Бишкек, "Саясат.kg". Коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү А.Бекназаровдун кайрылуусунун бул бөлүгүндө Кыргызстанга кандай улуттук саясат керектиги сүрөттөлөт, эмнеге биздин президенттердин Путин же Эрдогандай боло албай жатканына саресеп салат.

 

 

1. Бүгүнкү аалам саясатында Кыргызстан кандай жолду тандашы керек?

 

Адамзаты пайда болгондон ушул күнгө чейин дүйнөнү өзгөрткөндөр да, элди улут кылып же улутту курут кылган да, мамлекетти жараткандар да, кыйраткандар да адамзаттын өзү, тагыраак айтканда, адамдан чыккан улуу инсандар, ойчул акылмандар, баатырлар. Ар бир доордун дүйнөнү өзгөрткөн адамзатынын тарыхын жаңылаган чыгаандар болот. Ар бир элдин мамлекетин түзгөн, ал түгүл өз элин жок кылган чыккынчылары же жаңы улутту түзгөн тарыхый баатырлары бар. Мисалга, алыс кетпей азыркы дүйнө элдеринин “жандармериясына” айланган Америка Кошмо Штатын кимдер, кантип, качан жаратканын, ал жердеги түпкүлүктүү элдин аянычтуу тагдырын айтсак, же жер шаарындагы кылымдардан бери калыптанган жеке менчикке негизделген капиталисттик системага чакырык таштап, жаңы коомдун, мамлекеттин, жамааттык менчикке негизденген социалисттик сстеманы жаратышкан, дүйнөгө өзгөртүү жасашкан коммунисттер жана алар башында турган СССРдин кантип, качан пайда болгону, качан кыйраганын алсак эле жетиштүү болот.

 

СССРдин кыйрашы менен дүйнөгө жалгыз үстөмдүк кыла баштаган АКШнын дүйнөлүк саясаты Россия Федерациясынын башына В.Путиндин келиши менен аалам саясаты кескин өзгөрүлдү. Кайрадан дүйнө элдерин бөлүп жаруу, өз тарабына тартуу, өз таасиринде кармоо, куралдануу, экономикалык, идеологиялык, айрыкча информациялык согуш 2014-ж. ачыкка чыгып, туу чокусуна жетти. Бул саясаттын жалпы адамзаты үчүн туура же туура эместигин, ким жеңери жөнүндө тарых өз баасын берет дечи, менин айтайын дегеним, бүгүн аалам саясатынын өзгөрүлүп, батыш менен чыгыш тирешип, АКШ менен Россия куралдануу боюнча гонкада баратканда кимдин ким экени, кайсы өлкөнүн башчысы көсөм-көрөгөчтүк кылып, өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын сактап, бекемдеп, элинин турмушун жеңилдетип, өлкөсүн, элин жоготпой, кайсы бир өлкөнүн эшигин сагалатпай, туура жолду тандап алганы билинүүдө.

