Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2225

Үстүбүздөгү жыл президент А.Атамбаев тарабынан “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо” жылы деп жарыяланган.  Ушуга байланыштуу коомдук ишмер, кыйла жыл УКМКда иштеген чекист, Баткен облусунун эки жолку экс-губернатору, учурда Бишкек гуманитардык университетинде сабак берип иштеп жаткан Султан Айжигитов менен мамлекеттик курулуш, дегеле мамлекеттин, жарандардын милдети, улуттук идеология, улуттук кызыкчылыктарды коргоо, Бажы кошунуна кирүүнүн зарылдыгы жаатында кеңири маектештик.

 

-Султан Абдырашидович, коомдук, мамлекеттик ишмер катары айтсаңыз президенттин бул жылды мындай аташына эмне түрткү болду деп ойлойсуз?

 

-Ушул суроого жооп берердин алдында бир нерсенин башын ачыктап алалы. Адегенде “мамлекет” дегендин өзү эмне экенин түшүнүп албайлыбы. Ошондо барып биздин мамлекеттин маңызын, андагы саясий-экономикалык кырдаалды баамдай алабыз. Мамлекет – деген адамдар тарабынан түзүлүп, ошол адамга кызмат кылат. Мамлекет бул – адамзат коомунун эң жогорку уюшкан формасы. Ага жараша ал бардык улуттук кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды мамлекеттин өзүнүн, анын жарандарынын толук коопсуздугун коргоого чакырылган. Ошол эле учурда жаран мамлекеттин алдында белгилүү бир милдеттерди мойнуна алат. Айталы, мамлекетке ак ниет болуу, мыйзам талаптарын сактоо, салык төлөө, мамлекеттин бакубаттыгы үчүн иштөө ж.б. Ал эми мамлекет – жарандын жашоосу, келечеги жакшы болушуна, укум-тукумунун өсүп-өнүгүшүнө ишеним жаратууга, дегеле мамлекеттин өзүнүн гүлдөп-өсүшүн камсыздоого милдеттүү. Бир сөз менен айтканда мамлекет өз жаранын коркунучтан, ачкачылыктан коргоп, укум-тукумун улашына шарт түзөт. Бул үчүн жаран өз эркиндигин чектеп, жогоруда биз айткан айрым милдеттерди мойнуна алат. Ошентип, мамлекет деген бул өз ара милдеттердин системасы болуп саналат.

 

Эгерде жаран мамлекеттин алдында өз милдеттерин аткарбаса – мамлекет аны жазалаганга толук укуктуу. Муну социум да түшүнөт жана колдойт. Ал эми мамлекет жарандардын алдында өз милдетин аткарбаса муну да социум түшүнөт жана ар кандай демонстрацияларды колдоп чыгат. Мамлекет болбой эле күчкө салам десе анда кыйроого кептелиши, башкача айтканда ар кандай революциялар чыгып кетиши мүмкүн. Биздеги болуп өткөн эки жолку революциянын келип чыгыш өзөгү мына ушунда жатат. Демек, мамлекет өз милдетин аткарбагандан кийин  жарандар да мамлекеттин алдындагы өз милдеттерин аткаруудан бошондум деп эсептөөгө укук алат. Азыркы болуп жаткан мыйзамды сактабагандык, баш ийбегендик, коррупция, кыскасы бардык терс көрүнүштөрдүн себепчиси ушул.

 

- Сиз өтө тереңдетип айтып жатасыз. Бүгүнкү күнгө келбейбизби?

 

- Мамлекеттин уңгусун түшүнүп алмайын бүгүнкү күндү айтканда не пайда. Жогорку сөзүмдү уласам Кыргызстан мамлекет катары эч кандай демонстрациялар ж.б. нааразычылыктар болбосун десе, (албетте, сырткы күчтөр эле таңуулап жибербесе) анда жарандардын алдындагы өз милдетин так аткарып, андай көрүнүштөргө шылтоо болуучу жагдайларга жол бербеши керек. Ошондо эч кандай нааразычылык акциялар, демонстрация дегендер эгерим болбойт. Эч кандай сырткы күчтөр биздин жалпы макулдашуубузду, монолиттей тилектештигибизди буза албайт.

 

- Мамлекетти өзөгү, аны алдыга сүрөгөн улуу күч улуттук идеология деп жатышпайбы. Сиздин пикириңизче анын мааниси канчалык?

