Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1625

Түркмөнстандагы жашырууга мүмкүн болбогон масштабдуу террорчулукка каршы күрөшүү боюнча операция маанилүү көйгөйдү – афган-түркмөн чек арасындагы жашыруун террордук күчтөрдүн жанданып жаткандыгын ачыкка чыгарып койду. Бул аймакта “Ислам мамлекетинин” (ИМ) согушчандары бар экендиги жана эгер алар мамлекеттин аймагына кирип кетсе, бүтүндөй Борбор Азия аймагы башаламандыкка түшөрү айтылууда. 

 

Франкфурт-на-Майнедеги Афганистанды изилдөө борборунун директору, мурдагы Афганистан ТИМнин Стратегиялык иликтөөлөр борборунун директору  Азиз Арианфардын пикиринде, алгач согушчандар Борбор Азияга тандалып, даярдалып жөнөтүлөт. Ага чейин бүтүндөй Афганистанда туруксуздук болууга тийиш. “Лента.ру” сайтына берген маегинде ал ИМдин каржылоо булагы, ошондой эле ар кайсы өкмөттөрдүн бул террордук уюмга таасири тууралуу айтып берген.

 

- Сиз «Ислам мамлекети» террордук уюмунун аракетиндеги кайсы өзгөчөлүктөрдү  белгилейт элеңиз?

 

- Уюмдун түзүмү дайыма өзгөрүп тургандыктан, алар башкаруу борбору сыяктуу эле толтура. ИМ — акыркы жылдардагы эң көп түстүү жана көп тармактуу террордук долбоорлордон болуп саналат. Жеке мен үчүн мындай жагдай кызыктуураак көрүнөт: бул уюмдун түзүлүш архитектурасы кайсы мамлекетке таандык экендигин так айтуу мүмкүн эмес. Менин билишимче, ал тургай эксперттердин да бул маселе боюнча бир пикири жок. Ооба, адистердин айрымдары америкалык стратегиялык RAND корпорациясынын тиешеси бардыгына таянышууда – бул божомолду алгач каржыланган аймак да далилдеп турат: менин бир катар булактарым толук бойдон Сауд Аравиясын ишенимдүү көрсөтүшүүдө. Анткен менен бул чындыкка окшош божомолду да далилдей турган жагдай жок.

 

- Уюмдун максаты тууралуу эмнени айтууга болот? ИМдин азыркы кызыкчылыктары да көзөмөлдөгөн аймактан алыска чыгып кеткендиги тууралуу сөз бар.

 

- Албетте, алгачкы милдети Түркиянын атайын кызматтарынын жигердүү катышуусу менен Башар Асадды бийликтен кетирүү болгон. Бул операция үзгүлтүккө учураган соң долбоорду Ирактын аймагына жылдырышты. Андан ары маанилүү кайра бөлүштүрүү болду – Сауд  Аравиясы топту каржылоону токтотуп, каражатты башкаруу Катарга өттү, андан соң азыркы ИМ пайда болду. Азыр долбоорду бүтүндөй ислам дүйнөсүн курчаган деңгээлге айлантууга аракеттенип жатышат.

 

- Айрым эксперттер ИМдин согушкерлери мезгил-мезгили менен Афганистан жана Борбордук Азияга өтүшөт деп божомолдошууда. Андан да азыр бул процесстердин далили жок болсо деле башталгандыгы тууралуу маалымат таратылууда. 

 

- Ооба, мен кесиптештеримдин оюу менен макулмун: ИМдин айрым бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү мезгил-мезгили менен Афганистан, ал тургай Пакистандын аймагына өтүшү мүмкүн. Сыягы, бул КМШ, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө андан ары таасир этүү үчүн жасалышы мүмкүн. Бирок аймакты алмаштыруу – даярдыкты талап кылган олуттуу милдет.

Мен Афганистандын ар кайсы аймактарында жана Пакистанда ИМдин бекемделген бүтүндөй отряддары тууралуу аз эмес маалыматтарды жолуктурам. Бирок моюнга алууга мажбур болом: бул маалыматтардын көпчүлүк бөлүгү чындыкка коошпойт.

