Коомдук ишмер, кыргыздын мекенчил саясатчыларынын бири Азимбек Бекназаровдун кайрылуусунун толук версиясы

 

Урматтуу кыргыз элим!

Урматтуу Президент!

 

Бул кайрылууну жазууга төрт нерсе түрткү болду:

- Биринчиси,мен жөнүндө болуп жаткан айрым сөздөр;

- Экинчиси,Кыргызстандын азыркы бийлигинин жүргүзүп жаткан саясаты жөнүндө;

- Үчүнчүсү,аалам саясаты, анын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасирлери туурасында;

- Төртүнчүсү,азыркы Кыргызстандагы саясий күчтөр жөнүндө болмокчу.

 

1.    Мен жөнүндө жазылгандарга жооп

 

2014-жылдын аягында менин чет өлкөлөрдө жүргөнүмдү ММКлар ар түрдүү божомолдор менен жазышты. Айрыкча, бийликтик делинген жана орус тилдүү айрым ММКлар мени “Дубайга алып барып, криминалдарга жолуктуртуп, электр энергиясынын тартыштыгын, баасынын жогорулашын шылтоолоп, Аксы, Талас, Саруу элин көтөрүү үчүн Келдибековдон акча суратып жиберишти...”

 

Суроо туулат, эмне үчүн мени Дубайдан, криминалдарга, Келдибековго жолуктурушту, андан акча суратышты? Эмне үчүн акчаны “Аксы, Талас, Саруунун элин көтөрүү үчүн” деп бөлүп көрсөтүштү? Ушул суроолорго жооп издеп жатып, муну баягы эле мурда Акаевдин, азыр Атамбаевдин “идеологдорунун” “көрөгөчтүгү” “Бекназаровду криминалдар, Келдибеков менен бирге, акча тапса эле туугандарын (Сарууларды) бийликке каршы көтөрөт” –деп аны каралоо, элге жек көрсөтүү саясатынын уландысы катары түшүндүм. Мындай мени каралоо саясатын Акаевдин, Бакиевдин бийликтери да ар дайым өздөрү көзөмөлдөгөн ММКлар аркылуу жазып келишкен, дагы ошондой ыкмалар менен жаздырып жатышат. Көз карандысыз, элин сыйлаган журналист же кыргыз минтип “Аксы, Талас, Саруу” – деп бөлүп жазбайт. Анткени, электр энергиясынын тартыштыгынан, баасынын кымбатташынан бир эле “менин туугандарым” эмес, жалпы эл жабыр тартууда.

 

Урматтуу журналисттер,

 

Мурдагы президенттер: Акаевдин, Бакиевдин, азыркы бийликтин да кемчилиги болгон электр энергиясынын баасы менен ойноо, электр тармагын менчиктештирүү, чек ара маселелери, өлкөдөгү корупция менен күрөшүүнүн көз боёмочулугу, мыйзамсыздык, акыйкатсыздык, анархия, жумушсуздук, конституциялык реформалардын токтотулушу, авторитаризмдин кайра жаралышы, Конституция, мыйзамдардын бурмаланышы, ар түрдүү колдонулушу, эки элдик революциянын максатына жетпегендиги, стратегиялык объектилердин (Кумтөр, башка кендер, КЦШК, Камбар-Ата ГЭСи, Кыргызгаз ж.б.) чет элдиктерге ит бекер берилиши, “майлуу-сүттүү” жерлер үй-бүлөнүн жакындарына же партиялаштарга берилиши, чындыкты айткандар мага окшоп урук-тууганы, достору, айылы менен “эл душманы” катары куугунтукка алынышы, караланышы, ой, сөз эркиндигинин бир беткейлиги, азыркы Жогорку Кеңештин “шалдыгы”, Өкмөттүн бечелдик, техникалык абалы ж.б. маселелер боюнча өз позициямды сиздер аркылуу да, бийликте же бош жүрсөм да туруктуу, так, ачык, тынбай эле айтып жүрөм. Мүмкүн ошол саясаттагы туруктуулук, элдүүлүк, ачыктык жеке мен үчүн кемчилик болушу мүмкүн, бирок, бир беткей “кара пиарга” ар дайым эле негиз болбошу керек. Элди бир Бекназаров эмес, миң Бекназаров болсо да, бир Келдибековдун акчасы эмес, Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, Президенттин аппаратында, башка мамлекеттик “майлуу-сүттүү” мекеме-ишканаларда олтурушкан акаев, бакиевчилер, алар менен жалпы элдин байлыгын “прихватташтырып” же “кайра бөлүштүргөндөр”, Россияда, Белоруссияда, Казакстанда, Эмиратта качып жүргөдөрдүн баары Акаев, Танаев, Бакиев, Усенов, Чудинову баш болуп, акча топтоп беришсе да, элди көтөрө албайт, эгерде бийлик элдин үнүн угуп, эл үчүн кам көрүп, акыйкат, мыйзам чегинде иштесе. Тескерисинче, улуттун биримдиги, мамлекеттин эгемендиги, бүтүндүгү, өзүнүн конституциялык укук, эркиндиктери, жашоосу, турмушу, элдин байлыгы болгон кен-байлыктар, жер, суу, отун, электр жарыгы, сөз, ой, пикирдин эркиндиги, менчиги, акыйкаттык үчүн көтөрүлгөн элди түрмө, ок, дубинка, танк менен да, ички олигарх-коррупционерлердин акчасы, криминалдар эле эмес, сыртта качып жүрүшкөн Акаев, Танаев, Бакиев, Батукаев, Максимдери биригип ОДКБнын күч структураларын алып келсе да токтото албашын дагы бир жолу бүгүн сиздер аркылуу бийликке эскертем.

 

Мен Кыргызстандагы эки революциянын башкы каармандарынын бири катары (силерче айтканда “бульдозер революции”) көп саясатчыларга караганда революция эмне экенин, анын кесепеттери кандай болорун реалдуу элестете аламын. Ошондуктан, өлкөнү коррупциядан, авторитаризмден, жумушсуздуктан алып чыгуунун, өз кен-байлыктарыбызга, жер-суубузга толук кандуу ээ болуунун, кыргыз элинин көз карандысыз жашап, туруктуу, ден-соолукта өсүп өнүгүшүнүн, кайрадан кайсы бир чоң өлкөнүн “марионеткасы” болбоонун же кайрадан элдик толкундоолорду болтурбоонун (анткени, булар революциялык кадамга алып келүүчү жагдайлар) жолун издеп, Туркия, Россия, Украина жана жаңы жарыяланган Новороссияда (ДНР, ЛНР) болдум. Айрым бийликте олтурган же бийликке келем деген партиялардын лидерлеринен айырмаланып, мен ал өлкөлөрдүн саясатчыларына, бийлик ээлерине эмес, элдин арасына кирип, реалдуу элдин үнүн уктум, турмушун көрдүм, биз менен салыштырдым, анализдедим. Анткени, революцияны эл өзү жасайт, качан эскиче жашай бергиси келбей жадап, чарчап, аргасы кеткенде, качан бийлик мурдагыдай, эскиче элди алдап, сооротуп жүрүп башкара албай калганда, анын жолун ойчул-генийлер көрсөтөт, патриот-фанат баатырлар ишке ашырат, үзүрүн арам шылуун-шумпайлар көрөт. Чыныгы элдик революцияны импорттого, экспорттого же бирөөнүн акчасына жасоого болбойт. Сырттан келген же башкарылган революциядан эл азыркы Украинанын кейпин киет. Мен ага каршымын. Ушуну так, ачык биротоло билип койгула.

 

2.    Кыргызстандын азыркы бийлиги жөнүндө.

 

а). Жогорку Кеңеш боюнча:

 

2010-жылдын Апрель революциясынан кийин убактылуу бийликке келген Убакылуу Өкмөттүн жүргүзгөн саясатынын негизинде Кыргызстанда түптөлгөн Акаев, Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык бийликтин ордуна Конституциялык деңгээлде өлкөнү башкаруунун Парламенттик түрүнө жакын бийлик орноду. Убактылуу Өкмөт Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу үлгү болуп, сөзүнө туруп, ачык шайлоо өткөрүп, шайлоодо утуп келишкен беш партияга (“Ата-Журт”, “Республика”, КСДП, “Ар-Намыс”, “Ата-Мекен”) мамлекеттик бийликти өткөрүп берип, өзүн-өзү таркатты (декабрь 2010-ж.). Мындай нерсе мурда түшүнө да кирбеген бийликке келген айрым партиялар, саясатчылар (мурда депутат, министр, аким болуш үчүн Президенттин үй-бүлөсүн сагалаган немелер) бул дөөлөттү, бийликти туура пайдалана албады. Мындай жагдай 7-апрелде, анан түштүктө төгүлгөн  жүздөгөгөн шейит болгон азаматтардын, миңдеген патриот, баатыр-революционерлердин каны, баатырлыгы менен жаралганын чу дегенде эле унутушту же аңдап сезе билбеди. Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн, партиясынын кызыкчылыгын өйдө коюшту, мурда эски бийликте жүрүшкөн же алардын колдоосу менен кайра Парламентке келген айрым депутаттар элдик революциянын жеңишин тааныгысы келбей, бардык ишин революцияны, Убактылуу Өкмөттү каралоодон баштады, кемчиликтерди издеди, ошондон чоң реваншисттик саясат жараткысы келди, эки революциядан сабак алууну ойлонбоду. Жыйынтыгында структуралык биримдиги, программалык саясаты, идеясы жоктугунан Конституция, мыйзам, менен иштөөдөн четтешип, чу дегенде эле “коалициялык келишимдер” менен Премьер-министрден тартып, айыл өкмөтүнө чейин бийликти бөлүштүрүштү. Конституция талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын, Премьер-министрди, Өкмөт мүчөлөрүн гана аныктап, шайларын унутушту. Бийлик, байлык талашып, популисттик куру кыйкырыктан башы чыкпаган Парламенттеги баш партиянын үчөөсү (“Ата-Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс”) реалдуу бийликте жүрүшүп, бүгүн партия катары да сакталбай чачылды. Акыркы 5-чи жылы ал партиялардын мүчөлөрү болгон депутаттар эптеп кайра депутат болуш үчүн изин жашырып, жаңы, башка партияларды түзүп (“Бир бол”, “Өнүгүү” ж.б.), айрымдары Атамбаевдин эшигин сагалап жүрүшөт. Эми бул депутаттардан, Парламенттен элге, өлкөгө пайда жок. 4 жыл ичинде алар аты, саны бар күнүмдүк мыйзамдарды алышты. Бирок, экономикалык, социалдык, маданий, укуктук жактан өлкөдөгү маанайды өзгөртө турган, авторитаризмден арылып, парламентаризмдин пайдубалын бекемдей турган реформатордук саясат жүргүзүшө албады. Өздөрү түзгөн Өкмөттөргө, Премьер-министрлерге, алардын ишине көзөмөл да жүргүзө алышпады. КР Өкмөтү Президенттин алдындагы техникалык Өкмөткө айланды. Өздөрүнүн шалдыгы менен кайрадан бир адамдын – Президенттин авторитардык бийлигин мыйзамсыз жаратышты. Бул Парламенттин 4 жылдык ишинин жыйынтыгы. Ошентсе да, азыркы Жогоку Кеңештин депутаттары акыркы жылы жок дегенде шайлоочуларга айтуу үчүн да болсо, эки маселени, биринчиси, ар дайым саясат кылып келишкен “ячейкалар”, “мародерлук”, “2010-жылдын июнь окуясы боюнча”, “Батукаев”, “Кумтөр” сыяктуу маселелерге чекит коюп кетүүлөрү тийиш. “Кумтөр алтын кени” боюнча түзүлгөн мурдагы бардык келишимдерди денонсациялоодон качпашы керек. “Кумтөрдү” улутташтырууга болбойт, ал ансыз деле Кыргызстандыкы, пайда (дивиденд) бөлүнгөн мурдагы бардык келишимдерди жокко чыгаруу менен “Центеррага” жаңы шарттарда (Кыргызстандын кызыкчылыгы үстөмдүк кылган) келишимди түзүп иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Ага макул болбосо кете берет. Мурдагы келишимдерди жокко чыгаруу бир гана Жогорку Кеңештин иши – төрт жылдан бери Жогорку Кеңеш “Кумтөр” маселесинде өз ыйгарым укугун аткарбай, Өкмөткө шылтап коррупциялык схемалардын жашоосуна жардам берип келе жатат.