 

-Биз улуттук идеология тууралуу көп айтабыз. Аныгында идеология деген жөнөкөй эле нерсе. Аны кол жеткис деп деле саноого болбойт. Идеология –стабилдүү турмуш, бакубат жашоо деген эле сөз. Ошентип, коомду, жарандарды бир муштумдай түйүлткөн идеология адамдын кадимки эле күндөлүк керектөөсүнөн келип чыгат. Мисалы, АКШ өздөрүнүн идеологиясын дүйнөлүк гегемониядан көрөт. Ошол дүйнөгө үстөмдүк кылып туруу идеологиясы АКШ коомун бириктирип, алардын жашоосун бакыбат кылып турат. Дагы бир мисал Орусияны алалы. Бул өлкө Крымды кошуп алганда бүткүл дүйнө айкырып чыкты. Мындай коркунучту көргөн Орусия коомчулугу ушул учурда Путиндин тегерегине баш кошуп, аны колдоп турушат. Бүтүндөй улутту баш коштурган бул көрүнүш идеология эмей эмине?   Мындан келди бизде да ушундай улутту уюткан максаттар болуш керек да? Ага кийинчерээк токтололу.


  Ошондой эле биз улуттук коопсуздук тууралуу да көп айтабыз. Негизинде улуттук коопсуздуктун башаты бул –экономика. Эгерде мыкты экономикалык пайдубал болсо биз көз каранды болбойбуз. Мындан тышкары маданиятты да унутууга болбойт. А маданияттын өнүгүшү деле ушул экономикага байланыштуу. Ошентип мыкты экономика болсо бизде маданияттуу эл да болот, соттор деле сорунуп отурбай калыстыгына тартат, бардыгы бизге суктанып, биздей болгулары келишет.

 

- Сиз айтып жаткандар албетте маанилүү. Ошондой болсо Кыргызстан деген алакандай мамлекетибиздин өргө баспай өмөчөктөгөн абалда калышын эмне менен түшүндүрөсүз?

 

- Ооба мен деле эмне үчүн Кыргызстан ушунчалык старттык капиталы болуп туруп алдыга жыла албайт деп көп ойлоном. Эң мыкты географиялык абалда турабыз. Калкыбыздын саны болгону 5 миллиондун тегергинде. Анын 100 пайызы орто, 30 пайызы жогорку билимдүү болуп туруп, биз бүгүнкү күндө эмне үчүн турмушубузду жөндөп кеталбай жатабыз? Экономикабыз мыкты болгондо биз төмөнкү критерийлер боюнча өзүбүздү камсыздай  алмакпыз. Бул аскерий жана дипломатиялык көз карандысыздык. Өкүнүчкө жараша бүгүнкү күндө андай эмес.
  

Андыктан бүгүнкү шарттарда Кыргызстандын башкы идеологиялык багыты, көздөгөнү экономикалык коопсуздук болушу керек. Эгерде экономика саясатын туура жүргүзсөк биз гүлдөгөн өлкө болобуз. Балким, өсө албай жатканыбыздын бир себеби биздеги бардык структуралар, доктриналар, дегеле болгон-бүткөн  экономикабыз сырттан таңууланган шарттарга байланып, ошонун туткунунда калганынан улам болуп жүрбөсүн? Ошондуктан бизде өсүү жок. Андыктан биз чукул арада саясатыбызды да, экономикабызды да, аскерий коргонуу жагдайыбызды да кайра карап чыгышыбыз зарыл. Демек, 23 жылда өсүп-өнө албай койдукпу, бул жерде ойлоно турган көп нерселер бар.

 

- Ошондо эмнеден башташыбыз керек?

 

- Эң башкысы биз улуттук кызыкчылыгыбызды аныктап алышыбыз зарыл. Биз ушул күнгө чейин бизге таңууланган кызыкчылыктардын көлөкөсүндө жашап келатабыз. Бул жанагы эле аты жакшы, заты курук –демократия , бул баарын “жапайы” рынок башкарат деген – либералдык  экономика. Ушул убакытка чейин биз ушул эки нерсени коргоп, оозубуздан көбүк чыкканча даңазалап келдик. Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды так аныктай алалбай жатабыз.
 

