Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1063

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү, саясат талдоочу Сабыр МУКАНБЕТОВ менен келаткан шайлоолор тууралуу пикир алыштык

 

- Сабыр агай, быйыл күздо боло турган парламенттик шайлоого карата ар-кайсы партиялар ар-кандай аракеттерди көрүп, биригип, ажырашып дегендей даярдыктар жүрүп жатат. Жакында эле Жогорку Кенештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр киргизилээрин айтып келип,  март айында үч окуудан өткөрүп, тездик менен бүтүрүү керектигин айтты. Шайлоого чукул калганда мыйзамды оңдоп-түздөмөйлөрдү коомчулук сынга алып, “бийлик башындагылар эрежелерди өзүлөрүнө ылайыкташууда” деген кинелер айтылууда. Ушу маселелер тууралуу кеп салып берсеңиз?

 

- Кыргыз мамлекети көз карандысыздыкка ээ болгондон бери бир далай шайлоолорду башынан кечирди. А дегенде шайлоолор кичине адилеттүүрөк өтчү эле. Анан, бара-бара бийлик башындагылардын алкы ачылып, бийлигин сактап калууну максат кылгандан баштап баары бузулду. Добуштарды уурдап алмай, сатып алмай, коркутуп камап-сабап, айтор эң ыплас ыкмалар колдонулуп, шайлоого болгон ишеним өлдү. Шайлоонун жыйынтыгына көз салбастан, 7-кабатта отуруп эле оюна келгендей протокол толтурган кезди да баштан кечирдик. Нааразычылык күч алды. Эки жолку төңкөрүштүн себептеринин эң негизгилери да ушу шайлоонун бурмаланышынан чыккан.

 

2010-жылкы төңкөрүштөн кийин бийликке келгендердин негизги убадаларынын бири да таза шайлоо өткөрүү болчу. Азырынча бийлик ал сөзүнөн кайтпагандай эле аракеттенип, убада улантылып, биометрикалык маалыматтар топтолуп, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгени жатат. Шайлоо Кодексине өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сөздөр былтыртан бери айтылып, бирок жыйынтык жок ушуга чейин жетти. Шайлоо жакындап калганда өзгөртүү киргени жатканы албетте, ар кандай ишенбөөчүлүктөрдү жаратууда. Бирок мыйзам боюнча “шайлоо жакын калганда өзгөртүү кирбеш керек” деген чектөө жок экен.  Андыктан мурдагы шайлоодогу кемчиликтерди, азыркы замандын талабын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизгенге каршылык кылып кереги жок деп эсептейм.

 

- Шайлоо Кодексине киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр тууралуу кандай ойдосуз? Бул өзгортүүлөр канчалык денгээлде шайлоо процесстерин тазартып, адилеттүүлүккө жакындата алат? Тетирисинче болуп калбайбы?

 

- Менин билишимче, башкаруучу коалиция айрым маселелер боюнча гана бир пикирге келишип, “порогду” 10%га (мурда тизмедеги шайлоочулардын санынан 5% болсо азыр шайлоого катышкандардан 10%), “залогду” эки эсеге көтөрүү, эсептөөчүү урнаны киргизүү, анан биометрикалык маалыматтарды колдонуу боюнча макулдашып мыйзамга өзгөртүү киргизгени жатышат. “Эсептөөчү урнанын жыйынтыгын участкалык комиссия менен өкүлдөр, байкоочулар ачып текшерип, санап тактайт жана ошол такталган протокол негизги болуп эсептелет” – деген өзгөртүүнү киргизгиси келбей жаткандар да бар. Андайлардын кулагы президенттин аппараты тараптан кылайып тургансыйт. Эгерде чындап эле бул сунуш өтпөй, урнанын счетчиги негизги болуп кала турган болсо анда элдин тагдыры програмист, хакер, анан жетинчи кабаттагы шумпайлардын колуна түшуп, тилегибиз таш каап, эл ичинде кайрадан нааразычылык күч албайт деген кепилдик жок. Мына ошондо сиз айткандай баары теңирден тетирисинче болуп калышы мумкүн. Андан сырткары, Шайлоо Кодексине “Ата Мекен” фракциясы тарабынан сунушталган  партиялык тизмени региондорго байланыштыруу маселеси кирбей калганы өкүнүчтүү. Бул өзгөртүү киргенде ачык конкуренция болуп, партиялардын анык таймашы жүрүп, шайлоонун адилеттүүлүгүнө чоң салым кошулмак. Тилекке каршы бийликтегилер буга бара алышпады. Жөнү жок шылтоолорду айтып туруп алышты. Ачык кармашта алдырып койобуз деп коркушту окшойт.