 

“Камбар-Ата” ГЭСтерин, “Кыргызгазды”, “Роснефть” менен “Газпромго” өздөрү ратификациялап берген келишимдер да алардын келишимдик милдеттерин так, толук аткарбаганы үчүн кайра каралууга жатат, же алар моралдык, материалдык зыянды төлөөгө тийиш.

 

Ушундай жол менен өз элин токсуз, газсыз калтырган дүйнө жүзүндө бир да мамлекет жок. Бул бизде эле болот. Булардын баары кылмыш. “Кумтөр”, “Камбар-Ата”, “Кыргызгаз” боюнча азыркы Жогорку Кеңешти, Өкмөттү кылмыш жообуна тартса болот.

 

Экинчи маселе, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүү мыйзамын кабыл алуусу зарыл.

 

Ушул эки маселени чечпей туруп, баарын Атамбаевге шылтап, шайлоого барабыз деген азыркы депутатардын ою ишке ашпайт, эл бир же бир нече жолу алданат, бирок, ар дайым алдана бербеши керек.

 

б). Кыргыз Өкмөтү жөнүндө

 

Азыркы Конситуцияга ылайык Жогорку Кеңеш аныктаган, шайлаган, ага гана баш ийген Кыргыз Өкмөтү төрт жыл ичинде төрт жолу алмашылды. Атамбаевдин Өкмөтү өз алдынча болгону менен, андан кийинки Бабановдун өкмөтү “өз алдынча саясат жүргүзөм” - дегени үчүн Атамбаев менен Текебаевдин “саясий келишиминен” улам таркатылды. Ошондон тартып Атамбаев-Текебаев тандеми каалагандай, президенттин алдындагы техникалык өкмөткө окшогон өкмөттөр пайда болду жана иштеп жатышат. Анын кесепетинен Президент Атамбаев өзү Өкмөттүн ишин аткарып чуркап жүрөт.

 

в). Сот бийлиги боюнча:

 

Конституциялык деңгээлде сот реформасы жүргүзүлбөдү, тескерисинче Конституциянын беренелери Президенттин аппараты даярдаган айрым мыйзамдар менен бурмаланып, реформалар башаламандыкка учурап, убактылуу токтотулду. (Бул боюнча “Унчукпай коюуга укугу жок – 1” 23.01.2012-ж. кенен айтылган). Соттордун башка бийлик бутактарына көз карандысыздыгын, Конституция, мыйзамга гана баш ийерин, мыйзамсыз, акыйкатсыз чечимдери үчүн жоопкерчиликти күчөтүү мыйзамдары жетишерлик түрдө, өз убагында алынбады. Сот реформасын жүргүзүү функциясынан Жогорку Кеңеш Өкмөттөн четтегендей оолактап, аны Президенттин аппаратынын буйругу, талабы менен аткарды. Кесепетинде соттор кайрадан Президенттин аппаратына көз каранды болуп калды.

 

г). Президенттик бийлик жөнүндө:

 

Азыркы Конституциянын талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары Конституциянын 64-беренесинде каралып, Конституция менен чектелген. Мурдагы Президенттер сыяктуу азыркы Президентке мыйзамдар менен кошумча ыйгарым укуктар берилиши каралбаганы менен, тилекке каршы, иш жүзүндөгү Атамбаевдин укуктары Акаев менен Бакиевдикинен кем эмес, бирок, эч кандай жоопкерчилиги жок. Акаев үй-бүлөлүк-кландык авторитардык режимге 1993-ж. Конституцияны кайра-кайра референдумдар аркылуу өзгөртүп жүрүп алса, Бакиев үй-бүлөлүк-криминалдык авторитардык режимин “Ак жол” партиясы, Конституциялык соттун жардамы менен алган. Чексиз бийликтери Акаевди да, Бакиевди да бийликте сактап калбады.

 

Бүгүн Атамбаев чексиз бийлигин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбей эле өз жарлыктары, Конституцияга каршы келген мыйзамдар менен ээледи. Ага албетте Акаев, Бакиев учурунда такшалган “референдумчулар” жана өз ыйгарым укуктарын пайдалана албаган Жогорку Кеңеш жол берди. Экинчи жагынан азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын сапаты, шалдыгы да, мамлекеттик бийликти анархияга учуратпай колго алууга президентти мажбур кылды. Акаев, Бакиев бийлигинен Атамбаевдин жеке бийлигинин айырмасы бирөө, ал Атамбаевдин үй-бүлөсү мамлекеттик бийликтерге ачык аралаша электиги (ага Атамбаев өзү жол бербейт, мүнөзү ошондой).

 

Президент өзү жүргүзгөн иштер жөнүндө айтканда дайыма коррупцияны ооздуктаганы жөнүндө көп айтат. Чындыгында бюджеттик акчаларды пайдаланууда айрым судья, министрлердин пара алып жаткан жерлеринен кармалышы сыяктуу ж.б. “бытовой коррупция” боюнча бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатат. Бирок, Акаевдин доорунан бери түптөлгөн бир дагы коррупциялык схемаларга кол тийбеди (Убактылуу Өкмөттүн иштерин кошпогондо). Убактылуу Өкмөт тарабынан башталган иштер аягына чыкпай токтоду. Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган айрым объектилер (Бишкек арак заводу, АУБ, БНК ж.б.) өз партияларына конкурстар өткөрүлбөй, жең учунан арзан баага сатылды. Мисалы, БНК Жогорку Кеңештеги бир партиянын лоббиси менен 2-3 млн АКШ долларына мыйзам бузуу менен түз сатылып, үч жылдан кийин “Роснефтиге” 40 млн  АКШ долларына жакын суммада кайра сатылганын Президент кандай карайт? Мына коррупция. (“Мегаком” боюнча да ошондой аракеттер болгон). “Кумтөр” алтын кени боюнча мыйзамсыз түзүлгөн келишимдердин 5 жылдан бери денонсация болбой жатканы, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп, бийлик тарабынан узатылышы, “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышы, “Камбар-Ата” ГЭСтеринин атайын курулбай турушу, Таластагы, Чаткалдагы ж.б. жерлердеги алтын жана башка кен байлыктарды чет элдиктер иштетип жатышы жаңы коррупциябы же мурдагы корупциябы?

 

Азыркы техникалык абалдагы Өкмөттүн функциясына кирген, өлкөдөгү быйылкы энергетикалык кризисте шал Жогорку Кеңеш менен бечел Өкмөткө ишенип олтурбай, Президенттин абалды туура түшүнүп, бул проблеманы чечүүнү колго алып, кымбат болсо да электр энергиясын таап, убактылуу анын баасын көтөрүү (мен ушундай деп түшүнөм) менен жасаган чечкиндүү аракеттери арга кеткендеги аракеттей сезилет.

 

Ушул жерде адилеттүүлүк үчүн белгилей кете турган нерсе, биз жамандап жүргөн Акаевдин мезгилинде электр энергиянын баасын көтөрүүгө, энергетика тармагын менчиктештирүүгө ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары жол берген эмес. Акаевдин учурунда Таш-Көмүр, Шамалды-Сай-2 ГЭСтери (2003-ж.) ишке берилген. Акаев, Бакиев мезгилдеринде Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын 1,6 сомго эле экспорттогон. Камбар-Ата ГЭСтери бүтсө, Пакистанга, Кытайга ж.б. өлкөлөргө электр энергиясын сатуу пландаштырылган. Электр энергиясынын баасы Бакиевдин учурунда (март 2010-ж.) март айынан эки эсе, июнь айынан беш эсеге көтөрүлүп, “Севеэлектро”, “Востокэлектро” Максим Бакиев тарабынан менчиктештирилген. Апрель революциясынан кийин (2010-ж.) Убактылуу Өкмөттүн Декрети менен алар кайра улутташтырылып, баасы ордуна түшүрүлгөн. Азыркы энергетикалык кризиске “аба ырайынын” күнөөсү жок, азыркы Жогорку Кеңеш менен Өкмөт күнөөлүү, муну эл билүүсү керек.

 

Президенттин акыркы пресс-конференциясындагы Конституцияга өзгөртүүлөр керектиги жөнүндөгү оюн мен толук колдойм. 2012-ж. 23-январында ушул маселе боюнча Президентке “Унчукпай коюуга укугум жок” деген ат менен ачык кат жолдогом. (Бүгүнкү кайрылуумду ошондуктан “Унчукпай коюуга укугум жок – 2” деп атадым). Андан бери туптуура үч жыл өттү. Кеч болсо да, мени туура түшүнүптүр деп ойлойм. Бирок, убакыттан уттурдук. Ал кайрылууда Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жолун издөө, себеби бул Жогорку Кеңештен элге да, мамлекетке да пайда жоктугу (А.Бекназаров “Унчукпай коюуга укугум жок” 134-147 б.б.). 

 

2012-жылдын жай айларында Президент экөөбүздүн акыркы жолугуубузда да: “Сиз өлкө башчысы катары жасаган реформаларыңыз менен тарыхта калууну ойлонуңуз, азыр өлкө рефомаларга муктаж, аны Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизмейинче жасоого мүмкүн эмес. Өкмөттүн, соттун, Жогорку Кеңештин иштерине суктанбаңыз, ар бир бийлик бутагы өз ишин өзү аткарып, өзү жооп берүүнү өнөкөткө айлантыңыз” - деген элем.   

        

Президенттин жаңы жыл алдындагы Евразия Экономикалык Биримдигине  кол койгонун мен укуктук жактан туура болбой калды деп эсептейм. Анткени, Президенттин Конституциялык деңгээлде андай укугу жок. Ошондуктан, Президент 9-майга чейин Жогорку Кеңеш менен биргеликте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, койгон колун Конституциялык деңгээлде легитимдүү кылышы зарыл. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн “2020—жылга чейин Конституция өзгөрүлбөйт” деген жобону алып салуу керек. Ал маселени Жогорку Кеңеш чечет.

 

Ошондуктан, Президент Жогорку Кеңеш менен биргеликте мыйзам менен референдум өткөрүүсү зарыл. Жогорку Кеңеш жана Президент референдумда элге үч суроо менен гана чыгуусу керек:

 

1. 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө тыюу салынган жобону жокко чыгарууга макулсуңбу?

 

2. Башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң:

а) Парламенттик;

б) Президенттик;

в) Аралашбы – деп.

3. Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык Биримдигине кошулушуна макулсуңбу? – деген.

 

Биринчи жана экинчи маселе мындан нары Конституциялык реформаларды кийинки Парламент аркылуу жүргүзгөнгө жол ачса, үчүнчү маселе Атамбаевдин ЕврАзЭСке койгон колун легитимдештирүүгө, (элден бекитип алууга) жол ачат же 9-майга чейин колун артка алууга укук берет. Биз, кыргыз саясатчылары, кыргыз элинин кайсы экономикалык блокто, кандай мамлекетте жашагысы келери жөнүндө элден 25 жыл ичинде бир да жолу сурай элекбиз. 

