Президент Алмазбек Атамбаев Евробиримдик ѳлкѳлѳрүндѳ10 күндүк иш сапары менен болуп 1 апрелде кайтып келди. Дүйнѳлүк маалымат каражаттарынын мамлекет жана анын башчысы үчүн маанилүү болгон бул иш сапарды чагылдырбаганына биздин мамлекеттик маалымат каражаттары таарына түшкѳндѳй болду. Бирок дүйнѳлүк маселелер гезит бетинде же интернетте эмес мамлекет башчыларынын сүйлѳшүүлѳрүндѳ чечилет.

 

 Лиссабон, Владивосток жана Бишкек ортосунда

 

Атамбаев бир топ абройлуу адамдар менен сүйлѳшүү жүргүздү. Алардын арасында эӊбашкысы Евробиримдиктеги таасирдүү саясатчылардын бири ФРГ нын канцлери Ангела Меркель. Атамбаевди тосуп алып Меркель айым “сиздин кайтадан келгениӊиз жакшы болду”- деди орусча. “Сизди кайтадан кѳргѳнүмѳкубанычтамын”- деп айтса туурараак болмок. Бирок немис тилинен түз которулган канцлердин сѳзүнѳн, Атамбаевдин саясий ѳмүрүнүн узактыгын кыйтып билдирүү катары бааласак болот.

 

Чындыгында, Кыргызстандын президенти Орто Азиядагы эӊдемократиялык деп эсептелген ѳлкѳнү беш жылдан бери башкарып келет. Сүйлѳшүүлѳрдѳн кийинки журналисттерге уюштурулган пресс-конференцияда Меркель коом алдында сүйлѳѳүчүн күздѳболо турган Жогорку Кеӊешке шайлоодон башка маселе таба алган жок. Ал шайлоолордун жүрүшүндѳ“демократиялык принциптер” сакталышы керектигин баса белгилеп, шайлоого карата даярдыкка европанын жардамын сунуштады.

 

Атамбаев менен Меркельдин ортосундагы ачык айкын сүйлѳшүүлѳр жабык эшик артында ѳттү. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланыштары Кыргызстандын президентинин Россиянын Украинадагы аракеттерине болгон кѳз карашына байланыштуу болуусу ыктымал. Бизге белгилүү маалымат булактарынан жана президенттин ѳз сѳзүнѳн биз тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтык чыгардык: Кыргызстан расмий түрдѳКрымдын Россияга кошулушун тааныбайт жана бул кадамды эл аралык келишимдер тарабынан кепилденген Украинанын мамлекеттик территориалдык бүтүмдүгүн бузуу деп эсептейт, бирок юридикалык кадамды жана болуп ѳткѳн окуяны кабыл алууда. Мындайча айтканда юристтер кѳп колдонуучу ыкма “юридикалык факт”. 

 

Атамбаев ѳзүнүн европалык ѳнѳктѳштѳрүнѳ, эгерде Крымда кайрадан референдум ѳтѳтурган болсо элдин 90 пайызы кайрадан Россияга кошулуу үчүн добуш береерин бир нече ирет айтып кетти. Муну эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи Атамбаев.   Жакында эле ФРГ нын канцлери Путиндин учурдагы Евробиримбиктен да чоӊЛиссабондон Владивостокко чейин созулган Европа тууралуу кебин эсине алган. Бул идеяны кыргыз президенти да колдоно кетти: Лиссабондон Владивостокко чейин бирок Бишкек менен кошо.

 

Бул иш сапарга болгон биздин президенттин жакшы даярдыгын белгилей кетүү керек. Россия Кыргызстандан Крымдын Федерацияын составына кирүүсүн дароо кабыл алышын талап кылган жок. Ѳз ара алакалар башка нукта жүрүүдѳ, Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кирүүсүнѳРоссия жакында кошумча 200 миллион доллар бѳлмѳк болду. Колдоого алынган Путиндин Петербургдагы сѳзунѳылайык Крым менен байланышкан маселеде эл аралык келишимдер бузулду, бирок Крымдын эли эч кандай эл аралык келишимдерге жана мыйзамдарга карабай Россияга кошулууну каалары бул факт. Бул ѳӊүттѳн алганда анын Меркель жана Европа менен бирдикте Украинанын территориалдык бүтүмдүгү боюнча позициясы бир, бирок Путин менен дагы алакалар англистер айтмакчы business as usual (адаттагыдай жүрүүдѳ).      

 

Демократиянын аралы

 

Кыргызстандын үчүнчү президенти анын биринчи президенти Акаев кѳтѳргѳн маселени Европада кайтадан кѳтѳрүп, Бакиев түптѳп кеткен терс иштер менен күрѳшүүдѳгү ийгиликтерди кѳрсѳттү. Атамбаев европалыктарга коррупция менен күрѳшүүдѳгү ийгиликтер тууралуу айтып берди. “Кол тийбестер жок”,- деп белгилеген президент муну демократиянын белгиси катары кѳрсѳттү. Анан да мамлекеттик бюджеттин киреше бѳлүгү ѳсүп жаткандыгын белгиледи, бул албетте карыз берүүчүлѳргѳмайдай жага турган жаӊылык.

