Кайсы бийлик турбасын, ар дайым чындыкты айтып жүргөн Рамазан агабызды таап, учурдагы коомдук-саясий кырдаал, Бекназаровдун чет өлкөлөргө барганда кимдерге жолугуп келгени, Батукаевдин чыгарылышын иликтеген комиссиясыныны корутундусун эмнеге бийлик аткарбай атканы, 7-апрель окуясынан пайдаланып тонолгон банк кутучаларынан алынган акчалардын тагдыры тууралуу сурадык. Жыйынтыгында бир топ бүйүр кызыткан фактылар ачыкка чыкты. Анда сөз ирети менен болсун...
- Рамазан мырза, өткөн жылдын 7-ноябрында Азимбек Бекназаров тар чөйрөдө журналисттерди басма сөз күнү менен куттуктап жатып, президенттик шайлоого катышарын жар салып, ага даярдык көрүү максатында ден-соолугун чыңдоо үчүн чет өлкөгө сапарга кетип атканын айткан эле. Бирок, көп өтпөй басма сөздө А.Бекназаровдун Дубайга барып, Көлбаев жана Келдибеков менен жолугуп, бийликти оодаруу маселесин сүйлөшкөнү айтылып кетти. Ал жолугушууларга сиз дагы катышкан экенсиз. Негизи, бул кептердин канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Сиз айткандаай эле, журналисттерге жолугуп, чай ичкен күндүн эртеси эле биз чогуу Түркияга учуп кеттик. Ал жактан А.Бекназаров ден-соолугун доктурларга текшертип, баары жакшы чыккандан кийин, “мен Украинада болуп аткан окуяларды өз көзүм менен көрүп келбесем болбойт”,- деп калды. Себеби, өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, ал жактагы маалыматты биз жалаң россиялык маалымат каражаттары аркылуу алабыз дагы, көп учурда бурмаланган дагы нерселер айтылып кетип атат. Биздин эл башкача айтканда россиялык үгүткө суугарылып жатат. Ошого байланыштуу чынында абал кандайча экенин Бекназаров билгиси келип, Россия менен Украинага барарын айтып, чын эле ошол багытты көздөй учуп кетти. Мен Канадага кеттим. Анан эле басма сөздө чуулгандуу маалыматтар пайда боло баштады. Азимбек Анаркулович укук коргоо органдарын тейлеп жүргөн, эки жолу башпрокурор болгон адам катары кримчөйрөнүн өкүлдөрү менен эч качан мамиле түзбөйт. Аларды жаман көрөт. Келдибеков менен жолукту дешет. Андай жолугушуулар болгон эмес, баары ушак, эптеп бул адамдарды жаманатты кылуунун амалы. Бийликтин провокациясы. Чынында бизде криминал менен кимдер жакшы? Сарууда эл акыйкат издеп чыкканда бандиттерди алып барып элди коркуткан кимдер? Көлбаевди алып келип, актап чыгарган ким? Батукаевди кимдер чыгарып, кыргыз элин дүйнөгө шылдың кылды? Ушуну анализдей келгенде эле билинет баары. Башкача айтканда, бийлик өз күнөөсүн башкаларга шылтай койгусу келип жатат.
- Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча коомдук комиссияны жетектеп, “мунун башында Атамбаев өзү турат”,- деген тыянакты чыгардыңыздар. Андан бери далай убакыт өтүп кетти. Парламенттик комиссиянын корутундусу да турат. Бирок күнөөлүүлөр дагы деле жазасын ала элек. Буга эмне жолтоо болуп жатат?
- Атамбаев өзү бул иштин артында турбаганда күнөөсү барлар эчак жоопкерчиликке тартылмак. Мына, Башкы прокурор А.Салянова өзү криматалыкка адвокат болуп, коргоп, кызматын кылды. Бул даана көрүнүп турса да, министриң же депутатың ачык айта албайт. Анткени, каршы чыкканын Салянова иш козгоп баса калат экен. Мунун баары президенттин көрсөтмөсү менен болуп жаткан иш. Акыркы Салянованын тегерегиндеги окуялар да ушуга байланыштуу болсо керек. Башкы прокурор эс алууга кеткен болду, анан кайтып келе тургандай көрүндү, аягында отставкага кетти. Сырттан карап турган адамга президент Саляновага көз карандыдай же тескерисинче, бирин-бири шантаж кылып аткан сымал. Батукаев окуясы бир нерсени даана жана ачык көрсөтө алды – бүгүнкү бийлик криминалга кызмат кылып жатат. Атамбаев турганда бул маселеге чекит коюлбайт.