 

ЕврАзЭСке кирүүнү да президент Атамбаев элден сураган жок. Бул кемчиликти Атамбаев жоюусу керек. Бүгүнкү дүйнөдөгү саясий оор абалда “эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт” болуп калбайбызбы? “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?”- дегендей, менин жеке пикиримде Кыргызстандын ЕврАзЭСке кириши ички реалдуу муктаждыкка караганда сырткы күчтөрдүн таасири менен элдин пикири угулуп- угулбай, терең салмакталбай, шашылыш кол коюлгандай болду. Россиянын базарында карапайым эл кандай тиричилик кылары өтө татаал маселе, ага даярдык керек.

 

Кайсы бир партия, чиновник, олигарх үчүн туурадыр, боло турган шайлоодо Россиядан колдоо табар. Бирок, жалпы элге келгенде бул талаш оор маселе.

 

Экинчиден, Кыргызстандын Президенти ал бирикмеге кошулуу боюнча кол коюу учурунда сүйлөп жатканда Путин менен Лукашенконун шылдыңдагансып күлүп олтурганы, Назарбаевдин мурдун чүйрүгөнү кыргыз элин шылдыңдагандай эле болду. Лукашенконун Бакиевдерди, Путиндин, Акаев, Танаевди, Назарбаевдин Казакстанда бир топ мурдагы эки президенттердин жакындарын сактап, коргоп жүргөнү эле алардын азыркы кыргыз элине, кыргыз бийлигине болгон мамилесин тастыктап турат. Аларга Акаев, Бакиевдер Президенттер “дос жана бир тууган” кыргыз элине караганда, ал эми биз болсо кайрадан аларга жабышкандай болуп жатабыз.

 

Үчүнчүдөн, Кыргызстандын келечеги кайсы бир саясий же экономикалык блокто эмес, “нейтралитет” статусу менен, бардык дүйнө мамлекеттери, биринчи кезекте коңшу СНГ өлкөлөрү менен эгемендүү, көз карандысыз, тең ата түзүлгөн эркин экономикалык, саясий келишимдер менен жаралган эки тараптуу мамилелерде.

 

Төртүнчүдөн, эркин тышкы экономикалык саясат жүргүзүүдө кайсы бир бирикмедеги союздаш өлкөнүн “көзүн кароо” мамлекеттин эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын чектейт. Мисалы, ЕврАзЭСке мүчө болуп кирсек, азыр Кытайдан, Түркиядан, Кореядан, Эмираттан, Япониядан, Ирандан ж.б. өлкөлөрдөн келген товар-техникалардын бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн бир эле Кыргызстан өзү эгемендүү чече албайт, аны Москва чечет, жыйынтыгында, азыркы Дордойдогу, Кара-Суу базарындагы, Кудайберген авторыногундагы чет элдик автотехникалар, запастар, товарлардын баасы Москва аныктаган бажы төлөмдөрдүн эсебинен 20-30% кымбаттайт.

 

Бийлик өздөрү белгилеп жаткандай, эгерде Евразия Экономикалык Бирикмесинин базарында Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения, Кыргызстан баардыгы биригип 100 сом тапса, ошонун 1,6 сому гана Кыргызстандыкы болот.  

 

Бешинчиден, Кыргызстандын элинин турмушу реалдуу бүгүн, келечекте да Кытайдын, Эмираттын, Ирандын, Түркиянын, Кореянын, Япониянын товар-техникаларына байланыштуу болот, Россия менен Белоруссияныкына караганда.

 

Алтынчыдан, Бажы Союзу, Евразия Экономикалык Бирикмеси десе эле көпчүлүк карапайым эл СССР мезгилин элестетип, “Москва бизди коргоп жана багып алат” – деп түшүнөт. Урматтуу кыргыз калкым, азыркы Москва үчүн биз чет элдик (иностранец) экенибизди унутпайлы.

 

Бажы Союзуна же Евразия Экономикалык Бирикмесине кирбей койсок деле В.Путин бизге таарынбайт, анткени орус эли менен кыргыз эли кечээ эле бирге совет элин түзүп, нечендеген жеңиштерди жараткан, тарыхы бир эл. Эки элдин достугу КМШнын, ОДКБнын алкагында, түбөлүк достукту камтыган эки тараптуу ондогон саясий, экономикалык, укуктук, маданий, илимий ж.б. келишимдер менен бекем чырмалышкан, аны эч ким буза албайт.

 

Тышкы саясатта Жогорку Кеңеш менен Президент коңшу өлкөлөр менен мамиле түзө албады, чек ара, карым-катнаш маселелери чечилбеди. Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык деген сөздү эстеринен чыгарды. Анын кесепетинен түштүктүн эли кыйналууда. Жыйынтыктап айтканда, Жогорку Кеңештин төрт жылдык, Президенттин үч жылдык ишмердүүлүгүндө, бийлик күнүмдүк иштерди аткаргандан башка реформатордук көзгө көрүнөөрлүк иштерди жасаган жок. Бул мезгил сенек (застой) доор болду.

 

3. Бүгүнкү аалам саясатында Кыргызстан кандай жолду тандашы керек?

 

Адамзаты пайда болгондон ушул күнгө чейин дүйнөнү өзгөрткөндөр да, элди улут кылып же улутту курут кылган да, мамлекетти жараткандар да, кыйраткандар да адамзаттын өзү, тагыраак айтканда, адамдан чыккан улуу инсандар, ойчул акылмандар, баатырлар. Ар бир доордун дүйнөнү өзгөрткөн адамзатынын тарыхын жаңылаган чыгаандар болот. Ар бир элдин мамлекетин түзгөн, ал түгүл өз элин жок кылган чыккынчылары же жаңы улутту түзгөн тарыхый баатырлары бар. Мисалга, алыс кетпей азыркы дүйнө элдеринин “жандармериясына” айланган Америка Кошмо Штатын кимдер, кантип, качан жаратканын, ал жердеги түпкүлүктүү элдин аянычтуу тагдырын айтсак, же жер шаарындагы кылымдардан бери калыптанган жеке менчикке негизделген капиталисттик системага чакырык таштап, жаңы коомдун, мамлекеттин, жамааттык менчикке негизденген социалисттик сстеманы жаратышкан, дүйнөгө өзгөртүү жасашкан коммунисттер жана алар башында турган СССРдин кантип, качан пайда болгону, качан кыйраганын алсак эле жетиштүү болот.

 

СССРдин кыйрашы менен дүйнөгө жалгыз үстөмдүк кыла баштаган АКШнын дүйнөлүк саясаты Россия Федерациясынын башына В.Путиндин келиши менен аалам саясаты кескин өзгөрүлдү. Кайрадан дүйнө элдерин бөлүп жаруу, өз тарабына тартуу, өз таасиринде кармоо, куралдануу, экономикалык, идеологиялык, айрыкча информациялык согуш 2014-ж. ачыкка чыгып, туу чокусуна жетти. Бул саясаттын жалпы адамзаты үчүн туура же туура эместигин, ким жеңери жөнүндө тарых өз баасын берет дечи, менин айтайын дегеним, бүгүн аалам саясатынын өзгөрүлүп, батыш менен чыгыш тирешип, АКШ менен Россия куралдануу боюнча гонкада баратканда кимдин ким экени, кайсы өлкөнүн башчысы көсөм-көрөгөчтүк кылып, өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын сактап, бекемдеп, элинин турмушун жеңилдетип, өлкөсүн, элин жоготпой, кайсы бир өлкөнүн эшигин сагалатпай, туура жолду тандап алганы билинүүдө.

 

Мен эмне үчүн Путинди айтып жатам, анткени, ал менин жеке пикиримде Россиянын президенти гана эмес, Россиядагы баардык саясий партиялардын “генералдык секретары”, Россиядагы баардык элдердин жол башчысы, атасы боло алды. Россияда мындай элдик сүйүү урматка өз учурунда И.Сталин гана жетишкен. Путин тамтыгы чыгып таркап кеткен СССРдин курамындагы РСФСРдин ордуна жаңы Россия Федерациясын дүйнөлүк супердержавага айлантты, жаңы Россия элин жалпы россиялык күчтүү улуттук саясатты, экономиканы, күчтүү армия, маданият, илим, спорт түздү. Ага 14 жылдык талбаган туруктуу эмгегин жумшады, ал оңго, солго чайпалбады. Мындай ийгиликке Путндин өз улутун, анын тилин, динин, тарыхын, маданиятын сүйгөндүгү, күчтүү кадрларды тандоосу, саясаттагы үзөңгүлөштөрүн, командасын урматташы, сатпагандыгы менен жетишти. Ал орус жана совет элинин тарыхый улуу мурастарын унутпады, жектебеди, тескерисинче, аларга эстеликтерди курду. Ал ачыктан-ачык ким Россияда иштегиси, жашагысы келсе, орус тилинен экзамен берип, анан иштесин, жашасын деп, орусташтыруу саясатын ачык жүргүздүүдө. Патриарх Кириллге Россиядагы эң чоң даражалуу беш адамдын бири катары расмий жыйындарда премьер-министрдин жанынан орун берилди, бул орус элинин динин да мамлекеттик деңгээлде кам көргөндүк, көтөргөндүк. Ар бир чет элдеги орус элин коргоо мамлекеттин тышкы саясатындагы приоритеттүү багытка айланды. Ошентип, Путин самодержавалык, великоросстук саясатты жүргүзүп, Россияда либералдык эмес мобилизацияланган экономикалык саясатты, адам укугу эмес, улуттун укугу жогору коюлган, улуттун саясаты, батыштын демократиясы эмес, орус элинин кулк мүнөзүнө шайкеш келген демократияны тандаганы үчүн элдин колдоосуна алынды. Аны Россияда эч ким “улутчул”, “диктатор” деп айыптап жаткан жери жок. Жыйынтыктап айтканда, Путин улуу орус элин кайра жаратты, бириктирди, патриоттук дух берди.