 

Гомосексуализмди пропагандалоого тыйуу салуу жана чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдардын кабыл алынуусуна айтылган сын пикирлерге Атамаев бул чечимдер демократиялык парламенттин чечимдери экендигин белгилеп ѳттү. Мыйзамдар депутаттар тарабынан сунушталат, албетте кээ бири “дыкат ойлонулган”эмес, бирок президенттин вето укугу бар андыктан ашыкча чочулоого себеп жок. Ушундай эле абал Ислам боюнча: Кыргызстан светтик ѳлкѳжана анын жарандары араб маданияты менен динди аралаштырбайт. Тактап айтканда хиджаб кийишпейт, муну президент Бишкектин кѳчѳлѳрүндѳжүрүп баратып кѳрүүдѳ. Андыктан Европалык Комиссиянын тѳрагасы Жан Клод Юнкер жана жана Европа Кеӊешинин башчысы Дональд Туск менен болгон сүйлѳшүүлѳр да ийгиликтүү ѳттү. Буга кошумча президент Брюсселде “Демократиялык Кыргызстан” аттуу фотокѳргѳзмѳнү ачты – цивилизациялык ѳлкѳнүн белгиси болгон эл бийлиги кѳрсѳтүлгѳндѳй болду.

 

Негизинен ал Европага ѳзүнү амбицияларын кѳргѳздү, анын идеялары бир кезде Аскар Акаев кѳтѳргѳн “демократиянын аралы” атту ойдун негизинде түзүлгѳн. Чындыгында бул президентибиздин негизги “инвестициялык идеясы” болду: Европа Кыргызстанга финансылык жардам кѳрсѳтѳт, ал эми мамлекет болсо коррупция менен, ал гана эмес Атамбаевдин ѳз туугандарына чейин күрѳшѳт, жана Орто Азиянын чок ортосунда демокртиянын аралын курат - Казактан, Ѳзбекистан жана башкаларга теӊсалмак катары.

Бул Меркельге таасир калтырды, бир гана ага кана эмес. Атамбаевтин экинчи маанилүү маектеши Франциянын президенти Француа Олланд болду – Европадагы экинчи орундагы атка минээр. Елисей сарайынын ээси коррупцияга каршы күрѳштү колдоду бирок эӊбашкысы- Кыргызстандын Евроазиялак экеономикалык биримдикке кирүүсү. Кыргызстан менен Европаны байланыштырып турган транспорттук коридорлор Россия жана Казакстан аркылуу ѳтѳт деп белгиледи Атмабаев. Россия менен Бажы союзунун койнунан сууруп Европа ѳзүн карай тартып жаткан Украинага караганда, Кыргызстандын жакын коӊшулары менен биригүүгѳбаруусу эӊтуура чечим болот деген оюн билдиришти европалыктар. Башкача айтканда Атамбаев Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кошулууга Европанын батасын алды десек болот, бирок ошол эле учурда Европа менен эки тараптуу пайдалуу карым катнашын да үзбѳй турган болду.

 

Ѳз иш сапарында Атамбаев Крым маселесин айлакерлик менен кайгып ѳтүп, ал гана эмес Европаны демократиялык баалуулуктарды колдоодо кош стандарттарды колдонуп жаткандыгы үчүн сындаганга да жетишти – Украинага миллиардтаган жардам кѳрсѳтүлүп жатат, ал эми Кыргызстанга ѳз учурунда суралган 15 миллион евро да берилген эмес. Европанын борборлору ѳз учурунда Акаевтин жана Бакиевтин учурунда мыйзамсыз чыгарылып кеткен акча каражаттарын изилдеп, аларга камоо салганга да жардам берген жок. Жыйынтык - Кыргызстанга президент финансылык жардам кѳрсѳтүүгѳмакулдук берген келишимдер менен кайтты.

 

Европа - ѳткѳн заман, Кытай - келечек

 

Албетте биз баарыбыз эле кѳптү каалайбыз. Европанын жардамы эмес теӊкызматташтыгы керек. Крым маселери боюнча сен ѳзсүӊбү ѳгѳйсүӊбү деген суроолорду эмес, бул геополитикалык чырларды чечүүдѳгү чыныгы ортомчулук керек. Евробиримдиктеги тышкы саясий озуйпасын Атамбаев “мыкты” аткарды: демократинын кыргызча варианты тууралуу айтып берди, саясий жана финансылык колдоого ээ болду, Украинадагы геополитикалык чыр чатактын капканына тушукпай ѳттү. Бирок, Атлантикалык океандан Тынч океанга чейин созулган ЧоӊЕвропа аталыштагы мындан 25 жыл мурун сунушталган долбоор 2014-жылы кыйроого дуушар болду. Украинадагы окуялар жана АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларынан кийнки Россиянын батыштан чыгышты, Кытайды кѳздѳй бурулуусу бул долбоорду акырына чейин кыйратты. ЧоӊЕвропа идеясынын ордун бүгүн жалпы Евроазиялык үй идеясы алмаштырды (Назарбаевтин идеясы) Кыргызстанга бул идея эӊэле сонун жарашат анткени биз евроазиялыкпыз, европеец эмеспиз. Андыктан Атамбаев ѳз сѳзүндѳдипломаттык менен ѳз доорун сүрүп бүткѳн Европа менен биригүү жана демократиялык баалуулуктарын колодонуу ойлорун колдонду. Чындап ойлоно келгенде “демократиянын аралы” болуу ѳлкѳгѳэкономикалык ѳсүштүн жана бакубатчылыктын кепили болуп бере албайт.

