Кыргызстан азыр эки айрылыш жолдун алдында турат. Бири – бажы уюмуна мүчө болуп кириш керек. Экинчиси – бул уюмга кирбей эле өз күнүбүздү көрүп, эгемендигибизди чыңдап жашай берүү. Бул эки айрылыш жолдун алдында турган Кыргызстандын элинин да тандоосу эки башка болуп тургандай. Жарымы бул уюмду колдоп жатышса, жарымы таптакыр каршы болуп жатышат. 
 
Мындай биздин кыргыз коомчулугунун эки айрылыш жолдун алдында эки жактуу пикирде болушунун өзү ар бирибизди ойго салбай койгон жок. Мындай көрүнүш бизди эмнеге алып барат? Канткенде биз эгемендигибизди сактоо менен экономикасы өнүккөн өлкө боло алабыз? Албетте, суроолор көп. Дүйнөлүк ири державалар болсо бизге окшогон кичинекей мамлекеттерге билинбегени менен өз үстөмдүгүн кандайдыр бир деңгээлде көргөзүп жатат. Аны ар бир кыргыз жараны сезип турат. Ошол ири мамлекеттердин алдында Кыргызстан татыктуу жообун бере алабы? Ага биздин мамлекет башында турган адамдардын эрки канчалык деңгээлде жетет? Бул дагы чоң суроо.
 
Деги бажы уюму же биримдиги деген эмне? Бажы биримдигин түзүү демилгеси 1995-жылы көтөрүлүп, 2000-жылы ЕврАзЭШтин калыптануусу менен уюмду түзүү зарылчылыгы келип чыккан экен. Бул уюмду түзүү туурасындагы макулдашууга жалпы КМШ өлкөлөрү кол коюшканы менен Казакстан, Орусия, Белоруссия алдыга өтүп,  демилгени жүзөгө ашырышты. Бул уюм аркылуу бирдиктүү экономикалык аймак түзүлөт. Уюмдун башкы максаты жана милдети бирдиктүү бажы аймагын түзүү. Ага карата бажы төлөмдөрү алынбай, экономикалык жааттагы чектөөлөр болбойт жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуу биргеликте чечиле баштайт делет.
 
Ал эми бизге тийгизген пайдасы эмнеде? Жергебизге күйүүчү майлар бажы уюмуна киргенден кийин  Орусиядан үзгүлтүккө учурабастан бажы төлөмү жок алынып келинери байма-бай айтылууда. Балким өлкөбүз бажы союзуна кирүүдөн баш тартып койсо анда Орусия күйүүчү-майлоочу майдын баасына бажы төлөмдөрүн кошуп төлөтөт деген да пикирлер бар. Мунун аркасында өлкөбүздө күйүүчү майга болгон баа 30-40 пайызга чейин көтөрүлүп кетүүсү толук ыктымалдыгын да айтышат. Биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында Кыргызстан Бажы союзуна киргенден кийин айыл чарба продукцияларын кайра иштетип, өнүктүрүү үчүн жакшы, пайдалуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт жана өкмөт жергебиздеги 1980-жылдары жакшы өнүккөн күнөскана (теплица) чарбачылыгын кайра жандандырып, иштетүүнү пландоодо. Дагы бир пайдасы Орусияда, Казакстанда жана Белоруссиядагы кыргыз мигранттарынын ишке орношуусу үчүн берилчү уруксат кагазына муктаждык жок болоору айтылууда.  Премьер-министр Жоомарт Оторбаев болсо бажы уюмуна кирсек өлкөдө жаңы завод-фабрикалар курулуп, жумушчу орундар пайда болоорун, айлык акы жогорулап, өлкөгө келүүчү инвестиция дагы көбөйүп, салык мурдагыдан дагы көп чогултулаарын айтып келет.
 
