Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1880

Редакциядан: Гезитибиздин №11-санында Чолпонбек Абыкеевдин “Бизди экономикалык эмес, руханий ачарчылыктын кризиси басып турат”,- аталышындагы макаласы басылган. Анда көтөрүлгөн көйгөйлөр окурмандар арасында кызуу талкууга алынган. 

 

Автор руханий кризистен чыгуунун үч жолу бар экенин айткан: Биринчиси - туруктуу иштеген жана мамлекет башындагылар жоопкерчиликти мойнуна алып элге мезгили менен отчетун берген мамлекеттик башкаруу механизимин түзүү. Бийлик башындагылар эл алдында отчет бермейин эч убакта жоопкерчиликти сезбейт. Демек эмне кылсам өзүм билемин токтотпойт. Экинчиси - Мыйзам диктатурасын орунотуу. Мыйзам Президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей таасир берип эч ким буза алгыз болушу керек. Үчүнчүсү - коомду туура руханий азыктандыруу. Адам күн сайын тамактанган сыяктуу эле күн сайын туура руханий азыктанууга муктаж. Айырмасы курсак ачканын адам физикалык жактан биле алат. Тамак талап кылат. Руханий ачка экенин билбей ыймансыздыкка барып байыш үчүн эшек этин да сатат. “Ушул жөнөкөй үч жолду кантип ишке ашыруу керектиги тууралуу үч чоң макала жазууга туура келет”,- деген эле Ч.Абыкеев. Ошол жолдордун бири – мамлекет башындагы адамдардын жоопкерчилиги тууралуу макала назарыңыздарда....

 

Эгемен мамлекет болгонубузга 20 жылдан ашты. Бирок мамлекет катары жашаганыбыз менен мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей албадык. Баш мыйзамыбыз 8 жолу өзгөртүлдү. Демек 2,5 жыл сайын баш мыйзамды өзгөртө бердик. Баш мыйзам өзгөргөн сайын мамлекеттик башкаруу механизими өзгөрүп турду. 26 жолу өкмөт алмашты. Демек, ар бир 6-7 ай сайын өкмөт алмашып турду. Бул эмне деген  мамлекетин мамлекеттүүлүгүнө карата жасалган маданиятуу айтканда жоопкерсиздик.!? (Болбосо  ачуу сөздөр менен ашатып сөккүң келет). Кадрлардын бат бат алмашуусу, министиктердин бир жоюлуп бир пайда болушу - министрликке барган жетекчилердин астына көп жылдык план коюп, ишке берилип ак дилден иштөө мүмкүнчүлүгүнөн айырды. “Жетекчинин принциби” деген таптакыр жоюлду. Бүгүн жогорку кызматтка баргандар “баланча министр болуп иштеген”,- деп айтылып калсын дешип эле барышат. Иш кылууну ойлоштон мурда үзүп жулуп, бир нерсе жеп калууну көбүрөк ойлошот. Себеби 3-4, ашса 5-6 айдан кийин кетерин сезет. “Артымда жакшы сөз, атак-данк калтырайын,”- деп ойлошпойт. Анткени андай иш жасаганга үлгүрүшпөйт. Бир кезде министр болгон Батыралы Сыдыковдун айтканы али эсимде: “ Мени кызматтан алып атасыңар. Мейли кызматыңарга жабышпайм. Болгону кайсыл күнөөм үчүн? Ушуну айтып койгулачы? Анткени “Жаман иштедиң”- деп айта албайсыңар. Иштегениме беш ай да толо элек. Мен ишке келгенде букадан качкан уйлар музоолой элек, койлор төлдөй элек, жок дегенде төлдүн жыйынтыгын күтсөңөр болмок,”- деп күйүп айткан эле. Себеби Б.Сыдыков кантсе да коммунистик доорду көрүп калган тартип, жоопкерчилик деген эмне экенин жон териси менен түшүнгөн жетекчи эле да. Министр деген сөздүн баркы чоң эле. Министрлике жетиш үчүн ошол тармакта бир нече жылдар маңдай териңди төгүп иштеп, өзүңдү көрсөтүшүң керек эле. Мындай калыпка салынып калган кадр тартиби бүт талкаланып жок болду. Азыр орой айтканда “Иттин уулу Байгара”- деле министр болууда. Айыл өкмөтүн деле башкарууга жарабаган, чимкиригин жөндөп арчый албагандарды министр кылып коюшууда. Коммунистик доордо жетекчилерге болгон талап башкача эле. “Утечка кардов” дегендин жоопкерчилиги бар болчу.

