“Өлкө экономикасын алдыга жылдырчу иш-аракети сезилбейт”, "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара албай, дагы убакыт сурап жатат", "өкмөт башчысы катары чечкинсиз, мурдунун учунан алысты көрө албаган чабал жетекчи", "Атамбаевдин айтканынан чыга албаган кой маарек адам", - деген сыяктуу сөздөр  премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин дарегине айтылып, анын отставкасын талап кылгандар да чыгууда. 

 

Эгерде жазга карай саясый абал курчуп кетсе, бийлик Оторбаевдин өкмөтүн садагага чаап жибериши мүмкүнбү?

 

Эркин Алымбеков, экс-депутат:

 

“Өкмөт садага чабылабы, парламент кетеби  же үчүнчү төңкөрүш  менен Атамбаев өзү кетеби, аны ажонун жакшы жана жаман иш-аракети чечет”

 

- Мен премьер-министр Жоомарт Оторбаев тууралуу айтардан мурун мамлекетти ушундай абалга кептелишине шарт түзгөн Атамбаев тууралуу айтып, анан өкмөт башчы тууралуу сөз кылууну туура көрөм. Анткени, Атамбаев  кыргыз элинин каарына калып,  эки жолу президент катары туура тыянак чыгарып, өлкөбүздү кризистен чыгара турган, заманбап, үзүрлүү, учурдун таламын камтыган саясат жүргүзө албады. Жеткен деңгээли тышкы жана ички саясатында ар нерсенин башын чапчып сүйлөп, бакшы менен “чала молдонун” ортосундагы кебетени кийип, Акаев-Бакиевдин саясатын улантып, “чөнтөк сот”, “дүжүр парламент”, “марионетка” ( кой маарек) өкмөт түзүп, иш кылып жатат. Бийлик бутактары институт катары иштебей, декорацияга айлантып, өлкөнү башкарган “көмүскө” адамдар жана борборлор пайда болду. Конституциянын жоболорунун негизинде өз ыйгарым укуктарынын чегинде үзүрлүү, жоопкерчиликтүү иш алпаралбай, кризис болгондо гана “садагага” чабылчуу улактын ролунда парламент же өкмөт турат (кимиси биринчи экени абалга жараша). Институттарды ( бийлик бутактарын) декорация кылып, Конституцияны, мыйзамдарды тебелеп, көмүскө башкаруу борборлорун түзүп, жеке башкарууга өтүү - системалык үзгүлтүккө жана системалык кризиске алып келет. Чөнтөк сот, парламент, өкмөт эле эмес, коомчулук коррупция менен айоосуз күрөшүп жатат деп сыймыктанган Башык прокурор Салянова дагы “марионетка” болгон. Ага далил - өзүнүн жакынкы аралыкта “кыңшылап” берген пресс- конфернциясы. “Президент мени колдобой калды, өмүрүмө коркунуч туулуп калды” деп. Эгер негизги көзөмөл органдын жетекчиси - Башкы прокурор ушинтип жатса, анда эле жеткен чегибиз экен. Эгер Башкы прокурор биз сыймыктандай, Конституциянын жана мыйзамдардын чегинде көз карандысыз, адилет саясат жүргүзүп жатса, 2 ай отставкага чейин жашынып жатпай, УКМК жана ИИМ жетекчиликтерине тапшырма берип, коркуткандарды каматпайбы. Алар укпаса Башкы прокурор болуп турганда коомчулукка жана президентке ачык кайрылбайбы. Ошондуктан президент Атамбаев өлкөнү “көмүскө” башкаруу борборлорун түзүү менен системалык үзгүлтүккө ( сбой) алып бара жатат. Өкмөт садага чабылабы, парламент кетеби же үчүнчү төңкөрүш менен Атамбаев өзү кетеби аны биринчи кезекте Атамбаевдин алдыдагы жакшы жана жаман иш аракети чечет.

 

Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

 

“Өзүн курмандыкка чалган өкмөт"

 

- Албетте мүмкүн. Башында эле бул өкмөт тууралуу: “өзүн курмандыкка чалган өкмөт” деген кептер айтылган эле. Болгону, дагы бир эске алуучу жагдай - Атамбаев эле эмес, Текебаев жана Кулов жетектеген фракциялардын дагы чоң жоопкерчилиги бар. Шайлоо жакындаган сайын көпчүлүк фракцияга кирген кээ бир фракция "мен тазамын, баарын кылган тигил" деп сөөмөйү менен башка жакты көргөзүп кууланып жаткандай. Ал эми чын-чынына келсек көпчүлүк коалициясындагы 3 фракция тең бирдей күнөөлүү.