 

Экинчи бир улуу инсан, Туркиянын бүгүнкү президенти Р.Т.Эрдоган жалпы түрк тилдүү элдердин лидерине айланды десем жаңылышпайм. Эгерде Кемал Ататүрк азыркы Турция мамлекетин Саясий жактан түптөсө, Р.Т.Эрдоган Турция элин жакырчылыктан алып чыгып, Туркияны дүйнөдөгү күчтүү он өлкөнүн бирине айлантты. Мындай ийгиликке ал Путин сыяктуу эле улутчулдук, өз элин, анын тилин, динин, маданиятын, тарыхын чексиз сүйгөндүгү, өз улутунун кызыкчылыгы үчүн көз карандысыз, эгемендүү тышкы саясат жүргүзгөнү менен жетишти. Евросоюзга мүчө болуш үчүн элинин дин болгон салттуу мусулманчылыктан баш тарткан жок, өзү эл катары мечитке барып, намаз окуйт (биздин депутаттарга окшоп, иштеген жерин намазканага айлантпайт), же коңшуларына окшоп түрк элин “сакалчандарга” бастырып, радикалдык исламчыл кылып, ислам согушуна жол берген жок. Батыштын гендердик саясатын “биздин аялдар жаратылыштын мыйзамы менен жашайт” деп жолотподу, батыштын демократиясын өз элине ылайыктап кабыл алды, Түркияда мамлекеттик тил катары бир гана түрк тили сүйлөнөрүн, улутук дин катары ислам дини эсептелерин, дүкөн-базарларында түрк лирасы, түрк товарлары сатыларын реалдуу камсыз кылды. Түркиянын тарыхын, маданиятын, спортун, каада-салтын, түрк тилин дүйнөгө даңазалоодо. КМШ өлкөлөрүнүн түрк тилдүү тектеш элдерди бир тууган катары эсептеди. Жардамдарды берүүдө КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин эң аксакалы болгон Казакстандын президенти Н.Назарбаев Россиянын колтугунда жайгашканына байланыштуу, Россиядан алыстай албаганы менен эгемен доорунда өтө кыйдылык, куулук, өзүмчүлдүк маанайдагы ички, тышкы саясатын жүргүзүп, борбор калааны Астанага жылдырып, көсөмдүк кылды. Кыргызстандын президенттеринин (Акаев, Бакиев) патриоттук сезимдеринин жоктугунан Кыргызстандын эле Каркыра, Маймак ж.б. жерлерин алып, Казакстандын аймагын кеңейтти. Хан-Теңгринин чокусунан бөлүп алды, Ысык-Көлдүн жээгиндеги бир нече пансионатты менчиктеди. Жада калса Токмоктун тушунан “бир тууган” кыргыз элинин айлампа стратегиялык жолунан 12 га жерди да короологондон уялбады. Акаевдин мезгилинде Кыргызстандын ишкана-мекемелерин, кен байлыктар чыккан жерлерди, Ысык-Көлдүн жээгинен жер участокторун алуу боюнча атайын саясат жүргүзүп, “инсвесторлорун”  жиберип, бир топ участок объектилерге ээ болду. Кыргызстандан бир нерсе алганда “бир туугандарча” баалашып (мисалы, электр энергиясын 1,6 сомго алган, КЦШКны, көл жээгиндеги төрт пансионатты бекер алды, ошол эле учурда Кенесанаркайдагы Кыргызстандын короо-сарайларынын эски шиферин да берген жок. “Бир тууган” элге кыйынчылык түшкөндө чек арасын бекитмей, (2010-ж.) кыргыз бизнесмендерин кармоо, товарларын конфискациялоо адатка айланса, быйыл бизге берилген токтун баасы да бир тууганча болбой калды). Азыр эл аралык маселелерди чечүүгө чоң салым кошууда.

 

Кыргыз элине таандык айрым тарыхты, маданиятты, салтты, башка дөөлөттөрдү казакташтырып да жатат. Жаңы жылдын алдында Казакстанды жаңы тепкичтерге көтөрүү боюнча жаңы иш программа кабыл алды. Бали Нураке, өз улутуңуздун чыныгы азаматысыз!

 

Ал эми өз элинин менталитетине, мүнөзүнө жараша катуу ички, тышкы саясат жүргүзүп, бүгүн Өзбекстанды толук кандуу эгемендүү, көз карандысыз өлкөгө айлантуу үчүн “нейтралитет” жолду тандаган Өзбекстандын президенти И.Каримов “Орто Азия өлкөлөрүнүн мыктысы” десек жаңылбайбыз. Кыргызстандын президенттеринин туруксуз тышкы саясатына карабай, дини, тили, мазары, базары, тарыхы бир эки элдин кызыкчылыгы үчүн, Кыргызстанга кыйынчылык түшкөндө (2010-ж. июнь) сепаратист өзбектерге жан тартпай, улуу саясатчы экенин тастыктап, жалпы региондун (Фергана өрөөнү боюнча жаңжал болмок) тынчтыгын камсыз кылганга эбегейсиз салым кошту. Айрым президенттерге окшоп Кыргызстанды сепаратист өзбектерге өзбек катары жан тартып болушканда, июнь окуясы эмне менен аяктарын бир кудай өзү билет эле. 2010-жылы июнь окуясын тез арада өчүрүүгө Каримовдун салымы чоң. “Кыргызгазды” орустарга 1 долларга сатып жиберип, анан кайра Каримовду сөккөнүбүзгө кээде уялып кетесиң. Эмне дегенде, түштүк жергесин газ менен камсыз кылуу “Кыргызгазды” сатып алган орустардын “Газпромуна” жүктөлөт, алар Өзбекстан менен жаңы келишим түзүү керек, жаңы аларман менен соода-сатык кылабы же кылбайбы, ал Өзбекстандын жеке эгемендүү укугу, кыргыз бийлиги “Кыргызгазды” сатаарда ушунун баарын тактап, эске алып сатыш керек эле.

 

Өзбекстандын президенти Каримовдун дагы бир көсөмдүк сапаты кечээ жакында Россиянын президенти Путин өзү Өзбекстанга атайын расмий иш сапар менен келип, карызын кечип, суранса да, “Бажы Союзуна кирем” - деп убада бербегени болду. Каримовдун бул кадамы Өзбекстанды бир эле Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен да тең ата байланышта болуп, эч кимдин көзүн карабай эркин тышкы экономикалык саясатты жүргүзүүнү көздөгөнүнүн далили болду.

 

Эмне үчүн үч кылымдан бери бийликке бирде демократтар, бирде республикачылар келсе да, АКШнын саясий режими, экономикасы, тышкы саясаты өзгөрбөйт, өсүп өнүгө берет? Бийликке келген партия же президент АКШнын Конституциясын өзгөртөм дебейт? Анткени, АКШнын туруктуулугу, күчтүүлүгү АКШнын президенттеринде эмес, мамлекеттин түзүлүшүндө, саясий системасында. АКШны мамлекет катары түзүүчүлөр болгон “негиздөөчү-аталары” Американы басып алган ар түрдүү улуттагы “колонизаторлордун” үнүн угуп, бир келишимге келип, адам укугунун, мыйзамдын үстөмдүгүн, сот системасынын кол тийбес көз карандысыздыгын, анын чечимине баш ийүүнү, өздөрү түзүп жаткан мамлекеттин эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы, АКШнын Конституциясы баарынан бийик, кымбат, баалуу дөөлөт болсун деп биротоло бекитишип, аны бузбай муундан-муунга өткөрүү, улуттун кызыкчылыгы болуп калган. Мыйзам бузуу, соттун ишине кийлигишүү, АКШнын кызыкчылыгына чыккынчылык кылуу, АКШнын президенти, конгрессмен, сенаторлору, чиновниктери, бизнесмендери, жалпы эли үчүн кылымдардан бери өзгөчө оор кылмыш экени, АКШнын эли үчүн улуу тарыхый, саясый документтер гана эмес – улуу АКШ элинин айныгыс салты болуп калгандыгында турат.

 

Урматтуу кыргыз калкым!

 

Бул жалпы адамзатына белгилүү нерселерди эмне үчүн айтып жатам? Бул белгилүү нерселерди айтуу менен бүгүнкү аалам саясатында Кыргызстанга кандай мамлекет, кандай саясат керектигине жооп издедим. Биз, кыргыздар эгемендүүлүк алып, БУУнун толук кандуу мүчөсү болгонубузга 25 жыл болсо да, улут катары, мамлекет катары өз жолубузду таба албай жатканыбызды айрым президенттер, мамлекеттер аркылуу образдуу, салыштырмалуу түрдө эсиңерге салгым келди. 2005-ж. март революциясынан кийин К.Бакиевге: “Курманбек Салиевич, кудай жар болуп, пешенеңизге кыргыздын башчылыгы буюрган экен. Кыргыз эли үчүн тарыхта кала турган реформаларды жасаңыз, Кемал Ататүрк катары туура жолду таап, кыргыз мамлекетүүлүгүнө бекем, түбөлүктүү фундамент куруңуз, мындай тагдыр ар бир адамга келе бербейт, мүмкүнчүлүгүңүздү кетирбеңиз” – дедим эле.

 

Бакиев Акаевдин жолу менен кетип, “Конституция эң сонун экен, өзгөртүүнүн кереги жок” – деп, мамлекеттик бийлигин инилери менен уулдарына тарттырып жибергенде азыркы Президент Атамбаев экөөбүз: “Бакиев ушундай шансты кетирди, аттиң, эми болбой калды го..,  эми бир шанс келсе өзүбүз жасайлы” деп нечен жолу сүйлөштүк эле.

 

“Биз бирге өзгөртөбүз” деген лозунг менен Текебаев ж.б. болуп БЭКти түзүп, Бириккен оппозициядан Атамбаевди жалгыз Президенттикке талапкер кылып чуркадык.

 

Атамбаевдин да пешенесинде бар экен, мына үч жылдан бери президент, а реалдуу түрдө 2010-ж. апрель айынан бери өлкө башчысы. Бүгүн эмне өзгөрүлдү деп ойлоно турган мезгил келди. Жакында бир досум: “...Азике, 2010-ж. Бакиевдер электр энергиянын баасын көтөргөндө, бул туура эмес деп Апрель революциясы болбоду беле, эми Атамбаев көтөрүп койду, айырмасы эмне?” – деп маселени кабыргасынан койду. Мен досума: “...Айырмасы көп, биринчиден, азыркы электр энергия баасынын кымбатташына мыйзам боюнча Атамбаев күнөөлүү эмес, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт күнөөлүү, чарбалык ишке азыркы президенттин эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт иштебей койсо да, Президент аларды таркатканга, отставкага кетиргенге (жазалаганга) Конституция боюнча укугу жок, анан аргасы жок кымбат болсо да, электр энергиясын таап келди. Үчүнчүдөн, Назарбаев электр энергиясын кымбат бергени үчүн аргасыз анын баасын көтөрүүгө мажбур болду, бирок, бул убактылуу болуш керек. Энергетикалык тартыштык чечилсе, светтин баасы ордуна келиш керек, анткени, бизде токтун өздүк наркы төмөн. Төртүнчүдөн, Бакиевдердин убагында кымбаттаган токтун баасы Максимдин жеке чөнтөгүнө кетмек, себеби, алар “Северэлектро”, “Востокэлектрону” менчиктештирип, анан бааны  2010-ж. июнь айынан 5 эсеге кымбаттаткан чечимди 2010-жылдын март айында кабыл алган. Биз, Убактылуу Өкмөт, аны жокко чыгардык, кайра улутташтырдык, азыр ток кымбаттаганы менен акча мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Казакстанга төлөнүп жатпайбы” – деп досума туура түшүндүрдүм. Ал туура түшүндү, бирок, “досуңду коргоп жатасың” деп күлдү. Чындыгында, коргогондой эле болдум, себеби, “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, “Камбар-Ата” ГЭСи, Батукаев маселеси, оппозицияны куугунтуктоо, Конституциялык реформалардын жүрбөй жатканы, мурдагы эле чиновниктер партияларынын аттарын алмаштырып жүрүшкөнү, ж.б. маселелер мурдагы эле доорду элестетет. Азыркы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укугу чектелүү экенин карапайым эл түшүнбөйт.

 

Бүгүн АКШ менен Россия ортосунда кайрадан дүйнөнү “бөлүшүрүү” саясаты күчүндө турганда бизге окшогон жаш, жаңы өлкөлөр кандай саясий жолду тандоосу керек? Адамзаттын тарыхы далилдегендей, күчтүү мамлекет куруу үчүн албетте күчтүү улут же тескерисинче, күчтүү улутту жаратуу үчүн күчтүү мамлекет керек. Кайсы бир мамлекеттин же улуттун жок болушу сырткы күчтөргө караганда мамлекеттик түзүлүштүн ички бутактарынын алсыздыгына же улуттун ички ынтымагы, духу жоктугуна, тилинин, дининин бузулушуна байланыштуу экени тарыхтан белгилүү.

