Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2548

Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы кандай деңгээлде экенин ушундан билиңиз – ошол адам укутарын сактоо милдети жүктөлгөн Кыргызстандын Акыйкатчысы өзү акыйкат издеп, президентке кайрылып олтурат. Акыйкатчы өзү адилеттүүлүк издеп чыркырап атса карапайым адамдар каякка барат?

 

Кечээки президентке кайрылуусунда Бактыбек Аманбаев КСДП фракциясын Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кетирүү тууралуу мыйзамсыз чечимди жалпы парламент депутаттарына таңуулап жатканы үчүн айыптады. “15-июнда Жогорку Кенештин СПДК фракциясы Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алып,  Жогорку Кенештин адам укуктары комитетине жөнөттү. Мындай чечими менен СДПК фракциясы өзүм билемдик, өкүм зордук менен күчкө салып Конституцияны жана Акыйкатчы тууралуу мыйзамды одоно бузууга барды”,- дейт Акыйкатчы. Жаратылыш боюнча бир да бийлик институтуна көз каранды болушу мүмкүн эмес Акыйкатчынын минтип президентке жалдырап, кайрылуу жазып атканы – Кыргызстандын эл аралык имиджине терс таасирин тийгизет. Ошондон улам биз өз окурмандарыбызга: “Акыйкатчынын докладын парламенттин жактырбай койгону  саясый оюн эмеспи? Деги ал  кандай иштеп жатат? Жаратылышында Акыйкатчы кандай болушу керек?”,- деген суроо менен кайрылдык.

 

Досалы Эсеналиев, “Бир бол” партиясынны аткаруучу комитетинин башчысы:

 

“Парламенттик системада акыйкатчы институтунун орду өзгөчө”

 

- Акыйкатчынын милдети - адам укуктары бузулган учурларды, кемчиликтерди жарыялап, мониторинг жүргүзүп, мамлекеттик органдардын ишине баа берип туруу. Бул мыйзамдын талабы. Парламенттик системада бул институттун орду да өзгөчө. Бирок, бизде Акыйкатчыга туура эмес мамиле жасалып жатат. Чынында эле башка мамлекеттик уюмдарга караганда Акыйкатчы институту бул обочолонгон институт. Ошондуктан, бул уюмдун докладына парламентте баа берилиши кызыктай эле болуп жатат. “Анда эмне үчүн түздүк?”- деген суроо туулат. Жаратылышында Акыйкатчы институту өз аты айтып тургандай, адам укуктарынын сакталышы боюнча туруктуу көзөмөл жасаган уюм катары өз ишин алып бара бериши керек.

 

Абдыманап Кутушев, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Акыйкатчы адекваттуу болушу керек”

 

- Ал парламенттин чечими. Акыйкатчы акыйкат, бейсаясат, калыс, адекваттуу болушу керек.

 

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:

 

“Акыйкатчылыкка табияты укук коргоочулар гана чыдап иштей алат”

 

- Бакыт Аманбаев бир топ калпыстыктарга жол берди. Акыйкатчынын ишин жөндөй алган жок. Депутатар менен иштеше албады. Ошондой эле жөнөкөй мыйзамдарды да билбестигин көрсөттү. Кыскасы, акыйкатчылык кызматка атак-даңк үчүн эле барганы билинип калды. Чынында Акыйкатчыга эптеген бирөөнү эмес, табияты укук коргоочуну шайлаш керек. Укук коргоочу гана өз ишин сүйүп иштеп, көп тоскоолдукту жеңип кетет. Бул ишин жөндөй албай жатканына карабай, “айлыгымды көтөргүлө”- деп нысапсыздыкка жол берип катачылык кетирип алды. Чынында бул жерден акыйкатчы эле эмес, депутатар да аша чаап жатат. Айтайын дегеним, Акыйкатчыны шайлаганда беш жылга шайланаарын билиши керек. Парламенттин чечимин аткарганы менен акыйкатчы институту көз каранды экенин эстен чыгарбашы керек.

 

Адиль Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

 

“Көз карандысыз позициясы үчүн Атамбаевге жакпай калды”

 

- Б.Аманбаев кыска убакыттын ичинде көз карандысыз позициясы бар Акыйкатчы экенин көрсөтө алды. Ошондуктан Атамбаевге жаккан жок. Куурчак парламент аны кызматтан кетиригенге бүт күчүн жумшап жатат. Акыйкатчы институту бизге абдан керек. Бирок азыркы убакта ал көбүнчө эл менен бийликтин ортосундагы ортомчу милдетин гана аткарып жүрөт.

