же бардык ажолор жарым мөөнөтү өткөн соң кыйшаңдай баштайбы?

 

Кечээ эле Үзөңгү-Кууштун ажыдаарлар өлкөсүнө, тагыраагы Кытайга “оп тартылып” кетишине караманча-каршы турган депутат Азимбек Бекназаровду болбогон жерден иш козгоп камакка алганда, зулум бийликтин колунан аны сууруп чыгып, адилеттүүлүк орнотууну көздөгөн Аксынын баатыр элине күч колдонуп, Акаевдин тагдыры не күнгө тушукту эле? Андан кийин сөз эркиндигин муунтуп, Ак үйгө кыйшык карап койгондорду четинен камап, сабап, өлтүрүүгө киришип, “бийликти керек болсо колума автомат алып коргойм”- деп алып, акыры өз убадасында туруп, акыйкаттык үчүн күрөшкө чыккан өз элинин канын төккөн Бакиевдин көрөөр күнү эмне болду? Башында келгенде анык элдик башкаруунун орнотууга убада берип, президенттик башкаруусу жарымынан ооп, көчүктөрү бекем олтуруп алгандай туюла баштаганда кыйшаңдап башташат турбайбы, же ажолуктун табияты, турган-турпаты ушундай болобу?! Же жарым мөөнөтүндө өлкөдөн алганы аздык кылып, элге зыяны тийип турса да, “өзүм” дегенде шайтан жолуна түшүп, “көз топуракка гана тоёрун” унутушуп, кызарган-саргарган жердин баарын жайлап, ашатып кетүү - буларга “модабы”?

 

Айтор, азыр да, азыркы президенттин өз элине каршы күч колдонуу багытында сүйлөгөн сөздөрү көпчүлүктүн ындынын өчүрдү. Коррупцияга каршы күрөштө жада калса өз аппаратынын башчысын да аябагандыгына эл абдан ыраазы болуп турган чакта моминтип тескери жарылганы кубаттай турган көрүнүшпү? Же Атамбаевдин да айрым анархиялык аракеттерге карата чыдамы бүтүп баратабы? Анда чында эле күч менен тартипти келтирүүдөн башка аргабыз жок болсо – учурунда Бакиев менен Акаев да туура кылган болуп калабы? Биз бир аз Атамбаевдин бул багытта айткан-деген кептерине кулак төшөйлү.

 

1. 21-июль күнү Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн ачылыш аземинде президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызыкчылыкка жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган күчтөр бар экенин айткан. “Таластагы Жерүй алтын кенинин лицензиясы мурда 300 сомго сатылганда унчукпай отурган саясий күчтөр азыр ал 100 миллион долларга бааланып, эми ишке кирише турган болгондо каршылык көрсөтүп жатышат. Бул жөн эле шылтоо. Эмнеге Жалал-Абадда Бозумчакты, Ысык-Көлдө Кумтөрдү, Чүйдө уран шахталарды иштетүүгө болот, анан Жерүйдү иштетүүгө болбойт? Өзүн кыргыз элинен өйдө койгондордун Кыргызстанга кереги жок. Алардын ордун көргөзүү керек. Беш жылдан бери алардын башынан сылап келатабыз. Күч колдоно турган да учур келди. Жакшы сөзгө түшүнбөсө, мамлекет күчтүн баарын колдонуп, Кыргызстанда тартип орнотуу зарыл”,- деди ажо.

 

2. “Эгерде силерге бийлик керек болуп атса, шайлоого катышкыла. Эки жылдан кийин президенттик шайлоо болот. Бирок биз азыр Кыргызстанды чайпалтууга жол бербейбиз. Кыргызстанда тышкы душмандары бар, бирок ошол эле учурда биз ички душмандардан арыла албай жатабыз. Бүгүн Кыргызстандагы кырдаалды чайпалтууну каалаган күчтөр бар. Алар мамлекет мурдагыдай алсыз деп ойлоп атышат окшойт. Бирок азыр кырдаал башкача. Бизде тартипти жана коопсуздукту кайтарган органдар бар, буга жакындагы Бишкекте болуп өткөн атайын операция далил боло алат. МУККнын кызматкерлери террорчуларды куралсыздандыырп, трагедиялуу көрүнүштөрдүн алдын-алып калышты”,- деди Атамбаев.

