Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2861

Документалдуу баяндын толук версиясы

 

“Эрки күчтүү элибиздин эртеңи, эч кимди кайдыгер калтырбашы керек”

Садыр Жапаров

 

Кириш сөз

 

Бул китепти жазардын алды көпкө  ойлонуп, тараза ташка салдым окшойт. Саясий тарых сүртүмүндөгү чындык камтылган 10 жылдык окуяны ичке батырып, ага баа бербей коюш эч мүмкүн эмес эле. Ошол кездеги ачык жазылып, басма сөздө жарыя болуп жаткан маалыматтарга, саясий процесстерге же саясий окуяларга катышкан, көргөн адамдардын айткандарына таянып, өз шилтемеме, ой толгоомо салып, талкуу иретинде эле жазып койсом болмок. Ачыгын айтайын, канча бир уйкусуз түндөрдү баштан кечирдим. Өзүм күбө болуп, баштан өткөргөн нечен бир ачуу окуяларды кайрадан ийне-жибине чейин талдап, саясий көшөгөнүн артындагы чындыкты, далилдер менен фактыларды келечек муунга, саясий сабак катары калтырууну туура таптым. Кыргызстандын 2005-жылдан берки саясатындагы өзүм күбө болуп катышкан, ар бир саясий чындыкты жазып, тагыраак айтканда, «Кайсы саясатчы чындап мамлекетке күйөт, кайсы саясатчы  өз чөнтөгү үчүн иштейт, кайсы саясатчы мамлекеттин мүлкүн уурдады, кайсы саясатчы мамлекетти өнүктүрүп кетүүгө өз салымын кошо алат, кайсы саясатчы көр оокаттын кулу» жана ушул сыяктуу кызыктуу саясый окуяларды бурмалабастан так жана даана чагылдырып, саясий каармандын өз атын атап, ар бир окуянын жүрүшүн кеңири баяндаганга аракет кылдым.


Үстүртөн эле жазып койсом же каармандардын аттарын бурмалап атап кетсем, окурмандар көп китептердин эле бири болуптур деген ойго келеби  дедим. Дагы бир кайталайын, келечек муунга саясий тарбия болсун үчүн бел байладым. Бул чынында өзүнчө түйшүк экен. Өзгөчө бүгүнкү күндө көздөрү тирүү, али да саясий аренада абройлуу, көптөрү өзүмдүн саясаттагы үзөңгүлөш досторум болгон адамдардын аттарын атап, аларга жакпаган фактыларды ачыкка алып чыгуу, мен үчүн оор болду. Балким, өтө майдаланып кетиптир деген замандаштарыбыз да чыгышы мүмкүн. “Бир тамчыда океан бата турган чындык бар” дегендей, убакыт өткөндөн кийин майда нерселер да, ал окуяларга өз баасын берип коёт экен.


Кийинки убакта кандай гана маселе көтөрүп чыкпайын, айрым коомдогу каршылаштарым, “Мурда кайда жүрдүң эле?” деген суроону көп берип, доомат  коюшат. Мындан тышкары, “Ата-Журт” партиясын колдогон шайлоочуларыбыз нааразы болушуп, “Силерге ишенип, парламенттик шайлоодо добуш бердик. Биздин колдообуз менен биринчиликти алдыңар. Эмне үчүн колуңарга берген бийликти алдырып жибердиңер? Эмнеге мамлекеттин алдыга жылышына салым кошо албадыңар? Буга ким күнөөлүү?” деген ачуу сындарын да көп уктум. Ошол себептен, бул документалдуу баянды, бир чети отчёт катарында кабыл алып, ошол кабыргалуу суроолорго жооп болсун дедим.
Грек акылмандарынан калган "Платон мне друг, но истина дороже"  деген сөз бар. Анын сыңарындай дос, тууган, тааныш экендерине карабастан, мамлекеттин бүгүнкү кыйын кырдаалга келип такалышына кимдердин салымы бар болсо, ачык жаздым. Эртедир-кечтир, мындай чындык чыгышы керек деп эсептейм.


Ансыз да ушул тапта саясаттагы душмандарым чачымдан көп. Анткени, алардын көбүнүн коррупциясын ачып, кемчиликтерин бетине айткан учурларым болгон. Бул китеп жарык көрөрү менен алар эки эсе көбөйөрү да анык. Азыркы жаңы чыгып келе жаткан жаш саясатчыларга бул сүртүмдөр сабак болушу керек. Анткени, ар бир саясатчы бүгүнкү саясаттагы жасаган кыңыр иши ушинтип, эртедир-кечтир ачыкка чыгарын билишсин. Бекер жеринен элибиз, “кыңыр иш кырк жыл өтсө да ачыкка чыгат” деп айтышпаганын эстеринен чыгарбай жүрүшсүн. Ошондуктан, “мамлекет үчүн кызмат кыламын” деп бүгүнкү күндө жумурай журттун алдына чыгып, жалындуу сөздөрдү сүйлөп, мамлекетибиздеги болуп жаткан коррупцияга каршы ачкачылык жарыялап, саясатта жүргөн жаштарыбыз элге-журтка чынчылдык, адилеттүүлүк, калыстык менен кызмат кылууга үйрөнүп, байлыктын же бийликтин кызыкчылыгына сатылбастан, “эл үчүн таза иштейм” деген ниеттеринен кайтышпаса деген үмүтүм зор.

 

2005-жылдагы тарыхый ак тактар


2005-жыл. Февраль айы. Кыштын кыраан чилдеси. Балким, эсиңиздедир, ошол жылы кыш жалпы эле Кыргызстан боюнча демейдегиден суук, каардуу болгон. Бул да болсо, табияттын быйыл башкача жыл болот деген эскертүүсү экен. Тилекке каршы, аны адамдар учурунда түшүнбөптүрбүз. Жалпы республика бир мандаттуу 75 шайлоо округуна бөлүнүп, 28-февраль күнкү Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп, коомчулук шайлоого баш оту менен сүңгүй кирип, саясый жүрүштөр бийликти апаатка түртүп аткандай абалдын башталышы эле.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди койгон №71чи Түп шайлоо округунан 12 талапкер чыкты. Биз дагы күн-түн дебей жүгүрүп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, бар аракетибизди көрүүдөбүз. Мени алдыда татаал саясий күрөштөр күтүп турганын жон терим менен сезип турдум. Жаздоо менен элеттиктер кам уруп, саясаттын кай жакка баратканын сезбей жаткан күндөрдүн биринде, тактап айтканда, 19-февраль күнү Акаевдик бийлик менин талапкерлигимди шайлоо жарышынан алып  салды. Учурун өткөрбөй, бир чындыкты айта кетейин. 10 миңге жакын тарапташым нааразы болушуп, эл көчөгө чыгып, Түп-Кеген жолун жаап салышты. Мен муну чынында эч күткөн эмесмин. 10 миңдей адамды көрүп, өз тагдырыма, эл тагдырына жүрөк чымырап кетти. Элдин жаалы катуу экен, Түп-Кеген жолу чычкан өткүс болуп жабылды. Эл, “Бийлик талабыбызды аткармайын, ордубуздан жылбайбыз. Жолду ачпайбыз” деген чечим  кабыл алышты. Аларга менин да сөзүм өтпөй  калды. “Садыр, сен штабыңда отура бер. Эми бийлик менен сүйлөшүштү бизге кой. Кийлигишпе” дешти. Менде алардын шартына  макул болгондон башка арга калбады. Эртеси күнү Бишкектен жубайым балдарымды алып, айылга келе жаткан эле. Жол жабылган жерге жеткенде, -Мен Садыр Жапаровдун жубайы болот элем. Өткөрүп койгулачы, балдарым менен кыйналып келе жаттым эле,- десе эл, - Садыр Жапаров эмес, андан чоңдун аялы болсоң да, өткөрө албайбыз,- деп өткөрбөй коюшуп, жубайым бир баламды көтөрүп, эки баламды жетелеп алып, жөө Түпкө келди. Мына ушул кичинекей турмуштук эпизод ошол учурдагы элдин чыныгы күрөшчүлдүгүн далилдеп турат. 21-февраль күнү эртең менен мен олтурган штабга, демократ Топчубек Тургуналиев агабыз келип, - Мени Бакиев менен Атамбаев жиберди. Бекем турсун дешти. Жакында жалпы республика боюнча нааразычылык акциялар башталат. Акаевди сүрүп түшөбүз,- деп дүпүлдөп сүйлөп, менин колумду кысып, кетип калды. Көп убакыт өтпөй эле Жеңиш деген жакын досум келип,- Эл Топчукенин машинасын да өткөрбөй жатышат. Сени элге бир ооз айтып койсунчу дейт,- деди. -Эл менен акылдашалы. Алар кандай чечим чыгарат, мен айта албайм,- дедим.  Митинг болуп жаткан жерге барсам, Т.Тургуналиевди эл араң дегенде өткөрүшүптүр.

 

***
22-февраль.Түн бир оокум. Жол жабылган жерге келдим. Жол тоскондор өздөрүнчө тартип кабыл алышып, түнкүсүн кезектешип турмайга өтүшүп, көбү үйлөрүнө кетип, дежурлукта калганы боз үй, палаткаларда, ал жакка батпагандары ар кайсы жерде, кардын үстүндө уктап жатышкан экен. Бул көрүнүштү көрүп, карапайым элге боорум ооруп кетти. Бир чети алардын эркине баа бердим. Ичимен чыйрала түштүм. Обочодо жүздөй жаш балдар, машинанын дөңгөлөктөрүн жагып, жылынып олтурушат (видео архив бар).


Машинадан түшүп, кардын үстүндө чапанын бекем кымтып, бүрүшүп уктап жаткан апаны көрүп, тык токтой калдым. Көз алдыма апам келе түштү. Түз эле жанына басып бардым. Жаш курагы 60 тан ашып калгандай көрүндү. Жаткан жериндеги кар ээрип, кара жер көрүнөйүн деп калган экен. Дароо ойготтум. - Апа, туруңуз, суук тийип калат. Үшүп калыпсыз. Сизди кантип ушул муздак жерге жаткызам?, - деп, бат-бат сүйлөп жибердим. Апа башын көтөрүп,  - Аа, Садыр, сен белең. Бир аздан кийин таң атат, ага чейин чыдаймын балам. Сендей азаматтарды коргоп алабыз, - деп кайра кардан жасап алган жаздыгына башын коюп жатып алды. Акыйкат деп кардын үстүндө бүрүшүп жаткан апаны, ой-санаасы жок дөңгөлөк жаккан балдарды көрүп, ушундай эрки күчтүү элимдин бардыгына сыймыктанып, көзүм жашка толуп кетти. Бирок, ал көз жашты эч кимге билгизген жокмун. Азыр ойлоп көрсөм, ошол көрүнүш мага саясатта он жылдык дем-күч берген экен.


Элдин мындай биримдиги, бийликтин адилетсиз мамилесине болгон каршылыгы бир эле Түптө эмес, бүт республиканын аймагында от болуп күйүп турду. Муну ошол кездеги көздөрүн май басып калган акаевдик бийлик гана түшүнгөн жок. Кыргыз  элинин канындагы эркиндикти, калыстыкты, адилеттүүлүктү колдогон касиетин керек болсо, бүгүнкү бийлик да, түшүнбөй келе жатат. Эсиңиздерде болсо керек, Акаев үй-бүлөлүк бийликти орнотуш үчүн ачыктан ачык эле киришип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына баласы, кызы, балдыздары, ага-инилери, деги эле баш көтөргөн жакын туугандары бүт кандидаттыктарын коюшуп, атаандаштарын сот менен, шайлоо комиссиясы менен алдырышып, өзгөчө ашынып кетишкен эле. Муну көрүп турган элдин кыжыры кайнап, тескерисинче, бийлик жактырбаган кандидаттарды колдоого өтүшкөн. Мындай элди көзүнө илбей, эсирүүнүн этеги эмне менен бүткөнү баарыбызга белгилүү.

 

* * *
23-февраль. Сууктун мизи кайтып калгандай. Бийликтин жакын адамы Токон Шайлиева телефон чалып, - Жолугушалы, мага келип кете аласызбы?,- деди. Ошол убакта губернатор эле. Көптөрдүн эсинде болсо керек. Токон Шайлиева Акаевдин, өзгөчө Майрам  Акаеванын эң жакын адамы катары айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылган учуру. Өзү да анча-мынчаларды көзүнө илбей, өкүм сүйлөп, дүпүлдөп түрган чагы. Кейпи, Акаевге “шайлоону сиз каалагандай өткөзүп берем” деп убада берсе керек. Жаңы келгенде тим эле баарын кууруп, чамгарактоочу. Анын чамгарактаганынан элдин сүрү күчтүү болуп, кантсе да көптү көргөн киши эмес беле.  Облустагы бийлик башында түрган адам катары сыйлап макул болуп, Каракол шаарына бардым. Кабинетинде бир тууган агам Сабыр үчөөбүз сүйлөшүп олтурсак, ачык эле айтты, - Сен талапкерлигиңди ал, Түптөн Акаевдин балдызы өтүш керек,- деди. - Жок эже, элдин ишеничин тепселеп басып кете албайм. Сиз шайлоого калыс караңыз. Эл чечсин. Эл шайласа, өтсүн,- дедим. -Анда сен, Караколдон талапкерлигиңди алып кой,- деп бир тууган агама кайрылды. Көрсө, Шайлиеванын планы боюнча Караколдон Эркинбек Алымбеков же Догдуркүл Кендирбаева  депутат болуш  керек экен. Агам, - Эжеке, мен да  ала албаймын, элдин, жактоочуларымдын ишеничин кантип таштап кетип калам?, - деди. Анткени, шайлоо аяктап калган эле (кийинчерээк баары бир Каракол шайлоо округу  боюнча  Шайлиева өз  максатына жетти). Агам Сабыр жеңип чыкканына карабастан, губернатор күчкө  салып, шайлоо участокторунда протоколдорду  жасап, Э.Алымбековду өткөрүп койду.А. Акаев качып кеткенден кийин агамдын шайлоочулары сот аркылуу мандат алып беребиз дешип, сотко камынып калышты. Анткени, ал убакта сот, көз ачып-жумганча чечим чыгарып бермек. Видео тасмалар жетиштүү эле. Мындан сырткары, "Алга, Кыргызстан" партиясынан депутат болгондордун  соттон утуп алуу  мүмкүнчүлүктөрү  жокко эсе болчу. Бирок, атабыз Нуркожо ажы баарыбызды чогултуп алып, - Балдарым, бирөөңөр депутат болдуңар, ушул үчүн Аллага шүгүр дегиле. Э.Алымбеков жетим жүрүп, жетилген бала экен. Үч жолу депутаттыкка коюп, өтпөй келген экен. Ал деле депутат болсун, тим койгула, - деди. Биз үчүн атабыздын сөзү мыйзам эле. Кийин Э.Алымбеков бул окуяны угуп, - Мен аксакалга аябай ыраазымын. Рахмат айтып кой. Чайга чакырып, батасын алам, - деп менден салам айттырган. Пендечилик кылдыбы, айтор убакыт өткөндөн кийин чайды кой, биздин үй-бүлөнү бүгүнкү күнгө чейин, ар жерлерде жамандаганга өтүп алды. Күлүп тим болдук.

 

Чындыкка элдин күчү менен жеттик


Токон Шайлиеванын кабинетинен чыгып, кайра Түпкө келдим. Бишкектен Борбордук шайлоо комиссиясынан эки киши, менин ишимди комиссияда кайра караганы келишиптир. Чечим чыгара алышпай, убакытты аябай  создуктурушту. Элдин чыдамы кетип, акимиатты жана РИИБны тегеректеп басып алганы камынып калышты. Түнкү саат 23:30дар чамасында элдин сүрүнөн коркушуп, менин талапкерлигимди ”Туура эмес алынган. Кайрадан катталды” деген чечим чыгарып, колума карматышты. Ошол учурдагы элдин сүйүнгөнүн сөз менен айтып жеткириш кыйын. Баш кийимдерин асманга ыргытышып, ызы-чуудан Түптүн ичи жаңырып эле жатып калды. Түнкү саат 12де баары үйлөрүнө тарап кетишти. Эртеси эртең менен турсак, бир метр кар жаап салган экен. Төрт күн, күнү-түнү дебей, эл жолдо турганда кар жаабай, эл тарагандан кийин жарыктык кар укмуш жаады. “Бул да болсо, Кудайдын элге боору ооруганы болду” -деп көпчүлүк эл жакшылыкка жоруп коюшту. Анткени, чындыкка элдин күчү менен жеткен элек. Чындыктын жеңиши ошондо мен үчүн өзгөчө бакыт болгон.


Ошентип, 2005-жыл, 28-февраль күнү биринчи тур болуп, 12 талапкердин арасынан Кубан Намазалиев (ошол мезгилдеги райондун акими) экөөбүз экинчи турга чыктык. 13-март күнү экинчи тур болуп жеңип чыгып, депутат болдум. Шайлоо түйшүгү дагы бир топко уланды. Жеңилип калган талапкерлер баары биригип алышып, мени сотко беришти. Бирок, эч жыйынтык чыгара алышкан жок (көп окуяларды кыскартып жаздым). Ошентип, менин саясаттагы жолум башталды.Татаал, көп кырдуу жол болорун андагы баёо сезим сезген жок окшойт.

* * *
22 -март күнү  Жогорку  Кеңештин биринчи  жыйыны өтүп, депутаттык мандаттарыбызды алдык. Мандат алганыбыз менен “ичкенибиз ирим, жегенибиз желим” дегендей, жүрөктөн санаа кетпей түрган эле. Өлкөдөгү абал өтө оор болчу. Муну  баарыбыз көрүп турганбыз. Бийлик  дээрлик бүт республиканын аймагында таасирин жоготуп, башкара  албай калган. Көтөрүлгөн эл улам күчөп, облустарда өз өкүлдөрүн губернатор кылып шайлай башташкан. 24-март күнү Бишкекте  50 миңден ашык киши катышкан митинг башталды. А.Акаевдин аргасы түгөнүп,  өлкөдөн  качуудан башка  жол таппады. Өлкө ичи ызы-чуу түшүп, жатып калдык. 2- чакырылыштын депутаттары, - Биз ишибизди улантабыз. Силер кеткиле. Акаевчи парламентсиңер, - деп келишип, чоң жыйындар залын ээлеп алышты.  - Жок. Кечээ эле биринчи жыйын болуп, мандат алдык, биз легитимдүү парламентпиз,- деп кайра келип, 3- чакырылыштагы депутаттар ээлеп алдык. 2- чакырылыштын кайра шайланып келген депутаттары токойдогу түлкүдөй болуп, эки жакка ойноп туруп алышты.  Акыр аягында, “Же биз менен 3- чакырылыштын депутаты болгула же 2- чакырылыш менен кеткиле” деп кысымга алып жатып, 2 күндүк ызы-чуудан кийин биз 3- чакырылыштын депутаттары легитимдүү парламент  болуп, олтуруп  калдык. Ачыгын айтсам, бул жерде да соодалашуусуз  иш бүткөн жок. Бийликти колуна алган  Бакиевдин командасы менен күнү-түнү сүйлөшүүлөр  жүрдү. Жаш саясатчы, жаш депутат катары андай сүйлөшүүлөргө  катыша алган  жокмун. Бирок, баарынан кабардар болуп турдук. Кыскасын айтканда, бийликке келгендерге, “кылтыңдабай ак дилден иштеп беребиз”- деген убада берилди. Биринчи эле күн тартибиндеги маселе катары, кантип Акаевден «Өз каалоом менен президенттиктен кеттим»  деген арызын жаздырып келебиз дегенди талкуулоого койдук. Өмүрбек Текебаев башында турган Жантөрө Сатыбалдиев, Каныбек Иманалиев, Кадыржан Батыров, Темир Сариев болуп, артынан барып арызын жаздырып келүү үчүн парламент, бизди делегат кылып шайлашты. Москвага учуп бардык. Элчи тосуп алды. Элчиликте Н.Танаев менен К.Жумалиев бар экен. Түштөн кийин А.Акаев келди. Жанында Айдар менен Бермет бар. А.Акаев:  - Өмүрбек Чиркешович менен өзүмчө сөзүм бар эле. Беш-он мүнөт сүйлөшүп алайын, - деди. Биз, - Жок, баарыбыз чогуу олтуруп, чогуу сүйлөшөбүз, - деп болбой койдук.  - Анда, Айдар менен Бермет дагы сүйлөшүүгө катышсын, - деди эле, - Болбойт, - деп, аларды дагы катыштырган жокпуз. Сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Столдун бир тарабында биз, депутаттар, экинчи тарабында А.Акаев, К.Танаев, К.Жумалиевдер  олтурушту. Аскар Акаев:

 

 -Арызды эртең жазып келип берейин. Бүгүн даяр эмесмин, - деди. Биз тырышып болбойбуз, “Бүгүн, азыр эле жазып бериңиз”, - деп. Анткени, эртеңге чейин айнып кетсе, дагы бир топ убара болобуз деп турдук. Себеби, А.Акаев: “Мен легитимдүү президентмин, эртеңге чейин ойлоноюн”, - деп олтуруп алды. Талашып-тартышып жатып, - Анда азыр журналисттерди киргизели, оозеки жарыя айтып коюңуз да, эртең өз колуңуз менен жазып келип бериңиз,- деп жатып араң дегенде макул кылдык. Кырктан ашык журналисттер күтүп турушкан эле. Киргиле дегенде, бирин-бири тебелеп кирип келишти. А.Акаев маек куруп, өз каалоосу менен арыз берип жатканын жарыялады. Биз үстүбүздөн оор жүктү алып салгандай эле болдук. Анткени, депутаттар бизге ишеним көрсөтүп жиберишкен да. Себеби, А.Акаев официалдуу түрдө өз арызын жазып бербесе, кийинки шайланган президент легитимсиз болот деген маселе түрган эле. Ошентип, арызын жаздырып алып, Бишкекке учуп келдик. А.Акаевдин арызын парламентке добушка коюп, кабыл алдык. Ушул күндөн баштап, саясатта абдан кызыктуу окуялар башталды.

 

Так талаш


24- мартта  Ф.Куловду  түрмөдөн  чыгарып  келишкен эле. Беш  жыл олтурган. Түз эле “Ф.Куловду президент кылабыз” дегендер четтен чыкты. Бирок, андай мүмкүнчүлүк  жок болчу. Кырдаал башкача эле. Анткени, 2005-жылдагы революциянын башында К.Бакиевдин командасы  турган. Айланасындагы колдогондор күчтүүлүк  кылып, К.Бакиев убактылуу «президенттин милдетин аткаруучу» болуп  бекип  калды. Буга  А.Бекназаров, Ү.Сыдыков, Нур уулу Досбол, Д.Сарыгулов өңдүүлөрдүн таасири чоң  болду. Анткени, булар революция жасоо боюнча республикалык штаб башчыларынын таасирлүү  мүчөлөрүнөн  болушчу.

 

10-июлда Президентти шайлоо күнү белгиленди. Талапкерлер даярдана башташты. Негизги талапкерлер К.Бакиев менен Ф.Кулов эле. Экөөнүн ортосунда: “Сен премьер-министр бол. Мен президент болоюн” деген соодалашуу кызуу жүрүп жатты. Бири-бирине жол бошото турган түрлөрү жок. Республикалык  штабдарын  ачып, кызуу иштеп башташты. Феликс Куловдун республикалык штаб башчысы болуп, Алмазбек  Атамбаев шайланды. Ө.Бабанов экөөбүздү Феликс Куловко иштеп бергиле деп суранды. Биз макул болдук. Баарыбызды «Форумдагы» офисине чогултту. Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Бабанов жана Феликс Кулов өзү болуп, үй  мүйүз олтуруп, кеңешип баштадык (дагы бир топ саясатчылар бар эле, эсимден чыгып кетиптир).