Мен эмне үчүн Путинди айтып жатам, анткени, ал менин жеке пикиримде Россиянын президенти гана эмес, Россиядагы баардык саясий партиялардын “генералдык секретары”, Россиядагы баардык элдердин жол башчысы, атасы боло алды. Россияда мындай элдик сүйүү урматка өз учурунда И.Сталин гана жетишкен. Путин тамтыгы чыгып таркап кеткен СССРдин курамындагы РСФСРдин ордуна жаңы Россия Федерациясын дүйнөлүк супердержавага айлантты, жаңы Россия элин жалпы россиялык күчтүү улуттук саясатты, экономиканы, күчтүү армия, маданият, илим, спорт түздү. Ага 14 жылдык талбаган туруктуу эмгегин жумшады, ал оңго, солго чайпалбады. Мындай ийгиликке Путндин өз улутун, анын тилин, динин, тарыхын, маданиятын сүйгөндүгү, күчтүү кадрларды тандоосу, саясаттагы үзөңгүлөштөрүн, командасын урматташы, сатпагандыгы менен жетишти. Ал орус жана совет элинин тарыхый улуу мурастарын унутпады, жектебеди, тескерисинче, аларга эстеликтерди курду. Ал ачыктан-ачык ким Россияда иштегиси, жашагысы келсе, орус тилинен экзамен берип, анан иштесин, жашасын деп, орусташтыруу саясатын ачык жүргүздүүдө. Патриарх Кириллге Россиядагы эң чоң даражалуу беш адамдын бири катары расмий жыйындарда премьер-министрдин жанынан орун берилди, бул орус элинин динин да мамлекеттик деңгээлде кам көргөндүк, көтөргөндүк. Ар бир чет элдеги орус элин коргоо мамлекеттин тышкы саясатындагы приоритеттүү багытка айланды. Ошентип, Путин самодержавалык, великоросстук саясатты жүргүзүп, Россияда либералдык эмес мобилизацияланган экономикалык саясатты, адам укугу эмес, улуттун укугу жогору коюлган, улуттун саясаты, батыштын демократиясы эмес, орус элинин кулк мүнөзүнө шайкеш келген демократияны тандаганы үчүн элдин колдоосуна алынды. Аны Россияда эч ким “улутчул”, “диктатор” деп айыптап жаткан жери жок. Жыйынтыктап айтканда, Путин улуу орус элин кайра жаратты, бириктирди, патриоттук дух берди.

 

Экинчи бир улуу инсан, Туркиянын бүгүнкү президенти Р.Т.Эрдоган жалпы түрк тилдүү элдердин лидерине айланды десем жаңылышпайм. Эгерде Кемал Ататүрк азыркы Турция мамлекетин Саясий жактан түптөсө, Р.Т.Эрдоган Турция элин жакырчылыктан алып чыгып, Туркияны дүйнөдөгү күчтүү он өлкөнүн бирине айлантты. Мындай ийгиликке ал Путин сыяктуу эле улутчулдук, өз элин, анын тилин, динин, маданиятын, тарыхын чексиз сүйгөндүгү, өз улутунун кызыкчылыгы үчүн көз карандысыз, эгемендүү тышкы саясат жүргүзгөнү менен жетишти. Евросоюзга мүчө болуш үчүн элинин дин болгон салттуу мусулманчылыктан баш тарткан жок, өзү эл катары мечитке барып, намаз окуйт (биздин депутаттарга окшоп, иштеген жерин намазканага айлантпайт), же коңшуларына окшоп түрк элин “сакалчандарга” бастырып, радикалдык исламчыл кылып, ислам согушуна жол берген жок. Батыштын гендердик саясатын “биздин аялдар жаратылыштын мыйзамы менен жашайт” деп жолотподу, батыштын демократиясын өз элине ылайыктап кабыл алды, Түркияда мамлекеттик тил катары бир гана түрк тили сүйлөнөрүн, улутук дин катары ислам дини эсептелерин, дүкөн-базарларында түрк лирасы, түрк товарлары сатыларын реалдуу камсыз кылды. Түркиянын тарыхын, маданиятын, спортун, каада-салтын, түрк тилин дүйнөгө даңазалоодо. КМШ өлкөлөрүнүн түрк тилдүү тектеш элдерди бир тууган катары эсептеди. Жардамдарды берүүдө КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин эң аксакалы болгон Казакстандын президенти Н.Назарбаев Россиянын колтугунда жайгашканына байланыштуу, Россиядан алыстай албаганы менен эгемен доорунда өтө кыйдылык, куулук, өзүмчүлдүк маанайдагы ички, тышкы саясатын жүргүзүп, борбор калааны Астанага жылдырып, көсөмдүк кылды. Кыргызстандын президенттеринин (Акаев, Бакиев) патриоттук сезимдеринин жоктугунан Кыргызстандын эле Каркыра, Маймак ж.б. жерлерин алып, Казакстандын аймагын кеңейтти. Хан-Теңгринин чокусунан бөлүп алды, Ысык-Көлдүн жээгиндеги бир нече пансионатты менчиктеди. Жада калса Токмоктун тушунан “бир тууган” кыргыз элинин айлампа стратегиялык жолунан 12 га жерди да короологондон уялбады. Акаевдин мезгилинде Кыргызстандын ишкана-мекемелерин, кен байлыктар чыккан жерлерди, Ысык-Көлдүн жээгинен жер участокторун алуу боюнча атайын саясат жүргүзүп, “инсвесторлорун”  жиберип, бир топ участок объектилерге ээ болду. Кыргызстандан бир нерсе алганда “бир туугандарча” баалашып (мисалы, электр энергиясын 1,6 сомго алган, КЦШКны, көл жээгиндеги төрт пансионатты бекер алды, ошол эле учурда Кенесанаркайдагы Кыргызстандын короо-сарайларынын эски шиферин да берген жок. “Бир тууган” элге кыйынчылык түшкөндө чек арасын бекитмей, (2010-ж.) кыргыз бизнесмендерин кармоо, товарларын конфискациялоо адатка айланса, быйыл бизге берилген токтун баасы да бир тууганча болбой калды). Азыр эл аралык маселелерди чечүүгө чоң салым кошууда.