 

3. “Бизде “Кумтөр” Ысык-Көлдө иштей берсин, Талды-Булак Чүйдө, биро “Жерүйдү” иштетүүгө жол бербейбиз – деген бүркүттөр чыкты. Биз күч колдонобуз. Катуу чара көрүлөт. Айрым топторго Жерүйдүн ишине жолтоо болуусуна жол бербейбиз. Тартип болушу керек”.- деп да агынан жарылган эле өлкө башчысы.

 

Ажо Атамбавдин өз элине күч колдонууга чындап эрки жетеби жана бул чакырыгы эмне менен аяктайт? Бул багытта биз коомчулуктун пикирин да уктук.

 

Садык Шер-Нияз, экс-министр:

 

“Кордукту көргөн адам кордук жасабайт”

 

- Бул сөзгө абдан эле басым жасай бербешибиз керек. Мен билгени президент ар дайым чатак, жаңжалдарды компромистик жолу менен чечкенге аракет кылып келет. Жана да ушул жолду уланта берет деген ойдомун. Президентибиздин мөөнөтү бүтөөрүнө болгону 2 жылдай убакыт калды, ар бир сөзүндө: “бийликти татыктуу өткөзүп берсем”- деп айтып жүрөт. Ал киши мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөп жатат. Чынында бир аз эмоция кошулуп кетти. Бирок караманча элге каршы иштебейт деген бекем ойдомун, анткени президент өз санаалаштары менен бийликке кордук көрүп келишти. Кордукту көргөн адам кордук жасабайт.

 

Рита Карасартова, укук коргоочу:

 

“Элдин пикирин билип турушу керек”

 

- Күч колдоно турган болсо, анда атайлап абалды курчутууга жасалып жаткан иш катары кабыл алсак болот. Анткени, жакында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингти жасадык, бийлике билдирүү бердик, плакаттарды жаздык, белгиленген убакытта турдук дагы - эч ким бизге тийишкен жок, тартип бузулган жок, өз пикирибизди билдирип кете бердик. Бизге күч колдонулса, эртеси күнү Ала-Тоо аянтына эки эсе көп киши келмек. Анан чоң жанжалга айланып кетүү коркунучу жаралмак. Ошондуктан өз элине күч колдоном дебестен, митинг аркылуу элдин пикирин билип турушканы жакшы.

 

Турат Бектенов, коомдук ишмер:

 

“Инвесторго бут тоскон топторго гана багытталган кеби”

 

- Менимче президент кен байлыктарын иштетүү боюнча сынакты утуп алган ишканаларга атайылап бут тосуп, тоскоолдук жараткан кайсы бир кызыкдар топтун башаламандык уюштуруусуна карата мамлекет күч колдоноорун айтты. Муну “бардык нааразычылык акцияларга чыккандарга карата күч колдонот”- деген сөз менен чаташтырбоо зарыл. Экинчиден, кен-байлыктар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Айрым топтор анча-мынча кишини алдыга чыгарып коюп, нааразычылык иштерин уюштуруу аркылуу материалдык кызыкчылыктарын орундатууну көздөөдө. Бул туура эмес. Анткени, бюджеттин киреше бөлүгү оор абалда турганда элдин айлыгы, пенсия, жөлөк пулдарын төлөө үчүн өлкөнүн киреше булактары үзгүлтүккө учурабашы абдан маанилуу.