 

Евроазиялык долбоор деген бүгүнкү күндѳэмнени түшүндүрѳт? Бул Кытайдан Европага чейин созулган экономикалык ѳнүгүүнүн аймагы, бул долбоордо негизги ролду Пекин ойнойт, ал эми улуу Жибек Жолунун жээктеринде жайгашкан ѳлкѳлѳр экономикалык ѳнүгүүгѳкүчтүү түрткү алышат. 2013 жылы бул ойду Кытайдын компартиясынын тѳрагасы Си Зиньпинь жарыя кылган. Император Наполендун Кытай жѳнүндѳ“уктап жаткан арыстан” атаган сѳзүн келтирип жатып Зиньпинь  Парижде “арыстан ойгонду” деп жар салды.  Кытай ѳзүнүн жаӊы Жибек Жолун ишке ашырууга 500 миллиард доллар салуу ою бар экендигин тастыктады.

 

Ошол эле учурда Кыйтайды долбоорго катышып жаткан ѳлкѳлѳрдүн саясий түзүмү, Украина жана Крымга окшогон жергиликтүү талаш тартыштарга кѳз караштары жана карманган принциптери жана баалуулуктары эч кызыктырбайт. Кытайдын кадамы бул жѳн гана экономикалык кызыкчылык жана мындай эбегейсиз зор долбоорду берешендик менен каржылоого даярдык. Ага салыштырганда Европанын жардамы чымынчалык да болбойт, анын үстүнѳсенин ѳз же ѳгѳй экениӊда текшерилет.  

 

Биз шарттуу түрдѳбиринчи баскычты ѳтүп ЕАЭБке киргенибиз түшүнүктүү болду, бирок мындан ары биз Биримдиктин Кытай менен жакындашуусуна коридор болуп берүүбүз зарыл. Пекин заманбап транспорттук коридор куруп, Евразиянын эки эӊчоӊэкономикалык борбору болуп эсептелген Кытай менен Европанын ортосундагы товарлардын айлануусун кѳбѳйтүүнү каалоодо. Мындан түшкѳн каражатты баардык шериктеш ѳлкѳлѳргѳтеӊбѳлүү сунушталууда, анын ичинде Кыргызстанга да, албетте биз ѳз мүмкүнчүлүгүбүздү Казахстанга алдырып жибербесек. Бул максатта Кытай атайын 2014-жылы түзүлүп, уставтык капиталы 100 миллиард долларга барабар болгон Азиялык инфраструктураларды инвестициялоо банкынан каражат бѳлдүрѳт. Россия бул уюмдун капиталына жана башкаруу органына кирүү үчүн сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүдѳ, белгилей кетсек бул орган Дүйнѳлүк банкка конкурент жана Эл аралык валюталык фондко альтернатива болот деп айтылууда.

 

2009 жылы президенттике ат салышып жатып так ушундай институтту Кыргызстанда түзүү керектиги тууралуу айтканым эске түшѳт, ал кезде албетте башка учур болчу, ойлор абада каалгып жүрѳрү чын окшойт...

 

Учурда Кытай ѳзүнүн пландары жана финансылык мүмкүнчүлүктѳрү менен Евразиядагы алдыӊкы мамлекет болуп турат. Андыктан Кыргызстандын бийликтери жаӊылыктын баары Берлин, Париж, Лондон жана Брюсселде гана жаралат деген эски нуктагы ойлорду артка таштоосу зарыл. Бул таптакыр андай эмес. Учурда жаӊылыктын баары Пекин, Шанхай, Гонконг жана кѳптѳгѳн башка шаарларда жаралууда, бул шаарларды биздин кээ бир айлакер, аракетчил мекендештерибиз  Европанын борборлоруна караганда мыкты билишет, анткени Европадан айрмаланып биздин Кытай менен жалпы чек арабыз жана товар жүгүртүүбүз бар.

 

Менин кѳптѳгѳн мекендештерим сыяктуу эле, мен дагы Атамбаев Си Цзиньпинге качан иш сапар менен барат деп чыдамсыздык менен күтүүдѳмүн. Анткени биз ѳзүбүздүн кыргыздын арыстанын-ак илбирсин ойготобуз десек Кытайды кѳздѳй бурулуп тыгыз кызматташыбыз керек. “Эски Европадан” Кыргызстанга жаӊылануунун илеби согуп турган жок. Ал эми Евроазиялык Биримдик жана Кытай бул башка кеп. Андан кийн Индия деле алыс эмес.  

 

Жеӊишбек Назаралиев,

Профессор, Бишкек