Мен дегеле бизде жүрүп жаткан реформаларды түшүнбөй койдум. Мына сот реформасын алалы. Бир кадрды экинчиси менен алмаштырып коюшту. Ал эми иштери ошол боюнча эле калды. Ушул реформабы? Биздеги бардык  реформалар биринен экинчисинен эч айырмасы жок, керек болсо деңгээли төмөн кадрлар менен алмаштырып коюуу менен гана чектелүүдө. Кеңири, бара турган багыт деген жок. Ошондуктан биз өзүбүздүн улуттук менталитетибизге дал келген кызыкчылыктарыбызга кайтып келишибиз керек. Ошол реформалар улуттук кызыкчылыктарыбызга жооп берип атса, анда кабыл алсак болот, жооп бербейби кереги жок.
  

Көрүнүп тургандай биздеги либералдык экономиканын, аты жакшы, заты курук  демократиянын мындан ары тереңдеши туңгуюкка гана алып бараары байкалып калды. Бизде демократия десе эле ээн сүйлөп, ээн жазып, билгенинди кыла бер дегендей түшүнүп калышты. Мына ар кимибиз орой айтканда оозубузга келгенди оттой берип эмне таптык? Демократия – деген  жөнөкөй айтканда – жоопкерчилик  болушу керек эле го. Сенин, менин, мамлекеттин, коомчулуктун жоопкерчилиги. Мыйзам алдындагы жоопкерчилиги. Кашайганда ошол мыйзамыбыз да сырттан таңууланып жатпайбы. Ошентип, демократия дегенге жамынган сырткы күчтөр бизди тымызын чүлүктөп алышып, минтип баарыбызды ажылдатып койду. Ал эми либералдык экономика түз эле Бүткүл Дүйнөлүк Банктын босогосуна жетелеп барып, кайыр суратып турат, антип турушубуз айрым дүйнөлүк оюнчулардын кызыкчылыгына кирет. БДБ – дегендин өзү Батыштык кызыкчылыгына бап келген, либералдык экономиканын атасы болуп саналат. Ал жакка кирүү менен биз алардын эрежеси менен ойногонго аргасыз болуп, алардык кызыкчылыгына кызмат кылып атабыз. Эч качан өзүбүздүн кызыкчылыкка эмес.

 

-Жогоруда сырткы күчтөр дегендей айттыңыз. Алар кимдер? Же биз алакалашып эле жүргөнүбүз менен ар жакта кылтыйып сырын каткан айрым мамлекеттерби?

 

-Буга жооп берүү үчүн саал тарыхка көз жүгүртөт окшойбуз. Акыркы миң жылдыкта геосаясый кырдаал, геосаясый кызыкчылык өзгөргөн деле жок. Ал кандай болсо ошондой эле калды. Мындан үч миң жыл мурда ушул эле Улуу Кытай бар эле. Дагы бир геосаясый борбор бул –Рим болчу. Үчүнчү геосаясый борбор – Улуу талаа (Великий степ) болгон. Булар үч башка формадагы цивилизация эле. Азыр Кытай ошол боюнча калды. Римдин ролун – АКШ, Батыш алды. Улуу талаанын өзөгү бүгүнкү күндө Орусия. Ага чейин гунндар, түрктөр, монголдор эле. Кийин ушул мейкиндикте СССР пайда болду. Анын ордун азыр Орусия басып турат.
   

Кезегинде Улуу талаанын таасир-кызыкчылыгына бүтүндөй Чыгыш Европа, Чыгыш Азия, Индия, Ирак-Ирак кирсе, азыр деле ошондой. Негизи Улуу талаа эч качан багынган эмес. Кытай менен Рим буларды бир-бирине тукуруудан башка колунан эч нерсе келген жок. Бирок, бөлүп жаргандар айрым максаттарына жете алышкан. Айталы, гунндарды ич ара чабыштырып жүрүп түбүнө жетишти. Ошол эле учурда күчү ашып-ташып турган Кытай бөлүнүп чачыраган Улуу талаага батынып кире алган эмес. Азыр деле ошол. Күч менен ала алышпайт, болгону ич ара кагыштырып, чабыштырып турсак дегенде көздөрү төрт. Кытайдын саясаты баягыдай эле сак, сыртынан билдирбегени жылып кирип  жакындап келет. Римдин ролундагы АКШ, Батыш ачык эле кагыштырып, чабыштырып жатышат. М: Жакынкы Чыгыштагы окуялар. Байкайсыңарбы эмне үчүн Орусияны европалыктар кабыл ала алышпайт. Анткени алар орустарды азиат деп кабыл алышат. Алар кебете-кешпири боюнча европеид болуп турушканы менен жан дүйнөсү, менталитети бизге, азиялыктарга жакын эл. Ошол эле Батыш Европа Чыгыш Европа жагын (Болгария, Чехия) анча сүйө беришпейт. Аркы түрктөр Европада турушканы менен Батыш кабыл албайт. Канча жолу Европа кошунуна кирели деди эле кийирбей коюшту. Эч качан киргизишпейт дагы. Анткени мунун баары башка дүйнө.