 

Өмүрбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Азыр бийлик элге күч колдонсо, жыйынтыгы мурункудай эле аякташы мүмкүн”

 

- Азыркы бийлик авторитардык жолго түшкөнүн жашырган деле жок. Парламенттин колу менен журналисттерге, граждандык коомго каршы мыйзам кабыл алып жатышат. Авторитардык Россиянын саясатына баш ийип, алар менен бирикмеге кирди. Жакында эле Америка менен кол үзөбүз деген чечим кабыл алышты. Эми тынч митингге каршы күч колдонобуз деп жатышат. Биз мунун баарын Бакиевдин заманында баштан өткөргөнбүз. Демек, бийлик алмашканы менен система алмашкан жок... Азыр бийлик  элге күч колдонсо, аягы мурункудай эле болушу мүмкүн. Бийлик элди бириктирип, реформаларды жасап, Кыргызстанды өнүктүрө алган жок. Өнүкпөгөн жерде ар нерсе боло берээри мыйзам ченемдүү нерсе....

 

Сонунбубу Кадырова, ырчы, журналист:

 

“Азыр кыргыздын байыртан келе жаткан улуу наркы  жетишпей турат”

 

- Күчү жетпейт. Бул жакшылыкка алып барбайт. Акылы иштебесе күч колдонуп туура эмес кылат. Элди акыл гана башкара алат. Азыр кыргыздын байыртан келе жаткан улуу наркы  жетишпей турат. Ушуну калыбына келтирүү керек. Болбосо дагы жаңылат. Азыркы кадамдары өтө туура эмес болуп жатат.

 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу:

 

“Акаев, Бакиевге каршы митинг, пикеттерди уюштуруп, элге акча берип аянтка алып чыкканын унутуп калганбы”

 

- Президентибиз А.Атамбаевдин милициянын куралдуу күчтɵр  кызматчыларынын  алдында сүйлɵгɵн сөзү - адамдын үрөйүн учурду. Ажо мурунку президенттин жолуна тушөрүн чын дили менен айтты. А.Атамбаев  учурунда  экс-качкын, кылмышкер ажолор А.Акаев менен К.Бакиевге каршы  митинг, пикеттерди уюштуруп, элге акча берип аянтка алып чыкканын унутуп калганбы, же мен калп айтып жатамбы?! Ошол өткɵɵл мезгилде   экс-ажолордун демократиянын улуу дөлөттөрүнөн тайыгандыгын айтуу менен ɵзү сындачу эмес  беле. Эми минтип  хандыкка ээ болуп алып,  ɵзү да демократиянын улуу дөлөттөрүнөн тайып, “элге каршы курал колдоном” - дегени, кыргыз элине ɵтɵкооптуу коркунучту алып келе жатканы эмеспи. Эгерде мамлекетибиз толук кандуу өнүгүү менен мыйзам үстөмдүгү сакталып, жарандарыбыздын укуктары тебеленбесе, анда кайсы эле адам пикет-митинге чыксын. Мамлекетти түп-тамыры менен сөөк мүлжүгөндөй мүлжүп бүттү десек жанылбайбыз, анан кара күч менен тынчтыкты сактайм дегени суу кечпейт. Сасык саясаттын аягы көңтөрүлүш менен бүтөт, себеби прогресивдүү партия лидерлери Атамбаевдин чабалдыгын түшүнө баштады, аягы кейиштүү бүтөрүн билишет. Атамбаев өзүнө чек койду десек жанылышпайбыз. Жаңы бийлик орногондон бир дагы жаңы багытка түшкөн жокпуз, баягы эле эски сасыган саясаттан чыкпай, бир жээгинде оппозициялык журналисттер болсо, аркы жээгинде өкмөткө сатылган кыргыз журналистердин карама каршы турушу  -өзү террорго жардам берери бышык. Эски саясый багыттан чыга албай жатабыз, баягы эле беренелер, маңкурт ууру бийлик, АЙЛА ЖОК.

 

Кадыр Момоев, фотожурналист:

 

“Эл октон коркпойт”

 

- Кыргыз эли октон коркпойт ! Сүйлөшүү жолу менен гана чечүү  керек. Дегинкиси бир сутка убакыт кетсе да  эл менен суроо - жооп болуш керек.

 

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү:

 

“Атып өлтүрүп жатса качпаган кыргыз күч колдоном десе эле коркуп кетмек беле?”

