Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2231

Эки ирет нааразычылык чегинен ашып, эл көтөрүлүп, авторитардык режимдер кулатылып, бийлик алмашты. Жаңы баш мыйзам кабылданып, парламенттик система киргизилип, парламенттик, президенттик, жергиликтүү шайлоолор өткөрүлдү. Бирок эмнегедир алдыга карай жылганыбыз байкалбайт. Дагы деле элибиздин көөнү тойбой, зээни кейип, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшө албай, келечеги туңгүюкка кептелгенсип турат.  

 

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эле, “Эмне кылабыз? Кайда барабыз (?)”, деп атып, анын деле жообу белгилүү болуп калды. Ким-кимден сураба: “бизге элди өнүгүү жолуна сала турган кесипкөй, адилеттүү бийлик керек. Биз коррупция менен криминалдан арылган, калктын калың катмарына тегиз карап, өнүгүүсүнө шарт түзгөн, демократиялык өлкөдө жашагыбыз келет,”- деп айтаарында шек жок. Баарыбыз ошону көксөп турабыз. Тилекке каршы, Кыргызстан деген “жел кайык” ошол, эл эңсеген багытты карай сүзбөй, “таз кейпинче” – бир орунда айланып жаткансыйт.  Кайыкты айдап бараткандар, адатынча жанын үрөп: “мына эми мыкты сүзө баштадык, желаргы да биздин парусту коштоп согуп жатат,”- деп далбасташат. Калк болсо, “туура баратасыңбы (?), тунгуюкка кептелгени калдыңбы (?), бизге баары бир”- дегенсип тунжурайт. Анткени бийликке деген  ишеним жок.

 

Элибиздин ишеними эң биринчи ирет, Швейцария курабыз деп барып, үй-бүлөөлүк авторитардык режим куруп алганыбызда катуу сыркоого кабылган. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин бир серпилип,  кайра жанданып, анан Максим, Жаныш Бакиевдердин айынан кайра жабыркап, хронический ооруга кабылды. 2010-жылдын 24-апрелинде борбордук аянтта кан суудай агып, 90дон ашык жаш кырчын шейит кетип, азыркылар бийликке келгенде “эми оңолоор жолго түштүк го”- дедик эле, үч-төрт жыл өтүп-өтпөй, кайтадан ишеним жоголуп, бүлбүлдөп баратат.  Айрыкча,  ондогон жылдар бою Акаев, Бакиевдердин бийлигине оппозицияда жүрүп, элдин шенимине арзыгандар бийликке келип, ишти оң жолго сала албаганы ишенимибизди катуу жабыркатып салды окшойт. Элибиз, бийликтегилерине да, “биз бийликке келсек оң жолго салабыз” деген эмки оппозициясына да ишене албай дендароо абалда. Ишеним болсо катуу ооруп, реанимацияга түштү, өлүм алдында жатат.

 

“Кимге, эмнеге ишенээрин билбей нес болуп турган эл, турмуштун каатчылыгына чыдамы жетпей, нааразычылыгы дагы чегинен ашып чайпалса не болот?”- деген ой коомдогу көптөгөн, кайдыгер эмес жарандарды ойлонтууда. Суунун аздыгынан, газдын жоктугунан, көмүрдүн, эл.энергиясынын кымбаттыгынан, кыштын суугунан улам элдин турмуш шарты оорлоп, кырдаал курчуп, нааразычылыктар күч алаары коомчулук ичинде кеңири талкууга алынып, Талас, Нарын шымалана баштаганы байкалууда. Эми кандай болот? Былтыркы, мурдагы жылкы жаз күздөй болуп, толкуп, толкуп барып тынчыйбызбы (?) же кайтадан “куушмак” ойногонго чейин кирип кетебизби? Бул суроого ачык жооп бериш кыйын.

