкчылыгына иштешсе дейт элем.

 

- Бийликчил партиянын шайлоодогу ураанына президентти кошконун да бийлигинен пайдаланып, добушту мыйзамсыз алуунун жаңы түрү десек болобу?

 

- Биометрика жаңы ыкманын жүзүн ачты. Маалымат каражаттарында биометрика менен жеткен жетишкендикке кубанып, “биз ким элек, ким болдук” деп айткандар да пайда болууда. Мурдагы биз менен азыркы биздин айырмасы аз эле, кыйратып космоско учуп кетпедик, телегейибиз тегиз болуп май көл, сүт көл болуп жашап калбадык. Жашоо мурдагыдай: пенсия аз, электр энергия кымбат. Жарандарыбыздын үйүнүнү алдында темирге өткөрүүдөн башка пайдасы калбаган эски машина турса да “сен пособие албайсың” деп чектөө киргизген көрүнүштөр толтура. Биометриканын абийирин “форма 2” деп аталган кошумча тизме менен шайлоого киргизишпедиби, ошол жаап кетти. Менин баамымда эл эртең мененки бир мезгилде күчтүү агым менен шайлоого барды. Бардык шайлоо аймактарында кезек күткүндөрдүн саны арбып турду, алардын баары өз каалоосу менен “татыктуу партияга добушумду берип, мамлекеттин келечегине салымымды кошоюн”,- деп келген болсо жакшы. Бирок, билип жүргөнүбүздөй эле мунун артында көп нерсе бар. Бийлик – айылдык деңгээлдеги жетекчиден баштап президентке чейин таза шайлоо ураанын көтөрүштү, ошол эле мезгилде баары бирдей үгүт ишине түз болбосо да кыйыр түрдө салым кошушту. Биз шайлоочулар менен жолугушууга барганда айрымдар парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоону айырмалай албай калганына күбө болдук. Бир жерде бизге “президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоо чогуу өтөбү?”- деп суроо беришти. Көрсө, КСДПнын “Өлкөнү ойлойлу, президентти колдойлу” деген ураанын башкача түшүнүшүптүр. “Президенттик шайлоо эки жылдан кийин өтөт деп атышпады беле, анан эмнеге президентти колдойлу деп атышат”- сыяктуу сурагандар көп жолукту. Элди ушундай чататыштурууга алып келүү, эреже бузуу менен өткөн шайлоону таза өттү деше турган болсо, ага да макул бололу. Кандай болгон күндө да эл өз каалоосу менен добушун акчага баалап берди. “Элдин көңүлү, тандоосуна басым жасайбыз” деп бир эмес эки жолу бийлик алмаштырдык. Экинчиси өзүңүздөр билгендей кан төгүү  менен коштолду. Мен шайлоого түз катышкан адам катары дагы бир жолу кайталайм: эл добушун сатты. Бизге деле айтып атышты, “кана эмне бересиңер, эртең бул партияны кайдан табабыз, андан көрө бүгүн эле бергиле”,- деп. Айрым партиялар масштабдуу жолугушууларды өткөрүп атышты, лидерлер чогулган көпчүлүктүн алдында микрофон менен сүйлөп программасын түшүндүрүштү. Андайда эл менен тыгыз карым-катнаш болбой, көксөгөн маселелерге жооп алынбай калганын эл айтты. А мен мурда кандай үгүт иштерин жүргүзсөм, бул сапар да ошондой кылдым. Анткени табиятым ушундай, аз кишиби, көппү, маңдай-тескей отуруп, баарлашып, эмне иштерди жасадым отчет берип, алдыга койгон пландарым менен бөлүшөм. Мен элден сурап аттым, “беш жыл ичинде элдин маселесин көтөрүүдө эмнени унутта калтырдым, кандай кемчиликтерди кетирдим?”- деп. Бул да болсо, эгер туз-насип буйруп, парламентке дагы бир жолу барып калсам ошол кемчиликтеримди түздөйүн деген ой болчу.

 

- “Азаттык” партиясы жалпы өлкө боюнча 10 миңге жетпеген добуш алды. Тарапташтар ушунча аз экенине ишенесизби?

 

- Мен да ушул нерсеге ынанбай турам. Бул мен үчүн тарых, далил материал – үгүт иштери башталганда куда-сөөк, тууган-туушкан, жакын санаалаштарды чогултуп, ким канча добуш алып бере алат, ким канча адамга менин программамды жеткире алат - сүйлөшкөнбүз. Алардын ар бири  программамды 10 кишиден 20 кишиге жеткиргенде эле, менин баамымда Кыргызстан боюнча 10 миңдей адам мага добуш бериши керек эле. А бирок БШК “Азаттыкка” жалпы өлкө боюнча 5 миң адам добуш берди деп көрсөттү. Ушул убакка чейин телефон чалуулар болуп атат, “биз сага добуш бердик эле, топ болуп барып катарыбыздан сага добуш таштаганбыз” деп. Кимисине ишенерди, билбейсиң. Же алар алдадыбы, же БШК бурмаладыбы, балким урна туура эмес эсептегендир, айтор табышмак. Ага да мейли.

