Саясий серепчи Сабыр МУКАНБЕТОВ (“Карышкыр”) саясий кырдаал тууралуу

 

- Сабыр агай, Аида Салянованын күтүүсүз кызматтан кетүүсүнүн себептери эмнеде?

 

- “А.Салянова кетет экен, акыры коррупционерлер түбүнө жетет, көп ажыдаарлардын куйругун басты, жумуштан кетсе кексингендер аттырып салат го,”- деген сөздөр айтыла калып жүргөнүн эшиткеним бар. Бирок, “жылан чакпай, жылкы теппей” туруп эле чукул жерден мындай окуя болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Кандай деген күндө дагы Баш прокурордун кызматтан кетиши сенсациялуу окуя болду. “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, бул чектен чыккан окуяга, албетте Алмазбек Атамбаевдин тикелей тиешеси болду. Анткени бугүнкү күндө кимди алып, кимди коюшту Президент тейлээри жалпыга маалым.  Ошон үчүн ЖМКларга жанагыдай жоромолдор чыгып жатат да.

 

- “А.Салянованын кызматтан кетиши коррупционерлердин жеңиши, А.Атамбаев парламенттик шайлоого утурлай коррупцияга каршы согушун солгундатып, алар менен тил табышууга өттү” -дегенге кандай карайсыз?

 

- Андай болушу да толук мүмкүн. “Душмандашкандарымдын баары жаш, кийин мен карып, калчылдап, баса албай калган кезде туш тарабымдан талап, тарпымды тыткылашат”- деп чочулап, кетенчиктеп жатабы (?), айтор качан, кайдан чыгып эл алдында сүйлобөсүн, ар дайым унутпай, “мөөнөтүм бүтөөрүнө баланча ай калды, кетээриме түкүнчө күн калды”- дей бергени да ошо “көчүгү түшүп” аткандан улам айтылып, “чыдай тургулачы, куубагылачы, калбайм, сөзсүз кетем”-деп жалдырап жаткандай сезилип кетет.

 

“Сиз Президент, мен Премьер, андан соң приемник болобуз” деп касам ичишип, каражатты президенттик шайлоосуна катуу каржылап берип, акыры жыл айланбай өкмөт башчылыктан садага чабылып, азыр кайрадан аке-жакелеп, ар-жак, бер-жагына чыгып, “саатын күтүп” жүргөн экс премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Атамбаев үчүн “Ата Журту” менен чабышып, “ак эмгеги үчүн” камакка алынып, төрт аягын кескилетип, арандан зорго чет элге чыга качууга мажбур болгон Акматбек Келдибеков, жебей-жутпай иштеп, ордолуу Ошту гүлдөтүп, ак эмгеги менен оозго алынып, элдин урматына ээ болгону менен бир Атамбаевге жакпаганы үчүн кызматынан айдалып, кылмыш иши козголуп, куугунтукка кабылган  Мелис Мырзакматов, ж.б.у.с. күнөөсү бар-жок бир далай жаш саясатчылар камалып, кугунтукталып, жандары кашайгандан көздөрүндө огу болсо атып ийгенге даяр турушат.  Азыр алтымышка таяган Атамбаев сакалын сербеңдетип сексенге таяп, араң басып калган кезде беркилер азыркы президенттей болуп алтымышка таяп, алгыр куштай болуп, алкынып-жулкунуп турган кездери болот экен, анан баары акчалуу немелер 7-кабатты ээлеп алышса Алмаздын көргөн күнү кандай болоор экен?

Ошондон улам, А.Атамбаев деле өзүнөн да катачылыктар кеткенин сезип, чочулай баштагандай. Эгерде коррупцияга каршы күрөшкө жеке кызыкчылыктар аралашып кетпей, баары мыйзам чегинде болгондо эл да түшүнүү менен кабыл алат эле. Президент да баарын туура кылып атам деген ишеними болуп, коркпой-үркпөй аракеттенип, эл да колдоп тура бермек. Нааразычылыктар да күч албайт болчу. Эми минтип электеп, артын качыра баштаса, дегендей, анда көпкө тура албай карга-кузгунга жем болот го. Же берки экөөнүн кейпин киет да.

 

- Ошондо кандай? Жаңы прокурор коррупцияга каршы күрөштү солгундатып, камалгандарды четинен бошото баштайт дегениңизби?

 

- Бул жерде жаңы прокурор тууралуу кеп жок. Индира айымдан эч нерсе көзкаранды эмес. Ал Аидадай эле айтканды кылат. Улант десе улантат, кайра кайыр десе кайра кайырат. Баары кожоюндан көзкаранды. Кожоюн Аиданы да, Индираны да мыйзамды көзгө илбей (мыйзамда 10 жылдан кем эмес прокуратура тармагында иштеген  кызматкер гана баш прокурорлукка дайындала алат деп турат)  дайындап жаткандан кийин анын айтканындай болот да. Андыктан “коркконго кош көрүнөт” болуп атса процесстер артка кетет, андай эмес болсо куугунтуктоо улантыла берет. Буга баш оорутуп кереги жок. Ал жакын арадагы аракеттерден улам эле, өзүнөн-өзү белгилүү болуп калат.

