Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2855

- ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков басма сөз жыйынында КСДП фракциясынын 5 жылдык мөөнөт ичиндеги иш-аракетин абдан жогору баалап, Кыргызстанды өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатышканын айтты. Учурунда “Алга, Кыргызстан”, “Ак Жол” сыяктуу бийлик партиялары да өздөрүн ушундай нукта мактап жүрүшчү, а жыйынтыгы баарына белгилүү. Тарых кайталанып, азыркы КСДП да жогоруда аты аталган партиялардын кейпин кийип, жетекчилери өлкөдөн бозуп-качып кеткен жагдайдын жаралышына себептер барбы? Жалпы-жонунан бир партиянын диктатурасын орнотуу аракети сезилип жатабы?

 

Кубатбек Кожоналиев, генерал:

 

“Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” партияларынын ордун  КСДП басты...

 

- Дегеле аталган партия жетекчилери болобу же мүчөлөрү болобу, учурунда сын-пикир көз караш менен баа бергенин көрдүң беле? Кур дегенде өз шайлоочуларынын алдына барып 5 жылда алган милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча отчет бергенин уктуң беле? Кайсы партия шайлоо учурунда оозун көптүрүп берген убадасынан эмнени аткарып,  эмнени аткарбаганын айтып эл алдына чыкты эле? Менимче, коомчулук, ММК азыр партиялар берген убадаларынын эмне себептен бийликте туруп аткарбаганына (аны азыркы баалар, тарифтер өсүшү, пенсия жана эмгек маянанын мурдагы эле деңгээде  калышы, инфляция процесстеринин таасири, баары биригип жашоо деңгээлинин төмөндөтүшүнө алып барганынан эле байкаса болот) көңүл буруусу абзел. Эгер андай, өз убадаларын аткарбаган учурлар болгон кезде (популистик маанайда убада берип аткарбаган мисалдар арбын), коомчулук, ММК, шайлоочулар аларга ишеним көрсөтпөөгө укуктуу . Ал эми акыркы сурооңо укук таануучу катары белгилеп кете турганым: ар бир саясый күч өзүнүн таасирин күчөтүүгө аракет жасайт. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер укуктук талаадан  чыкпаса. Бирок, бийликте туруп алып, берилген ыйгарым укуктарын ашыгы же кыянаттык менен өз бийлигин бекемдөө үчүн пайдаланса (б.а. административдик, бюджеттик ж.б.у.с. ресурсту пайдалануу), анда укуктук талаадан чыгып, мыйзам бузуп,  кылмышка тете иш кылат. Шайлоо учурунда бийликте тургандар  (партия болобу, жеке чиновник болобу) укукту бузса,  тилекке каршы өз учурунда чара көрүлбөй сөз боюнча калып, кийин гана бийлик алмашканда укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү баа берилип, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышканы ММКда далай жолу жазылган. Маселен, бийлик түзгөн  “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол”  партияларынын ордун  КСДП басты.

 

Атантай Акбаров, акын:

 

“Эртеби -кечпи сөзсүз тескери натыйжасын берет”

 

- Башка коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу бизде - Кыргызстанда басма сөз эркиндиги бар. “Сатира ошон үчүн өнүгүп жатат”,- деп, ал тууралуу бийликти такай сындап келаткан сатирик, актер Абдылда Иманкулов да айтты. Бирок, өзүн туура байкаптырсың, бир партияны гана пир тутуп, калган ага атаандаш болчуу партияларды жерге чабуу, же өздөрүнө оңтойсуз болгон журналисттерди кысымга алуу туура эмес. Андай учурлар практикада кездешсе, анда ал эртеби-кечпи сөзсүз тескери натыйжасын берет.

 

Бакыт Бакетаев, саясый серпчи:

 

“Бир партиянын диктатурасын Кыргызстанда орнотуу мүмкүн эмес”

 

- Тарых кайталанып, азыркы КСДП да жогоруда аты аталган партиялардын кейпин кийип, жетекчилери өлкөдөн бозуп-качып кеткен жагдай дайыма болгон жана боло берет. Жалпы-жонунан бир партиянын диктатурасын орнотуу Кыргызстанда мүмкүн эмес.

