Бишкек, “Саясат.kg”. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Кыргызстанда белгиленип жаткан Кыргызстан демократиялык кыймылынын 25 жылдыгын утурлап, өзүнүн “Унчукпай коюуга укугум жок” аттуу эмгегинин үчүнчү бөлүгүн жаза баштаган.

 

Бирок, Акаев учурундагы ууланганы кайра ден-соолугуна таасирин тийгизип, жеке менчик ооруканалардын бирине шашылыш жатып, дарыланууга аргасыз болду. Дал ошондуктан бул эмгек аягына чыга элек. Ден-соолугун оңдоп чыккан соң калган бөлүгүн бүтүрүп, элге тартуулоону убада кылууда.

 

КДКны куттуктоо же “Унчукпай коюуга укугум жок – 3”

 

Урматтуу мекендештер!

 

Жакында КДКчылар (Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү) өздөрүнүн 25 жылдыгын белгилегени жатат. Мындан 25 жыл мурда тарыхта “СССРдин кыйратуучусу”, “кайра куруучу”, СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.С.Горбачевдун кайра куруу саясатынын натыйжасында мурдагы советтер союзунун бүткүл аймагы боюнча батыштан келген демократиялык процесттер башталып, алгач Прибалтика союздук республикаларында, андан соң СССРдин калган союздук республрикаларында өздөрүн-өзү толук кандуу көз карандысыз, эгемен мамлекет катары жарыялоо – СССРдин биротоло кыйрашы менен аяктагандыгын эсиңиздерге салам.

 

СССРдин ыдырашы менен эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары жарыяланган мурдагы союздук республикалардын алгачкы кадамдары (саясий, экономикалык реформалар, конституциялык кайра жаңылануулар ж.б.) көп учурда президенттеринин ысымдары, партиялар же парламенттеги иш-аракеттерге байланыштырылып айтылып келет. Биздин жаш Кыргыз мамлекетибиздеги алгачкы эгемендешүү, демократташтыруу, рыноктук экономикага өтүү, деидеологиялык процесстер да Кыргызстандын 1-президенти А.Акаевдин ысымы жана легендарлуу парламенттин депутаттарынын аракеттерине байланыштырылып келе жатканы жашыруун эмес.

 

А чындыгында А.Акаев КДКчылардын активдүү аракеттеринин негизинде бийликке келсе, легендарлуу парламент КДКчылар көчөдө жүргүзгөн реалдуу иш-аракеттеринин басымы алдында иш жүргүзгөн. Башкача айтканда, кара жумушту КДКчылар жасаган, “жоону сайса Чубак сайып, аты калды Манаска” дегендей.

 

КДКчылардын аракеттеринен улам Кыргызстан өздөрүндөй болгон мурдагы союздук республикалардан артта калбай, көч башында болуп, биринчилерден болуп көз карандысыздык, эгемендүүлүк декларацияларын кабыл алып, президенттик институтту киргизген.

 

КДКчылар ошол кездеги саясий процесстердин локомотиви, батыштын демократиясынын Кыргыстанга таркатуучусу, жарчысы, Кыргызстандагы Компартиянын саясий режиминин кулатуучусу болуп, миңдеген жаштардын демократиялык жолу тандап алышына түрткү берген десек жаңылышпайбыз.

 

Компартияны “интернационалдык” саясатынан, өз жергебизде өзүбүз, кыргыздар үчүнчү сорттогу элге айланып, койчу, малчы, чабандыкты улуттук кесип көрүп, башкага жарабай калганыбызды (соода, тамак-аш тармактарында негизинен өзбектер, завод-фабрика, өнөр жайларда орустар, дыйканчылыкта өзбек, дунгандар иштеген), борбор шаарларда кыргыздар (Фрунзе, Ош ж.б.) орус, өзбектердин чочкокана, тоокканаларында батирлерде жашап калганыбызды КДКчылар коркпой ачык айтып, улуттук ар-намыстын ойгонушуна чоң себепкер болушкан.

