Ошентип көптөн күткөн Евразия экономикалык биримдиги же Бажы союзунда жашаганыбызга да бир ай болуп калды. Бул аралыкта турмушубузда кандай өзгөрүүлөр болду? Болсо жакшы жагына өзгөрдүбү же адаттагыдай тескери жагынабы? Тилекке каршы бул эки суроого жакшы жооп айтууга оозуң барбайт.

 

Эсиңиздерде болсо, Темир Сариев ал кезде Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун координациялаган экономика министри кезинде - эгер Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения мүчө болгон 180 миллиондук рынокко кошулганда ишкерлерибиздин ити жөп жеп, дыйкан, фермерлердин продукциялары өзү эле сатылып, байпагы манат болорун айта берип, кулагыбыздын кужурун алган. Ооба, 12-августта эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда кыргыз-казак чек аралары ачылды. Бажы, чек ара кызматкерлери башка жакка которулуп, алардын ордуна салыкчылар гана отуруп калды дешти. Бирок анын эртеси эле бир “Ак-Жол” бекетинен суткасына 30 миң адамды өткөрө албай, алды эси ооп жыгылса, арты инсульт болду. Мына, биздин өкмөттүн сөзү менен ишинин “дал келгени”. Биз тараптан айыл чарба жана башка продукцияларды өткөрүүдө эч кандай тоскоолдук болбогон менен баурдастар баягыдай эле “алчусун” алып жаткандыгын ошол бергендер редакциябызга өздөрү келип айтышты. Эгер кайсы бир мыйзамга таянып, чындыкты далилдеймин десең, унчукпай өткөрүп коюп, Казакстандын ортосуна же барар жериңе жеткенде экологиялык же ветаринардык кызматкерлери документиңден бир кынтык таап айлаңды кетиришет экен. Андыктан балээни башына үйүүнү каалабаган дыйкан, фермерлер көнгөн адатына салып, мың теңге десе да мыңк этпей колуна карматышат экен. Кошуналардын айрым текшерүү органдарынын мындай өзүм билемдигин ишкерлер экономика министрлигине айтып даттанышты эле, министр О.Панкратов чек арага барып, абалды өзү көргөн соң “Мы соответствуюшим письмом оращаемся к правительству Казахстана”,- дегенге араң жарады. Эми ал кат жазылдыбы, жазылса Астанадан кандай жооп келди? Азырынча дайынсыз.

 

Казакстандын айрым текшерүүчү кызматкерлеринин бул кылыгы жетишпей жаткансып, мамлекеттик деңгээлде да бизге ар кандай бут тосуулар улам жасалып жатат. Мисалы, бир нече жылдан бери 12 сүттү кайра иштетүүчү ишканаларыбыздын продукциясын өз аймагына өткөрбөй, айран, быштагыбызды иритип жатат. Алар өз рыногун коргоп жатабы десек, Беларустун кымбат жана Кытайдын порошок сүтүн ичип жатышкандыгын айтып карапайым казактар зар какшашууда. Фитосанитардык көзөмөлдү алып, күн сайын 100дөн ашык оор жүк ташуучу машиналарды өткөрүп жаткан менен ветеринардык көзөмөлдү албай, төрт түлүк мал менен этибизди өткөрбөй жатышат. Азыр биздин ветеринарлар ар кайсы лабораториянын ачылгандыгын тастыктап, Астана менен Бишкектин ортосунда таманы тешилүүдө. Ошол эле чек аралар ачылган 12-августта казак президенти Н.Назарбаев: “Дүйнөдө казак менен кыргыздар бир тууган, бири-бирине окшош эл жок. Бизде чек ара да болбош керек. Бирок мемлекет болгон соң. Шарттуу түрдө чек ара бар” деп, баарыбыздын чекебизди жылыта сүйлөгөн болчу. Бул эмне, Казакстандын кош стандартыбы же ортодогу майда чиновниктердин коррупциялык иштериби? Эгер ошондой болсо биздин президентибиз Нуракеге бир телефон чалып, эмнеге айтып койбойт?

 

Ал эми Россиянын президенти В.Путин баш болгон орус чиновниктери орустугун кылып, сөзүнө туруп, 10 миң “кара тизмеге” кирген эмгек мигранттарыбызды ал тизмеден чыгарды. Жаңы жылга чейин дагы 40 миң мекендешибизге ушундай жеңилдик берилери айтылууда. Мамлекеттик бюджеттин жарымын түзгөн бизге ушул мигранттардын жеңилдик алышы эле чоң жардам эмеспи. Бирок мунай продукцияларынын дүйнөлүк баасы 1 баррелине 40 АКШ долларына чейин түшүп кетсе да бизде бензин арзандамак тургай, кайра кымбаттап жатышы түшүнүксүз. Ошондой эле Россиядан ташылып жаткан туздан тартып, курулуш материалдарына чейин акырындык менен баасы көтөрүлүп жатышына ким жооп берет? Т.Сариевби же ортодогу алып-сатар шылуундарбы?

 

Бажы биримдигинин тартибине ылайык, уюмдун сыртынан келген продукциялардын баасы төлөм акысы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу жогору болору белгилүү. Бирок базардагылар мурда келген товарларды деле, Россия, Казакстан, Беларустан импорттолгондорун деле тегиз кымбат сатууда. Андыктан кыргыз өкмөтү, анын алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бир аз болсо да монополист-сатуучулардын тизгинин тартып коюш керек го. Өткөндө “Мадина” базарындагы ушундай чайкоочулуктун айынан аз жерден чакан ишкер-тигүүчүлөр көтөрүлүп кете жаздады. Көрсө, бул базардын кожоюну КСДП партиясынын мүчөсү Т.Салимов-байбача адатынча “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген” экен. Бийлик качан гана эл көтөрүлүп кеткенде ойгонобу?

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”, №35, 08.09.2015-ж.