 

Алыс кетпей эле Ельцин менен Акаевдин саясатын эсиңерге салайын: Ельцин да, Акаев да Россия менен Кыргызстанды кайра жаратуу саясаттарын 1990-жылдан кийин Батыштан келген демократиядан, адам укугунан, либералдык экономикадан, гумандуулук иллюзиялардан, мамлекеттик объектилерди  менчиктештирүүдөн баштаган, болгондо да, Батыштын акылы (көрсөтмөсү), акчасы менен, айрыкча, Кыргызстан. Жыйынтык эмне болду? 2000-жылга чейин Россияда башаламандык, экономикалык хаос, олигархтардын пайда болушу, мамлекеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун, тартиптин жоктугу болду. Б.Ельцин көрөгөчтүк кылып, Россия чачылып баратканын байкап, өзүнүн тарыхый миссиясы аяктаганын сезип, өзүнө мураскор издеди. Болгондо да, мамлекетчил, мыйзамчыл, улутчул, каттуу адам издеди, акыры тапты. Ельцин Россияны Путинге өткөрүп берди. Путинге чачылып бараткан Россияны экономикалык, саясий, моралдык, укуктук, духовно-маданий жактан бириктирип, улутту кайра жаратуу үчүн 14 жыл керек болду.

 

Ал эми, Акаев Ельцинден айырмаланып, тарыхый миссиясы аяктаганын сезбей, мамлекеттик бийликти узартып, аны аялына, балдыз, кыздарына башкартты, түбөлүк бийликте калгысы келди. Кыргызстанда экономика таптакыр кыйрады... Батыш Акаевге Кыргызстанды таптакыр жок кылуу үчүн саясий шарттарда инвестиция, кредит беришти, кеңешчилерди жиберишти. Советтер союзу аныктап берген Кыргызстандын аймагынын кол тийбестигин да бузду. Кыргызстанда сатылбаган нерсе калбады. Мурда кыргыздар орус империясына, анан коммунисттик Россияга баш ийсек, эгемендүүлүк мезгилинде Акаев, Кыргызстанды “жалпынын үйү” кылууга саясат жүргүздү. Улутту кайра жаратуу, өнүктүрүү үчүн башка элден келген демократиядан, адам укугунан, көп партиялуулуктан, экономиканы менчиктештирүүдөн, либералдаштыруудан же кредит, инвестициядан эмес, улутун аң сезимин, духун көтөрүүдөн, улуттун түпкү тарыхын, маданиятын, тилин, дилин аңдап таануу, аны сүйүү менен мезгилге ылайык жаңылоодон, ар бир улуттун мүчөсүнүн психологиясына “мен кыргызмын, бабам Манас, жерим Ала-Тоо болгон үчүн сыймыктанам” – деген максаттуу, таасирлүү саясаттан баштоо керектигин ал жеткире түшүнбөдү. Кыргызстандын сатылып, чачылып баратканын сезген бүркүт же карышкыр мүнөздүү, эркиндикти сүйгөн, эч кимге баш ийип жүгүнүп көрбөгөн, соода-сатыкты билбеген чыныгы кыргыздар бир эмес эки революция жасады, бийликти эки жолу алмаштырды, бирок, эмне менен бүттү, баягылар эле, баягы эле турмуш, эч нерсе өзгөрүлбөдү, мунун сыры эмнеде?

 

Урматтуу кыргыз калкым, бүгүн биз үчүнчү жолу бийликти алмаштырууну ойлогондон мурда, оболу ушул суроого так, туура жоопту таап, кыргыз улуту үчүн бир күчкө биригип, туура жолду аныктап, анан ошого жараша улутту сактап, кайра жарата турган заман, өлкө, бийлик, турмуш куруу үчүн саясий күрөшкө чыкпасак, туура жолду таппай, ага жалпы эл ынанбай туруп он революция жасасак да, эч майнап чыкпайт. Мен ушундай жыйынтыкка келдим. Андай жол катары Путиндин, Эрдогандын жүргүзгөн саясаттарын айттым, Ельцин Акаев саясаттарын образдуу салыштырып бердим. Түшүнүктүү эле болду го дейм...

 

Туура жолду табууну биз ата-бабаларыбыз жаратып кеткен кыргыз тарыхын таануудан, өзүбүздүн тарых – бул кыргыз улутуна байланыштуу байыркы кыргыздардын жана советтик кыргыздардын доорунун тарыхтары. Өзүбүз дегеним, ал азыркы кыргыз мамлекети, улуттук тили, дини, саясий партиялары, саясатыбыз, маданиятыбыз... анда баштайлы...

 

а). Тарыхыбыз жөнүндө

 

Кыргыз – бул ааламдагы элдердин эң эски, түпкүлүктүү элдеринен экенин, түрк тилинин башаты кыргыз тили болоорун, азыркы казак, өзбек, түрк ж.б. элдер түбүндө кыргыздан таркаган жаңы элдер экенин, кыргыз менен тектеш нечендеген элдер эл катары жоюлуп кеткенин тарыхчылар далилдүү тарыхый документтер менен далилдеп, бардык мектептерде окутуш керек.

 

Экинчиден, кыргыз улуту азыркы мамлекеттүүлүгүнө, эгемендигине Совет Өкмөтүнүн, Коммунисттик партиянын улут боюнча жүргүзгөн саясатынын негизинде жетишкенин да тарыхый чындык катары жаңы муунга окутушубуз керек. Компартиянын (большевиктердин) 1917-жылкы Октябрь революциясынын жеңишинин негизинде кыргыз элинин азыркы мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы курулганын, кыргыз тарыхы, маданияты, башка жетишкендиктери, кыргыз тарыхынын советтик доору кыргыз улуту үчүн жаңы баскыч, тепкич, өнүгүү болгонун айтып, сыймыктанып, мактанып окута турган тарыхый нерселер көп, үлгү ала турган кыргыздын сыймыгы болгон интеллигенциясы – акын-жазуучулар, актер-артисттер, композитор-балетмейстрлер, согуштун, эмгектин баатырлары, саясатчылар жетишерлик. Мен Совет Өкмөтүнүн алгачкы 20 жылы (1917-1937-ж.ж.) менен эгемендүүлүктүн 20 жылын (1991-2011-ж.ж.) салыштырып уялам, арданам.

 

Үчүнчүдөн, биз өз жолубузду табалы десек, тарыхты бурмалап, жаап-жашырганга укугубуз жок. Россия жөнүндө сөз болгондо, биз кыргыздар Россия падышачылыгы менен Советтик Россиянын кыргыздарга болгон мамилесин так ажырата билишибиз, жазышыбыз керек. Эч качан 1916-жылкы Үркүндү, анан Октябрь революциясынан кйинки мезгилди унутпаш үчүн Аалы Токомбаевдин “Таң алдында” романын, К.Баялиновдун “Ажарын”, М.Элебаевдин “Узак жолун” ж.б. мектепте, жогорку окуу жайларында кайрадан окутуу керек. Эмнегедир Кыргызстандын тарыхы, дагы деле “улуу элге” “өз ыктыярыбыз менен кошулганбыз” деген өзүбүздү өзүбүз алдап келген саясаттан чыгалбай жаткандай. “Шабдандын”, “Чотондун”, “Абил бийдин” ким болгонун ашкерелеп, Нусуп аталык, Алымкул аталык, Алымбек датка, Бекназар баатыр, Ормон-Хан, Төрөгелди баатыр, Балбай, Абдылдабек ж.б. улуттун баатырларын баатыр деп, “катынын катын” дей турган, “туранчыл”, “басмачы”, “улутчул” болгондорду ажырата турган мезгил жетти. Тилекке каршы, азыр деле “Абил бий”, “Шабдандардын” заманы, улутум, кыргызым дегендер дагы деле улутчул-саясатчы катары депутат да, чиновник да боло албайт. Жок дегенде Кокон хандыгын кыргыздардын хандыгы, Саруунун Баркы уруусунун кызы Жаркынайым 26 жыл “ханайым” катары кыргыздын боз үйүн тигип, кыргыздын салты менен ханордосун (Кокондо) кармап олтурганын, Жаркынайым эжесине Курманжан датка ат тезегин кургатпай каттап турганын да жогорку деңгээлде айтуудан жалтактайбыз...

 

Жыйынтыктап айканда, кыргыз көчүнүн жаңы жолун, өз тарыхыбызды тактоо, оңдоо, түзөтүү ага чыныгы эгемендүүлүк, көз карандысыздык боёк берүү менен баштасак деген ойду айткым келет.

 

б). Тил жөнүндө

 

Улутту улут кылып көрсөткөн бул анын тили. Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз тили мамлекетибиздин тили катары толук кызмат кылып жатабы? Бул суроого мен жок деп, так жооп айтам. Президенттин буйруктары, каттары, Жогорку Кеңеш, Өкмөттүн бардык жогорку деңгээлдеги мамлекеттик ишкана-мекемелердин, уюмдардын иш кагаздары орус тилинде даярдалып, жазылып, анан кыргызча которулат, мени менен бул маселеде эч ким деле талашпаса керек.

Путиндин орус тили боюнча мектептердеги орус адабияты, тарыхы боюнча милдеттүү түрдө киргизген сочинение жаздыруусу, Россияда иштейм, жашайм дегендерден экзамен алдырганына эмне себеп болду? Ойлонбойлубу! Коңшу Тажикстан орус тилин экинчи мамлекеттик тил деген статусун алды. Эмне үчүн? Өзбекстанда Союз учурунан бери өзбекче сүйлөйт, Кавказ, Прибалтика элдери мурда деле өз тилинде сүйлөчү!

 

Украинадагы жаңжалдын башкы себептеринин бири да тилге байланыштуу болду. Орус тили Кыргызстанда БУУнун тилдеринин бири катары “улуттар аралык катнаштын” тили статусу менен окутулушу, колдонулушу керек, мамлекеттик тил катары эмес. Бирок, өз эне тилибизди жоготпойлу, толук кандуу иштесин десек, бардык мамлекеттик ишкана-уюмдардын иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Эгерде мамлекеттик чиновник мамлекеттик тилди билбесе, кызматта иштөөгө укугу жок, Россияда жөнөкөй жумушчу болуш үчүн орус тилинен экзамен берип жатпайбы! Мамлекеттик теле, радиоберүүлөр, башка ММКлардын чагылдыруулары, берүүлөрү 90% мамлекеттик тилде берилиши туура болот. Соода түйүндөрү, көрнөк-жарнактар, кинотасмалар, байланыш түйүндөрү мамлекеттик тилде иштөөсү, берилиши зарыл. Түркияда, Россияда, башка чет элдерде түрк же орус тилинде аргасыз сүйлөөгө же аны билүүгө мажбур кыла турган шарт түзүлгөн, түзүлүп жатат. “Манас” аэропортуна конор замат ар бир Кыргызстанга келген адам, кыргыз деген элге келгенин аргасыз сезе турган шарт түзүлүшү керек. Түркиянын кайсы көчөсүндө баратпа, “стоп” деген сөз “дур” деген түрк сөзү менен жазылган. Каалайбы, калабайбы, аны айдоочу да, жол жүргүнчү да аргасыз түшүнүүгө муктаж болот. Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген, бирок, орус же башка тилди билген кыргыз “билимсиз”, “мырк” эсептелип, өз мекенинде эне тилин билген кыргыз башка тилди билбесе да, билимдүү адам катары бааланышы керек. Эгер ал кыргыз эне тили менен катар орус, англис, башка тилдерди кошо билсе “суперкыргыз” катары бааланышы керек.

 

в). Дин тууралуу

 

Улуттун түбөлүктүүлүгү үчүн анын көптүгү, байлыгы, аймагынын чоңдугу, экономикасы, турмушу эң башкы болуп эсептелбейт, эң башкы нерсе улуттун духуна, дүйнө таанышына, идеологиясына, ишенимине байланыштуу болот.