 

- Кыргызды “күч менен башкарам, коркутам” дегендин өзү туура эмес. Кыргыз өлүп атса да коркпойт. Ага кечээги күнкү эле тарыхыбыз күбө. Бул биринчиси. Экинчиси, биз демократиялык жолду тандагандан кийин ошол нааразы болуп аткан элдин да пикирин угушубуз абзел.  Алар айтып аткан маселе жүйөөлүүбү, жүйөөлүү эмеспи, иликтеш керек. Жүйөөсүз эле чыгып атса, анда түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Кыргыздар жоош бирок көрөгөч эл, мемиреп тынч көрүнгөнү менен баарын көрүп сезип турат. Атып өлтүрүп жатса  качпаган кыргыз  күч колдоном десе эле коркуп кетмек беле? Ал эми Атамбаевдин өз элине күч колдонууга күчү жетеби-жетпейби, аны убакыт, мезгил көрсөтөт.

 

Урматбек Турдушов, активист:

 

“Бул сөздөр жеке Атамбаевдин өзүнө таандык эмес”

 

- Бул айткан сөздөрү жеке Алмаз Шаршеновичке таандык дегенге болбойт. Себеби, жанындагы кеңешип турчу шыкакчылары “ушинтип айт” деп жатышат. Чынын айтканда биздин коомчулук күч колдонуп коркутууга баш ийбесин 1 эмес 2 революцияда көрсөттү.  Алмаз Шаршенович бул сөздөрүн кайсы китерийлердин негизинде айтып жатканы да белгилүү. Себеби, 2005-2010-жылдардагы учурларга караганда күч структуралары кыйла күчтөндү. Ошол эле Генералдык Штаб тузүлдү, жакында эле ИИМдин алдында түзүлгөн атайын даярдыктагы кызмат ж.б. Андан сырткары 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин Казакстан ОДКБга сунуш киргизип, “эгерде өлкөгө, тактап айтканда бийликке кандайдыр бир топ курал колдонуп, басуп алуу жөнүндө коркунуч келсе көмөк көрсөтүү” жөнүндө ОДКБнын уставына толуктоолорду киргизген. Менимче, президент ушуларга таянып күч колдоном деп айтып жаткандыр. Бул жолу мурункудай оппозициянын митинг-пикеттери аркылуу революция же төңкөрүш болбойт, жөн гана дагы кан төгүлүп, сырткы күч же провокаторлордун айынан канча үй-бүлөгө ый алып келиши мүмкүн. Кыргызда жакшы сөз бар “билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” деген. Андыктан “күч колдоном”, “камайм”, “атам”, “жок кылам” деп кайра провокацияга алдырбай, сүйлөшүү компромис аркылуу чечсе эффективдүү болмок.

 

Төрөхан Жунусбаев, “Талас эл ынтымагы” кыймылынын өкүлү:

 

“Бакиевдин кезинде Атамбаев өкмөт башчысы катары барып, элдин таш бараңына кабылган”

 

- Биз өзүбүздүн оюбузду айтканга акыбыз барбы же жокпу? Эгерде жок болсо, анда Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мына ошол сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги сыяктуу укуктарыбызды алып салуу керек. Бул үчүн “пикетке, митингге чыккандарды камоо керек” деп ачык эле мыйзамга жазып коюш керек. Жерүйдүн лицензиясы үч жүз сомго сатылганда да каршы чыкканбыз. Ошондо Бакиев президент кезинде өкмөт башчысы катары Атамбаев өзү барып, анан элдин таш бараңына кабылган. Бул жолу кен 100 миллион долларга түп орду менен сатылып жатат. Экономикалык жактан мамлекеттин кызыкчылыгы аз. Экологиялык жактан болсо зыяндуу. Анткени алтын кен калктуу аймактарга аябай эле жакын. Цианид колдонулса, ал дарыяга агып түшсө, төмөн жактагы айылдар эмне болот?

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg”, №29, 29.07.2015-ж.