 

Азырынча мага ИМдин жанданып жаткандыгы сезилүүдө жана Афганистандын түндүк-батышында, атап айтканда Герат, Бадгис жана Фариабеде күч алышы мүмкүн. Түркмөнстанга да жетиши тууралуу маалымат бар. Бирок бул Борбор Азияга кирүү тууралуу кыска каалоо менен эмес, түркмөн газын Пакистан жана Индияга жеткирүү үчүн ТАПИ куурунун жаткырылышы менен көбүрөөк байланышкан.

 

Бул жерде маселе бүгүнкү күндө ИМдин башкы демөөрчүсү - Катар экендигинде - азыр бул мамлекет Пакистан, Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө суюлтулган газды экспорттоодо монополиялык позицияны ээлеп, Кытай, Япония жана Кореяга да газ сатууда артыкчылык кылат.  Албетте,  Катар монополияны жоготкусу келбейт. Эгер түтүк орнотулса, бул рыноктогу газ баасы түшүп кетет. Ошондуктан Катардын атайын кызматтары кырдаалга өз каналдары аркылуу таасир этип, Афганистандын түндүк-батышында жайгашкан карамагындагы согушчандарга көмөктөшүүдө.

 

Ар кандай булактар боюнча, беш миңге чейин согушчандар бул провинцияларда «иштешүүдө». Күн сайын афган-түркмөн чек арасында кагылышуу болуп, адамдар өлүүдө.

 

- Ал эми маалымат талаасында эч нерсе жок го?

 

 - Менин маалыматым боюнча, Түкмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекеттик чек араны коргоого менчик компанияларды катыштырууну сунуштады. Анткени республиканын күч органдары Афганистан менен болгон чек араны кайтарууга алсыз болуп жатат.  Айтмакчы, бул боюнча түркмөн жетекчилиги Россия, Иран жана Кытай менен консультация жүргүзүүдө.

 

- ИМдин согушчандары жалданган армия катары да пайдаланылып жаткан турбайбы?

 

- Сиз канчалык туура айтып жаткандыгыңызды билбесеңиз да керек. Мисалы,  Катардан тышкары долбоорго Түркия жигердүү катышкандыгы – чындык, азыркы учурда Түркиянын атайын кызматтары катардык «достору» менен бөлүшүүгө мажбур болушууда. Анткени Анкара да түркмөн газын Кытайга (алдын ала маалымат боюнча, ал жакка жыл сайын 65 миллиард кубометр газ кетүүгө тийиш) түштүк жана Кытай багытына өткөрүүгө кызыкдар. Ал тургай бул ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн жакында Түркмөнстандын премьер-министринин Пакистанга чукал иш сапар менен баргандыгы да байланыштуу. Катар афган-түркмөн чек арасын туруксуздаштыруу үчүн 70 миллион доллар бөлгөндүгү тууралуу такталбаган маалымат бар. Бирок бул алгачкы гана транш, бүтүндөй аймакты жана Пакистанды камтуу азырынча реалдуу эмес, анын ичинде Иран багытына, Борбор Азия өлкөлөрүнө, ал тургай Россияга көп каражат талап кылынат.

 

- Демек, көйгөй айланып келип эле борбор азиялык багытка бурулат экен да. Анда эң оболу туруксуздук Афганистандан башталууга тийиш. Бул согушчандардын Афганистанга интенсивдүү кире башташын түшүндүрөт.

 

- Тилекке каршы, ооба. Бирок дагы бир маанилүү жагдай бар: азыр  Афганистанда жана аймакта атайын кызматтардын татаал күрөшү жүрүүдө, ошондуктан мурда өздөрүн талибдер деп атаган айрым топтор болгону ак желегин жерге таштап, анын ордуна карасын — «Ислам мамлекетиникин» көтөрүп алышты. Беткап кийишип, өздөрүн ИМдин сошушкери деп атап алышты. Муну менен алардын табияты өзгөрбөйт. Согуш жашоо каражатына айланды. Болгону буюртмачылар төлөсө болду, кайсы аталышта согуш жүрүп жаткандыгы, идеология кандай экендигинин мааниси жок.

 

- Демек, «Талибан» идеологиясы  Афганистанда олуттуу болбой калдыбы?