 

Бекеринен ушул күнгө чейин КДКнын анабашчылары Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеевдер “кыргыз демократиясынын аталары” деген элдик наамга ээ болуп жүрүшкөн жок да. Жумагазы Садыр уулу “Чоң аюу”, Сабыр Муканбетов “Карышкыр” сыяктуу кыргызда бааланган жаныбарлардын аттарын алышып, “аюу”, “карышкыр” бойдон 25 жылдан бери келе жатышат (чөө, түлкүгө айланбай). Менин Жүзүм-Сайлык тууганым Т.Акун Акаев, Бакиевди өлкөдөн кууп чыгып, өзү 25 жылдан бери бир калыпта адам укугун коргоочу. Батыштын либералдык демократиясын эле колдобой, либералдык экономикасын да 25 жылдан бери Кыргызстанда колдонгон Т.Эгембердиев, Ө.Абдрахмановго окшогон ишкер КДКчылар ондоп саналышат. “Бири кем дүйнө” демекчи, кыргыздын өзүн эмес, тамак-ашын да дүйнө жүзүнө тааныткан, “Шоро” атка конгон, КДКчылардын билимдүүсү да, ишкери да болгон Табылды байкенин ушу күндөрү көзү өткөнүнө зээнин кейийт. Топурагың торко болсун, кыргыз элиң эмгегиңди унутпайт байке!

 

Дегеле КДКчылар жөнүндө айта берсе “Манасты” Сакем айлап, жылдап айтып бүтүрө албагандай эле, айтып бүтүү мүмкүн эмес...

 

Урматтуу КДКчылар!

 

Мен сиздерди эгемен Кыргыз Республикасынын жаралышына, Кыргызстанда Компартиянын режиминин кыйрашына, демократиялык процесстердин алгач пайда болушуна, улуттук аң-сезимдин кайра жаралышына, өз убагында өз өмүрүңдү, жеке тагдырыңарды тобокелге салып, тайманбай көч башында туруп эбегейсиз салым кошконуңарга 25 жыл болгону менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Сиздер жаңыланган, али жаш кыргыз мамлекетинин жаңы эгемен тарыхынын баштоочулары болгонсуздар, КДКнын тарыхы- кыргыз тарыхы, жалпы кыргыз белгилөөчү күн! Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, үй-бүлөдөгү ынтымакты каалайм. Кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, өз жолун табышына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, байлыгыбызга, бийлигибизге, саясатыбызга толук ээ болуу үчүн болгон саясый күрөштөрдө, али да  болсо 90-жылдардын башындагыдай, кажыбас саясый туруктуулукту көрсөтө берээриңиздерге ишенемин! Бар болгула!

 

КДКчылардын 25 жылдык тарыхый датасын, мен бекеринен “жалпы кыргыздын белгилөөчү күнү” - деп айтпадым. Адатымча “Унчукпай коюуга укугум жок” деген обон менен КДКчылар 25 жыл мурда баштаган саясый күрөш максатына толук жеттиби, жетсе эмнелери менен жетти, не жетпеди, ушуларды мен билген, эл билген фактылар менен, КДКнын тагдыры менен Кыргызстандын тагдырын, айрым КДКчылардын же алар колдогон же колдонбогон саясатчылардын тагдырлары менен өз оюмду ортого салгым  келди. Анткени ал биздин, кыргыздардын тарыхы...

 

КДКчылардын максаты толук ишке ашпай, кыргыздар өз жолубузду таба албай, өз саясатыбызды өзүбүз аныктабай, актуалдуу бойдон турат.

 

Тарых демекчи, өз тарыхын билбеген эл адашкан элдерге кирерин эскертейин... Кыргыздар эгемендүү болгон жашыбыз боюнча КДКчылар менен жашташ болгонубуз менен, алардын ошол кездеги коомдогу ээлеген орду, ролу жөнүндө так, туура жазып эгемен кыргыз тарыхынан өз ордун таап туура койдукпу? КДКчылар менен чогуу жүрүп, аларга аралашып жүрүшкөн, мен урматтагын, кыргыз эли сыймыктанган тарыхчыларыбыз К.Молдокасымов менен Т.Чоротегин бул суроого жообун берер.

 

Менин айтайын дегеним башка, кыргыздарда илгертеден жаман адат бар, адамга же бир нерсеге баа берерде, элде мурда анын терс жактарын карайт.                     