 

- Демек, БШКнын билдирүүсүнө  каршылык билдирбейсиз?

 

- Мен макул эмесмин, бирок макул эместигимди элдин таразасына койдум. Эл добушун ачык сатып атканын көрдүм, демек бул алардын тандоосу, мындай тажрыйбаны да көрүшсүн.

 

- Сиздердин элдин таразасына койгонуңуздарды бийлик “жеңилген партиялар да шайлоонун жыйынтыгына макул”- деп кабыл алып атышат?

 

- Маалыматтарды кандай таратып атканын көрүп, угуп атам. Жеке менин оюм, телевизордон кыйкырып аткандай, “Биз ким элек, ким болдук” болуп секирик менен таза шайлоого өткөн жокпуз. Ар бир мезгилдин бири бирине окшобогон шайлоо өнөктүгүн өкөрүү ыкмасы бар. Шайлоонун шарданы бул жолу да болду. Бакиевдин убагындагы шайлоо өткөрүүнүн оюндары Акаевдин убагындагыга окшошподу, ал сыңары эле бул сапар да такыр башка ыкма колдонулду. Өзүнө ылайыктуу, өзгөчөлөнгөн мыйзам бузуулардын технологиясы  коштоду. Баштагыдай урна уурдап кетмей, бюллетенди катарынан таштамай көрүнүштөр орун албагандыктан “таза шайлоо өткөрдүк” деп кыйкыра берсек болот.

 

- “Саясатчыларды олигархтар жеңди” деп да айтып атышат…

 

- Эл эртеңки күндү ойлобой, “биз беш жыл иштей турган парламентти дайындап атабыз, кандай иштейт, мамлекет үчүн тик туруп береби?”- деген суроого акыл калчабай туруп, күнүмдүк жашоо үчүн тандоо жасаса анан ким жеңмек эле? Жарты тыйыны жок саясатчыларбы, же олигархтарбы? Дал ошондуктан, бул жолу акчалуулар алдыга чыгып, саясатчыларды артка калтырышты.

 

- Акчасы көп олигархтардын парламентке умтулганын кандайча чечмелер элеңиз?

 

- Парламентте беш жыл отурган убагында капысынан келип калган олигархтар кайсы бир мамлекеттик деңгээлдеги маселе чечилип атканда баш-оту менен киргени сейрек болот. Булардын мандат алуудагы өзүнүн кызыкчылыгы, спецификасы болот. Кандай учурда адам олигарх болот? Оңой акча жасоо механизмин колдонгондо. Күнү кечке тыным албаган дыйкан, же жумушчу канча аракет кылса да олигарх боло албайт. Төбөсүнөн колдогону күчтүү болуп, башкача ыкмалар колдонгондо адам байлык топтойт. Күбө болдук го, кээ бир партиялардын шайлоо фонду канча суммага жеткенине. Жөнөкөй саясатчы, мамлекеттик кызматкер, ал турмак майда соода-сатык менен алектенгендер андай сумманын өмүрүнүн акырына чейин чогулта албайт. Ошондой байлык топтоонун сыйкырдуу сыры бар. Эмнеге ошончо байлыгы туруп да парламентке барууга умтулуп атат? Албетте, значок, күбөлүк анан депутат деген статус үчүн.

 

- Эми шайлоодон өткөн алты партия алдыда кандай аракеттерге барат, баам салып көрдүңүзбү?

 

