Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3304

(же 1916-жылкы кандуу окуя  “шейиттердин” урпактарынын көзү менен)

 

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыздардын 1916-жылкы  улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата бул окуяны көз карандысыз, объективдүү,  ар тараптуу иликтөө боюнча ыктыярдуу түзүлгөн коомдук-саясий комиссиянын тыянагы.

                                      

КИРИШ СӨЗ

 

Кыргыздар Азия материгинде жашаган монгол, кытай сыяктуу байыркы элдердин бири экендиги Н.А.Аристов, В.В.Бартольд, А.Р.Бернштам, Р.Я.Бичурин, С.М.Абрамзон сыяктуу ондогон улуу тарыхчылардын эмгектеринде, археологиялык табылгаларда, кытай, орус ж.б. элдердин жазуу тарыхында, “Манаска” окшогон ооздон оозго, доордон доорго өтүп келген кыргыздар өзү сактап  келген ондогон фольклордук оозеки чыгарма-санжыраларда айтылып, аныкталып далилденип келет.

 

Кыргыз кыргыз болгону башынан нечендеген оор күндөрдү, мына-мына кыргыз тукуму эми түгөнөт дегенде, кайра түтөп, улуу каганатты, хандыкты түзүп, көчмөн турмуштун  оома-төкмө турмушун кылымдап кечирип келүүдө.

 

Көчмөн элинин жашоо мүнөзүн аныктаган жоокерчилик заманды нечендеген кылымдар бою башынан өткөрүп кыргыз эли өз тилин, тарыхын, маданиятын, салтын жоготпой, Ала-Тоосун мекендеп ушул  күнгө дейре жашап келет.

 

Бейиштин төрүндөй болгон өз мекени үчүн нечен жолу кан төгүп, бирде жеңиштин кубанычын, бирде жеңилүүнүн ызасын баштан кечирди.

 

Кыргыз элинин тарыхында  түбөлүк айтылып келген, жазылып жаткан, дагы тактала турган, аягында  бүткүл  жер жүзүндөгү жалпы адамзаттын тарыхын толуктай турган  окуялар көп.

 

Мына ошондой дагы такталып, мамлекеттик саясий идеологиядан арылып бир гана кыргыз тарых барактарында гана эмес, дүйнөлүк тарых беттеринен да  объективдүү, ар тараптуу изилденип, такталып, илимий-тарыхый өз ордун таба турган окуяларга 1916-жылкы  Орто Азия  элдеринин улуттук-боштондук көтөрүлүшү  кирет.

 

Бул окуя “советтик” жана  “буржуазиялык”, “чет элдик”  тарыхчылар тарабынан өз учурунда  жетиштүү изилденип,  тарыхый материалдар, көтөрүлүштүн катышуучулары менен күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү, эскерүүлөрү  атайын топтолуп, жыйналып, илимий, көркөм жана публицистикалык чыгармалар жазылган.

 

1916-жылкы окуяны иликтөө үчүн атайын илимий-тарыхый конференциялар, регионалдык, республикалык жана жалпы союздук деңгээлдерде өткөрүлгөн. Массалык маалымат каражаттарынын беттеринде тарыхчылар, окумуштуулар арасында талаш тартыш, суроо-жооп берүүлөр уюштурулуп, бул темада нечендеген кайчы пикирлер айтылган. Совет доорунда эле 1916-жылкы окуянын 5, 10, 15, 20, 25, 30, 40 жылдык күндөрүнө карата атайын илимий конференециялар, өкмөттүк-партиялык жыйындар өткөрүлгөн.  Ага мисал катары Ж.Абдрахманов башында турган 1931-жылы 11-августта Фрунзе шаарында өткөн Үркүндүн  15 жылдыгына арналган жыйынды жана көтөрүлүштүн 25 жылдыгына карата, ар түрдүү документалдык жана архивдик материалдар ар бир республикаларда өзүнчө жыйнак болуп чыкканын атасак болот.

Мындай иш-чаралар негизинен  И.Сталиндин заманында өткөрүлгөн.

 

1916-жылдагы окуяга  тарыхчылар 1960-жылдан тартып 1990-жылдарга чейин саясий, тарыхый баа берүүдөн четтеп, анын ордуна  “чет элдик буржуазиялык фальсификаторлорго жооп”  иретиндеги  эмгектер көбүрөөк жазылган.