- Бакиев күчтүүлүк  кылып  кетет го. Талапкерлигиңизди алып койбойсузбу? - дегендер да болду. Алмазбек Атамбаев: - Жок. Алганга болбойт. Бул күрөштө биз жеңип чыгабыз. Менин көзүм жетет,- деп, өзүнүн  аргументтерин айтып берди. - Түштүктө 30 пайыз өзбек улутундагылар жашашат. Алар эзели түштүктөн чыккан талапкерге добуш беришпейт. Алардын добушун алсак эле, түндүк толук колдоп  берсе, жеңиш  биздики болот, - деп дүпүлдөп  жатты...  Чындыгында, турмуш өзү көрсөтүп  тургандай, түштүктө жашаган өзбек  улутундагы  жарандарыбыз, түштүктөн чыккан талапкерлерге анча добуш бере беришпейт экен. Муну шайлоолордо көп байкадым. Анткени, аралашып жашап жаткандан кийин ар кандай жагдайлар болот. Биринчиден, кичине кездеринен бери бирге  өсүшүп, бирине-бири  атаандашып жашашат. Мушташа кетишет, ары  тур, бери тур болуп дегендей. Ошол себептенби, айтор азыркы учурга чейин деле өзбек улутундагы жарандарыбыз түштүктөн чыккан төбөсү көрүнгөн  саясатчыларыбызды жактыра  бербеши ачык эле билинип  турат. Экинчиден, баарына 100 пайыз жагыш кыйын эмеспи.


* * *
Ала жаздын нымы кете элек учур. Жумуштан кийин күндө кечинде «Форумга» чогулмай болдук. Мени Ысык-Көлгө ар бир райондун борборуна штабдарды ачып кел деп жиберишти. Бекбосун Кыдыкбаев деген агабызды алып, бир жумада штабдарды ачып келип, Алмазбек Атамбаевке даректерин кагаз жүзүндө толук тапшырып бердик. Бир дагы облуста мындай тез даярдык болгон жок. “Азаматсыңар” деп мактап, далыга таптап баржактады. Үчөөбүз кофе ичип, бир топко баарлашып олтурдук. Сөз кезеги келип, «Кумтөр» менен Каркыра жөнүндө айттым. 

 

-«Кумтөрдү» толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетсек, кризистен тез эле чыгып кетет элек. Ушул  маселеге көңүл бурушуңарды суранам. Маселени мен Жогорку Кеңешке алып чыгайын. Колдоп бергиле, - дедим.  - Саке, иним, Акаевди эмне үчүн кубаладык? Бир эле «Кумтөр» эмес, бүт кен байлыкты менчигиндей ээлеп алышыптыр. Ошол үчүн кубалабадыкпы. Мындан ары баарын мамлекетке алып, иштетебиз. Бир аз убакыт керек, - деди. Каркыра боюнча айттым. - Биздин чек арага чейин кирип келип, пост куруп алышкан. Чөп чабыш, шалбааларыбыз, жайыттарыбыз өтүп кетип жатат. Келишимди кайра карамайынча парламенттен өткөрбөшүбүз керек, - дедим. - Ал маселе өзүңдүн колуңда турат го, парламенттен өткөрбөй кой, - деди. Ошентип, айткан сөздөрүнө ичим жылып, тарап кеттик. Күндөрдүн биринде А.Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Рахат Ирсалиев үчөөбүздү «Автомаш» заводунда жайгашкан эс алуучу жерге чайга чакырып калды. Жогорку Кеңештен бошобой жатып, бир аз кечигип, барып калдык. Дароо эле үчөөбүздү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, өзүнчө эле урушуп кирди. Биз таң калып, андайга чыдабаган жаным, ызырынып калсам, Өмүрбек Бабанов күлүп, мени токтотуп койду. Көрсө, ичинде 100 грамм бар экен. «Кулов менен Бакиев тандем түздү, шайлоо компаниясы токтоду» деп айтканы чакырыптыр. Өзүнө экономика министрлигин соодалашып алган кербези экен. Кийин сегиз ай иштеп, иштей албай, ал министрликтен да кетти. Бир күнү Ө.Бабанов экөөбүз А.Атамбаевдин кымыз ичип, эс алып жаткан жерине бардык. Арыз-муңун айтты. - Акаев деген ат, Бакиев деген эле атка алмашып калды. Буларды жакында кайрадан жок кылабыз, бир аз чыдагыла. Сен көтөрүп жаткан «Кумтөр» маселеси ошондон кийин чечилет, - деди. Макул болуп, кетип калдык. Эртеси парламентке барып, «Кумтөр» боюнча топтогон кагаздарымды Бакиев менен Куловко кат аркылуу калганын көбөйтүп, 75 депутатка таркатып берип, чара көрүүлөрүн өтүндүм (Жогорку Кеңештин архивинде турат). Кийинчерээк комиссия түзүлүп, башында Кубанычбек Исабеков туруп, 2010- жылга чейин бир топ фактыларын ачкансыды. Бирок, бу киши дагы маалымат согушунда «Кумтөрдөн» утулду. Анткени, КТР деген бийликтин кара жашиги аркылуу бийлик өзү жеп жаткан талканын коргоп ким болбосун, бир саатта мокочо кылып коёрун турмуш бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп келе жатпайбы.
                                            

Саясий сатуу


Саясий шоулардын очогу дымып, Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, 14-август күнү ант берүү аземи болуп өттү. Саясий оюндун картасына ылайык, премьер-министр болуп, Феликс Кулов бекиди. Ыңкылаптын ылаңы сууп, жашоо өз нугуна түштү.

 

2006- жылдын күз айлары. Ө.Текебаев, А.Атамбаевдер башында турган оппозиция мүчөлөрү, «конституциялык реформа жаса» деп К.Бакиевке каршы «Ала-Тоо» аянтына элди топтоп, 8 күн бою митинг өткөрүштү. Чындыгында, элүү миңге жакын эл, сегиз күн бою, “конституциялык реформа  болсун” деп чын жүрөктөрүнөн күнү-түнү дебей, тикесинен тик турушту. Оппозиция жаңы Баш мыйзамдын долбоорун даярдашты. Парламентте оппозициянын даярдаган Баш мыйзамынын долбоорун кабыл алууга төрт добуш жетпей турган эле. Мен болсо, “мындай саясий сасык оюндарыңарга катышпайм” деп, кабинетимден чыкпай олтуруп алдым. Эшикте турган эл, Түптөн шайланып келген депутат деп түптүк жердештерим, акын, сатирик Жолоочу Рыспаев, Дамир Сулайманов, Адылхан Бекболотов, Медет Омошевич Букуев жана башка  жердештеримди элдин алдына чыгып, “оппозицияга кошулдум”  деп жарыяласын деп, кабинетиме жиберишиптир. Менде болсо, А.Атамбаев оппозицияны сатып, премьер-министр боло турганы тууралуу толук маалымат бар эле. Анын планы боюнча, «Кулов элге чыгып кошулуп кетсе, Бакиевди алып түшөбүз. Эгер элге кошулбай койсо, премьер-министрликти алып кете берейин» деген планы болгон. Премьер-министрлик кызматты К.Бакиев менен алдын ала макулдашып коюп, Ф.Куловдун гана кадамдарын күтүп турган. Жердештериме, - Байкелер, мени кыйнабагыла, силер жөн эле сасык саясатчылардын куралы болуп жатасыңар. Эки күндөн кийин Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматка барат. Баарыңарды сатат, менде толук маалымат бар. Силерге билгизбей, премьерлик кызматты соодалашып жатат, - десем, мени жаман көрүшүп,  - Андай болушу мүмкүн эмес, сен эл алдына чыгып, элге кошулдум деп жарыялап кой, - деп кыйнап, түнкү саат 12 ге чейин иш бөлмөмдө олтурушту. Макул болбодум. Жердештерим мага таарынып кетишти.


 Кийин мен айткандай болуп, А.Атамбаев премьер-министр болду. Жолоочу Рыспаев агам: - Сен көзү ачыктай эле айткан экенсиң, баарыбызды “көпүрө боло калайын” деген шылтоо менен сатып кетти, - деп аябай арман кылды. Ошентип, Атамбаев премьер-министр болуп сегиз ай иштеп, бирок колунан жыргаган иш келбеди. Акыры Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы.

 

* * *
Дүйнөмдө жан дүйнө революциясы болду окшойт. Ак кардын үстүндө суукка карабай жатып, бизди колдогон апаны эстеп, максат кылган иштеримди иштей берейин деп, Каркыра маселесине кириштим. 2001-жылы эки мамлекеттин президенттери кол коюшуп, Казакстан тарап парламентинен ратификациядан өткөрүп, бизге жиберген экен. 2-чакырылыштагы депутаттар каршы чыгып, өткөрбөй келишиптир. Себеби, Каркыра эле эмес, Таласта, Чүйдө (объезддеги жол) талаш эле. Келишимди кайра карап чыгуу маселесин көтөрдүм. Анткени, келишимди Кыргызстан тарап ратификациядан өткөргөндөн кийин, кайра кароого таптакыр мүмкүн эмес эле. Эреже боюнча, Кыргызстандын парламенти ратификациядан өткөрө элек болсо, кайрадан Казакстан тарапка сунуш киргизип, оңдоп чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Менин бул сунушумду четке кагып, бийлик, «ратификациядан өткөрүп бергиле» деп Саламат Аламанов аркылуу парламентке алып келди. Караманча кашайып, өткөрбөй койдук. Парламентте «өткөрбөйлү»  деп агитация жүргүздүм. Көпчүлүк депутаттар, “макул, өткөрбөйбүз” деп колдоп беришти. Бир айдан кийин экинчи жолу алып келишти. Бул жолу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жактап келди. Кайрадан талаш-тартыш башталды. - Токтоткула! Жеринен барып көрүп келели. Мен силерге көрсөтөм, кандай жерлерибиз өтүп кетип жатканын. Андан кийин өзүңөр эле уятыңар болсо, токтотуп, кайрадан Казакстан менен сүйлөшүүлөргө барасыңар,- деп, дагы өткөрттүрбөй койдум. Аликбек Жекшенкулов акырын жылып, жаныма келип олтурду. - Саке, жакында өкмөт Астанага биринчи иш сапары менен барганы жатат. 2001-жылдан бери өтпөй келе жатыптыр. Ушул ишти бүтүрүп салсак болот эле?- деди. - Алике, жакында каникулга чыгабыз. Баарыңарды Каркырага алып барып көрсөтөм. Ал жерде биздин жайыт, чөп чабыш, шалбаа жерлерибиздин бир тобу өтүп кетип жатат. Ошол жерлерибизди алып калышыбыз керек, - дедим. Дароо түшүнүп, кетип калды.


2006- жылдын 3-июль күнү Каркыра жайлоосуна жеке каражатым менен боз үй, палаткаларды тигип, бир уй, бир жылкы союп, депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн чакырдым. 75 депутаттын болгону 36 сы келди. Атам Нуркожо башында турган айлыбыздын аксакалдары Исраил Искаков, Совхозбек аксакал өңдүү, дагы жыйырма чакты аксакалдарыбыз үч күн, күнү-түнү дебей, чогуу жүрүшүп, депутаттарга биздин өтүп кетип жаткан жерлерди көрсөтүштү. Ушул жерден айта кетүүчү чындык, “Каркыраны сатып жиберди” деп 2008- жылы жазда Түпкө барып, жумуртка менен сабалып кеткен депутаттардын бирөөсү да, ошондо Каркырага келген эмес. Кызыгып дагы коюшкан эмес. Аларга Каркыра саясий кызыкчылык үчүн гана керек болгон. Каркыраны көтөрсөк, балким эл колдоп кетеби деп ойлошкон. Азыр ушул тапта деле, “Каркыранын кайсы жери өтүп кеткен, көрсөтүп бергилечи?” деп сурасак, көрсөтүп бере алышпайт. Себеби, билишпейт. Көрүшкөн дагы эмес. Анысы аз келгенсип, оозуна ээ боло албаган Э.Алымбековго окшогон депутаттар, Э.Каптагаевге окшогон губернаторлор, “Садыр Жапаровдун шайлоочулары оппозицияны жумуртка менен урду” деп, мен уюштургандай кылып көрсөтүштү. Тилекке каршы, элге төбөсү көрүнгөн эле адам КТР дан былжырап жатса, карапайым калк ишене берет экен. Так ошол күнү өлкөдө жок элем. Турцияда болчумун. «Мейли, кудайга койдум» дегенден башка сөзүм жок. Баарына тарых тараза.


Бийликтегилерден өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү маркум Мырза Кулматов жана президенттин өкүлү Алымбай Султановдон башка бирөөсү да басып келген жок. Үч күн бою семинар өткөрүп, Каркыраны кыдыртып чыгып, кайсы жерлерибизди сактап калышыбыз керек экендигин көрсөтүп, кайра узаттым. Ошентип, депуттаттар, өкмөт менен президенттин өкүлдөрү баарын өз көздөрү менен көргөндөн кийин, 2007- жылдын 22-октябрына чейин Каркыра маселесин Жогорку Кеңешке алып келмек турсун, сөз кылгандан уялып калышты. Ушул саясий себептен улам 2007- жылдын 22- октябрь күнү 3-чакырылыштын депутаттарынын тагдырын чечип, Президенттин указы менен таркатып жиберди. Ушул эле 2007-жылдын 16-декабрь күнү Жогорку Кеңешке жаңыдан шайлоо өткөрүп, жасалма жол менен “Ак-Жол”, СДПК жана «Коммунисттер» партиясын алып келишти. 2008-жылдын апрель айларында Каркыра маселесин карашып, ратификациядан өткөрүп жиберишти. Мына ушундан кийин Каркыра, Чүйдөгү жана Таластагы талаш жерлер Казакстанга өтүп кетти. Аталган иш боюнча “ратификациядан өтсүн” деп добуш берген депутаттарды толук күнөөлүү десек жаңылышпайбыз. Азыр менин саясаттагы каршылаштарым, айрыкча Э.Каптагаев мага башка жарлык таба албай, “Садыр Жапаров Каркыраны сатып жиберген” деген ушак сөздү бүгүнкү күнгө чейин таркатып, убара болуп жүрөт. Ал тургай, Ысык-Көл облустук телесинен эки жума бою, “Каркыраны сатканга тиешеси бар” деп Кудайдан коркпостон көрсөттүрүп турду. “Мага да теледен чыгууга мүмкүнчүлүк бергиле же мени менен түз эфирге чыккыла. Эл алдында чындыкты айтышалы”  десем, Президент баш болуп, безилдеп качышат. «Садыр Жапаровду телеге, өкмөттүк гезит, журналдарга жолотпогула. Абийирибизди иттей кетирет» деп буйрук берип коюшуптур. Мамлекеттик теледен ушундай ушактар көрсөтүлүп жатса, карапайым айрым адамдар чындап эле ишенет экен. Айрыкча, менин Ысык-Көлдүк жердештерим. Мамлекеттер аралык жер маселесин түшүнүүгө  билим деңгээлдери жеткен адамдар, чындык каякта экенин билип турушат. Анткени, эки мамлекеттин ортосунда жер маселесин ким чечээрине, ким чекит коёруна акылдары жетет.
                       

Комиссардын чындыгы


2008 - жылдын июль айлары. Түп айылына Бороонбай атабыздын эстелигин коюп, ачылышын  өткөрүп, Каркырада үй-бүлөм менен эс алып жүргөн мезгилим эле. Ал убакта бош жүргөм. Айылдан агам келип, - Сени эки күндөн бери Президент издетип жатыптыр. Бишкекке барышың керек экен, - деди. Тоонун башына чыгып, уюлдук телефондон кабылдамасы менен байланышсам, жардамчысы алып:  - Эки күндөн бери сизди издеп жатат. Эртең менен саат 10:00 гө келип калыңыз, - деди. - Тынччылыкпы, эмне маселе менен?,-  десем, «Билбейм, бизге айткан жок, - деди. Эртең менен келдим. Курманбек Бакиев ордунан тура калып, жылуу кабыл алды.

 

- Садыр, сени төрт кандидаттын ичинен тандап алдым, Комиссар болуп иштеп бер, - деди.

 

 -Учурдагы Комиссарчы?» десем, “Ал көптөн бери ооруп жүрөт. Өз арызы менен кетип жатат, - деди. - Андай болсо, мага ишеним көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазымын. Макул, иштеп берейин. Бирок, эки суранычым бар, - дедим.  – Айт, - деди. - Биринчиси, менин ишиме эч ким кийлигишпесин. - Эч ким кийлигишпейт, ага кепилдик берем. Экинчи маселеңди айт, - деди. - КТР ден бир айда бир саат убакыт бергиле. Коррупционерлерди ачык көрсөтүп турушубуз  керек. Антпесек, коррупция менен күрөшүш өтө кыйын, - дедим. Ордунан тура калып, КТР дын башчысы Мелис Эшимкановко телефон чалды. Ага Бакиев: - Садыр Жапаров барат. КТР ден каалаган убагында, бир айда бир саат убакыт бересиң. Комиссар кылып бекитип жатам, - деди.


3 айдын ичинде агенттиктин ишин түп-тамырынан өзгөртүп, реформа жасап, бузулуп жаткан имаратты өкмөттөн бир тыйын албастан, өз күчүбүз менен жаңылап, оңдоп (азыр ал имаратта баш прокуратуранын башкармалыгы олтурушат), кызматкерлерди олтургузуп, айлыктарын 4500 сомдон 15000 сомго чейин көбөйтүп, иш баштадык. Ушул жерден айта  кетүүчү нерсе, бүгүнкү өлкө башчыбыз мага суроо берип жатат: - Комиссар болгон кезиңде эмне үчүн коррупциянын жүзүн толук ачып, жоё алган  жоксуң?-  деп. Элибизде, "Аты  улук, супарасы  курук"  деген  сөз бар. Аты "Комиссар" деп дүңгүрөгөнү менен эч бир жерди текшерүүгө, кылмышкерди тергөөгө алууга укугубуз жок эле. Бирок, ошого карабастан иштин көзүн таап, башка укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жаттык. 15 күн сайын жарым сааттан “Комиссар  эскертет” аттуу көрсөтүү берип, көбүнчө  коррупцияга аралашкан сот, прокурорлор жөнүндө аттарын тактап, ачык көрсөтүп турдук. Баш-аягы 15 ке жакын көрсөтүү эфирге чыкты. Алар азыр КТР дин архивинде сакталуу турат.


Күндөрдүн биринде Балыкчы шаарына элге ичүүчү суу чыгарып берүү үчүн  Ак-Түздөгү калдык сактоочу ууга чыланган темир түтүкчөлөрдү казып келип, салып берип жатышат деген кабар келди. Дароо эле барып, басып калдык. Көрсө, жаңы суу түтүкчөлөрүнө деп бюджеттен  бөлүнгөн 35 млн сом акчаны облустук бийликтегилер жеп коюшуп, Ак-Түздөгү ууга чыланган бекер түтүкчөлөрдү казып келип,  8 км аралыкка элге ичүүчү суу чыгарып бериш үчүн салып жатышкан экен. Ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Жыйынтыгында, 17 киши камалып кетти. Ал камалган жердештеримдин баарысынын мага таарынычтары күч. Бирок, кийинчерээк баары кайра эле боштондукка чыгышты.
Менин айтайын дегеним, булардын камалышы эмес. Ошол  ууланган түтүкчөлөрдү элдин убалынан эч коркпостон колдонуп жатышкандагысы. Эгер ошол түтүкчөлөр  аркылуу Балыкчы эли суу ичкенде, 10 жылдын ичинде ак кан оорусуна чалдыгып, ооруп, далайы өмүрдөн айрылмак экен. Бул дарыгерлердин (адистердин) берген корутундусу  болду. Балыкчы шаарында 40 миңден ашык адам жашашат. Элдин эсинде болсо керек. Ушунун баарын теледен, болгондо да КТР ден толук көрсөтүп турдук. Архивдери КТР де сакталып турат.


Бир күнү Медет Садыркулов Ак үйгө чакырды. Кабинетине кирсем, дароо эле, - Сен прокурордун функциясын алып алып, мэр, губернаторлорго тиш сала баштадың. Минтип отурсаң, жакында Президентке асыласың го?, - деп атырылды. Экөөбүздүн урушубуз катуулап бара жатканда эсине келе калып, кытмыр жылмая түштү да, - Жаштык кылба иним, ачууңду бас. Сага жөн гана эскертип коёюн дедим. «Вертикаль власти» деген болот. Президент, губернатор, аким, мэрлер, анан айыл өкмөтү. Сенин губернаторго тиш салганың, Президентке тиш салган менен барабар, - деди да, - Кабинетиме биринчи келип жатасың, кызматка турганында да куттуктай албадым, куру чыкпа, - деп, кымбат баалуу калем белек кылып, жылмайып узатты. Ичинде баары бир кеги калганын сездим. Анткени, анын айткандарына көнбөстөн, уу түтүкчөлөрдүн баарын колдонууга жараксыз кылып талкалап, жок кылып салган элек. Эртеси Садыркуловдун орун басары Досаалы чакырып, «катуу кетпесеңиз»  деп суранды. Ага да болбодук.
Мындан сырткары, Ысык-Көлдөгү  биосфералык экологиялык аймакка, Эмилбек Каптагаев башчы болуп турган мезгил эле. Балыкчыга кире бериш жердеги экопостто акча жыйнашчу. Финансылык кылмыштары ачылып, каржы полициясы менен биргеликте  уурдалган акчаларды ордуна койдуруу максаты турган. Бир күнү Каракол шаарына иш сапар  менен барып, кайтып келе жатсам, биздин агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаев чалып, - Кайдасыз?, - деп  сурап калды.

 

 - Караколдон келе жатам, - десем, - Балыкчыда күтүп турам, жолугушалычы, - деди. Келсем, 2-3 киши менен күтүп турган экен. Орто -Токойду   жээктеп, суунун боюна барсак, Э.Каптагаев бир коюн союп алып, күтүп олтуруптур. Мен үчүн күтүүсүз   болду. Көрсө, Каптагаев агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаевди ортого салгандагысы экен. Дасторкон үстүндө олтуруп, “кыргызда жайылган дасторконду таштап кетүү салтта жок. Бирок, мамлекеттин акчасы толугу менен ордуна коюлушу керек” деп айттым. Кийин каржы полиция ордуна койдуруп, иши жабылды. Муну менен эмнени  айткым келди?  Жогорку жактагылар деле баарын билишет экен. Көрсө, тең бөлүшүп турушат турбайбы. Болжол менен бир сезондо экопосттон 30 млн сом акча  түшсө, мунун 7-8 млн сомун гана өкмөткө төгүп, калганын Ак үйдөгүлөр менен бөлүшүшөт экен. Жеке эле Балыкчыдан эмес, республикада ушундай акча түшкөн жерлердин баарынан 20 жылдан бери Ак үйгө тиешелүү үлүштөрү азыр дагы агылып келип турат. Мисалы, Ош-Бишкек  жолундагы посттордогу  акча төлөмдөр. Бажы тармагы 20 жыл мурда кандай  болсо, азыр деле ошондой. Электр тармагында деле Ширшовдун системасы иштеп турат. Ошол себептен бүгүн электр энергияга болгон баалар көтөрүлүүдө. Чет мамлекетке электр  сатууда бир киловатын кагаз жүзүндө келишимге  2 цент деп көрсөтүшөт. Үстүнө 2 центтен дипломат менен накталай алып  турушат. Мунун баарын бүгүн «Автомаш-Энерго» жасайт. Мурда Максим менен Ширшов деген аттар азыр Сейит менен Сейтек деген эле атка алмашып калды.