 

Касымбек Райымкул уулу, коомдук парламенттин төрагасы:

 

“КСДП кара жолго түшүп, добуш уурдаса - эл толкуп, төңкөрүш жасайт”

 

- Ч.Турсунбеков ушул парламентке депутат болуп келгени эле саясатчы болуп чыга келди. Болгондо да КСДП партиясынан. Эгерде ал айткандар чын болсо, эл КСДПны кайра шайлайбыз деп ураан чакырбайт беле. Айлалары кеткенде элди өз жагына тартуу максатында элге медициналык жардам көрсөтүмүш болушуп, Кыргызстанды кыдырышып жатат. Чынында КСДП “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” деген партиялардын кейпин кийип калды. Парламенттик шайлоодо ошолордой ыкма менен (болжол менен биометралык маалыматты пайдаланып) добушту уурдоого аракет кылышы мүмкүн. Бирок эл ага жол бербейт деп ойлойм. Элдин тандоосуна койсо КСДП шайлоодо өтпөйт. Эгерде КСДП ошондой кара жолго түшүп, добуш уурдаса - эл толкуп, төңкөрүш жасайт. Айласы кеткен КСДПчылар качышат. Шайлоону тынч, элдин каалоосундай өткөзүү мурда дагы, азыр дагы болбойт. Аткени бийликтеги партия бийликти колунан чыгарбаганга аракет кылат. “Ак Жолдун” аракети башкача ыкма менен жасалып жатат. Булардын ыкмасын “Ата-Мекен” деле билет. Алар менен сүйлөшүп жасап жатышат окшойт.

 

Төрөхан Жунусбеков, коомдук активист:

 

“Парламентаризмди президент баш болуп талкалашты”

 

- Негизинен КСДП партиясы мындай жалган жыйынтыкты элдин кулагын көндүрүш үчүн атайылап жарыялап жатышат. Анткени шайлоодо КСДП партиясы биометрика менен көпчүлүк добушту алабыз деп ишенүүдө. Чындыгында Кыргызстанда бул партияны шайлайбыз деген эч кандай маанай жок. Акыркы беш жылдык тарыхыбызды алып карай турган болсок, коомчулуктагы парламентаризмди жаманатты кылып көрсөткөн бул президент, биринчи эле “Ар-Намыстын” он депутатын бөлүп, андан кийин “Ата-Журттун”, кийин “Республиканын”  депутаттарын бөлүп салышкан. Ошондон кийин “устукансыз калбайын”,- деп фракция лидерлери баш болуп, бүгүнкү күнү эч кимиси оппозиция болуп чындыкты айткысы келбей калды. Жакшы системаны да президент баш болуп, парламент төш болгон принциби жок адамдар талкалашты. Булар бөйрөктөн шыйрак чыгарышат...Эми элестетиңиз, эгер КСДП партиясы жеңе турган болсо, анда элдин нааразычылыгы күчөп, бул төңкөрүшкө алып барат. Аскар Акаев айткандай, “кыргыз эли сабырдуу, бирок, диктатурага чыдабайт”. Кыргызда “кардым үчүн эмес, кадырым үчүн ыйлайм” дейт. Күзүндөгү шайлоодо акыйкатсыздыктан чоң чыр чыгышы толук мүмкүн....

 

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт:

 

“Турсунбековдун КСДП тууралуу айткандары – супержомок”

 

- Билесизби, 2010-жылы төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт “парламенттик башкарууга өтөлү, көп партиялуулукту орнотолу, демократия куралы”- деген жалган ураандарды жайылткан. Эми болсо, бийликти бир гана КСДП партиясына жана Атамбаевдин колуна топтоого аракеттенип жатышат. Бул Конституциялык кылмыш. Бийликти узурпациялоо - бул анык мыйзам бузуучулук! Сүйлөгөн сөзү менен жасаган иш-аракеттери бири бирине дал келбей жатпайбы? Ал эми Чыныбай Турсунбеков болсо, оозун көптүрүп, туш келди нерсени айтып, КСДП партиясынын жасаган иштерин укмуштуудай мактап жатат, анын баары – супержомок! Айтыңызчы, эмнени кыйратышыптыр? Эмне, экономикабыз өстүбү? Инфляция азайдыбы? Айлык-маяна, пенсия-пособие көбөйдүбү? Кумтөр чечилдиби? Газ-свет арзандадыбы? Же күйүүчү май арзандадыбы? Көпчүлүк коалицияга кирген фракциянын, президент өкүлү болгон партиянын лидери катары, кантип айта алат? Мамлекетти бир кадам алдыга сүрөй алыштыбы бекен? Тескерисинче, баарысы кымбаттап, келечеги күмөн Бажы биримдигине кирип, мигранттарыбыздын макамы аныкталбай, карапайым калктын жашоосу оорлошкону жалганбы? Күн алыс чек арада атышуу, а бийликтегилер кызмат бөлүштүрүү менен алек. “Биометрика тапшырбасаңар, шайлоого катышпайсыңар”- деп, акылга сыйбаган укук бузууларга барышууда. Өлкөдө жумушсуздук, экстремизм , коррупция жана башка көйгөйлөр турса, күч органдары оппозициялык маанайдагы саясатчыларды, а түгүл катардагы жарандарды куугунтуктоодо. Кыргызстандын тарыхында эч качан журналистти соттотуп, миллиондогон айып пулга жыгуу болгон эмес. мактанаарлык бир эле ушул сөз эркиндиги бар болчу, аны да өткөн жылдын май айында мыйзам кабыл алып, Конституцияга туура келбесе да, чөнтөк парламенттен так ушул КСДП колдоп өткөзүшкөн. Ал мыйзамга сөз эркиндигинин бүгүнкү күндөгү душманы президент Атамбаев кол койгон. Ушунун баары диктатура эмей, эмне? Кантип анан, Чыныбай Турсунбеков оозу-мурду кыйшайбай мактанып жатат? Жакында, белгилүү бир юрист таамай айтты эле: “Макарон чыгарган адам Конституцияны оңдойт имиш”,- деп.