 

Мисал катары Японияны алалы, XVI кылымда Японияны өздөрүнө каратып алуу үчүн испаниялыктар жапон аралында жүздөгөн христиан динин жайылтуучу миссионерлерди (бизче айтканда дабатчыларды) түшүрүшкөн, андан кийин испан королунун солдаттары келишкен. Муну уккан Япон императору Хидэёси жапон жеринде христиан динин таркатууга тыюу салган мыйзамын жарыялаган. Ал мыйзам боюнча иезуит-молдолору 20 күндүн ичинде жапон аралынан  чыгып кетиши каралган, болбосо, аларды өлүм жазасы күткөн. 40 миңден ашык христиан динин алышкан жапондор өлтүрүлгөн.

 

Ушундай катуу чаралар менен император жапон элин, Америкадагы индеецтердин кейпин кийүүдөн сактап калган. Бүгүн дүйнө эли жапон элинин “чудолугуна” суктанышат. Жапон “чудосунун” өзөгүн – жапон элинин религиясы болгон синто дини, бир эле улуттук дин катары эмес, жапон элинин жашоо образдарына айланганы түзөт. Расмий статистика боюнча кыргыз улутунун 80-90% өзүн мусулманмын деп эсептейт же аш, тойлордо, куран окутулуп, кыргыздар өлгөндө шарият жолу менен коюлат. Бирок, чындыгында ошондойбу? Жок, ошол 80-90% өзүн мусулманмын деген кыргыздын 10%ы  да так, акыркы пайгамбарыбыз Мухаммед (саллалаху алейку вассалам) көрсөткөн улуу шарият жолу менен жашабайт. Көпчүлүк жаштар куран окушту билсе, намаз окуса, ичпесе, сакал койсо, кара жоолук, чүмбөт салынса эле мусулман болуп калдым деп эсептешет. Дин менен салтты, улут менен мусулманчылыкты да ажырата билбейт.

 

Көчмөндөрдүн, анын ичинде кыргыздардын түпкү дини “кам” (ата-бабаларыбыздын арбагына   (духуна) сыйынуу), теңирчилик (асманга, жерге сыйынуу) болгону көптөгөн китептерден бизге белгилүү. Кыргыздардын ислам динин кабыл алганына нечендеген кылым өтсө да, кыргыздардын мусулманчылыгы салттуу болуп эсептелет. Мисалы, азыр кыргыз өлгөндө боз үй тигилип, өлүктү эркек болсо боз үйдүн сол жагына, аял болсо оң жагына жайгаштырып, кошок айтып, боз үйдү айлана өкүрүп туруу же өкүрүп келүү (дабыш чыгарып ыйлоо) – кыргыздын салты болсо, ак кепинге ороп, тазияга туруп куран окуу, маркумдун жүзүн кыбыланы каратып жерге берүү – бул шарияттын жолу менен болот. Маркумга аш бергенде кыргыздын салтына ылайык (Манастагы Көкөтөйдүн ашындай) мал союп, урук-туугандарга кабар берип, улуттук оюндарды аткаруу салт болсо, куран окуп, маркумду эскерүү шарият болот. Кыргызда Нооруз майрамы “жыл ажырат” деп аталып, алас-алас айтылып, сүмөлөк кайнатылып, булак, арык башына мал союлуп, түлөө өткөрүлгөнү салт болсо, ошол жерде өлгөндөргө  куран окутуу, эскерүү шарият болот.

 

Жыйынтыктап айтканда, биз кылымдардан бери калыптанып калган салт менен исламды аралаштырып салттуу мусулманчылыкты улуттук дин катары колдонуп жүрөбүз. Эгерде, жалпы кыргыз бирдей динди тутпасак, айрым радикалдуу исламчылар (алар кыргызмын дебе, мусулманмын де, аш бербе, кошок айтпа, ыйлаба ж.б.) бизди башка элдердин салттарына өтүүнү, алардын кебете-кепширин тууроону (сакал коюп), кийимдерин кийүүнү (узун чепкен, халат, топу, кара жоолук, көйнөк, шлепка ж.б.) диний мамлекет курууга үндөп, мусулманды мусулманга же кыргызды кыргызга диндик сезим менен душман кылуу чакырыктары менен (Ирак, Сирия, Пакистандагыларга окшош) бүгүн ачык дабаттарда жүрүшөт. Президент Атамбаевдин аларга каршы аракеттерин колдоого алуу керек. Ал дабатчылардын көбүнө чет элдин миссионерлериндей Президент, бийлик катуу чара көрүш керек деп колду кууштурбай, ар кимибиз аларга каршы туруп, салттуу мусулманчылыктын кыргыз улутунун менталитетине туура экенин, кылымдардан бери калыптанганын айтып, радикалдык исламчыларды тыйышыбыз керек, анткени, алар өзүбүздүн уул-кыздарыбыз. Алардын мындай радикалдуу исламчылдыкка, христиан динине же башка жолдорго түшүнүп-түшүнбөй түшкөнүнө бийликтин, саясатчылардын, ата-энелердин, коомчулуктун күнөөсү да көп, эмне дегенде, эгемендүүлүк доорунда жаштарга кам көрүлүп, жумуш менен камсыз болгон жок, улуттун динин –  ар бир адамдын өз иши (укугу) дегендей, “жалпы үйдө” бош коё бердик. Ар бир мамлекет, улут өзүнүн элинин динин таанып, коргоп, өнүктүрүп, сактап жүрүшү керектиги көп элдин тарыхында далилденген. Россиянын Патриархы болгон Кирилл Путиндин саясатын ачык колдоп, расмий жыйындарда сүйлөп, премьер-министр Медведевдин катарында олтурат. Президент Путин “...Князь Владимир өзү биринчи жолу Крымда чокунганын, андан кийин Россия чокунуп бир динге кирип, улуу орус эли жаралганын баса белгилеп жүрөт. Биздин дин кызматкерлери да бири-бири менен (саясатчыларга окшобой) “согушпай”, бир пикирге келип, азыркы көп агымдуу исламдын кайсынысы кыргыз элинде калыптанган, сиңген, кыргыздардын мүнөзүнө, жашоосуна туура келери боюнча бир пикирге келиши абзел. “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” – дейт кыргыздар, “халал” деп дүкөндөр, таксилер, оокат-аш бөлүнгөнү аз келгенсип, эми ак тойду “халал той” деп бөлө башташты. Спирт ичимдиктери столго коюлбаган той “халал той” (адал той), ичимдик коюлса ал “харам той” (арам той) болот экен алардын оюнча. Тойду качан оокат-ашка карап бөлчү эле, ата-бабаң, эй кыргыз аша чаппагылачы! Жеген оокатың, жүргөн таксиң, ак тоюң, акыркы сапарга узатып жаткан ата энелердин арбагы, ашы, кийген кийимиңе чейин, койгон сакал-мурутуңа чейин адал, арам (халал, харам) деп бөлүнсөң, кайдан оңолосуң, эртең ата-энеңди да ичкен оокаттына жараша бөлөсүңбү, кыргызым, мен өзүбүздү тааныйлычы дегеним ушул.

 

г) Мамлекетик түзүлүш жөнүндө

 

Акыркы жүз жыл ичнде кыргыз улутунун мамлекеттүүлүгүн коммунисттик (Советтик) Россия чечип келди. Алар кыргыздарга автономиялык область (1924-ж.), автономиялык республика (1927-ж.), СССРдин курамындагы союздук республика (1936-ж.) статусун беришти. Бул үчүн биз коммунисттерге, анын башчысы И.Сталинге милдеттүүбүз. 1990-ж. СССРдин кыйрашы менен Россиянын президенти Б.Ельциндин “каалашыңарча эгемендүүлүгүңөрдү алгыла” – деген саясатынан кийин БУУнун мүчөсү болгон толук кандуу эгемен, көз карандысыз өлкөгө айландык. Бул Кудайдын амири менен кыргыздарга кансыз, саясий күрөшсүз, асмандан түшкөндөй болгон бакыт, ырыскы. Кылымдардан бери жер жүзүндөгү элдер негизинен эки нерсе - эгемен эл, көз карандысыз өлкө, анын аймагы үчүн күрөшүп келген, дагы деле согушуп жатышат. 25 жылдан бери “өз үйүбүздү мындай кылып куралы” деп эгемендиктин ээси, бийликтин бирден бир булагы болгон элден бир жолу да сураган жокпуз (Башында коммунисттерден турган “легендардык парламенттин” 1993-жылкы Конституцияны эки жолу элге чыгарып, талкууга койгонун кошпогондо). Акаев, аны курчаган “реформаторлору”, чет элдик кеңешчилери менен тар чөйрөдө “жалпы үйдүн” архитектурасын чийдирип, аны баш айландырган жүздөгөн статьялар менен бурмалап, Конституцяга киргизип, аны элге чыгарып, бекитип алып жүрдү. Бакиев да ошентти. Убактылуу Өкмөт саясий оор кырдаалда “өлкөнү “үй-бүлө” башкарбаса болду” деген лозунг менен парламенттик өлкө курду, алар да Акаев, Бакиевдердей эле элден сураган жок, Батыштын акчасына, тар чөйрөдө, шашылыш оор кырдаалда мамлекеттик түзүлүш чийилген Конституция референдумга коюлду. Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү парламентаризм эмне экенин түшүнгөн да жок, үйрөнгөн адаттарынча мыйзамсыз болсо да, мамлекеттик башкаруунун баарын президент Атамбаевге өткөрүп берип, анын көзүн карашууда. Азыр биздин алдыбызда “жалпы үйүбүздү” оңдоого же жаңыдан түптөөгө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Ал азыркы парламент менен өкмөттүн төрт жылдан берки шалдыгынан жаралган өлкөдөгү сенектик: 

- кайрадан аворитаризмдин пайда болушу;

- азыркы президенттин кеч болсо да, Конституцияга өзгөртүү керектиги жөнүндөгү ою;

- Жогорку Кеңештин мөөнөтүнүн аяктап баратканы.

 

Бул шарттар үчүнчү элдик революциясыз эле, президенттин демилгеси менен Жогорку Кеңештин референдум өткөрүү жөнүндөгү мыйзамы аркылуу элден малекеттик түзүлүш жөнүндө сурап алууга мүмкүнчүлүк берет. Оболу өткөрүлө турган референдумга кандай суроолор коюлары жогоруда айтылды. Элдин берген добушуна жараша, кийинки парламент (бул парламент жетишпей калат) мамлекеттин кандай түрдө болору боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет.

 

25 жыл ичинде Кыргызстан башкаруунун аралаш (парламенттик-президенттик (1992-1995ж.ж.), президенттик-парламенттик (1995-1998-ж.ж.), президенттик (1998-2002-ж.ж.), суперпрезиденттик (2002-2010-ж.ж.), парламенттик (2010-ушул күнгө чейин) бардык түрүн көрүштү. Бирок, аралаш же президенттик башкарууларда президенттин ыйгарым укуктары чексиз, бирок жоопкерчилиги болбоду. Азыркы парламенттик башкарууда мамлекеттик бийлик парламентке баш ийген өкмөттө болгону менен, парламенттин, өкмөттүн шалдыгынан мыйзамсыз президентке өткөрүлүп берилди, бирок, Президент эч нерсеге жооп бербейт. Ушул ачуу жагдайларды эске алып, изилдеп олтуруп, “биз президентти эл эмес, парламент шайлаган Германия, Греция ж.б. өлкөлөрдөй таза парламенттик же премьер-министри жок АКШга окшогон таза президенттик өлкө курушубуз керек” - деген жыйынтыкка келдим. Бийликтин аралаш түрүн алсак, бул деген жоопкерчилиги жок болсо да, өлкөнү реалдуу президент башкарат деген эле сөз. Аны көрүп бүтпөдүкпү.

