Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2074

Коомчулукта расмий оппозиция катары саналган “Ата-Журт” жана “Республика” партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун жакында бир туунун астында биригип, 2015-жылдагы аламан байге үчүн жарышта чогуу болору тууралуу сөздөр пайда болуп, кызуу талкууга алынып жатат. 

 

Ташиев менен Бабановдун ортосунда тандем түзүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы дагы айтылууда. Кечээ эле эки жээктеги саясатчылардын бүгүн бир пикирге келип, биригерине ишенгендер да, ишенбегендер да толтура.  Чынында мындай тандем түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө анын элге кандай пайдасы бар? Муну биз кыргыз элине төбөсү көрүнүп калган инсандардан сурадык.

 

Талант Мамытов, экс-депутат:

 

“Элдин көйгөйүн чечүүгө жөндөмдүү биримдик болорунан шек жок”

 

- Биздин парламенттик башкарууга өтүп, анын даамын татып келе жатканыбызга мына быйыл 5 жылга чукул убакыт болуп калды. Эсиңиздерде болсо, бул система киргизилээр алдында, анын кандай болору тууралуу өтө көп сөздөр жүргөн, башыбыздан өткөзбөгөн соң, иш жүзүндө парламенттик башкаруу кандай болушу керектигине, минтип 5 жылдай убакыт өткөндөй кийин гана башыбыз жете баштады. Теориялык жактан айтылган нерселер иш жүзүнө келгенде башкача болуп, көп түйшүктү аттап өттүк, башкача айтканда кыйын телчигүү жолун бастык. Мунун жыйынтыгында, парламентке жаңы башкаруу системасынын негизинде шайлоодон утуп келген партиялар да кыйла тайгак кечүү, тар жолду баштан кечирди. Ар бир парламенттик фракция оор сыноону башынан өткөздү. Мисалы, биздин “Ата-Журт” партиябыз шайлоодо марага биринчи болуп, көч баштап келгенибиз менен, парламенттик башкаруунун оош-кыйыштарынын алдында далай кыйынчылыкка дуушар болдук. Ар бир депутат өзүнчө “личность”, ошого жараша түркүн көз караш болот экен, бири командалык тартипти жактырбайт, дагы башкасы жеке кызыкчылыгын гана көздөп туруп алат. Фракция ичиндеги ажырымдар дал ушундай маселелерден келип жаралат экен. Жыйынтыгы, бөлүнүп-жарылуулардан алыс боло албай, кыйла түйшүктү баштан кечирдик. Мындай ажырымдан, кыйынчылыктан башка партиялар да алыс боло алышкан жок. КСДПдан башка фракциянын баарында тең ушундай кыйын кезеңдер баштан өттү. Ошондуктан, буга чейин партиялар шайлоо алдында тизме түзүүдө өз катарына жалаң акчалууларды, таасирдүүлөрдү кошууга аракет жасаса, эртеңки күнү туруктуулук, командалык принцип биринчи орунга чыгаары турган иш. Жогоруда айтып өткөн кыйынчылыктарга “Республика” партиясы дагы дуушар болгон, парламенттик башкаруунун башталгыч этабындагы баскан жолубуз демек, окшош. Бул дагы биригүүгө негиз болчу сапаттардын бири. Дагы бир жагынан алып караганда, К.Ташиев менен Ө.Бабанов бир мезгилдин, бир учурдун балдары. Саясатта бир убакта кайнай башташкан. Басып өткөн кызматтык, тажрыйбалык жолу да бир мезгилге туура келет. Анын үстүнө экөө эки чоң өрөөндүн өкүлү. Демек, эгерде мындай биригүү жарала турган болсо, келечекте позитивдик жактары көп болот. Эки лидердин бүгүнкү мезгилге жараша, өлкөнү өнүктүрүү багытындагы көз караштары да дал келет. Ошондуктан, чогуу-чаран мамлекетти кризистин сазынан сууруп чыга алаарына ишенип турам. Бул эң оптималдуу, бүгүнкү абалга эң керектүү жана күчтүү, элдин көйгөйүн чечүүгө жөндөмдүү биримдик болорунан шек жок. Элди бириктирип, мамлекеттик системаны оңдоп, келечектүү иш жасай алышаарына көзүм жетет жана буга ишенем.

 

Кантемир Мурзабеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Буга чейин регионалдык мүнөздөгү гана тандемдер жаралчу”

 