 

Ошондой эле булардын диний карама каршылыгын да карап көрөлү. Белгилүү болгондой Рим империясы экиге бөлүнүп кетти. Чыгыш жагы Константинаполь, Византия, батышы Рим. Себеби, бул империя римдиктердин эмес варварлардын найзасынын учу менен кармалчу. Батыш Рим германдык варварларга таянса, Византия чыгыштын варварларына таянчу. Тагыраагы бизге таянчу. Орустар деле негизи түрк урууларына кирет. Башкача айтканда азыр өздөрүн орустарбыз дегендердин 80 пайызы тап-таза түрк элдери болуп эсептелет. 20 пайызы угро-финндер, өздөрүн славян атаган венедтер. Ошентип, Римдин чыгыш жагы Византия грек-православие дининде калса, Батыш жагы католик дининде калышты. Башкача айтканда Римдин экиге бөлүнүшү ошол динден улам чыккан. Ал эми орустар, сербдер, болгарлар, черногорцылар өздөрүн европалыктарбыз деп эсептеп калганы ошол дининин Римден чыкканына байланыштуу. Булар негизи түрк элдери эле болучу. Византияны түрктөрдүн басып алышы тегин жеринен эмес. Тарых кезеңдеринде ал жерлер башында гунн элдеринин жери болчу. Эми дин жагынан алганда бул мейкиндиктер үчкө бөлүнүп кетти (христиандар: католик, православдар, кийин мусулман дини болуп). Бүгүнкү күндө эң эле Батышчыл деген эл бул католик дининдеги поляктар.

 

-Тарыхка өтө эле тереңдеп кирип кеттик. Бүгүнкү күнгө кайтпайлыбы?

 

-  Бүгүнкү күнгө келсек, биздин Бажы кошунуна кирип жатканыбыз эң эле туура жол. Себеп дегенде Батышта бизди эч ким күтпөйт. Өйдөтө тээ түп-тамырын козгоп жатканымдын себеби ушул. Ошентип, биздин ордубуз Улуу талаа элдеринде. Мына Иран да орустарды европалыктар деп түртүп жүрчү. Эми түшүнүп ШОСко кирсем деп атпайбы. Атүгүл Түркия Бажы кошунуна кызыгып жатат. Мунун баары тегин жеринен эмес. Бир гана биз өз алдынча мамлекет болгондон кийин жөн эле кире бербей, ошол өз кызыкчылыктарыбызды коргой билгендей болушубуз керек. Кайталап айтайын менталдык жагынан алганда да биздин ордубуз Бажы кошунуна кирип жаткан мамлекеттерде.
 

Ушул жерден улуттук кызыкчылык боюнча дагы кошумчалай кетейин. Мына, биз кезинде ураалап эле ВТОго кирип кеттик. Бул кадамыбыз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызга түкүрүп койгон эң оор жаңылыштыгыбыз болгон. Айрымдар ВТОну жер замандагы уюм деп жүрүшөт. Андай эмес, бул уюм болгону 1996-жылы эле түзүлгөн. Ага чейин тарифтик ассамблея катары Батышка кызмат кылчу. СССР жоюлар замат рынокту кеңейтиш үчүн ВТОну түзө салышты. Бизди болсо эң биринчилерден болуп кабыл ала коюшту. Эмне үчүн бизге анчалык эрип кетишти? Себеп дегенде биз эч кандай өзүбүздүн талаптарыбызды койгон эмеспиз. Кир десе эле кирип кеттик. Мына орустар менен казактар өздөрүнүн талаптарын коюп жатышты. Орустар көпкө чейин кирбеди. Анткени алар улуттук кызыкчылыктарын коргоп, баарын сүйлөшүп алып анан кирди. Казактар да өз шарттарын коюп, кирбей турат.


Жыйынтыгында эмне болду? ВТОго эч кандай шарты жок эле кирип кеткендиктен арзан товарлар бизди басты, өнөр жай өлдү, айыл чарбасы ойрон болду. Бүгүнкү күнгө чейин ушул көрүнүш. Мунун баарын узун сабак кылып айтканымдын жөнү, эгерде улуттук кызыкчылыктарыбызды коргобосок ушундай абалда калабыз дегеним...


