Кыргыз сомунун курсунун төмөндөп жатышы өз Ата-Мекенин сүйгөн ар бир кыргыз жаранын кайдыгер калтырбайт. Алардын катарында мен да тынчсызданып, ушул макаланын жазганга мажбур болдум.

 

Улуттук Банктын жетекчилери сомдун курсунун төмөндөп жаткандыгын себеби катары акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын эсепсиз алмаштырылып жаткандыгын айтышууда. Мындай айыптоолор туура же туура эместиги жөнүндө анализдеп көрөлү. Менимче сомдун курсунун төмөндөөсүнө бир гана акча алмаштыруучу жайлар себепкер эмес, буга ааламдашуу алкагындагы саясатка жамынган АКШ долларынын бүткүл дүйнөлүк мамлекеттер аралык акчага айлангандыгынын сырдуу таасири да таасирин тийгизип жатат. Россияда 1917-жылы Октябрь революциясы орногондон кийин, социалисттик өлкөлөр жаралып, андан соң 1945-жылы улуу Ата-Мекендик согуштан кийин дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр эки лагерге бөлүнгөн. Ал бөлүнгөн мамлекеттик түзүлүштөрдүн ортосунда ар кандай саясий, экономикалык жана идеологиялык тирешүүлөр тынымсыз жүрүп, акырындап коомдун ар тараптуу өнүгүүсүнөн улам 1990-жылдары социалисттик өлкөлөрдүн ыдырап кеткендиги белгилүү. АКШ мамлекети башында турган капиталисттик өлкөлөр болсо өздөрүнүн башкаруу формациясын өзгөртпөй сактап калган. Ошентип алар капиталисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун сактоо менен бирге бир-бирине жана өнүкпөй калган мамлекттерге экономикалык жардамдашуунун негизинде жана демократияны жамынган шылтоолор менен АКШ мамлекетинин таасири астында Эл аралык Валюталык Фонд уюштурулган. Албетте, андагы саясий-экономикалык башкаруудагы эсеп АКШ доллары менен жүргүзүлөт. Европада болсо, өздөрүнүн Валюталык Фонду түзүлгөн. Ал батышттык союздаш өлкөлөрдүн өзүнүн же биргелешкен акчасы болгону менен бүткүл дүйнөлүк соода сатык, эл аралык мамилелер негизинен АКШ долларында жүрүүдө. АКШ капиталисттик өнүккөн өлкөлөр менен бирге “Биз ааламдашуу алкагында жашап жатабыз, бири-бирибизге ар тараптуу жардам берүүгө милдетүүбүз”,- деген саясаттын аркасында АКШ өзүнүн улуттук валютасы доллардын күчүн өстүрүүгө жетишүүдө. Тактап айтканда, алар бүткүл дүйнөлүк соода, өндүрүш жана кен тармактарында ж.б.у.с. мамилелерде товар алмашуунун баасын доллар менен аныктап, өздөрү каалагандай баа менен бычууда. АКШ доллары менен аныкталган соода-сатык мамиленин таасиринде өнүкпөй калган мамлекеттердин улуттук валютасынын куну учууда, мисалы бизде, сомдун курсу түшүп кетүүдө. СССРдин учурунда ар бир мамлекеттин улуттук валютасы боюнча жогорку окуу жайларда саясий-экономикалык окуу куралдарында төмөнкүдөй түшүнүк берилген: “Кайсы мамлекет акча чыгарбасын, ал акчанын суммасына жараша алтыны болушу керек ” деген. Азыркы учурда жогорудагы келтирилген илимий түшүнүккө дал келбеген валюталык саясат жүргүзүлүүдө. Мисалы: АКШ мамлекетинин валютасы дүйнөлүк рынокту ээледи. Доллардын резерви канча экендиги бизге белгисиз. Бүгүнкү күндө колдонууга киргизилген доллардын эсебине АКШнын алтын запасы эле эмес, бүт байлыгы жетпейт деп эсептейм. АКШ өзүнүн шериктеш батыштык-капиталисттик өлкөлөр менен бирге доллардын колдонулуусу боюнча эл аралык мыйзам чегинде укуктук база түзүп алган.  Ошентип алар жаңы заманбап өндүрүштүк-технологиялык база менен чектелбестен, долларды дүйнөлүк эсепсиз колдонууга чыгарып, аны сатып, пайызга кредитке берип, курсун өстүрүп, экономикалык үстөмдүк саясатын жүргүзүүдө. Мисалы: өнүкпөй калган мамлекеттер Эл аралык Валюталык Фондон жана башка АКШнын көзөмөлүндөгү финансы уюмдарынан 100 000 000 млн. долларларды пайызга алып, жыйынтыгында көз-карандылыгын жоготуп, керек болсо мамлекеттик башкаруу системаларын да, ошол Эл аралык Валюталык Фонд аныктап жаткандыгы жалганбы?

