Өткөн тарыхыбыз көрсөткөндөй, же башка “илибой” революциялардын классикалык үлгүсүн ала турган болсок, бийлик өз каршылаштарынан утула баштаса же сөзүнө эл ишбенбей калганын сезгенде, сөзсүз бул толкунду күч менен басууга аракет жасай баштайт.

 

Мына ушундай көрүнүшкө бүгүн күбө болдук. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү, депутаттар Р.Жээнбеков менен Ө.Абдырахманов бүгүн Ошто 50гө жетпеген жаштар менен жолугушуу уюштурган. Исмаил Исаков үчөөлөп жазган Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча концепциясын тааныштыруу максатын көздөгөн жолугушуу жыйынтыгында болбой калды. Буга ажылдаган аялдардын, жумуртка ыргыткан эркектердин кылыгы себеп болду. Эсте болсо, эски бийлик тушунда да дал ушундай сценарийлер менен оппозицияга бут тосушкан. Бүгүн бийликте тургандар ошондо жаны кейип, “Бакиевчилер бандиттик режимди орнотту!”- деп катуу кыйкырышкан. Азыр эр болсоң ошентип кыйкырып көрчү! Колу-бутуңду сындырып, тилиңди кесип кетишет.

 

УОКтун лидери Равшан Жээнбеков мындай деди: “Ачыгын айтуу керек, бийликтин агониясы башталды. Өз алдынча реформа жасай албай калышканда, айла кеткендиктен, бийликти кармап туруу үчүн башка көз караштагы адамдарды күч менен басып, коркутуп, эл менен жолугуусуна бөгөт коё башташат. Биз эч кандай элди уюштурган жокпуз. Чоң, ачык жерде өткөзсөк айтса болот эле, “революцины баштап атасыңар”,- деп. А бул жерде жабык жолугушуу болмок. Ашып кетсе жүз адам келген. Ызы-чуудан кийин Бишкекке кайттык. Анткени, бийликтин өзгөчө отряды менен күрөшкүбүз келбейт”.

 

Балким. УОК лидери чын айтып аткандыр? Себеби, акыркы кезде элди нааразы кылган көрүнүштөр көбөйүп кетти, а бирок, бийлик анын себебин жеткиликтүү кылып түшүндүрө албай атат. Ушундайда эл оппозицияны уга баштайт. Бийлик мындан кызганып, оппозицияга бут тоскон сайын, кадыры кетип атат. Эмнеге ушуну түшүнүшпөйт? Ак үйдө эскиче ыкмадан башканы билбеген идеологдорду Атамбаев эмнеге кармап олтурат? Бул ыкмаларды колдонууну кеңеш берип атып эки президентти кетиришти эле.

 

Бийлик дале болсо да абалды оңдоп кетсе болот. Анүчүн муштум үстөмдүүлүгү эмес, цивилдүү, бардык саясий күчтөр катышкан диалог керек.

 

“Саясат.kg