-Баятан берки маегибизди байкасам жалаң эле кейишке түшүп кеттик. Сиздин оюңузча бир жарык көрүнбөйбү? Кейип эле отура беребизби? Мамлекетибизди кантип чыңдайбыз?
 

- Чыңдайбыз. Анын да өз жолу бар. Бул үчүн адегенде абалыбызды карап кайда келдик, кайда барчудай болуп турабыз ошого көз жүгүртүп албайбызбы. Мына экономикалык болобу, саясый жагынанбы өлкөбүз стагнация абалында калды. Себеби, түпкүлүгү эмнеде? Шайлоо системасын эле алалычы. Канчалык каалабай турсак дагы бизге шайлоо аркылуу бийликке шыкыны бузук (мансап, байлык үчүн энесин саткан), чөнтөк көксөгөн адамдардын келип калышына шарт түзүп берген системаны таңуулап, таңууламак турсун мойнубузга таңып, байлап коюшкан. Ошентип, бийликке эч кандай принциби жок, акчасы арбын, бандиттер менен “бажа” болуп жүргөндөр келгенге жол ачылып калган. Алар адатта интеллект дегенден жайдак, бирок,  өздөрүнүн максаты үчүн шайтан менен болсо да шилекей алышкандан кайра тартпаган типтеги адамдар болушат. Бир сөз менен аларды жеңил эле сатып алса болот. Сырткы күчтөргө дал ошолор керек. Ал шордуу өзүнүн сабатсыздыгынан улам сырткы күчтөр бизди каякка жетелеп, кайда алып баратканын аңдай албайт. Же ал бечаранын кур дегенде мамлекеттик курулуш, дүйнөлүк тарых, экономика боюнча түшүнүгү болсочу. Анан “ушул баалуулуктарды алсаңар жыргайсыңар” деп койсо болду сабатсыз неме баарын аткарганга даяр. Жыйынтыгында ошондой адамдардын айынан өлкө бүгүнкү кырдаалга тушугуп отурабыз. Ушундайлардан арылышыбыз керек.
 

Дагы бир жагы сырткы колу түктүү күчтөр бизди дүйнөлүк финансы уюмдарына музоодой эле телип коюшкан. “Кың” этип көрчү клапанды бууп коюшат. Ал үчүн түрдүү рычагдарды пайдалангандан кайра тартпайт. “Кумтөрдөгү” 47 млн акциябызды “кыкынтып” жаткандары ошол рычагдын бир көрүнүшү. Мындай абалдан чыгуу оңой эмес. Батыш килейген Кытайды, олчойгон Орусияны да ушундай жолдор менен муунтуп турушат. Жалпы кырдаал ушундай.


-Сиз негизи белгилүү эле фактыларды арылатып айттыңыз. Конкреттүү мисалдарга деле токтолгон жоксуз. Бир караганда сазда эле калгандай, эч кандай аракеттер болбогондой туюнтуп жатасыз. Ошондой абалыбызды тана деле албайбыз. Мындан келди азыркы президент А.Атамбаевдин учурдагы кадамдарына кандай баа бере аласыз? 


- Жалгыз президент эмне кыла алат? Ал канчалык ак жүрөгү менен өлкөнү өргө сүйрөйүн десе дагы алиги типаждарга чалынып жатпайбы. Мына бизде парламенттик башкаруу дейбиз. Өкмөттү ошолор бекитет. Өкмөт мүчөлөрүн ошолор дайындайт. Анан кимдерди дайындашат? Өздөрүнө окшогон эле типаждарды дайындайт да. Андан бирдеме өзгөрөбү? Өзгөрбөйт. Президент баш болуп чалынганы чалынган. Бүгүнкү система ошондой.
  

Мунун баары элди бөлүп-жарганга, ар кандай саясый күчтөрдүн бөлүп алып башкара берүү аракетине алып келди. Элге сенин колуңдан эч нерсе келбейт, добуш берсең да, бербесең да биз каалаган күчтөр бийликке келет, андан көрө берген акчаны алып отура берсеңчи дегенди туюнтушууда. Минте берсек каякка барабыз?
 