 

КДК жөнүндө сөз болгондо да эл арасындагы “КДКчылар А.Масалиевди кызматынан кетирүү боюнча тымызын түзүлгөн, КГБ тарабынан каржыланган”, “Масалиевди жаманатты кылуу үчүн жерлерди басып алууну уюштурган”, “ачкачылык кармап, алачыкта жатышкан, башка эч нерсе кылышкан жок,”- деген сөздөрдү көп угасың. Ага далил катары Т.Тургуналиевдин “Масалиев кетсин!”- деп алачыкта ачкачылыкта жатканын  Ж.Жекшеевдин КГБнын агенти катары акча, машина алганы боюнча дареги жок ушак-айыңдар, КДКнын айрым активистеринин Масалиев жөнүндөгү шылдың ыр макалалары, алардын Акаевди калпак кийгизип тосуп алышканы, К.Акматовго окшогондордун Акаевдин жакындарынан болуп кеткени, Акаевдин чу дегенде эле Б.Бирштейнге окшогондорго  кыргыз алтын кенин (“Кумтөр” жана башка алтын кендерин) берип жибергенин, айыл чарбасын, завод-фабрикаларды тыптыйпыл талкалаганын, тышкы кредиттерди, майлуу-сүттүү тармактарды, ишканаларды, айрым стратегиялык обектилерди өз жакындарына бердиргенин, өз бийлигин Башмыйзамга кайра-кайра референдум жолу менен өзгөртүү киргизип бекемдегенин, өлкөнү коррупцияга, сырткы карыздарга батырганын, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Хан-Теңир, көл жээгиндеги нечендеген пасионаттарды коңшу өлкөлөргө негизсиз бергенин депутаттык комиссия, коомчулук көтөрүп чыкса да айрым КДКнын мыктылары көрүп-билип туруп унчукпай койгонун далил катары айтышат. (Т.Тургуналиев,  Ж.Жекшееев, “Чоң Аюу”, “Карышкыр”, Т. Акун, “Асабачылар” жана башкаларды кошпогондо).

 

Албетте мен бул аргументтерди “КДКчылар Масалиевди кызматынан кетирүү үчүн уюшулган күчтөрдүн саясый заказын аткарган гана кыймыл”,- дегенге жетиштүү далил деп эсептебейм жана аларды колдой албайм, анткени мындай айрым чындык аралашкан факты болгону менен, чын саясый күрөштө бул фактылар саясый оппоненттер тарабынан кооздолуп, боёлуп, чоңойтулуп көрсөтүлө берет.

 

Мындай ачуу чындыкты карапайым эл түздөн-түз Тургуналиев, Жекшеевдердин өздөрүнүн айтканынан деле уккан. Мисалы, 2003-жылы Аксы районунда “Акаевди кетирүү, эл үчүн реформа” саясый-коомдук кыймылы тарабынан Элдик курултай өткөрүлүп жаткан. Курултайга отуздан ашык саясый күчтөрдүн өкүлдөрү, миңдеген делегаттар, депутаттар: А.Масалиев, Д.Садырбаев, И.Исаков, И.Кадырбеков, А. Проненко Д.Чотонов, Б.Асылов  ж.б., КДКчылардан Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, В.Черноморецтер катышып, Тургуналиев сүйлөп жатканда бир аксакал сөздү бөлүп, “Эй Топчубек, Акаев кетсин дейсиң, 90-жылдары - Масалиев кетсин - деп алачыкта ачкачылык кармагансыңар, Акаевди силер алып келбедиңер беле,”- дегенде Топчукем: “Аксакал туура айтасыз, Апсамат аке Акаевге караганда жүз эсе демократ экен, мен бир эле “Масалиев кетсин” деп ачкачылыкта жаткан эмесмин. Мен башында Масалиев олтурган Компартиянын  тоталитардык режимине каршы чыкканмын. Бул боюнча Масалиевден мурда да  кечирим сурагам. Азыр силердин алдыңарда да кечирим сурайм”,- деп: “Апсамат аке, кечирип коюуңуз” - деп ийилгенде, эл дуулдатып кол чаап жиберген...

Менин муну менен айтайын дегеним, тарыхчыларыбыз КДКнын коомду демократташтыруудагы ролун илимий-тарыхый аспектилер менен далилдеп, алардын максаты кимдир-бирөөнү кызматтан кетирип, экинчи бирөөнү алып келүү болбогонун далилдүү фактылар менен аныктаса, системага салып, ыраттуу тарыхка киргизбесе, ал окутулбаса, тарыхыбызды ушак-айыңга, экинчи, үчүнчү орундагы фактыларга тебелетип жиберебиз.

 

Тарыхты калыбына келтирүү, улуттун тарыхын сактоо, тарыхый чындык катары баалоо керектигин Россиянын Президенти В.Путин көрсөтүп жатпайбы? Ким билет, Путин өз учурунда чара көрбөсө, Улуу Ата Мекендик согуштун чындыгы бурмаланып кетет беле?

 

Кылымдарды карытып жашап келген уюткулуу кыргыз элинин байыркы, орто кылымдардагы тарыхтары кайда (?), тарыхы жок эл болсок ушул күнгө чейин сакталып келет белек? Кыргыз тарыхын окубай, бөлөк элдин, башка элдин партияларынын тарыхын окуп келбедикпи? Эми өз тарыхыбызды  жандандырып калыбына келтирүү керек. Эгерде КДКнын, КЭКтин, БЭКтин жасаган иш-аракеттерин так тарыхта калтырып, жаза албасак (КПССтин тарыхындай кылып) Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин  бийлик доорлорун жазып эмне кылабыз?

 

Россияда Б.Ельцин, А.Сахаров ж.б. демократтарынын үстүнөн жүргөн ушак-айыңды же жосундарын тарыхы менен байланыштырган жок да. Бизде тарыхыбыз али толук жазылбаса да, мезгил өзү Масалиев ким, Акаев ким экенин өз ордуларына койбодубу? А.Масалиев Эл Баатыры болсо, Акаев качкын президент, муну ким бурмалай алат?

 

КДКнын көпчүлүк мүчөлөрү Масалиевдин көзү тирүү кезинде эле Тургуналиев баш болуп, Акаевди “кетсин” деп, кайра Масалиев менен жүрүшкөн, Акаев президент кезинде эле. Алардын айрымдарынын ысымын акыйкаттык үчүн атап өтөйүн: Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, Т.Акун, С.Муканбетов, Д.Чотонов, Б.Асанов, Ж.Орозов, Т.Бакир уулу, “Асаба” партиясы, “Ашар” кыймылынын айрым мүчөлөрү. КДК (1990-ж), КЭК (2005-ж), БЭК (2010-ж) чукул тарыхый окуяларда, ар кимиси өз мезгилинде ошол учурдагы бийлик режимине каршы бир нече саясый күчтөрдүн, саясатчы патриоттордун башын бириктирип, бийликтин, байлыктын, ал түгүл каралардын да ээлери болушкан. Бийлик ээлерине, нукура кыргыз улутунун менталитетине шайкеш көптөгөн элдик мүнөздөгү, демократияны туу туткан саясый күч болушкан. Алар негизинен жеке Масалиев, Акаев, Бакиевге каршы, же алардын бийлигин ээлөө максатында эмес, алардын авторитардык режимине, улуттук кызыкчылыкка туура келбеген саясаттарына каршы чыгышкан. Теңдешсиз саясый күрөштө үчөө авторитардык режимди (бири коммунисттик, экинчиси үй-бүлөлүк кландык, үчүнчүсү үй-бүлөлүк криминалдык режимди) кулатканын, жеңип чыкканын тарыхчыларыбыз адилеттүүлүк менен так жазышы керек.  Бирок алардын максаты толук ишке ашпаганы, бул өзүнчө башка маселе.

 

Коммунисттик, акаевдик, бакиевдик күчтөргө каршы туруу үчүн, жогорку деңгээлдеги саясый эрк, жүрөктүүлүк, баатырдык, тобокелчилик, эрдик талап кылынарын унутпайлы. КДКчылардын айрымдарын мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү сунушу менен президентке чыгышканын угуп, колдоого алдым.

 

Эгемен Кыргызстанда же 25 жылдан бери мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун 90% бийликке гана кызмат көрсөткөндөр. Алардын 50 пайызын сыйламак тургай, кылмыш жообуна тартса да болот. Мурдагы мезгилде 30-40-жыл кайсы бир министр болуп иштегендер да Эл Баатыры болушту. 25 жыл ичинде наам же сыйлык алыш үчүн бийликтин ырын ырдашың керек же дүжүр болушуң керек. Эгерде калыс сөздү айта албасаң, караны кара, акты ак дей албасаң, сен кандайча баатырсың?

 

Ал эми 25 жыл ичиндеги өлкөдөгү, коомдогу, бийлик тарабынан бузулуп жаткан “ачуу чындыкты” айтсаң, “эл бузарсың”, “эл душманы” катары бийлик тарабынан ак жерден күйүп кете беришиң 5 эле минут. Үй-бүлөң, урук-тууганың, айылың, досторуң менен кошо куугунтукка түшөсүң. Кыргыздар Россияга каратылган мезгилден ушул күнгө чейин “Кыргызым”, “элим”,- дегендерди “оппозиционер”, “улутчул” катары куугунтукка алып, “улуу агабыздын”, бийликтин ырын ырдагандар Шабдан баатырдай болуп “Эл баатыры”, “бийлик башында” тарыхый баатырларыбыз дагы деле ошондой тандалат.

 

Эмне үчүн КДКчылардын ана башчылары Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, С.Муканбетов, Т.Акун “эл баатыры” болсо болбойт. Мисалы Т.Тургуналиев өз өмүрүн үч режим менен күрөшүп өткөрдү, жалпы мөөнөтү 28 жылга соттолду, өзү эле эмес үй-бүлөсү дагы өмүрлөрүнүн көбүн куугунтукта жүрүп өткөрдү. Эмне үчүн? Акылы жоктугунанбы? (Адамдай жашап жаткандыгына 5 жыл болууда). Жекшеев, “Карышкыр” деле ушундай эле “ит турмушта” жүрүштү. Же аларды А.Масалиев, Д.Садырбаевдей кылып өлгөндөн кийин сыйлайбызбы? Ойлонбойлубу?

 

Азыркы президент КДКчыларга “25 жылдыгыңарды өткөргүлө,”- деп 500 миң сом бериптир дегенди угуп, “кантсе да өзү саясый күрөштө жүрүп бийликке келди, чыныгы патриотторду, баатырларды ичинен билет, эми мамлекеттик сыйлыктары да болот го”-деп үмүттө калдым.

 

1990-жылдары “Масалиевди кулатып, Акаевди  бийликке алып келди”,- деп жалгыз КДКдан күнөө издейли. Ооба Масалиев президент болгондо Кыргызстан мынча чачылбайт эле, завод-фабрика, колхоз-совхоз, ишканалар сакталат эле. Ооба кен-байлыктар, “Кумтөр”, “Жерүй” жана башка чет элдиктерге берилип, алтын запастар Бирштейндин самолету менен чет элге ташылбайт эле.  

 

Ооба, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Хан-Теңири, Маймак ж.б. коңшу өлкөлөргө кетпейт эле. Көл жээгиндеги пансионаттар Назарбаевге тартуу болбойт эле. Бирок Масалиевди өзүнүн эле оң колу болгон А.Жумагулов баш болуп, өзүнүн коммунисттери жайлабады беле? Коммунист, өкмөт башчы А.Жумагулов, аким-губернаторлор бир түндө акаевчил демократ болуп кетишкенин, Кыргызстанды бөлүп-чачып тыптыйпыл кылганга ошол легендарлуу парламенттин көпчүлүк коммунист депутаттары жол беришпедиби. Акаевдин алтын мафиясын ачышкан Р.Дырылдаев, Ш.Мамбетов, Молдогазиев ж.б. “эл душманы” катары куугунтукка түшкөндө Усубалиев баш болуп, коммунисттердин  көпчүлүгү Акаев тарапта болгонун унутпайлы. Ошол кезде КДКнын Тургуналиев, Жекшеевке окшогон лидерлери Акаев тарапта болгон эмес, чындык тарабында болгон.

 

2005-жылкы март революциясында Бакиевди бийликке алып келишкендер деп КЭКтин мүчөлөрүн эмне үчүн айыпташыбыз керек? КЭКтин активдүү башчыларынын дээрлик көпчүлүгү алды 5 айга жетпей, арты бир жылга жетпей “революционер эмеспиз” деген топ менен Бакиевдин уулдары, инилери тарабынан жөн эле кызматтарынан куулбай, эл душманы катары куугунтукталганын кантип тарых унутат? Ошондо мурда Акаевдин администрациясын жетектеген, Акаевге жүздөгөн миң АКШ долларларын ташып жүргөн М.Садыркуловго окшогондор Бакиевдин администрациясын жетектеп, “серый кардиналга” айланганын кантип жашырабыз?

 

“Бакиевди кызматынан кууп, азыркы бийликти 2010-жылы апрельде силер алып келгенсиңер”,- деп, БЭКти күнөлөөгө эч кимдин укугу жок. Анткени БЭК “бийликке ким келбесин, бир адамдын бийлиги болот экен” деп, өлкөнү “шайлоодо эл ишенимине ээ болгон көпчүлүк депутаттар башкарсын” деп, бийликти парламентке берди. Акаевчилер менен Бакиевчилерди ким шайлады, алар үйрөнгөн адатынча өз бийлигин мыйзамсыз президент Атамбаевге өткөрүп беришкени үчүн БЭКтин, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү эмес да!

 

Акаевдин, Бакиевдин үй бүлөсүнө кызмат кылгандан башканы билишпеген бүгүнкү көпчүлүк аткаминерлер “Кумтөр”, “Жерүй” энергетика ж.б. тармактардагы коррупциялык схемаларды бузмак тургай, коргоп, сактап жүргөнү үчүн КДК, КЭК, БЭКтин жалаң төш, “улутум”, “элим” деген, азыр көчөдө калышкан мекенчил мүчөлөрү күнөлүү эмес да. КДК, КЭК, БЭКтин дээрлик көпчүлүгүн өзөгүн түзгөндөр бир эле топтогу адамдар, партиялар. Алар 1990-жылдан же 2005, 2010-жылдан кийин деле реалдуу бийликте болушпады, болсо да кыска мөөнөттө куулуп чыгарылды. Бүгүн алар байлык, бийлик ээлери эмес, бирок “тарых ээлери”. Азыр деле мурдагы “Алга Кыргызстан”, “Адилет”, “Ак Жол” партияларынын мүчөлөрү Атамбаевдин КСДПсында же анын эшигинде ырын ырдап жүрүшөт. Алар Үзөңгү-Куушту, Каркыраны, Хан Тенгри, Маймакты, “Кумтөрдү” ж.б. чет элдиктерге беришкенге чоң салым кошушканын эл билет, бирок “кыргызчылык” кылышат, “өз кулунубуз” дегенде, “сен биздин кулун эмессиң, Акаевдин коделегисиң” –деп айткандай, элдин баары Аксынын элиндей эмес экен.

 

Партия демекчи, КДКнын өзөгүн түзгөн саясый күчтөр негизинен үч топко бөлүнүшкөн: биринчи топко эптеп Компартиянын бийлигин оодарып, коммунист эмес адамды бийликке алып келүүнү көздөгөн күчтөр (Батыштын демократиясын туу туткандар);

 

Экинчи топ - Батыш Европанын либералдык-демократиясынын идеяларына уулангандар, алар кийин бизнеске кетишти.

 

Үчүнчү топ - “Асаба” улуттук-кайра жаралуу партиясынын өзөгүн түзгөн “кыргыз улутун кайра жаратабыз”, “улуттук тарыхты, маданиятты, каада салтты сактап, заманбап өнүктүрүп ,улуттук мамлекетти түзөбүз” дегендер (улутчул, патриоттор);

 

Биринчи жана үчүнчү топтогулар ушул күнгө чейин чыныгы демократиялык же улуттук мамлекеттүүлүккө жетишпей, 25 жылдан бери оппозицияда жүрүшөт. Бирок алар өз идеяларынан кайра кайтышпады. “Асаба” партиясынын мүчөлөрү жана алардын идеяларын колдогон КДКнын айрым мүчөлөрү 25 жыл ичинде, бийликтин бир да партиясын көтөрбөгөн чоң маселелерди алып чыгышууда. Ага бир далил - 2006-жылы июнь айында Үркүндүн 90 жылдыгын белгилеп, 90 жыл көмүлбөй жаткан ата бабалардын сөөктөрүн терип жерге жашырып, аларга Барскоон элинин жардамы менен аш берилди.

 

Ак сөөктүн, Беделдин, Ак Шыйрактын пенделеринен ата-бабабыздын сөөгүн көмгөндөр  негизинен “Асабачылар”, “Үй куруучулар”, “Ашарчылар” болушту, булардын баары КДКнын мүчөлөрү болушкан. Кийинки жылы кыргыз улутуна орус  падышачылыгы тарабынан жүргүзүлгөн кыргынга 100 жыл болот. 100 жыл ичинде кыргыз бийлиги бир да жолу мамлекеттик деүгээлде намыс үчүн бул маселеге көңүл буруп, үнүн чыгарган жок. 2006-жылы “Асаба” партиясынын демилгесин Бакиевдин бийлиги колдомуш болгону менен Барскоонго барган бийлик өкүлүн (Т.Табалдиевди) түшүнүксүз себептер менен артка чакыртып алышкан. Жок дегенде тарыхчыларды топтоп, илимий-конференция өткөрүүгө жараган эмес.

 

Быйыл армян элине болгон геноцид боюнча дүйнөлүк деңгээлде өткөргөн иш чараны көрүп, биздин бийлик арданып, намысына келип, Үркүндүн 100 жылдыгына өтө аяр, дыкаттык менен даярдык кылат десек, бийликтен үн чыкпайт. Бажы биримдигине кирүү менен алек, Россиянын бир областынын губернаторундай В.Путиндин, Москванын эшигин сагалаганга өтүштү.

 

1916-жылкы “Үркүндө” ошо кездеги жалпы кыргыздын үчтөн бири кырылып, ээн-талаа, эрме-чөлдө, мөңгү баскан ашууларда өлгөндөрдүн сөөктөрү көмүлбөй 90 жыл жаткандай, азыркы бийлик деле жарытылуу иш-чара өткөрүүгө саясый эрки жетпеши билинүүдө. 1916-жылкы Үркүндү эл аралык денгээлде “геноцид” катары таанытуу үчүн 1-кезекте азыркы Жогорку Кеңеш бул каргашалуу окуяны өзүбүздө “геноцид” катары бүтүм чыгарып, анан дүйнө элдерине, мамлекеттерине, эл аралык уюмдарга “кыргыз” улутуна болгон “геноцидди” таануу бөтөнчө кайрылууларды жөнөтүшү талап кылынат. Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо менен алектенип. “бул маселени көтөрсөк улуу агабыздын каарына калабыз” дегендей тымпыйышат. Ошондуктан бул маселени бүткүл кыргыздардын Элдик курултайына алып чыгып кароону 25 жылдан бери кыргызым, улутум деп күйүп келе жатышкан КДКнын, КЭКтин, БЭКтин, улутчул, көк жал, баатыр, мезгилдин, элдик төңкөрүштөрдүн, башка окуяларда сыноодон өткөн мүчөлөрү -  “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын айланасына биригип өткөрүү керек,- деген сунушту коомчулуктун талкуусуна коет. Эмне үчүн “Асаба”? Анткени, биринчиден “Асаба” партиясы  КДК менен жашташ, эгемендүү Кыргызстандагы улуттук кайра жаралуу идеясы менен чыгышкан улутчул-патриоттордон түзүлгөн 1-партия.

 

Экинчиден “Асабачылар” башка партияларга окшоп бийликке келүү үчүн өз идеяларын бир да жолу сатпады, сатылбады. Үчүнчүдөн, 26 жыл ичиндеги Кыргызстандагы баардык саясый , маданий, тарыхый окуяларда көч башында болду.

 

Төртүнчүдөн, “асабачылар” КДКнын, КЭКтин, БЭКтин өзөгүн түзүшкөн, Акаев, Бакиев , азыркы бийликтегилердин да улуттук кызыкчылыгына каршы саясаттарына келишпес, ачык позицияда.

 

Бешинчиден, “Асаба” партиясы 1990-жылдары, 2006-жылы “Үркүн” маселесинде бир топ  алгылыктуу иштерди баштаган, эми баштаган ишти аягына чыгаруусу керек. Жалпы кыргыздардын элдик курултайы, бир нече этаптуу даярдык көрүү жыйындардан кийин 2015-жылы күз айларында Ысык-Көлдө  өткөрүлүүсү шартка ылайык келет.

Жалпы кыргыздардын курултайында 1916-жылкы окуяга чекит коюлушу керек.

 

1916-жылы кыргыз эли “Орус келе жатат”- деп койго окшоп өзү эле “үркүп” Уйгурияга өтө качканбы же кыргыздын жерин басып алуучулардын кыргынынан аргасыз качканбы?

 

Чүй өрөөнүндөгү, Ысык-Көл жээктериндеги, Сөөк, Бедел, Ак-Шыйрак ж.б. ашуулардагы кыргын эмне үчүн болгон, аларды ким аткан? Эмне үчүн Сөөк, Бедел, Ак-Шыйрак ж.б. ашуулардагы, Барскоон өрөөнүндөгү кыргыздардын сөөктөрү көмүлгөн жок?

 

Эмне үчүн Совет доорунда бул маселеге жогорку деңгээлде чекит коюлбады? Эмне үчүн эгемен кыргыз бийлиги бул маселеге, улуттун кайгысына кош көңүл мамиледе?

 

Акырында 1916-жылы эмне болгон, кыргыздар орус  падышачылыгына каршы улуттук боштондук күрөшкө чыкканбы, чыкса “башкы революционер”, кайсы баатыр, уруу жетекчилик кылган, же кыргыздардын жерин ээлөө максатында кыргыздарга каршы, аларды тоо зонасына, Уйгурияга сүрүп чыгаруу, геноцид саясаты болгонбу? Эгерде геноцид болсо геноцидди ким аткарган, келтирилген зыяндын өлчөмү кандай? Мына ушундай суроолорго так жоопту биз өзүбүз кыргыздар таап, аныктап, чекит коюп, анан өзүбүздүн расмий кыргыз бийлигинен жалпы дүйнө эли тааныган эл аралык ченемдердин негизинде документтештирүүнү талап кылуубуз керек!

 

Андан соң 2016-жылы жалпы кыргыздардын  курултайынын чечиминин негизинде, расмий кыргыз бийлиги Армян элинин бийлигине окшоп эл аралык деңгээлде иш аракет өткөрүүсү керек.

 

Албетте, 1916-жылкы маселени кароодо, толеранттуулук принциби эң башкы  принцип болуп, негизги максат чындыкты аныктоо, ачыкка чыгаруу, тарыхта калтыруу, мындан ары адамзатында мындай окуяга  жооп бербөө эсептелиши керек...

Бул маселени эл аралык деңгээлде өткөрүүдөн  албетте биринчи кезекте биздин өзүбүздүн “ички душмандарыбыз” гүүлдөп чыгышат, мен аларга жооп берүүгө даярмын. Мен ишенем бул маселеде азыркы Россиянын бийлиги, айрыкча анын президенти В.Путиндин, кыргыз элин туура эле түшүнүп, тарыхый чындыктын такталышына, ага туура баа беришине көмөк көрсөтөт деп. Ага В.Путиндин, Россиянын, ССРдин айрым тарых бузууларына каршы туруп, тарыхтын бурмаланышына жол бербей, акты ак, караны кара деп ачык саясат жүргүзүп жатканы негиз берет.

 

В.Путин сөз жок - өз элинин нак патриоту, ал патриот катары башка элдик патриотторун да урматтаарын, сыйларын иш жүзүндө көрсөтүп келе жатат.

 

Маселенин баары биздин өзүбүздө, кыргыздарда, маңкурт-киргиздерде. Кыргыздар “Үркүн” маселесине так баа  берүүдө бейажал каза болгон  ата-бабаларыбыздын арбагы үчүн, намыс үчүн бир муштум эл, журт боло алабызбы, ушунда турат...

 

(Уландысы болот)