 

МавлянАскарбеков, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери:

 

“Бийликтин сөзүн сүйлөбөй койду”

 

- Акыйкатчынын Жогорку Кеңеш тарабынан иш жыйынтыгын жактырбаганы саясый буйрук. Аманбаев тарабынан азыркы бийликке жакпаган бир топ саясый билдирүү, кайрылуулар жасалган. Бул Акыйкатчы мурдагы акыйкатчылардан айрымаланып, бийликтин сөзүн сүйлөбөй, кошоматчылык кылбай, жагалданбай, өз позициясын карманып турганы менен жакпай калды. Бийлик, депутаттар менен саясый соодалашууга барбагандыктан, ага карата түркүн каралоолор бүтпөй келет. Негизи, Акыйкатчы өз институтун күчтөндүрүү, ыйгарым укуктарын көбөйтүүсү зарыл. Карапайым эл маселесин ИИМ, прокуратура, сот тарабынан акыйкатсыз каралып, чечилбей жатканда, акыйкатчыга кайрылат. Бирок укугунун чектелгенине байланыштуу акыйкатчы алгылыктуу жардам көрсөтө албай келет.

 

Акжол Мамажанов, ишкер:

 

“Азыркы акыйкатчынын ың-дыңы билинбейт

 

- Бардыгы салыштырмалуу билинет эмеспи. Мурда Турсунбек Акунду өтө эле саясатташып, “бардык иштерге башын сала берет” деп сындачу элек. Бирок ал киши көп иштерди аткарып жүрүптүр. Азыркы акыйкатчынын ың-дыңы билинбейт. Орчундуу маселелерди айтуудан тайсалдап тургансыйт. Анан калса президенттик аппараттын Аманбаевге сыртын салып турушу да бир топ ойго түртөт экен. Менимче отчетунун  өтпөй калышы да ошол көшөгө артындагы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн. Ишине баа бере турган болсок, чо-оң “үч” деген бааны берет элем. Көзгө көрүнөөрлүк ишин деле байкай элекмин.

 

Сонунбү Кадырова, тележурналист:

 

“Докладын жактырбай коюшканы -  саясий оюн”

 

- Акыйкатчынын докладын депутаттар жактырбай койгону - саясый оюн.  Бирок, түпкүрүнөн Акыйкатчы парламенке эсеп-чот бергени туура эмес. Катачылыктын баары башы жерде, буту асманда болгон мамлекеттик системанын бир катасы катары кабыл алам. Негизи Акыйкатчы парламентке отчёт бергендин ордуна ошол бийликтен азап тарткан карапайым адамдардын укугун коргоп, эң оболу ошолордун арыгын чабышы керек эле. Тилекке каршы, азыркы Акыйкатчыны чүлүктөп алышкан. Ага болбой эле өз миссиясын аткарууга аракет кылган Бакыт мырзаны  бийликке бөкөчө көрсөтүп жатышат.

 

Жамалбек Рысалиев, “Замандаш” партиясынын мүчөсү:

 

“Эжемдин саунасы экенин билген жокмун” - деп калп айтканын көрдүм”

 

-Акыйкатчы келген күндөн баштап эле саясаттын астанасын аттаган. Ал оюнга аралашкан соң ойнош керек. Ал эми акыйкатчынын кандай иштегенин көргөн жокмун. Бирок, “эжемдин саунасы экенин билген жокмун”- деп калп айтканын көрдүм. Акыйкатчы аты айтып тургандай акыйкатты айткан жана элдин карапайым калктын таламын талашкан адам болуш керек!

 

Самат Аалиев, коомдук ишмер:

 

“Айкыйкатчы мажирөө эмес, авторитеттүү, жана  саясый оюндардан алыс болушу керек”

 

- Биринчиден, Акыйкатчы иституту адам укугун коргоо негизиндеги кызмат болушу  зарыл. Тилеке каршы, бүгүнкү шартта кай жерди карабайлы баардыгы саясатташтырылып кеткендиги өкүндүрөт.  Айкыйкатчы мажирөө эмес, авторитеттүү, тажрыйбалуу жана ошону менен бирге саясый оюндардан алыс болушу керек деп ойлоймун.

 

Сездбек Искеналиев, ырчы:

 

“Ишинде калпыстыктарга жол берип койгон”

 

- Мен Акыйкатчынын докладынын парламент тарабынан жактырылбашын, ишинде калпыстыктарга жол берип койгон деп ойлойм. Ошон үчүн депутатардын жоон тобу анын ишине берген отчётуна канааттанышкан эмес.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg”, № 24 (201), 24.06.2015-ж.