 

Кыргыз элине таандык айрым тарыхты, маданиятты, салтты, башка дөөлөттөрдү казакташтырып да жатат. Жаңы жылдын алдында Казакстанды жаңы тепкичтерге көтөрүү боюнча жаңы иш программа кабыл алды. Бали Нураке, өз улутуңуздун чыныгы азаматысыз!

 

Ал эми өз элинин менталитетине, мүнөзүнө жараша катуу ички, тышкы саясат жүргүзүп, бүгүн Өзбекстанды толук кандуу эгемендүү, көз карандысыз өлкөгө айлантуу үчүн “нейтралитет” жолду тандаган Өзбекстандын президенти И.Каримов “Орто Азия өлкөлөрүнүн мыктысы” десек жаңылбайбыз. Кыргызстандын президенттеринин туруксуз тышкы саясатына карабай, дини, тили, мазары, базары, тарыхы бир эки элдин кызыкчылыгы үчүн, Кыргызстанга кыйынчылык түшкөндө (2010-ж. июнь) сепаратист өзбектерге жан тартпай, улуу саясатчы экенин тастыктап, жалпы региондун (Фергана өрөөнү боюнча жаңжал болмок) тынчтыгын камсыз кылганга эбегейсиз салым кошту. Айрым президенттерге окшоп Кыргызстанды сепаратист өзбектерге өзбек катары жан тартып болушканда, июнь окуясы эмне менен аяктарын бир кудай өзү билет эле. 2010-жылы июнь окуясын тез арада өчүрүүгө Каримовдун салымы чоң. “Кыргызгазды” орустарга 1 долларга сатып жиберип, анан кайра Каримовду сөккөнүбүзгө кээде уялып кетесиң. Эмне дегенде, түштүк жергесин газ менен камсыз кылуу “Кыргызгазды” сатып алган орустардын “Газпромуна” жүктөлөт, алар Өзбекстан менен жаңы келишим түзүү керек, жаңы аларман менен соода-сатык кылабы же кылбайбы, ал Өзбекстандын жеке эгемендүү укугу, кыргыз бийлиги “Кыргызгазды” сатаарда ушунун баарын тактап, эске алып сатыш керек эле.

 

Өзбекстандын президенти Каримовдун дагы бир көсөмдүк сапаты кечээ жакында Россиянын президенти Путин өзү Өзбекстанга атайын расмий иш сапар менен келип, карызын кечип, суранса да, “Бажы Союзуна кирем” - деп убада бербегени болду. Каримовдун бул кадамы Өзбекстанды бир эле Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен да тең ата байланышта болуп, эч кимдин көзүн карабай эркин тышкы экономикалык саясатты жүргүзүүнү көздөгөнүнүн далили болду.