Дагы бир мисал: Казакстандан миңдеген тонна көмүр сатып алышат. Ал көлөмдөгү көмүр менен биздин жергиликтүү көмүр казуучулар деле камсыз кыла алышат. Бирок, жергиликтүү көмүр казып алуучулар казак бизнесмендери Ак үйдөгү чиновниктерге берген параны бере алышпайт. Алар ар бир тоннасынан 10-15  доллар пара беришет. Ошол себептен, жергиликтүү көмүр казып алуучулардын көмүрүн өкмөт алат да, акчасын өз убагында төлөп беришпей, атайылап банкротко алып барышат. Анткени, Ак үй үчүн ата мекендик көмүр казып алуучулардын бутуна туруп кетиши пайдасыз. Муну ар  бир жергиликтүү көмүр казуучу ишкер тастыктап бере алат. Мындай көрүнүштөр республикабыздын ар бир тармагында кездешет. Эки жолу бийлик алмашканы менен коррупциялык система эч  өзгөрбөстөн, ошол эле бойдон кала бериптир. Ушулардын баарын акырындык менен ачык көрсөтө баштагандыгыбыз үчүн 2009 - жылдын октябрь айында реформага шылтап, биздин агенттикти Президенттин карамагынан чыгарып, Мамлекеттик кадрлар кызматы агенттигинин карамагына түшүрүп, көз каранды кылып коюшту. ЦАРИИ түзүлгөн мезгил эле. Андай болсо, мындан ары  иштебейм деп кетип калдым. Агенттиктин кызматкерлери Канат Тургунбеков, Шарап Токтосунов, Бакыт Бакетаев жана орун басарым Аскарбек Бакеевдер, “Садыр Жапаровдон башка киши менен иштеше албайбыз” деп Ак үйгө, президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороевке барышкан экен. Канат Тургунбеков президенттин указын чыгартып алып, үйгө келиптир, - Мына, указ чыкты жүрүңүз, коллектив суранып жатат, - деп. Макул  болуп, 2010 - жылдын июль айына чейин кайрадан иштеп калдым. Июль айында Роза Отунбаеванын атына арыз берип, өз каалоом менен  кызматтан  кеттим.
             

Бороондогу Ата Журт


2010 -жылдын март айлары. Элдин нааразычылыктары күчөй баштаган. “Оппозиция 17-март  күнү Курултай  өткөргөнү жатат. Апрель айларында төңкөрүш кылышат экен. «Форумда» наркотик аралашкан коктейль жасап жатышыптыр. Төңкөрүш боло турган күнү элге беришет экен” деген кабарды капыстан угуп калдым. Менде чочуркоо пайда  болду...  Дароо эле бул маалыматты Марат Суталиновко айттым. Азыр эстесем, ал киши мени жомок айтып жаткандай кабыл алган болуш керек. Негедир башка киши сүйлөп жаткандай эле оозума сала бергенсип,  - Сүйлөшүүлөр жолу менен чечпесеңер, чатак чыгып кетчүдөй болуп турат. Жогору жактагыларга айтпайсызбы, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө  барсын, - деп жибергенсидим. Суталинов бул маалыматка  анча деле көнүл  бурган жок. - Это блеф, - деп койду. Чындап эле туура эмес маалымат болуп калбасын деп оюмду ага анча таңуулабадым. Ичимен өзүмчө бушайман болуп жүрдүм. Элди ойлошсо, мындай кадамдарга барбаса керек деп өзүмдү сооротуп койдум. Ошентип, кандуу 7-апрель окуясы болуп кетти. Аянттагы атышууларды, октон качпай, окко төшүн тоскондорду көрүп, баягы маалымат эске түштү. Ал күнү кандай болгонун, эмне колдонушканын бир кудай өзү билет. Айтыш кыйын. Биз  кандай окуяны калчабайлы, 7-апрель 90 баланын өлүмү менен аяктады. Албетте, буга эки тарап тең күнөөлүү десек болот. Бийлик электр энергияны кымбаттатып, уюлдук телефондорго кошумча төлөм киргизип, карапайым элдин чөнтөгүнө кол салып жиберип, чоң ката кетирди. Оппозиция  тарап  болсо, “кан менен болсо да эптеп бийликти алалы” деген максатты  коюшкан.


К.Бакиев түштүккө барып, өз айылы Тейиттен коргонуу таап жатып алды. Аны кармап келүү үчүн Убактылуу өкмөттүн эч кимиси даап бара албай, генерал Артур Медетбеков башында турган группа захватаны жөнөтүштү. Алар мына эми кармайбыз деп калган маалда, Роза Отунбаева  телефон чалып, - Кармабай эле койгула. Өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп бергиле,-  деген команда берип, К.Бакиевди  аман- эсен чыгартып жиберди. Эртеси эле күнү теледен чыгып, - Бакиев качып кетти. Аны акыры кармап келип, жоопко тартабыз. Чыдап тургула, - деп жооткотуп, 7-апрелде каза болгон балдардын туугандарын, жамы журтту алдап  коюшту.


Ө.Текебаев башында турган 75 мүчөсү бар команда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга киришишти. Ошол эле мезгилде 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп жатты. Биз дагы “Ата-Журт” партиясын даярдап, Республикалык штаб түздүк. Мени башчысы кылып шайлашты. Адыл Жунусов аттуу досумдун Киев-Правда көчөсүндөгү 6 кабат имаратын алып, бир тыйын каражат төлөбөстөн Бишкек, Чүй жана Республикалык штабдарды жайгаштырдым. “Ата-Журт” партиясы деген дүркүрөгөн жарнамаларды кетире баштадык.

 

* * *
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери бир жерден чыкпады. Ар кимиси шайлоочулардын добуштарын алып берүүчү күчтөрдү өз тараптарына тарта башташты. Ал мезгилде Кадыржан Батыров баарына керек болуп турган эле. Анткени, түштүктө шайлоочулардын 30 пайызы өзбек улутундагы жарандарыбыз экени баарыбызга маалым  эмеспи. Атамбаев СДПК партиясына добуш алып берүүсүн суранып, сүйлөшүүлөрдү  жүргүзө баштады. Ал үчүн Кадыржан Батыровдун каалаганына макул деп турду. Ал тургай Кадыржан Батыровдун «Ош облусун Өзбек автономиялуу облусу кылып, мени башчы кыласың» дегенине дагы «макул»  деп жиберди. Экинчи тараптан “Ата Мекен” партиясы К.Батыровду өз тарабына тартыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Ошентип, Кадыржан Батыров өзүнүн авторитеттүү адам экенин сезип түштүккө барып, карапайым өзбек туугандарды чогултуп жыйын өткөрүп, “Мына, жыйырма жылдан бери күткөн максатыбызга жеттик. Биз менен эсептешпей коё алышпайт.

 

Баланча деген өзбек жигитти тиги жерге зам кылып койдук. Түкүнчө  деген өзбек жигитти  бул жерге сам кылып койдук” деп карапайым элдин духун көтөрүп кетти. Ушул мезгилде Мелис Мырзакматов Убактылуу өкмөт  мүчөлөрүнө кат жөнөтүп, “Абал курчуп баратат. Тезинен чара  көрбөсөңөр  болбойт” деп жакшы эле чырылдады. Бирок, Убактылуу өкмөт, “Сен Бакиевдин кадрысың” деп, Мелис менен иштешүүдөн баш тартышты. Эгер ошол мезгилде дароо чара көрүлгөндө, Оштогу кандуу июнь кагылышы балким, болбой калат беле?


Карапайым эл Батыровдун  айткандарына ишенип, чын эле бизге бийлик келген экен деп, 2010- жылдын 10- июнь түнү түштүктө улуттар аралык жаңжал башталышына чок салды.

 

* * *
2010-жыл, 11-июнь. Эртең мененки саат 7:30 да Арзыбек Бурканов телефон чалды. Мынча эрте чалды деп, дароо трубканы алдым. Арзыбек Баткен облусу боюнча партиянын штаб башчысы эле. - Түндөтөн бери, өзбек туугандар кыргыздарды кырып жатышат. Түнү менен Баткенден келип, студенттерибизди алып кетели деп Оштун четинде кире албай турабыз, - деди. Бул суук кабарга бир ишенип, бир ишенбей, кайра такып сурап жаттым. Дароо Камчыбек Ташиевке чалдым. Тура элек экен. Трубканы аялы алды. - Тез штабка келсин. Ошто жаңжал чыгыптыр, жөнөйлү, - дедим. Саат 8:00 дө Республикалык штабка жетип келип, туш-тарапка телефон чала баштадым. Саат 9:00 дө Камчыбек Ташиев келди. Экөөбүз кеңешип, түшкү саат 14 дө Ош тарапка жөнөмөй болдук. Ал ортодо болжол менен саат 11 де Акматбек  Келдибеков менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал Ошко Алай жактан кире бериш жеринде (Фурхатта) элдин арасында калганын, эл курал сурап турганын, Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков элден эптеп суурулуп чыгып, тик учакка олтуруп кетишкенин айтып берди.
  

- Биз чыгып жатабыз, түнү менен жүрүп, эртең менен барып калабыз, ошол жерден тосуп ал,- дедик. – Макул, - деп, ошол жерден бизди тосуп алмай болду. Түнү менен жол жүрүп олтуруп, 12-июнь күнү эртең мененки саат 6:30 дарда болжошкон жерге келдик. Биздин аркабыздан ээрчиген машиналар абдан эле көп болуп кетти. Келсек, 10 миңге жакын эл турган экен. Бизди тосуп алуучу Акматбегибиз жок. Эл башаламан. Ызы-чуу. Бирине- бири баш ийбейт. Кан майданды элестетип жатты. Эл менен сүйлөшүп, баарын тартипке салып, Ош шаарына кирип бардык. Ош ичин өрт каптап, будуң-чаң болуп жаткан мезгил экен. Элдин арасына кирип, тынчтандырганга аракет кылып жүрдүк. Эки күндөн бери тууган- уруктарынан ажыраган кыргыз жигиттеринин ачуусунан бир канча өзбек аялдарын кичинекей балдары менен Камчыбек Ташиев сактап калды. Бир маалда түндөсү тууган- уруктарынан ажыраган кыргыздар К.Ташиевке ызырынып, “азыр атып салабыз деп жатышат. Элдин арасынан кетип калгыла” деген кабар келди. Саат 12 лер чамасында Ички иштер башкармалыгына бардык. 200 дөй жоокер, 2  танка, 3 БТР турган экен. Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Дүйшөн Чотонов, Алишер Сабиров жана Фаттаховдор болуп, ичинде олтурушкан  экен. Саат 13 төр чамасында Акматбек  Келдибеков келди. Алмазбек Атамбаевке телефон чалып, - Шаарда кожоюн жок. Курсан Асановду комендант кылып койбосоңор болбойт, - деди. Дароо эле макул болуп, Курсан Асановду комендант кылып берди. Ички иштер башкармалыгына Ө.Суваналиевди алып келели деди. Ага да дароо эле макул деди. Анткени, А.Атамбаев эмне кыларын билбей, Бишкектен чыккандан коркуп, үйүндө жаткан эле. Кийин баары тынчып, стабилдешкенден кийин, июнь айынын аягында гана үн ката  баштаган. Архивдерди карасаңыздар болот 


Ал аңгыча шаардын ичинде дагы бир жерде (шаардын ичин жакшы билбегендиктен кай жер экенин айта албайм), “атыш башталды, бирин-бири союп жатышат” деген кабар келди. Эскилиги жетип араң жүргөн БТР га  аскерлер менен бирге олтуруп, А.Келдибеков, К.Ташиев, Ж. Саматов болуп, окуя болуп жаткан жерге жетип бардык. Жетип  токтогондо эле БТР өчүп калды. Же эшиктери  ачылбайт. Ичинде камалган бойдон калдык. Атылган октор БТР дин сыртына тийип жатты. Сырттан Жыргал Саматов чуркап келип, БТР дын эшигин буту менен тепкилеп жатып, араң ачты. Эптеп эшигин ачып сыртка чыксак, тегеректеги үйлөрдүн баарын өрт каптап, күйүп жатыптыр. Атышуулар катуу эле болуп жаткан экен. Бир маалда эле кыргыз жигиттин бутуна ок тийип, жыгылып түштү. Согуштун башы башка жакка кетип баратканын ошондо сездим. Ал жигитти ошол жердегилер ооруканага алып жөнөштү. Эл селдей болуп, жалын менен кошо чуркап бара жатышкандай туюлду. Колдон келишинче, элди тынчтандырганга аракет кылдык. Эки сааттан кийин ызы-чуу  бир паска басылгандай болду. Кайра келип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде кеңешип олтурдук. Саат 15:30 дар чамасында, “Жалал-Абадда согуш башталды. «Сампа» заводунун жанында өзбектер ары-бери өткөн машиналарды тосуп алып, аткылап жатышат, он чакты адам каза болду” деген суук кабар келди. Камчыбек  Ташиев, Жыргал Саматов үчөөбүз ал жакка шаша жөнөп кеттик. Жолду карай, “Кыргызстан эмне болот” деп чочулап бара жаттым. Бул жакта дагы элдин башында туруп тынчтыкка, ынтымакка чакырган бир чиновник жок экен. К.Ташиевдин бул жерде эки элдин кагылышуусунун уланып кетпешине салымы чоң болду. Өзү жалгыз барып, өзбек калкы жыш жайгашкан районго кирип сүйлөшүп келип, эки элдин толкундоосун баса алды. Эртеси Акматбек Келдибеков келди. Ошентип, түштүктө үч күн октун, оттун арасында жүрүп, Убактылуу өкмөттүн бир кишисин көрө алган жокпуз. Убактылуу өкмөтпүз деп Ак үйдү ээлеп, бийлик дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган саясатчылардын бири да көрүнбөйт. Эл башына күн түшкөндө баары житип-житип, дайны жок жашынып калышыптыр. Эл өзү менен өзү болуп калган экен. Өрттөлгөн үйлөр. Бейкүнөө өлгөн адамдардын өрттөлүп, ар жерде жаткан сөөктөрү. Кан жуткан эл. Боздогон энелер. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп туруп, «Эх, шайлоо деген шайтан, эмне гана кылган жоксуң» деген ойго келдик. Анткени, балээнин баары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн К.Батыров менен саясий соодалашуусунан келип чыгып жатпайбы. Менимче, бул күндөрдү тарых өзү таразалайт. Бул кандуу окуяда көбү аппак периште болуп жатышат. Мейли, тарых таразасынан качып кутулушсун, бирок кудайдын таразасынан качып кутула алышпайт. Кийин Ош окуясы боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын отчётун угуп жаткан мезгилде, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов, “бомба жарам” деп олтуруп эле жарбай калган. Себебин, “Алтынбек Сулайманов бомбага суу куюп жиберди” деп түшүндүргөн эле. Көрсө, ал бомбасы мындайча экен. Ош окуясы башталып кетээри менен Алмазбек Атамбаев ошол мезгилдеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кабинетине чакырып, - Ушундай учурдан пайдаланып, Азимбек Бекназаровду аттырып салбайлыбы? Бакиевдерге шылтоолоп коёбуз. Эл ишенип кала берет, - дейт. Бектур Асанов болсо, макул болбой коёт. Ошентип, Азикенин да көрөр күнү, ичээр суусу бар экен. “Эл кырылып, энелер кан жутуп, жаштар өлүп жатса, саясаттагы оппонентинен кутула коюштун амалын издеген, кандай адам өзү” деп, жакабызды кармадык. Элдин эсинде болсо керек. Ош окуясы болордон бир ай мурда Азимбек Бекназаров экөө кадр маселеси боюнча катуу урушуп кетишкен эле. Интернет булактарында телефондук сүйлөшүүлөрү турат.

 

Аттырып салалы дегенине, менимче, ошол тирешүүлөрү себеп болсо керек деп ойлойм. Бирок, ошондой болсо дагы адам баласы мындай кадамга барбаш керек эле.


16-июнь күнү Бишкекке учуп кеттик. Ок тийип, жарадар болгон балдар биз менен самолётто бирге учушту. Кансырап жаткан мекендештерибизди көрүп, заманам тарып бара жатты. Канча бир бийиктикте учуп баратып, өмүр менен күрөшкөн картинаны мен жеткире албайм. Эч кимиси көз жумбай, ооруканага жетип алса деп тилек кылдым. Бишкектин “Манас” аэропортуна келгенде, “үйдө баатыр, жоодо жок“ болуп жүргөн чиновниктерди ошол жерден көрдүк. Жарадар болуп келе жаткан балдарды, тез жардам чакырып салып берип, ооруканага жөнөтүштүн ордуна, ошол эле жерден сурак кылабыз деп башташты. Ок жеп, жаны кейип, араң келе жаткан балдар кантип сурак берет деп ойлошкон да жок окшойт. Урушуп жатып, араң дегенде ооруканага жөнөттүрдүк.


Түз эле Республикалык штабка келип, гуманитардык жардам чогулта баштадык. Ушул жерден кыргыз элинин биримдигине ыраазычылыгыбыздыбилдирип коюшубуз керек. Заматта КамАЗ , КамАЗ гумжардамдар чогулуп калды. Бир ай бою түштүккө тынымсыз дары-дармек, тамак-аш, кийим-кечек жөнөтүп турдук. Мына ушуларды эстегенде өрттүн жалынында алсыз болуп, кан жутуп турган элиме аз да болсо, жардам бериптирмин деп калам.

 

* * *
Шайлоого үгүттөр кызуу жүрүп жатты. “Ата-Журт” партиябыздын түндүктө кадыр-баркы абдан эле төмөн болуп туруп алды. Анткени, “Бакиевдин партиясы” деп, убактылуу бийлик КТР аркылуу байма-бай көрсөтүп турду. Буга себеп бар эле. Анткени, “Ак-Жол” партиясында депутат болгондордун бир тобун партиябызга кошуп алган элек (мунун себебине төмөндө кененирээк токтолом).


«Ак-Жол» бажы бекетинен Алматыдан келе жаткан түрк бизнесменинин (акча алмаштыруу жайдын кожоюну) 750 миң долларын кармап алышып, ”Мына, “Ата-Журт” партиясына Бакиев берип жибериптир, кармап алдык” деп күнү-түнү дебей, КТР кайталап турду. Ал акчасын түрк бизнесмен жигит соттун чечими турса да, бүгүнкү күнгө чейин ала албай келе жатат. Себеби, ошол кезде эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сугунуп коюшкан экен. Мендеги маалымат боюнча, СДПК нын шайлоо иштерине колдонуп коюшкан. Мыйзам боюнча, андай акча түздөн-түз казынага келип түшүп, талаш-тартыш бүткөнгө чейин ошол жерде сакталып турушу керек эле. Бир тыйыны да түшкөн эмес экен.


Ошентип, партиябыздан төбөсү көрүнгөн түндүктүк саясатчылардын баары качып туруп алышты. Көлдүк төбөсү көрүнгөн саясатчы агаларыбыздын баарына кайрылдым. Биринчи ондукка коюп депутат кылалы, келиңиздер, мамлекет үчүн иштеп берели деп. Бир эле жооп алам. «Силердин партия Бакиевдики турбайбы» дешет. КТР дин берүүсүнөн кийин чындыгында элге андай эмес , мындай деп ишендириш кыйынга турду. Кандай жалган маалымат болбосун, карапайым калк талдап олтурбай, дароо ишенип алышат экен. КТРК нын бул кылыгы бүгүнкү күнү да уланып келе жатат. А чындыгында “Ата-Журт” партиясын 2006-жылы депутат болуп турган мезгилибизде түздүк эле.

 

* * *
Бийликтин маалымат согушу күчөй берди. Түндүк үчүн биздин партия безгек партия болуп туруп алгандай болуп калды. Чүйдөн Мыктыбек Абдылдаевди чакырдык. Ал киши штабка келип, Акматбек Келдибеков үчөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук. Ал киши да кыйылып, “эртең-бүрсүгүнү жообун  берейин” деп туруп алды. Бир маалда, “эмне кылсаң да, макул кылчы, мен кеттим” деп Акматбек Келдибеков кетип калды. Тизме боюнча мен биринчи турмак элем. - Мыктыбек Юсупович, сиз, баарыбызга баш-көз болуп, тизмеде биринчи туруп бериңиз. Сизди биринчи коёлу, -  дедим. Дароо макул болду. Биринчиликти Өмүрбек Суваналиев байкебиз үмүт кылып турганбы, айтор болор-болбос бир нерсеге таарынып, башка партияга кетип калды. Кубан Кадыров күпүлдөп түрган убагы эле. Ага кезигип калып, - СДПК дан чыгып кетиптирсиң, биздин партияга 20 нын ичине коёлу, депутат болосуң, - десем, - Силер бакиевчилерсиңер да, өтпөйсүңөр, - деп шылдыңдап, “Ак-Шумкар” партиясына барып, 20 дан кийинки тизмеге туруп алды.


Марат Султанов Акматбек Келдибеков аркылуу биздин партияга кошулам деген оюн билдирди. Камчыбек Ташиев “киргизбейбиз” деп караманча каршы болду эле, Акматбек Келдибеков экөөбүз эки күн дегенде араң макул кылып, М.Султановду кошуп алдык.


Эртеси күнү Акматбек Келдибеков, - Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, Москвада экен. Аны да арабызга кошуп алалы. Акча агылып келет. Бишкек шаары менен Нарын облусун каржылайт. Ал жактарды оңой эле жеңип чыгабыз, - деди. Саясий Кеңешке салдык. Жарымы макул, жарымы каршы. Каршы болгондор, - Бакиев менин атам” деп сүйлөгөн видеосу бар. Эгер ошол жерин убактылуу бийлик, КТРК аркылуу бир көрсөтсө анда, түндүктөн үмүтүңөрдү үзө бергиле, - дешти. Макул дегендер, - Каражат жагынан кыйналып жатпайбызбы. Эгер акча агылып келе турган болсо, кошуп алалычы, - дешти. Ошентип, Нариманды дагы кошуп алдык. Бирок, кийин жагында каражат жагынан бир тыйын жардам деле болгон жок.


Эртеси күнү Азамат Кангелдиев келди.

 

- Чүй облусун каржылаганга Мыктыбек Юсуповичте да, менде да акча жок кыйналып жатабыз. Биз Динара Исаеваны Кара-Балта боюнча кошуп алышыбыз керек. Ал колунан келген жардамын берип жатат, - дешти. Талаш-тартыш, ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Анткени, Данияр Үсөновдүн жубайы эле да. Түштүк тарапка жооп берүүчүлөр, “Бизге баары бир. Түндүктүктөр өзүңөр чечкиле» дешти. Анткени, бакиевчилер деген кара пиар түштүк тарапка анча деле таасир бербейт болчу. Бирок, түндүк тарапка терс таасир берип турган. Ошентсе да ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, кошуп алдык. Мына ушул себептерден улам, Ак-Жол бажы бекетинен кармалып, Убактылуу өкмөт жеп алган 750 миң доллар түрк бизнесменинин акчасын Бакиев “Ата-Журт” партиясына берип жибериптир деген ушак маалыматка эл ишенүүгө аргасыз болду го деп ойлойм. Чындыгында, кудай төбөдө карап турат. Бакиевдерден бир тыйын алган эмеспиз. Республикалык штабды жетектедим. Ар бир тыйынды эсептеп, эч нерсеге жеткире албай, эмне деген кыйынчылыктарды көрдүк. Кара пиары болсо, баштан ашып кетти. Элибизде айтылгандай, жебеген мантыга акча төлөдүк.

