Өткөн жумада парламент өз олтурумунда “Кумтөр” алты кенинин келечек тагдырын талкууга алды. Адатынча, талкууну КТРКдан көрсөтүүнү чечишип, микрофонго чыкканда кооз сүйлөгөн (шайлоо жакындап калбадыбы) депутаттар чечим кабыл алаарга келгенде кайрадан “страустун” кепин кийишип, өкмөткө сүйлөшүүлөрдү бүтүрүүгө дагы бир ай убакыт берүү менен таркап кетишти. Жыйынтык чыккан жок. Азыркы парламенттин тушунда деги эле тыңгылыктуу жылыш болооруна көз дагы жетпей калды.

 

Талкууда маалым болгондой, кен иштей баштагандан бери Кыргызстан 856 млн доллар түз киреше тааптыр. Андан тышкары, Соцфондко чегерүүлөр 133 млн., кыргызстандык кенде иштеген кызматкерлердин айлыгына 518 млн., дивидент катары 77 млн., алтынды аффинаждоого 55 млн., демөөрчүлүк чыгым катары 24 млн., ишеп аткандардын билимин өркүндөтүүгө 4 млн., лицензияга 2,9 млн., инфраструктурага 225 млн. доллар ж.б. сарпталып, баарын бириктергенде 2 млрд. 715 млн. доллар келиптир. “Центерра” 20 жылда 186 тонна алтын алган, жалпы суммасы 6 млрд. 894 миллион доллар. Канадалыктар мунун 5,668 млрд. долларын кирешеге чыгарып ийишкен. Ошондо 1 млрд. 226 миллион доллар гана пайда табышыптыр. Ал эми 2014-жылы 17,6 тонна алтын казылып алынып, 100 млн. доллардын тегерегинде киреше түшкөн. Ошонун 50 пайызын эгер биргелешкен ишкана түзүлсө Кыргызстанга чегерип берүүгө даяр экен канадалыктар. Бул цифралар эмнени далилдейт? “Центерра” даараткана кагазына кеткен чыгымдан бери жазып, кыргыз тараптын мойнуна илүүдө. Алтын фабрикасын курууда деле баасын ашырып көрсөтүшкөнү айтылган. Ошондуктан, байкуш көрүнүштүн кереги жок. Эптеп өкмөттү, элди алдап, келишимди узартуунун айла-амалын көрүп жатышканы жалганбы? Депутат Айнура Алтыбаева айткандай, “Кумтөрдө” алтындын запасы жок дегенде 2 миң тонна. “Булар ошон үчүн кеткиси келбей жатат. Кирешени товар түрүндө бөлүшүүгө да көнбөй жатышат. Кандай айтсаң да буларга жакпайт. Булардын максаты – Кыргызстанды дагы 40-50 жыл тоноо. Мындай ишенимсиз өнөктөштү кетириш керек”,- дейт депутат айым.

 

Депутат Исаковдун суроосуна жооп берип жатып, өкмөт өкүлдөрү “Давыдов”, “Лысый” кыркаларынан 430 миллион куб мөңгү жылышып кеткенин, 70 миллионун изсиз жок кылышканын моюнга алышты. “Жаманды коногу бийлейт”,- деген накыл кепти эске салган Т.Балтабаев туура айтат, канадалыктар үчүн биз – жөн гана мал окшойбуз...

Төмөндө айрым депутаттардын пикирлерине орун бердик...

 

Өмүрбек Текебаев,“Ата-Мекен” фракциясынын лидери:

 

“Биздин эки эле жолубуз бар: улутташтыруу же “Центеррага” толугу менен багынып берүү”

 

- Учурда “Центерра” Кыргызстанды коркутуу жолу менен маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет жасап жатат. “Мына, КТРК “Центерранын” пулун алып коюп, аларды мактап, каяша айткан депутаттарды, партияларды бузуку катары көрсөтүп жатат. Кыргызстандын душманындай жамандоодо. “Кумтөр” ишин токтото турган болсо миңдеген адам жумушсуз калып, алар бийликти кууп чыга тургандай маанайды пайда кылышууда. Жеке менчик гезиттерди тек коёлу, себеби алар акча үчүн кылмышкерлерди да коргоп жатат. Бирок, КТРК мамлекеттин кызыкчылыгын коргош керек да. Биз өзүбүз 2 миллиард доллар бюджети бар кичинекей мамлекетпиз, “Центерра” аттуу гигант менен кармашып атканда бирдиктүү болсок болбойбу? Анын ордуна өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызалтындын” башчылары “баары бир макул болушубуз керек”,- деген эле ырды ырдап атат, түбөлүк кул болушубуз керектигин таңуулап. Мына арабызда бизнесмендер көп. Сүйлөшүү жүрүп жатканда чөнтөгүңдө 1 сом турса да миллион сомуң бардай сүйлөшүш керек эмеспи. А биздикилер күн мурунтан сырын билгизип, багынып, шарттарына муюп берүүдө. Мен айтып коёюн, бизде эки эле жол бар – “национализация” же “капитуляция”. Башка жол жок. БУУнун экономикалык тартип багытында декларация, хартиялары бар. Аларга таянып биз кенди тартып алып койгонго акыбыз бар. Арийне, айрым чыгымдарын кайтарып берүү жагы каралган. Качан, кандай шартта, кандай графикте – аны улуттук сот аныктайт. Биздин Биринчи май райондук соту чечет. Мына ушул табигый укуктан өкмөт эмнеге пайдаланып, кыргыз элинин таламын талашпайт? Эки жылдан бери экологиялык чыгымдарды айтып атабыз, 5 млрд. деп бири айтат, 16 миллиард сом дегени бар. Биз сотко бере турган болсок, утуп алабыз. Улутташтырып, соттон келтирген зыянын эсептетип, карыз кылып чыгарбайлыбы? Камакка алынбай, чыгып кеткенине сүйүнө тургандай кылып жөнөтүш керек.  