Эмне үчүн үч кылымдан бери бийликке бирде демократтар, бирде республикачылар келсе да, АКШнын саясий режими, экономикасы, тышкы саясаты өзгөрбөйт, өсүп өнүгө берет? Бийликке келген партия же президент АКШнын Конституциясын өзгөртөм дебейт? Анткени, АКШнын туруктуулугу, күчтүүлүгү АКШнын президенттеринде эмес, мамлекеттин түзүлүшүндө, саясий системасында. АКШны мамлекет катары түзүүчүлөр болгон “негиздөөчү-аталары” Американы басып алган ар түрдүү улуттагы “колонизаторлордун” үнүн угуп, бир келишимге келип, адам укугунун, мыйзамдын үстөмдүгүн, сот системасынын кол тийбес көз карандысыздыгын, анын чечимине баш ийүүнү, өздөрү түзүп жаткан мамлекеттин эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы, АКШнын Конституциясы баарынан бийик, кымбат, баалуу дөөлөт болсун деп биротоло бекитишип, аны бузбай муундан-муунга өткөрүү, улуттун кызыкчылыгы болуп калган. Мыйзам бузуу, соттун ишине кийлигишүү, АКШнын кызыкчылыгына чыккынчылык кылуу, АКШнын президенти, конгрессмен, сенаторлору, чиновниктери, бизнесмендери, жалпы эли үчүн кылымдардан бери өзгөчө оор кылмыш экени, АКШнын эли үчүн улуу тарыхый, саясый документтер гана эмес – улуу АКШ элинин айныгыс салты болуп калгандыгында турат.

 

Урматтуу кыргыз калкым!

Бул жалпы адамзатына белгилүү нерселерди эмне үчүн айтып жатам? Бул белгилүү нерселерди айтуу менен бүгүнкү аалам саясатында Кыргызстанга кандай мамлекет, кандай саясат керектигине жооп издедим. Биз, кыргыздар эгемендүүлүк алып, БУУнун толук кандуу мүчөсү болгонубузга 25 жыл болсо да, улут катары, мамлекет катары өз жолубузду таба албай жатканыбызды айрым президенттер, мамлекеттер аркылуу образдуу, салыштырмалуу түрдө эсиңерге салгым келди. 2005-ж. март революциясынан кийин К.Бакиевге: “Курманбек Салиевич, кудай жар болуп, пешенеңизге кыргыздын башчылыгы буюрган экен. Кыргыз эли үчүн тарыхта кала турган реформаларды жасаңыз, Кемал Ататүрк катары туура жолду таап, кыргыз мамлекетүүлүгүнө бекем, түбөлүктүү фундамент куруңуз, мындай тагдыр ар бир адамга келе бербейт, мүмкүнчүлүгүңүздү кетирбеңиз” – дедим эле.

 

Бакиев Акаевдин жолу менен кетип, “Конституция эң сонун экен, өзгөртүүнүн кереги жок” – деп, мамлекеттик бийлигин инилери менен уулдарына тарттырып жибергенде азыркы Президент Атамбаев экөөбүз: “Бакиев ушундай шансты кетирди, аттиң, эми болбой калды го..,  эми бир шанс келсе өзүбүз жасайлы” деп нечен жолу сүйлөштүк эле.

 

“Биз бирге өзгөртөбүз” деген лозунг менен Текебаев ж.б. болуп БЭКти түзүп, Бириккен оппозициядан Атамбаевди жалгыз Президенттикке талапкер кылып чуркадык.