- Маекти баштаган тема боюнча дагы бир нерсени тастыктап коюш керек. Азыр эл ичинде: “Бекназаров чет жерде жөн жүргөн жок. Дагы эле көнгөн адатына салып, Кыргызстанда ызы-чуу чыгарып, революция уюштурганга акча таап келди. Талас менен Нарында бекеринен митингдер баштлаган жок”,- деген сөздөр айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Негизи азыр Кыргызстанда революциялык кырдаал барбы?
- Мен деле Бекназаровдун маектерин окуп жүрөм. Өзүнөн да жолукканда бул тууралуу сурап жатам. Эми, буга чейинки революциялар аргасыздан чыккан окуялар да. Бийлик элди ойлобой калса ушундай окуялар болуп кетет экен. Бирок, минтип эл талабын унуткан бийликти кетиргени жакшы болгону менен, анын жаман жактары да бар. Мисалы, дүйнө коомчулугу жаңы бийликти тааныш үчүн кайрадан легитимдештирүү маселеси өтө кыйын болот экен. Экономика артка кетет. Ошону жакындан билген адам катары да Бекназаров: “Болду, мен мындан ары революциялык жол мене барбайм”,- деп айтат эле жатат го. Мындан ары мыйзамдуу жолдор менен, мисалы ошол эле шайлоо аркылуу эл максатына жетүүнү көздөөрүн сыр кылбай эле, ачык айтканы ошондон. Ал эми Нарын жана Талас жергесинде орун алган митингдер боюнча айтсак, анын тамыры башкада жана ага Бекназаровдун тийешеси жок. Эл электр энергиясынын баасынын тегерегиндеги кызыл кулактыктарга каршылыгын билдирип жатат. Эгерде бийлик башында тургандар энергетикадагы коррупцияны түп-тамыры менен жоюп, ошондон кийин да кырдаал оңолбой жатса, аны элге ачык айтса бир жөн эле. Бирок, энергетикадагы коррупция кыркылбай эле, эскиден ашып түштү го. Министр кылып мурда коррупцияга аралашкан адамды коюп атышса эл огобетер күмөн санайт да. Депутат Дастан Жумабеков өткөн туура маселе көтөрдү: “Тажикстан менен биздин климаттык шартыбыз окшош. Анда эмнеге алардын суусу кемибейт да биздин Токтогулда суу азайып кетет?”- деп. Чындык да, азыр “сууну сатып жатат”,- деген суроону изилдеген эч ким жок. Бийлик кызыкдар болсо муну колго алат эле да. Анан албетте, бийлик өзү ушундай күмөндүү иш-аракет жасап жатса, элдин чыдамы түгөнүп, көчөгө чыгат да. Демек, мунун баарына жалгыз бийлик күнөөлүү. Адатынча бийлик өз кемчилигин көрбөй, муну Бекназаров, Р.Жээнбеков, С.Жапаров, К.Кадыровго шылтап жатат. Оппозицияга каршы илгерки эле ыкмаларды колдонуп атат, дүжүрлөрдү алып келип сүйлөтүп. Мурда Бекназаров камалганда да Акаевдик бийлик Токтогулдан бир үй-бүлөнү алып келип, калптын баарын сүйлөткөн. Кийин баарып калп болуп чыкканда шерменде болушту го. Бүгүн да кудум ошондогудай ыкма менен оппозицияны жаманатты кылып жатышат. Бир эле театрдын артисттери ойноп аткандай түр көрсөтүшүүдө. Андан көрө баарын анализдеп, коомчулук каршы чыгып аткандан кийин, “каерин туура эмес кылдык”,- деп оңолуу жолуна түшпөйбү. А бул жол менен кете берсе тагдыры түшүнүктүү.
- “Бийлик эл менен эсептешпей калды. Тынч митингге чыккандардын үйүнө чейин ар кимди жөнөтүп, айнектерин талкалап, өздөрүн сабап кетип атат. Элдин бийликти куугандан башка аргасы калбай калды”,- деп жатышат. Чынында азыр Кыргызстанда революциялык кырдаал барбы?