 

Биздин  оюбузча негизинен совет доорунда көпчүлүк тарыхчылар 1916-жылкы окуяны “Орус падышалыгына каршы  улуттук-боштондук көтөрүлүш (кыймыл)”- деп  туура  жыйынтык чыгарышкан, бирок анын  “кыймылдаткыч күчү”  Орто Азия элдеринин “жумушчу дыйкандары” деп марксизм-ленинизмдин таптык идеологиясынан чыга алышкан эмес.

 

Ошондой эле  1916-жылкы окуяны 1917-жылкы орус пролетарлары менен эмгекчил дыйкандарынын орус падышачылыгына  каршы чыгышкан жалпы “революциялык кыймылынын”  Орто Азиядагы бөлүгү катары деп  да эсептешкен.

 

Кыргыздын патриот залкар тарыхчысы К.Усенбаев 1967-жылкы  өзүнүн  “Восстание 1916 года в Киргизии” деген эмгегинде 1916-жылкы Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин, айрыкча түндүк кыргыздарынын улуттук-боштондук кыймылынын чыгышынын себептерин, анын саясий мүнөзүн, көтөрүлүштүн башталышынан жеңилишине чейин ийне-жибине чейин изилдеп, бул окуяны изилдеген бардык тарыхчы-окумуштуулардын, саясатчылардын тыянак-бүтүмдөрүнө баа берип, мындай деген: “ ... На наш взгляд, одна из серезных ошибок названных авторов заключается  в том, что они рассматривают это восстание только как антиколониальное. Разоблачая  колониальную политику царизма, они забывают об угнетении киргизских трудовых масс,  местной феодальной знатью... наличие этих и других ошибок в работах... объясняется главном образом неглубоким изучением их авторами трудов классиков марксизма-ленинизма... Говоря о состоянии изученности восстания 1916 года в Киргизии в 20-40-х годах нельзя ограничиться  лиш указанием на недостатки  исследований,  что было  бы  по меньшей мере несправедливо. Следует отметить, что именно в этот период делались первые попытки определить характер данного выступления, дать ему марксистко-ленинскую оценку, но единого мнения по данному вопросу не было... Изучение восстания  1916 года в Киргизии далеко еще не завершено...”. Аталган эмгек  (7,9-бб.) бирок өзү да  советтик идеологиядан – марксизм-ленинизмден чыга алган эмес. К.Усенбаевдин 1967-жылдагы бул эмгегинен кийин 1916-жылкы окуя  “унутулгандай” болуп калган.

 

Кыргыз  эли СССРдин кыйрашынан кийин толук эгемендүү болору менен 1916-жылы бул окуянын 75 жылдыгына карата 1991-жылы “Асаба” саясий партиясы, “Ашар” коому, архитекторлор союзунун демилгелери менен КДК тарабынан уюштурулган “Өмүр көчү”  Бишкек - Кара-Кол жөө жүрүшү өткөрүлүп, бир топ омоктуу ойлор жаңы эгемен бийлигине сунушталат.  Мындан сырткары, эгемендик мезгилде 1916-жылкы окуя боюнча бир топ илимий конференциялар болду, ашууда калгандардын сөөгүн терүү, эстеликтерди коюу ж.б. иш чаралар негизинен саясий-коомдук иш катары өткөрүлүп келди. 1916-жылкы окуяга кыргыз тарыхчылары, чыгармачыл адамдар кайрылып, илимий жана  көркөм-публицистикалык чыгармалар жаралды.  Ага Д.Садырбаевдин “Кайран эл” көркөм фильми, Б.Максүтовдун “Улуу көтүрүлүш” китеби, М.Махмутбекованын “Кыргызстандагы  улуттук-боштондук көтөрүлүш”- деген эмгегин, ж.б. эмгек эскерүүлөрдү мисал катары айтсак болот.

 

Бирок Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин “1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгына карата” чыгарган  Жарлыгында (27.05.2015-ж.)  көрсөтүлгөндөй ушул күнгө  чейин бул окуяга так, анык тарыхый баа бериле элек.