 

Атамбаевдин да пешенесинде бар экен, мына үч жылдан бери президент, а реалдуу түрдө 2010-ж. апрель айынан бери өлкө башчысы. Бүгүн эмне өзгөрүлдү деп ойлоно турган мезгил келди. Жакында бир досум: “...Азике, 2010-ж. Бакиевдер электр энергиянын баасын көтөргөндө, бул туура эмес деп Апрель революциясы болбоду беле, эми Атамбаев көтөрүп койду, айырмасы эмне?” – деп маселени кабыргасынан койду. Мен досума: “...Айырмасы көп, биринчиден, азыркы электр энергия баасынын кымбатташына мыйзам боюнча Атамбаев күнөөлүү эмес, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт күнөөлүү, чарбалык ишке азыркы президенттин эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт иштебей койсо да, Президент аларды таркатканга, отставкага кетиргенге (жазалаганга) Конституция боюнча укугу жок, анан аргасы жок кымбат болсо да, электр энергиясын таап келди. Үчүнчүдөн, Назарбаев электр энергиясын кымбат бергени үчүн аргасыз анын баасын көтөрүүгө мажбур болду, бирок, бул убактылуу болуш керек. Энергетикалык тартыштык чечилсе, светтин баасы ордуна келиш керек, анткени, бизде токтун өздүк наркы төмөн. Төртүнчүдөн, Бакиевдердин убагында кымбаттаган токтун баасы Максимдин жеке чөнтөгүнө кетмек, себеби, алар “Северэлектро”, “Востокэлектрону” менчиктештирип, анан бааны  2010-ж. июнь айынан 5 эсеге кымбаттаткан чечимди 2010-жылдын март айында кабыл алган. Биз, Убактылуу Өкмөт, аны жокко чыгардык, кайра улутташтырдык, азыр ток кымбаттаганы менен акча мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Казакстанга төлөнүп жатпайбы” – деп досума туура түшүндүрдүм. Ал туура түшүндү, бирок, “досуңду коргоп жатасың” деп күлдү. Чындыгында, коргогондой эле болдум, себеби, “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, “Камбар-Ата” ГЭСи, Батукаев маселеси, оппозицияны куугунтуктоо, Конституциялык реформалардын жүрбөй жатканы, мурдагы эле чиновниктер партияларынын аттарын алмаштырып жүрүшкөнү, ж.б. маселелер мурдагы эле доорду элестетет. Азыркы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укугу чектелүү экенин карапайым эл түшүнбөйт.

 

Бүгүн АКШ менен Россия ортосунда кайрадан дүйнөнү “бөлүшүрүү” саясаты күчүндө турганда бизге окшогон жаш, жаңы өлкөлөр кандай саясий жолду тандоосу керек? Адамзаттын тарыхы далилдегендей, күчтүү мамлекет куруу үчүн албетте күчтүү улут же тескерисинче, күчтүү улутту жаратуу үчүн күчтүү мамлекет керек. Кайсы бир мамлекеттин же улуттун жок болушу сырткы күчтөргө караганда мамлекеттик түзүлүштүн ички бутактарынын алсыздыгына же улуттун ички ынтымагы, духу жоктугуна, тилинин, дининин бузулушуна байланыштуу экени тарыхтан белгилүү.

Алыс кетпей эле Ельцин менен Акаевдин саясатын эсиңерге салайын: Ельцин да, Акаев да Россия менен Кыргызстанды кайра жаратуу саясаттарын 1990-жылдан кийин Батыштан келген демократиядан, адам укугунан, либералдык экономикадан, гумандуулук иллюзиялардан, мамлекеттик объектилерди  менчиктештирүүдөн баштаган, болгондо да, Батыштын акылы (көрсөтмөсү), акчасы менен, айрыкча, Кыргызстан. Жыйынтык эмне болду? 2000-жылга чейин Россияда башаламандык, экономикалык хаос, олигархтардын пайда болушу, мамлекеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун, тартиптин жоктугу болду. Б.Ельцин көрөгөчтүк кылып, Россия чачылып баратканын байкап, өзүнүн тарыхый миссиясы аяктаганын сезип, өзүнө мураскор издеди. Болгондо да, мамлекетчил, мыйзамчыл, улутчул, каттуу адам издеди, акыры тапты. Ельцин Россияны Путинге өткөрүп берди. Путинге чачылып бараткан Россияны экономикалык, саясий, моралдык, укуктук, духовно-маданий жактан бириктирип, улутту кайра жаратуу үчүн 14 жыл керек болду.