Демек, жолду табышыбыз керек. Ал жол мындай. Эң биринчи элди бир идеянын башына баш коштуруудан баштоо керек. Ал идея элибиздин чыныгы кызыкчылыктарын, баалуулуктарын чагылдырып тургандай болсун. Мындай башы бириккен элге эч кандай сырткы күчтөр таасир эте албайт. Ошондо барып бийликке мыктынын мыктысы келгенге шарт түзүлөт. Ошолор көтөрөт элди. Эгер эл ишенген киши ишенимди актай албаса, элде аны кайра чакырып алуу укук-мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бул тазаланууга алып барат. Ошондо гана чыныгы улуттук элита калыптанат. Ошол улуттук элитанын азчылыгы, аларды шайлаган көпчүлүк элге кызмат кылышы керек. Демократия деген ушул. Эл бийликтин алдына бир гана милдетти коюшу керек: “- Мени жакырчылыкка жеткирбе, менин өзүм, укум-тукумум байгерчиликке жашаганга шарт түз. Аны кантип ишке ашырасың биздин башыбыз оорубайт! Эгерде аны аткара албасаң бизге түшүндүрүп отурба. Кызматыңды башкага бер”.
   

Көрдүңөрбү! Элге үч эле нерсе зарыл: Байгерчиликте жашоо...Өзүнүн...укум-тукумунун келечеги үчүн санаа тартпоо...Бүттү...Эл башка эч нерсени талап кылбайт. Анан эң мыктысын шайлап алган эл бийликке аны кыл, муну кыл деп үйрөтүп отурбашы керек. Болгону алиги мыкты мыктылыгын көрсөтүп жакшы иштесе эл өзү эле айтат: - Балам рахмат! Тээтиги заводду менчиктештирип ал. Сен да жакшы жаша! Сенин аркаң менен биз да жакшы жашап атпайбызбы!...Болжолу ушундай айтат. Жанагы эр эмгегин эл баалайт деген ушул. Башка жолду көрбөй турам.


Ал эми Батышы болобу, башкасы болобу Кыргызстандын кызарган жерлерине көз арткан күчтөр менен деле сүйлөшсө болот. Буга толтура мисалдарды келтирсем болот эле ансыз да сөзүбүз арбып кетти...


-Султан Абдырашидович, жогоруда өзүңүз айткандай ак ниет жетекчи болуп, элдин, улуттун кызыкчылыгын коргой алган иштерди жасай алдыңызбы?


- Ырас, 2005-жылы Баткенге губернатор болуп барып калдым. Элге эмне кылдыңыз деп жатпайбызбы. Бир мисал айтайын. Барсам Евро комиссия 3,5 млн евро грант бөлүп Баткенге Тажикстандын Чорку деген айлы аркылуу өтүүчү жолго 3 чакырымдык эстакада салабыз деп жатышыптыр. Себеби, Баткендиктер ушул айыл аркылуу өткөндүктөн дайыма чырдан башыбыз чыкчу эмес. Мен ал долбоорду карап туруп жактырганым жок. Анан алардын өкүлүнө айттым. “Силер бул грантка эстакада салганыңар менен маселе чечилбейт. Эстакада тажиктердин айлына салынып жаткандан кийин баягыдай эле каалаган күнү тосо беришет. Андан көрө эстакада эмес Кыргызстандын өзүнүн аймагына жол салып бергиле. Ал жол биринчиден чек араны тосуп, тажиктердин жылып кирүүсүн токтотот, экинчиден,  бул эстакада биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга жооп бербейт, үчүнчүдөн силер өзүңөрдүн элиңердин салыгын талаага чачканга жол берип жатасыңар. Болбой эле курабыз десеңер мен интернет аркылуу силердин салык төлөөчүлөргө кайрылам. Анан өзүңөр жооп берип каласыңар”-дедим. Муну уккан Евро комиссиянын Бишкектеги өкүлү Баткенге учуп келе калды. Аял киши экен ага да түшүндүрдүм. Ойлонолу деп кайтып кетти. Бир жумадан кийин кайра чалып меники туура экендигин, Еврокомиссия аталган каражатка дагы кошуп, баш аягы 10 млн доллар бөлгөндүгүн, тезирээк долбоорду сунуш кылышым керектигин айтышты. Ал кездеги транспорт министри Сулаймановго айтсам эки жылга чейин сүйрөп жүрүп, долбоор кеч даярдалып, жол 2008-жылы араң башталган. Ал жол азыр бүткөн. Муну менен  айтайын дегеним сырткы күчтөр дегенибиздин кимиси гана болбосун Кыргызстандын кылт этип колдон чыгып кетишин каалабайт. Болгону алар менен улуттук кызыкчылыктарыбызды уттурбаган деңгээлде сүйлөшө билишибиз керек.

 

Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

 

Маектешкен

Темирбек Алымбеков,

“КыргызКабар”