 

Өлкө башчыбыздын жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топко (тарыхчыларга) биринчи жолу 1916-жылкы окуяга көз карандысыз, эгемендүү так тарыхый тыянак чыгарып,  туура, обьективдүү тарыхый баа  берүү боюнча  мүмкүнчүлүк берилди.

 

Биз түзгөн көз карандысыз  ыктыярдуу  саясий-коомдук комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикаснын  Президентинин Жарлыгында көрсөтүлгөн  “тарыхый баадан” сырткары  100 жылдан бери эл арасында  көп сөз, талаш-тартышты жаратып,  бирок расмий бийлик тарабынан “укмаксан”, “көрмөксөн” болуп, тарыхчы окумуштуулар да “көп кызыкпаган”,  “унутулган” беш суроого жооп табуу үчүн түзүлдү.

 

Ал төмөнкү суроолор:

 

1. 1916-жылкы окуяда канча адам “шейит” болгон?

 

2. Эмне үчүн  1916-жылкы окуя  кыргыз элинин эсинде  “Үркүн” деген ат менен сакталып калган.

 

3. 1916-жылкы окуяда курман болгон адамдар “Үрккөндөн” кырылганбы же орус падышачылыгынын кыргыз элине карата жүргүзгөн “тукумкурут” (геноцид)  саясатын  ишке ашырышкан аскер-губернаторлорунун, карательдик күчтөрүнүн аракеттеринен кырылганбы?

 

4. Эмне үчүн “үрккөн” элдин сөөктөрү 90 жыл көмүлбөй, аларга так тарыхый баа берилбей келди?

 

5. Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жетекчилери  кимдер болгон жана алардын тагдыры кандай аяктаган? Көтөрүлүштүн негизги максаты эмне болгон? 

 

Үстүбүздөгү жылы Армян эли өткөргөн армян-түрк элдеринин ортосундагы кандуу кагылыштын 100 жылдыгына карата бүткүл дүйнө жүзүндөгү армяндар жалпы аракеттенип, улуттук патриоттук биримдикти көрсөтүшүп, эл аралык деңгээлде  жыйын өткөрүштү жана ал окуяга саясий, тарыхый баа берилди.

 

Президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарыхый баа берет деп күтүп олтурбай,  армяндарга окшоп, жалпы кыргыздардын патриоттук аң-сезимин ойгото албасак да, 1991-жылдан бери 1916-жылкы окуяга кайдыгер карабаган патриот саясатчылар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер биригип, атуулдук аруу сезим менен жогоруда аталган беш суроого жооп табууга  аракет жасадык.

 

Биздин комиссиянын төрт мүчөсү башында Т.Сариев турган өкмөттүк комиссияга мүчө болуп, президент аныктаган бардык иш-чараларга  активдүү катышып, өз сунушубузду берип жатабыз. Ошондуктан, 1916-жылкы окуя боюнча эл арасындагы суроолорго жооп табуу, чындыкты айтууда  мамлекеттик, өкмөттүк, коомдук деген бөлүнүү болбошу керек деп  ойлойбуз.

 

Совет доорундагы тарыхчы-илимпоздорго,  көркөм сөз өнөрүнүн ээлерине рахмат, 1916-жылкы окуя боюнча эл билбеген жана али биле элек миңдеген тарыхый далилдерди (документтерди) Ленинград, Москва, Ташкент, Алматы ж.б. шаарлардын архивдеринен, эл арасынан, көтөрүлүштүн катышуучу күбөлөрүнүн  өздөрүнөн  жыйнап, иреттеп, архивдик номер берип, сактап койгон экен. Биз алдыбызга койгон беш  суроого  жоопту ошол архивдик документтерден таптык жана аларды  ар тараптуу изилдөө, салыштыруу, талдоо жолдору менен жалпы “элдин сотуна” “өкүм чыгаруу” үчүн даярдадык.

 

Биз архивдик материалдардын 1916-жылкы орус падышачылыгына каршы көтөрүлүшкө чыгуу жөнүндөгү чечимдер да  кыргыздар кылымдардан бери  эң жогорку бүтүм чыгаруучу орган катары эсептеп келген Элдик Курултайларда кабыл алынганына күбө болдук.