 

Коомчулукта болсо аң-сезими төмөн, дүжүр серепчилер “АКШ мамлекетинин да карызы бар” деп сайроодо.  Өзүңөр анализдеп көргүлө, эсепсиз долларды чыгарган АКШнын кайдагы карызы болсун. Мындай валюталык саясатта бир гана өнүкпөй калган мамлекеттердин карызы өсөт. Эсиңиздерде болсо керек, 1993-95-жылдары өлкөбүздө доллардын курсу 6 же 7 сомдун айланасында болгон. Азыр бир доллар 60 сомго жетип олтурат. Жогоруда келтирилген мисалдардан улам суроо туулбай койбойт: Дүйнөлүк соода мамилесинде качан доллардын курсу төмөндөйт?

 

1. Дүйнөлүк соода мамилесинде долларды акча катары колдонууга киргизген тарап капиталисттик өлкөлөр баш тартканда;

 

2. Батыштык капиталисттик өлкөлөрдө саясий-экономикалык келишпестик тирешүүлөр болгондо;

 

3. Ар бир өлкөдө импортко көз-карандысыз өндүрүштүк база чыңдалганда;

 

4. Доллар башка валютага айланганда ж.б.у.с. негиздердин себебинен доллардын курсу төмөндөйт. Азыркы учурда доллардын курсу төмөндөөсү күтүлбөйт.

 

Өлкөбүздө мамлекет тарабынан кандай иш-аракет жасалганда сомдун курсу туруктуу болот? Андай болуу үчүн өлкө ичинде жүргүзүлгөн баардык соода мамилелери кыргыз улуттук валютасы - сом менен жүргүзүлүүсү керек жана аны бекемдеген мыйзам болуусу зарыл.  Бүгүнкү күндө ички рынокто кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр доллар менен соодаланууда. Негизинен доллар ички рынокто эмес, сыртка чыгуу үчүн кимге керек болсо банктардан алмаштырылып алып колдонсо болот, бирок ички рынокто колдонууга чектөө киргизүү абзел деп эсептеймин. Бүгүнкү күндүн талабы - улуттук валютабыздын курсун туруктуу кармоо же өстүрүү үчүн импорттук көз-карандуулукту жоюу боюнча багыттуу саясат жүргүзүп, ички өндүрүштү өстүрүү керек жана элибиздин ички муктаждыгын өзүбүз чечүүбүз зарыл. Эгерде азыркыдай бирдиктүү идеологиясы жок, мыкты валюталык саясатты жүргүзө албасак, анда биз өзүбүздүн мамлекетти өзүбүз банкрот кылып, башкалардын башкаруусуна өткөрүп берүүгө туура келет. Мына ушундай мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосок, жакынкы күндөрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде карала турган “Кумтөр” маселесин канадалык шылуундардын долларына азгырылбай, накталай алтын менен 51% пайыздан ашык алууга жетишүү керек. Андай болбосо элдин кызыкчылыгына каршы чечим болуп калат.

 

Мына ушундай маанилүү маселелерге биздин экономисттер, бийлик төбөлдөрү, депутаттар терең маани бербегендиги бизди өкүндүрөт.

 

Абдинаби Назарбаев,

Кадамжай районунун тургуну,

Орозбеков айылдык Кеңешинин депутаты

 

Булак: “Майдан.kg”