 

* * *
2010 - жылдын сентябрь айлары. Жогорку Кеңешке 120 талапкерден турган тизме түзө баштадык. Шайлоочулардын санына жараша калыстык менен Ош облусуна  25, Ош  шаарына 6, Чүйгө 14, Жалал-Абадка 14, Ысык-Көлгө 10, Баткенге 10, Нарынга 7, Таласка 7, Бишкек шаарына 14, чет элде жүргөн шайлоочуларыбыздын санына жараша 13 орун бөлүп бердик. Мыйзамга ылайык, тизмеде 30 пайыз аялдар, 15 пайыз башка улуттун өкүлдөрү, 15 пайызы жаштар болушу  керек эле. Баары талаптарды так аткарышты. Бир гана Ош облусу боюнча Акматбек Келдибеков аткарбай туруп алды. “Тизмеңди мыйзамга ылайык бер, болбосо, башка облустардын тизмеси бузулат” деп талап койсом, караманча каршы туруп, өзү каалаган кишилерди коюп алып, экөөбүз кызыл чеке болуп кете жаздадык. Жылдыз Жолдошева эжекебиз ортого түшүп, токтотуп калбаганда?...  Жакшы эле түшүндүрүп да айттым: - Акмат, бул жерде жалгыз эле Ош облусу менен шайлоо бүтпөйт. Бул шайлоо - жалпы республикалык шайлоо. Баарына бирдей карайлы, - деп. Түшүнбөдү. Түшүнүп турса да, жасагысы келген жок. Баштапкы берген тизмесин өзгөртпөй коюп, штабдагылар түнү менен убара болуп иштеп, анткени БШК га тизме өткөрүүгө акыркы күн эле. Жалпы тизмени бузуп, жылыштырып, мыйзамга ылайыктап, эртеси өткөрдүк. Ушул жерден беш жылдан бери чай ичишип, дос болуп жүргөн досумдун өзүмчүл, эгоист экенин биринчи жолу билдим. Адамдын чыныгы мүнөзү бийлик кызыкчылыгы талашка түшкөндө, даана көрүнө баштайт экен.

 

* * *
Шайлоонун шайтан оюндары башталып, таймаштар өзгөчө нукта жүрүп жатты...


“Ата-Журт” партиясынын тизмесинде биринчи ондукта турган он кандидат (лидерлер), республикалык шайлоо фондун каржылайбыз деп моюнга алдык. Бул үчүн ар бирибиз ортого 100 миң доллардан таштамай болдук. Мындан сырткары, жети облусту жети лидер өздөрү каржыламай болушту. Ысык-Көл облусун Садыр Жапаров, Нарын облусун Нарынбек Молдобаев, Чүй облусун Мыктыбек Абдылдаев менен Азамат Кангелдиев, Талас облусун Дастан Жумабеков, Ош облусун Акматбек Келдибеков, Жалал-Абад облусун Камчыбек Ташиев, Баткен облусун Арзыбек Бурханов, Ош шаарын Марат Султанов, Бишкек шаарын Жаныш Кудайбергеновдор моюнга алышты.


Чынын айтышым керек, кандай гана шайлоо болбосун, көп акчаны талап кылат. Мыйзамда шайлоо фонду 50 млн сомдон ашпасын деп жазылып турганы менен практика жүзүндө 500 млн сомдон жогору чыгымдаган учурлар болот. Мисалы, Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер эң аз дегенде 15 млн доллар (750 млн сом) сарптайт. Ансыз өтпөйт. Анткени, шайлоодо ар бир кыймыл акчасыз бүтпөйт. «Мен мекенчилмин» деген агитаторго деле азыраак акча төлөп калсаң, “Баланча деген талапкер, сага караганда көбүрөөк төлөп берип жатат. Ошого барып иштеп берем” деп кетип калган учурлар көп кездешет. Ошентип, агитация кызуу жүрүп баштаган мезгилде, кайсы талапкер көп төлөп берет болуп жарыш башталып кеткен учурлар болот. Ушул шайлоодо ар бир облуска аз эмес каражаттар жумшалды. Алды чоң облустар мисалы, Ош облусу 1,5 млн доллар, арты (Талас, Нарын), 200 миң доллардан сарпташты.

 

* * *
Эл менен жолугушуу кызуу жүрүп жаткан мезгил. Убактылуу өкмөт “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин ар  биринин артынан катуу аңдууларды коюп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлгө  алып турушкан. УКМК нын кызматкерлери ар бир жолугушуубузду видеoкамерага тартып, Ак үйгө жөнөтүп турушту. Лейлекте эл менен жолугушууда алар тараптан атайын даярдалып берилген

 

- Бакиевди алып келе аласыңарбы? -  деген суроосуна Камчыбек Ташиев:  - Ооба, Бакиевди акыры биз алып келебиз, - деп жооп берип койду. Ушул жерден Убактылуу өкмөттүн күнү тууп жиберди. Лейлектен келген видеоматериалды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир кабинетке чогулуп көрүшүп, сүйүнгөндөрүнөн коньяк да ичип жиберишип, дароо эле КТР ге жөнөтүшүптүр. Шайлоого төрт күн калган эле. Ушул жерден Убактылуу өкмөт чоң ката кетирди. Эгер бир аз күтө турушуп, шайлоого бир күн калганда кетиргенде «Ата-Журт” партиясы түндүктөн өтпөй калат элек. Анткени, Ташиевдин бул сөзүн КТР ден көрсөткөндөн кийин түндүк тарапта партия ичинде катастрофа жүрүп кетти. Штабдарыбызда бир дагы агитаторлорубуз калбай, штабдарды жаап салып, качып кетишти. Республикалык штабыбызга Э.Каптагаев уюштурган 30 дай кишилер келишип, сыртта илинип турган баннерлерибизди сыйрып, өрттөп салышты. Муну да КТР ден тынбай көрсөтүп турушту. Булардын баарын Каптагаев телефон аркылуу башкарып турду.


Таластан Дастан Жумабеков телефон чалып, кадимкидей эле жашыды, "Камчыкенин бул эмне кылганы? Менин отуздай эле балам калды. Штабда отурам. Сыртта КамАЗ дар менен   келип тегеректеп, сигнал басып турушат. Өрттөйбүз деп  жатышат, эмне кылам?", - деп. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарына телефон чалсам, бир да штаб албайт. Баары өчүк. Республикалык штабда жалгыз өзүм калыптырмын. Мыктыбек Юсуповичке чалсам, кудай жалгап үйүндө экен. Дароо штабка  жетип келди. Сыртта баннерди өрттөп жаткан 30 дай кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, акырын узатып жибердик.


Штабдарыбыз каңгырап бош  калды. Шайлоого үч күн калган эле. Эки күндөн кийин үгүт иштери токтойт. Эмне кылыш керек? Ташиевдин сөзүн КТР ден берген маалымат менен интернетке салган маалыматтарын салыштырсак, экөө эки башка болуп чыкты. Ташиевке телефон чалсам, “мен антип айткан эмесмин, ал монтаж” деди. Түнү менен олтуруп, бардык видеоматериалдарды  чогултуп, Болот Тиллебаев экөөбүз кайра КТР ден көрсөттүрүү үчүн “Бул монтаж экен” деген көрсөтүү даярдадык. Ар бир минутасына 120 миң  сомдон акча төлөп, эки күн бою биз да КТР ден “Бул монтаж экен” деп көрсөтүп туруп алдык. Ошондон кийин түндүктөгү агитаторлорубузду өзүбүзгө бура алдык. Ошондо да баарын толук эмес. Штабдарыбыз кайрадан жанданып, иштеп калышты. Бирок, баары бир эки күндүк убакыт аздык кылды. Шайлоочуларды буруш үчүн убакыт жетишсиз болуп калды. Ошентсе да, шайлоодо биринчиликти алып, парламенттен 28 депутаттык  орунга ээ  болдук. Эртеси күндөн баштап, депутаттык орундарга талаш башталды. Анткени, шайлоо башталганда эле ар бир талапкерге өзүнчө округдарды бөлүштүрүп  берген элек. Ошол округдан 7000 добуш алган  талапкер депутат болмок. Анча добуш албагандар биринчи ондукта олтурса дагы өз арызын жазып, мандаттан баш тартып чыгып кетмек. Менин билишимче, азыркы парламентте  олтурган беш партиянын ичинен “ Ата-Журт ” менен “Республика” партиялары ушундай эреже менен барышкан эле.


Бул эреже боюнча, «Ата-Журт” партиясынын тизмесинде 67 чи орунда турган талапкер 28 чи орунга түшүп, депутат болуш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Анткени, алдыңкы сапка  туруп, бирок 7000  добуш албай калган талапкерлер өз эрки менен арыз жазып чыгып кетпей, ызы-чуу башталды. Талапкерлер ич ара мушташканга чейин барышты. Акматбек менен Камчыбек экөө тең жок. Шайлоонун эртеси күнү Россияга эс алганы кетип калышыптыр. Талапкерлер штабда менин эшигимди тытып  жатышты. Бири-бири менен мушташып да кетишти. “Ата-Журт” фракциясы экиге бөлүндү. Жетиштүү добуш албай калган талапкерлер бир тарап, артында туруп, 7000 добуштан 17000 добушка чейин алып келгендер бир тарап болушту. Көбүн эсе добуш албай калып ызы-чуу баштаган талапкерлер түндүк тараптан болду. Алардын койгон дооматы, “Ташиев эмне үчүн добуш берүүгө үч күн калганда, Бакиевди алып келебиз деп айтат? Биз жакты (түндүктү) деле ойлоп койбойбу. Эгер ал антип айтпаганда, биз ар бирибиз жетиштүү добуш алмакпыз” дешет. Чындыгында, койгон дооматтары туура эле болду. Жогоруда айткандай, КТР аркылуу Ташиевдин сөзү көрсөтүлгөндөн кийин, түндүк тараптан добуш алыш тирүүнүн тозогу болду. Ошентип, канчалык ызы-чуу болгонуна карабастан, тизмебиз эч өзгөрбөстөн алдыңкы катарда турган 28 депутат ант берип, мандат алдык. Фракциялар аталыштарын жана депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин аппаратына каттоого  берүү күнү аяктап бара жатты. Биздин фракцияда тизме бермек түгүл, күндө эки-экиден  мушташ. Каттоого акыркы күн калганда, 10 чакты депутатыбыз “Ата- Журт-2” фракциясы деген ат менен каттоодон өтө турган болуп калышты. Түнү менен Талант Мамытов экөөбүз фракциянын регламентин жазып, эртең менен эрте баарын бир кабинетке топтоп, ынтымакка чакырып, кол койдуруп, аппаратка өткөрө салдык. Ошентип, бир эле “Ата-Журт” фракциясы болуп катталдык. Бирок, баары бир деле депутаттык орунга талаш бир жыл бою токтогон  жок.

 

Бийлик кумары


Үч фракциядан, СДПК, “Ата Мекен”, “Республикалардан” турган коалиция түзүлдү. “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” оппозицияда калмай болуп калдык. Эртеси күнү А.Атамбаев премьер-министрликке, Ө.Текебаев спикерликке шайланмай болушту. Түнү менен Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Алтынбек Сулайманов, Нариман Түлеевдер чуркап жүрүшүп, “Республика” партиясынын он депутатын каршы добуш берүүгө макул кылышты. Ошентип, эртеси “Республиканын” он депутаты тескери  добуш беришип, биринчи коалиция кулады. Экинчи коалицияны СДПК, “Ата-Журт”, “Республика” түзмөй болдук. Сүйлөшүүлөр, кызмат бөлүшмөйлөр башталды. Премьер-министрлик баягы эле А.Атамбаевке тиймей болду. Спикерликти көздөгөндөр көп болуп турду. Акматбек Келдибеков Камчыбек Ташиев экөөбүздү конокко чакырды. - Кыскасы, балдар, мен спикер болушум керек. Мени колдоп бергиле, - деди. Камчыбек Ташиев каршы позициясын көрсөтө баштады эле, аны дароо эле, - Сен эмки жылы президенттик шайлоого барам деп жатпайсыңбы. Мен спикер болуп турсам, катуу колдоп берем. Ош облусунан көпчүлүк добушту алдым деп эсептей бер. Керек болсо, бир жарым миллион доллар кетет, аны да өз мойнума алам, - деди эле Камчыбек досум жибий түшүп, макул болуп жиберди. Эгер биздин партия спикерликтен баш тартсак, бизге 1-чи вице-премьерлик, 8 министрлик, 5 облустун губернаторлугу тиймек болчу. Анда өкмөттүн курамынын 70 пайызын биздин партия ээлеп калат элек. Акматбек Келдибековко:

 

- Спикерликтен баш тартпайсыңбы. Арткы тизмеде турган, добуш алып келген талапкер балдарыбыздын дагы маселеси чечилет. Сен биринчи вицеликке барсаң жакшы болот эле, - дедик. - Жок. Мен спикер болсом, алардын проблемасын үч күндө чечип берем, - деп аларга да жигиттик сөзүн берип, өз мойнуна алды. Экөө мени карап, - Сен кайсы жакты аласың?- деп сурап калышты.- “Президенттикти да, спикерликти да талашпайм. Сот системасын реформа кылыш үчүн комитеттин башчылыгына эле барайын, - дедим.  - Оо, сеники жеңил эле экен. Аны эч проблема жок алабыз, - дешти. Үчөөбүз кол алышып, «Ушул позицияларыбыздан тайбайбыз, сөздөрүбүздө турабыз” деп жигитче кол алышып, антташып тарап кеттик. Эртеси, Акматбек Келдибековду 103 добуш менен эч тоскоолдуксуз эле спикер кылып өткөрдүк. Оппозицияда калган депутаттардын дагы добуштарын алдык. Спикерликке өтпөй калган Ө.Текебаев баш болуп, караманча каршы чыгып жаткан Болот Шер төш болуп, экөө тең бюллетендерин көрсөтүп, ачык салып беришти. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, реалдуу бийлик биздин “Ата-Журт” партиябызга өттү. Бул тарыхый күндөн күндөн баштап, Акматбек досубуз таптакыр башка саясатчыга айланды. “Бийлик берип сына” деген кепти аргасыз эстейт экенсиң. Баягы жалындуу жигиттик убадалардын баары кумга сиңгендей жок. Арткы тизмеде депутаттык орун күтүп турушкан он чакты балдар күндө, Камчыбек экөөбүздүн эшигибизди тытышат. Иш күнүбүз иштебестен эле ызы-чуу, ички разборка менен бүтөт. Бир жылга жакын убакыт уланды. Акматбек  болсо, хандык мүнөз күтүп, аларды кабыл албай да койду. Аскерлерден ары өтө алышпайт. Эптеп кирип барган талапкерлерди кууп чыгат. Айтор, бир жыл бою уруш-талаштан башыбыз чыкпады. Ташиев менен Бахадыр Сулеймановдун мушташы да ошондон келип чыкты. Канча балдарыбыз бири-бири менен мушташып, жүз карашпай калышты. Ошентип, Жогорку Кеңеште иштебей жатып “Ата-Журт”  чачырап кеттик. Ынтымагыбыз ыдырап, бөйрөгүбүз бөксөрүп, ит-мышык болуп калдык окшойт.
                         

Мезгил... мен тандаган мыйзамдуулук


Мезгил өз нугу менен агып, жашоого жарышып, саясат улана берди. «Баары эсептеше турган реалдуу саясый күч пайда болду» деген таризде шайлоочуларыбыз ишеним артып турду. Бүткүл кыргыз элинин көйгөйүн чечүүгө бел байлашыбыз керек деген ой менен жашап, иштеп, жеке амбицияларды четке кагып, Соттук реформа боюнча комитеттин башчылыгына шайландым. Сот системасына тиешелүү беш мыйзамды жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирип, төрт ай ичинде иштеп чыктык. Ал мыйзамдар боюнча соттор Ак үй же көк үйгө баш ийбестен, мыйзамдын кулу болуп иштөөчү мыйзамдар эле. Жазылып жана кабыл алынып жатканда Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Э.Каптагаевдер көп деле түшүнүшкөн эмес. Ал мыйзамдарга Р.Отунбаева кол коюп, күчүнө кирип иштей баштаган. Кийин практика жүзүндө реформа башталганда, толук түшүнүп калышып, сотторду колубуздан чыгарып жиберет экенбиз дешип, болор-болбос шылтоо менен “Садыр Жапаров сотторду тандоо кеңешинин башына Замирбек Базарбеков аттуу тууганын (ал өзү Токтогулдан, мен Көлдөнмүн) коюп алыптыр” дешип, мага каршы аялдарды топтоп кыйкыртып, “комитеттин башчылыгынан кетсин” деп добушка койдуртушту. Мындан сырткары, “Садыр Жапаров менен Феликс Кулов экөө соттордон эки миллион доллар топтоп алышыптыр”  деген да жалган ушак таркатышты. Албетте, мага каршы кыйкырып жүргөн аялдар мындай ушактарга ишеништи. Бул ушакты Токтогул Туманов таркатып жүргөн экен. Бир күнү фойеде Жыргал Саматов, Туратбек Мадылбеков, Тынчтык Шайназаров  болуп, кофе ичип олтурсак, Токтогул Туманов келип калды. - Эй, акмак, сенде бет барбы? Эмне, катындын ушак сөзүн таркатып жүрөсүң? - десем, ал  - Садыр Нуркожоевич, өзүңүздүн досуңуз, болгондо да спикер досуңуз айтып жатса, анан ишенем да. Ошол үчүн таркатып жүрөм, - деди. Үстүмдөн ылдый муздак сууну куюп жибергендей эле болдум. Спикер досумдун кабинетине барсам, Ошко кетиптир. Телефондон, - Сенде бет деле калбай калган турбайбы. Мен болгон күчүмдү жумшап, сот тармагын реформа жасап коёлу деп чын дилимден чуркап жүрсөм, сенин бул эмне кылганың?, - десем, - Туманов калп айтат. Келгенде беттештирем, - деди. Үч күндөн кийин Оштон келди. - Ии, беттештирет экен, - деп күтсөм ошол бойдон жок. Көрсө, Тумановко барып, - Эмне Садырга айтып салгансың? Азыр беттештирейин, сен мени айткан эмес деп койчу, сураныч, - деген экен. Туманов болсо, үч тамгага жибериптир. Ошол себептен беттештире албады. Мен муну менен эмнени айткым келет? Саясатта калп айтып, бирөөнү жамандап, жеке  маселесин чечкен адамдар көп болот экен. Тилекке каршы, көпчүлүк алардын айткан сөздөрүнө ишенип ооп кетишет. Баары убакыт өтүп, чындык чыккандан кийин билинет. Бирок, кеч болуп калат. Учурунда андай жалган ушактар жеке адамдан баштап, коомго чейин эбегейсиз зыянын тийгизет. Кайра оңдой алгыс каталыктар кетет. Мындай жалган жалаа, ушактарга жол бербей коюуга мүмкүнчүлүк болбой калган учурлар көп. Айла жок, жашоо өзү ушундай тура. Мезгил гана чындыкты өз ордуна коёт экен. «Убакыт тараза» деп бекеринен айтылбаса керек.
Тагдырдын тамашасы менен Акматбек Келдибеков, “Садыр Жапаров комитеттин төрагалыгынан кетсин” деп сессияда эки жолу добушка койду эле, экөөндө тең өткөн жок. Үчүнчү жолу кайрадан добушка коёрдо, Каныбек Иманалиев чыгып, “Уялсаңар болбойбу? Бет барбы силерде? Көчөдөн келген аялдардын сунушун качан добушка коюп, комитеттин төрагасын кызматтан кетирип кылгансыңар?” деди эле, уялып кетишип, анда коалиция чечсин, ошол жакка жөнөтөлү деп жөнөтүп коюшту. Кийин фракциябыз коалициядан чыгып калгандан соң, төрагалыкты өткөрүп бердим. Жүрүп жаткан реформаны толугу менен токтотушуп, баягы беш мыйзамды түп- тамырынан бери өзгөртүшүп, сотторду толук Ак үйгө көз каранды кылып беришти. Эгер элдин эсинде болсо, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, Д.Нарынбаев үчөө Жогорку сотко өткөн кандидаттарды Өзбекстандын Баш мыйзамын, чет элдин мыйзамдарын билбейт экен деп КТР дан шылдың кылып көрсөтүшүп, элдин көңүлүн таптакыр тескери жакка буруп, өздөрүнүн кылып жаткан кыянат иштерин туура кылып көрсөтүштү. Анткени, эгер ошол биз жазган беш мыйзам менен реформа аягына чыгып кеткенде, соттор бүгүнкүдөй ар кимдин кол баласы болбостон, мыйзамдын кулу болуп иштеп калышар эле. Бул жагдай Убактылуу өкмөткө жаккан жок. Анткени, башчылары айрым бир иштерди туура эмес кылгандары үчүн убагы келгенде жооп берип калышмак.


Бүгүнкү күндө соттор өздөрү да ошол кездеги реформа аягына чыгып кеткенде сот системасы оңолуп калат элек дешип, арман кылып олтурушат. Азыр болсо, кандай гана маселе болбосун, Ак үйдөн момундай чеч деген команда келсе, ошондой чечим чыгарып коюп олтурабыз деп күлүп калышат. Кыргыз эли мамлекеттен эмнени күтөт? Адилеттүү мыйзам жолундагы башкарууну күтөт. Мыйзамдуулукту сактоо менен калыс башкарууну коомдо орното албаса, эки бийликтин тагдыры кайталана берээри - бул турган иш.Түпкүлүктө эл үчүн кызмат кылам, эл үчүн күйөм, өлкөнү өнүктүрөм деп жанын аябагандардын чыныгы жүздөрү, ушундай саясий электерде көрүнүп калды. Бир ууч интриган саясатчылардын күнү тууп жатканын кабыл алууга аргасыз болдук окшойт.
   

Үч миллион долларга байланган пенделик


Кандай кырдаалдар жаралбасын, пенделик деген нерсе жеңип кетээрине көп турмуштук сабактар мисал болду. Түсүн өзгөрткөн адамдарды көп жолуктургандан, «адамдардан баарын күтсө болот” деп чыйралып жүргөн күндөрдүн биринде Камчыбек Ташиев, “Казак досубуз келип калыптыр. Жүрү, чай берип коёлу” деп түшкү тамакка чакырып калды. Талант Мамытов үчөөбүз ээрчишип алып, барып калдык. Казак досубуз менен учурашып, бирге тамактанып олтурдук. Сөз арасында казак досубуз, “Биз силердин партияңарга колдон келишинче, каражат жагынан жардам бердик. Ыраазы болдуңарбы?”, - деп сурап калды. Камчыбек, Талант үчөөбүз  бири-бирибизди карап, таң калып эле калдык. “Мен республикалык штабды жетектедим. Бир тыйын бирөөдөн акча алган жокпуз. Эптеп-септеп, өзүбүз чогултуп, каржыладык. Силердин бир тыйын жардамыңарды көргөн жокпуз”, - деп шак эле айттым.