- Менде деле биздин партиянын төрагасы менен Өмүрбек Бабановдун биригүү тууралуу сүйлөшүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Эгерде бул сүйлөшүүлөр оң натыйжа берип, тандем түзүлө турган болсо, кубатташ керек. Себеп дегенде Ташиевдин дагы, Бабановдун да жашы - жанаша туруп, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзөт. Экөөнүн тең күч-кубаты толуп, иштей турган убагы. Анын үстүнө, бул эки фигура бири-бирин кайсы багыттан албайлы толуктап турат. Чарбачылдыгы жагынан да окшош. Талап коюп, иштеткенди билишет, анан сөзсүз натыйжалуу болушуна аракет кылышат. Өлкөнү өнүктүрүү багытында идеялары арбын. Саясатта эки фигуранын тең артынан ар кандай сөздөр ээрчип жүргөнү менен, түпкүлүгүндө булар кыргыз эли үчүн күйгөн, өз калкынын бактылуу турмушта күн кечириши үчүн жанын да аябаган инсандар. Убагында, билсеңиздер, Бабановдун өкмөтүн эң көп сындаган депутаттардын катарында Камчыбек Ташиев да бар болчу. Иштин кызыкчылыгы үчүн мындай кадамдар боло берет. Бирок, Бабановго куру жалаа жабылып, кызматынан айдашканда, Ташиев: “мен жыгылган адамды эч качан теппейм”,- деп, сын айтуудан өзүн оолактаткан. Бул чыныгы мырзалык касиет жана аны Бабанов да ичинде жакшы кабыл алып, мындай адам менен согушка барсаң, таштап качып кетпешин билген үчүн тандем сунуштаса керек. Коомчулукта буга чейин “эмнеге түштүктүн жигиттери бирикпейт”, “чүйлүктөр бир муштумдай болуп бийликти каптап кетти”, “таластык саясатчыларды ынтымагы жок”,- деген түркүн сөздөр айтылып келген. Тандемдер пайда болсо да, алар регионалдык шартта жаралып турчу. Бул жагынан алып караганда да, республикалык деңгээлдеги биринчи биригүү ушул боло тургандай. Карапайым калк арасында болбосо да, саясатчылар арасында кландарга бөлүнүү, жердешчилик илдет терең жайылган. А Ташиев менен Бабанов бириге турган болсо, мына ошол ажырымга каршы чыккан болушат. Эл дагы мындай тандемди колдоорунан шек жок. Жакшы кадам. Келечеги мыкты. Эки саясатчынын өз регионунда колдоочулары көп. Бүткүл кыргыз элине керектүү, эл көйгөйун чечүүгө жөндөмдүү жакшы биримдик болору шек туудурбайт.

 

Кубаныч Зайнидинов, журналист:

 

“Эл уулу болгон соң жеке кызыкчылык, амбиция дегендерди жеңе билип, элге кызмат кылууга эмнеге болбосун?”

 

- Кыргызда “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дечү эле. Камчыке менен Өмүкенин бул аксиоманы аңтар-теңтер кылабыз деп биригүүгө баратканы бир жагынан алганда колдоорлук. Эл уулу болгон соң жеке кызыкчылык, амбиция дегендерди жеңе билип, элге кызмат кылууга эмнеге болбосун? Анын үстүнө мындай биригүүлөр бир чети күтүлүп эле жаткан. Анткени, Бабанов партиясынан Төрөбаев, Сулайманов сыяктуу түштүктүн мыкты жигиттерин жоготкон соң аталган региондон ишенимге ээ боло албасын билип, аргасыз ушул кадамга барып атканы, Ташиев болсо мурунку шайлоодо авангард болгону менен бул сапар бир топ ыдырап, ажырымга түшкөн “Ата-Журту” менен шайлоодо жеңишке жете албастыгынан улам Бабанов менен аргасыз биригүү жолуна барууну максаттаганы ачыктан ачык айгине эмеспи. “Саясатта түбөлүк достук да, түбөлүк кастык да жок. Кызыкчылык гана бар”,- деп айтылуу Черчилл айтпады беле? Таң калбай деле коюу керек.

 

Руслан Бекназаров, “БЭК” партиясынын лидери:

 

“Азыркы жетилип турган муун ушулар”

 

- Сөз болуп жаткан тандемдин түзүлүп калышы толук мүмкүн. Эгер түзүлүп кала турган болсо коомчулук кийинки шайлоодо өз баасын берсе керек. Жеке мен колдойм. Азыркы жетилип турган муун ушулар. Улуу муундарга окшоп бирин-бири жекирбей, ынтымакта болуусун каалайт элем. Саясатчылардын тирешүүсүнөн мамлекет эле жабыркайт. Бул жакка Равшан Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Алтынбек Сулайманов, Уран Ботобеков ж.б. жетилип турган муундардын да кошулуусун каалар элем.

 

Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Эл кызыкчылыгы биринчи орунда туруш керек”

 

- Бул багытта көп сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи, түндүк-түштүк дебей, эки жаатка бөлүнбөй, шайлоого барсак абдан жакшы болмок. Ташиев-Бабанов тандеми тууралуу алдын-ала көп ак-кара сөздөр айтыла баштады. Бир нерсени так белгилеп коюш керек, биригүү, ынтымак болсо сүйүнүшүбүз керек. Саясий мамиле ар кандай боло берет. Бирок, эл кызыкчылыгы биринчи орунда туруш керек.

 

Каныбек Темиров, тележурналист:

 

“Чындап амбициясын жыйыштырып, биригүүгө барышса, позитивдүү көрүнүш”

 

- Коомчулукта айтылып жаткан сөздөр туура болуп, чындап амбициясын жыйыштырып, биригүүгө барышса, позитивдүү көрүнүш. Эки саясатчынын тең өздөрүнө таандык табигый харизмасы бар, башкача айтканда, элди ээрчитип кете ала турган идеяга бай адамдар. Буга чейин эки жаш лидер эки башка жээкте  жүрүшкөнү анык дечи, бирок, тандем жаралып калса, эл ичинде, “көрсө, саясатта жеке кызыкчылыкты жыйыштырып, ушинтип биримдикке келсе болот экен го”,- дегендей жакшы ойлор пайда болору ырас. Мурунку парламенттик жарышта бул партиялар жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон, “Ата-Журт” болсо биринчи орунду алган. Анын лидери Камчыбек Ташиев президенттик жарышта 216 миң добуш топтогон. Ага Ө.Бабанов кошулса, экөө биригип башка саясий атаандаштарына кыйла проблема жаратаары ачык кеп. Ошон үчүн алар азыртан ар кандай каралоолорго даяр болушу зарыл. Ал эми  эл өз баасын шайлоого барганда берет.

 

Булак: “Майдан.kg”, №33 (162), 17.09.2014-ж.