 

Кадрлардын шапкедей алмашып, анысы аз келгенсип компетентсиз, деги эле ал тармак боюнча түшүнүгү да жок, түшүнүктү кой жетекчи кызматтарда иштеп да көрбөгөн адамдар министр болгондо алгач “ооз Ошту караса” кийин кимдир бирөлөр тарабынан атайлап мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн алсыратып, экономикалык, кадрлык, руханий, моралдык, адеп ахлактык кризиске салып Кыргызстанды жок кылууну көздөп жатабы дей баштадым. Болбосо бир да мамлекет катары өсүп өнүгөйүн деген өлкөдө мынчалык акмакчылыктар болбойт. Мамлекеттке мындай душмандык кылгандарды “мамлекет душманы, эл душманы” катары түз эле аянтка алып чыгып атса да аздык кылат.

 

“Эгер физик болсоң “хирургмун” деп операцияга деле кире берсең болот. Көп болсосен операция жасаган адам өлүп калат да”- деген аския да чыкты. Жол тармагын түшүнгөндү кой, асфальт менен шагылдын айырмасын билбеген адам жол министри болду эле. Жыйынтыгы эмне болду. “30-40 жылдык кепилдик менен курулду”,- деген Бишкек-Ош жолу бүгүн тамтыгы чыгып, кайра оңдоп чыгууга муктаж болууда.

 

Эмне себептен кадрга мындай жеңил ойлуулук менен кароо келип чыкты. Бир гана себеби бар. Жемкорлук. Мамлекеттик байлыкты эсепсиз талап- тоноп, ичип жешке өздөрүнө шарт түзүүнү көздөгөн арам ой бир ууч топтордун пайда болушу. Мамлекеттик бийликти арам ойлуулар узурпациялап басып алып, баш мыйзамды улам өзгөртүү менен бийликти өз кызыкчылыктарына тууралоо аркылуу мамлекеттин мамлекетүүлүгүн талкалап, эсепсиз ичип жешип, экономикалык, руханий адеп ахлактык кризиске батырып ташташты. Мамлекеттик кызмат Кыргызстанда мамлекетке, демек элге жоопкерчилик менен жалданып иштеп берүү катары кабыл алынбастан, байышка, ичип жеп жыргашка жол ачкан бизнеске айланды.

 

Кантсе да коммунистик доордо түбү түптөлүп калган мамлекеттик бардык белгилери бар. Мамлекеттүлүгү дээрлик калыптанган Кыргызстан кандайча мындай кургуйга түшүп кетти? Бир гана себеби бар. Ал бийлик башына келгендердин эч кимдин алдында жоопкер болбогону. Иштеген иши тууралуу эч кимдин алдында отчет бербегендиги. 20 жыл мурда түзүлгөн ушул жоопкерсиздиктин механизми бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү иштеп келатат. Болгону элди алдаш үчүн улам бир жаңы шапке кийгизип коюшат. Маселен парламентик башкаруу, эки палаталык ЖК түзүү деген сыяктуу. Ар бир өзгөргөн сайын мурункудан да ирип чириген жемкорлукка ылайыкташпаса, оңолуу жок. “Багы жокко дагы жок” болуп анан калса биздин кыргыз элине улуттук лидерди да кудай буюрбаптыр. Эгер Орус элинин бактысына жаралган В.Путин сыяктуу өз абийринин алында чоң жоопкерчилиги бар адам мамлекет башына келгенде да кудай билет эле. Бат эле оңолуп кетмекпиз. Бизге жалаң кулкундун кызыкчылыгын баарынан жогору койгондор, абийири төгүлгөндө эч уялбай качып кеткендер бийлик башына келишүүдө.

 

“Коңшу мамлекеттердин президенттери деле эч кимдин алдында отчет бербейт”,- деп айтышка болбойт. Маселен Оруссияда кадр маселесине аяр мамиле жасалат. Шойгу канча жылдан бери минстр болуп келатат, айта да албайбыз. Аларда мамлекеттик кызыкчылык деген жогорку орунда турат да, ал сызыктан эч ким аттап кете албайт. Бизде болсо ошондой сызык бар экенин эч кимиси билбейт же эстегиси келбейт.