- Кандайча?- деп үчөөбүздү тике карап, - Шайлоо алдында үч миллион долларды Акматбек Келдибековко берип кетпедим беле?- деп оозубузду ачырды...

 

Үчөөбүз аң-таң болуп эле бир сөз айта албай, олтуруп калдык. Ал да ыңгайсыз болуп кетти. Түз эле Акматбекке бардым.

 

- Казак дос берип кеткен үч миллион долларды эмне сугунуп  алдың? Партиянын кассасына төгөсүң,- дедим. Албетте, “төкпөйм” деди.

 

- Аны шайлоого жумшагам, тигиге бердим, буга бердим, - деген ар кандай шылтоолорду айта баштады. Эртеси фракциянын жыйынына 28 депутаттын кароосуна салам деп чыгып кеттим.

 

Кечки саат  21:00 дө Камчыбек Ташиев үйүмө келди.

 

- Казак досубуз суранып жатат. Эки-үч айга чейин ызы-чуу чыгарбай турсунчу. Андан кийин эмне кылса, өзү билсин дейт. Ошол себептен эртеңки фракцияда маселе көтөрбөй турчу,- деп суранды.

 

- Макул. Бирок, баары бир, бул иштин аягына чыгам,- дедим. Менин ыза болгонум, кеп акчада эмес эле. Шайлоо маалында борбордук штабыбызда акчабыз жок, абдан кыйналган күндөр болгон. Үгүт иштерине, радио-телелерге төлөгөнгө акчабыз жетишпей, достордон кайырчы сымал акча сурап, кийин кайтарып турган күндөрүм  болгон. Ошентсе да, шайлоодо ушундай кыйынчылыкка карабай, маарага биринчи келдик. Акматбек досубуз болсо, үч миллион долларды кымтып алып, эч нерсе билмексен болуп олтурган экен. Эгер бардык округдарга, айрыкча каражаттан да, саясаттан да аксап жаткан, түндүк тарапка жардам бергенде 28 эмес, андан да көп орун алганга мүмкүнчүлүгүбүз болот эле.
Бул эле кылыгы эмес, эми мынча болду, орчундуу кылыктарын жазайын. Акматбек Келдибековдун айланасына көп токтолуп кетиптир деген ой кетиши мүмкүн. Сөз атасы келип турганда, мен муну айтып коюшум керек деп эсептейм. Камакта жаткан кезинде журналисттер ушул окуялар боюнча суроо беришкенинен «өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылбайын деп жооп берген эмесмин. Азыр эми эркиндикке чыкпадыбы, жаза берсем болот.

 

* * *
Биздин фракцияга эки губернаторлук орун тийип калды. Ысык-Көл, Баткен облустары. Ысык-Көл облусуна талапкер издей баштадым. Нурдин Абдылдаев кошунам аркылуу чыгыптыр. “150 миң доллар берейин, мени губернатор кылып койсунчу?” деп. Чакырыңыз, мага үйгө келип кетсин дедим. Үйгө келди. Олтургузуп алып, “Нурдин, сен мага 150 миң доллар берип, губернатор болуп барып, кайра ошол акчаны элдин жон терисинен сыйрып алганы жатасынбы? Экинчи мындай сөзүндү укпайын. Мен билем, сен жакшы ишкерсиң. Токтоп калган заводдорду ишке киргизип, бутуна тургузгансың. Ошол иштериң үчүн мен сага ишенем. Сен жакшы иштеп, облусту бутуна тургузсаң, мага ошол эле жетиштүү. Макул, сени губернатор кылайын. Жакшы иштеп бер. Бир тыйын акчаңдын кереги жок. Эл үчүн иште. Ар бир районго бирден сүт заводдорун курасың”,- деген талапты коюп жибердим. Макул болуп, губернатор болуп барды. Бир топ жакшы иштерди баштаган, бирок аз убакыт иштеп калды. Биздин фракция коалициядан чыгып калып, кызматтан кетти.


Баткен облусуна Арзыбек Бурхановду губернаторлукка көрсөтүп калдым. Бул маселе боюнча Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков экөөнүн макулдугун алыш керек элем. Камчы Ташиев: “Президенттик шайлоодо калыстык кылып туруп берсең эле болду, мен макулмун” деди. Арзыбек Бурханов экөөбүз Акматбек Келдибековко кирдик. Ал болсо, “Мен макул эмесмин. Мунуң шайлоого он күн калганда партиядан чыгып, Баткенди таштап кетип калган” деген дооматын коё баштады. Чындыгында, Арзыбек Бурханов шайлоого он күн калганда чыгып кетип калган. Анын андай кылышына Акматбек Келдибеков өзү күнөөлүү эле. Себеби, партия лидерлери эл менен жолугушканы Баткенге барганбыз. Арзыбек Бурханов стадион толтура шайлоочуларды топтоп, күтүп аткан экен. Мына азыр эл алдына чыгып сүйлөй баштайбыз дегенде Акматбек Келдибеков бирөөлөрдүн ушак сөзүнө ишенип, “Арзыбек, сен биз менен элдин алдына чыкпай эле койчу. Сени эл жактырбайт экен. Көп жолу алдап кетиптирсиң” дейт. Анан мындай учурда ким карап турмак? Албетте, Арзыбек таарынып кетип калат. Ошентип, талашып-тартышып олтуруп, “Арзыбектин кетип калышына сен да күнөөлүүсүң. Эмне үчүн стадион толтура элин топтоп алып, бизди күтүп жатса, сен андай дейсиң?”- деп жатып араң көндүрдүк. Сөз арасында Арзыбек Бурхановко экөөнүн ортосундагы жеке иштери боюнча дооматтарын айтып кирди. “Силердин жеке иштериңерге аралашпай эле коёюн, негизи макул  болдуң, губернатор болуп барсын”,- деп чыгып кеттим. Мен чыгып кеткенден кийин  Арзыбекке: “Сен эмне, бекер эле барып губернатор болуп олтуруп калгың барбы? Сен Баткенди таштап кетип калгандан кийин, мен ал жерге 200 миң доллар сарптагам, ошону бересиң”,- деп талашып-тартышып олтурушуптур. Мурда өзү Арзыбекке карыз болуп, бербей жүргөн 200 миң долларын бербей коюптур (бул окуя кечээ жакында ачыкка чыгып олтурат). Чындыгында, Баткен облусу эбак эле республикалык штаб биринчи ондукта олтурган талапкер тараптан толук каржыланып, шайлоо күнүн гана күтүп калган эле .


Ордо оюну   


«Бороондогу Ата журт» деген сөздү ушул жерден кайрадан аргасыз эстеп турам. Өчкөн от жанып, өлгөн жан тирилгендей,  2011- жылдын жай мезгили болуп турган чагы эле.Тар жол, тайгак кечүүдөгү кайратман күрөштөр кайра башталгансыды. “Ата-Журт” фракциясы «коалицияны бузуп, жаңы өкмөт түзөлү. Антпесек, бул өкмөт болбой калды» деген маселе койдук. Ал үчүн фракциябыздын 20 депутаты макул болуп, колдоп турушту. Акматбек Келдибеков баш болгон 8 депутатыбыз каршы чыгышты. Кабинетине барып,- Акматбек, маселе чечилип калды. Каршы чыкпай эле кой. Сен спикер болуп кала бересиң. Текебаев, Куловдор менен чечиштик. Жаңы күчтүү өкмөт түзбөсөк, бул өкмөт жыргатпайт. А.Атамбаевдин кылыктарын көрүп турасың. Мамлекетти сазга алып барып, тыга  турган болуп калды. Күздө президенттик шайлоо болот. Тактыктуу бирөө шайлансын, - дедим. Караманча каршы чыгып, эч макул болбоду. Ачык эле,- Мен Атамбаевке коалицияны бузбайм деп сөз бергем,- деди. Ары тарттык, бери тарттык, болбоду

.

- Садыр, спикерликти мага кудай берди. Эми бул орундан мен ажырап калбашым керек,- деп чырылдап жатты... Жакшы эле айттым: “Акмат, Атамбаев президент болуп калса, биринчи сени жок кылат. Андан кийин мамлекетти жок кылат. Көрүп жатасың го, экономика, ички тышкы саясат менен алектенбей эле душмандарын сындап, ушак менен күн өткөрүп келе жатат”,- дедим. Макул  боло турган түрү жок. Эртеси фракцияга салып, чечим чыгармай болдук. Саат 13:30 -14 дө фракциянын жыйыны башталганы жатканда, Камчы Ташиев экөөбүз иш бөлмөсүндө олтурсак, Акматбек Келдибеков менен Мыктыбек Юсупович экөө киришти. Бир аз убакыт өтпөй артынан А.Атамбаев кирип келсе  болобу. Ушул жерден айта кетүүчү чындык,  А.Атамбаев эзели парламентке бирөөнүн кабинетине басып келчү эмес. Тетирисинче, спикер баш болуп, Атамбаевдин кабылдамасында олтурушчу эле. Мына, бийликтин таттуулугу. Бетти сыйрып салып, кызматтан ажырап калбайын деп Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүнө жетип келгенин карагылачы.


Дароо эле,”Камчыке, сага эмне болуп жатат? Мен жаман иштеп жатамбы, жакшы эле иштеп жатам го”,- деди. Камчы досум болсо, “Менде маселе жок. Садыр эле болбой жатпайбы”,- деди. Маңдайда олтурган  Акматбек: “Оо, мына, Камчы менен маселе чечилди. Эми Садыр, сен макул болуп, кол  бере сал”,- деди. Атамбаев: “Ой, бул Садыр менин өзүмдүн иним да”, - деп  колун сунду. Мен: “Жок. Мен кол бере албаймын. Фракция чечет. 28 депутатты аттап өтүп кете албаймын. Алар залда күтүп олтурушат. Жүргүлө, андан көрө, фракциянын жыйынын өткөрөлү. Алмаз Шаршенович, сиз бара бериңиз. Биз фракциянын жыйынын өткөрөлү, анан чечимин билдиребиз”,- дедим.
Атамбаевдин сунулган колу сумсайып, кайра артка кетти.


Фракциянын жыйынына чыгып кеттим. Алар "10 мүнөт сүйлөшүп алалы” деп Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүндө калышты.


Фракция башталды. Он беш минутада бүтүрөбүз деген фракция жыйыныбыз эки саат уланды. Акырында фракция лидери Камчы Ташиев, “Бир аптага тайм-аут алып туралы. Дагы ойлонолу”  деп жыйынды жапты. Ушул жерден чоң ката кетирдик. Ошол эле күндөн баштап коалициядан чыгабыз деген сунушту колдоп жаткан депутаттарыбыздын тууган-уруктарын, жолдош, жоролорун УКМК га камай башташты. Эки күн өтпөй, баягы коалициядан чыгабыз деген 20 депутаттан алтообуз эле калдык. Акматбек болсо, дароо “Ар-Намыс” фракциясынын он депутатын өзүнчө бөлүп чыгып, К.Талиеваны лидер кылып койду. Ошентип, жаңы коалиция түзүүгө Жогорку Кеңештин таптакыр мүмкүнчүлүгү жоюлду. Коалиция бузулбай калды. Эгер ошондо коалиция бузулуп, жаңы өкмөт түзүлгөндө, мамлекет бүгүнкү кризиске келип такалбайт эле.


Мына ушинтип, мамлекеттин тарыхый туура жолго түшпөй калышына ушундай саясий интиригалар, оюндар себеп болгон. Акматбек Келдибеков камалган кезинде ММК лар аркылуу айтты го. “Атамбаевди мен сактап калгам. Кийин мени кучактап алып, «Акмат, ушул жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм” деп ыйлаганын унуткан жок болсо керек” деп. Чындыгында, Атамбаевдин президент болушуна Акматтын чоң салымы бар. Президенттик шайлоо башталганда мага келип, мындай деди: “Камчыны кандидатурасын ал дебейсиңби. Баары бир өтпөйт да, деңгээли жок”- деди. “Акмат досум, экөөң антташып, кол алышкансыңар. Мен кийлигише албайм, өзүң айт” дедим. Анын планы боюнча Камчы кандидатурасын алса, өзү коймок. Камчыны алдыра албаган соң, кийин Атамбаевке иштеп кетти. Жыргал Саматов менен Өмүр Бакиров аттуу депутаттарыбызды иш бөлмөсүнө чакырып алып, “Өз районуңардан Атамбаевке көпчүлүк  добушту камсыз кыласыңар” деген буйрук бериптир. Алар болсо, “Эртең Камчыкенин бетин кантип карайбыз? Андай болсо эч кимге иштебейбиз” деп баш тартышты. Буйрук алган бирин-эки башка депутаттарыбыз колдорунан келишинче иштеп беришти. Ошентип, Атамбаевдин Президенттик тактыга олтуруп калышына Акмат өзү айткандай, салымы чоң эле болду. Бирок, Атамбаев тактыга олтургандан кийин “бисмилла” дегенде эле Акматты спикерликтен алып түштү. Мына, караңгыда көз таба албаган чындык. Даражасын калдайтып, калкытып чыгарган түйүндүү окуянын чечмеги ушул.
                

Түркияга кеткен 3 тонна кыргыз алтыны


Ак  калпак калктын  түйшүгү, кайгы-муңу, азап-тозогу тегирмендин ташында айланып жатты. Өйдөдө  өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго куйрук, учарга канат болчу бир жан жок, жан дүйнө муздак дубалдардын курчоосунда калгандай.


2011- жылдын   30- октябрь күнү президенттик шайлоо болуп, элдин баары шайлоо  бурганагы менен алек болуп жаткан эле. УКМК нын кызматкерлери келип, - Бүгүн түнү аэропорттон Түркияга 3 тонна алтын чыгып кеткени жатат, депутаттар силер кармап калбасаңар, биздин тишибиз өтпөйт. Башында үлкөндөр турушат, - дешти.


Дароо эле көзөмөлгө ала баштадык. Спикерге кирип, иштин жагдайын айтып, кармайлы десем: “Фракция лидерлерин чогултуп айт. Кармагыла”, - деди.

 

Ө.Текебаевке бардым. Ал чөнтөк телефонун берип, “Чалсаң, дароо жетип барам”, - деди. Куловко айтсам ал да, “Даяр болом, дароо жетип барам”,- деди. Камчыбек Ташиев болсо, шайлоо менен алек болуп жүргөн. Чыныбай Турсунбеков менен Канат Исаевке айтканыбыз жок. Анткени, Атамбаев премьер-министр, Бабанов биринчи вице премьер-министр эле.


Анализдеп баштадык. “Отунбаева жалгыз чыгарышы мүмкүн. Атамбаев жалгыз чыгарышы мүмкүн. Бабанов  болсо, экөөнүн бирөөсүсүз чыгара албайт. Ошентсе да, фракция башчыларына айтпай эле туралы” деп чечтик. Териштирип көрсөк, бир ай мурда Түркияда жер титирөө  болгон. Ошол шылтоо менен бир самолёт  гумжардам жөнөтүмүш болуп, арасына үч тонна алтын жүктөп кетип жатышкан экен. Ал  гумжардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коштоп  барат экен. Министр Болот Борбиев биздин фракциядан эле. Ага телефон чалсам, Токтогул районунда жүргөн экен,

 

- Менин орун басарым Боронов коштоп   барат, - деди. Камчы Ташиев мага Бороновду чакырып берди. Экөөбүз сүйлөшүп олтуруп, “Сизди кыргыздын мекенчил жигиттеринин бири деп эсептейм. Ошондуктан, сизге аэропорттон самолёт даяр болду, учат деген убакта мага кабарлап койсоңуз”, - дедим. Макул болду. Гумжардамды Ак үйдө эл аралык иштерди тейлеген Сапар Исаков аттуу жигит уюштуруп, ошол көзөмөлгө алып жатканын айтты. Сапар Исаковго телефон чалдым.

 

- Бишкекте ишкер түрк достор бар эле. Алар дагы бир тонна гумжардам чогултуп коюшкан экен. Самолётто орун болсо, сала кетпейсиңерби деп суранып жатышат, - дедим. Бул жөн гана текшерүү эле. Сапар Исаков кечки саат бештерге чейин жообун бермей болду. Жооп болбогондуктан, кечки саат 8 дер чамасында кайра чалдым. - Самолётто орун калбай калыптыр, ошол себептен алып кете албайт экенбиз, - деген жообун айтты. Аэропортто иштеген тааныш балдарга барып, самолёт учаарда кабарлап коюуларын өтүндүм. Ошентип, күтүп жаттык. Ал түнү эмнегедир самолёт учпай калды. Сыягы, аңдып калышты деген кабар жетсе керек. Эртеси кечке маал интернеттен кабар тарады. Түркияга гумжардам жеткирген Кыргызстандын самолёту токтоп турган самолётту канаты менен сүрүп кетип, ремонттоо үчүн Анкарага жөнөтүлдү деген. Көрсө, түнү учурбай, эртеси эртең менен күтүүсүз тездик менен учуруп жиберишкен экен. Ошентип, үч тонна алтынды Түркияга чыгарып кетишти. “Кудай ишимди келтирди, кудай түшүмдү оңдоду” деген кептей, операциялары ишке ашып кетти. Кармай албай калдык. Балким, мен сүйлөшкөн депутаттардын арасынан бири жеткирип койдубу, ким билсин? Биздин аңдыганыбызды билип, көз жазгырып кетишти. Жетиштүү фактылар бар эле. Бул иш боюнча Баш прокуратурада иштеген түптүк тергөөчү жердешим иш баштап бара жатып, тык токтоду. Канатын кайрып коюшту окшойт.


* * *
Саясаттын ызгаарларына, бороондоруна төш тосуп туруп берүү кыйын. Саясат антка, шертке баш ийбеген нерсе экенине толук ынандым окшойт.


2011- жылы «Мегаком» боюнча иш алып бардым. Апрель окуясынан кийин дароо эле 49 пайызын мамлекетке улутташтырып алышып, 51 пайызын эски кожоюндарына кайтырып беришкен экен. Албетте, бекер эмес. Ортодо 15 миллион доллар алышкан. Бардык фактыларды топтоп, ак жүрөк болуп “100 пайыз мамлекетке өтүш керек” деген сунуш кылып, Отунбаева менен Атамбаевке кирдим. Эки күндөн кийин Отунбаева чакырып, - Сиздин сунушуңузду кагаздары менен Каптагаевке тапшырдым. Ошол киши менен иштешиңиз,- деди. Каптагаевке кирсем, түз айтты: - Болбойт, эски кожоюндары ээ болуш керек, - деди. Кинодогудай мафиянын башында турган кожоюндарына адашып барып алып, маселе көтөрүп жаткандыгымды дароо түшүндүм. Көрсө, Отунбаева, Атамбаевдер эң жакшы билишет экен. Себеби, башында эле Убактылуу өкмөттүн декрети менен 49 пайызын мамлекетке алышып, 51 пайызын кайра берип коюшкан экен. Парламентте ызы-чуу көтөрө баштадым. Ошондон кийин эски кожоюндарына кайтарып бере алышпай калышты.


Ошентип, 2014-жылга чейин бул маселе чечилбей келип, кечээ жакында «51 пайызын дагы толук мамлекетке алдык»  деген өкмөттүн маалыматын ММК лардан окуп калдым. Мындан аркы тагдыры эмне болот, белгисиз. Балким, “Иштете албайт экенбиз. Бизде башы иштеген менеджерлер жок” дешип, «Кыргызгаз» сыяктуу бир долларга кайра эле эски кожоюндарына сатып жиберишеттир. Аны убакыт көрсөтөт.

 

* * *
Мамлекеттик масштабда, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарын камтыган «Кумтөр» маселесине өттүм. Мурдагы бийликтегилер «Кумтөргө» текшерүү киргизмек түгүл, чычкан жөргөлөп өтчү эмес эле. Бул жолу «Кумтөрдү» калкалап олтурган бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, ийне-жибине чейин текшерүүгө кирип кеттик. Он депутаттан турган комиссия түзүлүп, төрагалыгына мени шайлашты. Кырктан ашуун ар кыл эксперттерди жумушчу топко тарттык. Аларга төлөнүп берүүчү акча каражаты 15 миллион сомдун тегереги болду. Анткени, «Кумтөрдүн» 23 жылдан берки былыгын текшерип чыгуу боюнча план түзүлгөн эле. Жогорку Кеңеш “Кыргызалтын» төлөп берсин” деп өкмөттү милдеттендирген токтом кабыл алды. Өкмөт болсо, төлөп бермек түгүл, «Кумтөрдү» колдоп туруп алды. Бир тыйын акча бөлбөй коюшту. Мен түшүнүп эле турдум. “Эгер акча бербей койсок, эч нерсе текшере албайт жана жыйынтык болбойт” деп ойлошту. Ишкерлерден демөөрчүлүк каражат издей баштадым. Биринчи болуп, Э.С аттуу мекенчил жигитибиз (белгилүү себептен улам атын толук атаган жокмун. Убагы келгенде ачыкка чыгарабыз), 30 миң доллар берди. Э.Б. аттуу мекенчил жигитибиз 10 чакты эксперттердин эмгек акысын мойнуна алды.


Аскар Салымбековко бардым.  - Байке, нарындык, токтогулдук туугандарыбыз цианид ичип олтурушат. Экология дегенден эч нерсе калбай калган экен. Бомба түшкөндөй болуп жатат. Мындан сырткары, байлыгыбыздын баарын сыртка ташып кетип жатышат, сактап калалы. Башка шансыбыз болбойт, - дедим. Сөөмөйүн оозуна такап, акырын сүйлөп, - Бул жерде мени угушат. Мен сага жардам берем. Эки-үч күндө кабарлаш, - деп офисинен иттен чыгарды. Кийин качып туруп алды. Телефон чалсам, албады. «Аттиң ай, көр оокаттын кулу турбайсызбы» деп тим болдум. Албетте, Салымбеков милдеттүү эмес. Бирок, катардагы эле бизнесмендер тигинче жардам берип жатышса, Кыргызстандын эң алдынкы бай адамы деле жардам берип койсо болмок деген таарынычым калды. Анткени, мен жеке кызыкчылыгым үчүн жардам сураган жок элем да.


Калган акчаны ар кимден чогултуп, жетпегенин өз чөнтөгүмдөн кошуп, иштин жылышы үчүн эксперттердин 50 пайыз эмгек акысын төлөп бердим. Калган 50 пайыз эмгек акысы бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй калды. Алар мени туура түшүнүү менен кабыл алышты. Анткени, өкмөт бир тыйын бербей, бут тосуп жатышканын өз көздөрү менен көрүп, жон териси менен сезип турушту. Айрым эксперттерди Ак үйдөн телефон чалып, “Баары жакшы экен деп корутунду жазып бересиң” деп коркутуп да жатышты.


Текшерүү бүтөрүнө бир айча убакыт калганда чет элдиктер Акылбек Дүйшөнбиевди (өкмөттүн «Кумтөрдөгү» өкүлү. Өзү Барскоондүн кулуну  болот. Экөөбүз тууганбыз) жиберишти.  - Саке, сүйлөшөлү. Катуу текшерип жатасыңар. Эзели буларга текшерүүчүлөр тараптан мындай катуу талаптар болгон эмес экен. Мени өкмөт менен канадалыктар жиберишти, - деди.