 

- Президенттин аппарат жетекчиси Д.Нарымбаев менен Д.Ошуракунова ж.б. “Кыргызстанды тогуз округга бөлүп, кыргыздарды таратканы жатасыңар”- дешип эле ооз ачырбай коюшту го. Эмне үчүн ушу маселеге келгенде катуу турушту? Чындап эле Кыргызстан таркап кетүү коркунучу бар беле?

 

- Д.Нарымбаев бул сунушка каршы сүйлөмүш болуп чыкканы менен, сөзүнүн маанисинде бир ооз каршы аргумент айтпастан, ал жерде регионалдык 0,5% деген пайыз жоктугун гана айтты. Сунуш киргизгендердин  ал региондук порогго эч кандай каршылыгы жок болчу, аны өзгөртүүсүз эле калтырганда маселе чечилмек да. Так что, Данияр жөн эле кулагыбызды ушалап, башыбызды оорутуп убакыт алды. Ал эч кандай ынанымдуу аргумент келтире алган жок. Б.а. өздөрүнүн кызыкчылыктары бар үчүн гана каршы болду. Ал эми НПОчулардын анабашыларынын бири катары таанымал Динара Ошуракунова бирөөлөрдүн заказын эле аткарып каршы чыгып, ажылдап берди окшойт. “Кыргызстан тогузга бөлунүп кетет, таркап кетет” деп сар-санаа болуп, жер сабап аткан Динаранын образы эч кандай деле ишеним жарата алган жок. Тетирисинче, “ой ушу НПОчудан башка Кыргызстан үчүн күйүп бышаар киши калган эмеспи (?)” – деп ишенбөөчүлүк менен карагандар көп болду.

 

Менимче, бийлик бул өзгөртүүгө баргандан чочулады. Себеби жер-жерлердеги регионалдык лидерлер активдешип, шайлоо ачык-айкын өтүп, добуштарды өзүлөрү санап алып жатса, борбордон туруп фальсификация кылыш кыйындап кетээри ачыкталып калды. Акыркы убактарда эл ичинде, айрыкча түштүк тарапта нааразычылыктар күч ала баштагандыгына байланыштуу башкаруучулардын шансы кескин төмөндөй баштаган жагдайда мындай тобокелчиликке баруу – бийликти жулдуруу менен аякташынан чочулашты.  Ошон үчүн болгон аракетин жумшап ЖКдагы депутаттардын жаагын жап кылды. Буга моюн сунган депутаттар менен фракциялар: “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” -деп атышып, өзүлөрүнө эле жаман кылышты. Эми мурунку шайлоодо “Ата Журт” менен “Республика” тарткан азапты тартышып, даана электоратка кадыры барларды депутат кыла албай, жакалашып-сабашып, арыз жаз деп бири бирин кыйнашып ит болушат да. 

 

Кеп чынында, Д.Ошуракунова ж.б. айткандай бул өзгөртүүлөр эч кандай мамлекеттин бөлүнүп-жарылуусуна алып келмек эмес. Тетирисинче региондордун тыгыз кызматташуусун, элибиздин ынтымак-биримдигин бекемдеп, совет доорунан калган түндүк-түштүк болуп бөлүнүүбүздү азайтмак. Себеби сиз партияңызды Кыргызстандын баардык булуң бурчунда өнүктүрүп, баардык жерде сиздин партияңыздын уставдык-програмалык максаттарын колдогондорду топтойсуз да. Анан ошол партиялаштарыңыз, баардык региондордон борбор калаага келип, сьезд өткөзүп, таанышып, чай ичишип, жалпы максаттар үчүн биригип, келишип-кетишип, кыдырып турса ынтымак күчөйт да. Баардык партиялар ошентип Кыргызстандын булуң-бурчунан мүчөлөрүн алып келип тааныштырып ынтымакташтырып турса, эл дагы бири-бирин түндүк-түштүк деп жерибей, “бирге болбосо ынтымак, биримдик болбосун” түшүнөт эле да. Түштүктө мүчөсү жок болсо түндүктүк партияңа, түндүктө мүчөсү жок болсо түштүктүк партияңа “пок” жок экенин эл да түшүнүп ынтымак, биримдик керек экенин жон терибиз менен сезе баштайт элек да. Анан, мамлекет бөлүнөт, таркайт деп капкайдагыны  айтышып, бийлик үчүн жанталашып жатышкандарын да жашыра албай, беттери ачылып калышты.