 

- Сиздин божомол боюнча, А.Атамбаевдин кедечеги күңүрт, “кайда барсаң Мамайдын көрү” дегендей эле болуп калды. Позитивдүү вариант мүмкүн эмеспи?

 

- Эмнеге мүмкүн эмес. Мүмкүн. Мыйзамды сыйлап, так сактап, элге ак кызмат өтөсө азыр деле кеч эмес. Биз жогоруда, коркуп, артка кайта баштаган болсо жанагыдай пессимистик сценарий болоорун талдадык. А биз коркуп жатат деп жаңылып жатсакчы? Анда таакыр башкача жол менен кетип калышыбыз мүмкүн да.

 

Мисалга, азыр Жогорку Кеңеште “оор беренелер менен соттолгон жарандар, акталганына да карабай, саясый кызматтарга келе албайт, аким, министр, депутат, президент боло албайт” деген мыйзам кабыл алынып жатат. Айтканды аткарган ЖК, Сот, прокуратура турганда бул иштерди керек болсо, кыска мөөнөттө, шайлоого чейин бүтүрүп койсо да болот. “Саатын күтүп” жаткан Бабановго шайлоого чейин иш козгоп, Пензадагы цемент заводуна качырып, Акмат экөөнү ж.б.  Данияр Усеновдой кылып, “заочно соттотуп салса эле тынч уктайсыз”,- деп план түзүп бергендер жок эмес. Муну мен, ушундай план бар экенин айткан таасирдүү саясат таанучулар айтып жүргөндон улам кабардар болгондуктан айтып жатам.

 

- Эми анда күнөөлүсү деле, күнөөсү жогу деле жабыркай береби? Мисалы М.Мырзакматов?

 

- “Лес рубят, шепки летят” дегендей алмустактан бери адамзат акыйкаттык үчүн күрөшүп, адилеттүүлүккө жеталбай келе жатат? Бир кылымга жете элек, казыкка отургузбай калганга. Ар дайым бийлик үчүн күрөштө бири такка жетип, биринин башы кеткен. Бир туугандар бири бирин өлтүрүшкөн. Андыктан бийлик үчүн айгышууда “баары” болуп кетиши мүмкүн. Мелис Мырзакматов тууралуу айта турган болсок, анын жөнү башка. Ал президент менен касам ичишип, бирге иш кылышып, анан бири бирин сатышып кеткен эмес. Болгону, “борбордук бийликти тоготпойт, көзгө илбейт, кетириш керек” деген Отунбаевадан калган, Атамбаевге жуккан, өтүшүп кеткен эски илдет. Албетте саясый пиарга, рейтингге азгырылып короктоп атып, бийликтин жанын кашайткан М.Мырзакматовдун өзүнүн да күнөөсү бар. Беркилердикиндей кек кууй турган маселе жок. Болгону ошол.  Мырзакматовго көпүрө боюнча тагылган кине бокко татыбай калып (подрядчик кытайлар соттон жеңип чыгып), эми Манастын эстелиги боюнча иш козгоп жатышат. Мен ойлойм, ушу атайылап эле элдин кыжырына тийип, А.Атамбаевди жек көрүнду кылгысы келгендердин аракетиби (?)- деп. Болбосо эмнеге ушундай провальный иштерди жасап жатышат. Деги эле М.Мырзакматов маселеси боюнча А.Атамбаев баар таптыбы? Жок. Ким жыргады? Ошол эле бир кучка регионалисттер, “поганный мент”, анан криминал жыргады. “М.Мырзакматовду жайлап, элди тынчытып сизге оодарып беребиз” – дегендерине, ал кезде алдуу-күчтүү болуп турган Президент азгырылып кетти. Тигилер М.Мырзакматовду кетиришкени менен калганын аткара алышкан жок. Тетирисинче Оштун элинин А.Атамбаевге болгон кыжырдануусун гана пайда кылышты. Эми куугунтукка үндөп, элди ого бетер бет карагыс  кылып бара жатышат. Азыр Мелисти шайлоого катыштырбайбыз деп жандалбастап жатышат. Мелис катышпаса эле ойлору ишке ашчудай болуп, катуу жанылып жатышат. “Кимге болсо да мейли, КСДПга салбайбыз” дегендер күн санап өсүп баратканын байкашпагандай. Анткени шайлоо жакындаган сайын Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн баары тең А.Атамбаевдин бийлигинин алсырашын самап турат. Себеби ошондой жагдайда гана өзүлөрү үчүн шанс пайда болот деп эсептешет. “Сениби” деп ичтен кекенип турушат. Оштогу нааразычылыкты күчөтүп жаткан “ставлениктеринин” ою түпкүлүгүндө ошондой. Андыктан, башкалары деле жетишип жатпайбы таризинде, Мелис Мырзакматов маселесин курчутпай жөнгө салып алса өзүнө эле жакшы. Баш оорусу азаят.  Кекчил эмес алабарман, дардандаган Мелис мырза менен кызматташса, керек болсо Оштогу КСДПсынын жүзүн агартат.

 

Суроо салган Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg”, №03, 28.01.2014-ж.