- Акылбек, ушул жерде сен экөөбүздүн ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат. Карачы, буларды? Тебелеп-тепсеп, үстүнө уу төгүп, анысы аз келгенсип Нарын суусуна цианид агызып жатышыптыр. Кантип көз жумду кылып коёбуз? Дитим барбайт. Ата-бабаларыбыздын арбактары кечирбейт, баарын ачыкка чыгарабыз, - дедим. Туура түшүнүп, - Саке, болду, мен эми мындан ары сүйлөшүүгө жиберишсе да келбейм,- деп кетти. Бир аптадан кийин казак досум келди. Өзү «Кумтөргө» Казакстандан керектелүүчү материалдарды камсыз кылат. - Саке, 100 миллион доллар беребиз деп жатышат. Кыргыздарыңа ишенбей жатсаң, мен алып берейин. Эч ким билбейт. Баарын өзүм организовать этем. Оффшорный зонадан счет ачасың. Баарын ошол жерге түшүрүп берем. Каалаган жагыңа котортуп кетесиң, - деди. Чынымды айтайын, пенде эмеспизби. Көз алдымда эки нерсе элестеп турду. Биринчиси, сунушталган сумма. Экинчиси, Нарын суусунун жээгинде жашаган элдин цианид ичип олтурушканы жана 2005-жылы Түп- Кеген жолун жаап, мени депутат кылабыз деп кыштын кыраан чилдесинде төрт сутка бою үшүп-тоңуп, кардын үстүндө уктап жатышкан түптүк жердештеримдин, энелердин элеси келди.


Албетте, экинчисин тандадым. Анткени, эл-журт менден бир тыйын акча албастан, депутат кылып шайлап беришкен. Мен дагы бир тыйын пара албастан иштеп беришим керек деген максат койгон элем.


Колумда болгон видеоматериалдардын баарын казак доско көрсөтүп, - Баурым, мына көрдүңбү? Кыргыз элине эле эмес, казак элине да цианид ичирип жатышат. Эки элдин убалынан коркпойлубу? - дедим. - Чын эле ушундай болуп жатабы?- деп төбө чачы тик турду. Ал да түшүнүп,  - Андай болсо, мени кечир. Кийлигишпейм, - деп кетип калды.
УКМК нын кызматкерлери Б.А.Т.К (белгилүү себептерден улам аттарынын баш тамгаларын гана жаздым, убагы келгенде, булар да ачыкка чыгышат) үчөөбүз олтуруп, кеңешип да көрдүк. “Балким, макул, алалы деп туруп кармайлыбы? Кантип? Эгер кармай турган болсок, Шамиль Атахановко сөзсүз билдиришибиз керек, ансыз болбойт. Биздин башыбыз кетет” дешти. Анда ал түз эле барып Атамбаевке билдирет. Өздөрү башында олтурушса, аларды кармаганга жол беришпейт да деген чечимге келдик. Анткени, «Кыргызалтын» ишканасын О.Артыкбаев жетектеп турган мезгилинде Атамбаев премьер-министр  болуп турган. Экөө ар кандай жолдор менен 2011-жылдын 21-май күнү 30 миллион сомду чыгарып кетишкен. 2011-жылы 1-декабрь күнү Президенттин ант берүү күнү болгон. «Кумтөрдүн» чет мамлекетте олтурган эң үлкөн башчысы Стивен Ленг эртең менен учуп келип, резиденцияга барып, катуу куттуктап, кайра кечинде учуп кеткен. Мындан сырткары, дагы бир топ фактылар бар эле. Анан кантип аларды кармаганга булар жол бермек эле?


Анын үстүнө накталай акча болбогондон кийин, банктык счеттон кармаш кыйынга турат экен. Ошондуктан парламентке салып, «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке алып коёлу деген чечимге келдик.

 

* * *
Парламентте бир эле маселе  турду. «Кумтөрдү» мындан ары өз мамлекетибизге алып, ал жерде калган алтын өз өлкөбүздө калсын» деген. Себеби, 23 жылдан бери инвесторлор деген атка жамынып алышып, бийлик менен чет элдиктер алтындарды ташып чыгып кетип турушканын толук аныктадык. Фабриканы дагы инвестордун акчасына салышкан эмес экен. Техникаларды да инвесторлордун акчасына сатып алышкан эмес. «Кумтөрдө» жаткан алтындын  көбүн күрөөгө коюп, кредит алып жасашкан. Анын баары кийин Кыргызстандын эсебинен жабылган. Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин 10 миллиард доллардын алтынын алып чыгып кетишкен. Анысы аз келгенсип, экологиябызга эксперттердин эсеби боюнча 180 миллиард доллардын тегерегинде зыян келтиришкен. Нарын суусунун жээгинде жашаган элибиз болсо, цианид ичип олтурушат. Ал зыяндар сокур кишиге деле көрүнүп турат.


Анысы аз келгенсип, Аида Салянованын берген справкасына таянып, бийлик башындагылар салык жагынан бюджетке төгүлчү бир жарым миллиард сом акчаны төкпөй эле койгула деп жоюп жиберишкен. Өзүбүз кедей мамлекет болуп туруп, ансыз деле биздин жонубуздан кайыш тилип жаткан уурулардан миллиарддаган сомду албай койгонубуз кандай?


Позициядан кайтпаган жол

 

Парламентте карап баштардын алдында спикерди жана беш фракциянын лидерлерин президент кабинетине чакырды. Бул учурда мен фракция лидери болуп шайланып калган элем. Кабинетине барып, үй мүйүз олтуруп, сүйлөшө баштадык. - Садыр, сен бул позицияңдан кайт. Канадалыктардын алдында аброюбуз түшүп калат, - деди.  - Урматтуу президент, кошуна олтурган бир боор казак эли менен өзбек элинин алдында аброюбуз жок. Канадалыктардан кайсы абройду күтөбүз? - дедим.  - Анда инвесторлорду качырып алабыз, - деди.  - Булар кайдагы инвесторлор? Баары биздин каражатка салынган, 100 пайыз тастыктап берем. Атып жиберсеңиз да, бул позициямдан кайтпаймын, - дедим. Президент туталанып, катуу жини келди. - Аксакалдардан сурайынчы, Феликс Шаршенбаевич, сиз эмне дейсиз? - деди.  -Өкмөт өзү чечсин деп өкмөткө бербейлиби?- деп жооп берди. - Болбойт, өкмөт пара алып алды, - дедим. -Сиз эмне дейсиз?- деп Өмүрбек Текебаевке кайрылды. - Биз кечээ фракциянын жыйынында карап, Садыр Нуркожоевичтин токтом долбоорун колдойбуз деп чечим чыгарып койдук эле, - деп жооп берди. Канат Исаев менен Чыныбай Турсунбековдон  сурап да койгон жок. Ого бетер туталанып, - Анда жабык эшик артында карагыла, мунун баарын эл билсе, баарыбызды Ак үйдөн сүрүп чыгат, - деп Асылбек Жээнбековду карады. Ал мени карап: - Макулсуңбу? - деди. - Ачык каралабы же жабыкпы, айырмасы жок. Эң негизгиси, мамлекетке алалы. Токтомду колдоп берсеңер болду, - дедим. Парламентте карап баштаганда, спикер “жабык эшик артында карайбыз” деп добушка койду  эле, анысы өтпөй калып, ачык каралып калды. Ошентип, «Кумтөр» боюнча маалымат ачыкка чыгып кетти. Өзөнгө кырчын тал бүтөөр болуп, «Кумтөр» талашы башталды.

 

2012 - жылдын 20-22- июнь күндөрү парламентте карап, кечке маал добуш берүүгө келгенде, Асылбек Жээнбеков беш күндөн кийин добуш берели деп тыныгуу жарыялап кетип  калды. Албетте, беш күндүн ичинде колдоп турган депутаттардын көпчүлүгүн сатып алууну пландашты. .


27 - июнь күнү добушка келгенде эле беш күн мурда колдоп жаткан депутаттардын 70 пайызы сөздөн кайтып калышыптыр. Айрыкча, «Кумтөрдү» текшерүүгө алып баштаган мезгилде, - Садыр, эми сен сатыла көрбө. 20 жылдан бери баары сатыла беришип, «Кумтөр» кени кыргыз элине иштебес болду. Эми силер аягына чыгаргыла, - деген аксакалдарыбыз тескери кетсе болобу? Алар СДПК партиясынын депутаттары Эгемберди Эрматов, Жусупали Исаев, Мамытбай Салымбеков, Эркин Сакебаевдер эле. «Кумтөрдү» текшерип баштаган мезгилден баштап, бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин имаратынан көрүшкөн сайын, «Садыр Нуркожоевич, эми сен сатыла көрбө» деп суранып жүрүшчү эле. Мына, кызык. Эмне болуп кетти? Көрсө, чет элдиктер биздин өкмөт аркылуу беш миллион долларды депутаттарга бөлүп, 21 миллион долларды демөөрчүлүк каражат деп өкмөткө берип коюшкан экен. 21 миллион долларды өкмөт алып, “Ала-Тоо финансы” деген мекеме ача салып, элге кредит берилди деген шылтоо менен жок кылышты. Жаңы мекеме ачыштын таптакыр кереги жок болчу. Анткени, бир эмес эки мамлекеттик банктар турат. «Айыл банк» жана «РСК банк». Экөөнүн тең райондордо филиалдары бар. Эсеп-кысаптары, кайтарымы дагы так  жүрмөк. Эмне үчүн бул банктар аркылуу беришкен жок? Жооп бирөө эле. Банктар аркылуу беришсе, бир тыйын акча жей албай калышмак. Азыр эми 21 миллион доллардан дайын жок. Тымызын сүйлөшүүлөр менен эл байлыгынын чөнтөккө чечилип жатышына ыза болуп, бирок эмне болсо да, тикемен-тик турам деп чечтим.


* * *
Маселе кайрадан карала баштаган күндөн баштап, Ысык-Көл облусунун, айрыкча Жети-Өгүз районунун жаштары келип кызыгуу менен катышып, “Кумтөр элге өтсүн” деп колдоп турушту.


Анан эле бүт тескери айланып, айрыкча менин Ысык-Көлдүк жердеш депутаттарым 27- июнь күнү добуш берээрге келгенде таанылгыс болуп өзгөрүп кетишсе болобу? Саруулук Нарис Калчаев, Жолдош Кожобеков жана башка жаш лидерлер Максат Сабировдун кабинетине кирип барышып,

 

- Байке, эки күн бою колдоп келип, эми эмне тескери кетип жатасың? - дешсе,  - Садыр Жапаров кытайларга 7 миллион доллар карыз болуп калып, «Кумтөрдү» кытайларга алып бергени жатыптыр. Ошол үчүн каршы чыгып жатам, - дейт имиш. Тобоо. Тапкан амалын карасаң. Байкуш саруулук карапайым балдар эмне билсин? Ишенишет да. “Депутат айтып жатса, чын болсо керек” дешип, алар да унчукпай калышыптыр (мунун баары убакыт өткөндөн кийин кече жакында билинип олтурат). Ошентип «Кумтөрдү» мамлекетке алууга добуш жетпей калды. Эгер беш күнгө тыныгуу албай туруп, экинчи эле күнү добушка койгондо долбоор өтүп кетип, «Кумтөр» толук кыргыз мамлекетине өтүп калат эле. Эч кандай митингдер да болмок эмес. Кыргыз эли өз байлыгына өзү ээ болуп калмак.

 

* * *
Бийлик болсо элдин көзүн жазгырып, көнүлүн башка жакка буруш үчүн өкмөттүк комиссия түзө салды. Анткени, эл дүргүп калган. Аз болсо да, «Кумтөр» боюнча чындыктын чеке- бели элге жетип калган эле. Эгер элди жоошутуп, алдаган жүрүш жасалбаса, кайра толкуп кетиши толук мүмкүн болчу. Комиссиянын башына Темир Сариевди коюшуп, бир жылга жакын текшеришти. Убакытты атайлап создуктуруп, эл тынчтанып, иш унут болсун дешти. Эң кызыгы, ал комиссияга адистердин эмгек акысына деп казынадан 150 миллион сомго жакын акча каражатын бөлүп беришти (бизге бир тыйын беришкен эмес). Кийин бул акчалар кумга сиңгендей эле жок болуп кетти. Жыйынтыгында, биз берген эле отчёттун жарымын кайталашты. Ошого 150 миллион сом коротуштун кереги бар беле? Негизи эле Каржы министрлигинде мындай уурдоо абдан көп кездешет экен. Текшерүүдө бир топ иштерди таап чыктык. Мисалы: англиялык юридикалык бир фирмага “Кыргызстандын эл аралык соттогу кызыкчылыгын колдоп берет” деп 105 миллион сом которуп беришкен экен. Жыйынтыгында, эч кандай сот процесси болгон эмес. Ал фирма өзү жок. Аты эле бар фирма. Көрсө, ушундай жолдор менен бийлик башындагылар бюджеттен акча уурдашат экен.

 

* * *
Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөр» маселеси кыргыз тарапка чечилбеди. «Кумтөрдө» болсо , экологиялык катастрофа жүрүп жатат. Элдин, мамлекеттин шору али алдыда. «Кумтөрдүн» башчысы Майкл Фишер качып кетип, келбей жатат. Биздин бийлик, ”Кел, сүйлөшөлү”  дешсе, “Жок. Кыргызстанга барбайм. Стамбулда же Алматыда жолугалы” деген шарт коюп жатат. Жакында эле анын сунушуна макул болуп, биздин бийлик Москва шаарына барып, телемост аркылуу сүйлөшүп келишти. Эмне үчүн биздин бийлик булардын бардык шарттарына көнүп жатышат? Анткени, алар биздин бийликтегилерге берип жүргөн бардык паралардын бетин ачып салабыз деп коркутушат. Ошол себептен алар кандай бийлегиле десе, биздикилер ошондой бийлеп беришет.
                 

“Кумтөрдүн”  тогуз кайрыгы


Ушул маалыматтарды элге толук жеткирүү максатында митингдерди уюштурууну чечтим. Анткени, бийлик ММК лардан таптакыр тескери маалыматтарды көрсөтүп туруп алды. 2012 жылдын 3-октябрь күнү «Ала-Тоо» аянтына митинг өткөрдүм. Жыйынтыгында, Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосунан аттап өттү.


Ошондо мени камаганга шылтоо таппай, “Киев көчөсүндөгү имаратты Бакиевдердики экенин билип туруп сатып алыпсың” деп жүргөн Атамбаев менен Салянованын асмандан издегендери жерден табылды. “Булар төңкөрүш жасоого алдын ала сүйлөшүшкөн” деген жалган жалаа менен УКМКнын тергөө абагына камашты. Бир жарым айдан кийин Ө.Текебаев келди. Биздин камакта жатканыбызга боору ооруганбы, “Мен Атамбаев менен сүйлөшүп келдим. Силерди чыгарат. Бир жылга чейин «Кумтөр» маселесин көтөрбөйсүңөр. Мен мойнума алып, кепилдик бердим”, - деди.

 

- Жок, андай болбойт. Сизге рахмат, убара болбой эле коюңуз, баары бир көтөрө беребиз, - дедим. Эки күндөн кийин Марат Султанов келди. Фракциядагылар “сүйлөшүүлөргө барышсын, айтып кел” деп жиберишкен экен. Жообум баягы эле болду.


Ошентип, тергөө абагында 9 ай бою эки кишилик камерада олтурдум. Камчы, Талант үчөөбүздү үч башка эки кишилик камераларда кармашты.


2013-жылдын январь айларында сот башталды. Сотто күч структураларынын кызматкерлери катуу шылдың болушту. Анткени,”Булар төңкөрүш кылабыз деп шыбырашкандарын уккан эки күбөбүз бар”  деп ишке кошуп алышкан экен. Бирөө "Патриот", экинчиси "Охотник". Экөө тең жок. Мындан сырткары, жасалма күбөлөрдөн он чактысы бар. Алар дагы тантышты.

 

Ар бир сот процесси  болгон сайын өзүнчө эле спектакль. Зал ичи күбөлөрдүн тантык көрсөтмөлөрүнөн кыраан-каткырык күлкү менен коштолуп жатты. Акырында судья Адыл Субанкулов сот залынан ачык эле айтты. “Өкүмдү мен жалгыз чыгара албайм. Жогору жак менен кеңешишим керек ” деди. Жыйынтыгында, 29-март күнү бир жыл, алты айга соттоду. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, бизге койгон кылмыш беренеси боюнча эң аз дегенде 12 жыл бериш керек эле. Сот болсо, Ак үй кандай буйрук берсе, ошондой өкүм чыгарды.

 

16-апрель. УКМКнын тергөө абагында жатам. Эч күнөөсү  жок бир тууган эжем Райкүлдү жасалма кылмыш ишин ачып, камакка алышты. Бул кылыгы менен бийлик мени таптакыр сындырабыз деп ойлошту. Туура  он күндөн кийин 26-апрель күнү болжол менен кечки саат 21 де  тергөө абагынын башчысы келди.  - Сиз макул болсоңуз, бүгүн түнү резиденцияга алып барабыз. Президент менен жолугасыз. Күтүп жатат. Кечирим сурап койсоңуз эле болду. Силерди шаардык соттон актап коюшат. Эжеңизди дароо камактан чыгарышат, - деди.  - Жок. Атып салсаңар да, кечирим сурабаймын. Мен кылмыш жасаган жокмун. Эл үчүн деп күйүп жатам,- деп баш тарттым. - Эжем да маңдайына жазганды көрөт, - дедим. Анткеним, эжем камалган күнү эле,  - Мен үчүн соодалашууга барбасын. Мен да маңдайга жазганды көрөм, - деп бир  тууган инимден айттырып жибериптир.


Ошол сөзү мени абдан чыйралткан эле. Ошентип, соодалашуудан жыйынтык чыкпаганына көздөрү жеттиби, айтор эжемди камаган сот кайра эле өзүнүн жеке чечими менен (мыйзам боюнча жогору турган сот чыгарыш керек эле), 7-май күнү кайра чыгарып койду. Албетте, мунун баары Ак үйдүн буйругу менен болду. Ошентип, эжем Райкүл Жапарова адилетсиз 21 күн Бишкектин тергөө абагында жатты.

 

* * *
Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов үчөөбүздүн ишибиз шаардык сотто карала баштады. Ал жерде дагы күнүгө комедия. Тергөөчүлөр, күбөлөр, прокурорлор баары тантышты. Берилген суроолорго эмне деп жооп берип жаткандарын өздөрү билишпейт. Ошентип, 17-июнь күнү шаардык сот толук актап, сот залынан бизди чыгарып жиберишти (бир жумадан кийин ал сотторду иштен бошотушту). Эртеси күнү Жогорку Кеңештин жыйынына барып катышып, сөз сүйлөдүк. Албетте, бийликтегилерге жаккан жокпуз. Колдорунан келсе жутуп жибергилери келип турду. Акыркы сессия эле. Жайкы каникулга кеттик.


Соттор бардык мыйзамдардын нормаларын бузуп, Ак үйдүн буйругу менен ишти чагылгандай тездик менен Жогорку сотко жеткиришти. Булардын максаты - сентябрда Жогорку Кеңеште иш башталганга чейин биздин мандатыбыздан ажыратуу эле. Президент менен спикер эле эмес, өзүбүздүн дос, партиялаш деп жүргөн Акматбек Келдибеков баш болуп, “буларды Жогорку Кеңешке келтирбей биринчи соттун чечимин күчүндө калтырып, мандаттарын алыш керек”,- деп чуркап жүрдү. Сот процесстеринде болсо эл көзүнө жакшы сүйлөйт.


Ошентип, Жогорку сот Биринчи май райондук соттун мыйзамсыз, адилетсиз, күлкү келээрлик чечимин күчүндө калтырып, биздин мандатыбызды алып коюшту. Айта кетүүчү нерсе, кыргызда сөз бар: "бирөөгө ор казсаң, кең каз" деген. Эгер биздин мандатыбыз колубузда болуп, Жогорку Кеңешке келип ишибизди улантканда, Акматбек Келдибековду камай алышмак эмес. Мындан сырткары, көтөргөн маселелерибиздин баарын аягына чыгармакпыз.

 

* * *
Бийликтин тап душманына айландым. Кимдир бирөөлөрдүн кекиртегине томук сөөктөй тыгылдым окшойт. Ушул жерден мага карата маалымат согуштары күчөй баштады. Киев көчөсүндөгү сатып алынган имаратты Бакиевдердики деп чабуулду башташты. Ушул жерде бийлик “Ата Мекен” партиясынын депутаты Турат Мадылбековдун баласы Эльдар Мадылбековдун колу менен жок кылуу, камоо аракеттерин башташты. Бирок, бийликтин арам ойлору ишке ашкан жок. Бул иш боюнча Эльдар Мадылбеков камакка алынды да, бийликтин Садыр Жапаровго карата карасанатай ойлорун ачыктап, кайрылуу кат жазды. Мына ушул кайрылуу катты тарых барагы катары кыскартпастан берип олтурам. Баарыңыздарга маалым болгондой, акыры Э.Мадылбеков  эркиндикке чыкты.

 

Эльдар Мадылбеков: “Мага абакты, же кызматыман көтөрүлүүнү сунуш кылышкан...”


“Ушул кат аркылуу коомчулукка Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жасалып жаткан ырайымсыз аракеттери тууралуу чындыкты айтып берейин дедим. Алар кантип саясый тапшырыктарды жасап жана ийкемдүү эмес саясатчыларга кылмыш-жаза иштерин ачып жаткандыгы жөнүндө айтууга туура келди”.

 

КР президенти А.Ш.Атамбаевге,
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына,
өкмөттүк эмес коомдук уюмдарга

Ачык кат

 

2010-жылдын июль айынын башында мага таанышым Байгельдиев Мукаш кайрылып, ал Биряльмин С. аттуу менчик ээсинин тапшырмасы боюнча Киев, 74 көчөсүндө имарат сатыларын айтты. Мага бардык документтерди көрсөткөн, алардын бардыгы жайында экен. Менден кардар таап берүүнү өтүнүп, ошол үчүн мага сыйакы төлөө жөнүндө убада берди. Мен көптөгөн адамдарга сунуш кылгам, акыры аны С.Жапаров сатып алды. Алдын ала документтер текшерилди, имарат камакта эмес экендиги, бардыгы мыйзамдуу жана таза экендиги тастыкталды. Мамкаттоо "бул бүтүмдүн эч кандай көйгөйү жок" деп жол-жоболоштуруп берди. 2009-жылы Маммүлк фонду КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № Р-159 Токтомунун негизинде Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты Чолпон-Ата шаарындагы жеке менчик имаратка алмаштырыптыр. Алмаштыруу теңме-тең болгон. Андан кийин Киев, 74 көчөсүндөгү имарат жеке менчик ээсинин колуна өтүп, Чолпон-Атадагы имарат өкмөткө өткөн экен. 2010-жылы бул имарат сатылгандан кийин М.Байгельдиев акчанын бир бөлүгүн катып калат, ошол себептен иш жүзүндөгү жеке ээси С.Биряльмин ага карата Бишкек шаарынын прокуратурасына арыз жазган, бирок жаңы (С.Жапаровго), жеке ээсине С.Биряльминдин эч кандай дооматы болгон эмес, анткени, ал таза жана толугу менен акчасын төлөп берип, сатып алган. Көз боёмочулук фактысы боюнча М.Байгельдиев шарттуу түрдө 3 жылга соттолгон. С.Биряльминге келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген.