 

Канышай Мамыркулова, “Алиби” гезитинин башкы редактору:

 

“Жазында абал курчуса, курчубаса деле Жоомарт Оторбаев кетиши толук мүмкүн”

 

- Жоомарт Кайыпович Өкмөт башчылыкка келгенде эле аны кайсы бир учурга чейин гана керектүү адам экендиги белгилүү болгон. Муну ал өзү деле дурус билген. Бир чети, анын тартынчаак, чечкинсиз мүнөзү эл арасында ар кандай пикирлердин келип чыгуусуна шарт түзүүдө. Жазында абал курчуса, курчубаса деле Жоомарт Оторбаев кетиши толук мүмкүн. Алмазбек Атамбаевдин президенттик жылдарына оң жагынан баа берген Феликс Кулов Өкмөттүн курамын өзгөртүү тууралуу оюн жөн жерден айтып чыккан жок. Каржалган элди кайсы бир оюн менен алаксытып, андан ары аракет көрүүнүн бир жолу катары Өкмөттү отставкага кетирип, айтор жасалып жүргөн кадамдар кайталанат. Демек, Жоомарт Оторбаевдин отставкасы күтүло турган эле окуя десек болот.

 

Эрнис Кыязов, тележурналист:

 

“Кландын башчысы Оторбаевди каалабаган күнү кызматтан ыргыйт”

 

- Кыргыз саясатынын акыркы 20 жылдык тарыхында бу биздин азыркы Жоомарт Оторбаевден да кыйла эсе күчтүү өкмөт башчылары болгон. Алардын ар кимиси бийликке ыңгайлуу учурда кызматка алынып... ыңгайлуу учурда садага чабылган. Оторбаев алардан башкача болуп кетээрине негиз, себеп көрбөй турам. Ал чыңалган күрөштө атаандаштарын жеңип премьер-министр болсо бир жөн, ал кайсы бир саясый кландын каалоосу менен азыркы кызматка келди. Ал кландын башчысы Оторбаевди премьер болуусун каалабаса - ал ыргыйт, бул турган иш.

 

Тимур Саралаев, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү:

 

“Азыркы өкмөттү садага чапкан менен маселе чечилбейт”

 

- Мурунку жана азыркы учурда “өкмөт кетиш керек, премьер мындай-тигиндей” деген сөздөр айтылууда. Ал сөздөр мурун да айтылган, бирок ошол боюнча калган. Менин жеке пикиримде,  азыркы өкмөттү кетиреби же садагага чабышабы, маселе өзгөрбөйт. Проблеманын баары азыркы саясый системада, система өзгөргөндө гана алгылыктуу иштерге жарай турган өкмөт башчылар, министрлер келе алат жана өзүлөрүн функцияларын так аткарышат, ал эми азыркылар 7-кабатта олтурган бир адамга жана анын жанындагыларга гана кызмат кылып жатышкандай сезилет.

Мавлян Аскарбеков, “Эркин эл” саясый партиясынын лидери:

 

“Оторбаевдин өкмөтү эң чабал жана элге каршы иштеген өкмөт катары тарыхта калды”

 

- Ж.Оторбаев жана анын  өкмөт мүчөлөрү  Кыргызстандын тарыхындагы эң чабал, начар жана элге каршы иштеген өкмөт катары  калды. “Кумтөр” маселеси 5 жылдан бери чечилбейт, эл аралык сотторго кыргыз мамлекетин 1.5 млрд. долларга айыпка жыгышып, жашыруун акчаларды аларга төлөп берип жатышат. “Бажы Биримдигине кирсек, Россияда, Казакстанда иштеген карапайым элдин шарты оңолот”,- деп убада беришти эле, азыр мигранттар миңдеп кайтып келе башташты. Алар үчүн Кыргызстанда иш орундарын түзүү аракети да болгон жок. Батыш менен Россиянын тирешүүсүнүн айынан кризис күч алып, Россия, Белоруссия, Казакстанда антикризистик программалар иштелип чыгып, өкмөттөрү тарабынан аткарылып, элинин көйгөйүн чечүү жолго коюлган. Биздин өкмөт, анын башчысынын кыялында  иш орундарын түзүү, экономиканы стабилдештирүү, антикризистик чара көрүү болгон жок. Баса белгилеп айтып кетейин, кеч болуп кетелекте экономикага көңүл буруп, кризиске каршы чараны бүгүн көрүү керек. Эртең абал оорлоп, социалдык жарылууга алып келет. Тилекке каршы, Президентке жана коалициалык көпчүлүктүн башчыларына үн катпаган, позициясы жок, айткан сөзүнөн чыкпаган өкмөт башчы керек, ошондуктан Ж.Оторбаевди кармап олтурушат. Оторбаев мырзага да эч нерсенин кереги жок, бул анын акыркы саясый кызматы. Бул бүткөн соң эл аралык каржы уюмдарынын бирине эптеп башчы болуп кетип, бакубат карылыгын чет жакта улантууну пландаган, балдары да чет жакта. Булардын жеке кызыкчылыктарынын төп келиши,  карапайым элдин шору.

 

Мурат Соорбеков, “Ата-Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери:

 

“Оторбаев креслого жармашпай эле өз эрки менен кызматтан кетет”

 

- Премьер министр Жоомарт Кайыпович бир катар маалымат жыйындарында жана коомчулук менен жолугушуу учурунда шайлоо алдына өз эрки менен өкмөт башчылыктан кетээрин жар салган. Эгерде жазга карай саясый абал курчуп кете турган болсо, Жоомарт Оторбаев башкаларга окшоп креслого жармашпай эле өз эрки менен кызматтан кетет деп ойлойм.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: "Майдан.kg" гезити