Пайдасы менен катар эле зыянын дагы санагандар жок эмес. Бул уюмга киргенден кийинки абал кыйынчылыктар менен коштолоорун айткан серепчилер Кыргызстанды кымбатчылык каптаарын айтып жатышат. Баштапкы бажы тарифтери жогорулап, тамак-ашка болгон баа 10%га, кийим-кече 20%га, электроника 30% га чейин кымбатташы күтүлөт дешет. Автоунаанын баасы азыркы баасынан эки эсеге кымбатташы ыктымал деп жатышты эле, жакынкы күндөрдө тыштан алынып келинген автоунааларга болгон бажы алымдарынын тарифи жогорулаганы бул дагы байкала баштады. Бажы уюмуна мүчө болгону автоунаага болгон баанын жогорулашы Казакстанда да болгондугун жакшы билебиз.  Бажы уюму Кыргызстанды да экономикалык жактан чектеп коеру турган иш. Анткени бул кезге чейин өлкөбүз дүйнөнүн 160 өлкөсү менен кызматташып, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп келген. Эми бажы уюмуна киргенден тарта ал 160 өлкө менен алакасын үзүп, болгону үч гана өлкө менен кызматташуусуна туура келет. Учурда Кыргызстандын бажы төлөмүнүн тарифи 5%дын тегерегин түзүп турат. Уюмга мүчө болгондон тарта уюмдун төлөмү 10% болгондуктан аталган тарифте төлөөгө туура келет. Мунун аркасында кымбатчылык баардык тармакты өз кучагына алат деген маалыматтар да бар. Баарынан да Кыргызстанда орусиячыл маанайдагы саясатчылардын көбөйүүсү менен Кремлге жагынуу, орус тилинин кадырынын жогорулагандыгы менен кыргыз тили менен маданияты көмүскөдө каралбай калуу коркунучу да бар. Айтор, бул уюмга кирүүнүн жакшы-жаман жагын кеп кыла берсе түгөнбөчүдөй. Ушундан улам бул уюмду ушунчабызда анча деле эңсей бербей эрте эле этегибизди жаап, эгемен өлкө катары өзүбүз биргелеше аракет кылып, өнүгүүнүн жолун издесек кантет эле деген дагы ойлор жаралат.
 
Биз дагы деле болсо коомчулукка суроо салып, бул уюмга Кыргызстандын мүчө болуусун колдоор-колдобосун иликтеп жатабыз. Дагы да иликтей бермекчибиз. Анткени алдыбызда чоң тандоо турат. Бул тандоо жаңылыш тандоо болбошу керек. Андыктан, бардык жарандарды үн кошууга, бажы уюму туурасында өз пикирлерин билдирип турууга чакырабыз. Кайдыгер болбой ортого өз ой-пикирлерибизди салып, талкуулап, ошол талкуулардын натыйжасында бир багытты тандап алсак деген ниеттебиз.
 
Бектур Асанов, экс-депутат:
 
- Мен атуул катары, Кыргызстандын жараны катары кирбешибиз керек деп айтам. Аргументтерди айтышып, чек ара ачылат, жеңилдиктер көп болот , 180 млн. рынок бар деп жатышпайбы. А алты млрд. рыногу бар Кытай менен кол үзүп коюу дагы оңойго турбайт. Биздин сырткы байланышыбыздын 42%ы ушул бажы уюму менен деп жатышат. Ал 42 % менен мамилени жакшыртабыз деп, 58% пайызды кантип чечишет. Бул экономикалык жагы. Экономикабызга бул бажы уюмунан пайда болушуна чоң шегим бар.
 
Ал эми саясий жагынан алганда, бизге азыраак эмес, көбүрөөк пайда болсо дагы кирбешибиз керек. Себеби, бажы уюмуна кирүү менен биз мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Де-факто, мамлекет, президент жана башкабыз болот, бирок, экономикабызды, чек арабызды, ким менен, эмне соода кылышыбыз башка бир мамлекеттин борборунда чечилип жаткандан кийин, ошолордун рычагы менен башкарылып жаткандан кийин, толук кандуу, көз карандысыз мамлекетпис деген болбой калат. Эгер ушул бажы уюмуна киребиз деген конкреттүү кадамдар  башталса, биз, саясатчылар, ошондой эле Кыргызстандын атуулумун дегендер каршылык көрсөтүшүбүз керек. Азыр өзгөчө жаштар, студенттер арасында бул уюмга карата каршы пикирлер болуп жатат. Башка да социалдык тармактардан окуп жатабыз, психологиялык жактан даярдыктар абдан жакшы. Эгер бийлик тарабынан конкреттүү бир кадамдар башталса менимче эбегейсиз зор каршылык болот деп ойлойм. Мына Украинадагы согуш ушунун айынан болду. Бажы уюмуна киресиң деп кыйнап атып, евросоюз менен бажы союзунун кайсынысын тандайм деп атып, европаны тандап алды. Бүгүн өзүңөр билесиңер, Украина кандай абалда турат?
 