2012-жылы С.Жапаров "Кумтөр" боюнча маселени көтөрүп чыкты, анткени текшерүүнүн жүрүшүндө С.Жапаров көптөгөн мыйзам бузууларды тапкан, анын ичинде А.Салянова тарабынан салыктын карызы дагы кечирилгендиги аныкталган. Бул окуядан кийин 2012-жылдын 16-июлунда А.Салянова тарабынан Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мени бир нече жолу Башкы прокуратурага чакырышып (мен анда өзүм Бишкек шаарынын прокуратурасында иштеп турганмын), менден С.Жапаровго каршы көрсөтмө берүүмдү өтүнүшкөн. "Сен "Ата Мекенденсиң", алар болсо душман, "Ата Журттан", ошол үчүн оппозицияны тынчтантууга милдеттүүсүң" деп мага басым жасашкан. Мага минтип дагы айтышкан: "Эгерде сен биз менен иштешсең, биздин айтканыбызды аткарып турсаң, сени А.Салянова кызматыңдан жогорулатып, чоң начальник кылат" деп. Бирок, мен "бул абийирдүүлүккө жатпайт жана ырайымсыз аракет болот" деп, мындай сунуштан баш тарткам. Мага даяр текстти беришип, ММКга интервью берүүмдү суранышкан. Мен анда "А.Салянова кесиптик жактан жараксыз жана мындай жогорку кызмат орунун ээлөөгө укуктуу эмес, анткени, ал бир күн дагы прокуратура органдарында иштеген эмес, аны эртең иштен алып салышса, мен жалган маалымат бергендигим үчүн жооп беришим керек" деп айткам. Башкы прокурордун кызмат ордуна ишин чала билген А.Салянова дайындалгандан тартып, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар аялдык логика боюнча түшүндүрүлүп калды. "Муну мурун иштеп кеткен прокурорлор дагы айтып калышат" деп шылдың кылып күлүп, мен кетип калгам.


Сыягы, менин сөздөрүм ага жеткен сыяктуу, анткени, мени кезектеги суракка чакырышканда, тергөөчүлөр мага абдан орой мамиле жасашып, мени камакка алып, мени кызматташууга барасың (!) деп айтышкан. С.Жапаровдун үстүнөн тапшырма берилген, аны кандай гана болбосун, себеп табышып, камашат. Эгерде ага жүйөө табышпаса, анда анын эжесин камашат. Ошондуктан, мага танда дешти: "же абак, же кызмат орун боюнча көтөрүлүү". Бирок, мен мыйзам алдында дагы, өзүмдүн абийиримдин алдында дагы таза болгом, мен аларга катуу эле айткам, "өзүңөрдүн Саляноваңар менен кошо отуруп калбагыла" деп. Мен ал күнү үйгө келген жокмун. 2012-жылдын 15-сентябрында мени эки күнгө камакка алышты. Бул анык ырайымсыз аракет болгон, мен аялыма телефон чалып, алдын ала ага кайда экендигимди айтайын дегем, менин колумдан уюлдук телефонумду жулуп алышкан жана адвокатка да бербей коюшту. Бишкек шаарынын УКИнде бир сутка болгондон кийин мен үйдөгүлөргө кайда экендигимди айттым (кудайга ыраазымын, кезметтеги бала адамгерчиликтүү экен, ал мага телефон чалууга мүмкүндүк берди).


Мындан кийин жакшы төлөнүп берилген кара пиар (шыбоо) башталды, мени бардык ММКларга жамандап жатышты (анткени Башкы прокуратура мени эмне себептен кармалганымды далилдеши керек эле). Бардыгына белгилүү болгондой, кылмыш-жаза иште кылмыш иштин курамы болуп, конкреттүү айып коюлат жана кылмыш-жаза иши козголот. Аталган кылмыш-жаза иши боюнча ээлик кылуучудан арыз келип түшкөн жок. Тактап айтсак, жабырлануучу жак болгон эмес, ал эми кылмыштуулуктун объектиси жок болгондуктан, анда жосун дагы кылмыштуулук болуп саналбайт. 9 ай өткөндөн кийин, тактап айтканда, сот териштирүүсүнүн аягында менин адвокатым бул иште жабырлануучулар жок экендиги тууралуу билдирүү жасагандан кийин көз каранды сот жана ишти чала билген мамлекеттик айыптоочу эстерине келишти. Жана кийинки сот процессине тергөөчү катышпаса дагы, Маммүлктүк фондунун өкүлү жабырлануучу тарап катары катышып калды. Бирок, бул жерде ММФ кандай тиешеси бар? Алар 2009-жылы бул имаратты алмашып алышкан эле да? Имараттарды алмашуу фактысы боюнча ММФ экс-төрагасы Турсун Турдумамбетовго карата башкы прокуратура кылмыш-жаза ишин козгогон, бирок, анын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Бул алмашуу мыйзамдуу болгондугун далилдейт. Бирок, буга карабастан, ММФ балансына сот Киев, 74 көчөсүндөгү имаратты өткөрүп берет. Эми ММФ Киев, 74 көчөсүндөгү имарат жана Чолпон-Ата шаарында дагы имаратты алып жатат. Бул эмне? Мамлекет тарабынан басып алуубу?


Салянова өз максатына жетти. Мени 9 жыл эркимден ажыратууга чечим чыгарылды. Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча мен даттанууга беремин жана экинчи инстанциядагы Бишкек шаардык сотунда каралат. Саляновага С.Жапаровду дискредитация кылуу үчүн шылтоо гана керек болгон. Ошол себептен ал имаратты "рейдердик басып алуу" деген окуяны ойлоп чыгарган. Аталган объект жеке жакка таандык болчу. Акчаны алган, эч кимге дооматы болгон эмес жана арыз менен эч кимге кайрылган эмес. А.Салянованын логикасы боюнча мамлекетке Маммүлктүк фонду тарабынан чыгым келтирилген. Анда мындай жүйөөлүү суроо жаралып жатат: Эмне себептен ММФ 2009-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес? Иш боюнча жабырлануучу тарап болуп таанылган эмес? Жооп ишенимдүү, себеби, 2009-жылы ММФ Чолпон-Ата шаарында ага теңдеш Совет, 61 көчөсүндө жайгашкан имарат алган. Сотто "ММФ аларды жөн эле жабырлануучу тарап кылып, дайындап коюшкан" деп чынын айтып берген. Өзүнө каада күтүү максатында А.Салянова 4 депутатка кылмыш ишин козгоду, ал эми тергөөчүлөр араңдан-зорго айып таап жана процесстик ченемдерди бузуу менен ал иштерди сотко жиберип жатышты. Сот корпусуна басым кылууга карабастан, мындай иштер сотто талкаланып калат. Бүгүн эле бардыгы түшүнүктүү болууда, үч депутаттан кийин Н.Түлеев дагы акталып чыгат.


Бүгүн коомдо "судьялардын бардыгы тең пара алышып, соттолуучуларды актап чыгарышат" деген бузук пикир калыптанып калды. Акыры туура, мыйзамдуу чечим чыгарган күндө дагы, күнөөлүү болуп судья чыга келет. Башынан эле кылмыш-жаза ишин чала билген прокурор тарабынан козголгондугун жана чала сабаттуу тергөөчүлөр тарабынан тергөө жүргүзүлөрүн айрымдары гана билишет. Эгерде иш козголуп жана абакка адамды отургузган болсо, анда "бул иш бекеринен козголгон эмес" деп санап, көнүп калганбыз. Бүгүнкү абал андан да жаман. Бүгүн сот адилеттүүлүгүнүн кылычы Башкы прокуратуранын колунда, ал саясий оппоненттерди жок кылуу боюнча аспабы, саясый күрөштүн куралы болуп калган. Мисалы, С.Жапаров А.Салянованын артынан түшүп, куйругун баса баштаганда, ал бул аспапты колдонууга шашты, үч депутатты жөн эле касаптын артына тыгып койду! Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы юрист (Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен башкасы) эмне себептен С.Жапаровду отургузгандыгы тууралуу эч кимиси айта албайт. Ал бийликти басып алуу боюнча чакырык кылган эмес, дарбазадан секирип өткөн да эмес. Же болбосо, биздин өлкөдө митингди уюштургандыгы үчүн кандай гана жаран болбосун, бийликти басып алуу шылтоосу менен жаза мөөнөт береби? Эгерде логикага таянсак, анда бүгүн ким бийликте болсо, аларды отургузуу керек.


Мен он алты жыл укук коргоо органдарында иштегем, жоопкерчиликти алып, прокурордук кызматкерлер жасап жаткан ырайымсыз аракеттер, бул анык эле бийликти мыйзамсыз басып алууну билдирет жана мындай мыйзамсыз аракеттер акырындык менен мамлекеттин кыйроосуна алып келет. Адамдар мыйзамдуу бийликке ишенимин жоготуп жана мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбегендиги белгилүү. Бирок, тарых жана мезгил бардыгына өз ордун таап, өз ордуна коёт.
 

Урматтоо менен
Эльдар Мадылбеков, 21-июль,
2013-жыл

 

Бийликтин мага  ырайымсыз, мыйзамсыз аркеттери, куугунтуктары ушуну  менен токтогон жок.

 

Юпи-гейт

 

Жай мезгили. Ооруканада жатсам, Саруу айылынын жаштары келишти. “Кумтөрдү» мамлекетке алабыз” деп жол тосуп жүрүшкөн эле. – «Кумтөр» боюнча толук маалымат алалы деп келдик, айтып бериңизчи, - дешти. Баарын айтып бердим. Кетээринде жакшы эле айттым.

 

- Балдар, силерге канадалыктар пара сунушташат. Абайлагыла, байлыкка азгырылып кетпей, таза болгула. Мына, мага да 100 млн доллар сунушташкан, азгырылган жокмун. Тузактарына түшпөдүм. Талкаланган мөңгүлөрдү, Нарын суусуна агылып кирип жаткан цианидди өз көзүнөр менен көрүп келипсиңер. Анын баарын эл ичип жатат. Эми бекем туруп, аягына чыккыла, - деп жылуу узаттым. Бирок, кийин ал балдар бийлик менен тил табышкандай болуп кетишти эле. Тилекке каршы, өзүнүздөр күбө болгондой, «3 млн доллар пара сурашты» деп Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушпаевди УКМК нын тергөө абагына жабышты. Балдар жаштык кылып алданып калыштыбы же чындап эле азгырылганын бир кудай өзү билет.


Бийлик «Юпи-гейт» аттуу чуулгандуу тасма менен мени толук жок кылабыз деп ойлошту. Бийликтин жүзү анык ушул жерден көрүндү. Провокация менен алек болуп, С.Жапаровду темир торго тыга албай катуу убара. Ушундай да ыплас иштерди жасоого булар кантип барууда деген ойлор мага тынчтык берген жок. Эл деген суунун агымы экенин ошондо түшүндүм. Алгач бул УКМКнын тасмасы жалпы каналдан кете баштаганда, эл муну чындык катары кабыл алышты. Кудайдын буйругу менен УКМК нын кызматкерлеринин кайтаруусунда жаткан Э.Өмүралиев алардан эптеп качып чыгып, «Акипрессте» өзү пресс-конференция берип, УКМК бурмалап, монтаждап, КТР аркылуу фальшивка тасма көрсөткөнүн дагы бир ирет тастыктаганда мага канча деген адамдар телефон чалышып, “Биз ишенген, бизди коргойт деген күч органдары мындай иш жасап жатса, Кыргызстан кайда барат? Эми дагы кандай жомоктор чыгат экен? «Юпи-гейт», бул ГКНБнын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп турат, ушундай да ыплас иштерди жасап, өзүбүздүн эле кыргыз азаматтарын каралап, камоонун аракетин жасоо кимге керек? Чачын ал деген команда берилген болсо, булар башын алгысы келгени кандай? Кошоматчылыктын да чеги болот да. Садыр, сен сынба” деп жатышты. Бул сөздөр менин актыгымдын бир далилиндей туюлуп жатты. Кудай да алардын арам саясатын бат эле ачып койгондой болду.


Ошентип, бийликтин дагы бир видеошоусу өтпөй калды. Бул бийликтин ЮПИ-ГЕЙТ шоусу мурунку матрешкадан да ашып түшкөнүн коомчулук билди. Ушул жерден Э.Өмүралиевдин ММК ларга берген маегин жана экөөбүздүн телефон аркылуу суйлөшкөндөрүбүздөн үзүндү келтирүүнү туура таптым. Эл таразалап алсын.

 

Эрлан Өмүралиев:

 

“УКМК мени жашыруун квартираларда кармап жатышты”  

 

- Эрлан, "Юпи-гейт" окуясынан кийин таптакыр дайының чыкпай калды эле. Кайда жүрдүң?  


- Баарыңарга белгилүү, "Юпи-гейт" окуясы жашыруун тасма менен тартылып, эфирге чыгып кеткенден кийин УКМКнын кызматкерлери, "Өмүрүң кооптуу. Сени жок кылууга заказ берилиптир. Сенден алыстабашыбыз керек", - дешти. Алардын айтканына ишенип, жакшы санаалаш болуп жүргөн оппозиционер агаларымды көз алдымдан өткөрө баштадым. Жыйынтыгында, Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов да мени жок кылууга батынбайт. Бир болсо, Кубаныч Кадыровдун колунан келет деп ойлодум. Анткени, ал ИИМде орун басар болуп иштеген деген ойдо болдум. Анан УКМКнын кызматкерлеринин кайтаруусунда Бишкекте жашыруун квартираларда болдум. "Карындашым турмушка чыгып жатат. Барып келейин"- деп сурансам макул дешти. Бирок, ал жакка да жалгыз эмес, УКМК нын кайтаруусунда бардым.  


Ал жактан эптеп мүмкүнчүлүк таап, Садыр Жапаровго телефон чалдым. «Байке, теледен берилген тасманын баары калп. Мен түнү менен Бишкекке барып, пресс-конференция берип, чындыкты айтып чыгам. Жардам бергиле»,- дедим. Түнкү саат төрттө Нарын суусунун жанындагы үйүмдө кайтарууда жаткан жеримден уурданып чыгып келдим.

 

- "7-кабаттан ыргытып жиберебиз" деп коркуткан деген маалымат тарады. Ошондой болгону чынбы?


- УКМКнын үч кызматкери Москва- Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатына алып барышты. Мен ойлодум, мени колдонуп бүтүштү. Эми Геннадий Павлюктун өлүмүндөй өлүм менен өлтүрүшөбү деп. Анан аларга ачык эле айтып, ыйладым. "Эгер өлтүрсөңөр, мени 7-кабаттан ыргытпай эле пистолетиңер менен атып салгыла. Мага болгону эки рекет намаз окуганыма руксат бергиле", - деп. Мени кайтарган балдардын баары жакшы балдар экен атабыз, 7-кабаттан ыргытабыз дешкен да жок. Мен терезенин сыртындагы решеткага жашыл бантик байлап коюп, тааныштарыма смс ж өнөттүм. Ушул жерде мени Павлюктай кылып ыргытып жиберген жатышат окшойт, келип калгыла деп. Үч күн күттүм. Эч ким келген жок. Көрсө, SMS жөнөткөндө, көчөнүн атын жазбай калыптырмын...

 
- Жашыруун тартылган тасманы уруксатым жок жарыялап жиберишиптир дедиң. Ал тасма кайда тартылган?


- Ал видео УКМК тарабынан Москва менен Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган экен. Мен чынында тартып жатканын билген эмесмин. Телеге чыгарып жибергенде гана билдим. Ал тасманы теледен эмес, УКМКдагы ноутбуктан көрдүм.  

 

- "Юпи-гейт" операциясынын автору ким?


- УКМК өздөрү болуп жатпайбы. «Куакы проектисин» жана "Юпи-гейт" долбоорун айтып, кокту- колоттон бери түшүндүрүп беришип, мени кайталатып сүйлөтүшүп, аны жашыруун тасмага тартып алышып, телеге чыгарып атышпайбы.  “Бул эмне кылганыңар? Мен эми элдин бетин кантип карайм деп ыйлап, эртең пресс-конференция берип, бардык чындыкты айтам”, -  десем, УКМКнын орун басары атамды чакырып алып, - “Балаңызды макул кылыңыз. Биз Казакстандан же Россиядан каалаган жеринен квартира алып беребиз. Бияктан үч-төрт жылга чыгып кетсин”, - деп айттырыптыр.


- Алар сени чет мамлекетке чыгарып жибергенге эмнеге кызыкдар?


- Анткени, мени ММК ларга пресс- конференция берип, чындыкты элге айтып жибербесин деп коркуп атышат.  


- Макул, айтканыңа ишенели. Бирок, сени жакындан билгендер жакшыңдан жаманыңды көбүрөөк айтып, "Юпи-гейт" менен «Куакы» идеясын сеники дешип жатат го. Учурунда жакшы санаалаш болуп жүргөн нарындык жигитке, "ушул сценарийди айтсам, Садыр Жапаров акча береби?" депсиң го?  


- Мен Соң-Көлдөн жаштар революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен кетебиз деп айтканбыз. Эл алдында ушундай сөздөрдү сүйлөп туруп, "Юпи-гейт" менин идеям болуп калса, анда мен өзүмө-өзүм каршы чыгып калган болуп калам го...


- Сен видео тасмада бирөөнүн планын эмес, өзүңдүн планыңды айткандай эле айттың го. Бир да барак карабай?  


- Менин эс-тутумум жакшы. Ал жерде жаттап же убаралана турган деле кыйынчылык жок болчу. Генпланды гана эске тутуп калуу керек болчу. Калыс деген байке күндөлүктүн 3 барагына жазган планын мен тез эле түшүнүп, эсиме сактап калгам. Ошондуктан, эч бир барак карабай эле видео тасмага айтып бердим.  


- Канча актанганың менен элге саткынчылык жагынан жек көрүнүп калдың. Саясатка аралашкың келгени менен сени коом өгөйлөсө эмне кыласың?  


- УКМК мени саясат үчүн пайдаланганын билгенден кийин таза адамдардын бетине кара көө жаап салганымды билдим. Ошол себептен булардан жана элден кечирим сурап, чындыкты айтып жатпаймынбы.


- Элге интервью берип актана албайсың да. УКМКны жана сен сүйлөгөн жашыруун тартылып алынган тасманы берген телеканалдарды сотко берсең гана эл алдында акталаарыңды айткандар бар. Ушундай кадам жасоого кудуретиң жетеби?  


- Сотко берер, бербесимди азыр чече элекмин. Азырынча адвокаттар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Сотко бергенди ойлоном.


- Кечээ жакында эле оппозицияга шек келтирген маалыматты айттың. Азыр УКМКнын сени колдонуп, оппозицияга ор казганын айтып жатасың. Кокус, ушундай былыкты ачтың деп сага тиш кайрагандар болсо кантесиң ?  


- Кудай берген жанды кудай алат. Азыр, «акыры башта бир өлүм» деп акыйкаттыкты чыгарып коёюн деп келдим. Болбосо, УКМК түзүп берген шартты пайдаланмакмын. Алар Казакстан же Россиядан квартира жана иш берип, үй-бүлөм менен көчүрүп барып коёбуз деп жатышкан.  (Булак: “Арена kg”. Маек кыскартылып берилди)

 

2013-жылдын 3-октябрь күнү. Бир тууган инимди алып, бөйрөгүн алмаштыруу максатында Минск шаарына аттанганы калдым. Ал жерге 2011-жылы эле профессор Сабырбек Жумабековдун жардамы менен барып, кезекке туруп келген элек. Жогорку соттун чечиминен кийин Баш прокуратура мени чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салып койгон экен. Салянованын атына кат менен: “Минск шаарына инимдин операциясына жөнөп жатам. Чектөөңөрдү алып салгыла”, - деп кайрылдым. Заматта, ошол эле 3-октябрь күнү жарым саатын ичинде официалдуу түрдө кат аркылуу, “уруксат” деген жообун берди. Адатта айлап, жылдап мындай каттарга жооп беришпейт эмеспи. Бул жагдайда бийликтин күнү тууп жатпайбы. “Минскиге Бакиевке кетти” деп. Күнү-түнү дебей, ММК лардан каралап турушту.  7- октябрь күнү саруулуктар Каракол шаарында митинг өткөрүшүп, ызы-чуу кылышты. Муну да “Садыр Жапаров уюштуруп коюп, качып кетти”, - деп теледен каралашты. Ал тургай, ошол күнү он чакты баланы камап алышып, “Артыбызда Садыр Жапаров турат деп айткыла” деп, аларды көгала койдой сабап кыйнашты (Омбудсмен Аманбаевдин видео архиви). Менин оюм боюнча, бул митингди бийлик атайылап, өздөрү уюштурушкан. Эл ишениш үчүн бир тууган карындашымдын эбак эле сатып жиберген машинасына Каптагаевди олтургузушуп, жасалма барымтага алышкан. Алардын планы боюнча, ушундай жол менен лидер балдарды экинчи баш көтөргүс кылып сындырыш керек болчу .

 

Ошентип, иним экөөбүз 14 күн Минскиде болдук. Донордун бөйрөгү туура келбей калды. Мен бөйрөгүмдү бере турган болуп, даярданып калдык. Эртең операцияга жатабыз деген күнү иним, “Садыр ава, экөөбүз тең майып болуп жүргөндөн көрө, башка донор издейли”, - деп айнып кетип , караманча каршы чыгып, баш тартты. Айла жок, андан ары башка өлкөлөргө жөнөдүк. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Минскиге кайрылып барганыбыз жок. Кудайдын буйругу менен башка донор табылып, инимдин бөйрөгү алмашылып, сакая баштады. Күндө беш сааттан жатып, кан тазалата турган аппараттан кутулду. Ушул жерден бийликтин дагы бир пастыгы - биз кайсы өлкөгө барбайлы, артыбыздан көзөмөлдөп турушту. “Жапаровдор төңкөрүшчүлөр, экстремисттер, буларга жардам көрсөтпөгүлө” деген каттарды жөнөтүп турушту. Ушул кылыктарына күйбөгөн жерим күл болуп кетти. Бийлик кармашса, мени менен кармашып жатат. Бир туугандарымда эмне күнөө? Ар кимдин өз жашоосу өзүнчө эмеспи. Албетте, андай официалдуу каттарды алган чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүп, иш алып барыш оорго туруп, аябай кыйналдык. Бирок, баарыбыз бир кудайдын колунда экенибизди унутпашыбыз керек. Кудайдын буйругу менен инимдин операциясы ийгиликтүү өттү.

 

** *

2014- жылдын март айлары. “Кумтөр жана башка бардык кен байлыктарды мамлекетке алып өзүбүз иштетип, пайдасын кыргыз эли өзү көрсүн”  деген максатта жалпы республикалык Курултай уюштурмак болуп калдым. Ал үчүн Курултайды 17-мартка белгиледим. Удаа эле Улуттук Оппозициялык Кыймыл түзүлүп калды. Алардын да талаптары бирдей экен. Казакстанда жүрдүм эле. Кубан Кадыров келди. УОК тун мүчөлөрү мени менен сүйлөшүүгө жана уюштуруу иштерине каражат жагынан жардам кылуумду суранып жөнөтүшүптүр. “Талаптарыбыз бир болгондон кийин эч маселе жок” деп макул  болдум. Уюштуруу иштерине каражат да берип жибердим. Тилекке каршы, Кубан Кадыров ал каражаттарды УОКко жеткизбестен, чөнтөгүнө салган экен. Ошентип, УОК менен ортобузда түшүнбөстүктөр пайда болуп, ар ким өз жолубуз менен кеттик.


Жаштар өкмөтүнүн лидери Максат Кунакунов келди.  

 

- Курултайды уюштуруу иштерин мен колго аламын, мага ишене бериңиз,- деди.