 

“Камап-матап, качырып, бириндетип оппозицияны алсыратып салдым,”– деген Алмазбек Атамбаев деле тынч жата албай, күздөгү нааразычылыктардан чочулап, айдама өкмөтүн камчылап убара. “Элдин маанайын, көйгөйүн эске албай жатып, кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып аламбы?”- деген санаркоосу күч экени байкалат. “Акыры, баары бир өкмөттөн эмес, менин өзүмөн сураарыңарды билем,” - деп өзү айткандай,  чындыгында эле, жыл айланбай алмаштырыла берчү өлөсөлүү өкмөткө өгүздөй эле жардамын берип жатат десек жанылышпайбыз.

Эл аралык деңгээлде маселелерди (айрыкча орустар менен) чечип, өкмөттүн бир топ жыртык тешиктерин жаап жатат. Түштүктөгү газ колдонуучуларга компенсация чечип, түндүктөгүлөргө газдын баасынын арзандатууга жетишүүсүнүн өзү эле кыш алдындагы чыңалууларды бир топ бошоңдотоору талашсыз маселе. Бир жагынан, функционалдык милдеттерине кирбегенине карабай, экономикалык маселелерге аралашып, кээде пайдасы, кээде зыяны тийип келсе, экинчи жагынан -“мени жалпы эл шайлаган, баарын өзүм билем,”- дегенсип, ички саясый күчтөрдүн негизги көпчүлүгү менен тирешип, эч кимди теңине албай, тыңсынып, алдап, кемсинтип, камап, айгыштырып, экинин бирин өзүнө душман кылып алды.

 

А.Атамбаевге душман таап берип, анан өзү таап берген “душманга” ажылдап, үрүмүш болуп жан баккан айлана тегерегиндегилердин айынан, эл үчүн жан-үрөп, ичип-жебей, таза иштеп жаткан кадрлар куулуп, жеке кызыкчылыгы барлардын тилин тапкандардын жек-жааттары, негизинен алкы бузулуп, элге жек көрүндү болгондор бийлик бутактарынан орун ала башташты. Жеке кызыкчылыктар үчүн жок жерден жаатташуу уюштура коймой кеңири кулач жайып, максатка жетүү үчүн “ит-кушуна” карабай  үйүгүштүрүү күнүмдүк норма болуп калды. Натыйжасы көпкө күттүргөн жок.  “Каралар менен кызылдар табакташ болуп, элди биргелешип тоноого өттү, тигини өлтүрүп кетиптир, муну чаап кетиптир, тоноп кетиптир, байлап кетиптир”- деген маалымат ЖМКларда көнүмүшкө айланды.  Кадрдык саясаттагы “оозду ачырган” көрүнүштөр  элдин көңүлүн такыр айнытып, президенттин рейтингинин төмөн карай кургуйлашынын негизги факторлорунун бири болду. 

 

“Биз Улуттук Оппозициялык Кыймылбыз” (УОК) деп былтыр кышында бириккен оппозиция деле элден кеңири колдоо таап ишенимге ээ боло алды деп айта албайбыз. Ынтымагы, каражаттары таңсык болуп, кеңири пландагы иш чараларын өткөрө албай, бийликке караганда ички сын менен алагды болуп калышкандай. Камчыбек Ташиевдин орозо айындагы айрым каталыктарын моюнга алуу менен элге кайрылуусу УОКтун болгон убактысын өзүнө алып койду.

 

“Ташиев чыккынчы, саткынчы” деп бакырып, ошол темадан такыр чыга албай калышты да, бийликке каршы аракет жасоо, сын айтуу дегенди түк унутуп коюшту. Бул алардын чоң кемчилиги, чийкилиги болду. Кеп чынында К.Ташиевдин кадамына ошончолук күч коротуп деле кереги жок болчу. Катардагы кабар катары кабыл алып, бир ирет мамиле билдиргенден кийин негизги иштерин улантуусу керек эле. Же эмне, араларындагы бир адамдын бир ооз сөзү ошончолук акылдан ажыратып, шок кылып, бараткан багытыңдан тайыткыдай сөз беле? Же эмне, оппозиционер деген ракетадай, бир от алып, жетээр жериңе жетип жарылганча кайра тартпаган, тормозу, башы, тактикасы  жок жандык болуш керек деген түшүнүк барбы? Чабуул коюу, чегинүү саясатта деле, турмушта деле адеттеги көрүнүш го...  Кыргыздардын ит урушу деле чаап кирмей, кайра тартмай, кайра чапмай да. Андыктан бул жерден оппозиция катуу жаңылды, же кылаар пландары жоктугунан ошону шылтоолоп кутулушту десек болот.