 

Биздин эң башкы сурообуз болгон: “орус падышачылыгы тарабынан 1916-жылкы кыргын “кыргыз улутуна каршы тукумкурут (геноцид) саясаты болгонбу же  “бунтчуларды”, “мятежниктерди” жазалоо болгонбу?”- деген сурообузга 2015-жылдын 11-августунда Барскоон өрөөнүндө өтө турган Элдик Курултайда жооп алуунун өзү да кыргыз элинин салтына, маданиятына, тарыхына шайкеш келерине күмөн жок.

 

Биздин Саясий коомдук комиссиянын башкы максаты Элдик Курултайда алынган чечимди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык  тийиштүү мамлекеттик органдарга  (Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт) жиберип, алар кийинки 2016-жылы өтө турган 100 жылдыктын расмий бөлүгүндө  1916-жылкы окуяга  эл аралык деңгээлде  саясий-тарыхый бүтүм чыгарып, бейкүнөө шейит болушкан ата-бабалардын сөөгүн кеч болсо да  агартууга салым кошуу болуп эсептелет.

 

Биз Элдик Курултайда алынган элдик чечим менен чектелбейбиз,  Кыргыз Республикасынын расмий бийлиги 100 жылдыкты өткөрүүдө кабыл алынган расмий чечим мурдагыдай  “улуу агабыздын”  кабак-кашы менен эмес, архивдерде сакталган, катылып жаткан миңдеген аталарыбыздын (арбактардын)  ушул күнгө чейин “онтогон”, “ыйлап-боздогон” үндөрүн эске алуу менен  тыянак чыгаруусуна  үмүттөнөбүз жана   талап кылабыз.

 

Көз карандысыз Саясий-коомдук комиссиянын дагы бир максаты 1991-жылы  өткөрүлгөн Бишкек – Кара-Кол  “Өмүр көчү” жөө жүрүшүнүн катышуучуларынын баштаган ишин аягына чейин жеткирүү болуп эсептелет.

 

Көз карандысыз комиссия 1916-жылкы окуяны  иликтөөдө жогоруда көрсөтүлгөн беш суроодон сырткары архивдерде сакталган документтерге, окумуштуу тарыхчылардын эмгектерине, окуянын катышуучуларынын эскерүү баяндамаларына, акын жазуучулардын чыгармаларына таянып, көтөрүлүштүн чыгышынын себептерине, көтөрүлүштүн башталышы, жүрүшү жана жеңилишине, анын себептерине, көтөрүлүштүн жетекчилери менен негизги кыймылдаткыч күчтөрүн, алардын көтөрүлүштөгү ролун аныктоого, көтөрүлүштө курман болгон  ата-бабалар кайсы болуштуктан, кайсы уруудан болгондугун, жалпы курмандыктардын санын так аныктоого,  орус падышачылыгынын кыргыз улутуна карата жүргүзгөн тукумкурут  (геноцид) саясатынын  мезгилдерине (этаптарына) ж.б., мурда тарыхчылар тарабынан анча көңүл бурулбаган  айрым маселелер иликтенди.

 

Биздин негизги максат 1916-жылкы  көтөрүлүштө  эмне себептен бейкүнөө эл, жер-суусунан айрылып тоо, чөлгө сүрүлгөнүнө,  ит атылгандай атылып, айры менен сайылып, балта менен чабылып өлтүрүлүп, көчөгө ташталганына, сөөктөрү 90 жыл көмүлбөй жаткандыгына, эмне үчүн жүз миңдеген кыргыздар өз жерин,  үйүн таштап Кытайга   “үрккөндүгүнө” жооп издеп,  “кыргын” менен “үркүндү”  укуктук, тарыхый мезгилдик жактан  так ажыратып баа берүү болду. Аны биз архивдерде сакталган орус падышачылыгынын, анын аскер-губернаторлорунун, уездердин, приставдардын башчыларынын, карательдик отряддардын командирлеринин жазган документтеринен жана кыргыздардын жер-жерлердеги  өткөргөн курултайларынын, “хан көтөрүүлөрүнүн”  чечим фактыларынан издедик. Бир гана тарыхый-саясий баа бербей, ошол кездеги коомдук мамилелерди жөнгө салып турган айрым укуктарга, адат-салттарга негизденип укуктук жактан баа берүүгө да аракет жасалды.    

 

Азимбек Бекназаров