 

“Макул” деп ага ишенип, каражат жагынан ага дагы жардам бердим. Көрсө, Максат Кунакунов дагы бийликтин долбоору экенин кийин билдим. Провокация жасап, «мына булар бийликти күч менен тартып алганы келишти” деп лидер балдарды четинен каматканга белсенишкен экен. Аны билип калып, Курултайды эки жолу жылдырып, акыр аягында, УОК менен бирге 10-апрелде өткөрүүгө туура келди. Буга Азимбек Бекназаров менен Бейшен Болотбеков агаларыбыздын бирге өткөрөлү деген өтүнүчтөрү да түрткү болду. Ошентип, 10-апрель күнү Курултайга келген биздин жактоочуларыбызды Максат Кунакунов  50 дөй спортчу балдар менен келип, милициялар менен биргеликте, автобустарга жүктөп салып кеткенге жардам берип чуркап жүрдү (видеоо архив). Укук коргоочу Качкын Булатов да  бул факты боюнча бир топ безилдеди. Ошондо Максат Кунакунов бийликтин долбоору экендигине толук ынандым. Ага чейин УОК тун мүчөлөрү, “Ушул жигитке ишенесиңби? Ал сени алдап кетет” дешсе, көнгөн жок элем. Көрсө, чын эле айтышкан экен. Бийликтин бут тосконунан дагы өзүңдүн жанында жүргөн, 100 пайыз ишенген досторуңдун сатып кеткени, ач көздүк кылгандары иштин баарын кыйратат экен. Ошентип, жалпы республикалык Курултай өткөрүү максатымды таш каптырышты. Муну менен эмнени айткым келет? Азыр жаңы муун деп катуу чыгып жүрүшкөн мекенчил жаштарыбыз көр оокатка азгырылбастан, сатылбастан элибиздин ишеничин актап, түз жол менен кетишсе экен деген тилек.

 

* * *
2014 жылдын май айлары. Ата-энем, үй-бүлөм, бир-туугандарым болуп, баарыбыз чогулдук. Баары бир добуштан, “Болду эми, токточу. Сенин эмгегиңди эч ким баалабайт экен. Тетирисинче, Ысык-Көл телесинен, КТР ден байма-бай чындыкка дал келбеген ушактар менен жамандашууда. Сабыр агаңдын шахтасы боюнча эмне деген адилетсиз телеберүүлөр болду. Эл ошонун баарын талдап олтурбай, ишене берет экен. Биз да тынч жашап туралы» деген сөздөрү мени да ойго салды Негизи бир дагы тууганым саясатка аралашкан эмес. «Бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын. Башкабыз саясатка аралашпай эле коёлу» дешчү эле .


Чындыгында, "Жыргалаң" шахтасы боюнча адилетсиз телеберүүнү Каптагаев башында туруп, КТР уюштурду. Мурда укмуштай иштеп турган шахтаны менин агам барып талкалап салгандай кылып көрсөтүштү. Албетте, чындыктын бетин көрсөтө алышпайт. Эмесе, чындык төмөндөгүдөй. Шахта өкмөттүн менчиги болуп турганда таптакыр карызга батып, талкаланып иштебей калган. 70 млн сомдун тегерегинде карызы бар экен. Анысы аз келгенсип, өкмөт жылда 30 млн сом бекер бөлүп берип турган. Аны да көмүр казганга жумшабастан, ак үй чиновниктери менен шахтанын мурдакы жетекчилери бөлүшүп, жеп келишкен. Ошентип, шахта сазга батканда өкмөт аукционго коюп, 2007- жылы саткан. Өкмөт аукционго катышуучуларды алдап,  шахтанын 20 млн сом карызы бар деп көрсөтүшкөн. Агам шахтаны аукциондо утуп алган. 70 млн сом карызы бар экени өткөрүп алгандан кийин билинген. Агам анын баарын ыйлай-сыктай толук жаап бүтүп, шахтаны күркүрөтө иштетип баштаган. Эмгек акыларын 1500 сомдон 30 000 сомго жеткирген. Анан эле балээ болуп, мен «Кумтөр» маселесин көтөрөрүм менен агамдын шахтасына чабуул башталды. 2012-жылдан бери чыгарган көмүрүн өкмөт ташып кетет да акчасын бүгүнкү күнгө чейин бербей келет. Мына ошентип, үч жылдан бери беш миллион сом көмүрдүн акчасын атайылап шахтасы банкрот болсун деп «Кыргызжилкомсоюзда» кармап жатышса, ким көмүр каза алат?  Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Казакстандан келген көмүрдөн жылына беш миллион доллар биздин чиновниктердин чөнтөктөрүнө түшүп турат. Ошол себептен, жергиликтүү көмүрчүлөрдү бутуна тургузушпайт. Анткени, жергиликтүү көмүр казуучулар анча акчаны жогор жакка бере алышпайт. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин акчасы башка өлкөлөргө чыгып кетип жатуусу биздин чондорду кайгыртпайт.


“Дело№” газетасына Вадим Ночевкин бир беткей маалымат жазып чыкты. Комиссар болуп турган кезимде ал жигитке коррупция менен активдүү, адилеттүү күрөшкөндүгү үчүн деп "Патриот" медалын бердим эле. Көрсө, жаңылганмынбы же ал көр оокаттын кулу болуп калганбы, белгисиз. Жалаң бир беткей сүйлөгөн каршылаштардын сөзү аркылуу КТР менен биргеликте бир беткей жамандашты. Экинчи жакты дагы угуп, алардын кылган иштерин, инвесторлордун буга чейин салган беш миллион долларын, жаңы тоннелдерди казып, көмүрдүн жаңы запасына чейин жеткенин, мына-мына казып баштайбыз, шахта үчүн он беш жылдык жумуш алдыда турат деп тургандарын көрүп турушса да, көрмөксөн болушу өкүндүрдү. Өкмөттүн үч жылдан бери жасап жаткан терс мамилесин, шахтанын беш миллион сомун бербей үч жылдан бери кармап келе жатышкандарын дагы көрсөтүп коюшса болот эле. Бирок, ага эрктери жетпеди.
Үй-бүлөлүк талкуу уланып, - Сен камакта жатканда канча кыйналдык. Элге баары бир экен. Уу ичсе деле мейли окшойт. Тигине, канча балдар камалып жатышса деле, былк этпей олтурушат. Таласта канчасы камалды. Талас эли да былк этишпейт. Тескерисинче, сени жамандап чыккандар болду. Душмандарың көп экен, - дешти. Албетте, көп болот. ММК, алтын, акча, бийлик баары менин каршылаштарымдын колдорунда турса. Алар жеп-ичип жаткан эбегейсиз миллиондордон, “май токочторунан” айрылганы жатышса, душманым көп болот да. Бирок, баары бир аягына чыгарам дедим. - Бизге сенин эрдигиңдин кереги жок. Амандыгың керек. Тигине, карачы. Эрдик кылган Насирдин Исановду эмне кылышты? Андан башка канча эр-азаматтарыбызды атып, жок кылып жиберишти. Беш, он күн ызы-чууга түшүп, өлгөндүн өз  шору болуп, үй- -бүлөсү эле кыйналды. Суранабыз, үй-бүлөңдү алып, чет өлкөгө убактылуу чыгып турчу. Ишенебиз. Акыр-аягына чыгасың. Бирок, элге чындык маалымат жеткенче, тыныгуу алып турчу, - дешти. Биз да тынч жашап туралы дешти.


Минтип баары катуу сурангандарына себеп бар эле. Бийлик үйүмө криминалдарды жибере баштаган кези болчу. ”Биринчи талап, Батукаев жөнүндө ооз ачпайсың. Экинчи талап, «Кумтөр» менен «Мегаком» маселесин көтөргөнүңдү токтот” дешти. Анткени, кайрадан митинг уюштуруп, элге “Батукаев, «Кумтөр», «Мегаком» жана башка коррупциялык маалыматтарды жеткиребиз” деген планыбыз бар эле.


Камчыбек Ташиев фракция лидери, мен соттук реформа боюнча комитеттин төрагасы болуп турган кезибизде Батукаевдин адамдары Камчы Ташиевке келишкен. “Эки миллион доллар берели, Батукаевди чыгарып бергиле” дешип. Ал мезгилде биз  коалицияда болуп, Ахматбек Келдибеков спикер, мен сот тармагын караган комитеттин төрагасы элем. Кандай гана маселе болбосун, шар чечилип турган убак. Алар да кайсы партияга барса, тез чечилээрин билишет эмеспи. Биз болсо, “Мындай ыплас иштерге аралашпайбыз” деп баш тартканбыз. Кийин Атамбаевдин колуна бийлик толук өткөндөн кийин А.Салянова экөө жеңил-желпи эле, жакшынакай сый менен узатып койгондоруна жалпы коомчулук күбө болду...


Ошентип, үй-бүлөмдү алып, убактылуу чет өлкөгө чыгып кетүү чечимин кабыл алдым. Учурдан пайдаланып, жылуу кабыл алгандары үчүн өзүмдүн жана үй- бүлөмдүн атынан Евробиримдикке, анын ичинде Польша мамлекетине терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Биз сыяктуу эле жыйырма беш жыл мурда эгемендүүлүк алган Польша мамлекетинин ушунчалык өнүгүп кеткендиги мени абдан суктандырды. Эмне үчүн биз Европа мамлекеттериндей болуп жашай албайбыз? Эмне үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, окуучу балдарыбызды толук окута албайбыз? (Бүгүнкү күндө 30 000 ден ашуун окуучу балдарыбыз мектепке барышпайт. Европаны мындай көрүнүш таң калтырат)  

 

Эмне үчүн жетиштүү кен-байлыктарыбыз болуп туруп, бир миллионго жакын эмгекке жарактуу жаштарыбызды чет мамлекеттерге тентитип жибердик? Тескерисинче, дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды бир уучка чогултсак кана? 2007-жылдын октябрь айында «Кайрылмандар" деген мыйзам жазып өткөрдүм эле. Бүгүн ошол мыйзамдын негизинде этникалык жүз миңге жакын жарандарыбыз Кыргызстанга келип, жашап жатышат. Тилекке каршы, аларга дагы мыйзамда көрсөтүлгөн тиешелүү жардамдарды беришмек түгүл, бир паспорт бергенге жарабай келебиз. Качанкыга чейин элибиз бир ууч арам тамактардын курсагын тойгузуп келет? Мына ушул сыяктуу суроолордун жообуна саясатта жүргөн ушул жылдарда толук түшүндүм. Ал мамлекетибиздеги бийлик башында тургандардын коррупцияга белчесинен батып калганы. Элдин ырыскысын эсепсиз ичип-жегени. Бийликке жеткиче, “бийлик башына барсам эле эл үчүн ак иштейм” деп карганып жүрүп, бийликке жетээри менен өз чөнтөгү үчүн иштеп бузулуп кеткени. Бийлик системасын чыныгы эл үчүн иштегидей кылып түзүүдөн качып, жеке кызыкчылыктарына ылайыкташтырышканы. Буга качып кеткен эки Президентибиздин эле миллиарддаган долларларды жүктөнө кетиши так мисал боло алат. Бүгүнкү бийликте отургандар деле  качкан эки Презденттин ишин улантышууда. Болгону фамилиялар гана алмашты. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе. «Кумтөр» жана башка мамлекетибизде болгон кен байлыктардын алтынын мурункудан да ашырып, чет элге ташып кетип жатышат.


Мына ушинтип, акыркы он жыл ичиндеги өзүм күбө болгон саясый окуялардан кыскача баян кылдым. Албетте, саясый окуялар абдан көп. Анын баарын жазып олтурсак кагаз жетпейт. Мындан сырткары, мамлекеттик чоң кызматка келгенде мамлекеттик жашыруун сырларды ачыкка чыгарбоого милдеттенме алып ант бергенбиз. Аларды жазууга укугум жок. Болбосо, укмуштуудай төбө чачты тик тургуза турган фактылар көп. Жогорудагы баяндарым андай жашыруун сырларга кирбейт. Мамлекеттик жашыруун сырлар, өз ичимде эле кала берсин. Качандыр бир мезгилде кызматка келип калсам мамлекетибиздин, элдин кызыкчылыгына пайдаланганга жарайт деп ойлойм. Урматтуу окурмандар жана ушул китепке кирген каармандар! Эгер кимдир бирөөлөрдү капа кылып же таарынтып койгон болсом, кечирим сураймын. Чыркыраган чындыкты жазбай коюуга акым жок. Чындык мен жазбаган күндө деле, акыры эртедир-кечтир чыкмак.


Эстегилечи!? Эгемендүүлүгүбүздү алып, өз алдынча мамлекет болгонубузда элибиз кандай кубанды эле? Ошондо ушундай коррупцияга чырмалышып, чыга албай калган бийлиги бар мамлекет болобуз деп ойлошкон эмес да. Биз бүт чындыкты төгүп айтуу менен гана чыныгы таза коом, коррупциясыз мамлекет кура алабыз. Бул баянымдагы башкы максат ушунда.


* * *
Эмне себептен жогоруда айтылган коррупциялык иш аракеттерге жеңил эле жол берилип, эч ким жоопкерчиликке тартылбай келет? Жообу эң жөнөкөй. Бүгүнкү мамлекеттик башкаруу системабыз учурдун талабына жооп бербейт. Эгемендүүлүк алгандан бери илгерки Союздан калган башкаруу системасын бир аз гана өзгөрткөн дагы атын өзгөртүп, ички түзүлүшүн ошол калыбында калтырган түрү менен жашап келе жатабыз. Реформа кылдык деп айткан менен чыныгы өзгөрүү болбоду. Эмне үчүн андай? Анткени, өлкө башчысы болуп шайланган инсанга бул система майдай жагат. Өзү эч нерсеге жооп бербейт. Бирок, айыл өкмөттөн баштап премьер-министр, спикерге чейин өзү коёт. Алардын колу менен өзү каалаган чокту карматат. Жыйынтыгында ким күнөөлүү? Парламентти таратат же өкмөттү отставкага кетирет. Ошентип, 23 жылда 25 өкмөт башчы алмашты. Ар бир өкмөт башчынын арты таза эмес. Миллиарддаган сомдорду жок кылган коррупциялык иштери турат. Бирок, бир өкмөт башчы жоопко тартылдыбы? Жок. Анткени, алардын колу менен баарын президент өзү жасаган. Ошол себептен жоопко тарта алышпайт.


Ошондуктан, эгер биз мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүн сактап калалы десек, замандын талабына ылайык иштей турган, жоопкерчиликти мойнуна ала турган жаңы системаны түзүшүбүз зарыл.


Ал система төмөндөгүдөй болуш керек. Президент өкмөттү өзү башкарып, премьер-министр менен акимчиликтер жоюлушу керек. Бул кызматтар илгери союз мезгилинде жер, мал чарбачылык, завод- фабрикалар жана башка бардык байлык, капитал мамлекеттин колунда кезде керек болчу. Ал убакта жер айдоо, жыйын терин, малдын төлдөөсүн, завод-фабрикалардын иштешин күнү- түнү дебей кыдырып, текшерүүгө алып туруш керек эле. Ага жетишүү оңой эмес болчу. Ошол себептен колхоз, совхоз, район, облус, анан республика деген система түзүлгөн. Азырчы? Мамлекетте жер, мал- мүлк, завод- фабрика барбы? Албетте, жок. Болсо да саналуу. Негизги капитал  жеке менчиктин колунда. Менчик ээси өкмөтсүз эле өздөрү жакшы иштетип, өнүгүп кетсек деп тилешет. Болгон күчүн жумшап, аракеттенишет. Өкмөт жардам бербей деле койсун, болгону бут тоспосун дешет.


Жаны система боюнча республика, облус, айыл өкмөтү болуш керек. Парламент бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып, 70 тен ашпаганы туура. Талапкерлерди партиялар жылдырышса да болот. Ошондо ар бир райондун өздөрүнүн өкүлдөрү келет. Жергиликтүү эл кимди шайлашты өздөрү жакшы билишет. Курултай системасын киргизишибиз керек. Курултай жылына бир жолу чогулуп, президенттен, парламенттен, баш прокурордон, Жогорку соттон, Эсеп палатасынын төрагасынан отчёт алып, анын жыйынтыгы боюнча добуш бериши керек. Курултайдын жүрүшү баштан- аяк республикадагы бардык теле-радиодон ( алардын менчик же мамлекеттик экенине карабастан), түз алынып, көрсөтүлүшү керек . Эгер жогоркулардын кимисинин иши канааттандырарлык эмес деген чечим кабыл алышса, анда ошол бийлик бутагынын башчысы сөзсүз отставкага кетиши керек. Анткени, Курултай жалпы республиканын булуң-бурчунан эл тараптан шайланып келген 1000 ден кем эмес өкүлдөрдөн туруп, элдин эркин  билдирет. Делегаттардын саны ар бир айыл өкмөттө жашаган калкынын санына жараша бөлүнүп, мыйзам менен аныкталыш керек. Ошол айылдардан шайланып келген өкүлдөр Курултайдан кайтып баргандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде, жергиликтүү элди чогултуп, курултайда кандай маселелер каралды, ким кандай добуш берди, кандай чечим кабыл алынды жана ушул сыяктуу отчётторун бериши керек. Муну Курултайдын өкүлдөрү так жана өз у багында аткарыш үчүн мыйзам менен бекитип коюшубуз керек. Жолугушууну уюштуруп берүүгө айыл өкмөттөрү милдеткер болууга тийиш. Ошондо гана биз сөз жүзүндө эмес, накта иш жүзүндө эл көзөмөлдөгөн бийлик бутактарын орноткон  болобуз. Эл болсо, бир гана бийликтин КТР аркылуу берген калп маалыматтарына ишенип олтура бербестен, түздөн- түз өз өкүлдөрү аркылуу так жана адилеттүү маалыматтарга ээ болушмак.


Парламент мыйзам чыгаруу менен алек болуп, республикалык бюджетти бекитиүү менен бирге президент мамлекеттик кызматка көрсөткөн талапкерлерге макулдугун берип, алардын мыйзам четинде иштешин көзөмөлгө алышы керек. Президент менен парламент бири-бирине көз карандысыз болуш керек. Экөө тең жылда Курултайга отчёт берип туруш керек. Ошондо буга чейин бир да жолу элге отчёт бербеген президент менен парламент жыл сайын эл алдында отчёт берип көнүп калышмак. Биз кыргыздар, ар кайсы мамлекеттин баш мыйзамын көчүрүп алып, алардын мыйзамы биздин элибиздин менталитетине, шартына туура келбесине карабастан, башаламан жашаганды токтотушубуз керек. Азыр ушул тапта жогоруда айтылган сунуштарга ылайык келе турган жаңы башмыйзамдын долбоору даяр. Коомдун талкуусуна салып, алымча- кошумча, сунуш- пикирлерди кабыл алып, жарым жылдын ичинде жаңы башкаруу жана жаңы экономикалык система менен жашап өнүгүп кетүүгө Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар.


Муну ишке ашырууга бир гана тоскоолдук бар. Ал - жыйырма жылдан бери ичкич-жегич системаны түзүп алышкан Ак үйдөгүлөрдүн эрки гана жетишпей, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору койгону, бийликке жабышып, андан ажырап калуудан коркуп, өздөрүнө өздөрү ишенишпегени, элдин көзөмөлүндө болуу жоопкерчилигинен качканы болууда. Келиңиздер, “Сен Акаевдин калдыгысың, сен Бакиевдикисиң же Атамбаевдин колдоочусуң” дебестен, арасынан чыныгы эл үчүн иштеген мыкты кадрларды алалы. Интеллектуалдык күчтү пайдаланалы. Жаман жактарын ыргыталы. Бардык кен байлыктарыбызды четтен келгендер үчүн эмес, өзүбүздүн мамлекетибиз үчүн иштетели. Ошондо гана дүркүрөгөн экономикалык өсүшкө жетебиз.
“Мен түштүк, сен түндүксүң ” дешпестен, иш билги инсандарды чогултуп, жаңы системаны түзөлү. Билем, мындай кадамга баруу оор жана каршылар өтө көп. Бирок, мындан башка жолду көрбөй турам.


Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан  достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы, эки төңкөрүш тең, бийлик ордосуна баатырдыкты да, акылмандыкты да  берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы да ушунда. Өкүнүчтүүсү, “Абыке-Көбөш, алты арам” деген саясаттын чеңгээлинде, 20 жыл сүзүп  келе жатканыбызда. Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Улуу максат бирөө гана - Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз. ”Серпишкенге бой бербес, сепил боло алабызбы” дегендей, кеп ушунда. Мейли, мен эл көйгөйлөрү  менен жалгыз калайын.Бирок, эртең баары бир эл ырыскысын, эл байлыгын ойлогон бирөө-жарым чыгат да. Ооба, мен бүгүн жалгыз чыбык болуп күрөшүп атам. Каралаган ушактарга, кара жаным гана туруштук берип турган кези. Менин күрөшүм - ички тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип, элдин олжосун сыртка бербей акыл тирек менен Ата Журт алдында, өз милдетибизди аткаруу гана. Кандай болбосун, акыры кыргызга жакшылык алып келишибиз керек. Эми бул вазийпанын аягы азыр бүдөмүк. 2005-жылдагы шайлоочуларымдын ишеничи, Ош окуясы, «Кумтөр», «Мегаком», Каркыра чындыгы мага өзгөчө таасир берди. Бийликтин, саясатчылардын адилетсиз кадамдарына, катардагы көрүүчү болуп тим олтура албаганым балким, мага душман болгондур деп ойлоп кетем. Коркпой, тайманбай күрөшкөнүм, мени сындыра алган жок. Мен буга эч өкүнбөйм. Саясый куугунтуктун болгон түрүн көрдүм. Саясаттагы позициям үчүн жакын туугандарым азап чекти. Кекчил саясаттын курмандыгы болдум. Бирок, эң башкысы  таза абийир, эл менен калдым. Акыркы күндөрү кыргыз элим сокур болбосо экен деп тилеп калдым. Адамдардын кайсыл бир бөлүгүн басмырлоо күч алып, басынгандыктан элде үмүт жоголуп бара жатат. Салижан Жигитовдун “Шуулдаба,теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин“ деген саптарын көп эстейм. Көл тарапка баратып, кыргыз жерине суктанып атып эле куураган өрөөндү элестетип, чочуп кетем. Кудай сактасын деп күндө тилейм. Ак чокулуу мөңгүлөрүбүздү, мончоктой мөлтүрөгөн көлүбүздү, чубалып өмүр берген кыргыздын дарыяларын, кожогат, карагат толгон тоосун, килемдей көк шиберге толгон жайлоосун сактап калалы! Кыргыздын бир уулунун тилеги ушул. Кыргыздын жерин, тоолорун, суусун, алтынынын баркын билген адам катары ушул китепти жаздым. Ашууда дагы далай кызмат, эл алдында бере турган отчётторубуз бар. Эркиндиктин туусу бийиктикте гана желбирей берсин!

 

2014-жыл, декабрь айы
Баяндын соңу       

                                

Автор жөнүндө кыскача маалымат:


Жапаров Садыр Нуркожоевич. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

 

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.


Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы. 1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын   башчысы. 1996-2001-жылдары "Гузель" ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан "Нурнефтегаз" нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.


2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен. 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген. 2013-жылы азыркы бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган.


Коомдук иштердеги ишмердүүлүгү: 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү. 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, бир далай мамлекеттик сыйлыктардын ээси.