Биз ошол кырдаал бизде кайталанышына жол бербешибиз керек. Экинчи жагынан алганда бизди тынчтанта турган бир нерсе бар, Украинада таптакыр башка кырдаал. Бизде башка. Биз эч качан НАТОго мүчө болбойбуз. Ага ой дагы жок. Экинчиден, биз НАТОдогу өлкөлөр менен чектешпейбиз. Үчүнчүдөн, биздин деңизге чыга тургандай жер шартыбыз жок. Төртүнчүдөн, бизди тегеректеп турган мамлекеттер Америкадан алыс турган, саясатты дал келбеген мамлекеттер. Ошондуктан бизде андай болушу мүмкүн эмес. Ошентсе да мамлекет жетекчилери, саясатчылар этият болушу керек.  
 
Бүбайша Арстанбекова, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин жетекчиси:
 
- Негизинен Кыргызстан бажы уюмуна кирүүгө даяр эмес. Себеби жыйырма беш жыл эгемендүүлүктүн доорунда жетекчилер, өлкөбүздүн өндүрүшүнө көңүл бурбай, элди, мамлекетти талап тоноо менен алек болушту. Кыргызстандын ички өндүрүшү дүңгүрөп өнүкпөсө да жок дегенде, чакан завод-фабрикалар ишке кирип, өзүбүздүн жаратылыш жана башка ресурстарыбызды кайра иштетип, кошуна жана башка чет өлкөгө сатууга даяр болгондо, бажы биримдигине кирүү бизге пайдалуу болмок. Ал эми азыркы абалыбыз менен бажы биримдигине мүчө болуп кирүү, кээ бир байларга жана элдин эсебинен жашап жаткан жемкорлорго гана пайда бербесе карапайым калкка өтө кыйынчылыкты алып келген кымбатчылык, каатчылык, ачкачылык менен коштолушу мүмкүн.
 
Чолпон Осмонова, Москва шаарындагы мигранттарды коргоо борборунун башкы директору:
 
- Бир чети жакшы болмок, мигранттарга документация жана иш жагынан көп жеңилдик берилмек. Экинчи чети, Бишкекте бажы төлөмдөрү менен келген Россия, Казакстан товарлары азыр абдан эле кымбаттап кеткени байкалууда. Алар арзаныраак болуп, элге кичине жеңилдик болот беле. Албетте, кээ бир товарлар, мисалы, автоунаалар кымбатташы мүмкүн. Эң негизи эгемендүүлүктү жоготпошубуз керек.
 
Каныбек Осмоналиев, сүрөтчү:
 
- Кааласак да, каалабасак да баары бир киребиз, анткени, бул тандоо эмес, акыркы үмүт. Маселен, мен колдойм. Кыйналабыз дейт, кыйналбай жүрдүк белек? Кыйналып эле келатабыз го.
 
Мен бажы уюмуна кирүүдөгү бир топ жакшы жактарын санайт элем:
 
1.Завод-фабрикалар жанданат, эл толугу менен жумуш орду менен камсыз болот.
 
2. Жалпы айлантылган валютадан пайыз менен Кыргызстанга үлүш түшүп турат, билишимче 20% болуш керек эле. Ошондо жылына милион эмес миллиарддаган жашыл акчалар казынага түшүп жатпайбы. Анан дагы жемсөөсү кургаган жеп ичкичтер жеп-ичалбай калат, анткени мамлекеттер аралык көзөмөл катуу карап турат.
 
3. Экспорт кымбатташы мүмкүн, а өлкө ичинде тамак-аш арзан эле болот. Бул эми убактылуу кыйынчылык да.
 
Руслан Бекназаров, жаш активист:
 
- Жеке пикиримде бул уюмга кирбегенибиз эле туураарак болот. Дүйнөдө кайсыл гана уюм болбосун, Кыргызстан азыркыдай абалы менен уюмдагы державаларга көз каранды болуп калат.
 
Аида Надырбекова
Булак: "Башат"