 

- Мисал келтирейин. Афганистандын азыркы бийлиги маңызы боюнча  - убактылуу, өткөөл, бийликте көпкө кармалбайт. Бир жарым жылдан кийин Лойя Жирга (өлкөдөгү этникалык жана уруулук топтордун өкүлдөрүнөн чакырылган кеңеш) чакырылып, анын талабы боюнча, талибдердин бир бөлүгү жаңы долбоорго жана жаңы өкмөткө кирет. Бул туура, компромисс издөө керек. Маңызы боюнча «советтик» тажрыйба кайталанат, советтик жоокерлер чыгарыларда ушундай долбоор түзүлүп, алтыга жакын провинцияны моджахеддердин башкаруусуна берүү сунушталган.

 

Анткен менен ал кезде да, азыр деле мындай чара Афганистандагы бир да көйгөйдү чечпейт. Талибдердин башка — радикалдуу, «келишкис» бөлүгү өкмөткө каршы көрөшүүнү уланта берет. Андыктан «Талибандын» ак желегинин ордуна ИМдин кара желеги көтөрүлгөндүгүнө таң калбаймын.

 

Жакында эле Кабул-Кандагар автожолунда 30га жакын шиит-хазарейцтер туткундалды. Аларды уурдагандар ИМдин жоокерлерибиз деп чыгышты. Оппозиция кабулдук бийликке каршылыгын улантат, бирок баары ИМден коркушкандыктан, ал тез арада башкача аталып калат. Туура түшүнүңүз. Аларга эч кандай ыйык нерсе жок.

 

- Тажикстандын чек арасындагы оппозициялык топтордун түйүнү канчалык кеңири?

 

- Өтө деле кеңири эмес. Бирок жакын арада беш миңге жакын согушчандар Бадахшан, Тахар жана Кундуз провинцияларына жылдырылат деген маалымат бар. Алар күчүн Тажикстан, андан ары Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанга өткөрүү аракетин көрүшү мүмкүн.  Бул долбоор Сауд Аравиядан каржыланууда. Алар диний радикализм аркылуу өздөрүнүн таасирин жайылтуу аракетин көрүшүп, геосаясый ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү көздөшөт. Бирок мен бир гана чек аралык топтор маанилүү эместигин белгилегим келет.  Афганистандагы кырдаал бийликтин алсыздыгынан улам өтө туруксуз.

 

- Сиз эмнени айткыңыз келүүдө?

 

- Мен азыр Афганистанда түзүлүп жаткан «талаа» долбоорлорунун  санын эске алуудамын. Алардын көп түрдүүлүгү тууралуу иликтөө жүргүзүү зарыл, биздин баардык деталдар тууралуу айтууга убактыбыз жетпейт.

 

Жок дегенде  Афганистандын чыгышында негизинен Хост провинциясында согушкан мурдагы өлкөнүн  премьер-министри Гульбеддин Хикметиярдын жана  «Хаккани түйүнүнүн» (Афганистан жана Пакистандын аймагындагы террористтик топ)  согушчандары бар экендигин эске алыңыз. Алар ал тургай «Ислам Эмираты» деген ат менен катталса да Кабулдагы бир да өкмөттү колдошпойт.

 

Бул долбоор ишенимсиз түрдө кытайлыктар тарабынан көзөмөлдөнүп, аларга каржылоо булагын алууга кызакдар Пакистан жана Сауд Аравиядагы фундементалисттик чөйрөлөрдүн таасири өтө көп. Баса, дал ушул Хакани түйүнү Борбор Азияга негизги коркунуч катары каралган.

 

- Аймактагы мындай олуттуу туруксуздаштырууга кантип каршы күрөшүү керек?

 

- Алгач кайдан коркунуч келип жаткандыгын, аракеттенген күчтөрдүн максаты кандай экендигин, алардын мүмкүнчүлүгүн, каржылоо булагын жана башка жагдайларын түшүнүү маанилүү. Көйгөйдү терең иликтөө керек. Азырынча КМШ өлкөлөрү, Россия жана Батыш ИМдин Жакынкы Чыгыштагы согушчандарына кабылды. Бул жагдай ММКда көбөртүлөп-жабыртылып чагылдырылып, айрым террордук уюмдардын бир топ татаал абалынан алагды кылат. Чыныгы кырдаалдын толук картинасын түзүү ага каршы туруунун ыкмасын иштеп чыгууга шарт жаратат.

 

CA-NEWS (KZ)

“Религиомедиа” борбору тарабынан которулду.

 

Булак: “Майдан.kg”гезити