- Мындан аркы аракеттер баарына дайын – көпчүлүк коалиция куралат. Андан сыртта калганы оппозицияга кетет. Коалициялык өкмөт болот, анткени бир партия жетиштүү көрсөткүчтү багынта албады. Такталган-такталбаган маалыматтарга караганда, азыр партия лидерлери буту үзүлгүчө КСДПнын артынан чуркап жүрүшөт. Башкаруу коалицияга кирүүнү амалын кылып. А партияда чоң масштабдагы адамдар тизмесинде бар. «Өнүгүү»,  «Бир бол», «Ата Мекен» болгону 11-12 мандаттан алышты. Тизмесинен сырткары партия үчүн иштеп бергендер турат, аларга да маселесин чечип берүү керек. Ошондуктан шайлоого чейин элге барып, добушун алууга кандай аракет көрсө, эми так ошондой темп, так ошондой аракет менен КСДПны айланчыкташууда. Башында башкаруу коалицияга «Республика-Ата Журт», КСДП, «Кыргызстан» жана «Өнүгүү» кирет деп атышкан, эми башка карта пайда боло баштады. Эгер оппозицияда аз мандат алган «Өнүгүү», «Ата Мекен» же «Бир бол» калса, алардын парламентте бар-жогу билинбей, үндөрү кумга сиңген суудай болот. Алар менен Жогорку Кеңеште эч ким эсептештейт. Андыктан баарына коалицияга кирүү маанилүү болуп, баш ооруга айланып турат. Министрлер кабинети түзүлөт, өкмөт дайындалат дегендей, бардыгы бул иш чарага катышууну каалайт.

 

- Азыркы өткөн партиялардын арасында чыныгы оппозициялык маанайдагы бирөө-жарым барбы?

 

- Жок.

 

- Анда оппозицияга калса аракеттери кандай болот?

 

- Парламенттик башкаруу болгондон кийин азчылык сөзсүз болот. Эки партия оппозицияга калтырылат. Бирок, оппозиция боло алышпайт, жөн гана эрежени негизинде оппозиция деп айтылып тура берет. Мурдагы чакырылышта деле башынан аягына чейин оппозициялык мүнөзүн көрсөткөн фракция болбоду.  Ар фракциядан саналуу депутаттар гана чындыкты карманышып, көздөгөн позициясынан жанбай иштешти. Бул чакырылышта андай депутаттар да жок, демек мурдагыдан бешбетер болушат.

 

- Кайсы бир мамлекеттик маанилүү талаш маселелер элдин кызыкчылыгына чечилишинен үмүт кылуунун кереги жокпу?

 

- Бийликке ылайыктуу мыйзамдын баары өтөт. Мамлекетке орчундуу таасири тийе турган маселеде талаш-тартыш жаратып, чекеге чыккан чыйкан болгон партиялар өтпөй калышты.

 

- “Кумтөргө” байланыштуу маселени ушул чакырылыштагы парламент чечеби?

 

- “Кумтөргө” буйруса ушул чакырылыштагы парламент чекит коет. А кандай жагына чечерине көзү ачыктык кылбайм. Бирок бийлик сунуштаган вариант өтөрү түшүнүктүү нерсе.

 

- Дагы кандай талаш-тартышты жараткан маселелер сиздердин парламенттен жаңы парламенте “мураска” калды?

 

- Чырлуу электр энергиясына байланышкан маселе бар. Баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, Жогорку Кеңеш “электр энергия маселесин өкмөт чечсин” деп милдетти берип койгон. Эл аралык келишимлер ратификацияга келет, ошол эле “Манас” аэропорту, “Мегаком” компаниясына байланышкан келишим келиши мүмкүн. Анын баары кандай чечилет, убагы келгенде көрө жатарбыз.

 

- Негизи эле, кайсы бир маселеде талкуу учурунда талашып-тартышкан депутаттар көп болот, бирок добуш берүүгө келгенде бийлик сунуштаган вариант өтүп кетет. Муну кандайча түшүнсө болот?

 

- Унчукпаган депутаттан көрө унчугуп позициясынын ары же бери экенин билдирген депутат артык. Унчукпай отурушуп, добуш берүүгө келгенде бийлик же өкмөт каалаган жыйынтыкты камсыз кылып берүүгө салым кошушат. Парламенттеги эң ыңгайсыз, жагымсыз нерсе ушул да. 5-чакырылышта деле талаш-тартыш маселе талкуу болуп атканда жок да, добуш берүүгө келгенде тизилип келип ак каргадай болуп отуруп калышат. Маселеге өзүнө керектүү кнопканы баскандан кийин чыгып кетишет, ошону менен кийинки чырлуу маселеге добуш берүү болмоюнча көрбөйсүң аларды. Ошондой тил алчаак депутаттар башка фракцияда болушса да, бүгүн КСДПнын катарын толукташты. Анткени, кызматын өтөштү, ишенимине киришти. Көтөр дегенде көтөрүп, түшүр дегенде түшүрүп, катыш десе катышып, “бүгүн баягы чыр депутаттар чырдайт, катышпай эле кой” десе, катышпай айтканын аткарып, тизмеден орун алууга “татыктуу” болушту.

 

- Бул сапар да ошондой депутаттар көптүк кылабы?