 

Мавлян Аскарбеков, саясий партиянын өкүлү:

 

“Булар сүйлөгөндөй акылдуу иш кылса, жашообуз өзгөрүп, турмуш оңолот эле”

 

- КСДП партиясы жана фракциясы 5 жылдан бери мамлекетти башкарып келет. 5 жыл ичиндеги булардын жардамы менен жасалган  фактыларга токтолоюн.

 

Биринчиден, 5 жыл ичинде коалициялык көпчүлүк 5 ирет таркап, өкмөттү таратышып, бир дагы премьер-министр, министрди жоопко тартышган жок.

 

Экинчиден, ушул депутаттардын макулдугу менен Батукаев 1 күндүн ичинде мамлекеттен самолёт менен чыгарылып кетти.

 

Үчүнчүдөн, стратегиялык ишкана катары саналган “КыргызГаз” ишканасын 1 долларга карматып жиберишти. Ишкананы карызга батырып, тоноп, банкрот кылган КСДПнын  мүчөсү Кулмурзаев канча талап кылсак да жоопко тартылган жок.

 

Төртүнчүдөн, Талас облусуна караштуу Көк-Сай айылынан элдин үлүш жерин, 4.5 миң га жерди казактарга сатып жиберишти. Ага кошуп, Чуй жергесинен 800 метр жолубузду да казактарга карматышты. Элестетели, каалаган учурда казактар жолду жаап койсо өтө албай калабыз.

 

Бешинчиден, 5 жылдан бери элдин башын айландырышып, “Кумтөр” маселесин чечпей келишет.

 

Алтынчыдан, 5 жыл ичинде Давыдов, Лысый жана башка мөңгүлөрдү ушул депутаттар, ушул өкмөт талкалаганга жол ачып, жаратылышыбызга эбегейсиз зыян алып келишти. Азыр да уланууда.

 

Жетинчиден, “коррупция менен күрөшөбүз” деп, түрмөгө айрымдар гана түшүп, калганынан акча алып коё беришти.

 

Сегизинчиден, карапайым жаштарыбыздын канын төгүп бийликке келгендер бир да реформа жүргүзбөй, ИИМ, прокуратура, соту болобу, баягындан да жаман карапайым элди кыйнап келишет.

 

Тогузунчусу, өткөндөн сабак алышпай, 5 жылдан бери өзгөрүү, өнүгүү болбогонун баамдашпай, кайра эле бийликте калууну максат кылышып, шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу менен кабыл алышып, күрөөнү 5 млн. сомго көбөйтүп, биометриканы пайдалануу менен бийлигин сактап калуу аракетин көрүп жатышат. Мамлекетибиздин, карапайым элибиздин бүгүнкү оор абалы мына ушул, бийликке жутунган чала соодагер, чала бандиттердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы. Эгер булар сүйлөгөндөй акылдуу иш кылса, жашообуз өзгөрүп, турмуш оңолот эле.

 

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Атамбаевдин өзүнүн көлөкөсүнөн корккон парламентти ого бетер алсыратууда салымы чоң”

 

- Сезилбей эле, чын эле ошондой. Парламенттик система орнобой жаткандыгынын себеби, КСДП фракциясы көзөмөл функциясын таптакыр эле колдон чыгарган. Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков кезектеги сессиясын ачып жатып, “Биз Борбордук Азияда биринчи жолу парламенттик демократиянын жолуна өтүп жатабыз” деп өзүнбү же кайрылган депутаттарды алдаппы, жашообузга дал келбеген нерсени айтты. Мен спикерге жана Турсунбековго билдирип коеюн: Биз парламенттик өлкөдө жашаган жокпуз.

 

Парламенттик өлкөдө:

- Өкмөт президенттин эмес, парламенттин алдында жооп бериш керек.

- Тышкы саясат аныктоо парламенттин колунда.

- Президент парламент аркылуу шайланат.

- Күч структуралары дагы парламенттин алдында жооп берет.

 

Бизде андай эмес. Атамбаев азыркы өзүнүн көлөкөсүнөн корккон парламентти ого бетер алсыратууда салымы чоң. Мыйзамсыз депутаттык топторду түзүүгө жол ачып бир-бирин тирештирип койду, депутат-оппонентерине кылмыш иштерин ачтырды, КСДП партиясына жалаң май-баштарды чогултуп, башкаларга кантип партиялык тизме түзүш керектигин “үлгү” катары көрсөтуп берди.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити