Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1212

Бишкек, “Саясат.kg”. “Республика – Ата Журт” партиясынын тең-төрагалары Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов Талас, Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Майлы-Суу ж.б. аймактардын эли менен жолугушуп бүткөн соң сапарын андан ары улап, Кочкор-Ата, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларынын калкы менен жолугушту.

 

Айта кетүүсү нерсе – 2012-жылдын октябрында “Кумтөр” боюнча чындыкты айтып, укпаган бийликтин көңүлүн буруу үчүн митингге чыгып, андан соң элге каршы провокация, күч колдонуу орун алганда качып кетпей, ошол эл арасында нааразычылыгын аягына чейин билдирген Камчыбек Ташиев фракциялаштары С.Жапаров жана Т.Мамытов менен камакка алынган. Жыйынтыгында үчөө тең бийликтин буйрйтмасы менен мандатынан кол жууган. Жакында Жалал-Абад шаардык соту К.Ташиевдин соттолгондугун жойду. Бул факт көпчүлүк саясатчылардын тун уйкусун бузгандыктан, алар алдын-ала: “Ташиев акталганы менен чоң саясатка келиши арсар, эл колдобойт”, “кадыры, рейтинги нөлгө түшкөн” дешти эле. Бирок Талас жана Жалал-Абад облустарынын 20дай элдүү пунктуна барган Ташиевди баатырдай тосуп алып жатышканы эксперт чалыш, саясатчы болумуштардын айтканын толук төгүндөдү.

 

Бардык жерде лидерлерди нан-туз менен тосуп алышып, аксакалдар ак бата берип узатып жатышты. Кайда барышпасын, “эл үчүн бириктиңер, эми жолуңардан кайтпагыла”, “Камчы балам, сен өзүңдүн иш-аракетиң менен кыргыздын нукура патриоту экениңди далилдедиң”,- деген кептер айтылып жатты.

 

Ал эми дем алыш күндөрдөгү Жалал-Абад шаарында өткөн иш-чарага келген адамдардын агымы токтобой койду. Маданият үйү анча адамды батыра албайт тура. Ал жактан жолугушуу болду, бирок башкы сөз шаардагы салтанат үйлөрүнүн биринин чоң короосунда уланды. Анткени залга батпай, кирбей, көчөдө калып кеткен адамдарды сыйлап, ушул чечимге келишти.

 

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев эч качан кимдир-бирөөнүн камчысы болбостугун, мындан ары деле элине кызмат кылууга, керек учурда жанын берүүдөн кайра тартпастыгын айтты. Чогулган эл Ташиевдин түштүктөгү кандуу тополоңду токтотууга чоң аракет жасаганын эч унутпастыгын, ал эми “Кумтөр” митингиндеги кадамын – эл, журт, жер үчүн жасагынын бир ооздон белгилеп, соттолгондугунун жоблушу менен куттукташты.

 

Ошентип, “Республика – Ата Журт” партиясынын лидерлерин эл чындап колдоого алаары иш жүзүндө далилденди.