 

- Элдин көйгөйү, мамлекеттик маселеге караганда жеке бизнеси, жеке кызыкчылыгын жогору койгон эл өкүлдөрү көп келди. Шайлоо алдындагы дебатта айрым партиялардын фондундагы чоң сумма “кайдан келди, ар бир акчанын эсеп-чоту болуш керек” деген суроого, ачык эле “менин 7 ишканам бар” деп айткандар да болбодубу. Мен бир адамга 7 ишкана таандык болорун чындаса ушул кезге чейин билбептирмин. Байлыгы көп балдар бар экенине бир эсептен кубанасың, бирок, “эмнеге алар 5 жыл парламенттик шайлоону күттү?”- деген суроо жаралат. Беш жылда бир күтүрөтүп чачпай, ага чейин деле кирешесинин кайсы бир пайызын бөлүп, жетим-жесирлерге, майыптарга, ден-соолугу жагынан муктаж адамдарга жардамын бере берсе болбойт беле. Телевизордон кандай гана нерсени көрсөтпөйт, бирөө бөйрөгүн алмаштырыш керек болсо, экинчиси да дагы бир оору менен элден жардам сурайт. Ошончолук эле элге күйүмдүү болсо толтура байлагынын азганак бөлүгүн ошондой кайрымдуу иштерге жумшабайбы. Шайлоо алдында элге барып нан-чайын берүү кайрымдуулук, же колу ачыктык эмес. Бул өз кызыкчылыгын ойлоп, мандатка жетүүнүн гана аракети.

 

- Жаңы депутаттар келе элек жатып миллиондогон акча коротуп, кресло алмаштырууга өтүштү. Сиздер креслолорду кийинкилер пайдалана албагыдай кылып бүлдүрүп, талкалап кеттиңиздер беле?

 

- Мен өзүмө жооп берейин, залдагы да, кабинеттеги да мен отурган кресло заводдон чыккандай деп айтпайм, бирок эч жери тытылган да, сынган да эмес, бүтүн бойдон. Аны дагы 5 эмес, 10 жыл пайдаланса болот. Бир дагы депутат олтурган креслосун талкалап, бутун, жөлөнгүчүн ажыратып, ыргытып кеткен жок. Сентябрда жыйналыш башталып, бирок кворум болбой өтпөй калбадыбы. Ошондо да көргөм, залда бардык отургучтар бирдей бүтүн, жакшынакай бойдон болчу. Беш жыл ичинде кээде буту сынып калган отургучтар болду, аларды алып барып жаңысына айырбаштап келишчү. Анан эле жаңы отургучтарды чыгарып салып, жаңы отургучтарга умтулуп атышканы түшүнүксүз. Балким, “биз башкача адамдардан куралган парламентпиз, биздин акчабыз көп, мурунку бей-бечара депутаттар отурган отургучка отурбайбыз” деп атышкандыр. Же, “азыр кандай акчанын күчү менен келсек, дагы беш жылдан кийин да ушундай темп менен келели” деп жаңы креслого отуруп, салтта жок ырымды карманышкандыр. Кыскасын айтканда, бул жерде «аш көп болсо, каада көп» көрүнүшү. Кеп кандай креслодо отурганында эмес, кеп ишенип тандаган элдин ишеничин актап, мамлекеттин тагдырына оң салым кошуу. Жазылган мыйзам менен чечилген маселе креслонун жаңы-эскисине карабайт. “Оро албаган орок тандайт” боло берүүнүн эмне кереги бар?! Бардыгы кыйкырып атат, “депутаттардын санын азайтабыз, маянасын кыскартабыз, кызматтык унаадан баш тарттырабыз, ушинтип каражатты сарамжалдайбыз” деп. Эл өкүлү болгондон кийин кандайдыр бир өзгөчөлүгү болушу керек да. Депутатты троллейбуста каттоого мажбурлабай, андан көрө  бүтүн буюмду ыргытууну тыйып, бар оокатты пайдаланып, ушундан үнөм кылышпайбы?

 

- Жакында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы өз ишин аяктайт. Андан ары эмне иш менен алек болосуз?

 

- Мен кандай иш менен алектенмек элем? Мурун кандай жашасам, мындан ары да ошол жашоо улана берет. Адам үчүн, саясатчы үчүн чек болбошу керек. “Депутат болбой калдым, алектене турган ишим калбады, эми эмне кылам?”- деп санаа тартуу болбойт, Кыргызстанда иштейм деген адамга иш толтура. Балким депутат болуп жүрүп болбой калган айрымдар түпөйүл түшүп атышкандыр. А мага мандат маанилүү эмес, эң негизги эл арасында болсом болду. Мен депутаттык ордумду да эл арасынан тапкам. Кайра ошол элдин арасындагы ордума кайтып барам.