 

Мындай создөр жылдын башында Мелис Мырзакматовдун атына да айтылган. 2014-жылдын 15-январында М.Мырзакматовду колдоп Ош шаарында чогулган эл кылкылдап, тополоңго айланып кетпесе экен деп коомчулуктун жүрогү зырпылдап турду. Ошондо экс мэр келип, элге кайрылып элди таркатканда дагы далайлар нааразы болушуп, Мелис мырзаны “коркок экен” дегенге чейин барышкан. Бирин-экин политологдор гана, “митингди чогултуу жеңил, таркатуу кыйын, Мелис тарката алды, стабилдүүлүктү сактап калды, кийинки шайлоолордо жетиштүү электоратка ээ боло алат” деген ойлорду айтышкан.

 

Кеп чынында, саясый туруктуулукту бузуп, тополоң салуу, бийликти басып алууга түртүү оңой. Бирок андан кийин эмне кылаарың тууралуу планың болбосо, элдин тынчтыгын бузганга баруу оңой иш эмес да. Анан, эки ортодо жарандар чыгым болсо алардын убал сообу кандай болот ? Анүстүнө, басып алган бийлигиң кут болобу (?) же элге жут болобу(?) деген суроонун жообу белгисиз болсо, - “андан көрө шансымды шайлоодон эле байкайын, эл ишеним көрсөтсө, өз эрктери менен жиберсе, ошондо барып берейин -бийлигине” деп каниет, топук кылганы эле туура эмеспи?

 

Эми эки жолку болгон төңкөрүштүн жыйынтыгынан кийин, “бийлик башындагылар эле алмашкан менен бийликтин маңызы алмашпасын” карапайым эл деле түшүнүп калды. Анан эле, “эл башкарабыз, оппозициябыз” деген лидерлер түшүнбөй, же, “башкарып жатам” деген А.Атамбаев түшүнбөй жатканы кандай? Биринчилерине: “э-ээй шайлоого баргыла, эл чечсин,”- деп, президентке “э-ээй, элдин көңүлүн кара, эл үчүн иштеген, элдин тынчтыгын баалагандарды кууп, кайра тополоң салып, басып алганга маш немени алып келгениңиз кандай (?)”- десек, угушаар бекен?

 

Ошентип, баягы “ары болдум, бери болдум, сууга салган тери болдум, жаман-жакшы болсом дагы бир катындын эри болдум” дегендей, кандай десек да, 2012-жылы Алмазбек Атамбаевди шайлап Кыргызстандын президенти кылдык. Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Шайлоого жеткирбей төңкөрүп жиберип, бийликти ала салалы дегендер жок эмес. Эртең алардан да тартып алгысы келгендер чыгаарын, тополоңдо карапайым элдин эле башына кайгы-муң түшөөрүн ойлошкон жери жок. “Бүгүн бир жетип алсам болду, анан эмне болсон ошо болсун” дегендей туюлат.  

 

Мындай кырдаалга ким күнөөлүү? Президент, парламент күнөөлүбү? Же башчысын шайлай албаган, шайласа отчет ала албаган, айтор, алды артын аңдабай президент, депутат шайлай бермейи бар эл өзү күнөөлүбү? Бул суроонун жообу жок болуп жатпайбы...

 

Сабыр МУКАНБЕТОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити, №32 (161), 10.09.2014-ж.