“Карайлаган там сүзөт”- болуп кийинки кездерде “Жаштарды бийликке алып келүү керек”- деген ойлор көп айтыла баштады. Бүгүнкүлөр да кечөө жаштар болушкан. Жаштар келсе эле “ Арасынан арам тамактар чыкпайт” деп ким кепилдик бере алат? Тескерисинче бүгүнкү жаштардан коркуу керек. “Ата-Мекен, улутум”- деген түшүнүктөр жаштарда абстрактуулукка айланып баратат. Бир эле мисал, “МегаКомго” жалаң жаштарды алпара коюшту эле бир жылга жетпеген учурда 40 миллион доллардан ашыкты кулкунга урушуптур. Бул билингени эле, билинбегени канча болду экен. Мындан 15 жылча мурун “Аалам” гезитинде сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө андагы мектеп окуучулары азыркы 25тердеги азаматтардын 60 пайыздан ашыгы Америкада жашагылары келээрин айтса, 20 пайыздан ашыгы Европанын мамлекеттеринде жашагылары келэрин билдиришкен. 10 пайызга жетпегени гана Кыргызстанда калууну каалашкан. Эгер мамлекеттик башкаруу схемасы өзгөрбөсө, ичип жеп алып качып кете берүүчүлөрдүн аягы үзүлөрүнө ишенбейм.

 

Черчилдин айтканы бар: “Демократияңдын деле акмакчылыктары толтура, бирок адамдар мындан жакшы жолду ойлоп таба элекпиз”- деп. Демократиялык жолдон тана албайбыз. Болгону аны биздин мамлекетибиздин жашоо образына жараша түзүп чыгышыбыз керек. Мына ушуга келгенде бийлик башына келгендер  жалтактоодо. Лениндин айтканы бар. “Демократия менен анрхиянын ортосу бир карыш” – деп. Биз демократияны анархияга алмаштырып алдык. Эгер чын эле мамлекетин мамлекеттүүлүгүн сактап, келечек муундар үчүн туруктуу өнүккөн мамлекет калтыргыбыз келсе ишти мамлекеттик башкаруу механизмин реформалоодон токтоосуз баштасак болмок.

 

Президент, Жогорку Сот, Башкы прокурор, Эсеп палатасы жылына бир жолу эл алдында отчет берип туруу механизмин кийирүүдөн башка жолду көрбөй турам. Муну ЖК эки палаталуу кылып, мыйзам чыгаруу палатасы 41 депутаттан куралып туруктуу иштеп, Эл өкүлдөр палатасы саны 900 депутаттан туруп жылыга бир жолу гана отурумга чогулуп жогоркулардын отчетун укса. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы баш болгон башкаруу аппаратында 10 кадрдан ашык эмеси гана  айлыкка отуруп иштеп, иш кагаздарын тууралап, бир жылдык жыйынды уюштурууну колго алса болот. Мыйзам чыгаруу палатасы негизинен мыйзамдарды кабыл алуу жана ишке ашын көзөмөлдө укугун аткарса. Өкмөт деген “сокур ичеги” жоюлуп, аткаруу бийлигиндеги бардык жоопкерчилик Президент жана анын иш аппаратына жүктөлгөнү туура. Азыркы Өкмөт “Жакшы иш болсо президент кылды. Жаман иш болсо Өкмөт күнөлү”- деп туруш үчүн Акаевдин ойлоп чыгарып кеткен жемкорлук жолу. Биздей чакан мамлекет үчүн Президенттик, парламенттик башкаруу туура. Бирок Президенттин укугун эле көбөйтпөстөн, жоопкерчилигин да көбөйтүү керек. Жогорку төртөө отчет бергенде Эл өкүлдөр жыйыны отчетун кабыл албай, “жараксыз” деп тапса сөзсүз кызматтан кетиши керек. Эгер Президентте ушундай жоопкерчилик болсо кадрдык чехарда болбойт эле. Президент “Эртең эл алдында эмне деп жооп берем”- дегенден коркмок. Балким Президентти деле ЭӨЖ шайласа болмок. Президенттик шайлоо деп канча чыгым кетип, эл бөлүнүп-жарылып, чуу болбойт элек. Президенттин, демек аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги да күчөмөк. Туура, бул сунуш талкууланышы керек. Ийне-жибине чейин талданып, аны ишке ашыруунун туура механизми иштелип чыгышы керек. Айлык албай иштешкен (ар кимисинин өз жумушу бар) Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары бир жылда 2-3 күнгө чогулса көп деле чыгым кетпейт. 120 депутат кыскарып 41 болсо, Өкмөттүн эбегейсиз чоң аппараты жоюлса канча экономия болот.

 

Эмне себептен биздин Президент баш болгон жогорку жетекчилер эл алдында отчет бергенден коркушат? Себеби бирөө гана - мыйзамдарды көп бузушат. Мамлекеттик кызматка барары менен өзүнүн жеке менчик фирмасына жетекчи болгонсуп  өз билгенин жасай баштайт. Арам иштерди көп кылат. Эгер таза иштешсе, мыйзам бузушпаса тескерисинче эл алдына чыгып отчет берүүнү самашмак. Ошонун жолун издешмек.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу, коомдук ишмер

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (190)