 

- “Ар Намыс” партиясынан парламентке келдиңиз эле, бул шайлоо алдында Кулов партиясындагы оппозициялык маанайды карманган депутаттардан “шайлоого барбайм, фонддо акча жок”, - деп коюп, алдоо жолу менен арылган деген сөз бар. Мунун чындыгы канчалык?

 

- Кулов “шайлоого катышпайм, акчам аз” деп айткан эмес. Акчасы барбы, жокпу, аны билбейм бирок журналисттерге берген маегинде да дайыма “шайлоого катышам” деп эле айтып келген. Мен шайлоого чейин эле ал партиядан кетүүнү чечкем. Акчасы жок “Ар Намыстан” кетип, акчалуу партиянын катарына кирип кеткен жокмун. “Ар Намыстан” да шайлоо фонду аз болгон, бирок идеясы, акыл көрөңгөсү күчтүү “Азаттыкка” кошулдум. “Ар Намысты” түзүүчүлөрдүн бири болгондуктан, албетте андан кетүү оңойго турган жок. Абдан ойлонуп туруп далилдүү себептерди калчап көрүп, беш жыл ичинде парламентте отургандагы демилге, кадамдарымды, иш аракетимди ойлонуп, анан ушул чечимге келдим. “Партия менен эмес, лидер менен кайсы бир маселеде бир максаттуу боло албайм” дедим. Чогуу болсом эч убакта өз позициямды карманып, маанилүү маселелерде туура деп эсептеген кадам таштай албай калмакмын. Негизи мен кайсы бир чечим кабыл аларда абдан ойлоном, анан аны шардана кылып айта бербейм. Ошондуктан, кыскартып айтканда, партиядан кетүү менин чечимим болгон.

 

- Лидер тараптан депутаттарга чечим кабыл алынарда басым болобу?

 

- Шайлоонун алдында партиялардын жаштар канатынын дебатында, “мына мен беш жыл парламентте отурдум эч кандай басым болгон жок. Ал жакта өзүңө күчтүү болушуң керек, өз карашыңды катуу карманып”,- деп айтып атышканын уктум. Эмнеге партиянын лидери деп аталат? Лидер болгондон кийин депутаттарга таасири болот. Кайсы бир маанилүү маселеде сөзсүз түрдө өз көз карашын таңуулайт. Айрыкча “буга добуш бер” деп айтканы бушаймандык жаратат. Ачык айтыш керек, басым жасоо айрым учурда болот. Мисалы, КСДПдагы Исаковдон башка лидердин көз карашынан башкача нукта кеткен бир депутат болдубу? Ошондой эле “Ар Намыста” лидердин ою менен болгондор тегерегинде калды, калгандары кетти. Кээ бир эл аралык келишимдер ратификацияга келет. “Каршы” деп гана добуш берүүгө ылайыктуу мыйзамдар. Бирок, лидер “макул” деп добуш беришиңди каалайт. Эл аралык келишим болгондон кийин грант түрүндө каржы булактар келип атса, эл өкүлү катары ал тууралуу мынча каражат келди, деп коомчулукка билдиришиң керек. Ал каражаттар кайсы тарапка жумшалып атканы, максаттуу пайдаланууда болдубу элдин көзөмөлүндө болуп турушу үчүн. Ошондой маселеге келгенде биздин фракцияда бир “салт” бар болчу, мыйзам палатага чыга электе, комитетте каралып атканда эле катчылыктын балдары чуркап жүрүшчү. “Макул деп кол коюп берет экенсиз лидер айтты” дешип. Мен баш тартчумун. Анан да фракциянын министр, чиновниктерди дайындоо отурумуна катышпадым. Кандай жол менен дайындаларын бир көргөндөн кийин өзүмө сөз бергем, “экинчи мындай жыйындарга катышпайм” деп. Эгерде сенин көз карашыңды, оюңду эч ким укпаса, фракциянын жыйынына катышып добуш бергенде деле, менин добушум көпчүлүктүн добушунун алдында калып кетсе – катышып не кереги бар? “Ичкен кудугуңа түкүрбө” дейт, жаманбы-жакшыбы “Ар Намыстан” саясий карьерамды түздөдүм. Мени ал партияга эч ким кир деген эмес, өз эрким менен кирдим, өз каалоом менен иштедим. Анан партияга жарым күн мүчө болбогондор келип не гана кылбады, кандай гана чиновниктерди дайындашпады. Ошондуктан, жолубуз башка экенин билдим.

 

Маектешкен

Гүлмайрам Турусбекова

 

Булак: “Майдан.kg” гезити №44 (221), 14-сентябрь, 2015-ж.