 

Ошондуктан, мен референдумга элге “Башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң:

- парламенттикпи;

- президенттикпи”   – деген эки эле суроону алып чыгууну да сиздердин талкууңарга коёт элем.      

 

ж) Дардаңбайлар жөнүндө.

 

Өзүбүздү өзүбүз аңдап тааныйлы, ойлонолу дегенимдин бир себеби бүгүнкү кыргыз кыздарынын абалы. Россиядагы, башка өлкөлөрдөгү, Кыргызстандын эле ичиндеги айрым кыргыз кыздарынын “денесин сатып” тиричилик кылып калганы бүгүн сыр, уят, намыс деле эмес. Кыргыздар аялды “үйдүн куту”, “Умай эне” деп, кылымдардан бери зоболосун көтөрүп келген. Кыргыз аялдары да “баатырды баатыр кылган жар” болуп, керек болсо, эл намысын коргоп келген. Умай эне, Каныкей, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Жаркынайым, Курманжан датка, Уркуя, Мыскал, Зууракан, Сайра, Бүбүсара, Айсулуу, Роза ж.б. булар улуттун сыймыгы эмей, кимдер?

 

Эгемендик доорунда (“жалпы үйдө”) кыргыздын кыздарын дардаңбай кыргыздар чет элдик досторуна талпактай салып берди го чиркин... Дардаңбай кыргыздардын айрымдары өз кыздарын башка улуттар экинчи, үчүнчү аял же жөн эле ойнош кылып, чет элге алып кетсе, “менин күйөө балам кытай, түрк же орус” - деп, дардаңдап жүрбөйбү. Дагы бир дардаңбайы “күйөө балам” алып берди деп, машина тээп же чет элде сойкулук кылып тапкан кызынын акчасына алынган үйдү дардаңдап айткандар бар. Бул дардаңдаганга негиз эмес, бул улуттун трагедиясы. Айрым дардаңбай саясатчы, министрлер “Россияда биздин мынча кыргыз иштеп, мынча акча Кыргызстанга келип жатат” – деп өзү иштеп таап бергенсип, мактануу менен айтканын эмне дейсиң. Алар кандай шартта жашап, иштеп жатканын билбейт. Россияда, Казакстандагы иштеп кеткен уул-кыздарыбыздан биз түбөлүк ажыраганыбызды бүгүн толук сезбейбиз. Бул мактана турган нерсе эмес, бул да биздин улуттук трагедия, анткени, аларды биз түбөлүк жоготтук. Кыргызстанда кыргыз болбой жатып, Россияда кыргыз болот белек. Алардын тукумдары ал жакта орус болот. Россиянын бийлиги 2014-ж. Россиянын калкынын санында биринчи жолу өсүш болду деп, сыймыктануу менен айтышты, белгилешти. Биздин бийлик “чет элде жүргөн кыргыздардан мынча акча келди” - деп дардаңдайбыз. Бул көрүнүштү да сезели, моюнга алалы, ойлонолу кыргыз калкым.  

 

з) Саясий партиялар, күчтөр жөнүндө.

 

Кыргыздын тарыхында, Байыркы тарыхында да, Советтик тарыхында да “саясий партиялар” институту болгон эмес. Совет доорунда “коммунисттик партия болгон да” – дегендерге айтат элем, аны, Компартияны, кыргыз эли бийлик ээси, мамлекет ээси катары кабыл алган. Иш жүзүндө Компартия ошондой болгон. Кыргыз элине көп партиялуулук, плюрализм, либералдык экономика, жеке менчик ж.б. батыштын принциптери туура келе бербегени 24 жыл ичинде далил болду. Менин жеке пикиримде кыргыз улутуна “көп суур ийин казбайт” деген макалдын маанисиндей бир же эки партиялуулук улутту бириктирүүгө өбөлгө түзчүдөй. Азыр жүздөгөн саясий партиялардын көпчүлүгү чындыгында жеке менчик партиялар: Ар-Намыс – Куловдуку, Ата-Мекен – Текебаевдики, КСДП – Атамбаевдики, Республика – Бабановдуку, Эмгек – Салымбековдуку, Өнүгүү – Төрөбаевдики, ж.б. Кыргызстанда канча олигарх, бай болсо, ошончо саясий партия. Партияларды түзүп, аны менен бийликке келип, өз бизнесин өнүктүрүү, сактоонун, баюунун жолу болуп калды. Мунун өзү партиялык теория, илим боюнча туура дечи, бирок, бизде азыр партияларга депутат же кайсы бир бийликке жетүү үчүн мүчө болуп киришет. Кайсы бир партиянын ээсинин акчасы көп, кээ биринин бийлик менен жакшы экенине карап, партияларды тандашат. Партиянын идеясы, программасы кандай экенине карабайт. Идея менен бириккен же жаралган партиялар Кыргызстанда өтө аз. Анын бири улуттук кайра жаратабыз деген улутчулдардын партиясы – “Асаба” партиясы, экинчиси Коммунисттер партиясы. “Асаба” партиясынын идеясы кыргыз улутун кайра жаратуу, анын тилин, тарыхын, маданиятын, саясатын коргоо, сактоо, өнүктүрүү. Бул партияга ошон үчүн бир дагы олигарх, бзнесмен, “киргиз” мүчө болбойт. 24 жылдан бери кыргыз бийлигинде патриот, улутчулдар аз болгон, болсо да алар оппозицияда болушкан. Эмне дегенде, эгемен Кыргызстанда кыргыз улуту, анын тили, маданияты, тарыхы, ал түгүл патриоттору бийлик тарабынан кордолуп, байлыгы чет элдиктерге берилип жатат. Жылдан жылга алар азайып, азыр бийликте алар жокко эсе. Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, башка бийликтерде дээрлик бизнесмен-ишкерлер, олигархтар же бийликке жагуунун, бийликте жүрүүнүн жолун өздөштүргөн суперкошоматчылар Акаев-Бакиев доорунда байып алышкан айрым чиновниктер калышты. А.Масалиев өлгөндөн кийин коммунисттер жокко эсе болуп калды. Ошентип, кыргыз бийлигинде, саясатында улутум, элим деп, жеке адамдын укугунан улуттун, мамлекеттин укугун, жеке менчиктен мамлекеттик, жамааттык, коомдук менчикти жогору коюшкан “Асаба”, “Кыргызстан коммунисттери” сыяктуу партиялардын келбеши мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланууда. Олигархтар, бизнесмендер шайлоочуларды акча, майда-чүйдө иштерин бүтүрүп, көк бөрү, футбол, валлейбол ойнотуп, концерт бердирип “сатып” алышат, улутчулдар, коммунисттер өз идеалдары менен эч кимдин курсагын, кекиртегин убактылуу болсо да, тойгуза албайт. Намыс, жүрөк, келечекти ойлоп, аңдап добуш бербей, кекиртек менен өз бийлигин шайлаган элге айландык кыргыздар. Шайлоочулардын добушун сатып келген бизнесмен-олигарх эч качан эл камын, улутун, келечегин, өлкөнүн биримдигин ойлобойт, өз бизнесин, чөнтөгүн ойлойт. Ошондуктан, Россиянын президенти Путин бийликке келгенден кийин өз ишин бизнесмен-олигархтардан баштаганын билесиздер. Ал бардык бизнесмен-олигархтарга: “саясатка аралашпагыла, ал силердин иш эмес, силер мамлекетти жок кыласыңар” – деп Россиянын саясий органдарынан, мамлекеттик бийликтерден Березовский, Чубайс, Ходорковский ж.б. акырындап тазалап, алардын ордуна Россиянын атын, даңкын, намысын коргогон, желегин көтөргөн, бирок акчасы аз, жүрөгү, намысы бар патриотторду, акын-жазуучуларды, артисттерди, спортсмендерди алып келди. Бизде болсо, 24 жыл ичинде бийликтин гана ырын ырдап, улам бийлик алмашса, жаңы бийликтин партиясынан орун табышкан, парламенттен кетпеген, бирок, саясат, улут, мамлекет эмне экенин түшүнбөгөн депутатар абдан көп, эч качан бизнесменден саясатчы, чыныгы саясатчыдан бизнесмен чыкпайт. Бизнесмен депутаттын бизнесин бийлик кичине эле бууганда, үнү жок “балык” депутат болуп олтуруп берет. АКШда олигархтар депутат, чиновник, президент да болушпайт, алар президенттерди, депутаттарды тандайт, аларды колдойт, анткени, чыныгы саясатчы гана тынчтыкта өнүккөн өлкө, акыйкат коом, адилеттүү сот, укук коргоо органдарын, туура салык саясатын түзүп, бизнесмендер өнүгө турган жагымдуу, эркин рынок талаасын түзүп берет. А бизде саясат башында да, өлкө башында да бизнесмендер өзү келип, өзүнүн гана бизнеси үчүн иштешет, башка бизнесмендерди муунтуп, элди унутат.

 

Азыркы Жогорку Кеңеш менен Президенттен 2015-жылы өлкөнү өзгөртүүчү, авторитаризмден арылуучу реформаларды күтүп болбойт, анткени, бийликти түзгөн парламенттеги бул паритялар, депутаттар келерки шайлоого даярдануу менен аракетенишет. Президент өзүнүн бийлигин сактап чыңдоо, узартууну көздөп, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоодо КСДПны Бакиевдин “Ак Жолундай” кылып, бийликтин партиясы катары алып келүүгө бардык күчүн жумшайт.

 

Бүгүн коомчулуктун, президенттин да “баш оорусу” – президент бийликтин партиясын кимдер менен түзөт, ошондо.

 

Жеке менин пикиримде бүгүнкү Кыргызстанда негизинен реалдуу үч типтеги саясий күчтөр бар.

 

Биринчиси, ар дайым бийликте ким болсо, ошол адамдын партиясы менен болуп келишкен, аны колдошкон кошоматчы бизнесмен-мамчиновниктерден түзүлгөн, бирок, өзөгүн “карт саясатчылар” түзгөн топ – алар Акаевдин доорунан бери бийликти ачык же тымызын колдогон партяларда жүрүшкөн, такшалган күчтөр.

 

Экинчи топ, бийликтин “короосунан” орун тийбей калып, бирок бийликтин партиясынын жандоочу партиясы же өздөрүн “конструктивдүү оппозиция, саясатчы” катары эсептеген, эс-дарты “эптеп бийликке жетсем, бийлкте жүрсөм” - деген бизнесмен-саясатчы сөрөйлөрдөн түзүлгөн күчтөрдүн тобу болот.

 

Үчүнчү топ, албетте, эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстандын бийлигинин туура эмес жолдо баратканын ачык айтып, сындап келе жатышкан, учурунда эки революция жасап, эки президентти куратып, эки жолу өз жеңишин уурдатышкан, Акаев, Бакиевдин, азыркы бйликтин да оппозициясы болушкан чыныгы революционерлер, патриот-улутчулдар, нукура кыргыз саясатчылары.

 

Быйылкы боло турган парламенттик шайлоодо, андан кийин президенттик шайлоодо да, ушул үч күчтүн күрөшү болот.