 

Ал эми, Акаев Ельцинден айырмаланып, тарыхый миссиясы аяктаганын сезбей, мамлекеттик бийликти узартып, аны аялына, балдыз, кыздарына башкартты, түбөлүк бийликте калгысы келди. Кыргызстанда экономика таптакыр кыйрады... Батыш Акаевге Кыргызстанды таптакыр жок кылуу үчүн саясий шарттарда инвестиция, кредит беришти, кеңешчилерди жиберишти. Советтер союзу аныктап берген Кыргызстандын аймагынын кол тийбестигин да бузду. Кыргызстанда сатылбаган нерсе калбады. Мурда кыргыздар орус империясына, анан коммунисттик Россияга баш ийсек, эгемендүүлүк мезгилинде Акаев, Кыргызстанды “жалпынын үйү” кылууга саясат жүргүздү. Улутту кайра жаратуу, өнүктүрүү үчүн башка элден келген демократиядан, адам укугунан, көп партиялуулуктан, экономиканы менчиктештирүүдөн, либералдаштыруудан же кредит, инвестициядан эмес, улутун аң сезимин, духун көтөрүүдөн, улуттун түпкү тарыхын, маданиятын, тилин, дилин аңдап таануу, аны сүйүү менен мезгилге ылайык жаңылоодон, ар бир улуттун мүчөсүнүн психологиясына “мен кыргызмын, бабам Манас, жерим Ала-Тоо болгон үчүн сыймыктанам” – деген максаттуу, таасирлүү саясаттан баштоо керектигин ал жеткире түшүнбөдү. Кыргызстандын сатылып, чачылып баратканын сезген бүркүт же карышкыр мүнөздүү, эркиндикти сүйгөн, эч кимге баш ийип жүгүнүп көрбөгөн, соода-сатыкты билбеген чыныгы кыргыздар бир эмес эки революция жасады, бийликти эки жолу алмаштырды, бирок, эмне менен бүттү, баягылар эле, баягы эле турмуш, эч нерсе өзгөрүлбөдү, мунун сыры эмнеде?

 

Урматтуу кыргыз калкым, бүгүн биз үчүнчү жолу бийликти алмаштырууну ойлогондон мурда, оболу ушул суроого так, туура жоопту таап, кыргыз улуту үчүн бир күчкө биригип, туура жолду аныктап, анан ошого жараша улутту сактап, кайра жарата турган заман, өлкө, бийлик, турмуш куруу үчүн саясий күрөшкө чыкпасак, туура жолду таппай, ага жалпы эл ынанбай туруп он революция жасасак да, эч майнап чыкпайт. Мен ушундай жыйынтыкка келдим. Андай жол катары Путиндин, Эрдогандын жүргүзгөн саясаттарын айттым, Ельцин Акаев саясаттарын образдуу салыштырып бердим. Түшүнүктүү эле болду го дейм...

 

Туура жолду табууну биз ата-бабаларыбыз жаратып кеткен кыргыз тарыхын таануудан, өзүбүздүн тарых – бул кыргыз улутуна байланыштуу байыркы кыргыздардын жана советтик кыргыздардын доорунун тарыхтары. Өзүбүз дегеним, ал азыркы кыргыз мамлекети, улуттук тили, дини, саясий партиялары, саясатыбыз, маданиятыбыз... анда баштайлы...

 

(Уландысы бар)

Азимбек Бекназаров