- Бир сөз менен айтканда, бийлик өзүнө-өзү көр казып атат. Ушинтип тынч митингге чыгып, талап койгон адамдарды уруп-сабай берсе, эл чыдабай, илгеркидей Талас же Нарындан башталат да баары. Бүгүн бийликке элдин койгон дооматтары көп. Ошол эле банк кутучалары боюнча мисалы. Улутташтырылган объектилердин азыркы бийликте тургандардын жакындарына өтүп кеткени боюнча... Ошол эле свет боюнча айтсак, өйдөдө сөз кылган депутат Д.Жумабеков туура айтты: “Учурунда канчалаган завод-фабрикалар иштеп турчу. Азыр деле элдин саны ошондой эле. Анан кантип электр энергиясы тартыш болуп калат”- деп. Мына сиз революциялык кырдаал тууралуу сурап атасыз. Чындыгында революциялык кырдаалды бийлик өзү түзүп жатат. Ага Бекназаровдун же Улуттук оппозициялык кыймылдын тийешеси жок. Мисалы, Равшан Жээнбековдун интернеттен башчы чыкпайт. Ал мүмкүн араб өлкөлөрүндөгү революциялар интернеттеги “Фейсбук” сыяктуу социалдык түйүндөр аркылуу чыкканын эске алып, атайын ушундай иш алып барып жаткандыр. Бирок, Кыргызстанда алардай мүмкүнчүлүк жок. Айылдарды алып карасак, кайсы интернет, свети араң күйүп турса. Эми биз Р.Жээнбековду жаш, курчтугун эске алып, шайлаганбыз. Бирок, чындыгында эл арасында жакыш иш жүрбөй жатат. Кээде эле билдирүү менен чыгып калышат. Бирок, бул болгону техникалык иш да. Салмактуу, уюштуруучулук иштери көрүнбөйт. А революциялык кырдаалга оппозициянын кереги жок. Эл өзү жасайт. Оппозиция болгону аларды ырааттап туруу менен чектелет.
- Рамазан мырза, коомчулукта дагы деле банк кутучаларынан тартып алынган миллиондордун чуусу түгөнө элек. Жакында эле Темир Сариев президентке кайрылып, “банк кутучалары боюнча дагы эле мени жаманатты кылып жүрүшөт, ушуну изилдеп чекит койбосо болбой калды”,- деди. А бирок, чындык айтылган жок. Сариев менен Бекназаровдун сүйлөшкөнү кайра азыр жайылтылууда. Айтыңызчы, банк кутучаларынан алынган акчалардын чуусу качан бүтөт. Бул багытта Сариев, Бекназаров, Атамбаевдин кандай күнөөсү бар?
- Негизи, мунун баарын Бекназаровго жабыштырып, шылтап койгусу келген бийликти түшүнүш керек. Анткени, алар Азимбек мырзанын дараметин билишет. Акаевге биринчи каршы чыгып, кулатууга чоң салым кошкон Бекназаров болгон. Андан кийин Бакиев келип, баш прокурор болуп турганда бат эле кызматтан алышты. Анткени, Бекназаров Бакиевдердин өзүнө кылмыш ишин козгогону жаткан. Ошол сыңары атамбаевдик бийлик да “өзүбүзгө иш козготуп, балээ кылбасын”,- деп кызматка жолотподу. Атамбаев азыр деле андан коркот. Ошондуктан колунан келишинче жаманатты кылып, коррупционер көрсөткүсү келүүдө.
Бул маселе боюнча парламентте маалымат берип жатып, Салянова ошол убакта баары туура чечилип, бөлүштүрүлгөнүн айтты. Андан кийин Атамбаев өзү маалымат жыйынында Темир Сариевдин күнөөсү жок экенин билдирди. Маселенин дал ушул өңүттө оодарылып, элге жетишине булар кызыкдар да. Ким эле өз айыбын өзү ашкерелесин? Бул акчаларды Убактылуу өкмөт чогуу бөлүштүргөн. Ар биринин аракетине баа бериш керек. Кызыгып көрсөм, азыркы бийлик айта албай турган дагы башка да нерселер бар экен. Мисалы, банк кутучаларынан алынган акчалардан КСДП жана “Ата-Мекен” партияларына да бөлүнүптүр. Башкача айтканда, алар ушул акчаларды колдонуп, шайлоого барган. Бийлик партияларынын буга кандай акысы бар экен? Отунбаева ошол кезде президент болчу, өз партиясына тонолгон акчадан бөлүп, парламентке сүйрөп келгени үчүн жоопкерчилик тартышы зарыл. Эмнеге ушул маселени эч ким айтпайт? Сөз болуп жаткан 20 миллион доллар акчадан сырткары да бир топ каражаттардын изи жок. Мисалы, АУБдагы Максим Бакиев менен Наделдин акчаларынан дайын жок. Алар же акчасын чыгарып кеткенге үлгүрдүбү? Чыгарып кетсе ага мүмкүнчүлүк берген ким? Чыгарбаса аны ким чөнтөктөп алды? Башкы прокуратура элдин башын айланткан ар түрдүү билдирүүлөрдү жасаганды коюп, ушул маселелерди иликтебейби?
(Уландысы кийинки санда)
Маектешкен
Аэлита Сатындиева
Булак: "Майдан.kg" гезити, №02 (179), 21.01. 2015-ж