 

Мына Туркияда партиялар ар бир округ боюнча өз тизмесин алып чыгып эле шайлоо өткөрүп жатышат. Эч жакка тарап-чачырап кеткен жок.  Анын үстунө бул сунуш боюнча Кыргызстан эч кандай тогуз округга бөлүнүп, тогуз список болмок эмес. Кыргызстан бир округ боюнча эле калып, партиялык тизме деле бир эле тизме болмок. Болгону партиялык тизме тогуз регионго таандык, тогуз параграфка (топко) гана бөлунүп жазылмак, анан, шайлоонун жыйынтыгынын негизинде ар бир топ өзүно тиешелүү региондогу алган добушуна ылайык, ошол региондун квотасына (шайлоочулардын санына жараша) тиешелүү  мандаттарга гана ээ боло алмак. Жыйынтыгында тиги партия алабы, бул партия алабы (?), айтор ошол регион депутатсыз калмак эмес. Азыркыдай болуп, бир райондон ондон ашык депутат, айрым областардан адамы көп Сокулуктан бир депутат жок болгон кырдаал түзүлмөк эмес.  Калыстык болуп, чыр-чатак нааразычылыктар азаймак.

Биз эми парламенттик системага өткөндөн кийин, каалайбызбы, каалабайбызбы партиялык курулушту чыңдап, партияларыбыздын бутуна туруп, эл-жерге ээ боло ала тургандай деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек да. Партиялык курулуш, парламенттик системанын кириши азыркы кырдаалда эле өз салымын бере баштаганын көрүп турабыз го. Мына нааразычылыктар болгонуна карабай, төңкөрүш кылабыз дегендер эмне үчүн көбөйбөй жатат? Себеби көпчүлүк саясый күчтөр парламенттик системага ишеним артып шайлоодон үмүт этип отурбайбы? Анан ошол умуттү үзүш керекпи, бизге?

 

- Сөз акырында. Сизге КТРКнын Байкоочу Кенешинин  (БК) мүчөсү катары суроо бергим келип турат. Султан Жумагуловду КТРКга баш директор кылганыңыздарда коомчулук  азыркы бийликке, сиздерге нааразычылык пикир билдирип, “Малеванаяны соттогондору кайсы да анын куйругу С.Жумагуловду (Ак торпок) чоң кылганы кандай?” дешти эле, эми “Акторпокту алып ыргытып анын ордуна Малеванаянын дагы бир куйругу Илим Карыпбековду коюшту, Акүйү да БКсы да ит экен” – дегенсиген кептерди уккандырсыз? Буга не дейсиз?

 

- Акаевдики, Бакиевдики, Малеванныйдыкы деген кептерди угуп да, мындан бир азыраак мурун айтып да жүргөндөрдөнмүн. Азыр антпей калдым. Анткениме Акторпок таасир эткенин моюндагым келип турат. С.Жумагулов конкурс аяктап, баш деректир болуп дайындалаардан бир аз мурун мага телефон чалып жолугушууга чакырып калды. Экөөбүз бир ресторандан жолугуп жүздөшүп, тааныштык (мурда сыртыбыздан эле таанычу элек). Ошол жерден Султан: “Сабыр, тамак бердим, арак бердим деп добушуңду сурабайм, кимге берсең ошого бер, жөн эле конкурстан таанышып жүрөбүзбү, ага чейин таанышып коёлу деп чакырдым”- деп айткан. Мен анын эркекче жүргөн кыргыздын эр азаматы экенин көрүп, таң бергем. “Эр экенсиң! Мен да сага арак куяйын”,- деп, арак куйуп эркектерче тараганбыз. Кийин мен добушумду башкага бергенде да мамилебиз бузулбай досчулукта калдык  Тилекке каршы жанагындай “кырсык” болуп, кызматтан кетти. Бирок анын кесиптип сапаттарына, адамкерчилик касиеттерине эч ким кине коё албайт. Ошондон кийин мен жанагындай тигинин, мунун куйругу дегенден оолактагам. Кандай бийлик болбосун, ал кадрларды ушу өзүбүздүн арабыздан алат да. Айрымдар өң тааныштык менен кетсе, башкалар талантына, тагдырына жараша туш келет. Кайсы бийлик болбосун, кадр тандаганда маселе чечип, жүгүн жеңилдете турган мыкты кадрларды алганга аракет кылат. Канчалык коррупциялашып, кландык чирикке кирип кеткен күндо да 100% кадр саясаты бузулбай, мыктыларды да тартуу улантыла берет эмеспи. Анан бийликтин анатомиясын толук корүп-билбей туруп, ак дилден элине, мамлекетине кызмат кылууну чечип, мамлекеттик бийликке баргандарды башы ылдый шыбап, бир меркага салуу таптакыр туура эмес экен. Ушул эле ойлор КТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Илим Карыпбековго да таандык. Илим толук кандуу кесипкой юрист, медиаэксперт, иш жүзүндө (“Манас” аэропортунда) далилдеген топ менеджер катары бул кызматка төп келип турат десе жанылышпайм. КТРКны жаңы деңгээлге алып чыгаарына ишеним күч.

 

Маектешкен

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №07 (184), 25.02.2015-ж.