 

Биринчи, экинчи топтогу саясий күчтөр бири-биринен анча деле айырмаланбайт. Эгемен доорунан бери бийликте келе жатышат, алар бүгүн реалдуу түрдө бийликтиин да, байлыктын да ээлери, 24 жыл ичиндеги Акаев, Бакиев бийликтери жасаган бардык кылмыштарга, “Үзөңгү-Кууш”, Каркыра, Маймак ж.б. жерлерибиздин, “Кумтөргө” окшогон кен байлыктардын чет элге берилишине, айыл чарба, завод-фабрикалардын талкаланып, сатылышына, жумушсуздукка, азыр дагы стратегиялык объекилердин чет элге берилип жатышына, алардын көпчүлүгүнүн түздөн-түз же кыйыр катыштыгы бар. Карапайым эл муну билет, түшүнөт, бирок, алардан кантип арылууну, тазаланууну билбей, шайлоолордо “бийлик деген бийлик да” же “өз балабыз эмеспи” деп, шылкыйып олтуруп берет. Бул эки саясий топто тең бириктирген партиялык идея, позиция жок, алардын артыкчылыгы шайлоо компаниясын кантип өткөрүүнү, шайлоонун жыйынтыгын кантип бурмалоону, шайлоочуларды кантип “сатып алууну” мыкты өздөштүрүшкөн, алар саясий партияга караганда шайлоо алдында шайлоо компаниясын өткөрүү үчүн убактылуу түзүлгөн “фирмага” окшош.

 

Бул эки топтун артыкчылыгы – алардын колунда бийлик, байлык, мамлекеттик массалык маалымат каражаттары, теледен түшпөгөн дүжүр чалдар, балдары, ар дайым бийликтин ырын ырдашкан жергиликтүү “тың чыкмалардын”, шайлоону өткөрүүчүлөрдүн булар тарапта болору, эң башкысы Кыргызстанга таасирлүү Россия сыяктуу өлкөлөрдүн буларды колдогону. Кемчилиги – бул эки топко болгон карапайым элдин жек көрүүсү, мүчөлөрүндө саясий духтун жетишпегендиги, эки жүздүүлүгү, идеялык биримдиктин жоктугу.

 

Үчүнчү топтун артыкчылыгы – элине, мекенине болгон сүйүүнүн, саясий эрктин, духтун күчтүүлүлгү (а мүмкүн ушунун өзү кемчилик да болушу мүмкүн), элдик делген (негизинен кыргыз тилдүү), эркин, көз карандысыз гезиттердин колдоосу, карапайым элдин көпчүлүгү колдоору. Ал эми кемчилиги – ынтымактын жоктугу, өлкөнү кандай жол менен туңгуюуктан алып чыгуу боюнча бирдиктүү иш программанын жоктугу, бүдөмүктүгү, бири-бирине болгон ишенимдин аздыгы, элдин берген добушун уурдатпай сактап калууга мүмкүнчүлүгүнүн аздыгы.

 

Биринчи саясий топту албетте азыркы реалдуу бийликтин ээси болгон президент Атамбаев аныктайт. Аны ушул даражага жеткирген эски саясатчы-үзөңгүлөштөрүнөн “тазаланган” Атамбаев жаңы шайлоолорго ким менен барат – азырынча табышмак. “Мени, бизди тандайт го...” деген үмүт менен азыркы парламенттеги партиянын лидерлери (Ф.Кулов, Ө.Текебаев, Ө.Бабанов), Атамбаев эмне десе баарына макул болуп, анын көзүн эле эмес, кирпигин карап, үмүт менен олтурушат. Биринен бири өтүп, Атамбаевге жагынуунун жолун издеп, өздөрүн анын мураскору катары көрүшкөн, бири бирине кызганыч менен көө шыбамайды 2012-жылдын күзүндө эле башташкан. Бабанов менен Текебаевге Атамбаев азырынча так оюн билдире элек. Ф.Кулов, Ө.Текебаев, Ө.Бабановдор акаевдик делинген топко жакын болгондуктан, булардын Атамбаев негиздеген №1 бийликтик партияга айланууга шанстары көп. Анткени, Атамбаев азырынча акаевчилер менен Акаевдин саясатын жүргүзүүдө. Бир гана барьер – бул Бабанов менен Текебаевдин жеке тиреши, бирок бул маселе деле Атамбаев чечем десе чечиле турган эле маселе.

 

Экинчи  топту негизинен “Атамбаевдин сүйүүсүнө” алынбаган, эл арасында “Бакиевдик”, тагыраак айтканда “Максмдики” делинген, өзөгүн түштүктүк саясатчылар түзгөн “бир болчулар” түзөт. Бирок, “Бир бол” азыркы кейпинде экинчи чоң күчкө айлана албайт, анткени алардын көпчүлүгү башында Акаевди, кийин Бакиевди, “Ак Жолду” кийин “Ата-Журтту” “сатып” кетишти, коргой алган эмес. Эгерде, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Бирге”, “Өнүгүү” партияларынын лидерлери эстүүлүк кылып бардыгы биригишсе, мен айткан экинчи саясий күчкө айланып, Атамбаевдин “акаевдик” тобуна кыйын болот. Атамбаев да жөн жатпай аларды бириктрбөөгө аракет кылып жатканы айрым фактылар менен белгилүү. Эгерде, Атамбаев өз командасын түзүүдө мурдагы эки президенттин катасын кайталабай, “өз үйүрүн” кайра тапса, алар менен тил табышса, анда өлкөдөгү саясий климат кескин өзгөрүлөт. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев “өз үйүрүн” таба албай калды окшойт, анткени аны сырткы күчтөр башкарып, алардын айтканы менен болот окшойт. Атамбаевдин командасын да сырткы күчтөр аныктайт, бул менин жеке пикирим.

 

Үчүнчү саясий күч деп мен 1990-жылдардан бери башында бийликке Акаев келгенде да, анан 2005-жылдын Март революциясынан кийин Бакиев келгенде да, 2010-жылдын Апрель революциясынан кийин Атамбаев бийликке келгенде да, баарынан “эми чыныгы улуттук мамлекет курат экенбиз” деп ар дайым үмүттөнүшүп, анан үмүттөрү таш капкан, кыргызым деген патриот-улутчул күчтөрдү айтып жатам. Өлкөбүздө ушундай күчтөр бар үчүн Кыргызстан толук чачылып-сатылбай турат. Ал күчтөрдө мен эки элдик революциянын чыныгы баатыларын жана 90-жылдарда жаралган “Асаба”, “КДК”, “ЭрК”, КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар Намыс”, “Ашар”, “Үй куруучулар” ж.б. ондогон саясий күчтөрдүн айныбаган, бузулбаган, сатылбаган патриотторун, чыныгы коммунсттерди да кошом, эгерде алар бар болсо. Бул топтун азаматтары мекенин, элдин байлыгын саткан, элди аткан “эки чыккынчы” президентти кулатып, эки элдик революциянын негизги кыймылдаткыч күчтөрү болушту. Бирок, өз максаттарына жетпей келе жатышат.

 

Быйылкы Жогорку Кеңештеги шайлоодо бул күчтөрдүн биийликке келишине реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Анткени элибиз мен жогоруда белгилеген биринчи жана экинчи күчтөрдөн чарчап бүттү. Бул патриоттор үчүн ыңгайлуу жагдай. Болгону патриоттор “бир муштум” боло алабы? Элге көрсөтө турган, элди баштай турган, эл ишене турган туура жолду тандай алабы? Маселе ушунда. Эгерде бириге алса, алар сөзсүз жеңишине келет, мен ага ишенем, анткени алар эки элдик революцияда, июнь коогалаңында өздөрүн көрсөтө алышкан.

 

Урматтуу кыргыз калкым, Урматтуу Президент!

 

Мен эмне үчүн бул кайрылуу менен чыктым, себеби биз кыргыздар 25 жылдан бери өз жолубузду таппай келе жатабыз, адашып жүрөбүз. 25 жылдан бери бир бөтөлкөнүн ичинде эле кайнап, күйүп келаткандайбыз. Жада калса кээ бир эл аралык эксперттер бизди жок болуучу улут, мамлекет дей баштады. 2010-жылкы элдик революциядан кийин шайланып келген эл өкүлдөрү эки революциядан жыйынтык чыгарышпады, авторитаризмди кайра жаратты, стратегиялык объектиилер (“Кумтөр” ж.б.) элге кайтарылбады, айрымдарын өздөрү чет элге беришти (Камбар-Ата, Кыргызгаз ж.б.) энергетика кризисине алып келди. Башкача айтканда, эл күткөн мыйзамдуулук, акыйкаттык үстөмдүк кылган жаңы заман, доор куруу үчүн конституциялык реформаларды жасашкан жок. Азыркы депутаттар кайрадан издерин жашырышып, жаңы партиияларды түзүшүп, бардык күнөөнү үйрөнгөн адаттарынча жалгыз адамга – Президентке шылтап, элди алдап, шайлоо компаниясын башташты...

 

Ал эми, урматтуу Президент болсо, үч жыл бою эски күчтөр менен (акаевдик, бакиевдик), эски эле замандагыдай эскиче эле иштеп келди. Азырынча алардан айырмасы жок. Бирок, Президентте али да болсо өз заманын куруп, ким экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк, убакыт бар. Президентти башында Б.Ельцнге окшоп өз ыктыяры менен кетиши керек эле деп айтпайм, бирок, ал ким менен, кандай заман, коом курат, кандай реформаларга барат, ачык айтышы керек, себеби, бул 2015-жыл чечүүчү жыл болот. Азыркы парламент бийликке келгенден берки пайда болгон сенектик доор эртеби, кечпи, бузулушу керек. Аны бул парламент өзү бузбайт дечи, бирок, кийнки парламентте өлкө башчысы ким менен болору маанилүү маселе. Муну эл ачык билүүсү зарыл, Ельциндин тарыхый чечиминин гениалдуулугу ушунда болгон.

 

Урматтуу кыргыз калкым, мени саясатчы катары көп партиялар шайлоого чогуу баралы деп чакырышты жана чакырып жатышат. Аларга рахмат.  Бирок, мен эч бир партияга кошулууга убада бере элекмин. Оболу айрым чет өлкөлөргө барып, ал өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларды, өнүгүүлөрдү, өзгөрүүлөрдү ошол элдин ичинен көрүп, анализдеп, үйрөнчүсүн үйрөнөйүн дедим, аны дагы улантам. Азырынча өзүмдү жогоруда белгилеген үч саясий топтун үчүнчүсүнүн арасынан көрүүдөмүн.

 

Мен айткан үчүнчү топтогу саясатчылар Кыргызстандын бийлигине келмейинче Кыргызстанда эч нерсе өзгөрүлбөгөнүнө көзүбүз жетти. Жалаң-төш (акчасы жок, духу бар), улутчул-патриотторду кантип бириктирүүнүн, кандай ураан-принциптер менен жеңишке жетүүнүн, “олигарх-бизнесмен”, “челнокчуларга”, “коррупционерлерге”, кошоматчы чиновниктерге кантип каршы туруунун, Кыргызстанды 25 жылдан бери жаткан “бөтөлкөнүн” ичинен кантип сууруп чыгаруунун, улутту кайра жаңылоонун, берилген добуштарды уурдатпоонун революциялык эмес жолдорун издеп жатам. Сиздерди да партяларды тандоодо адашпагыла, шашпагыла, сатылбагыла, мурдагы жаңылыштыкты эстеп, аны оңдогула, жаңыланууну ар кимибиз өзүбүздөн баштасак адашпайбыз, өзүбүз шайлап алып, анан өзүбүз нааразы боло бергенге чекит коёлу, 25 жылдан бери Парламентте, Өкмөттө, Президенттердин аппаратында, жер-жерлердеги бийликтерде жүрүшкөн өз позициясы жок “хоп-мейлилерди”, “кетпес-хандарды” биротоло бирге “жазалоого” чакырам!

 

12 Январь 2015-жыл

Бишкек шаары

 

Азимбек Бекназаров