 

Мына былтыр биз жер алдынан казуусун талап кылганбыз. Алар: “үстүн ачып алабыз алтынды, антпесе чыгашабыз көбөйүп кетет, мөңгүнү ээритебиз керек болсо”,- дегендей мамиле жасап, коркутту. Болбосо ишти токтотуп коёрун айтышты. “Ошондо абалыңарды көрөм, ишсиз калгандар бийликти алмаштырат”,- дегендей пропаганда жүрдү. “Колуңардан не келет, силер эл эмессиңер”,- деген кыткылык жаңырып эле турат. Ошон үчүн биз ишин токтотуп, элди дүрбөткөн чоң ишканалардын жетекчилерин 15 жылга чейин камаганга жол ачкан мыйзамды сунуштап, эки окуудан кабыл алынган. Анан “Центерра” коркутуп койду эле, 3-окууда бул мыйзамды жыгытып койдуңар. Мына ушул залда легендарлуу парламенттин 360 депутаты кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн. Бүгүн кеп ошол мамлекеттүүлүк, суверендүүлүк тууралуу болуп жатат. Чечим кабыл алганыбызга жараша ошол биздин эгемендүү эл экенибиз же күнкарама болуп калганыбыз дайын болот. Легендарлуу парламент ушул залдан мамлекетти түптөсө, биз таркатып чыгабыз. Дагы айтам, эки жол бар: улутташтыруу же толук ошолорго кул болуу.

 

Чыныбай Турсунбеков,КСДП фракциясынын лидери:

 

“Өкмөт  марттын аягына чейин бул ишти бүтүрө албаса, кетириш керек”

 

- Тилекке каршы, өкмөт өзүнө алган милдеттенмесин аткара алган жок. Ж.Сатыбалдиев 50-50 келишимин алып келгенде, кабыл алып берсек, ошол замат ишке кире турганын айтты эле. Бирок, андан бери бир жыл өттү. Тилекке каршы азыркы өкмөт бул ишти аткара албады. Туура, “Кумтөр” маселеси 20 жылда далай өкмөттүн, парламенттин, президенттердин башын жеди. Ошондуктан, биз бул иштин аягына чыгышыбыз керек. Убакыт жок, эл күтө албайт. Өмүрбек Чиркешович туура айтат, бизде эки жол бар – улутташтыруу же капитуляция. Улутташтыруу эң акыркы кадам болушу шарт. Өкмөт башка колунан келбей, көтөрүп келсе, кабыл алуу зарыл. А экинчисин мен капитуляция деп эсептебейм. Бул компромисттик жол. Өкмөт 26-марттагы аудиттин жыйынтыгын күтүп атыптыр. Ошондуктан, марттын аягына чейин убакыт берели. Анда да колунан келбесе, мындай чечкинсиз өкмөттөн кутулуш керек.

 

Ташболот Балтабаев,ЖК депутаты:

 

“Кумтөрдү” караган менен эч кандай майнап чыкпайт...”

 

- Коомчулукта чоң резонанс жараткан Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетиши, Ош, Жалал-Абад мамлекеттик дирекциясындагы мыйзам бузуулар ж.б. маселелерди мөөнөтүбүз бүткөнчө карап, “саясий баа” бериш керек. Коомчулук бул маселелерге карата биздин мамилеге нааразы болуп жатат. Аны чындыгында айта берип тилибиз тешилди. Эч ким көңүл бурбайт. Эгерде биз коррупцияга каршы күрөшкө ушундай мамиле жасай турган болсок, анда ал күрөштөн кандай жыйынтык чыгат? Ошондуктан, парламент бул маселелелерди карап, саясий баа бериш керек. Биздин мөөнөт да жакында бүтөт. Бирок, чоң резонанс жараткан маселелер аягына чыкпай калат окшойт. Мына биз “Кумтөр” маселесин карап жатабыз, андан да эч кандай майнап чыкпайт. Же бизде коррупционерлерди жаап-жашыруу саясаты жүрүп жатабы?

 

Мээрим Шыгайбаева

Булак: “Майдан.kg